КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 438
Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
Эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык билим- берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Билим беруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
2 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Улуттук аккредитациялык кеңешти түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө " Мыйзамынын ортосундагы карама-каршылыктарды четтетүүнү караган укуктук ченемдик актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-Министр |
Дж.К.Оторбаев |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын " 4 " августундагы № 438 токтому менен бекитилген |
Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш
жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңешти түзүү тартибин жана ишин жөнгө салат.
2. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) аккредитациялык агенттиктердин ишин таануу жөнүндө маселени коллегиялуу жана ачык-айкын кароо үчүн коомдук негизде иштеген консультациялык - кеңеш берүүчү орган.
3. Кенеш билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлөт.
4. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
2. Кеңештин максаттары жана милдеттери
5. Кеңештин максаты аккредитациялык агенттиктердин иштерин көз карандысыз жана объективдүү таанууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.
6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- уюмдардан келип түшкөн арыздарды кароо жана аларды аккредитациялык агенттик катары таануу/таануудан баш тартуу жөнүндө объективдүү чечим кабыл алуу;
- аккредитациялык агенттиктер тарабынан алардын ишине коюлуучу талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кеңеш 15 кишиден турат, аларга төмөнкүлөр кирет:
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси - Кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин үч өкүлү (билим берүү жаатындагы) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - кеңеш берүү укугу менен;
- өзүнүн карамагында билим берүүчү уюмдары бар эки ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери;
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин бир өкүлү;
- башталгыч, орто, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдарынын жетекчилери болуп саналбаган эки өкүлү;
- жумуш берүүчүлөрдөн жана алардын кесиптик бирикмелеринен үч өкүл;
- билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик бирикмелерден жана коомдук уюмдардан үч өкүл.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өзүнүн карамагында билим берүү уюмдары бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилери ушул органдын көрсөтмөсү менен Кеңештин курамына көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин өкүлү ушул коомдук кеңештин чечими менен Кеңештин курамына көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү окумуштуулар кеңешинин (педагогикалык кеңеш) чечими менен, бирок бир уюмдан эки кишиден ашык эмес көрсөтүлөт.
11. Жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөрдүн уюмдары, ассоциациялары аркылуу көрсөтүлөт.
12. Билим берүү жаатындагы кесиптик бирикмелердин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү билим берүүчү уюмдардын тиешелүү уюмдары же ассоциациялары тарабынан көрсөтүлөт.
13. Билим берүүчү уюмдардын өкүлдөрү төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек:
- билим берүү тутумундагы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес;
- билим берүү тутумундагы сапат кепилдиги маселеси боюнча иш тажрыйбасынын болушу 5 жылдан кем эмес;
- аккредитациялык агенттик же алардын жакын туугандары катары таанылууну каалаган коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери болбоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Билим берүү чөйрөсүндөгү жумуш берүүчүлөрдүн/жумуш берүүчүлөрдүн кесиптик бирикмелеринин жана башка уюмдардын өкүлдөрү төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- өзүнүн талапкерин көрсөткөн уюмдун иштеген мөөнөтү 3 жылдан кем эмес;
- билим берүү тутумундагы же билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик уюмдарда иш-тажрыйбасынын жана кесиптик байланыштарынын болушу;
- талапкерлигине көрсөткөн уюмда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин курамын түзүү үчүн өзүнүн сайтында жана "Кут Билим" гезитинде ушул Жобонун 8-12-пункттарында аталган уюмдардан арыз берүү мөөнөтүн жана тартибин көрсөтүү менен арыз кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырат.
Уюмдардан келип түшкөн арыздарды билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясы карап, ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарында аталган талаптарга ылайык көрсөтүлгөн талапкерлерди тандап алат.
Кеңештин курамы билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен беш жылдык мөөнөткө билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясынын чечиминин негизинде бекитилип, анын сайтына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Иштеп жаткан Кеңештин убактысын создуктурбай, Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга үч ай калганга чейин Кеңештин жаңы курамы түзүлөт, ал Кеңештин иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн кечиктирилбей аяктоого тийиш. Кеңештин жаңы курамы Кеңештин мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн кийинки күндөн тартып өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.
17. Кеңештин курамына бир эле адам катарынан эки мөөнөткө кире албайт.
18. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин кошпогондо бир эле уюм Кеңешке бирден ашык өкүлдү көрсөтө албайт.
19. Кеңештин ар бир мүчөсү Кеңештин төрагасына жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен өз каалоосу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан бошотулушу мүмкүн.
20. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укугу төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- Кеңештин жыйындарына жүйөлүү себепсиз катары менен үч жолудан ашык катышпай, өз милдеттерин так аткаруудан дайыма качканда;
- адам соттук тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектүү деп табылганда.
21. Кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Кеңештин мүчөлөрүнүн бош орундарына ушул Жободо каралган тартипте эки айдан кеч эмес мөөнөттө башка адамдар дайындалышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- аккредитациялык агенттиктин ишин таануу (мөөнөтүн узартуу), аккредитациялык агенттиктерди Улуттук реестрге киргизүү же андан чыгаруу;
- стандарттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу, аккредитациялоо жол-жоболорун өткөрүү үчүн минималдуу талаптар жана аккредитациялык агенттиктердин ишин уюштуруу;
- аккредитациялык агенттиктердин иштерине мониторинг жүргүзүү;
- аккредитациялык агенттикти таануу процессинин транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарын, программаларын аккредитациялоо;
- билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо жаатында эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү;
- өз иши тууралуу жыл сайын берилүүчү отчетту даярдоо жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарын түзүүгө;
- белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан, өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер, адистер же кызыкдар болгон коомдук уюмдар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- Кенештин ишин камсыз кылуу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк каражаттарды тартууга.
24. Кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аккредитациялык агенттиктерге Улуттук реестр жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында аккредитациялык агенттиктердин, ошондой эле аккредитациялык агенттик катары иш-аракети убактылуу токтотулган же биротоло токтотулган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин жарыялоого;
Кеңештин иши жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жыл сайын жарыялоого.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кеңештин курамы бекитилгенден кийин беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен Кеңештин биринчи жыйыны өткөрүлөт.
26. Кеңеш биринчи жыйынында иш планын бекитет жана Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча жооптуу катчыны шайлайт.
27. Жооптуу катчы билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин ичинен шайланат. Кеңештин жооптуу катчысы өз ишин туруктуу негизде Кеңештин жыйындарынын ортосундагы аралыкта жүргүзөт.
28. Кеңештин жыйындары зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
29. Кеңештин жыйыны эгерде ага Кеңештин чечүүчү добушка ээ болгон мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болот. Кеңештин чечими катышкандардын ачык добуш берүүсү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш аркылуу кабыл алынат. Добуштар барабар болуп калса, Кеңештин төрагасынын добушу артыкчылыкка ээ болот.
30. Кеңештин төрагасы:
- Кеңештин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кеңештин жыйындарына төрагалык кылат;
- Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ички документтерге кол коет;
- мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде Кеңештин атынан чыгат;
- Кеңештин ишин жетектөө үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Кеңештин жооптуу катчысы:
- Кеңештин ишин анын жыйындарынын аралыгында камсыз кылат;
- аккредитациялык агенттиктер берген баштапкы документтерди кабыл алат жана аларды текшерүүдөн өткөрөт.
- Кеңештин жыйындарына материалдарды даярдайт;
- Кеңештин иш-кагаздарын жүргүзөт;
- Кеңештин иши үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.