Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

 

ЧЕЧИМИ

2017-жылдын 15-февралы № 2-р

Жарандар Чынара Насеровна Джакупбекова, Таалайкуль Аскаралиевна Токтакунова жана Амангелди Мурзатович Молдобаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот жыйналышынын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин,

кайрылуучу тарап - Амангелди Мурзатович Молдобаевдин; анын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Сатарали Камбаралиев, Жыргалбек Олжобаевич Бабаевдин;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Жылдыз Сейитбековна Бокошованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Азизбек Шарипович Шукурбековдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу үчүн жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Жарандар Ч.Н.Джакупбекова, Т.А.Токтакунова жана А.М.Молдобаевдин өтүнүчтөрү бул ишти кароого себеп болушту.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 6-июлунда жарандар Ч.Н.Джакупбекова, Т.А.Токтакунованын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучулардын пикири боюнча, атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу үчүн жазык жоопкерчилигин караган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин конституциялуулугу талашылып жаткан 328-беренеси судьялардын көз карандысыздык жана кол тийбестик принциптерине чоң коркунуч туудурат, анын натыйжасында жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген соттук коргонууга болгон укугу бузулууда.

Арыздануучулар өзүнүн өтүнүчүндө, ченемдик укуктук актылардын бири да "сот адилеттигине жатпаган" деген терминдин мазмунуна түшүндүрмө бербейт, аны колдонуу, анын ар кандай чечмеленишине жана юридикалык негизделбеген соттук чечимдердин чыгарылышына алып келиши мүмкүн, судьялардын алсыздыгына көмөктөшкөн жол берилгис шарттар түзүлөт да, жана анын натыйжасында судьялардын көз карандысыздык конституциялык принциби бузулат деп көрсөтүшүүдө.

Кайрылуунун субъектилери, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши өз алдынча конкреттүү соттук актынын, анын ичинде материалдык мыйзамды колдонуунун тууралыгы же процесстик эрежелерди сактоо көз карашынан алганда, сот адилеттигине жатпагандыгын аныктоого акысы жок, мындай текшерүү процесстик мыйзамдарда бекитилген атайын процедурада гана, тактап айтканда ишти аппеляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттордо кароо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн деп эсептешет.

Арыздануучулар белгилегендей, тиешелүү соттук акт мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарылбаган учурда кырдаал курчуйт, ал эми жазык ишин козгоо прокурор тарабынан судьянын сот адилеттигине жатпаган же негизделбеген соттук актыны чыгаруусун констатациялоону билдирет, аны менен иш боюнча мыйзамдуу күчүндө турган чечим үчүн судья жазык куугунтугуна алынууда, ошентип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93 жана 94-беренелеринде бекитилген сот адилеттигин сот гана ишке ашырат, ошондой эле сот бийлигинин бүтүндөй өз алдынчалуулугунун жана көз карандысыздыгынын кепилдиги болгон судьялардын көз карандысыздыгы принциптери бузулууда.

Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы аныктамасы менен жарандар Ч.Н.Джакупбекова, Т.А.Токтакунованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 1-декабрында жаран А.М.Молдобаевдин Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүсүн таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

А.М.Молдобаев келтирген кайрылуусунда өзүнүн талаптарына жогоруда аталган жарандардын кайрылуусунда көрсөтүлгөндөргө өңчөй жүйөлөр менен укуктук негиздемелерди келтирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 27-декабрындагы аныктамасы менен А.М.Молдобаевдин өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Жарандар Ч.Н.Джакупбекова, Т.А.Токтакунова жана А.М.Молдобаевдин талаптары бирдей болгондуктан, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык судья-баяндамачынын 2016-жылдын 28-декабрындагы аныктамасы менен көрсөтүлгөн иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп жана аларды канааттандырууну суранды.

Жоопкер тараптын өкүлү Т.Ы.Ырысбеков бул кылмыштын өзгөчө коомдук кооптуулугу жазык жана жарандык иштерди кароодо соттордун ишмерлигинде мыйзамдуулуктун принцибин бузууда турат, бул сот адилеттигине жатпаган акты чыгарылган адам үчүн оор кесепеттерди алып келип, соттун кадырын кетирип, сот адилеттигине ишенимди жок кылышы мүмкүн деп белгилеп, кайырлуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок. Сот адилеттигине жатпаган актылар процесстик мыйзамды орчундуу бузуулары менен мүнөздөлөт, иштин нагыз жагдай-шартына карама-каршы келет, объективдүү чындыкты бурмалайт жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын конституциялык укуктары менен эркиндиктерине, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга зыян келтириши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, жоопкер тараптын өкүлү мыйзамдын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кайрылуучу тарап келтирген талаптарды канааттандыруудан баш тартууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Ж.С.Бокошова талашылып жаткан берене Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтүлгөн ченемдерине карама-каршы келиши мүмкүн эмес деп эсептейт, анткени алар соттук коргоо кепилдигин, сот адилеттиги сот аркылуу гана ишке ашырылуусун, сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазык, административдик жана сот өндүрүшүнүн башка формалары аркылуу ишке ашырылуусун карайт жана судьянын атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруусу үчүн жоопкерчилигине эч кандай тиешеси жок. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү сот адилеттигине жатпаган соттук актыны чыгаруу фактысын сот аныктайт жана судья чечим чыгарылгандан кийин гана күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп таанылышы мүмкүн деп белгиледи. Эгер судья атайылап (билип туруп) сот адилеттигине жатпаган чечим же башка соттук акт чыгарган факт такталган жана далилденген болсо, анда ал жоопкерчиликке тартылышы керек.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбеков арыздануучулардын жүйөлөрү негизсиз жана канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси боюнча судьяга карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим жогору турган соттун сот адилеттигине жатпаган соттук актыны жокко чыгаруу жөнүндө күчүнө кирген чечими бар болгондо гана кабыл алынат. Ушуну менен бирге, судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан судья чечим кабыл алган жагдай-шарттын бардыгы изилденет, соттук актынын өзүнө баа берилбейт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү, ошондой эле, бул категориядагы кылмыш иштерин тергөөнүн жүрүшүндө судья өз чечимин кабыл алууда анын сот адилеттигине жатпай тургандыгын алдын ала билгендиги жөнүндө олуттуу далилдер чогултулушу керек, ал жөнүндө пайда табуу ниети, өч алуу же башка жеке кызыкчылык сыяктуу ар кандай жагдай-шарттар күбө болушу мүмкүн деп белгиледи. Ошон үчүн, атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүмдү чыгаруу айыбын тагуу менен бирге, көпчүлүк учурларда, судьяга ишти кароодо кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу үчүн да айып тагылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А.Касымбеков талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт, анткени ал арыздануучулар ойлоп тапкан мүмкүн болуучу судьяларды куугунтуктоонун конституциялык эмес тажрыйбасы аркылуу чечмелеген мааниде колдонулбайт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси саналат:

"328-статья. Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу.

(1) Судья (сот) тарабынан атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар, эркиндигинен ажыратууга мыйзамсыз өкүм чыгаруу менен байланышса же башка оор кесепеттерге алып келсе, же болбосо менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга -

үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысында" 1998-жылы № 7 санында жарыяланган, мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет; сот адилеттигин сот гана ишке ашырат; судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет; конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок; сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат; судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат (40-берененин 1-бөлүгү, 93-берененин 1-бөлүгү, 94-берененин 1, 3-бөлүктөрү).

Сот бийлик бутагынын көз карандысыздык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн укуктук көз карашын бир нече жолу чагылдырган. Маселен, 2013-жылдын 27-январындагы чечимде соттук коргоо бардык башка конституциялык укуктар менен эркиндиктерге карата камсыздоо-калыбына келтирүү функциясын аткаруучу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат. Бул укуктук каражат сот бийлигин алып жүрүүчүсү - сот бийлигинин жана судьянын көз карандысыздыгынын шарттарында гана таасирдүү жана натыйжалуу боло алат. Так ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясында судьялардын көз карандысыздык принциби баса белгиленген.

Судьялардын көз карандысыздыгы, кол тийбестиги, алардын Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүүсү, сот адилеттигин жүргүзүү боюнча ишке кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө конституциялык жоболор судьянын укуктук статусун аныктайт жана сот бийлигин мамлекеттик бийликтин көз карандысыз жана адилеттүү бутагы катары бекитет (Конституциянын 94-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрү). Судьялардын көз карандысыздык принцибинин мааниси судьяларга Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен чечимдерди эркин кабыл алуу жана кандайдыр бир чектөөсүз, башкалардын таасирисиз, кысымсыз, коркутуусуз, ким тарабынан жана кандай гана себептер менен болбосун түз же кыйыр кийлигишүүсүз иштөөгө реалдуу мүмкүнчүлүк берген шарттарды камсыз кылууга умтулууда турат.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечимде баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз карашында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерде да байкалып турган судьялардын көз карандысыздык принциби менен соттук коргонууга болгон укуктун түз байланышы белгиленген. Ошентип, Адам укуктарынын жалпы декларациясы, ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин аныктоо жана ага коюлган жазык айыбынын негиздүүлүгүн аныктоо үчүн толук теңдиктин негизинде анын иши ачык жана адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен көз карандысыз жана адилет сот тарабынан каралышына укуктуу деп карайт (10-берене), Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, ар бир адамдын ага коюлган ар бир кылмыш айыпты кароодо, же кандайдыр бир жарандык процессте анын укуктары жана милдеттерин аныктоодо иштин мыйзамдын негизинде түзүлгөн, ыйгарым укуктуу, акыйкат жана көз карандысыз сот тарабынан ачык жана акыйкаттуу каралышына болгон укугун бекитет (14-берене), Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Конвенциясы, ар ким ар бир иштин каралышында көз карандысыз жана бейтарап сот тарабынан акылга сыяр мөөнөт ичинде акыйкат жана ачык териштирүүгө укуктуу деп карайт (6-берене).

Ошону менен бирге, сот бийлигин алып жүрүүчү катары сот бийлигинин жана судьянын көз карандысыздыгы судьянын жеке артыкчылыгы катары каралбашы керек. Ал судьялардын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишмерлигине кандайдыр болбосун кийлигишүүгө каршы кепилдик болуп саналат жана судьяларга адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгы менен акталган. Судьянын көз карандысыздыгы, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды, биринчи кезекте сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо каражаты болуп кызмат кылат жана судьялардын өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткаруусундагы, мыйзамдарды жана судьялардын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин сактоосундагы жогорулатылган жоопкерчиликти жокко чыгарбастан гана, дал ошолорду болжойт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы сот адилеттигинин коомдук-укуктук максаттарын жүзөгө ашыруучу судьяларга өзгөчө квалификациялык жана башка талаптарды бекитет, ошондой эле мыйзам чыгаруучуну судьяларга карата алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун жана жазык жоопкерчилигине тартылышынын өзгөчө тартибин бекитүүгө милдеттендирет (94, 95, 97-беренелер).

Ошентип, аталган конституциялык орнотмолор, бир жагынан, мыйзамдуулуктун жана укук үстөмдүгүнүн кепилдиги катары кызмат кылган институт катары сот бийлигинин коом алдындагы жоопкерчилиги жана экинчи жагынан, судьялардын көз карандысыздыгы жана кол тийбестиги сыяктуу конституциялык-маанилүү баалуулуктардын тең салмагын сактоону талап кылат.

3. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиги катары судьяга кол тийбестик принцибинин укуктук мазмуну анын инсандыгына кол тийбестигин, ал ээлеп турган турак жай менен кызматтык бөлмөлөрүнүн, ал колдонуп жүргөн жеке жана кызматтык унаа каражаттарынын, ага таандык документтердин, жүктүн жана башка мүлктүн кол тийбестигин, кат алышуу жана башка корреспонденциянын сырын (судьялардын телефон сүйлөшүүлөрүн, почто жана башка кабыл алуучу-жөнөтүлүүчү билдирүүлөрдү) камтыйт. Судьянын кол тийбестиги анын мыйзам менен бекитилген жоопкерчилик иммунитетин дагы болжойт.

Бирок, жетиштүү негиздердин болуусу жана мыйзамдардагы белгиленген процедураларды сактоо менен судья жазык жоопкерчилигине да, башка жоопкерчиликке да тартылышы мүмкүн. Андан тышкары, кылмыш жасаган судьяны жазык же башка жоопкерчиликке тартуунун мүмкүн эместиги, судьялардын кол тийбестик принцибин бурмалоого, ошондой эле бийликтин кылмыштарынан жана кыянатчылыктарынан жабыр тарткандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулуусуна алып келмек.

Бирок судья үчүн, эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен, бул пикирлер же чечимдер кылмыштуу кыянаттык кылуунун жыйынтыгы деп табылбаса, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө айтылган же кабыл алынган пикирлер же чечимдер үчүн бардык жоопкерчилик алынып салынат (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы чечими).

Мыйзам чыгаруучу, судьяны сот адилеттигин жүзөгө ашырып жаткан учурда айтылган пикири же чечими үчүн жоопкерчиликке тартууга тыюу салуунун жалпы эрежесин бекитип жатып, сот ишмерлигин жүзөгө ашырууда, конкреттүү ишти чечүүнүн жүрүшүндө материалдык же процесстик укуктун ченемдерин чечмелөөдө же колдонууда соттук каталар пайда болушу мүмкүн жана алар жогору турган инстанциялар тарабынан оңдолууга тийиш деген ойдон келип чыккан.

Дал ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу судья чыгарган сот адилеттигине жатпаган чечим үчүн жазык жоопкерчилигин караган, андай чечим атайылап жасалуу мүнөзүнө ээ болушу керек.

4. Судьяны атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүмдү, чечимди же башка соттук токтомду чыгаруу үчүн жазык жоопкерчиликке тартуу судьянын кол тийбестик принцибинин мазмундук бөлүгүн эске алуу менен өзгөчө процедурасына ылайык жүзөгө ашырылуусу керек.

Соттук актынын атайылап сот адилеттигине жатпагандыгы, жекече, андагы иш боюнча аныкталган жагдай-шарттарды атайылап бурмалоо, жосунду мыйзамга каршы квалификациялоо, жумшактык да жана катаалдык да байкалган анык адилетсиз жаза берүү, мыйзамсыз соттоо же актоо, жарандык доону негизсиз канааттандыруу же андан баш тартуу, материалдык жана процесстик мыйзамдын талаптарын одоно бузуу жана атайылап кабыл алынган соттук актынын мүнөзү даана көрүнгөн башка учурларда чагылдырылышы мүмкүн. Атайылап сот адилеттигине жатпаган чечим мыйзамда каралган ар кандай сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда судья тарабынан жеке да, коллегиялдуу түрдө да чыгарышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, бул кылмыштын субъективдүү жагы тике ниет менен гана мүнөздөлөт.

Ошону менен бирге талашылган ченем боюнча, эгер сот адилеттигине жатпаган актылар материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонууда атайылап эмес ката кетирүүнүн натыйжасында, ошондой эле тиешелүү соттук актыны кабыл алуудагы тыянактарга таасир эткен иштин далилдерин жана башка материалдарын баалоо учурунда сот адилеттигине жатпаган сот актылары чыгарылган болсо, судьянын (судьялардын) аракеттери квалификацияланышы мүмкүн эмес.

5. Судьяга карата жазык ишин козгоонун өзгөчө тартиби, кандайдыр бир процесстик кепилдик жана коомдогу өзүнчө туруштук берүүчү жана турукташтыруучу фактордун ролун аткарууга арналган сот бийлигинин өзгөчө статусунун тастыктоо болуп эсептелет жана алар тарабынан сот адилеттигин жүргүзүү боюнча маанилүү мамлекеттик функцияны жүзөгө ашыруусуна байланыштуу кызматтык статусу менен шартталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, кылмыш жасагандыгы тууралуу негиздүү шектенүүлөр болгондо, колдонуудагы мыйзамга ылайык судьяга карата жазык ишин козгоо, судьянын ишине кийлигишүү жана анын көз карандысыздыгы принцибин бузуу болуп эсептелбегендигин мурда белгилеген болуучу (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 27-декабрындагы чечими).

Ушуга байланыштуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу процессинде жасаган жосуну үчүн судьяга карата жазык куугунтугун жүргүзүүдө соттук актылардын милдеттүүлүк принциби, алардын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кыйшаюусуз аткарылуусу жана алардын мыйзамда каралган атайын процедураларда соттук тартипте гана жокко чыгарылуусу сөзсүз эске алынышы керек. Мыйзамдуу күчүнө кирген, жокко чыгарылбаган жана өзгөртүлбөгөн соттук акт сот адилеттигине жатпаган акт катары каралышы мүмкүн эмес, анткени жогору турган соттук инстанция тарабынан бул соттук актынын мыйзамдуу эместиги жана негизсиздигинин белгиленген тартипте ырасталбагандыгы, анын сот адилеттигине туура келерин болжойт.

Демек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси боюнча квалификацияланган кылмыштын белгилери боюнча судьяга карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен жазык иштин козголушу, эгерде судья чыгарган соттук акт жогору турган соттук инстанция тарабынан жокко чыгарылбаса же өзгөртүлбөсө, муну соттук эмес органдын соттук актыга баа берүү мүмкүнчүлүгү катары эсептөө зарыл, демек, ал конституциялык орнотмолор менен тыюу салынган сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишмерлигине кийлигишүү болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 3-бөлүгү).

Бул тыянак сот адилеттиги жаатында соттон тышкары тартипте соттук актыларды кайра карап чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эл аралык стандарттарга шайкеш келет, алар соттук актыларды ар кандай соттон тышкары баалоо мүмкүн эмес деп болжойт, анткени сот адилеттигинин актыларына мындай мамиле кылуу аларды административдик актылар менен алмаштырууга алып келиши мүмкүн, бул болсо сот бийлигинин өз алдынчалуулук, бийлигинин толуктугу жана өзгөчөлүгүнө зарыл болгон кепилдиктерди берүүдөн баш тартуу болуп саналат (Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 1985-жылдын 29-ноябрында жактырылган соттук органдардын көз карандысыздыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Негизги принциптеринин 4-пункту).

6. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссиянын судьяга карата жазык куугунтугун жүзөгө ашырууга макулдук берүү жөнүндө чечиминин болуусу жөнүндө талап бар.

Судьялардын кол тийбестик принцибин эске алганда жана ага ылайык сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө судьялар айткан пикири же чыгарган чечими үчүн жазык жана башка жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес экенин билип, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссия конкреттүү соттук акт сот адилеттигине жатканын же жатпаганын өз алдынча аныктоого акысы жок, б.а. анын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн баалоого, анын ичинде материалдык мыйзам туура колдонулдубу же процесстик эрежелер сакталдыбы деген көз караштан баалоого акысы жок, - мындай текшерүү иши процесстик мыйзамдарда бекитилген атайын процедурада, тактап айтканда ишти апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттор менен кароо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссия жазык иштин бардык жагдай-шарттары соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тике изилденген жыйынтыктар боюнча токтом кылуучу өкүмдө гана болушу мүмкүн болгон (анын ичинде жазык жоопкерчилигине тартылган адамдын күнөөлүүлүгү жөнүндө) тыянактарды өз чечиминде жасоого акысы жок, тактап айтканда жазык процессинин кийинки стадияларында далилдөө предметине айлана турган маселелерди чечүүгө акысы жок. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүү жөнүндө чечим кабыл алуу ыйгарым укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссия, эгерде жогору турган соттук инстанциянын текшерүүсүнүн жүрүшүндө тиешелүү мыйзам бузуулары аныкталбаган болсо, өзүнө сот адилеттигин жүзөгө ашыруу иш-милдеттерин ала албайт, судьялардын конкреттүү иштерди кароодо жасаган тигил же бул процесстик аракеттерин жана алар кабыл алган чечимдеринин мыйзамдуулугуна баа бере албайт.

Демек, эгерде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартиптик комиссия судья аткарган кызматынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда карманган көз карашына байланыштуу жазык иштин козголушу себеп болбогонуна ынанган учурда гана, судьяны жазык жоопкерчилигин тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Ошентип, атайылап сот адилеттигине жатпаган соттук актыларды чыгаруу үчүн судьялардын жазык жоопкерчилигин караган талашылып жаткан ченем судьялардын көз карандысыздык принцибин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ар кимдин соттук коргонууга болгон укугун бузбайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 93-беренесинин 1-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы