Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 22-майы № 268

«Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламентти бекитүү тууралуу

 

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

 «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: «Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенти бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын аймагында Евразия экономикалык бирлигинин "Тоюттардын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин колдонулат..

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15, 2017-жылдын 29-мартындагы № 184 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

Дж. Оторбаев