Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2015-жылдын 4-марты № 3-Р

жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,

судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,

сот жыйналышынын катчысы - Н.А.Илиязованын катчылыгы менен,

кайрылуучу тарап - жаран Н.А.Токтакуновдун,

жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы.Ырысбековдун,

башка жак - ишеним каттардын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошеванын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

Жаран Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү ишти кароого себеп болду. Соттолуучу акталганда, ошондой эле жаза белгиленбестен айыптоо токтомун чыгаруу менен же жазаны өтөөдөн бошотуу менен, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш-жаза ишин токтотуу менен камакта кармалып турган соттолуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен токтоосуз бошотулары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.

Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндаачы А.О.Нарынбекованын маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2, 4-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө жаран Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү келип түшкөн.

Жаран Н.А.Токтакуновдун өтүнүчүнүн мазмунунда соттолуучуга актоочу өкүм чыгарган учурда, ошондой эле жаза дайындалбаган же жазаны өтөөдөн бошотуу же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо же жазык ишинин өндүрүштө токтотулушу өкүмдүн токтому мыйзамдуу күчүнө кирээри менен соттолуучуну токтоосуз бошотууну камтыган мыйзам жобосу эркиндикке болгон укукту, күнөөсүздүк жоромолун жана жарышуу принцибин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугуун бузулаары айтылат.

Арыз ээси соттун актоочу өкүмү айыптоонун негиздүүлүгүн жана акыл-эстүүлүгүн расмий жана себептүү четке кагуу болуп саналат деп эсептейт. Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укук адамдын кайтарууда болуусу тууралуу маселени чечүүдө сөзсүз түрдөгү шарт айыптоо үчүн негиздердин же тийиштүүлүгү, анын жөндүү болуп саналарын түшүндүрөт. Эгерде айыптоонун негиздүүлүгү жана жөндөмдүүлүгү расмий сот чечими тарабынан четке кагылган болсо, акталган адамдын кайтарууда калышы анын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктарын бузуу болуп саналат. Соттун кайсы бир өкүмү мыйзамдуу күчүнө ошол замат кирбегени экинчи тараптын соттук чечимге арызданууга болгон укугун ишке ашыруу болуп саналат, бирок эч убакта акталган адам камакта болуп бул укуктун ишке ашуусун күтүүгө тийиш экендигин түшүндүрбөйт. Белгиленген аргументтер Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 9-беренесинин 4-пунктунда камакка алуунун же кайтаруунун кесепетинен эркинен ажыратылгандарга бул сот анын кармалышынын мыйзамдуулугуна карата токтом чыгарып жана мыйзамсыз кармалган болсо, аны бошотууга буйрук бериши үчүн анын ишин сотто териштирүү укугу таандык экендиги көрсөтүлгөн эркин- дикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктардын мааниси түшүндүрүлгөн 9-беренесине дал келет. Белгиленген ченемдин маанисинен улам, дал ошол сот мыйзамсыз кармалган болсо, адамдын камакка алынышынын мыйзамдуулугун карай тургандыгы келип чыгат. Эгерде сот бул адамды актаса, ошону менен бийликти адамды камактан бошотууга милдеттендирет.

Акталган адам арыздануу мөөнөтү аяктаганга чейин камакта кала бере тургандыгы боюнча факты, ошондой эле маанилүү курамдарынын бири эч ким өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдөөгө милдеттүү эмес, күнөөлүү деген кайсы гана болбосун шектенүүлөр айыпталуучунун пайдасына түшүндүрүлө тургандыгы тууралуу күнөөсүздүк жоромолун далилдөөгө дагы таасирин тийгизет.

Арыз берүүчү ошондой эле күнөөсүздүк жоромолун далил- дөөнүн экинчи бир маанилүү курамы жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлө тургандыгы жобо болуп саналат деп эсептейт. Акталган адамды камакта калтыруу менен мыйзам айыптоочу тараптын анын жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгүн акталган адамдын мойнуна жүктөө менен жеңилдетет. Ушуга байланыштуу, арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2, 4-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Н.А.Токтакунов сот жыйналышында өзүнүн талабын колдоп, "өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен" деген сөздөр менен берилген Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин ченемдик жобосун конституциялык эмес деп таанууну өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү Т.Ы.Ырысбеков кайрылуучу тараптын далилдери менен макул болбой жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаш-тартышка түшкөн ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп жана өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранат.

Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Арыз берүүчүнүн өтүнүчтө келтирилген жана соттун жыйналышында айтылган далилдери актоочу өкүмгө гана тиешелүү экендигин жана талаш-тартышка түшкөн ченем менен каралган соттун башка актыларына карата укуктук көз-караштын жоктугун эске алуу менен Конституциялык палатанын бул иш боюнча кароо предмети Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренесинин "өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө болуп саналат.

"325-статья. Соттолуучуну кайтарууда кармоодон бошотуу Соттолуучу акталганда, ошондой эле жаза белгиленбестен, айыптоо токтомун чыгаруу менен же жазаны өтөөдөн бошотуу менен, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш-жаза ишин токтотуу менен камакта кармалып турган соттолуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен токтоосуз бошотулууга тийиш".

1999-жылдын 30-июнундагы № 62 сандуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, 1999-жылдын 30-июнундагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген, "Эркин-Тоо" гезитинде 1999-жылдын 21-июлунда № 59- 60-61-62 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонууда болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекет менен адамдын кадыр-баркын таануудан улам анын автономия тармагына өз алдынча кийлигишүүгө мүмкүн эместикти алдын ала аныктайт, адамдын ар тараптан өнүгүүсү үчүн дагы, ошондой эле коомдун демократиялык түзүлүшү үчүн шарттарды түзгөн эркиндикке болгон укукту жана жеке кол тийбестикти адамдын негизги укугу катары тааныйт. Ошондуктан, ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарына кепилдиктин жогорку деңгээлин кароо менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы бул укукту анын кайсы максаттарында зарыл болсо, ошончо өлчөмдө жана мыйзам боюнча гана белгиленген тартипте чектөө мүмкүнчүлүгүнө жол берет (20-берененин 2-бөлүгү, 24-берененин 1-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам чыгаруучуга адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен, аны ар бир адамдын эркиндик жана жеке кол тийбестик жана мамлекеттин жалпы маанидеги конституциялык баалуулуктарын коргоону сот адилеттигинин жардамы менен камсыз кылуу милдетинин ортосундагы бирдей өлчөмдөгү балансты камсыз кыла турган ушундай укуктук механизмди иштеп чыгууга милдеттендирет (20-берене).

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк жоромолун далилдөө принциби сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Анын укуктук мааниси айыпталуучу анын күнөөсү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүндө далилдене турган шартында гана күнөөлүү деп табылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес жана күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Ошол эле учурда соттолуучунун күнөөсүз экендиги тууралуу божомолдорду жокко чыгаруу айыптоочу тарапка жүктөлгөн.

Бул принцип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган Адам укуктарынын Жалпы декларацияда дагы (11-берене), Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта (14-берене 2-бөлүм) чагылдырылган.

Күнөөсүздүк жоромолун далилдөө айыптоо багытын анын пайда болуусунун баардык тариздеринде четке кагат жана айыпталуучунун жактоочуга укугунун маанилүү кепилдиги катары кызмат кылат. Айыпталуучу ага коюлган айыптан коргоо укугуна өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ал айыпсыз деп эсептелгендиги үчүн берилет. Күнөөсүздүк жоромолун далилдөө айыпталуучуну өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдөө милдетинен бошотот, айыпталуучунун аң-сезимин ашыкча баалоого тоскоол болот жана ал өзүн күнөөлүү деп эсептейби же жокпу ага карабастан аракеттенет жана айыпталуучу үчүн негизсиз айыптоо жана соттоодон кепилдик катары кызмат кылат. Күнөөсүздүк жоромолун далилдөөнүн айыптоонун сөзсүз түрдө далилденүүсүн талап кылуу жана жоюлбаган шектенүүлөрдү айыпталуучунун пайдасына түшүнүү мамлекет органдарын иш кырдаалын объективдүү, калыс аныктоого багыттайт, ансыз сот тарабынан ишти негиздүү жана адилеттүү чечүү мүмкүн эмес.

Күнөөсүздүк жоромолун далилдөөнүн негиздөөчү конституциялык принцибин сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы ал бузула турган болсо, сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын орду толтуруп берүүнү караган (26-берененин 1-бөлүгү).

4. Күнөөсүздүк жоромолун далилдөөнүн конституциялык принциби өзүнүн андан аркы өнүгүүсүн Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 15-беренесинде табат. Бул принципке ылайык, тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органдарынын жана прокурордун тергөөсү бүткөн адамдын күнөөсүнө карата бүтүмдөрүнө ылайык, сот үчүн милдеттүү күчкө ээ эмес. Сот - мамлекеттин атынан тиешелүү чечим кабыл алып жана аны өкүмдө бекитүүгө укуктуу болгон жалгыз орган. Соттолуучунун күнөөсү ошол күнөө коюу өкүмү менен коюлат, анткени актоочу өкүм мамлекеттин жазык куугунтуктоодон толук баш тартуусун билдирет. Ошону менен бирге, Жазык-процесстик кодексинин 316-беренесинде каралган негиздер боюнча актоо айыпталуучунун күнөөсүз экендигин моюнга алууну билдирет жана аны толук актоого алып келет.

Актоонун мааниси укуктук ишмердүүлүктүн көрүнүшү катары ал сот адилеттүүлүгү ансыз мүмкүн эмес болгон адилеттүүлүк сыяктуу категория менен байланышкан жазык-процесстик ишмердүүлүктүн зарыл болгон касиети болуп саналгандыгында турат. Актоо - бул объективдүү жана субъективдүү факторлор менен детерминацияланган укук пайдалануу актысы, анын жүрүшүндө иш боюнча чындык аныкталат, адамдын күнөөсүз экендиги күбөлөндүрүлөт жана анын бузулган укуктары калыбына келтирилет.

5. Мамлекет жалпы маанидеги конституциялык максаттардан улам жазык жоопкерчилигине жазык-процесстик мыйзам менен жаза катары тартылган адамдарга эркиндикти жана жеке кол тийбестикти чектөөгө укуктуу.

Жаза катары камакта кармоо менен байланышкан маселелерди чечүүдө камакка алуу айыпталуучуну (соттолуучуну) эркинен ажыратууда турган эң эле катуу жаза чарасы болуп саналарын эске алуу керек. Аны пайдалануу Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын эркиндиги жана укуктары менен кепилдик берилген жарандык эркиндик жана жеке кол тийбестик тармагына эң эле курч мүнөздө басып кирүү эсептелет (24-берене). Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесине ылайык камакта кармоо бөгөт коюу чарасы соттун чечими менен гана жол берилет.

Камакка алуу алдын ала эскертүү мүнөзгө ээ жана айыпталуучуга (соттолуучуга) гана карата пайдаланылышы мүмкүн. Жаза чарасы катары камакка алуунун мааниси адам сот тарабынан анын күнөөсүз экендигин биротоло чечкенге чейин эркиндигинен ажыратыла тургандыгы болуп саналат. Ошол эле учурда, негизги максат айыпталуучуну (соттолуучуну) алгачкы тергөө текшерүү, тергөө жана соттон жашырынуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу, иштин чындыгын аныктоо, соттун өкүмүн аткарууну камсыздоодо кыйынчылыктарга бөгөт коюу, соттун өкүмүн аткарууну кам- сыздоо болуп калат.

Ошентип, камакка алуу процесстик мажбурлоо чарасы болуп саналат жана жоопкерчилик чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал жасалган кылмыш үчүн эмес, айыпталуучу (соттолуучу) тарабынан процессуалдык мыйзам бузууларды жасоого бөгөт коюу үчүн каралат. Акталган адамга актоочу өкүм чыгаруу менен мыйзамдуу негиздер жок болсо да камакка алуу сыяктуу жаза чарасын пайдалануу эркиндикке жана жеке кол тийбестикке карата конституциялык укуктарды дал келишпеген жана жөнсүз чектөө болуп саналат. Актоочу өкүм Жазык-процесстик кодекстин 316-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттолуучуну күнөөсүз деп таанууну билдиргендиктен, сот ошону менен жаза чарасы катары камакка алууну тандоого негиз болгон кырдаалдар жок болду деп констатациялайт.

Андан тышкары, актоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учур экинчи тараптын соттук чечимге арыздануу укугу менен алдын ала аныкталган, бирок ал жаза чарасын алып салуу тууралуу маселени чечүүдө биринчи кезекте конституциялык укуктун эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктарынын артыкчылыктуу экендигинен улам белгилүү бир мааниге ээ болушу керек эмес. Акталган адамды актоочу өкүмдүн укуктук кесепети катары камакта калтыруу аларга андан ары калыбына келтирүү мүмкүн болбогон зыян келтирүү менен адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндигин кыйла чектейт.

Жазык-процесстик мыйзамдын максаттарынан жана милдеттеринен улам, жазык иштери боюнча өндүрүш тартиби негизсиз айыптоо жана соттоодон, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин мыйзамсыз чектөөдөн коргоону камсыз кылууга, ал эми мыйзамсыз күнөөлөй турган болсо - аны токтоосуз түрдө жана толук актоо менен мыйзамдуулукту жана укук тартибин бекемдөөгө, кылмыштардын алдын алуу, укукка карата урматтоо мамилесин калыптандырууга тийиш.

Соттун чечими боюнча күнөөсүз деп таанылган жарандын эркиндигинен жана жеке кол тийбестигинен ажыратуу же конституциялык укуктарынан ажыратуу конституциялык жана жазык-процесстик мыйзамдын концептуалдык негиздерине карама-каршы келет.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 325-беренеси "өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобосу, актоочу өкүмгө тиешелүү бөлүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын баардык аймагында аткарылууга жатат.

4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы