Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\09c3d12b-3a4c-4d83-853b-42cab6912270\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-июну № 303

Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдар тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 9-пунктун көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:

- бул токтомдун 1-пункту менен каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырышсын.

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев