Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\45a7549e-8993-46d2-bad8-a26ec44d5e46\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 23-майы № 275

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча райондук (шаардык) башкармалар жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча райондук (шаардык) башкармалар жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук (шаардык) башкармалыктар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу";

мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук (шаардык) башкармалыктар жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча райондук (шаардык) башкармалыктар жөнүндө Типтүү жободо:

- I главада:

мамлекеттик тилдеги тексттин биринчи абзацындагы:

- "нормативдик" деген сөз "ченемдик" деген сөз менен алмаштырылсын;

- "нормаларын" деген сөз "ченемдерин" деген сөз менен алмаштырылсын;

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жергиликтүү каттоо органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин (мындан ары - Департамент) аймактык бөлүнүштөрү болуп саналат, өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат) жана Департаменттин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.";

үчүнчү жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

бешинчи абзацтагы "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын;

жетинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик агентствосу" деген сөздөр "Кызмат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- II главада:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, кадастрдык картографиялоо, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;";

мамлекеттик тилдеги тексттин алтынчы абзацындагы "кол кабыш кылуу" деген сөздөр "көмөк көрсөтүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги тексттин жетинчи абзацында:

- "жүргүзөт" деген сөз "жүргүзүү" деген сөз менен алмаштырылсын;

- "берет" деген сез "берүү" деген сөз менен алмаштырылсын;

он бешинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;

он алтынчы абзацта:

- "жер пайдалануучулардын жоготууларын" деген сөздөр "алынбай калган пайданы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттеги "нормативдерин" деген сөз "ченемдерин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- III главада:

төртүнчү абзацтагы "ачык жерлерге" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана жергиликтүү каттоо органдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кепилдик фонду жөнүндө Жобого" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын № 409 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кепилдик фонду жөнүндө Жобого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жергиликтүү каттоо органынын күнөөсү менен жеке жана юридикалык жактарга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу Департаментке он жумуш күндүн ичинде маалымдоо;";

мамлекеттик тилдеги тексттин он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- консультациялык жана маалымат берүү кызматтарын көрсөтүү;";

мамлекеттик тилдеги тексттин он сегизинчи абзацындагы "документтерин техникалык сыноо" деген сөздөр "документтерге техникалык экспертиза жүргүзүү;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- IV главада:

мамлекеттик тилдеги тексттин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"мыйзамдарда каралган учурларда кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону токтотууга жана андан баш тартууга;";

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоого тийиштүү маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Департаментке сунуштарды киргизүү;";

- V главада:

биринчи, экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жергиликтүү каттоо органынын (райондук, шаардык) ишин түздөн-түз жетектөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, ал эми Бишкек жана Ош шаарларында - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары менен макулдашуу боюнча Кызматтын төрагасы тарабынан (контракттык негизде) кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу начальник ишке ашырат.

Жергиликтүү каттоо органынын начальнигинин орун басары, башкы бухгалтери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кызматтын төрагасы тарабынан (контракттык негизде) кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн начальниктери жергиликтүү каттоо органынын начальнигинин сунушу боюнча Департаменттин директору тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.

Жергиликтүү каттоо органынын начальниги жок учурда, анын функцияларын жергиликтүү каттоо органынын начальнигинин орун басары, ал эми мындай кызмат жок учурда - жергиликтүү каттоо органынын начальнигинин буйругу менен дайындалуучу бөлүмдөрдүн начальниктеринин бири ишке ашырат.";

төртүнчү абзацта:

- мамлекеттик тилдеги тексттеги "зардалы" деген сөз "начальниги" деген сөз менен алмаштырылсын;

- "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу бекиткен" деген сөздөр "Департамент тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

мамлекеттик тилдеги тексттин бешинчи абзацындагы "зардалы" деген сөз "начальниги" деген сөз менен алмаштырылсын;

онунчу абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун Директорунун" деген сөздөр "Департаменттин директорунун жана Кызматтын төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттин VI главасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Жергиликтүү каттоо органдары иштерин өзүн-өзү каржылоо принциптеринде (толук чарбалык эсеп) жүргүзүшөт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.Оторбаев