Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\27763336-ef2a-437e-9bf4-dd8d789f8498\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

Икрамидин Назирович Айткуловдун жаран Алмазбек Толкунбаевич Абековдун кызыкчылыгындагы кайрылуусуна байланыштуу "ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип, ..." деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

2017-жылдын 18-январы №1-р

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот жыйналышынын катчысы  - С.А.Джолгокпаеванын,

кайрылуучу тарап - Алмазбек Толкунбаевич Абековдун кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун,

жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Света Садыковна Болджурованын,

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алтынбек Урубаевич Нурмаматовдун, Асель Токторбековна Чекееванын катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип, ..." деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

И.Н.Айткуловдун жаран Т.Абековдун кызыкчылыгындагы өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Судьяга билдирилген баш тартуунун жекече чечилишин судьянын өзү караган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.Абдиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 15-июлунда И.Н.Айткуловдун жаран Т.Абековдун кызыкчылыгындагы "ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип, ..." деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучу, талашылып жаткан ченемдик жобо сот адилеттигинин милдеттерине да, судьядан баш тартууну билдирген адамдын кызыкчылыктарына да зыян келтирет, анткени Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өзүнө келтирилген баш тартуу жөнүндө маселени чечүүгө мажбурланган биринчи инстанциядагы судья татаал тандоого туш болууда деп эсептейт. Бир жагынан, ал сот адилеттигин жүзөгө ашыруудан баш тарта албайт, экинчи жагынан болсо, өзүнө келтирилген баш тартуунун жүйөлөрүнүн жетиштүүлүгүн ал субъективдүү түрдө аныкташы керек. Мындай учурда, баш тартуу билдирилген судьянын өзү талаштын субъектисине айланат жана өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүгүнө байланыштуу бул талашты чече албайт. Арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем мурдагы арбитраждык соттор тутумунда болгон биринчи инстанциядагы судьядан баш тартуу жөнүндө маселе ошол эле соттун административдик тартипте мамлекет башчысынын жарлыгы менен дайындалчу төрагасы менен чечилет деп аныктаган тартипти жокко чыгаруу үчүн кабыл алган жана өз алдынча институт катары соттун көз карандысыздыгын арттырууга багытталган. Бирок, Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясын кабыл алуу менен сотто төраганы кызмат ордуна бекитүүнүн табияты өзгөрүлдү, эми ал административдик тартипте дайындалбастан, судьялардын өздөрү менен шайланат.

Арыздануучу өзүнүн өтүнүчүндө ар бир адамга анын иши адилеттүүлүк жана бейтараптуулук башаттарында компетенттүү жана көз карандысыз сот тарабынан каралуу укугун берүүнү - өзөктүү принцип катары бекиткен Адам укуктарынын жалпы декларациясына жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка шилтеме жасайт. Аталган принципти толук жана иштиктүү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченемдик жобосу тоскоолдук кылууда. Баяндалганды негиз кылып, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченемдик жобосун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесине карама-каршы келүүсүн таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы аныктамасы менен бул өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын ырастады жана аны канааттандырууну суранат. Бул жерден, кайрылуучу тарап кайрылуусу боюнча өзүнүн талаптарын тактады жана талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө гана ылайыктуулугун текшерүүнү суранды.

Жоопкер-тараптын өкүлү С.С.Болджурова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Өзүнүн көз карашын негиздеп берүүдө ал төмөнкүдөй жүйөлөрдү келтирет.

Демократиялык коомдогу соттук бийликтин көз карандысыздыгы жана өз алдынчалуулугу конституциялык принциптеринен келип чыккандай, соттук териштирүүнүн катышуучулары сотко ишеним артышы керек, сотко болгон ишеним тескерисинче күбөлөндүрүүчү анык жана негиздүү далилдердин негизинде гана күмөн туудурушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-пунктунда ишти жеке караган судьяга билдирилген баш тартуу жөнүндө маселени чечүүнүн, процесстин катышуучулары тарабынан судьядан баш тартуу укугун кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында иштин каралышын созуу мүмкүнчүлүгүн азайтуучу тартибин бекиткен.

Ишти өз алдынча карап жаткан судья тарабынан ага билдирилген баш тартуу жөнүндө маселенин чечилишинде бейтараптуулук принцибинин сакталуусунун кепилдиги болуп, анын бейтараптуулугуна күмөн туудурган ойлорго жол берүүчү жагдайлардын жоктугун ырастаган жүйөлүү токтом чыгаруу саналат. Андан тышкары, кепилдик болуп чыгарылган соттук токтомдорду жогору турган соттук инстанциялар тарабынан текшерүү процедуралары саналат, алар соттук токтомдорду жокко чыгаруу үчүн негиздерди аныктоодо конституциялык жана жалпыга таанылган эл аралык-укуктук принциптерден келип чыгуусу керек. Ушуну менен, судьянын адилеттүүлүгү жана бейтараптуулугу жөнүндө маселе ар бир иште нагыз жагдайларды эске алуу менен чечилүүгө тийиш, андай жагдайларды аныктоо жалпы юрисдикциядагы соттордун компетенциясынын карамагында болот.

Ушуну менен, жазык-процесстик мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргонууга болгон укукту жүзөгө ашырууга багытталган бардык зарыл ченемдер камтылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү А.Т.Чекеева талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык биринчи инстанциядагы соттордун судьялары иштерди жеке өздөрү карашат. Аталган Мыйзамдын 4-беренеси судьялар сот бийлигин өз алдынча, кимдир бирөөнүн эркине карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, процесстик жана башка мыйзамдарга гана баш ийүү менен жүргүзүшөт деп караштырат. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө жол берилбейт. Андан тышкары, мындан ары баш тартуу жөнүндө өтүнүч төрага тарабынан каралып жатканда, баш тартуу жөнүндө өтүнүч төрагага да билдирилиши мүмкүн, анткени ал дагы баш тартуу жөнүндө өтүнүчтү жеке карайт. Бул ишти маңызы боюнча кароону созууга жана артыкбаш чубалжытууга алып келет.

Арыздануучунун, анын соттук коргонууга укуктары бузулуп жатат деген жүйөлөрү негизсиз, анткени баш тартуу жөнүндө токтом экинчи инстанциядагы сотто даттанылышы мүмкүн.

Талашылып жаткан ченем процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу киргизилген жана соттук чечимди чыгарууда чубалжытууну жана тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган. Мурда аталган өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин процесстик мыйзамдар адамдарга (процесстин катышуучулары) баш тартуу маселеси боюнча чыккан соттук актыга жогору турган инстанцияга даттануу укугун берген, ал эми соттук процесстин карасанатай катышуучулары даттануу укугун пайдаланып, ишти кароо процессин бардык жолдорду пайдаланып созуп келишкен, андай иштер жылдар бою каралат эле.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосу саналат:

"73-статья. Процесстин катышуучуларына билдирилген баш тартууну чечүү тартиби

(4) Ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип, ...".

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарды белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1999-жылкы № 10, 442-бер. Жарчысында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген соттук коргонууга болгон укук эч чектелүүгө тийиш эмес (2-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту). Ар кимге ушул Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү).

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 10-беренесине ылайык ар бир адам иши ачык жана көз карандысыз жана бейтарап сотто адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен каратууга акылуу.

Ушул ченемдин талабын, ошондой эле жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 14-беренесинин 3-пунктунун "с" пунктчасынын жоболорун эске алуу менен жазык, жарандык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер дайыны жок созулбастан, сот өндүрүшүнүн эрежелерине ылайык каралышы керек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн жогорудагы аталган эл аралык келишимдердин ченемдери менен өз ара байланыштагы мазмуну боюнча судьялардын алдын ала бекиген бир оюнун жана көздөгөнүнүн жоктугун болжогон бейтарап сотко болгон укук соттук коргонууга болгон укуктун ажырагыс сапаттарынын бири жана адилеттүү соттук териштирүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет.

Мындай укук Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык жазык иштерди биринчи инстанциядагы соттордо, ал эми тараптардын даттануулары боюнча экинчи инстанциядагы соттордо да кароо менен жүзөгө ашырылат. Андан тышкары, соттук чечимдердин мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүн камсыз кылууда кошумча кепилдик катары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмдөрдү, аныктамаларды жана токтомдорду көзөмөл тартибинде, ошондой эле жаңы жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча карап чыгуу мүмкүндүгүн болжойт.

Ушул укуктук орнотмолордон процесстик мыйзам, судьялардан баш тартуунун тартибин аныктоо менен, судьянын мүмкүн боло турган кызыкчылыгын четтетүүгө жана жарандар менен башка жактардын бузулган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө багытталгандыгы келип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболору аталган Кодекстин 70 жана 71-беренелеринде каралган негиздерди эске албастан, судьядан баш тартуу жөнүндө чечимди өз билемдик менен чечүүнү болжобойт жана бул маселени чечип жаткан судьяны иштин конкреттүү жагдайларына шилтеме жасап, өз тыянактарын негиздеп берүү милдетинен бошотпойт. Судьянын чечиминин адилеттүүлүгү жана бейтараптуулугу жазык-процесстик каражаттардын жана жогору турган соттук инстанциялардын көзөмөлүн кошуп, жол-жоболордун бардык жыйындысы менен камсыз кылынат.

3. Судьядан баш тартуу - бул судья иштин аякташына жеке (тике же кыйыр түрдө) кызыкдар болгон же анын бейтараптуулугунда күмөндүүлүктү туудурган башка жагдайлар болгон учурда ишке ашырыла турган судьяны ишти кароого катышуудан четтетүү. Жазык процессинде судьядан баш тартуу (өзү катышуудан чыгуу) институту соттун бейтараптуулугун камсыз кылуунун өзгөчө маанилүү механизми болуп саналат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык судья төмөнкүдөй учурларда ишти кароого катыша албайт: эгерде ал жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер болуп саналса, ошондой эле ал бул ишке сот арачысы, күбө, эксперт, адис, тилмеч, тергөөчү, прокурор, жактоочу, сот отурумунун катчысы, айыпкердин соттолуучунун жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү, жарандык доогердин же жарандык жоопкердин өкүлү болуп саналса; эгерде ал жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин же алардын өкүлдөрүнүн тууганы, айыпкердин, соттолуучунун же алардын мыйзамдуу өкүлүнүн тууганы, айыптоочунун, жактоочунун, тергөөчүнүн, сот отурумунун катчысынын тууганы болуп саналса; эгерде судьянын келишпестигине шек келтирген башка жагдайлар болсо (70-статья).

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин аталган беренеси менен каралган негиздер боюнча судьядан баш тартууну билдирип жатып, судьянын жүрүм-туруму бейтараптуу эмес, көз каранды, ал эми ишти кароого болгон мамилеси мыйзамдуу эмес экендигин далилдөө зарыл, тескерисинче, келтирген жагдайлар далилденбесе, судья бейтарап болуп саналат.

Билдирилген баш тартуу боюнча чечим судья тарабынан жеке кабыл алынат жана токтом түрүндө таризделинет. Токтомдо баш тартуу жөнүндө билдирүү ким жана кайсы себептер боюнча берилгени, баш тартуунун себеби боюнча судьянын түшүндүрмөсү, билдирилген баш тартууну канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө чечим көрсөтүлөт жана ал соттук отурумда жарыяланат. Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 339-беренесинин жоболоруна ылайык судья чыгарган токтомго жеке даттануу берилиши мүмкүн деп караштырган, ал аппеляциялык тартипте иш боюнча жыйынтыктоочу чечим менен бирге каралат. Токтомго даттануу укугу соттолуучуга жана анын мыйзамдуу өкүлүнө, прокурорго, коргоочуга, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө таандык. Судьядан баш тартуу үчүн негиздердин бар экендигин таануу менен аппеляциялык инстанция өкүмдү жокко чыгарууга жана жазык ишти судьялардын жаңы курамында жаңы соттук териштирүүгө кайтарууга милдеттүү.

4. Судьядан баш тартуу институтунун башкы максаты соттук чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана соттун чечим кабыл алуусуна ар түрдүү субъективдүү факторлордун таасиринен коргоо болуп саналат. Бирок, ушул процесстик каражаттын ишчил болуусу үчүн аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуу механизмдери зарыл.

Бул сыяктуу ченемдер, судьядан баш тартууну канааттандырылышын жокко чыгарган чечимдер бул жарандар үчүн алардын укуктук абалын аныктоочу акыркы акт болуп саналбайт дегенди билдирет да, чечимдин негизине коюлган фактыларды кийин да соттук текшерүүдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карайт.

Натыйжада мындай чечимдер соттук контролдун алкагында болот да, ошону менен жарандардын да сот адилеттигине болгон акысы чектелбейт, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келет.

Демек, билдирилген баш тартуунун жыйынтыгы боюнча судья жеке кабыл алуучу токтом акыркы мүнөзгө ээ боло албайт, анткени, акыры, сот гана судьянын бейтараптуулугуна таасир этүүчү мүмкүн болгон фактылардын болуусу туурасында тыянак чыгарууга укуктуу.

Ошентип, соттук коргонууга болгон укуктун ишке ашырылуусу бузулушу мүмкүн эмес, анткени Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин колдонуудагы ченемдери менен судьядан баш тартуу жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууну, иш боюнча чыгарылган өкүмдүн жана башка жыйынтыктоочу актынын мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүн текшерүү менен бирге соттук текшерүүдөн өткөрүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбайт.

Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы талашылып жаткан ченемдер менен бекитилген судьядан баш тартуу маселесин жеке кароонун тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген ар кимдин соттук коргонууга болгон укугун бузбайт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. "Ишти өз алдынча карап жаткан судьяга билдирилген баш тартуу судья тарабынан жекече чечилип, ..." деген сөздөр менен баяндалган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүнүн ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы