Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 24-сентябры N 48-р

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топторду түзүүгө жана алардын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн ченемдик жоболордун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жаран Э.А.Кочкарованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" жана "Ата-Журт" фракцияларынын кайрылуулары боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья: М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен, кайрылуучу тарап - жаран Э.А.Кочкарованын ишеним каттын негизинде аракеттенген өкүлү В.В.Герасько, Кыргыз Республикасынын "Республика" фракциясынын ишеним каттарынын негизинде аракеттенишкен өкүлдөрү А.С.Арзыбаев жана А.Ж.Орозакунова,

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топторду түзүүгө жана алардын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдик жоболорун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Э.А.Кочкарованын өтүнүчү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" жана "Республика" фракцияларынын сунуштамалары себеп болду.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-пункттарынын жана 1-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарынын, 10-беренесинин 7-пунктунун, 14-беренесинин, 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топторду түзүүгө жана алардын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн ченемдик жоболорун (мындан ары - Мыйзамдын ченемдик жоболору) Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдаган судья - баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 25-сентябрында Э.А.Кочкаровадан "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө "депутаттык топ" деген сөз жана "саясий көз караштары дал келбегенде ал аны түзүүдө көрсөтүлгөн фракциянын курамына кирбей жана эркин депутат болуп кала алат. Жогорку Кеңештин саясий көз карашы башка болгон депутаттары фракциянын ичинде жана фракциядан тышкары депутаттык топторго биригүүгө укуктуу. Депутаттык топ - Жогорку Кеңештин үч же андан ашык депутаттарынын бирикмеси" деген сөздөр менен берилген ченемдик жоболорун конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 73-беренелерине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Э.А.Кочкарова, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-февралындагы № 12 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизип, жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинде депутаттык топтун иш-милдетине уруксат берип, депутаттык фракциялардын бөлүнүшүнө жана ишмердүүлүгүн токтотушуна шарт түзүп берген, бул шайлоо кампаниялардын убагында шайлоого катышкан тигил же бул саясий партияларга өз добушун берген жарандардын шайлоочу укугун бузууга алып келген деп эсептейт.

Э.А.Кочкарованын пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын фракциялары болсо, бир саясий партиянын тизмеси боюнча шайланган депутаттардын бирикмеси болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине ылайык депутат императивдик мандатка байланышпайт жана аны кайра чакырып алууга жол берилбейт. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аталган ченемдеринен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты милдеттүү түрдө фракциянын курамында болушу керек экендиги келип чыгат, жана фракциядан башка депутаттардын кандайдыр бирикмелеринин иштөө мүмкүндүгүнө жол бербейт.

Буга байланыштуу, Э.А.Кочкарова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топторду түзүүгө жана иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Мыйзамдын ченемдик жоболорун Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 73-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2013-жылдын 5-ноябрындагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Конституциялык палатага 2014-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясы, Жогорку Кеңеште депутаттардын бирикмесинин бир түрү болгон депутаттык топту түзүүгө жана анын депутаттык фракциялар менен катар иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2013-жылдын 4-февралында № 12 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Конституцияга ылайык эмес жана Конституциянын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 70-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келбейт деп эсептөө жөнүндө сунуштамасы менен кайрылган.

"Республика" фракциясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-февралдагы № 12 Мыйзамын кабыл алуу менен жаңы парламенттик институтту - "депутаттык топту", киргизүү үчүн мыйзамдык негиз берип жатат, ал депутаттар тарабынан фракциянын ичинде да, сыртында да түзүлсө болот деп эсептейт. Ушул аталган Мыйзамдын кабыл алынышы менен "Республика" жана "Ата-Журт" фракцияларынын депутаттарынан "Өнүгүү-Прогресс", "Ынтымак" депутаттык топтору түрүндөгү конституциялык эмес түзүлүштөр пайда болуп жатат.

"Республика" фракциясы, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Жогорку Кеңеште депутаттардын бирикмесинин бир түрү болгон депутаттык топту түзүүгө жана анын иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келе тургандыгын белгилейт, анткени шайлоонун пропорциялуу системасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүсүнө көмөк беришет. Тигил же бул саясий партияга добуш берген шайлоочулар, партиянын шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууга жана партиялык тизмеге киргизилген жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде өкүл болушуна өздөрүнүн макулдугун беришкен. Фракциядан бөлүнүп, депутаттык топторго биригишкен депутаттар партиянын шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууда жолдоочу боло алышпайт, ушул менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн саясий партиялардын гана эмес, ошондой эле шайлоочулардын да саясий укуктары бузулууда, себеби алар бул депутаттык топтордун программаларына жана мүчөлөрүнө добуш беришкен эмес жана бере да алышпайт.

Арыз берүүчү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнө көңүл бурууну суранат, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары фракцияларга биригишет жана депутаттардын кандайдыр бир башка биригүүлөрүн Негизги Мыйзам караган эмес деп аныкталган. Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты милдеттүү түрдө фракциянын курамында мамлекеттин жогорку өкүлчүлүк органынын гана ишинде катышуусу керек. Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына депутаттык топ түзүүгө мүмкүндүк берген өзгөрүүлөр жана толуктоолор, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бул ченемине каршы келет.

Ошондой эле "Республика" фракциясы, жогоруда аталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Конституциянын аталган беренесине ылайык, конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат. Талашка түшкөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогорку юридикалык күчкө ээ болгон принциптерине каршы кабыл алынган, анткени мамлекеттин жогорку өкүлчүлүк органында депутаттык топ катары конституциялуу эмес түзүлүштүн уюштурулуусуна мүмкүндүк түзөт жана укуктук негизди түзөт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Республика" фракциясы Жогорку Кеңеште депутаттардын бирикмесинин бир түрү болгон депутаттык топту түзүүгө жана анын депутаттык фракциялар менен катар иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2013-жылдын 4-февралында № 12 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду конституциялык эмес жана Конституциянын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 70-беренесинин 3-бөлүгүнө, ылайык келбейт деп эсептөөнү суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" фракциясынын сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынган.

Конституциялык палатасына 2014-жылдын 31-январында окшош талаптары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" фракциясы сунуштамасы менен кайрылган.

"Ата-Журт" фракциясы, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2013-жылдын 4-февралында № 12 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор депутаттардын депутаттык топторго биригүүгө укуктарын бекиткен жана "За реформы", "Өнүгүү", "Бирдиктүү ынтымак" депутаттык топторду түзүш үчүн өбөлгө түзгөн деп эсептейт. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүндө депутаттар фракцияларга биригишет деп белгиленген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул ченеми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топтордун болуу мүмкүндүгү жөнүндө айтууга мүмкүндүк бербейт. Бул дагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинен келип чыгат, ага ылайык депутат императивдик мандат менен байланышпайт жана аны кайра чакырып алууга жол берилбейт, эгерде Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ушул ченемден келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты фракциянын курамына милдеттүү түрдө камтылышы керек. Жогоруда баяндалганды эске алып, "Ата-Журт" фракциясы көрсөтүлгөн Мыйзамдын ченемдеринин аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келет деп тыянакка келди жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленгендей саясий системасынын курулушуна мүмкүндүк бербейт.

"Ата-Журт" фракциясы, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына депутаттык топту түзүүгө мүмкүндүк түзгөн ченемдердин болушу, депутаттык фракциялардын ар кайсы депутаттык топтордун бөлүнүүсүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт, бул парламенттик көпчүлүк менен парламенттик оппозиция куруу жагынан да, мунун аркасынан келип чыккан натыйжалары жагынан да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн коркунуч алдында коёт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топторду түзүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан жарыяланган парламентти түзүүнүн партиялык принцибин жокко чыгарат.

Арыз берүүчү көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор да Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1,    2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун пропорциялуу системасы боюнча кирген саясий партиялар жарандардын саясий өз эркин билдирүүгө көмөк беришет. Тигил же бул саясий партияга добуш берген шайлоочулар партиянын шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууга жана партиялык тизмеге киргизилген жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде өкүл болушуна өздөрүнүн макулдугун беришкен. Шайлоо алдындагы программаны партиялык тизме боюнча депутаттын мандатын алган адамдардын катарынан толукталган фракция тарабынан жүргүзүлүшү керек. Депутаттык топтор партиянын шайлоо алдындагы программасынын таратуучусу боло албайт, анткени алардын түзүлүү принциби - өзү тандалган тизме боюнча партиянын багыты менен депутаттын саясий көз карашына туура келбейт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кирген саясий партиялардын гана саясий укуктары бузулбастан, шайлоочулардын да укугу бузулат, анткени алар ушул депутаттык топтор үчүн программалары жана мүчөлөрү үчүн добуш беришкен эмес жана добуш алышкан эмес.

Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана анын негизинде мыйзамдар кабыл алынат. Бирок "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралбаган, депутаттык топ деген депутаттык бирикмелердин ушундай түрүн караштырган.

Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, "Ата-Журт" фракциясы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду депутаттык топторду түзүүгө жана иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзгөн бөлүгүндө, конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 70-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Журт" фракциясынын сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынган.

Жаран Э.А.Кочкарованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика", "Ата-Журт" фракцияларынын көрсөтүлгөн суроо-талаптарынын бирдейлигин эске алып, судья - баяндамачы 2014-жылдын 11-февралында чыгарган аныктамасы менен бир конституциялык өндүрүшкө бириктирилген.

Кайрылуучу тарап сот жыйналышында өздөрүнүн талаптарын колдошуп, аларды канааттандырууну өтүнүшөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.Р.Садыков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттык топтордун түзүлүүсүнө жана иш алып баруусуна жол берген ченемдик жоболору эсептелет.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык 2008-жылдын 18-декабрында № 267 санында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысында 2008-жылдын № 10 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.

2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, укуктук мамлекет болуп эсептелет, эл эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп, түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын системасы аркылуу жүзөгө ашырат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 2-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү). Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).

Мамлекеттик бийлик органдарына шайлануу жана шайлоого болгон укуктук конституциялык кепилдиктери тике жана өкүлчүлүк демократияны ишке ашыруунун таризи болуп саналат. Тике демократиянын таризин ишке ашыруу менен, өз пикирлерин референдумда айтуу менен, ошондой эле тигил же бул талапкерге добуш берүү менен жарандар өз эркин түздөн-түз чагылдырышат. Өкүлчүлүк демократияда эл, жарандардын ичинен мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүк органдарына шайлоо менен, аларга мыйзамдарды кабыл алуу жана мамлекеттик жана коомдук жашоонун маанилүү маселелерин чечүү өкүлдөө укугун беришет.

Ошентип, мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлчүлүк органынын депутаттары элдин бийлигин түздөн-түз чагылдыруунун түздөн-түз чагылдыруучу орган катары мамлекеттик бийликтин ээси болуп калышат жана ага ылайык, шайлоочу-жарандардын ар кайсы топторунун эркин жана кызыкчылыгын чагылдырат.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат, пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат деп белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо системасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү менен өз ара байланышып, жогорку өкүлчүлүк орган - Кыргыз Республикасынын парламентин түзүү процессине активдүү жана түздөн-түз катышуусун аныктайт. Саясий партиялар, жарандык коомдун алкагындагы жарандардын ыктыярдуу бирикмелери катары өкүлчүлүк демократиянын зарыл болгон институту катары чыгат жана жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көргөзгөн коомдун саясий жашоого болгон катышуусун камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоого даярдануу жана аны өткөрүү менен байланышкан укуктук мамилелер, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, конституциялык мыйзам менен аныкталат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-абзацы). Мындай конституциялык мыйзам болуп, "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзам саналат.

Кыргыз Республикасынын бул конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгү, 70-беренесинин 2-бөлүгү менен байланышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоо процессине катышкан саясий партиялар, саясий партиялардын съездинде талапкерлердин тизмесин көргөзүү боюнча чечимди кабыл алышат. Өзүнүн партиялык көрсөтүлүшү менен макул болгон талапкерлер, шайлоочулардын укуктуу күтүүлөрүнө негиз берет, анда шайланган депутаттар партиялык фракцияларга барышат жана анын курамында өзүнүн ыйгарымдарын макулдашып ишке ашырууга чараларды көрөт.

Пропорциялык шайлоо системасы боюнча өткөрүлгөн шайлоолордо шайлоочулар саясий партия тарабынан көргөзүлгөн талапкерлерге добуш беришет. Уткан тизмедеги мандаттар алардын тизмеде жайгашуусундагы кезеги боюнча талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Ошону менен, партиялык тизменин курамындагы шайлоо алдындагы программасына ылайык депутат депутаттык фракциянын курамында шайланат. Андай болбосо партиянын шайлоо алдындагы программасына ылайык кароонун мүмкүн эместигин түшүндүрөт, эгер партиялык тизме боюнча шайланган депутат тиешелүү фракцияга катышуудан эркин жана андан сырткары фракциядан тышкары депутаттык топ түзүү укугуна ээ болсо, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курамындагы башка бирикме катары депутаттардын фракциясы менен катар иштей берет.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо системасынын саясий көп түрдүүлүгү жана пропорциялуу тутуму принцибинен алып караганда, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн түзүлүшүн жана ички уюштуруу негизин бекитет (70, 75, 76-беренелери).

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары фракцияларга биригишет. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат. Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат, парламенттик оппозициянын өкүлдөрү бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгү, 76-беренесинин 1-бөлүгү). Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы (парламенттик көпчүлүк) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн түзөт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренеси).

Ошентип, парламенттик фракциялар парламенттик механизмде негизги орунду ээлейт. Аталган конституциялык жоболордун мааниси, алардын өз ара байланышынан алып караганда, депутат фракциядан тышкары кала албайт жана эркин депутат боло албайт, же өзүнчө фракциядан тышкары депутаттарынын топторуна биригиши керек дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү жана мындай уюштуруучу конструкциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген, шайлоо процесстин жыйынтыгын сактап калууга багытталган, шайлоодогу элдик бийликти жөнөтүү учурунда партиялык-саясий мамилелерге арналган жана депутаттар тарабынан өзүнүн шайлануу шарттарынан артка чегинүүдө депутаттык көз карандысыздыкты колдонуу мүмкүнчүлүгүнө тоскоол кылуу максатына ээ, ошондой эле элбийликке жана көп партиялуулукка каршы конституциялык башталышка каршы депутаттык мандатты атайылап колдонууга жол бербейт.

5. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси, жогоруда белгиленгендей, депутаттын анын конституциялык укугу эмес, милдети катары фракцияда болушун бекемдейт.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы депутаттын ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуучу негиздердин бири катары фракциянын курамынан чыгууну караган (73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту). Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясы депутаттын өкүлчүлүк мандатын саясий партиянын депутаттык фракциясынын курамына ал тандалган тизме боюнча кирүүсү жана анда болуусу менен байланыштырат.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы талашка түшкөн ченемдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп, мыйзам чыгаруучунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесин түшүнүүсү болду, башкача айтканда императивдүү мандаттын маңызы эмес, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн маанисинде фракциядан тышкары депутаттык топторду түзүүгө тыюу салуу катары түшүндүрүлөт.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисин ушул чечимдин 2, 3, 4-пункттарында келтирилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы дагы бир жолу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын беренесин башка түшүнүү Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген шайлоонун пропорциялык системасынын мазмунунун жана маңызынын бузулушуна алып келмек. Шайлоо процессте катышкан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мандаттардын тиешелүү санын алган саясий партиялар шайлоочулардын саясий эркин билдирүүчүлөр болуп саналат, жана элдин эркин билдирүүсү менен калыптанган саясий шайкештиктин бардык өзгөрүүлөрү укуктуу болуп саналбайт, анын ичинде фракциядан тышкары депутаттык топторду түзүү дагы.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, императивдик мандатка байланышпайт, жана аны кайра чакырып алууга жол берилбейт. Ушул ченем, ар бир депутат кандай чечимди кабыл албаса да өз алдынча жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөндөн кийин кайра чакырып алууга мүмкүн эмес деп божомолдойт.

Императивдүү мандат менен байланышпаган депутаттын статусу фракциянын пикири менен дал келбеген өзүнчө пикирге жана көз карашына ээ болуу укугун берет, бул депутатка анын ички ынанымдарына жана шайлоочулардын кызыкчылыгына жооп берген чечимдерди эркин кабыл алууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын императивдүү эмес мандаты эркиндик принцибин кармоого мүмкүндүк берет, анда партия депутатты чакыртып ала албайт, ал эми депутат өз каалоосу боюнча добуш берүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын императивдүү эмес мандатынын жок болушу парламенттеги пикирлердин плюрализминин камсыз кылуу максатына туура келет, алар кызыкчылыктардын кагылышын, ар кандай көз караштардын ортосундагы дискуссияны, ар кандай саясий көз караштарын аткаруу мүмкүндүгүн, позициялардын жана сунуштардын ар кырдуулугун белгилейт. Бирок, бул депутаттын өзүнөн да, парламенттик фракциядан да өкүлчүлүк мандатын колдонуу мүмкүндүгүн, эгер фракциядан чыгарылса, депутаттын фракциянын ишмердүүлүгүнө катышпашын, депутаттардын фракциядан тышкары депутаттык топ түзүшүн божомолдобойт.

Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы депутаттын фракциянын курамына кирбей, эркин депутат болууга укук берген, ошондой эле фракциядан тышкары депутаттык топтордун түзүүгө укук берген талашка түшкөн ченемдери, жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык түзүлүштөргө туура келбейт.

6. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин жоболору башкача саясий көз караштагы жана фракциянын ичинде депутаттык топ түзгөн Жогорку Кеңештин депутатынын укугун карайт. Бул ченемдик жободо Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каршылыгы жок, анткени депутаттардын пикирлерин бир фракциянын алкагында плюрализмди камсыз кылууга жана партиялык диктаттан качууга мүмкүндүк берет.

Азыркы мамлекеттин шартында императивдүү эмес мандаттын мааниси депутатка саясий партиялар тарабынан кысымды чектөө үчүн түзүлөт, андан сырткары, мындай укуктук түзүлүш фракциянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикиринен айырмаланган, депутаттардын өз саясий көз караштарын жана идеяларын эркин чагылдыруу, пикирлерди айтуу жана шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоо үчүн шарт түзөт.

Буга байланыштуу, каралып жаткан маселе боюнча, ошондой эле жалпы фракциянын ишмердүүлүгү боюнча башка позициясы бар бир фракциянын депутаттары, убактылуу да, туруктуу да мүнөзгө ээ топторго биригүүгө укуктуу. Бирок, мындай топтор парламенттик фракцияларга мүнөздүү укуктарга ээ боло албайт.

7. Кайрылуучу субъекттер, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 4-февралындагы № 12 Мыйзамы менен киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет, анткени жогорку юридикалык күчкө ээ болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерин бузуу менен кабыл алынган деп ойлошот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүгү, бардык укуктук актылар, бийлик органынын же анын кызмат адамынын бардык аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келиши керек жана анын көрсөтмөлөрүнө каршы келбеши керек дегенди түшүндүрөт. Укуктун бардык тутумунун биримдиги, бүтүндүгү жана карама-каршы эместиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүгүн камсыз кылат. Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдар жана башка укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеши керек.

Иш жүзүндө келип чыккан каршылыктарды, көйгөйлөрдү чечүү үчүн, конституциялык ченемдердин жогорку юридикалык күчүн, үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында конституциялык көзөмөл органы - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы түзүлдү.

Буга байланыштуу, кабыл алынган укуктук ченемдик актылар конституциялык презумпция принцибинен каралышы жана колдонулушу керек. Ошондуктан, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогорку юридикалык күч болуу принцибин бузулду деп Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин өзүнүн түшүнүгүнө таянып ырастоо туура эмес болуп саналат.

Конституциялык көзөмөл органына ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү милдети жүктөлөт жана ушул орган талашка түшкөн ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун же конституциялуу эместигин аныктайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 4 8, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-пункттарынын, 1-бөлүгүнүн 3, 8-пункттарынын, 10-беренесинин 7-пунктунун, 14-беренесинин, 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жоболору депутаттык фракциянын курамына кирбей жана эркин депутат болууга укук берген, фракциядан тышкары депутаттык топторго биригүүгө укук берген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушундай түрдөгү бирикмелерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын фракциялары менен катар иш алып баруусун караган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 3-бөлүгүнө, 73-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын ичинде, аларга парламенттик фракцияларга таандык укуктарды бербей туруп, депутаттык топторго биригүүгө укук берүүнү караган ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, 70-беренесинин 3-бөлүгүнө, 73-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул чечимден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

4. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

6. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы