Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

 

2014-жылдын 23-апрели № 26-р

жарандар Исыр Юсупович Лоунун, Эсенали Ибилисович Турганбаевдин, Рахман Хусеевич Багиевдин, Кулсайна Конокчиевна Садыбалдиеванын, Владимир Алексеевич Деркачтын, Дамирбек Токторгонович Султанкуловдун, Шарапат Курманбековна Джумабекованын, Муктарбек Токтобаевич Иманкуловдун, Александр Иванович Возжаевдин кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

жыйналыштын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин;

кайрылуучу тарап - жарандар И.Ю.Лоу, Э.И.Турганбаев, Д.Т.Султанкулов, М.Т.Иманкулов, И.Ю.Лоу жана А.И.Возжаевдин ишеним каттарынын негизиндеги өкүлү И.С.Боров, В.А.Деркач, К.К.Сатыбалдиевдин, Р.Х.Багиевдин ишеним каттарынын негизиндеги өкүлү Р.Р.Абдурауфовдун;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизиндеги өкүлү К.Н.Садыковдун катышуулары менен Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1- 4-, 18-, 19-, 24-, 37-, 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Жазык-процесстик кодексинин 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнүн (мындан ары - ЖПК) конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жарандар И.Ю.Лоунун, Э.И.Турганбаевдин, Р.Х.Багиевдин, К.К.Сатыбалдиеванын, В.А.Деркачтын, Д.Т.Султанкуловдун, Ш.К.Жумабекованын, М.Т.Иманкуловдун, А.И.Возжаевдин өтүнүчтөрү себеп болду.

Ишти кароого негиз болуп, талаш-тартыш болгон ЖПКнын 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүн Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу саналат.

Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Р.Бобукееванын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 22-октябрында жарандар И.Ю.Лоу, Э.И.Турганбаев, Р.Х.Багиев, К.К.Сатыбалдиева, В.А.Деркач, Д.Т.Султанкулов, Ш.К.Жумабекова, М.Т.Иманкулов, А.И.Возжаевден ЖПКнын 230-беренесинин 2-бөлүгүн Конституцияга карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыз берүүчүлөрдүн өтүнүчүнөн келип чыккандай, жарандар И.Ю.Лоу, Э.И.Турганбаев, Р.Х.Багиев, К.К.Сатыбалдиева, В.А.Деркач, Д.Т.Султанкулов, Ш.К.Жумабекова, М.Т.Иманкулов, А.И. Возжаев ЖПКнын 230-беренесинин 2-бөлүгү тергөөнүн аякталышы жөнүндө билдирүүнүн мөөнөтүн регламенттештирбей, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргоого болгон укугун (40-беренесинин 1-бөлүгү), бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдей (16-беренесинин 3-бөлүгү), сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылышын бузат (99-беренесинин 3-бөлүгү) деп эсептейт.

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, тергөө аракеттеринин бүткөндүгү жөнүндө билдирүүнүн мөөнөтүнүн жоктугу, аларды жабыркоочулар катары иштин материалдары менен таанышуу, өтүнүч берүү укугунан ажыратуу, жана ага ылайык, алдын ала тергөө стадиясындагы соттук коргоо укугунан ажыратуу менен, сот өндүрүшүндө бардыгынын сот жана мыйзам алдында тең принцибин бузат.

Берилген материалдар көрсөткөндөй, 2012-жылдын 14-декабрында тергөөчү жазык ишин кыскартуу жөнүндө бөлүгүндө токтом чыгарган жана ошондой эле жабырлануучуларга тергөө аяктагандыгы жана жазык иштин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөндүгү жөнүндө кат аркылуу билдирген. Мындан тышкары, тергөөчү ушул кат менен жабырлануучуларды иш материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн билдирген жана иш кагаздардын көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан же соттон алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги кабарлаган. Тергөөчүнүн ушундай аракеттери, арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, жабырлануучуларга сот адилеттигине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, аларды өзүнүн процесстик укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат жана жазык процессиндеги тараптардын тең укуктуулук принцибин бузат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен, 2013-жылдын 13-мартында жазык ишинен материалды бөлүү жөнүндө токтомду чыгаруусун билдирген тергөөчүнүн аракети мыйзамсыз жана негизделген эмес деп таанылды. Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 2013-жылдын 17-апрелиндеги аныктамасы менен Биринчи май райондук сотунун токтомун жокко чыгарды. Жогорку сотунун соттук коллегиясы тарабынан 2013-жылдын 4-июлундагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын аныктамасын күчүндө калтырды.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен 2013-жылдын 25-ноябрында арыздануучулардын өтүнүчтөрү конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.

2014-жылдын 4-апрелинде Конституциялык палатага кайрылуучу тараптын өкүлдөрү болгон И.С.Боровдон жана Р.Р.Абдурауфовдон ЖПКнын 230-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчкө толуктоо келип түшкөн.

Өз позициясын негиздөө үчүн, кайрылуучу тараптын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү билдиришет: ЖПКнын 230-беренесинин 1-бөлүгүндө айыпталуучу иштин бардык материалдары менен таанышууда кеңейтилген укуктары камтылган, ал эми аталган маселе боюнча жабырлануучунун укуктары бул кодексте чагылдырылган эмес. Буга ылайык, ЖПКнын 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө орнотулган бардыгынын сот жана мыйзам алдында тең принциби жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө кепилденген соттук коргоого болгон укугу бузулуп жатат.

Сот жыйналышына кайрылуучу тараптын өкүлү И.С.Боров өзүнүн өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранды. Кайрылуучу тараптын башка өкүлү, Р.Р.Абдурауфов далилдерин тактап, тергөөчүнүн тергөө ишинин бүткөндүгүн жабырлануучуга жарыялоого милдеттендирген ченемдердин жоктугуна жараша, ошондой эле иш боюнча тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жабырлануучуга билдирүүнүн мөөнөтү жана таризи каралбагандыктан, ЖПКнын 230-беренесинин 1-бөлүгүн конституциялык эмес деп таанууну суранды.

Арыздануучулар И.Ю.Лоу, Э.И.Турганбаев, Д.Т.Султанкулов, М.Т.Иманкулов өз өтүнүчүн колдоп, аларды И.С.Боров тарабынан айтылган талаптардагы өлчөмдө канааттандырып берүүнү суранышты.

Жогорку Кеңештин өкүлү К.Н.Садыков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды.

Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, тараптардын далилдерин угуп, сот жыйналышына катышкан башка жактардын пикирлерин угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы ЖПКнын 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрү саналат:

"230-берене. Прокурорго жөнөтүлүүчү иш боюнча тергөөнүн аякталышы жөнүндө билдирүү:

(1) Иш боюнча бардык тергөө аракеттери аткарылып, чогултулган далилдер жетиштүү деп таанылгандан кийин тергөөчү айыпкерге билдирүүгө, ага иштин милдеттүү тартипте көктөлгөн, номерленген жана тизмеленген түрдөгү (тизмектөө барактары) бардык материалдары менен жеке өзү да, ошондой эле жактоочунун жардамы менен да таанышууга укуктуулугун, ошого тете тергөөнү толуктоо же иш боюнча башка чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү укугуна ээ экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү. Айыпкерге тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билдирилгендиги жана укуктары түшүндүрүлгөндүгү тууралуу ушул Кодекстин 170- жана 171 беренелеринин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт.

(2) Тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралуу, тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 сандуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелинет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук деп тааныйт. Муну менен, конституциялык принцип декларацияланат, ага ылайык инсандын укугун таануу, кармоо жана коргоо укуктук мамлекеттин ажырагыс атрибуту, анын милдети болуп саналат (16-берене). Буга ылайык, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө приоритеттүү мааниге ээ болгон бул принцип укуктук жөнгө салуунун бардык тармактарында башкы жол көрсөткүч болуп кызмат кылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адам менен жарандын укугуна жана эркиндигине тиешелүү фундаменталдык жоболор, жазык процессинде өзгөчө мааниге ээ болот. Жазык процессинин маселелерин чечүү учурундагы маанилүү шарт болуп, жеке инсанды, анын укугун жана эркиндигин сыйлоо принцибин катуу кармоо болуп саналат. Ошентип, ЖПКнын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана кадыр-баркын урматтоо жазыктык сот ишинин жүрүшүнө катышкан бардык органдар жана жактар үчүн милдеттүү. ЖПКнын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сот, судья, прокурор, тергөөчү жазык процессине катышкан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга, аларды жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүп берүүгө, процесстин катышуучуларынын мыйзамдуу талаптарын канааттандырууга карата өз учурунда чара көрүүгө милдеттүү. Бул учурда, жазык процессинин катышуучуларына алардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн тең укуктук мүмкүнчүлүктөр кепилденет, алар аркылуу тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу конституциялык принциптерин кармоо аркылуу камсыз кылынат.

3. ЖПКнын ченемдери тарабынан ар бир субъекттин жазык-процесстик мамилелеринин укуктук статусун бекитет, анын негизги элементтери болуп процесстик укуктар жана милдеттер саналат. Жабырлануучу мыйзам чыгаруучу тарабынан айыптоочу тараптан жазык процессинин катышуучусу катары аныкталган жана өз алдынча ишке ашырылган процесстик укуктун аныкталган бир көлөмү берилген. Жабырлануучунун укуктук статусу ЖПКнын 49- жана 50 беренелеринде аныкталат, ал эми анын укуктарын жана милдеттерин деталдаштыруу жазык процессинин ар кандай стадияларында өндүрүштү жөнгө салган аталган Кодекстин беренелеринде көргөзүлгөн.

ЖПКнын 12-беренесине ылайык, жазык процессинин бардык стадиясында, анын ичинде алдын ала тергөөдө, жабырлануучуга, процесстин башка катышуучуларындай эле, ага мыйзам тарабынан берилген процесстик укуктарды ишке ашыруусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берүү керек. Прокурор, тергөөчү жабырлануучунун укуктарын чындап ишке ашыруу үчүн шарт түзүп, тиешелүү чара көрүүгө милдеттүү. Мындай шарттардын бири болуп, жабырлануучуларды алдын ала тергөө органы тарабынан алардын процесстик же тергөө аракеттерине катышуу зарылдыгы (мүмкүнчүлүгү) жөнүндө өз убагында билдирүү болуп саналат.

Билдирүүнүн укуктук маңызы, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, тиешелүү процесстик таризде кызыкдар тараптарды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, процесстик аракеттерде жана кабыл алынган чечимдерде өндүрүлгөн жана тиешелүү болгон алардын укугу жана эркиндиги жөнүндө маалымдоо боюнча ишмердүүлүгүн түшүндүрөт. Буга ылайык, жазык процессинин катышуучуларына кабардар болуу укугун билдирүү милдети жазык-процесстик мамилелерге тартылган инсандын укугун жана эркиндигин, өзгөчө процесстик аракеттер менен чечимдерге сот адилеттигин даттанууга болгон укугун сыйлоо принцибин ишке ашыруу кепилдиктеринин бири болуп саналат. Жазык процессинин катышуучуларына, анын ичинде жабырлануучуларга билдирбөө же тиешелүү эмес деңгээлде билдирүү процесстик укуктарды колдонуу мүмкүндүгүн кыйындатат же таптакыр ажыратат.

Билдирүүнү ченемдик регламенттөө ЖПКда маалымат берүү каражаты катары "билдирилет", "кабарланат", "маалымданат", "көчүрмө жөнөтүлөт" сыяктуу терминдерди колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Көпчүлүк учурларда, ЖПКнын беренелеринин маанисинен жана мазмунунан алып караганда, билдирүүнүн жазуу ыкмасы каралат. Бул учурда мыйзам чыгаруучу, билдирүүнүн таризине жана мазмунуна болгон талаптарды регламенттебей туруп, бул маселелерди чечүү укугу колдонуучунун кароосуна калтырат.

Конституциялуулугу талашка түшкөн ЖПКнын 230-беренесинин 1-бөлүгүнүн предметине тергөөчү иш боюнча бардык тергөө иштери бүткөндүгүн, ал эми чогултулган материалдар жетишээрлик экендигин мойнуна алып, бул жөнүндө айыпталуучуга билдирет да, ага тиешелүү укуктарды түшүндүрүп берет. Айыпкерге тергөөнүн аяктоосун жарыялоо жөнүндө жана укуктарын түшүндүрүү ЖПКнын 170- жана 171беренелеринин талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Каралып жаткан мыйзам жобосунун маанисинен алып караганда, бул учурда айыпталуучунун билдирүүсүнүн таризи болуп, тергөө аракеттеринин протоколун түзүү болуп саналат.

ЖПКнын 230-беренесинин 2-бөлүгү тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралуу тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү деп орнотот. Ушул бөлүгүнүн мазмунунан келип чыккандай, санап чыккан субъекттерге билдирүү жазуу жүзүндөгү таризде жүргүзүлүшү керек.

Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, ЖПКнын 230-беренесинде аныкталган айыпталуучу менен жабырлануучуга билдирүү ыкмаларынын айырмасы тараптардын тең укуктуулук конституциялык принцибин бузат жана процесстик таризде так бекитилген таризде билдирүү алган айыпталуучудан айырмаланып, жабырлануучуга ага тиешелүү болгон процесстик укуктарын өз убагында жана толук өлчөмдө ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт. Жазык процессинин тараптарынын укуктарынын жана милдеттеринин мындай сандык салыштыруусу алар тарабынан жазык процессиндеги ар кандай функцияларын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга мүмкүн эмес.

Жазык процессиндеги тараптардын теңчилик принциби (ЖПКнын 18-беренеси) тараптардын өз позициясын коргоо жана каршылык тараптын далилдерин жокко чыгаруу үчүн бирдей процесстик мүмкүнчүлүктөрдү карайт.

Ушул көз караштан, ЖПКнын 230-беренесинин күчүндө айыпкер да, ошондой эле жабырлануучу да тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана жазык иштин бардык материалдары менен тааныштыруу укугун бирдей кабарландырылыш керек.

ЖПКнын 229-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жабырлануучуну жазык иштин материалдары менен тааныштыруу айыпкерди иштин материалдары менен тааныштырган тартипте жүзөгө ашырылат. Жазык иштин материалдары менен таанышуу жөнүндө протокол түзүлөт жана ЖПКнын 230-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жабырлануучу жана айыпкер иш менен тааныштырылгандан кийин түзүлөт.

Буга ылайык, жогоруда аталган ченемдердин маанисинен алып караганда, тергөөчү жабырлануучуга формалдуу түрдө билдирүү менен гана чектеле албайт, ал жабырлануучунун жазык ишинин материалдары менен таанышуусу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Мыйзам чыгаруучу тарабынан айыпталуучу менен жабырлануучуга билдирүү ыкмасындагы айырманы орнотуу алардын укуктук статусундагы өзгөчөлүктөр жана айыпталуучуга карата колдонулган чектөөчү чаралар менен шартталган. Бул учурда белгилей кетүүчү нерсе, тергөөнүн аяктагандыгы тууралуу билдирүү - айыпталуучуга билдирилгендей эле, милдеттүү тергөө аракети болуп саналат, анткени билдирүү бир гана жабырлануучуга гана жөнөтүлбөстөн, айыпталуучунун жактоочусун маалымдандыруу ыкмасы да болуп саналат. Мындай айырмачылыктар, тергөө аракеттеринин аяктагандыгы жөнүндө билдирүү ишинин материалдары менен таанышуу мөөнөтүнүн башталышы болуп саналгандыгы менен да шартталат.

4. Өз талаптарын негиздөө менен, кайрылуучу тарап, иш боюнча тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жабырлануучуга билдирүү мөөнөтүнүн мыйзам тарабынан бекитилбегендиги алардын сот адилеттигине кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө болгон укугун чектеп жатат деп эсептейт.

Билдирүү ишмердүүлүгүнүн тартибин жөнгө салган жазык-процесстик ченемдердин маанисинен жана мазмунунан алып караганда, билдирүү мөөнөтү тергөөчү, прокурор, сот (судья) тарабынан колдонулган жазык-процесстик мыйзамы же акт тарабынан бекитилген процесстик маанилүү окуялардын башталган учуру же кандайдыр бир аныкталган убакыт аралыгы катары каралат, ал мезгил аралыгында бир жактуу тартипте жазык сот өндүрүшүнүн катышуучусу кабыл алынган чечим же процесстик аракет жөнүндө кабардар болот, бул жарандар менен мекемелердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо, жазык иши боюнча өндүрүштү тезирээк аяктоо жана жазык сот өндүрүшүнүн дайындоосун ишке ашыруу максатында аткарылат.

Жазык-процесстик ченемдерин анализдөө, айрым учурларда ЖПК саат, күн, ай, жылдар менен эсептелген билдирүү мөөнөттөрүн карайт, же билдирүүнүн мөөнөттөрү салыштырмалуу такталган болушу мүмкүн ал тигил же бул процесстик иштин аткарылышынан көз каранды деп эсептелет (аларды кыска жана тактап айтууда, "камактан бошотуу учурунда", "токтоосуз", "бир убакта" дагы башка терминдер колдонулат).

Алдын ала тергөө органдары тергөө ишинин аяктагандыгы жөнүндө жазык сот өндүрүшүнүн бардык катышуучуларын бир убакта билдирүүгө милдеттүү. Бул учурда билдирүү мөөнөтү алдын ала тергөөнүн жалпы мөөнөтүн бузбай убакытты эсептеп алуу менен, жогоруда аталган жактарга жазык иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана тиешелүү өтүнүчтү берүү же процесстик чечимдерди сот тартибинде даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү менен, тергөө иштеринин өндүрүшүнүн аяктаган мөөнөттөн тартып эсептеле башташы керек. Бирок, иштин материалдарынан жана тараптардын далилдеринен алып караганда, тергөөчү ЖПКнын 230-беренесинин 2-бөлүгүн туура эмес колдонгон катары каралат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талашка түшкөн ченемдерин таануу үчүн негиз болуп бере албайт.

Жогорудагы айтылгандарды эске алып, Конституциялык палата ЖПКнын 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрү жазык процесстик катышуучуларына бардыгына сот жана мыйзам алдында конституциялык тең принцибин ишке ашыруусу, ошондой эле кепилденген соттук коргоону, буга ылайык Кыргыз Республикасынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун 8-, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 230-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы