Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 7-октябры N 51-р

жаран Болотбек Мырзабекович Толоевдин жана анын өкүлү Жамангул Мусталипаевич Жунусовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын,

кайрылуучу тарап - жаран Б.М.Толоев жана анын өкүлү Ж.М.Жунусовдун; жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыктарын көздөгөн өкүлү Ч.Ч.Урумкалиеванын катышуулары менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 303-315-беренелеринде каралган жазык ишинен тышкары" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Б.М.Толоевдин жана анын өкүлү Ж.М.Жунусовдун өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 303-315-беренелеринде каралган жазык ишинен тышкары" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде аныксыздыктын пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 303-315-беренелеринде каралган жазык ишинен тышкары" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу жана 2012-жылдын 10-августунда кабыл алынган № 164 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 6-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык келбегендигин таануу жөнүндө жаран Б.М.Толоевдин жана анын ишеним катынын негизинде өкүлү болгон Ж.М.Жунусовдун өтүнүчү келип түшкөн.

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, талаш-тартыш туудурган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан каралган баарынын мыйзам жана сот алдында тең экендиги жөнүндө жобону (16-беренесинин 3-бөлүгү) бузат жана жазык сот өндүрүшүндө жарандарды кызматтык абалы, негизинен кызматтык кылмыштар боюнча басмырлоого мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Арыз берүүчү, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаш-тартыш туудурган 29-беренесинин 1-бөлүгү акыл эси жайында эмес абалда өлтүрүп алуу же денесине залал келтирүү жасаган адамга карата жазык ишин кыскартууга мүмкүндүк берет деп эсептейт. Бирок, кызмат адамы тарабынан этиятсыздык менен жасалган анча оор эмес кылмыш кыскартууга жатпайт, арыз берүүчүнүн пикири боюнча, ал жазык ишин кароо жана козгоо учурунда кызмат адамдарынын басмырлоо болуп саналат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-мартындагы аныктамасы менен арыз ээсинин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышынын жүрүшүндө Б.М.Толоев жана анын өкүлү Ж.М.Жунусов өздөрүнүн талаптарынын көлөмүн азайтып жана мурда берилген өтүнүчтөгү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 281, 303-беренелерин алып салууну суранышты.

Жоопкер-тараптын өкүлү - Ч.Ч.Урумкалиева кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбостон, мыйзамдардын талаш-тартыш туудурган ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. Конституциялык палата "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кайрылуудагы ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине 2012-жылдын 10-августундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 6-бөлүгү менен киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор алардын органикалык бөлүгү болгондугун эске алып, анын негизги бөлүгү болуп саналып калат. Ага байланыштуу, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринде каралган кылмыштар жөнүндө жазык иштеринен башкасын албаганда, эгерде адам коомдук коркунучтуу болбой калса, жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууну караган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун ченемдик жоболору саналат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин "Жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартуу" деген 29-беренеси төмөнкүнү айкындайт:

"(1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65 жана 66-беренелерине ылайык сот (судья), прокурор, ошондой эле тергөөчү прокурордун макулдугу менен төмөнкү учурларда адамды жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин токтотот:

2) эгерде адам коомдук коркунучтуу болбой калса, алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 303-315-беренелеринде каралган жазык ишинен тышкары".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59-6061-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелинет.

2. Баары мыйзам жана сот алдында тең экендиги жөнүндө конституциялык жобо (16-беренесинин 3-бөлүгү) укуктук мамлекеттин фундаменталдык башатынын бири болуп саналат. Бул конституциялык жобо Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 7-беренесин, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 7-беренесин Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 20-беренесин 2-бөлүгүн жана 14-беренесин кошуп алганда, толугу менен эл аралык укуктук ченемдерге ылайык келет.

Баары мыйзам алдындагы тең экендиги жөнүндө конституциялык принцип баарынан мурда басмырлоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүлүшү керек, ал мыйзамда кандайдыр бир жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыгы, курагы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке жашоосунун ар кайсы тармактарында укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигин бузууга алып келген кандайдыр бир башка жагдайлар белгисине негизделген, мыйзамда кандайдыр бир айырмачылыктарды, артыкчылык коюуларды же алып салууларды белгилөөгө жол берүүгө мүмкүн эместигин карайт. Мындай учурда мыйзам чыгаруучу тарабынан жол берилген баары мыйзам алдында тең экендик принцибин чектөө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы маанилүү конституциялык максаттарга укук ченемдүү жана кош өлчөмдүү болууга тийиш.

Кылмыш-жаза укугунда бул принциби кылмыш-жаза мыйзамынын алдында баарынын тең болгондугун белгилейт, кылмыштан жабыркаган бардык адамдардын жазык-укуктук коргоого болгон тең укугун, ошондой эле кылмыш субъекттери үчүн жазык жоопкерчилигинин негиздеринин бирдейлигин түшүндүрөт. Коомго коркунуч келтирген иштерди жасоонун терс кесепеттерине дуушар болуп жазык жоопкерчилигине тартылган адамдарга бирдей милдеттерди белгилөөнүн юридикалык негизи катары жазык мыйзамдарында бекитилген кылмыштын курамы болот.

Жарандардын теңдик принциби башка жазык мыйзамдарынан бөлүп кароого болбойт жана эң алды менен, акыйкаттык жана гумандуулуктун жазык-укуктук принциптерге диалектикалык байланышта колдонулат. Теңдик жана акыйкаттык принциптеринин айкалышы кылмыш жосундарынын жана жазык жоопкерчилигинин мыйзамдуу ажыратууну алдын ала карайт, кылмыш-жаза мыйзамы бул принциптерге ылайык майнаптуу, криминологиялык жана социалдык жактан негизделген болушу керек. Мындан тышкары, теңдик жана акыйкаттык принциптери жазык-укуктук таасир этүүнү жекелештирүүгө багытталган, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучунун деңгээлин, анын жасалуудагы жагдайларын, инсандын касиеттерин жана башка факторлорду эске алууга милдеттендирет.

Кылмышкердин инсандыгынын белгилүү бир касиеттерин аныктоого жазма буйрук берүүчү, ушул эле аспектте гумандуулук принциби ишке ашырылат. Гумандуулуктун көрүнүшү болуп жашы жетелектердин жазык жоопкерчилигинин өзгөчөлүгү, аялдарга жаза берүүнү дайындоонун өзгөчөлүктөрү жана башкалар чыгат.

3. Кылмыш жоопкерчилигин бөлүштүрүлүшү мыйзам чыгаруучунун дискрециясы болуп саналат, ал аркылуу жазык жоопкерчилигинен бошотуунун жалпы жана атайын эрежелери белгиленет. Жазык жоопкерчилигинен бошотуунун жалпы эрежелери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинде аныкталган.

Жазык жоопкерчилигинен бошотуу - жазык иликтөөсүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын жазык иши боюнча, эгерде кылмыш жасоо фактысы далилденсе, андан аркы өндүрүшүнөн баш тартуусу деп эсептелет. Мындай учурда жазык иши адамга кандайдыр бир жазык чараларын көрбөстөн кыскартылат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренеси менен жөнгө салынуучу жазык жоопкерчилигинен бошотуу анча оор эмес кылмышты жасоо же чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жасоо менен байланышкан. Ошентип, бул жазык-укуктук институтунун кылмыштарды категориялаштыруу менен болгон байланышы байкоого болот. Ошондуктан, кылмыштарды коомго коркунуч келтирүү мүнөзүнө жана деңгээлине жараша категорияларга бөлүү жазык жоопкерчилигин бөлүштүрүлүшүнүн маанилүү каражаты болуп саналат.

Жазык жоопкерчилигинен бошотуу - жазык иликтөөсүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын жазык иши боюнча, эгерде кылмыш жасоо фактысы далилденсе, андан аркы өндүрүшүнөн баш тартуусу деп эсептелет. Мындай учурда жазык иши адамга кандайдыр бир жазык чараларын көрбөстөн кыскартылат. Мында жазык жоопкерчилигинен бошотуу, жасалган иште кылмыш курамы жок, же кылмыш жасаган адам күнөөлүү эмес деп таанылбайт. Жазык жоопкерчилигинен бошотуунун укуктук маңызы адамды жазык жоопкерчилигине тартуунун максаттуу эместигинде камтылган, ал ар бир жекече конкреттүү учур үчүн дагы жаңы маанилүү натыйжага жетүү мүмкүндүгү аныкталат, жана ага жетүү ыкмалары ар бир так учурдагы жазык жоопкерчилигинен бошотуу шарттарынын жетиштүү жыйындысы аркылуу ага жетишүү ыкмалары такталат.

Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик жазык саясатынын тигил же бул өнүгүү этаптын багытына жараша, жазык жоопкерчилигинен бошотуунун жалпы жана атайын негиздерин аныктоого жана өзгөртүүгө, ошондой эле бул эрежелерден башканы белгилөөгө укуктуу, ушундай болуп конституциялуулук предметине талаш-тартыш туудурган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун ченемдик жоболору болуп саналат.

Арыз берүүчүнүн талаш-тартыш туудурган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченеми басмырлоочу болуп саналат деген, анткени баары мыйзам жана сот алдындагы конституциялык теңдик принцибин бузат деген далилдери кудуретсиз болуп саналат. Бардыгынын жазык мыйзамынын алдында теңдик принцибинин өзгөчөлүгүнө ылайык, жазык жоопкерчилигинен бошотуу жазык жоопкерчилигине тартылган адамдын субъективдүү укугу катары карала албайт. Тескерисинче, кылмыш жасаган ар бир адам жазык-укуктук таасир этүүчү чараларынан өтүшү керек.

Мында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин жоболору Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери тарабынан каралган кылмыштардын тизмегин бекитет, аларды аткаруу учурунда жазык ишин аталган кылмыштарды жасаган субъекттерге жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууга мүмкүн эместигин билдирет. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ушул ченемдик жобосу кылмыштар категориясынын маңызына, ошондой эле аларды аткаруу субъекттердин статусуна негизделген. Ошентип, талаш-тартыш туудурган беренелер (304-315-беренелер) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык кылмыштар" 30-главасына караштуу. Ошентип, талаш-тартыш туудурган жобо менен каралган башка негиздер аталган кылмыштарды жасаган субъекттердин статусуна байланыштуу. Атап айтканда, бул мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына, ошондой эле аталган органдардын башка кызматкерлерине таандык.

Кызматтык кылмыштар тобунун өзгөчөлүгү болуп, алардын басымдуу көпчүлүгү атайын субъекттер (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеген кызмат адамдар) тарабынан, жана башка жарандарга салыштырмалуу, укуктардын көбүрөөк чөйрөсүнө жана ыйгарым укуктарга ээ болот, ошондуктан алар тарабынан жасалган кылмыштар коомдук мамилелерге олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Бул кылмыштардын коомдук коркунучу, алардын жасалышынын натыйжасында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик аскердик түзүлүштөрүнүн нормалдуу ишмердүүлүгү бузулат, жарандардын жана уюмдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары, жалпысынан - коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгы кемсинтилет.

Кызматтык кылмыштардын айырмалоочу сапаты болуп, аталган органдар менен мекемелердин нормалдуу иштешине кол салуу менен, алар бир гана коомдо өздөрүнүн кадыр-баркын төмөндөтпөстөн, ошондой эле жарандардын өз укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна болгон ишениминин солгундатышына алып келет.

Кызматтык кылмыштарды жасоонун натыйжасында жеке жана юридикалык жактарга да олуттуу материалдык зыян келтирилет, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын нормалдуу иштеши бузулат, жалпы бийлик дискредитацияга дуушар болот. Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинде каралган жазык жоопкерчилигинен бошотуунун жалпы эрежесинен негизделген башка ченемдерди караган.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринде каралган кылмыштар жөнүндө жазык иштеринен тышкары, эгер адам коомдук коркунучтуу болбой калса, жазык жоопкерчилигинен бошотуу менен жазык ишин кыскартууну караган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун ченемдик жобосун, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскер түзүлүштөрүнүн кызмат адамдары болуп саналган кылмыш субъекттерине карата кандай колдонулса, ошондой чарада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы