Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2016-жылдын 11-майы N 3-р

жарандар Павел Николаевич Евсеевдин жана Наурызхан Батырханович Душенбековдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 335-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, К.М.Киргизбаев, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында, сот жыйналышынын катчысы М.Ж.Азарованын,

кайрылуучу тараптар - Павел Николаевич Евсеев, Наурызхан Батырханович Душенбековдун,

жоопкер-тараптын өкүлү - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун,

башка жактар - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошеванын, ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Азизбек Шарипович Шукурбековдун, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлү Чолпонбек Ажикулович Айтбаевдин катышуулары менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык соттук отурумда, эгерде соттолуучу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгондо жана сотко келүүдөн баш тарткан учурларда соттолуучунун катышуусуз ишти соттук териштирүүгө жол берүүнү караган, ошондой эле биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылгандан тартып он сутканын ичинде, ал эми камакта кармалган соттолгон адам тарабынан - ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берээрин аныктаган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 335-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого П.Н.Евсеевдин жана Н.Б.Душенбековдун өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 335-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 25-январында жарандар П.Н.Евсеевдин жана Н.Б.Душенбековдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 335-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө, 27-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучулар, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын жоболору сот тарабынан жазык ишин сыртынан кароо процедураларында жана мүмкүнчүлүктөрдө олуттуу айырмачылыктар бар деп эсептешет. Соттолуучу мамлекеттин чектеринен тышкары болгондо, ал өзүнүн турган жери боюнча кодулоого туш болот, анткени ушул себеп менен гана ал жазык иштин соттук кароосу жөнүндө билдирүү албай жана соттук отурумга чакыртыла албайт. Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.

Мындан сырткары, кайрылуучу тарап, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен каралгандай, соттолуучуга коюлган айыптоолор жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан соттук териштирүү тууралуу билдирбөөдөн улам, соттолуучуда сот адилеттигинен баш тартуу жана конституциялык укуктарынан ыктыярдуу баш тартуу болбойт. Айыптоочу тарап, соттолуучу сотко чакырылганы жана ага бул тууралуу белгилүү экендиги жөнүндө талашсыз далилдери болушу керек, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-пунктуна ылайык, адамдын күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Бирок, талашылып жаткан ченем, Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн адамды сотко чакыруудан баш тартууга мүмкүндүккө жол берүү менен, сотко келбегенден баш тартуусуна анын күнөөлүү экенине шектенүүнү, мындай соттолуучунун пайдасына талкуулабастан, тескерисинче аны күнөөлүү деп табат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Кайрылуучу субъекттери Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгүн да талашка коюуда, алардын пикири боюнча, камакта кармалган жана кармалбаган соттолуучулардын ортосундагы соттун өкүмүн аппеляциялык даттануу мүмкүндүгүнө болгон бирдей эмес мамиле, жана процессуалдык укуктардагы мындай айырмачылык акыркылар үчүн кодулоочу болуп саналат, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун 2-абзацына карама-каршы келет.

Мындан сырткары, кайрылуучу тарап, эгер, сыртынан соттук териштирүү учурларындагыдай, өкүмдү жарыялоо соттолуучу жок убакта жүргүзүлсө, анда соттолуучунун ишин андан жогору турган инстанциядагы соттун кароосуна кайталап кароого берүүчү укугу бузулат, анткени мындай соттолуучу үчүн аппеляциялык даттануунун мөөнөтү өкүмдү жарыялаган учурдан тартып өтө баштайт, бул учурда соттолуучунун позициясы менен тааныш эмес жактоочу тарабынан аппеляциялык даттанууга берүү кырдаалды оңдобостон, тескерисинче, бузулууну дагы тереңдетет. Мындай жактоочу адамдын сыртынан, соттолуучунун көз карашын билбей туруп аракет кылууга аргасыз, бул көп учурда аппеляциялык инстанцияда ишти формалдык кароого алып келет, ошону менен соттолуучунун өзүнүн көз карашын баалоо менен жогору турган сот тарабынан ишти кайталап кароого болгон укугунан ажыратат. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу эч чектелүүгө тийиш эмес.

Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, 335-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 25-январындагы аныктамасы менен, кайрылуучу тараптын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот отурумунда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп жана аларды канааттандырууну суранды.

Жоопкер тараптын өкүлү Ч.М.Бердимуратов кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок, ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурлардын ар биринде соттолуучу өзүнүн ыктыярдуу эрки менен сот адилеттигинен баш тартат жана ошонусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жазык-процесстик мыйзамдар тарабынан кепилденген укуктардан ыктыярдуу, биринчи кезекте мыйзам тарабынан берилген каражаттар жана ыкмалар менен өзүн жеке коргоодон баш тартат деп көрсөттү.

Сырттан өндүрүш убагында адам бардык процесстик укуктардын бардыгын колдоно албайт, бирок кандайдыр бир деңгээлде өз укуктарын жактоочу же башка, ага мыйзам чыгаруучу тарабынан берилген компенсатордук механизмдердин жардамы менен өз укуктарын ишке ашырышы мүмкүн.

Конституциялуулугу талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун ченеми соттолуучунун жактоочусу менен ага берилген укуктарды, процессуалдык милдеттерди жана ишке ашырууну аткарууга жолтоо болбойт, ошонусу менен турган жери боюнча кандайдыр бир кодулоочу белгилерди камтыбайт.

Ошондой эле, жоопкер тараптын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү боюнча белгилегендей, кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү негизделбеген болуп саналат, жана өкүмгө аппеляциялык даттануу укугу соттолгонго, акталганга, жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, прокурорго, жактоочуга, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө таандык экенин көргөзгөн. Өкүм сыртынан чыгарылган адам анын көчүрмөсүн өзүнүн жактоочусу аркылуу, же болбосо өзү жеке каалаган убакта алууга укуктуу, ал эми аппеляциялык даттануунун мөөнөтү өтүп кеткен учурда, соттолуучу аны кассациялык тартипте даттанууга укуктуу. Ошентип, сыртынан соттолуучу адамдын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда бекитилген жогору турган сотто иштин кайра каралышына болгон укугу эч нерсе менен чектелген эмес.

Сыртынан соттук териштирүүдө ал тарабынан чакырылган жактоочу катышууга укуктуу. Жактоочу да соттолуучунун макулдугу же анын тапшырмасы менен анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан чакырылышы мүмкүн. Сотто жактоочунун катышуусу ар бирине квалификациялык жардам берүү жөнүндө конституциялык жобону ишке ашырууга болгон кепилдиктердин бири болуп саналат. Ошондуктан, кайрылуучу тараптын, жактоочулардын коюлган айыптоо боюча соттолуучунун позициясы жөнүндө маалыматы жоктугу жана ушул себептен келип чыгуучу кыйынчылыктары жөнүндө келтирген жүйөлөрүн негизи жок деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошова, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы ченем соттолуучунун укугун басмырлабайт деп эсептейт, анткени "баш тартуу" деген сөз, соттолуучу соттук териштирүү жөнүндө билдирилгендигин, бирок бул учурда соттук териштирүүгө катышуудан качып жана баш тартып жаткандыгын түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү дагы, бул ченем соттолуучунун укугун басмырлабайт деп белгилейт, тескерисинче да, камакта кармалган адамга тең укуктуулуктун кошумча кепилдигин берет, анткени ага соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн бергенге чейин соттун өкүмү менен таанышууга чыныгы мүмкүнчүлүгү болбойт. Анын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу бул ченемди туура киргизген, анткени камакта кармалган адамда башка бөгөт коюу чарасы көргөзүлгөн адамга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбеков, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан жаран В.Н.Остриковдун кайрылуусуна байланыштуу, жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын жоболоруна ылайык, кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосунун предмети боло албай тургандыгын түшүндүрдү. Аны менен бирге, ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча, эгер тергөө органдары тарабынан соттолуучунун турган жерин жана анын сот адилеттигинен атайылап качпай тургандыгын жана сотко келүүсүн камсыздоого мүмкүн эместигин тастыктоочу документтер берилгенден кийин гана учурда сот тарабынан жөнөтүүгө жана кароого тийиш деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү, бул ченем соттолуучунун жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароого болгон укугун бузбайт деп эсептейт, анткени соттолуучу сыртынан каалаган убакта өз жактоочусу аркылуу да, өзү жеке көчүрмөсүн алууга укуктуу, а ал эми аппеляциялык даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда болсо, соттолуучу аны кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын ойлорун угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү тыянактарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 335-беренесинин 1-бөлүгү эсептелет:

"259-статья. Соттолуучунун соттук териштирүүгө катышуусу

(2) Соттолуучунун катышуусуз соттук териштирүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилет, эгерде:

1) соттолуучу Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгондо жана сотко келүүдөн баш тартканда.

335-статья. Өкүмдөргө даттануунун мөөнөттөрү

(1) Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылгандан тартып, он сутканын ичинде, ал эми камакта кармалган соттолгон адам тарабынан - ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн.".

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган, "Эркин-Тоо" газетасында 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка, ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес; соттолгон ар бир адам ишин мыйзамга ылайык жогору турган сотто кайра каратууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы, 3-бөлүгү, 27-беренесинин 1-бөлүгү).

Кодулобоонун конституциялык принциби негизделбеген мүнөзгө ээ ар кандай кайрылууларга тыюу салууну болжолдойт, ал инсандын укуктук статусунун ар кандай элементтеринин тармагындагы аныкталган белгилер боюнча ишке ашырылат. Бул принцип бир гана укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууга жайылтылбастан, милдеттенмелерге, жоопкерчиликти жүзөгө ашырууга, укуктардын менен эркиндиктердин юридикалык кепилдиктерине жайылтылат.

Укук субъекттеринин укуктарындагы жана милдеттериндеги айырмачылыктарга алып келген бардык укуктук жөнгө салууларды дифференциациялоо мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, анын ичинде келип чыккан теңчилик принциптеринин талаптарын кармоо менен ишке ашырылышы керек, анын негизинде эгер объективдүү акталган болсо, негизделип, конституциялык маанилүү максаттарды көздөсө анда айырмачылыктарга жол берилет, ал эми буга жетүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болот. Укуктар менен эркиндиктерди ишке ашыруу учурунда кодулоонун бардык таризинен коргоого кепилдик берген теңчиликтин конституциялык принцибин кармоо, башкалардан тышкары, бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарындагы айырмачылыктарды киргизүү дегенди түшүндүрөт, аларда объективдүү жана акыл-эстүүлүк актануу жок.

Теңчилик принциби бир гана Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган укуктар менен эркиндиктерге гана эмес, ал аларга байланышкан, мыйзамдын негизинде алынган башка укуктарга да жайылтылат.

Жогоруда аталган сот адилеттигин жүргүзүү учурунда сот тарабынан колдонулган кодулоо жана теңчиликтин конституциялык принциптери жарандардын адилеттик сотко жана алардын адилет чечим чыгарылышына болгон жеткиликтүү кепилдиктерди камсыз кылуу үчүн олуттуу мааниге ээ, ал жарандардын мамлекетке жана мыйзамга болгон ишеним принцибин колдоого тең.

3. Сот адилеттигинин элементтеринин бири болуп, соттук адилеттик териштирүү саналат, аны өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт (99-берененин 2-бөлүгү). 2014-жылдын 21-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын № 15-р чечиминде белгиленгендей, ушул конституциялык жобонун маанисинен келип чыккандай, жалпы эреже боюнча сот териштирүүсү соттолуучунун милдеттүү катышуусу менен өткөрүлүшү керек, ал коюлган айыптан коргонууга мүмкүндүк алат. Соттук териштирүүгө соттолуучунун катышуусу жазык сот ишинин принциптерин жүргүзүүнү толугу менен камсыз кылат, жана акыйкат сот териштирүүгө жана жазык ишин кыска мөөнөттө кароого зарыл кепилдик болот. Аны менен бирге, Конституциянын 99-беренесинин 2-бөлүгү мыйзам чыгарууга жазык ишти сырттан кароого тыюу салууну жок кылуу зарылдыгы жөнүндө маселени чечүүгө ыйгарым берген, анда мындай салууларды бири катары, мыйзам чыгаруучу соттолуучунун Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары болгон жана сотко келүүдөн баш тарткан учурун белгилеген. Бул учурда айыпталуучунун коргоого болгон укугунун кепилдиги катары жана талаш-тартышынын принциби менен ылайык, мындай соттук териштирүүгө жактоочунун сөзсүз катышуусу милдеттүү болуп саналат.

Жалпысынан, соттолуучу жок кезде ишти териштирүүнүн процессуалдык дайындалышы кылмыштардан жабырлануучу адамдардын укугун жана мыйзамдуу эркиндиктерин коргоого жана кайтарууга, алардын сот адилеттигине жана кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылууга мамлекеттин милдети катары аныкталган. Ушуга ылайык, сыртынан соттук териштирүү, соттон качып жүргөн же жазык ишин кароого болгон жоопкерчиликтен атайылап качып жаткан адам үчүн жазык жоопкерчилигинен шексиздиги принцибин ишке ашыруу болуп саналат.

Жогоруда келтирилген жагдайлар соттолуучу жок кезде ишти териштирүүнүн регламенттешкен мыйзамдуу тартибинин максаттуулугу тууралуу корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет, жана ошону менен аны мыйзамда так регламенттелген учурларда гана ишке ашыруу зарылдыгын тааныйт.

Бирок, кайрылуучу тарап, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган соттолуучуга билдирүүнүн ар кандай мамилелери, соттолуучуларга кодулоону жаратат жана Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн адамдар үчүн бирдей эмес шарттарды коет деп эсептейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы соттолуучуларга билдирүү маселеси мыйзамдын башка жазык-процесстик ченемдери менен жөнгө салынат деп жана талашылып жаткан ченемдин укуктук жөнгө салуу чегинен чыгып кетээрин белгилейт.

Аны менен бирге, соттолуучуга билдирүү өз маңызы боюнча соттук териштирүү өткөрүлө турган күнү, убактысы жана орду жөнүндө билдирүү боюнча конкреттүү тапшырманы камтыйт. Сот адилеттигинен атайылап качып жүргөн факты такталган учурда, Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жүргөн соттолуучуга кабар жиберүү маселеси формалдык мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө карма-каршы келет деп таануу үчүн негиз боло албайт, анткени соттолуучу өзүнүн каалоосу боюнча ыктыярдуу түрдө Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жазык-процесстик мыйзамдар менен кепилденген укуктарды ишке ашыруудан баш тартып жатат.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жазык сот өндүрүшүнө карата атайын ар бир соттолуучуга, өкүмдү жогору турган сотто, мыйзамда каралган тартипте кайра кароо укугун кепилдик берген (27-берененин 1-бөлүгү). Ушул учурда бул укук бардык соттолуучуларга, анын ичинде сыртынан соттоо тартибинде соттолгондорго да жайылтылат.

Жогору турган сотко айыптоочу өкүмдү даттануу укугу эч кандай чектөөгө жатпайт жана соттук коргоого болгон укук менен тутумдуу байланышта турат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык абсолюттук мүнөзгө ээ (40-берене, 20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту).

Бул учурда, иштин жогору турган сот тарабынан кайра кароого болгон укукту ишке ашыруу убактылуу алкактар менен чектелип калышы мүмкүн, бул өзүнөн өзү соттук коргоого болгон укукту чектөө болуп саналбайт жана кабыл алынган соттук актылардын туруктуулугун жана түзүлгөн укук мамилелерде укуктук аныкталгандыкты сактоо максатына ээ.

Талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 335-беренесинин 1-пунктунун ченеми, биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылгандан тартып, он сутканын ичинде, ал эми камакта кармалган соттолгон адам тарабынан - ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилээрин карайт, жана алардын пикири боюнча эгер биринчи инстанциядагы сот катачылык кетирсе, соттолуучунун ишинин жогору турган сот тарабынан кайра кайталап кароого болгон укугунун мөөнөтүн аныктоо максатына ээ.

Мыйзам чыгаруучунун өкүмдү аппеляциялык даттанууга берген мөөнөтүнүн башталышынын ар кандай болушун, камакта болгон адамдар үчүн да, башка бөгөт коюу чаралары башкалар үчүн да соттолуучулардын ар кандай укуктук абалдары менен шартталган.

Камакка алуу баарынан катуу бөгөт коюу чарасы болуп эсептелет, анткени ал адамдын эркин жүрүү эркиндигинен ажыроо менен, атайын мекеменин эрежелерине баш ийүү менен жана бир катар чектөөлөрдүн киргизилиши менен коштолгон. Андан сырткары, камакта болгон соттолуучулар көп учурда өздөрүнүн жактоочуларынын убакыттан көз карандылыгына дуушар, анткени алар камакта болгондордун мыйзамдуу укуктарын коргоого багытталган процессуалдык документтерди түзүүдө аларга укуктук жардам көргөзүүсү керек. Буга байланыштуу, камакта болгон адамдар үчүн жана башка бөгөт коюу чарасынын башка түрлөрү көрүлгөн адамдар үчүн айыптоочу өкүмдү аппеляциялык даттанууга берген убакыттын эсептелип башталышындагы мыйзамдык айырма - теңчилик принцибин кармоо менен объективдүү жана акыл-эстүүлүк актоону эске алуу менен киргизилген, анткени камакта болгон соттолуучу жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына караганда өзүнүн камакта болгону үчүн бирдей эмес шартта болот.

Андан сырткары, жазык-процесстик мыйзам менен сотко өкүмдүн көчүрмөсүн соттолуучуга же акталуучуга, жактоочуга жана айыптоочуга өкүм жарыяланган күндөн тартып үч күндөн кеч эмес мөөнөттө тапшырууну камсыз кылуу милдети аныкталган, бул жогору турган сотко өкүмдү мыйзам менен аныкталган мөөнөттө даттанууну каалаган соттолуучулар үчүн кошумча кепилдик болуп саналат.

Жазык-процесстик мыйзам, даттанууну же сунуш берүүнү мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда, өкүм чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышарын караган (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 336-беренеси). Бул учурда даттануу үчүн мөөнөттүн өтүп кетишинин жүйөлүү себеби болуп, адам үчүн даттануу же сунушту мыйзам менен бекитилген мөөнөттө жеке сотко келүү же почта аркылуу жиберүү жолу менен берүү мүмкүнчүлүгүн объективдүү жокко чыгарган себептер таанылат.

Мындан сырткары, жаңы коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүнүн күчү менен, жактоочулар жана алар жактап жаткан адамдар өз ара оперативдүү маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрү бар, бул сыртынан соттолгон соттолуучуларга алардын ишинин жогору турган сот тарабынан кайра кайталап кароого болгон укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Буга ылайык, талашылып жаткан ченем, сыртынан соттолуп жаткан адамдар үчүн бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү берүү маселелерин жөнгө салган жазык-процесстик мыйзамдын башка ченемдери менен тутумдуу байланышта колдонулуу менен, бардыгынын мыйзам жана сот алдында кодулоо жана бирдей конституциялык принциптерин бузган жок, ошондой эле соттолуучунун ишинин жогору турган сот тарабынан анын ишин кайра кайталап кароого болгон укугун бузбайт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацы, 3-бөлүгү, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту, 27-беренесинин 1-бөлүгү).

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 259-беренесинин, 335-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-абзацына, 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 27-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.

2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы