КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 354
Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279, 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Дж.К. Оторбаев |
|
|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн |
Билим
берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын
колдонуунун
ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологиясын колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана жогорку, орто жана кошумча билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын (мындан ары - билим берүү программалары) ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын (мындан ары - аралыктан окутуу) колдонуунун тартибин аныктайт.
2. Аралыктан окутуу билим берүү технологияларынын жыйындысын колдонуу менен камсыз кылынат, мында окугандар менен окутуучунун максаттуу кыйыр же толук эмес кыйыр өз ара байланышы алардын турган жерине карабастан педагогикалык жактан уюштурулган маалыматтык технологиялардын негизинде, баарыдан мурда телекоммуникациялык технологиялар каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуу колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кейс технологиясы, ал маалымат алып жүрүүчүлөрдүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен өз алдынча үйрөнүүгө (кейстерди) арналган окуу-методикалык комплекстердин адистештирилген топтому түрүндөгү маалыматтык билим берүү ресурстарын окугандарга берүүгө негизделет. Окугандарга материалдарды жеткирүү окуу процессин уюштуруу үчүн ар кандай алгылыктуу ыкмалар менен ишке ашырылат;
- интернет-технология, ал окугандардын маалыматтык билим берүү ресурстарына жетүүсүн камсыз кылуу жана анын субъекттеринин турган жерине көз карандысыз окуу процессин ишке ашыруу жана башкаруунун методикалык, уюштуруу, техникалык жана программалык каражаттарынын жыйындысын түзүү үчүн камсыздоо боюнча глобалдык жана локалдык компьютердик тарамдарды пайдаланууга негизделет;
- телекоммуникациялык технология, ал окугандардын окутуучу менен өз ара байланышын, өздөрүнүн бири-бири менен байланышын жана санариптик китепкана, видеодарстар жана окутуунун башка каражаттары түрүндө берилген маалыматтык билим берүү ресурстарына окугандардын жетүүсүн камсыз кылуу үчүн маалыматты берүүнүн жана телекөрсөтүүнүн көбүнчө космостук жана спутниктик каражаттарын, ошондой эле глобалдык жана локалдык тармактарды пайдаланууга негизделет.
Билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларынын негизги түрлөрүн айкалыштырууда жол берилет. Окутуунун күндүзгү түрүндө билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн башка аралыктан билим берүү технологияларын айкалыштыруу менен гана окутуунун кейс технологиясын толук өлчөмдө колдонууга мүмкүн болот.
4. Аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен билим берүү процесси билим берүү уюмдары тарабынан билим алуунун күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу түрүндө, экстернат түрүндө жүзөгө ашырылат.
5. Аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутуунун күндүзгү түрүндө билим берүү программаларын ишке ашырууда билим берүү уюму билим берүүнүн тиешелүү деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык толук көлөмдөгү аудитордук жүктөмдү камсыз кылууга милдеттүү.
Билим берүү уюмунун чечими боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарга алардын жеке арызынын негизинде сабактарга эркин катышуу графиги берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Окугандар окуу планындагы сааттардын көлөмүнүн 70 пайызынан кем эмесин аралыктан билим берүү технологиялары аркылуу өздөштүрүшсө билим берүү программалары толук көлөмдө аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен ишке ашырылат.
7. Сырттан окуу түрүндө жол берилбей турган даярдоонун адистиктери жана багыттары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын толук көлөмдө пайдалануу менен билим берүү программаларын ишке ашырууга тыюу салынат.
Билим берүү уюмуна толук көлөмдө аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен ишке ашырылуучу билим берүү программалары боюнча окууга кирген адамдар бул шарт менен кол койдуруп тааныштырылышы керек.
8. Аралыктан окутуу процессин камсыз кылуу үчүн аралыктан окутуунун төмөнкү каражаттары пайдаланылат:
- мультимедиалык коштолуучу адистештирилген окуу китептери;
- электрондук окуу китептерин, окуу куралын, тренингдик компьютердик программаларды, компьютердик лабораториялык практикумдарды, контролдук-тестирлөөчү комплектилерди, окуу видеофильмдерин, аудиожазууларды камтыган электрондук окуу-методикалык комплекстер;
- байланыштын телекоммуникациялык каналдары боюнча берүү үчүн арналган башка материалдар.
9. Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууда негизги маалыматтык ресурс болуп аралыктан окутуунун маалыматтык базасы эсептелет, ал өзүнүн көлөмү жана мазмуну боюнча белгилүү деңгээлдеги негизги билим берүү программалары үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына жана кошумча кесиптик билим берүү программаларынын мазмунунун талаптарына шайкеш келиши керек.
10. Аралыктан окутуунун маалыматтык базасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- негизги окуу жана окуу-методикалык адабияттардын фондун;
- кадрларды даярдоонун багыттарына ылайык келген тармактык басылмалар, маалымдама-библиографиялык, ошондой эле массалык борбордук жана жергиликтүү коомдук-саясий басылмалар менен толук комплекттелген мезгилдүү басылмалардын фондун;
- ар бир билим берүү программасынын багыттары боюнча монографиялар жана мезгилдүү илимий басылмалар түрүндөгү илимий адабияттар фондун.
11. Аралыктан окутууда билим берүү уюму ар бир окуганга тиешелүү билим берүү программасын же анын бөлүгүн өздөштүрүү үчүн зарыл болгон аралыктан окутуу каражаттарына жана окуу планындагы сааттардын көлөмүндө негизги маалыматтык ресурска жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.
Окугандардын аралыктан окутуунун маалымат базасына, аралыктан окутуунун башка каражаттарына жетүүсүн камсыз кылуу максатында билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдаланат.
Окугандарда зарыл болгон аппараттык-программалык каражаттар жок болгон учурда билим берүү уюму ага ушул каражаттарды берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Билим берүү уюму ар бир окуганды окуу жылынын башында бүтүндөй окуу жылына зарыл болгон кагаз жана электрондук түрдөгү окуу-методикалык материалдардын комплектиси менен камсыздоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Аралыктан окутууда билим берүү уюму телекоммуникация каражаттарын пайдалануу менен квалификациялуу окутуучулардын консультациялары аркылуу окугандарга илимий жана окуу-методикалык жардамды берет.
14. Телекоммуникация каналдарынын саны жана өткөрүү жөндөмдүүлүгү, билим берүү уюмунда окугандардын окуу процессинин адистештирилген жана лабораториялык жабдуулары (менчик, ошондой эле ижарага алынган), билим берүү каражаттары менен жабдылышы убакыттын реалдуу режиминде же жазууда аралыктан окутууну ишке ашыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
15. Билим берүү уюму окугандарды даярдоонун ар бир багыты, адистиктер боюнча телекөрсөтүү, компьютердик, тарамдык жана башка чөйрөлөрдө өткөрүү үчүн дидактикалык камсыздоого ээ сабактарды колдонуу менен аудитордук жүктөмдүн толук көлөмүн камсыз кылат.
Нөөмөттүүлүктү эске алуу менен бардык окугандар аралыктан окутуу үчүн жабдылган окуу-иш орду менен камсыздалышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Окуу планында каралган лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүү үчүн билим берүү уюму окугандарга ушул сабактарга күндүз же аралыктан окутууну (виртуалдык лабораториялык иш, алыскы лабораториядагы иш) колдонуу менен катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн билим берүү уюму аралыктан окутууну колдонуу менен лабораториялык жана практикалык сабактарга катышууга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кабыл алынган аралыктан окутуу технологияларына жараша билим берүү уюму мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык бардык сабактар боюнча билим берүү процессин жүргүзүүнү камсыздаган атайын жабдылган жайлардын топтомуна ээ болушу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандарды окутуу жеке окуу пландары боюнча атайын түзүлгөн коррекциялоочу группаларда же башка окугандар менен биргеликте инклюзивдик билим берүү аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Билим берүү уюму окугандарга мамлекеттик билим берүү стандарттарында каралган окуу жана өндүрүштүк практикалардан өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Билим алуучулардын окуу жана өндүрүштүк практикалары (диплом алдындагыны кошуу менен) дайыма катышуу менен өтүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окуганга жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун чечими боюнча окуу жана өндүрүштүк практикалардан (дипломдун алдындагыларды кошкондо) өтүүдө эркин катышуу графиги берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Билим берүү уюму жаңы маалыматтык-билим берүү чөйрөсүндө окутуу үчүн, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен окутуучуларды жана окуу-жардамчы персоналды кесиптик кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Билим берүү уюму тарабынан окугандарды аралыктык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялоо окугандын милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында билим берүү уюму тарабынан аныкталган тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режиминде билим алуучуларды орто аралык аттестациялоого жана бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого жол берилет, буга төмөнкү бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо кирбейт:
- жашыруун режимин сактоону талап кылган, жеткиликтүүлүгү чектелген грифтеги сабактар боюнча;
- маданият жана искусство жаатындагы билим берүүчү уюмдарындагы атайын чыгармачылык сабактар боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572, 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Аралыктан окутууну уюштурууда окуу процессинин жыйынтыктарын каттоо жана ички иш кагаздарын жүргүзүү кагаз жана (же) электрондук түрдө жүргүзүлөт.
22. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандар үчүн учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жүргүзүүнүн формалары, жетишүүсүн баалоо системасы билим берүү уюму тарабынан алардын ден соолугунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү окугандын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча билим берүү уюмунун чечими менен ага экзаменде жоопту даярдоо же мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо этаптарынан өтүү үчүн убакыт (мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны тапшыруу, бүтүрүүчү квалификациялык ишти жана магистрдик диссертацияны коргоо убактысы) узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 26-июнундагы
№ 354 токтомуна
2-тиркеме
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу
түрүндө жана экстернат түрүндө алууга жол берилбеген кесиптердин жана
адистиктердин
ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197, 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бүтүрүүчүгө "бакалавр" жана "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
Коду |
Бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттарынын аталышы |
Жогорку кесиптик билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары | |
бакалавр |
магистр | ||
Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика | |||
510100 |
Математика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
510200 |
Колдонмо математика жана информатика |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
510300 |
Информациялык технологиялар |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
510400 |
Физика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
510500 |
Радиофизика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
510600 |
Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
510700 |
Информациялык тутумдарды математикалык камсыздоо жана администрациялоо |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Табигый илимдер | |||
520100 |
Химия |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520200 |
Биология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520300 |
Геология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520400 |
География |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520500 |
Картография жана геоинформатика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520600 |
Гидрометеорология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
520700 |
Топурак изилдөө |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
экстернат |
520800 |
Экология жана жаратылышты пайдалануу |
Экстернат |
Экстернат |
520900 |
Биоэкология |
Экстернат |
Экстернат |
Гуманитардык илимдер | |||
530100 |
Философия |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
530200 |
Политология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
530300 |
Психология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
530400 |
Тарых |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
530500 |
Юриспруденция |
Экстернат |
Экстернат |
530600 |
Журналистика |
Экстернат |
Экстернат |
530700 |
Жарнама жана коомчулук менен байланыштар |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
530800 |
Эл аралык мамилелер |
Күндүзгү- сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү- сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
530900 |
Чыгыш таануу, африка таануу |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
531000 |
Филология |
Экстернат |
Экстернат |
531100 |
Лингвистика |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
531200 |
Компьютердик лингвистика |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
531300 |
Маданият таануу |
Экстернат |
Экстернат |
531400 |
Дин таануу |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
531500 |
Регион таануу |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
531600 |
Теология |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
531700 |
Америка таануу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
531800 |
Европа таануу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
531900 |
Антропология |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
532000 |
Дене тарбия |
Экстернат |
Экстернат |
532100 |
Рекреация жана спорттук-ден соолук чыңдоо туризми |
Экстернат |
Экстернат |
532200 |
Укук коргоо иши |
Экстернат |
Экстернат |
532300 |
Кытай таануу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
532400 |
Эркин искусство жана илимдер |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Социалдык илимдер | |||
540100 |
Социология |
Экстернат | |
540200 |
Социалдык иштер |
Экстернат | |
540300 |
Жаштар менен иштөөнү уюштуруу |
Экстернат |
Экстернат |
Педагогикалык билим берүү | |||
550100 |
Табигый-илимий билим берүү |
Экстернат |
Экстернат |
550200 |
Физика-математикалык билим берүү |
Экстернат |
Экстернат |
550500 |
Технологиялык билим берүү |
Экстернат |
Экстернат |
550700 |
Педагогика |
Экстернат |
Экстернат |
550800 |
Кесиптик билим берүү |
Экстернат |
Экстернат |
Саламаттык сактоо | |||
560100 |
Коомдук саламаттык сактоо |
Сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Маданият и искусство | |||
570100 |
Искусствонун тарыхы жана теориясы |
Экстернат |
Экстернат |
570200 |
Музыкалык искусство |
Экстернат |
Экстернат |
570300 |
Театр искусствосу |
Экстернат |
Экстернат |
570400 |
Дизайн |
Экстернат |
Экстернат |
570500 |
Көркөм сүрөт искусствосу |
Экстернат |
Экстернат |
570600 |
Китепкана таануу жана документ жүргүзүү |
Экстернат |
Экстернат |
570700 |
Костюм жана текстиль искусствосу |
сырттан, экстернат |
сырттан, экстернат |
570800 |
Басма иштери |
Экстернат |
Экстернат |
570900 |
Реставрация |
Экстернат |
Экстернат |
571000 |
Элдик көркөм маданият |
Экстернат |
Экстернат |
571100 |
Телекөрсөтүү |
Экстернат |
Экстернат |
571200 |
Музеология жана маданий, табигый мурастар объекттерин коргоо |
Экстернат |
Экстернат |
Экономика жана башкаруу | |||
580100 |
Экономика |
экстернат |
экстернат |
580200 |
Менеджмент |
экстернат |
экстернат |
580300 |
Коммерция |
экстернат |
экстернат |
580400 |
Соода иши |
экстернат |
экстернат |
580500 |
Бизнес-информатика |
экстернат |
экстернат |
580800 |
Персоналды башкаруу |
экстернат |
экстернат |
580900 |
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу |
экстернат |
экстернат |
Маалымат коопсуздугу | |||
590100 |
Маалымат коопсуздугу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Тейлөө чөйрөсү | |||
600100 |
Сервис |
Экстернат |
Экстернат |
600200 |
Туризм |
Экстернат |
Экстернат |
600300 |
Мейманкана иши |
Экстернат |
Экстернат |
Айыл чарба | |||
610100 |
Агрохимия жана агрокыртыш таануу |
Экстернат |
Экстернат |
610200 |
Агрономия |
Экстернат |
Экстернат |
610300 |
Агроинженерия |
Экстернат |
Экстернат |
610400 |
Зоотехния |
Экстернат |
Экстернат |
610500 |
Ветеринария |
Экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
610600 |
Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
610700 |
Балык чарба |
Экстернат |
Экстернат |
Геодезия жана жерге жайгаштыруу | |||
620100 |
Геодезия жана аралыктык байкаштыруу |
Экстернат |
Экстернат |
620200 |
Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар |
Экстернат |
Экстернат |
Геология, пайдалуу казылмалар кендерин чалгындоо жана иштетүү | |||
630100 |
Колдонмо геология |
Экстернат |
Экстернат |
630200 |
Геологиялык чалгындоо технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
630300 |
Тоо-кен иштери |
Экстернат |
Экстернат |
630400 |
Мунай-газ иштери |
Экстернат |
Экстернат |
Энергетика жана электр энергетикасы | |||
640100 |
Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы |
Экстернат |
Экстернат |
640200 |
Электр энергетика жана электр техника |
Экстернат |
Экстернат |
Материал таануу, металлургия жана машина куруу | |||
650100 |
Материал таануу жана материалдар технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
650200 |
Металлургия |
Экстернат |
Экстернат |
650300 |
Машина куруу |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
650400 |
Технологиялык машиналар жана жабдуулар |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
650500 |
Колдонмо механика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Курал-жарак жана куралдануу тутуму | |||
660100 |
Курал-жарак жана куралдануу тутуму |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Транспорттук техника жана технология | |||
670100 |
Жер бетиндеги транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер |
Экстернат |
Экстернат |
670200 |
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу |
Экстернат |
Экстернат |
670300 |
Транспорттук процесстер технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
Прибор куруу | |||
680100 |
Прибор куруу |
Экстернат |
Экстернат |
680200 |
Биотехникалык тутумдар жана технологиялар |
Экстернат |
Экстернат |
Электроника, радиотехника жана байланыш | |||
690100 |
Электроника жана наноэлектроника |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
690200 |
Радиотехника |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
690300 |
Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму |
Экстернат |
Экстернат |
690400 |
Электрондук каражаттарды конструкциялоо жана технологиясы |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Автоматташтыруу жана башкаруу | |||
700100 |
Тутумдук талдоо жана башкаруу |
Сырттан, экстернат |
экстернат |
700200 |
Техникалык тутумдардагы башкаруу |
Экстернат |
Экстернат |
700300 |
Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу |
Экстернат |
Экстернат |
700500 |
Мехатроника жана робот техникасы |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
700600 |
Стандартташтыруу, сапатты башкаруу жана метрология |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
700700 |
Инноватика |
Экстернат |
Экстернат |
700800 |
Техникалык физика |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар | |||
710100 |
Информатика жана эсептөө техникасы |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
710200 |
Информациялык тутумдар жана технологиялар |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
710300 |
Колдонмо информатика |
Экстернат |
Экстернат |
710400 |
Программалык инженерия |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
710500 |
Интернет-технологиялар жана башкаруу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
Химиялык технология жана биотехнология | |||
720100 |
Химиялык технология |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
720200 |
Биотехнология |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
720300 |
Химиялык технологияда, мунай химияда жана биотехнологияда энергия жана ресурс үнөмдөөчү процесстер |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү | |||
730100 |
Токой иштери жана ландшафттык курулуш |
Экстернат |
Экстернат |
730200 |
Жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүшүнүн технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
Азык-түлүк жана керектелүүчү товарлардын технологиясы жана өндүрүшү | |||
740100 |
Өсүмдүк чийки затынан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү |
Экстернат |
Экстернат |
740200 |
Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү |
Экстернат |
Экстернат |
740300 |
Продукциялар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу |
Экстернат |
Экстернат |
740400 |
Текстиль өнөр жайынын технологиясы жана буюмдарды долбоорлоо |
Сырттан, экстернат |
Экстернат |
740500 |
Материалдарды көркөм иштетүү технологиясы |
Сырттан, экстернат |
Экстернат |
740600 |
Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы |
Экстернат |
Экстернат |
740700 |
Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы |
Экстернат |
Сырттан, экстернат |
Архитектура жана курулуш | |||
750100 |
Архитектура |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
750200 |
Архитектуралык чөйрөнүн дизайны |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
750300 |
Архитектуралык чөйрөнү реставрациялоо жана реконструкциялоо |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
750400 |
Шаар курулушу |
Сырттан, экстернат |
Сырттан, экстернат |
750500 |
Курулуш |
Экстернат |
Экстернат |
Техносфералык коопсуздук, жаратылышты абаттоо жана гидрометеорология | |||
760100 |
Жаратылышты абаттоо жана суу пайдалануу |
Экстернат |
Экстернат |
760200 |
Колдонмо гидрометеорология |
Экстернат |
Экстернат |
760300 |
Техносфералык коопсуздук |
Экстернат |
Экстернат |
Аскердик билим берүү | |||
770100 |
Мотоаткыч аскерлердин командалык тактикасы |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
2. Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
Коду |
Адистиктин аталышы |
Кесиптик жогорку билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары |
Гуманитардык илимдер | ||
530001 |
Клиникалык психология |
Сырттан, экстернат |
530002 |
Соттук экспертиза |
Сырттан, экстернат |
530003 |
Котормо жана котормо таануу |
Сырттан, экстернат |
530004 |
Бажы иши |
Экстернат |
Саламаттык сактоо | ||
560001 |
Дарылоо иши |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
560002 |
Педиатрия |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
560003 |
Медициналык-алдын алуу |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
560004 |
Стоматология |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
560005 |
Фармация |
Сырттан, экстернат |
560006 |
Медициналык айым иши |
Сырттан, экстернат |
Маданият жана искусство | ||
570001 |
Искусство таануу |
Экстернат |
570002 |
Театр таануу |
Экстернат |
570003 |
Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы |
Экстернат |
570004 |
Музыка таануу |
Экстернат |
570005 |
Кино таануу |
Экстернат |
570006 |
Кинооператорлук |
Сырттан, экстернат |
570007 |
Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы |
Экстернат |
570008 |
Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) |
Экстернат |
570009 |
Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) |
Экстернат |
570010 |
Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча) |
Экстернат |
570011 |
Композиция |
Экстернат |
570012 |
Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) |
Экстернат |
570013 |
Үн режиссурасы (колдонулуу багыттары боюнча) |
Экстернат |
570014 |
Актердук өнөр |
Экстернат |
570015 |
Режиссура (колдонулуу багыттары боюнча) |
Экстернат |
570016 |
Театралдык-декорациялык искусство |
Экстернат |
570017 |
Хореографиялык өнөр |
Экстернат |
570018 |
Хореография режиссурасы |
Экстернат |
570019 |
Хореография педагогикасы |
Экстернат |
570020 |
Дизайн |
Сырттан, экстернат |
570021 |
Интерьер жана жабдуулар |
Сырттан, экстернат |
570022 |
Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк |
Сырттан, экстернат |
570023 |
Монументалдык-декоративдик искусство |
Сырттан, экстернат |
570024 |
Живопись |
Сырттан, экстернат |
570025 |
Графика |
Сырттан, экстернат |
570026 |
Скульптура |
Сырттан, экстернат |
570027 |
Адабий чыгармачылык |
Экстернат |
570028 |
Элдик көркөм чыгармачылык |
Сырттан, экстернат |
570029 |
Социалдык-маданий иштер |
Экстернат |
570030 |
Китеп иштери |
Экстернат |
570031 |
Музей иши жана эстеликтерди коргоо |
Экстернат |
Маалымат коопсуздугу | ||
590001 |
Маалымат коопсуздугу |
Сырттан, экстернат |
Айыл чарба | ||
610001 |
Ветеринария |
Экстернат |
Геодезия жана жерге жайгаштыруу | ||
620101 |
Колдонмо геодезия |
Экстернат |
Геология, пайдалуу казылмалар кендерин чалгындоо жана иштетүү | ||
630001 |
Колдонмо геология |
Экстернат |
630002 |
Геологиялык чалгындоо технологиясы |
Экстернат |
630003 |
Тоо-кен иштери |
Экстернат |
630004 |
Тоо-кен же мунай газ өндүрүшүнүн физикалык процесстери |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Архитектура жана курулуш | ||
750001 |
Темир жолдун кыймылдуу бөлүгү |
Экстернат |
750002 |
Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу |
Экстернат |
Техносфералык коопсуздук | ||
760001 |
Өрт коопсуздугу |
Экстернат |