КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 11-марты № 04-р
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекованын, М.Р.Бобукееванын, Э.Т.Мамыровдун, А.О.Нарынбекованын, Э.Ж.Осконбаевдин, Ч.О.Осмонованын, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин,
- кайрылуучу тараптар - жарандар Раимкул уулу Касымбектин, Ж.Жунусовдун, А.У.Токталиевдин жана алардын ишеним каттарынын негизинде аракеттенишкен өкүлдөрү М.Ш.Чолпонбаевдин, Д.Д.Касымовдун, Ш.С.Молдобековдун;
- жоопкер-тарап - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекованын;
- башка жактар - ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М.Чакиевдин,
ишеним каттын негизинде аракеттенишкен Кыргыз Республикасынын адвокаттар Кеңешинин өкүлдөрү Г.С.Шейшекееванын, Б.К.Албановдун катышуусунда
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 1, 4, 18, 19, 24, 37, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттарынын, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бөлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жарандар М.М.Жорокуловдун, Раимкул уулу Касымбектин, Ж.Жунусовдун, А.У.Токталиевдин өтүнүчтөрү себеп болду.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кээ бир ченемдик жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде туулган күмөндүүлүк ишти кароого негиз болду.
Ишти сот жыйналышына даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдин маалыматын угуп, көрсөтүлгөн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2014-жылдын 25-августунда жаран М.М.Жорокуловдун "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгү, 15-беренеси, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту, 32-беренесинин 5, 6-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 35-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
М.М.Жорокуловдун кайрылуусунан келип чыккандай, аталган мыйзамдын талашылып жаткан ченемдери Адвокатурага адвокаттарды кирүүгө милдеттендирүү менен, Конституциянын 35-беренесинде таанылган, ыктыярдуу макулдуктун негизинде жана эркин билдирүү менен коомдук бирикмелерди түзүү же аларга кирүү укугун бузат, ошону менен адвокаттын эркине каршы Адвокатурага мүчө болууга мажбурлайт.
М.М.Жорокуловдун ою боюнча талашылып жаткан ченемдер Конституциянын 4-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ар кимдин саясий партияларды, кесиптик бирликтерди жана башка коомдук бирикмелерди эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүү жана аларга кошулуу укугун чектөөчү механизмин түзөт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен жаран М.М.Жорокуловдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
2014-жылдын 5-декабрында Конституциялык палатага жарандар Раимкул уулу Касымбектин жана Ж.Жунусовдун "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1, 4-бөлүктөрү, 15-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Раимкул уулу Касымбектин жана Ж.Жунусовдун пикири боюнча аталган мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгү областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында бирден аймактык Адвокатура филиалын түзүүнү милдеттендирип, Конституция менен таанылган биригүү эркиндигине болгон укукту жана кесиптик бирликтерди ыктыярдуу макулдуулуктун жана эркин билдирүүнүн негизинде түзүү укугун чектейт.
Өтүнүчтүн калган бөлүгүндө кайрылуучулардын жүйөлөрү М.М.Жорокуловдун өтүнүчү менен бир мааниде.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 19-январындагы аныктамасы менен жарандар Раимкул уулу Касымбек жана Ж.Жунусовдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
2014-жылдын 22-декабрында Конституциялык палатага жаран А.У.Токталиевдин "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгү, 15-беренеси, 21-беренесинин 6-бөлүгү, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттары, 4-бөлүгүнүн 3-пункту, 5-бөлүгүнүн 6-пункту, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-пунктуна, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 31-беренесинин 1, 2-пункттарына, 35-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Кайрылуучу А.У.Токталиевдин ою боюнча адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган же мүчөлүк төгүмдөр төлөнбөгөн учурда лицензиянын колдонулушун токтото турууну бекиткен аталган мыйзамдын 21-беренесинин 6-бөлүгү, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттары Конституция менен таанылган ар кимдин эркин ой жүгүртүүгө, өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине болгон укуктарына карама-каршы келишет.
Жаран А.У.Токталиев квалификациясын жогорулатпаган учурда лицензиядан ажыратуу жана адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда лицензиянын колдонулушун токтотууну камтыган Мыйзамдын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту жана 5-бөлүгүнүн 6-пункту адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салган Конституциянын 20-беренесине карама-каршы келет деп эсептейт.
Калган бөлүгүндө А.У.Токталиевдин кайрылууда келтирген жүйөлөрү М.М.Жорокуловдун жана Раимкул уулу Касымбек менен Ж.Жунусовдун укуктук негиздемелерине окшош.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 19-январындагы аныктамасы менен жаран А.У.Токталиевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Конституциялык палатанын судьясы Э.Ж.Осконбаевдин 2015-жылдын 26-январындагы аныктамасы менен жарандар М.М.Жорокуловдун, Раимкул уулу Касымбектин, Ж.Жунусовдун, А.У.Токталиевдин талаптары өз ара байланыштуу болушкандыктан бир сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот отурумунда кайрылуучулар өздөрүнүн талаптарын тактап, аларды канааттандырууну өтүнүштү.
Жоопкер-тараптын өкүлү К.С.Карабекова кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, конституциялуулугу талашылып жаткан мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептеп, каралып жаткан өтүнүчтөрдү канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Кайрылуучулар тарабынан сот отурумунда такталган талаптардын негизинде, Конституциялык палатанын кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттарынын, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бөлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнүн төмөнкү ченемдик жоболору эсептелет.
"2-берене. Адвокатура
1. Адвокатура - бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген... адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.
4. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында уюштуруучулук-укуктук формадагы бирден аймактык адвокатура - филиал түзүлүүгө тийиш.
15-берене. Адвокат
... Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны.
21-берене. Квалификациялык сынак
6. ... Адвокатура кабарлоону алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде адвокаттын Адвокатурага мүчө болуп киргендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдайт.
22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу.
2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;
6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда.
4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
3) ... ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаганда;
5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.
26-берене. Адвокаттын милдеттери
1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
2) лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө;
3) Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
5. Адвокаттык ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар адамдар Адвокатура мамлекеттик катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирсин.
6. Юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин өз алдынча жүзөгө ашырып жаткан адвокаттар Адвокатура мамлекеттик катталган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн жоболоруна ылайык өз ишин кайра каттоону жүргүзсүн.".
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипке ылайык 2014-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, № 135, "Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 22-июлундагы № 57 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Конституция адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин татыктуу жашоону камсыз кылуу максатында бекитет, алар материалдык жана рухий муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк бере ала турган социалдык, саясий жана экономикалык шарттарды түзөт. Андай укуктардын бири болуп жарандардын биригүүгө болгон укугу эсептелет.
1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын Жалпы Декларациясы ар бир адамдын тынч чогулуу жана ассоциациялар эркиндигине болгон укугун жарыялайт (20-берене). 1966-жылы кабыл алынган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 22-беренеси ар бир адам башкалар менен биригүү эркиндигине болгон укукка, анын ичинде кесиптик бирликтерди түзүү жана өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн аларга кирүү укугуна ээ деп белгилейт.
Эл аралык укуктун ченемдерин ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарга саясий партияларды, кесиптик бирликтерди, дагы башка коомдук бирикмелерди өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүү укугун бекиткен (4-берененин 2-бөлүгү).
Жарандардын бирикмелери жарандык коомдун эң маанилүү институту, жарандарды мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий жашоосуна тартуу жолдорунун бири болуп эсептелет. Биригүү мүмкүнчүлүгү жарандарга өздөрүнүн каалоолорун жана кызыкчылыктарын бир жерге топтоого, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө жана ошону менен өз муктаждыктарын канааттандырууга жол берет.
Конституция жарандын биригүү маселесинде толук эркиндигин баса белгилейт жана ар ким биригүү эркиндигине укуктуу деп бекитет (35-берене).
Биригүү эркиндиги атайын уруксат алуусуз бирикменин мүчөсү болуу укугун; башка адамдарды бириктирүүнү жана бир бирикмеге кошулуу же андан чыгууну; бирикменин ишине катышууну камтыйт.
Биригүү эркиндиги биригүүгө толук эркиндикти гана эмес, өзүлөрүнүн максаттарын жана милдеттерин өз ыктыяры менен аныктоодо, аларды чечүү
жолдорун иштеп чыгуу жана башка, көптөгөн өз алдынчалыкка негизделген белгилери менен таанымал.
Ал эми кесиптик жамаат катары түзүлгөн Адвокатуранын максаттары жана милдеттери конституциялык мааниси бар, жалпыга таандык укуктук мамилелерден келип чыгат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамды, анын укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт. Алар тикелей колдонулууга жатат жана мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктайт. Адилеттүү сотту камсыз кылуу менен адам укуктарын жана эркиндиктерин таануу, сактоо жана коргоо мамлекетке милдет катары жүктөлгөн (16-берене). Конституция, Кыргыз Республикасын демократиялык жана укуктук мамлекет катары жарыялоо менен, өзүнүн көптөгөн жоболорунда ар кимдин соттук коргонууга, көз карандысыз, акыйкат, компетенттүү жана натыйжалуу сот адилеттигине болгон, ошондой эле юридикалык квалификациялуу жардам алуу, ал эми мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда, мамлекеттин эсебинен алуу укугун бекиткен (40-берене). Баш Мыйзам адамдын укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу калыбына келтирүү максатында ар кимдин жогорку деңгээлдеги юридикалык жардам алууга толук мүмкүнчүлүк болуусун мамлекеттен талап кылат. Ушуну менен, адвокатты сот адилеттүүлүгүнүн максаттарына жетүүгө түздөн-түз катышкан субъект катары, анын ишине, квалификациялык деңгээлине, жүрүм турумуна Конституциядан келип чыккан жогорулатылган талаптардын бардыгын түшүндүрөт. Ошентип адвокаттык иш жарандардын жеке укуктук кызыкчылыктары менен мамлекеттин жалпыга маанилүү укуктук кызыкчылыктары кесилишкен өзгөчө чөйрөдөн келип чыгат. Демек, мамлекет тарабынан юридикалык жардамдын деңгээлинин стандарттарын аныктоо, тиешелүү юридикалык жол-жоболорун бекитүү, ошондой эле адамдарга адвокаттык кесиптин чөйрөсүнө кирүүнүн критерийлерин жана шарттарын аныктоо жана башка маселелер көңүл буруусуз калтырылышы мүмкүн эмес. Мындан, укуктук жардамдын сапаты жана мамлекеттин натыйжалуу сот адилеттигин камсыз кылуу багытындагы аракеттеринин ийгиликтүүлүгү көз каранды. Ушуга байланыштуу адвокаттык ишти баалоонун критерийлерин белгилеген, кесиптик талаптарга жооп бере албаган адамдарга адвокаттык ишти аткарууга жол бербеген укуктук тутум мыйзам деңгээлинде бекитүүгө жатат.
Конституция Адвокатураны өзүн-өзү башкаруучу, кесиптик жамааты катары таанып, ишин уюштуруу, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги жөнүндө маселелерин мыйзам менен жөнгө салууга мыйзам чыгаруучуну түздөн-түз милдеттендирет (57-берене).
Мыйзам чыгаруучу өзүнүн конституциялык дискрециясынын алкагында жана Конституциянын талаптарын аткаруу максатында Адвокатураны - автономдуу, өзүн-өзү башкаруучу, кесиптик коомдоштугу катары бекиткен.
Ошентип, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Адвокатура - бул адвокаттардын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу.
Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин аталган мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат (2-беренесинин 2-бөлүгү).
Сот адилеттиги эң жогорку даражадагы социалдык баркка ээ жана анын механизминде, сот өндүрүшүнүн атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулук шарттарын эске алуу менен адвокаттарга маанилүү орун бөлүнгөн.
Адвокаттык иш болуп жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана корголуучуга алардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн коргоо жана камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алган адамдар тарабынан кесиптик негизде көрсөтүлө турган квалификациялуу юридикалык жардам саналат.
Адвокаттын кесиптик иши компетенттүүлүк, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жашыруун сырды сактоо принциптеринде курулушу тийиш. Адвокаттар дайыма жалпыга маанилүү укуктук мүнөзгө ээ, анткени сот адилеттигин ишке ашырууга катышкандан сырткары, алар өз алдынча ар кимдин кызыкчылыктарын, укуктарын жана эркиндиктерин коргойт жана өкүлчүлүк кылат, ал эми алар бузулган учурда, мыйзамда каралган чараларды колдонуп, укуктарды калыбына келтирет. Ушундай коомдун алдындагы өзгөчө маанидеги милдеттери, көздөгөн максаттары, аткарган ишинин тартиби менен Адвокатура коомдук бирикмелерден айырмаланып турат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 35-беренелери камтыган биригүү эркиндигинин принциби Адвокатурага колдонууга жатпайт.
Ушул себептен, Конституция атайын адвокаттардын ишин өзүн-өзү башкаруучу, кесиптик жамааттын алкагында алып баруусун бекиткен. Мүчөлүк маселесинде өз ыктыярдуулук эмес, милдеттүүлүк принциби да Конституциянын 57-беренесинен келип чыгат. Ошондой эле мүчөлүк төлөмдөрдү төлөө, аймактык адвокатура-филиалдарын түзүү маселелери кесиптик коомдоштугунун бирден-бир болгондугуна (жалгыздыгына) байланыштуу.
Адвокаттык кесиптик жамааты, бир жагынан, өзүнүн мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатууну, Кесиптик этиканын ченемдерин сактоону милдеттендире ала турган, экинчи жагынан, адвокаттардын укуктарын жана көз карандысыздыгын сырткы таасирлерден коргой ала турган өз алдынчалыкка негизделген уюм болушу керек.
4. Сот адилеттигинин натыйжалуу тутумун куруу жана квалификациялык коргонуу чараларына жалпы мүмкүнчүлүктү берүү конституциялык маанилүү иштерин, окутуу, юридикалык жардамдын сапатын көзөмөлдөө жана баалоо механизимисиз мамлекет аткара албайт. Адвокаттар кесиптик квалификациянын жана билимдин тиешелүү деңгээлине жетмейинче, кардарга таасирдүү жардам бере албайт жана анын кызыкчылыктарын коргой албайт. Билимдин жана адеп-ахлактын жогорку деңгээли - бул адвокаттын укугу эмес, бул анын кесиптик милдети. Адвокаттардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга болгон талаптар жалпы сот адилеттиги тутумунун ийгиликтүү иштөөсүнүн негизги өбөлгөсү болуп эсептелиши тийиш.
Укуктук макамынын маанилүүлүгүнө байланыштуу адвокаттык этика соттук этиканын бир бөлүгү катары каралышы керек. Юридикалык жардамга кайрылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоонун баардык баскычтарында адвокаттын ишинин мазмуну жана этикалык мааниси, адвокат өзүнүн ишинин натыйжасы үчүн юридикалык жана адептик жоопкерчиликти сезүүнүн даражасы менен аныкталат.
Жогорулардын негизинде адвокаттык ишке жол берүүдөгү өзгөчө талаптар, өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштогу милдеттүү мүчөлүк, мүчөлүк төгүмдөр, квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу, Кесиптик этика Кодексин сактоо, жүрүм-турумдун кынтыксыз эместиги же өзүнүн милдеттерин ылайыксыз аткаруу үчүн жоопкерчилик, сот адилеттигин ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик маанилүү кызыкчылыктарды камсыз кылуу үчүн социалдык жактан акталган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынан келип чыккан зарыл талап катары каралышы тийиш. Демек, кайрылуучу тарап конституциялуулугун талашып жаткан "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пункттарынын, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бөлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциянын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 35-беренесине карама-каршы келбейт.
5. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору адвокаттык ишти ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан көптөгөн маселелерди жетиштүү деңгээлде жөнгө салбайт жана чоң укуктук кенемтелерди камтыйт.
Кесиптик коомдоштуктун катышуусусуз адвокаттын тартип жоопкерчилиги жана лицензиясынан ажыратуу маселелериндеги так эместиктер, адвокаттардын күнүмдүк ишинин уюштуруучулук-укуктук формаларынын каралбастыгы, ар бир адвокаттын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыгын камсыз кылуунун так механизминин жоктугу адвокаттык иште жалпыга тиешелүү коркунуч туудурат.
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адвокаттарга адвокаттык ишти өз алдынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруучулук-укуктук формаларында адвокаттык уюмдар аркылуу жүзөгө ашыра алат деген укук берилген. Ушуну менен бирге адвокаттык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу юридикалык жардам коммерциялык иш эместиги бекитилген (6-берененин 3-бөлүгү). Бирок, мыйзамда өз алдынча адвокаттык ишти коммерциялык максатты көздөбөй алып барууга мүмкүнчүлүк берген адвокаттык уюмдардын уюштуруучулук-укуктук формалары каралган эмес. Ал эми колдонуудагы "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алсак, коммерциялык эмес уюмдар өз ыктыярдуулугу, мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын жалпылыгы жана руханий, же башка материалдык эмес муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөгөн өзгөчө белгилери менен таанымал жана адвокаттык иштин маңызына дал келбейт.
Ушул себептен "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жакты түзүү менен өзүнүн адвокаттык ишин өз алдынча жүзөгө ашырып жаткан адвокаттар Адвокатура мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө кайра каттоодон өтүү милдетинин аткарылышы мүмкүн эмес.
Мыйзам чыгаруучу "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мамлекеттик кийлигишүүнүн өлчөмдөштүгү принцибин сактоо менен кесиптик коомдоштуктун өзүнүн жөндөмдүүлүгүн эске алып, ар бир адвокаттын көз карандысыздык жана өз алдынчалык принцибинин бузулушуна жол бербөөсү зарыл.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пункту, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнүн, 15-беренесинин, 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн, 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 6-пунктунун, 4-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 5-бөлүгүнүн 6-пунктунун, 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-пункттарынын, 32-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул Чечимдин жүйөлөөчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө милдеттендирилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 6-бөлүгү ушул Чечимдин 2-пунктуна ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин аткарылууга жатат.
4. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет, бардык мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы