Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

2014-жылдын 3-декабры N 59-р

жаран Рамис Рамазанович Ибраимовдун жана анын өкүлү Самат Орусбатович Заковдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы: Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - жаран Р.Р.Ибраимовдун, ишеним кат боюнча өкүлү С.О.Заковдун;

жоопкер-тарап - ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызыкчылыгын көздөгөн өкүлү К.С.Карабекованын;

башка жак - ишеним кат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Ишти кароого жаран Р.Р. Ибраимовдун, жана ишеним кат боюнча анын өкүлү С.О. Заковдун өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү Конституцияга ылайык келгендиги тууралуу маселеде аныксыздыктын пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 30-апрелинде жаран Р.Р.Ибраимовдун жана ишеним кат боюнча анын өкүлү С.О.Заковдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү "эгерде толук эмес жана бир жактуу жүргүзүлгөн соттук териштирүүнүн натыйжасында аларды белгилөө өкүмдү чыгарууда олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн болгон жагдайлар аныкталбай калса, өкүм жокко чыгарууга тийиш" деп каралган Кыргыз Республикасынын Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин жана конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Өтүнүчкө тиркелген материалдар көрсөткөндөй, алдын-ал тергөө органдары тарабынан Р.Р. Ибраимов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү, 318-беренесинин 1-бөлүгү тарабынан каралган кылмышты жасоо боюнча айыпталган, тактап айтканда, ал Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Москва районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын начальнигин кызмат ордун ээлеп турганда, 2012-жылдын 11-июнунда пайда көздөө максатында, кызматтык кабинеттен жаран М.Орозбаковдон алдын ала макулдашылган 300 АКШ доллары өлчөмүндөгү пара алып, ал үчүн кыймылсыз мүлккө документтерди кайта каттоого көмөк көрсөтүүгө убада берген. Акча каражатын алгандан кийин тергөөнүн жоромолу боюнча Р.Р.Ибраимов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлерине тергөө аракеттерин жүргүзүүгө каршылык көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук райондук соту 2013- жылдын 3-июнунда соттук териштирүүнүн натыйжалары боюнча Р.Р.Ибраимовго карата анын аракеттеринде кылмыш курамы жоктугунан актоо өкүмүн чыгарган. Бул өкүмгө Чүй областынын Сокулук районунун прокурорунун жардамчысы тарабынан апелляциялык сунуштама киргизген. Чүй областтык сотунун соттук коллегиясы өзүнүн 2013-жылдын 21-августундагы өкүмү менен ишти апелляциялык тартипте карап чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Сокулук райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Соттук коллегиянын көрсөтүлгөн өкүмүнө Чүй областынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору тарабынан көзөмөл тартибинде сунуштама киргизген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2014-жылдын 27-февралында Чүй областынын Сокулук райондук сотунун 2013-жылдын 3-июнундагы өкүмүн жана Чүй областтык сотунун соттук коллегиясынын 2013-жылдын 21-августундагы өкүмүн жокко чыгарып жана жазык ишин Чүй областынын Сокулук райондук сотуна күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылыктарды жөнгө салууну талап кылуу менен соттун башка курамы менен жаңыдан кароого жөнөткөн.

Арыз берүүчүлөрдүн пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган "Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет" деген талаптарды бузуп жатат. Алар ошондой эле, талаш-тартышты туудуруучу ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлигин белгилеген 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тараптардын тең укуктуулугун жана атаандаштыгынын сот адилеттигин аткаруу принциптери катары бекемделген 99-беренесинин 3- бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептешет. Арыз берүүчүлөр өздөрүнүн позициясын негиздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 18-беренесинин 5, 6, 7-бөлүктөрүнүн жоболорун келтиришет.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 11-июнундагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн жана анын өкүлүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот жыйналышында кайрылуучу тарап өзүнүн өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, талаш-тартышты туудуруучу ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келгендигин белгилеп, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранган.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылуудагы ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык палатанын кароо предмети болуп төмөнкү мазмундагы Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү каралат:

"352-берене. Жазык-процесстик мыйзамды олуттуу бузуу

(2) Эгерде толук эмес жана бир жактуу жүргүзүлгөн соттук териштирүүнүн натыйжасында аларды белгилөө өкүмдү чыгарууда олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн болгон жагдайлар аныкталбай калса, өкүм жокко чыгарууга тийиш.".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59-60-61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат. Ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктерди берет (40-берене).

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (1, 16, 20, 40-беренелер) Кыргыз Республикасындагы ченемдеринин маңызы боюнча укуктук мамлекеттин ажырагыс элементи катары укуктун үстөмдүгүнүн принцибине негизделген укуктук тутум, ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугу бардык субъекттерге көз карандысыз жана калыс соттор тарабынан тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылуучу сот адилеттигине эркин жана тең укуктуу, ошондой эле алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде сот кетирген катачылыктардан коргоону карайт.

Мамлекеттин адилеттүү, компетенттүү жана таасирдүү соттук коргоону жүзөгө ашыруусу укуктарын камсыз кылуу милдети Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун түзүүчү бөлүгү болгон адам укуктарынын Жалпы декларациясынан (8-берене), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынан (2-берене) келип чыгат.

Албетте, сот адилеттиги өзүнүн мааниси боюнча адилеттүүлүктүн талаптарына жооп берип жана конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди майнаптуу коргоону камсыз кылган шартта таанылат, мыйзам чыгаруучу аны аткаруу тартибин аныктоо менен сот адилеттүүлүк, башкача айтканда мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкаттуу соттук чечимдерди чыгарууга кепилдик бере турган механизмди белгилөө керек, анын ичинде жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароого укукту камсыз кылуучу жол-жоболорду кароого милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасында сот бийлиги конституциялык, жарандык, административдик, жазык жана сот өндүрүшүнүн башка тариздери менен аркылуу бардыгы үчүн сот өндүрүшүнүн сот адилеттигинин жалпы принциптеринин негизинде, ар бир сот өндүрүшүндө карап чыгуу предметин аныктоочу материалдык укуктук мамилелердин табиятына жана өзгөчөлүктөрүнө (Кыргыз Республикасынын 93-беренесинин 2-бөлүгү, 94-беренесинин 1-бөлүгү, 99-беренесинин 3-бөлүгү) жараша судьялардын көз карандысыздыгын, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамга гана баш ийүүсүн, тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Жазык сот өндүрүшүнө карата ишти чечип жатып, сот соттук жыйналышта изилденген далилдердин негизинде аныкталган фактылар тууралуу, бул иште пайдаланууга тиешелүү болгон укуктун ченемдери жана ага ылайык, жазык куугунтуктоо жүргүзүлгөн адамдарды соттоо же актоо тууралуу тыянактарды аныктайт дегенди билдирет.

Өзүнүн процесстик статусуна ылайык, сот ишти чечпестен гана, ошондой эле мыйзамды жетекчиликке алып, иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү карап чыгуу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 93-беренеси).

Иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөө, бул жазык иштери боюнча чындыкты аныктоонун зарыл болгон шарты катары, сот тарабынан тараптардын далил тартыш жана тең укуктуулук принциптерин сот тарабынан кыйшаюсуз сактаганда гана жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 18-беренесине ылайык, тараптардын далил тартышынын жана тең укуктуулугу принцибинин негизги элементтери төмөндөгүлөр болуп саналат: айыптоо жана актоо жана сот тарабынан ишти чечүү бири-биринен өзүнчө бөлүү жана аларды ар кандай органдар жана кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашыруу; айыптоо жана актоо тараптардын өздөрүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырышы үчүн бирдей процесстик укуктарды берүү; сот тарабынан тараптардын процесстик милдеттерин аткаруу жана аларга берилген укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн керектүү шарттарды камсыз кылуу, мында сот айыптоонун же актоонун бир тарабында болбойт жана укуктун таламдарынан башка, кандайдыр бир таламдарды билдирбейт.

Сот процессинин ушундай түзүлүшү ишти толук жана ар тараптуу изилдөөнү жана анын туура, адилеттүү чечилишин камсыз кылат. Ар бир далил текшерилет жана ар бир жагдай айыптоочу жана жактоочунун көз карашынан изилденет; сот айыптоочу тараптын дагы, ошондой эле айыпталуучунун (соттолуучунун) пайдасына дагы бардык далилдерди жана дайындарды айкын кылууга жана баалап көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

4. Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунда жазык иштери боюнча соттук актыларды кайра карап чыгуу институту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделген (20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пункту, 27-беренесинин 1-бөлүгү). Соттук катачылыкты оңдоо механизмин түзүү максатында мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде сот актыларын кайра кароо жол-жоболору: экинчи инстанциядагы - апелляциялык тартипте мыйзамдуу күчүнө кирбеген соттук актыларга даттануу боюнча ишти кароочу сот өндүрүшү; кассациялык тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карап чыгуу, көзөмөл тартибинде жана жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча каралган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 341-беренесине ылайык апелляциялык инстанциядагы сот иштин фактылай жагдайларын белгилөөнүн жана жазык мыйзамынын колдонуунун тууралыгын, ошондой эле ишти кароодо жана чечүүдө жазык процесстик мыйзамдын сакталышын текшерет. Апелляциялык инстанциянын соту биринчи инстанциянын сотунун өкүмүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 349-беренеси менен каралган негиздер боюнча жокко чыгарат же өзгөртөт. Ушундай негиздердин бири Жазык-процесстик мыйзамдагы көптөгөн мыйзам бузуулар болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 349-беренесинин 3-пункту), анын маңызы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинде ачылат. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык соттук териштирүүдө ишти тергөөдө ушул ишке катышкан адамдарды Кыргыз Республикасынын кодексинин ченемдерин бузуу, мыйзам тарабынан кепилдикке алынган укуктарынан ажыратуу же кысым көрсөтүү, сот өндүрүшүнүн жол- жобосун сактабоо аркылуу же башка жол менен иштин жагдайларын ар тараптан жана объективдүү иликтөөгө тоскоол кылуу, соттун акыйкаттуу өкүмүн чыгарууга таасир тийгизүү же таасир этүү мүмкүнчүлүгү жазык-процесстик мыйзамды олуттуу бузуу деп таанылат. Ушундан улам, колдонуудагы укуктук жөнгө салуунун каралган тутумунуда Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде толук эмес жана бир жактуу жүргүзүлгөн соттук териштирүүнүн натыйжасында аларды белгилөө өкүмдү чыгарууда олуттуу мааниге ээ болушу мүмкүн болгон жагдайлар аныкталбай калса, өкүм жокко чыгарууга тийиш.

Ар бир адамдын соттук коргоого болгон конституциялык укугу мамлекет тарабынан ишти эң алды менен, биринчи инстанциядагы сотто майнаптуу жана адилеттүү териштирүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнү билдирет. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 19-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот айыптоочу жана жактоочу тараптарга алардын иштин жагдайын толук изилдеп чыгууга болгон укуктарын ишке ашыруу үчүн аларга зарыл шарттарды камсыз кылып берет жана анык далилдердин негизинде гана иш боюнча чечим чыгарат. Ошондуктан, мыйзам чыгаруучу сот тарабынан иш боюнча адилеттүү соттук, башкача айтканда, мыйзамдуу, негиздүү жана акыйкаттуу чечимди толугу менен камсыз кылган ушундай процесстик механизмдерди кароого милдеттүү. Буга байланыштуу талаш-тартыш туудурган ченемдик жоболор менен аныкталуучу биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгаруу үчүн негиздер жазык процесстик мыйзамдын башка ченемдери менен, атап айтканда, биринчи инстанциянын сотунда өндүрүштүн эрежелерине ылайык тутумдук байланышта кароо зарыл (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин III-бөлүмү). Жазык-процесстик мыйзам тарабынан каралган жол-жоболор биринчи инстанциядагы сот тарабынан иштин жагдайларын толук жана ар тараптуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген зарыл болгон көлөмдө колдонулбаган учурларда, апелляциялык инстанциядагы сот иш боюнча чыгарылган соттук чечимдин мыйзамдуулугунан жана негиздүүлүгүнөн шектенүүгө укуктуу.

Ошондуктан, укуктук жөнгө салуунун тутумунда каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору биринчи инстанциядагы сот тарабынан кетирилген жазык-процесстик мыйзамдагы маанилүү мыйзам бузууларды четтетүүгө жол берет. Ошону менен талаш-тартыш туудуруучу ченемдик жоболор, ишти андан жогору турган сот тарабынан кайра карап чыгуу укугун кошуп алганда, конституциялык укукту соттук коргоого камсыз кылууга багытталган. Мында, апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан талаш-тартыш туудуруучу предмети болгон конституциялык ченемди колдонуу сот өндүрүшүнүн катышуучуларына таандык болгон процесстик укуктарды ишке ашырууга тоскоол болбойт. Талаш-тартышты туудуруучу ченем биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгаруунун негизин белгилейт, анткени өзүнүн укуктук маңызы менен тараптардын далил тартыштык жана тең укуктуулук принциптерин бузбайт. Бул көз караштан алганда жана ушул чечимдин 3-бөлүмүндө келтирилген далилдерден улам жана талаш-тартышты туудуруучу ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 19-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин таануу жөнүндө арыз берүүчүлөрдүн талаптары кудуретсиздик болуп эсептелет.

Кайрылуучу тараптын талаш-тартышты туудуруучу ченемдин акыйкаттуу жана калыс сот адилеттигинин эл аралык стандарттарына ылайык келбегендиги тууралуу далилдери боюнча апелляциялык инстанциянын соту биринчи инстанциядагы сотунун өкүмдөрүнө карата процесстик-укуктук кесепеттерди пайдалануу менен байланышкан өзүнүн укуктарын ишке ашыруу, атап айтканда, талаш-тартышты туудуруучу ченемди өкүмдү жокко чыгарууга негиз катары пайдалануу соттун айыптоочунун же жактоочунун ишине кийлигишүү катары каралышы мүмкүн эмес. Ошондой эле, талаш-тартышты туудуруучу ченем ишти кароодо объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо милдетинен сотту бошотпойт жана иш боюнча соттук өндүрүштүн катышуучуларынын процесстик укуктарын ишке ашырууга кепилдик берүүчү жол-жобону сактоодо укуктук соттук чечимди чыгарууга тоскоол болбойт.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун талаш-тартышты туудуруучу ченемди колдонгондугу тууралуу кайрылуучу тараптын каралып жаткан иш боюнча жыйналыштын жүрүшүндө айтылган далилдери боюнча төмөнкүдөй инстанцияларда чыгарылган соттук чечимдердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү ошондой эле кассациялык жана көзөмөл инстанциялардагы сотунун текшерүү предмети болуп саналарын дагы белгилей кетүү керек. Кассациялык жана көзөмөл инстанциялардагы сот өндүрүшү мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды оңдоого багытталган жана соттук актылардын мыйзамдуулугуна кошумча кепилдик катары колдонулат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттун актысы мурдагы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жаңылыштык кетирилген актысы жок соттук актыны жокко чыгарууга же өзгөртүүсүз калыбына келтирүүгө болбогондо, сот тарабынан кетирилген катанын жана иштин аякташына жол бергендиктин натыйжасында укуктар жана мыйзамдуу кызыкчылыктар өзгөчө учурларда гана өзгөртүлүшү жана жокко чыгарылышы мүмкүн.

6. 2013-жылдын 22-ноябрындагы чечимдеринде чагылдырылган Д.У.Шигаеванын кайрылуусу боюнча, 2013-жылдын 27-декабрындагы А.М.Мироновдун жана башкалардын кайрылуусу, 2014-жылдын 12-февралындагы Ж.Алиевдин, 2014-жылдын 31-октябрындагы А.М.Кочкорбаеванын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Конституциялык палатанын укуктук позицияларына ылайык, соттук чечимдердин мыйзамдуу күчүн таануу, алардын төгүндөлбөстүгүн, аткарылышын, укуктук мамилелердин туруктуулугун жана ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылар тарабынан белгиленген укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун бузуп жаткандыктан, күчүнө кирген сот актыларын жокко чыгаруу жана өзгөртүү шарттарын мыйзам ченемдүүлүгун зарыл болгон аныктоосу чыгып жатат, алардын жетишсиздик укуктук регламентештирүүсү укуктук аныктыкты бузат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-статьясынын 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн,

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 352-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбегендиги таанылсын.

2. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы