Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\8b90f9ba-d539-4320-bf4d-443fa15c178e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 21-июлу № 403

Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 18-августундагы № 496 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Жаңы типтеги билим берүү стандарттарын киргизүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – Мамлекеттик стандарт) бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Мамлекеттик стандарт ушул токтомдун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү тутумуна жаңы  муундагы стандарттарды этап-этап менен киргизүү аркылуу Иш-чаралардын планына жараша жүзөгө ашырылат;

- предметтик билим берүү стандарттары Мамлекеттик стандарт менен бекитилген түзүмгө ылайык Мамлекеттик стандарттын негизинде иштелип чыгат.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын
21-июлундагы № 403 токтомуна
тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасына жаңы муундагы стандарттарды этап менен киргизүү иш-чараларынын
ПЛАНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590, 2017-жылдын 18-августундагы № 496 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Иш-чаралар

Мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4, 5-9, 10-11-класстары үчүн жаңы муундагы предметтик стандарттарды БИМдин чечими менен бекитүү

2016-2017-жылдар

БИМ

2

1-5-класстар үчүн предметтик стандарттарды киргизүү

2017-2018-жылдар

БИМ, райондук/шаардык билим берүү башкармалыктары, бөлүмдөрү, борборлору, жалпы билим берүүчү уюмдар

3

5-9-класстар үчүн предметтик стандарттарды киргизүү

2018-2019-жылдар

БИМ, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүүчү уюмдар

4

10-11-класстар үчүн предметтик стандарттарды киргизүү

2019-2020-жылдар

БИМ, билим берүү башкармалыктары, бөлүмдөрү, борборлору, жалпы билим берүүчү уюмдар

5

Жаңы муундагы стандарттар үчүн окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) иштеп чыгуу жана басып чыгаруу

2016-2019-жылдар

БИМ, Финмин

6

Жаңы муундагы предметтик стандарттар боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын өткөрүү

Дайыма

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогика кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту

7

Мугалим адистерди даярдоо

Дайыма

БИМ, педагогикалык кадрларды даярдоо боюнча университеттер, институттар, колледждер