Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

 

ЧЕЧИМИ

2015-жылдын 14-январы № 01-р

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ыргыз Республикасынын Мыйзамынын конституциялуулугун "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун кайрылуусуна байланыштуу текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун төрагасы жаран Т.Дж.Уметалиеванын жана анын ишеним катынын негизинде өкүлү болгон Т.И.Иманкуловдун;

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү А.А.Джорупбекованын;

башка жактар - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун жана ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү А.Т.Нурбековдун катышуулары менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн (мындан ары - Конституция) жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышында "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун кайрылуусуна байланыштуу 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун өтүнүчү себеп болду.

2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 28-майында "Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар уюмунун төрагасы Т.Дж.Уметалиеванын атынан 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16, 17, 18, 31, 33, 49-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, кылмыш дефинициясын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинде каралган, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүгү менен "Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" деген туюндурманы орнотуу, "Атайылап жалган билдирүү жасоо" деген мурдагы туюндурмадан айырмаланып, өз пикирин билдирүү жана маалыматты чагылдыруу эркиндигине болгон конституциялык укукту болуп көрбөгөндөй чектөөнүн киргизилишине жол берет.

Ушуга байланыштуу Т.Дж.Уметалиева, талашка түшкөн Мыйзам тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр көз карандысыздыкты коргоо жана үчүнчү жактардын кадыр-баркын жазык-укуктук коргоо максатында киргизилген сот адилеттигинин толуктугу максатын алмаштырат, ошондой эле массалык маалымат каражаттарына карата басмырлоо катары колдонулушу мүмкүн.

Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын жоболоруна, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактыга, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу Уюмуна (ЕККУ) жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА), ошондой эле Адам укугу боюнча Европа сотунун укуктук позицияларына шилтеме кылуу менен, арыз берүүчү эл аралык уюмдар, алардын органдары жана эл аралык соттор, өз пикирин эркин билдирүү жана маалымат эркиндигине болгон укук адам укугунун маанилүү укуктарынын бири болуп саналаарын көрсөтүшкөн, жана негиз салуу мүнөздүн күчүнөн, бул укукту чектөө укуктук мамлекеттин принциптерине ылайык так аныкталып, мыйзамдуу максаттарды көздөшү керек.

Мындан сырткары, кайрылуучу тарап, талашка түшкөн Мыйзам диффамациялык деликтти криминалдаштырат, аны менен сөз эркиндигинин жана пикирди эркин билдирүүнү коргоонун эл аралык укуктук стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын түз талаптарына карама-каршы келет деп эсептейт.

Арыз берүүчү, массалык маалымат тармагындагы мамилени жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары көз көрүнөө жалган маалыматты, негизинен адамдын ар намысына, кадыр баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматты таратуунун алдын алуусун камсыз кылган механизмдерди камтыйт деп эсептейт, ага байланыштуу, талашка түшкөн Мыйзам бир эле жосунду жасагандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликти кайталап тартууга жол берет.

Ошондой эле, кайрылуучу тараптын пикири боюнча кылмыш курамын бөлүштүрүүдө оор, өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы тууралуу атайлап жалган маалыматты бөлүү үчүн негиз жок, анткени жазык тергөөсүн ишке ашырган адам арзыбаган бир ишти ачууда болобу, өтө оор кылмышты ачууда болобу, бирдей аракет кылышы керек. Мындай болбогондо бардыгынын сот алдында бирдейлиги тууралуу фундаменталдык конституциялык принциптин бузулушун билдирмек.

Ушуга байланыштуу, арыз берүүчү 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16, 17, 18, 31, 33, 49-беренелерине карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-июлундагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн өтүнүчүн колдоп, жана аны канааттандырууну суранды.

Жоопкер-тараптын өкүлү А.А.Джорупбекова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын иш боюнча берген түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу боюнча күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы каралат:

"1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

329-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"329-берене. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо

(1) Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасалганда, -

беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эр- киндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосун:

1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен жасалганда;

2) айыптоонун жасалма далилдерин түзүү менен коштолгондо;

3) пайда табуу ниетинде жасалганда;

4) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун) кызыкчылыктарында жасалганда, -

бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

151-берененин 3-бөлүгүндө "билип туруп жалган чагым жасагандыгы" деген сөздөр "атайылап жалган билдирүү жасагандыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет".

2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинде 2014-жылдын 20-майында № 38 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Сот адилеттигин ишке ашыруучу органдар кылмыштуулук жана укук бузуучулар менен күрөшүүдө, мыйзамдуулукту коргоо жана бекемдөө кызматын аткарууда негизги ролду ойношот. Алардын ишмердүүлүгү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, жеке менчикти, айлана чөйрөнү, өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган. Бийликтеги мамлекеттик курамдар тутумунда алар мыйзамдуулук жана акыйкаттуулук принциптерин ишке ашыруу боюнча маанилүү инструмент болуп саналат.

Сот адилеттигин жиберүү учурунда коомдук мамилелердин мааниси аларды жазык-укуктук каражаттар менен коргоо зарылдыгын шарттайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде "Сот адилеттигине каршы кылмыштар" деген аталыштагы главасы бар.

Сот адилеттиги органдарынын алдында кеңири маанисинде бир гана бардык деңгээлдеги соттор эмес, түздөн түз милдети сот адилеттигин жүргүзүүгө таасир тийгизүү болгон мамлекеттик органдар да кирет. Бул таануу, алдын ала тергөө, прокурордук көзөмөл, ошондой эле сот актыларын аткаруучу органдар. Алардын ишмердүүлүгү, сот ишмердүүлүгүндөй эле атайын бир процесстик таризде өтөт, ал эми алардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү соттордун ишмердүүлүгүндө чагылдырылат. Буга байланыштуу, укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана ченемдик ишмердүүлүгүнө багытталган коомдук коркунучтуу жосундар дагы сот адилеттигине каршы кылмыш катары таанылат.

Буга ылайык, сот адилеттигине каршы кылмыш болуп, сот тарабынан сот адилеттигине жетүүгө жана милдеттерин аткаруу боюнча мыйзам тарабынан бекитилген ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоол болгон коомго коркунучтуу атайылап жасалган жосун, ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүүдө сотко жардам берип жаткан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жолтоо болуу саналат.

3. Ар бир кылмыштуу жосун, аны жасагандыгы үчүн жаза менен катар мыйзамда так көргөзүлүшү керек, анда, тиешелүү жазык-укуктук ченемдерге ылайык, ар бири өз аракеттеринин (аракетсиздигинин) жазык-укуктук натыйжаларын көрө билиши керек. Аны менен жазык-укуктук мамилелерде бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жана адилеттик принциптерин ишке ашыруу камсыздалат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3-беренеси).

Бул талаптарды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинде колдонууга болот, анда кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигин карайт, ал укук коргоо органдарына кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү бергенинен, же күнөөсүз адамга карата кылмыш жасады деп көргөзгөндүгүнөн турат.

Бул кылмыштын коркунучтуулугу, анын соттордун жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жана ченемдик ишмердүүлүгүнө кийлигишкенинде, жазык ишин толук жана ар тараптуу иликтөөгө тоскоолдук кылганында. Атайлап жалган маалымат берүүнүн натыйжасында укук коргоо органдары чыныгы кылмышкерди табуу мүмкүндүгүн жоготуп, жалган из менен барышат, ушуну менен алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана майнаптуулугу азаят. Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан токтотулбаган атайылап жалган билдирүү жасалганда, коомдо ишенимсиздик, корголбогондук жана адилеттиктин жоктугу сезимдерин жаратат.

Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү кылмыш жасагандыгына айыпталган жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына да таасир берет жана күнөөсүз адамды кармоого, жазык жоопкерчилигине тартууга жана соттоого алып келиши мүмкүн.

Буга ылайык, кылмыштын негизги объектиси болуп, жазык иштерин жүргүзүү учурундагы соттордун жана укук коргоо органдарынын ченемдик ишмердүүлүгү саналат. Кошумча объект катары адамдын укугу жана кызыкчылыгы чыгат.

Кылмыштын объективдүү тарабы активдүү аракеттер менен мүнөздөлөт, ал кылмышты жасаган же ага катышкан адам жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгынан турат. Жалганчылык, башкача айтканда иш жүзүндө болбогон кылмыш жөнүндө таратылган билдирүүлөрдүн чындыкка туура келбегендиги, аны жасады деп күнөөсүз адамды көргөзгөндүгү же кылмышты жасагандыгы жөнүндө күнөөсүз адамды атайылап күнөөлөө менен чагылдырылат. Мындай билдирүү кылмыш жасоонун ар кандай жагдайларына тиешелүү болушу мүмкүн (орду, убактысы, ыкмалары ж.б.).

Бул кылмыштын субъективдүү жагы тикелей ниетте жасалгандыгы менен мүнөздөлөт, башкача айтканда адам ал жасаган билдирүү атайылап жалган экендигин түшүнөт. Ушуну менен бирге, адам коомдук коркунучтуу кесепеттердин болушун баамдай алат жана алардын ошондой болушун каалайт.

Белгилеп кетчү нерсе, эгерде адам, кайсы бир жасалган кылмыш тууралуу билдирүүдө ак ниеттик менен жаңылышып жатса, анда мындай адамдын аракеттерин атайылап жалган билдирүү катары кароого болбойт. Ошондой эле, кайсы бир жасалган кылмыш боюнча күмөн саноосу бар жана укук коргоо органдарына бул маалыматты текшерүү максатында кайрылган адамдын аракеттеринде дагы атайылап жалган билдирүү жасоо кылмышынын курамы болбойт. Мындай тыянак, кылмыш жөнүндө билдирүү күнөөлүү адам үчүн атайылап жалган болушу керек экендигинен келип чыгат, башкача айтканда мындай кылмышты жасап жаткан адам күмөн санабастан, жасалган кылмыш тууралуу ал жасаган билдирүү жалган экендигине ишенип, шек санабашы керек.

Кылмыш субъектиси болуп, 16 жаш куракка жеткен акыл эси соо адам саналат.

Жазык-процесстик мыйзамга ылайык, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүүнү жасоо, кылмыш ишин козгоого укуктуу болгон органдарга жана алардын кызмат адамдарына атайылап жалган билдирүү келип түшкөн учурдан тартып жасалды деп эсептелет.

Ошентип, сот адилеттигин жүргүзүү жана укук коргоо функцияларын камсыз кылуу тармагында коомдук мамилелерди коргоо үчүн кылмыштын бул түрү үчүн жазык жоопкерчилигин аныктоо толугу менен негизделген болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге эркин ой жүгүртүү жана өзүнчө пикирге ээ болуу, өз пикирин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укуктарын кепилдейт (31-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 33-берененин 1-бөлүгү).

Массалык маалымат каражаттары коомдогу маанилүү маселелер боюнча коомчулукка маалымдоодогу социалдык функциясын аткарууда, коомчулуктун айлана-чөйрөдө болуп жаткан бул же тигил окуялар боюнча ой пикирин, көз карашын жана позициясын түзүүдө жардам берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1946-жылдагы 59 (I)-резолюциясында жана андай кийинки резолюцияларында маалымат эркиндигинин негизги принциби болуп объективдүү фактыларды табуу жана маалыматты эч бир жаман, кара ниетсиз жайылтууга умтулуу эсептелет деп белгиленген.

БУУнун резолюцияларына "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары таратылат, ага ылайык, журналист билдирүүлөрүнүн тактыгын текшерүүсү керек (20-берене). Бул - журналист ал айтып жаткан ар бир сөзүнө, жазган статьясына, теле же радио берүүдө айтылган материалга жооптуу дегенди билдирет. Жайылтылып жаткан маалыматты бардык тараптан текшерүү социалдык жооптуу журналистикага негизделет, ал эми массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдар укуктардын сакчысы катары турат.

5. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 150-беренесине ылайык массалык маалымат каражаттарында билдирүү жасоо жазык ишин козгоого жүйө болуп эсептелет.

Ошол эле учурда кылмыш жасалганын көрсөтүп турган жетиштүү маалыматтардын болушу кылмыш ишин козгоого негиз болуп саналат.

Кылмыш жөнүндө билдирүүнү жарыялаган же жайылткан массалык маалымат каражатынын кызмат адамы жазык ишин козгоого толук укугу бар адамдын талабы менен жасалган билдирүүнү ырастай турган, өзүнүн карамагында болгон документтерди жана башка материалдарды өткөрүп берүүгө, ошондой эле мындай адам маалыматтарды алардын булагын жашыруун сактоо шарты менен бергенден башка учурларда, бул маалыматтарды берген адамдын ысымын атоого милдеттүү (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 154-беренеси).

Массалык маалымат каражаттары тарабынан маалыматты жайылтуу ар кандай таризде болушу мүмкүн (макала, очерк, репортаж, интервью, фельетон, документалдык фильм). Буларга мүнөздүү болуп, андагы маалымат укук коргоо органдарына жана алардын кызмат адамдарына даректелбегени эсептелет, алар соттордун жана укук коргоо органдарынын нормалдуу ишине, сот адилеттигинин кызыкчылыгына зыян алып келбейт, себеби коомчулуктун көңүлүн бул же тигил маселелерге бурдурууга багытталган.

Ошентип, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасоо кылмыш ишин козгоого себеп болуу менен сотко чейинки жана соттук өндүрүштүн ишке ашышына көмөктөшөт, бирок мындай билдирүүнүн чындыкка жатпагандыгы атайылап жалган билдирүү катары саналышы мүмкүн эмес жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинде каралган кылмыш курамын түзбөйт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесин Конституциялык палата менен ушул чечимде ачылган маанисинен айырмаланган башкача түшүнүү жана колдонуу ар кимдин өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине болгон конституциялык укуктарын бузат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 31, 33-беренелери).

6. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 2-бөлүгүндөгү бөлүштүрүүчү белгилер болуп, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо үчүн жоопкерчиликти карайт:

1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деп айыптоо менен жасалганда;

2) айыптоонун жасалма далилдерин түзүү менен коштолгондо;

3) пайда табуу ниетинде жасалганда;

4) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун) кызыкчылыктарында жасалганда.

Атайылап жалган билдирүү жасоо учурунда, айыптоонун жасалма түзүлгөн далилдери менен бириктирип, күнөөлүү өзү айтып жаткандарды чындык кылып көрсөтүүгө аракет кылат, жана жасалды окшойт деген кылмышка бурмаланган, жасалма далилдерди беришет.

Атайылап жалган билдирүүнү пайда табуу ниетинде жасалды деп эсептесе болот, эгер күнөөлүү бул кылмышты жасап жатып, материалдык пайда алууга умтулган болсо, жана анын өз максатына жетиши сөзсүз эмес.

Уюшкан топтун же кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун) кызыкчылыгында жасалган атайылап жалган билдирүү аталган кылмыштуу түзүлүштөр үчүн пайдалуу маалымат болуп саналат, анткени анын катышуучулары, кылмышты жасаганда, аларды эч ким шектебей, алар тергөөнү жана иштин соттук каралышын жалган жолго салып коюшат.

Оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталгандыгына байланыштуу кылмыш жасагандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү берүү үчүн курамдын болушу үчүн, тагыраак айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 12, 13-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды бөлүштүрүүгө ылайык, күнөөлүү башка адамды оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн башка адамды күнөөлөшү талап кылынат. Эгер башка адамды көргөзбөгөн учурда, кылмыш курамы түзүлбөйт.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык, мындай оор жана өзгөчө оор кылмыштар атайылап жасалган кылмыштар катары мүнөздөлөт, алар үчүн мыйзам тарабынан 5 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган, бирок анын мөөнөтү 10 жылдан ашык болбойт, же он жылдан ашык мөөнөткө же эркинен түбөлүк ажыратылуу менен жазаланат. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн башка адамды атайылап күнөөлөгөн адамга андан да катуу жазык жоопкерчилигин караган.

Аны менен бирге, арыздануучунун пикири боюнча, бул кылмыштын квалификациялык белгиси, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн кылмыштардын классификациясы, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген фундаменталдык конституциялык принциптин ишке ашышына тоскоолдук түзбөйт деп эсептейт. Себеби, сот кылмыш ишин кароодо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин кылмыш жана жазанын ченемдик мүнөздөмөлөрүн камтыган ушул жана башка жоболорун жетекчиликке алып, аларды ар бир өзүнчө кылмышка жана айыптууга караштуу конкреттештирүү менен ага берилген дискрециянын алкагында иштин баардык жагдайларын эске алуу менен жасалган кылмышка өлчөмдөш жаза белгилейт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын курамында квалификацияланган бардыгынын мыйзамдын жана соттун алдындагы конституциялык принциптеринин бузулгандыгы тууралуу натыйжалар туура эмес болуп эсептелет.

Андан сырткары, жазык мыйзамынын талашка түшкөн ченеми кылмыш субъектисине карата кандайдыр бир алып коюуну же басмырлоонун белгилерин камтыбайт, жана бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жөнүндө конституциялык принципти бузбайт, ал кылмыш субъектисинин белгилерине тиешелүү болуп калган адамдардын аныкталган чөйрөсүнө карата аракет кылат. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылбайт.

7. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин 1-бөлүгү ар кимге адабий, көркөм, илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулук эркиндигине кепилдик берет.

Чыгармачылык - адамдын руханий ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү, ал кандайдыр бир жаңы, башкаларга окшобогон өзгөчө, өз индивидуалдуулугу жөнүндө кайталангыс нерсенин ачылышын жана түзүүнү сунуштайт. Чыгармачылыктын эркиндиги - мамлекет чыгармачылык ишмердүүлүккө мүмкүн болушунча азыраак кийлигишүүнү ишке ашырышы керек дегенди билдирет, ошол эле учурда ал бул эркиндикти коргоого болгон укуктук кепилдикти камсыз кылат. Бирок, талашка түшкөн ченем эч качан чыгармачылыктын эркиндигин бузбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылбайт.

8. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесине киргизилген жана талашка түшкөн Мыйзамдын 2-беренесинде каралган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр менен шартталган, жана Конституциялык палатанын жогоруда аталган талашка түшкөн Мыйзамынын 1-беренесинин көз карашынан алып караганда Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанылбайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8-бөлүгүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. 2014-жылдын 17-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16, 17, 18, 31, 33, 49-беренелерине карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы