Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\27763336-ef2a-437e-9bf4-dd8d789f8498\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасына байланыштуу "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

2017-жылдын 29 марты №5-р

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров, судьялар К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында, сот жыйналышынын катчысы С.А.Джолгокпаеванын,

кайрылуучу тарап - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишеним кат боюнча өкүлү Урмат Сагыналиевич Аралбаевдин;

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун, Макен Сайдивалиевич Турдугуловдун;

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча Комиссиянын катчылыгынын ишеним кат боюнча өкүлү Эрнист Мыктыбекович Апиловдун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Нурлан Токтобекович Элгондиевдин, Адилет Касымбекович Аксакаловдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Азат Джумгалбекович Бакаевдин катышуусу менен,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасы бул ишти кароого себеп болду.

"Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Э.Ж.Осконбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелери, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесинин 1-пункту конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесине 50-беренесинин 2-бөлүгүнө, 53-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө сунуштамасы келип түшкөн.

Талашылып жаткан Мыйзамдын 6-беренеси менен террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесинин 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Кайрылуунун субъекти, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесинин 1-пунктунда жарандыктан ажыратуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок, анткени бул негиздер таяныч жоболор - соттун күчүнө кирген өкүмү жок көрсөтүлгөн деп белгилейт. Бул күнөөнү мыйзамда бекитүү жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен далилдөө конституциялык принципти бузууда (26-берененин 1-бөлүгү).

Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, жарандын Кыргыз Республикасына таандык болуу укугун жокко чыгаруу менен жарандыгынан мажбурлап ажыратуу мамлекеттин укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жол берилген адамдардын укуктарын чектөөлөрдүн катарына кириши мүмкүн эмес (20-берененин 2-бөлүгү). Бул, адам өкүм чыккандан кийин эркиндигинен ажыратылат, ал эми анын жарандыктан мажбурлап ажыратуу учурундагы андан аркы (жаза чарасын тарткандан кийинки) укукка каршы аракеттери жөнүндө далилдер жок болот деген жагдай менен байланыштуу.

Кайрылуунун субъекти жарандыктан мажбурлап ажыратуу Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарын - мыйзамдуу негиздерде Кыргыз Республикасында туулган же жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандыгын өзгөртүү укугу сыяктуу эле ажыратылууга мүмкүн эмес болгон, анын мамлекетке таандык болуу (жарандык) укугун бузууда деп эсептейт (50-берененин 2-бөлүгү).

Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуунун субъекти "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө, 53-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Ошондой эле кайрылуучу тараптын айтуусу боюнча талашылып жаткан мыйзамдын 7-беренеси менен "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренеси 2-бөлүк менен толукталууда, ага ылайык террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө тыюу салынат.

Кайрылуунун субъекти, мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр жарандыгынан ажыратылган адамдын пенсиясынын эсептелишине жана төлөнүп берилишине болгон укугун жокко чыгарууда деп эсептейт. Жарандыктан мажбурлап ажыратуу андай адамдын үй-бүлөсүнө зыян келтирет, анткени анын пенсиясы үй-бүлөнүн жалпы кирешесине кирет. Бул Кыргыз Республикасынын жарандарына болгон карылыкта социалдык жактан камсыздандыруу конституциялык кепилдигине карама-каршы келет (53-берененин 1-бөлүгү).

Ошондой эле кайрылуунун субъекти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1412-XII токтому менен ратификацияланган ЭЭУнун № 118 өлкө жарандарынын, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын социалдык камсыздандыруу чөйрөдөгү тең укуктуулугу жөнүндө Конвенциясына ылайык Кыргыз Республикасы өзүнө жарандыгы жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү милдеттерин алган.

Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучу "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө, 53-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кайрылуунун субъекти "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 32-беренесине ылайык 2016-жылдын 8-декабрында талаптардын предметин өзгөрткөн. Кайрылуу субъекти "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө, 53-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө талабын сунуштаманын предмети деп эсептөөнү суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 19-январындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасы "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынды. Ошону менен бирге, Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө, 53-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайыктуу эмес деген аргументтерин жетишсиз деп эсептешти, ушуга байланыштуу кайрылуу субъектинин талаптары бул бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган жок.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талабын колдоп, 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына болгон түзөтүүлөргө байланыштуу жарандыктан ажыратуу маселелери конституциялык мыйзам менен жөнгө салынуусу керек деп кошумча белгиледи.

Жоопкер тараптын өкүлү Т.Ы.Ырысбеков кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана террорчулук коомго, конституциялык түзүлүшкө жана адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерине жогорку даражадагы коркунуч туудурган көрүнүш катары өзүндө зордук идеологиясын жана коомдук аң-сезимге таасир этүү тажрыйбасын камтыйт, ошон үчүн мамлекеттик бийлик органдары тарабынан орундуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат.

Мамлекет үчүн андан кем эмес коркунучту экстремизм түзөт, ал радикалдык максаттарга жетишүү үчүн жапырт башаламандыктарды, коркутууларды жана конфликттерди чечүүнүн башка катаал формаларын көрсөтүүнү пайдалануу жолу менен мүнөздөлөт.

Террорчулук жана экстремисттик кылмыштарды жасоо көндүмдөрүн жана ыкмаларын үйрөнүүгө багытталган даярдыктан өткөн адам, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилген укуктардын бардыгын пайдаланып, Кыргызстан, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери үчүн гана эмес, бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна да коркунучтун объектиси болот.

Жоопкер тараптын өкүлү талашылып жаткан ченем адамдын соттук коргонууга болгон укуктарын чектебейт, анткени мыйзам чыгаруучу адам жеке өтүнүч менен жарандыгын калыбына келтире алат, ал эми жарандык маселелери боюнча чечимдер соттук тартипте даттанылышы мүмкүн деп аныктаган ("Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренеси, 41-беренесинин 1-бөлүгү).

Жоопкер тараптын өкүлү коомдук коопсуздук, өлкөнүн стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, өмүр жана саламаттык адамзаттын жогорку баалуулуктары катары, ошондой эле кооптуулук коркунучун алдын алуунун максаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн негиз болду деп болжойт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү М.С.Турудугулов Т.Ы.Ырысбековдун жүйөлөрүн колдоду.

Баяндалганды эске алуу менен, жоопкер тараптын өкүлдөрү талашылып жаткан Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептешет жана кайрылуучу тарап менен коюлган талапты канааттандыруудан баш тартууну суранышууда.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча Комиссиянын катчылыгынын өкүлү Э.М.Апилов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектөө мүмкүнчүлүгү бекитилген деп эсептейт. Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамга киргизилген өзгөртүү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун коргоо, анын ичинде мамлекетти, өлкөнүн калкын террорчулук жана экстремисттик кылмыштардан коргоо зарылдыгы менен шартталган, алардын коомдук коркунучу жана аларга каршы күрөштүн актуалдуулугу Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө белгилүү.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жарандык маселелер боюнча чечимдер соттук тартипте даттанылат, ушуга байланыштуу, талашылып жаткан ченем жарандардын соттук коргонууга болгон конституциялык укугун чектебейт (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту). Талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган күнөөсүздүк презумпциясы принцибине каршы коюу негизсиз, себеби талашылып жаткан ченемде жарандын көрсөтүлгөн аракеттердеги күнөөсүнүн даражасы аныкталбайт. Жарандын Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга алып келүүчү аракеттерди жасагандыгы жөнүндө конкреттүү юридикалык фактылар гана аныкталууда.

Талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү туурасында Катчылыктын өкүлү жарандыктан ажыратууга конституциялык тыюу салуу жана талашылып жаткан мыйзамда көрсөтүлгөн жарандыкты жоготуу процедурасы өзүнүн укуктук табияты боюнча бирдей эмес деп белгилөөдө. Дүйнөлүк тажрыйбада тигил же бул мамлекеттин жарандык жөнүндө мыйзамдарында көрсөтүлгөн процедуралардын экөөсү тең бар болгон учурлар кездешет, ушуга байланыштуу, талашылып жаткан мыйзам менен белгиленген конституциялык ченемдин ортосунда карама-каршылыктар жок деп болжойт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү Н.Т.Элгондиев, А.К.Аксакалов талашылып жаткан Мыйзам эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы натыйжалуу аракеттер, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдатуу максатында кабыл алынган деп болжошот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 50-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик бирдигинде мамлекет адамга укуктар менен эркиндиктерди ыйгаруу менен, анын кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн жүзөгө ашырылышын, бул мамлекеттин юрисдикциясында укуксуз аракеттерден коргоону кепилдейт. Өз кезегинде, мамлекет инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүрүш-туруштун белгиленген эрежелерин сактоону адамдан талап кылат. Мындай талап мамлекеттин эгемендик принцибинен келип чыгат жана мамлекет тарабынан өз функцияларын аткарууга багытталган.

Ушундай контекстте бул жобо жарандык алууга ар кимдин укугун караган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келет. Ушул эле берененин 2-бөлүгү эч ким өз жарандыгынан эркине каршы ажыратылышы мүмкүн эмес деп жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конституциялык мыйзамда бул багытта өзүм билемдик аракеттерди жок кылуучу жарандыктан ажыратуунун негиздери жана тартиби бекитилиши керек.

Кыргыз Республикасы Террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенциянын (Кыргыз Республикасы 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 79 Мыйзам менен кошулган), Террорчулук, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүү жөнүндө Шанхай Конвенциясынын (2002-жылдын 10-апрелиндеги № 50 Мыйзам менен ратификацияланган), Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы Конвенциясынын (2011-жылдын 11-июлундагы № 90 Мыйзам менен ратификацияланган) катышуучусу катары террорчулук, сепаратизм жана экстремизм эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө, ошондой эле адамдын негизги укуктары менен эркиндиктеринин жүзөгө ашырылуусуна коркунуч туудурарын туюп, террорчулук иш аракеттерди, анын бардык көрүнүштөрүндө айыптоого макулдугун берген.

Биринчи эки эл аралык конвенцияда тараптар, алардын ченемдеринин алкагына түшкөн жосундар кандай гана жагдай болбосун саясий, философиялык, расалык, этникалык, диний же башка мүнөздөгү көз караштар боюнча акталууга жатпагандай жана алардын оордугунун даражасына жараша жаза тартууга алып келе тургандай чараларды, анын ичинде улуттук мыйзамдар жаатында зарыл болушу мүмкүн болгон чараларды да кабыл алат деп белгиленген.

Жарандыкты жоготуу кылмыш жолун тандаган адамдарга өлкөнүн аймагына кирүү жана анын аймагында жүрүүнү оорлотуу менен Кыргыз Республикасынын башка жарандарын жана бүтүндөй мамлекетти коргоого багытталган. Жарандыкты жоготуунун максаты жаза берүүнүн кайтарылбастык принциби иштебей, бирок коопсуздук коркунучу сакталып турган учурда өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Келтириле турган зыяндын мүнөзүн жана алардын мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алып, мындай жүрүм-турумдун катарына террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөгө катышууну, ошондой эле чет мамлекетинин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышууну да киргизүү керек.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эгемендик укугун жетекчиликке алып, жарандык маселелерин укуктук жөнгө салууда көз карандысыз. Мындай көз карашта жарандыкты токтотуу маселеси кодулоо ченеми же адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жол берилгис чектөө катары каралышы мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.Дж.Бакаевдин пикири боюнча, 2016-жылдын 28-декабрындагы референдум менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул берене, мурунку редакциясынан айырмаланып, жарандыктан ажыратуу учурларын жана тартибин конституциялык Мыйзамда карайт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын өндүрүшүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргенге чейин келип түшкөн. Ушуга байланыштуу, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине негизделерин эске алуу менен, Юстиция министрлигинин өкүлү сунуштамада козголгон маселе өзүнүн көйгөйлүүлүгүн жоготкон деп эсептейт.

Ошону менен бирге, А.Дж.Бакаев жогоруда аталган конституциялык ченемди жүзөгө ашыруу максатында Юстиция министрлиги Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге тиешелүү конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип жаткандыгы жөнүндө көрсөттү, анда жарандыктан ажыратуунун негиздери жана алардан ажыратуунун кесепеттери каралат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинки жыйынтыктарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси саналат:

"6-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 461-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

26-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча расмий милдеттерди аткаруу учурларын кошпогондо, адамдын чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирүүсүнүн; террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөсүнүн; чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусунун кесепетинде.".

"Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, 2016-жылы 16-августунда "Эркин Тоо" гезитинин № 71 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде катталган жана колдонуудагы акт болуп саналат.

2. Конституция Кыргыз Республикасын эгемендүү, укуктук, демократиялык мамлекет деп жарыялайт (1-берененин 1-бөлүгү), бул мамлекеттин көз карандысыздыгын, анын ичинде өзүнүн жарандык институтунун укуктук жана уюштуруу механизмдерин камсыз кылуу ишиндеги көз карандысыздыгын билдирет.

Бул жарандык маселелери боюнча иштелип чыккан жалпы демократиялык принциптерге негизделген эл аралык-укуктук тажрыйбанын стандарттары менен ара катышта, алардын алкагында ар бир мамлекет ички мыйзамдарынын негизинде өзүнүн жарандык маселелерин өз алдынча жөнгө сала алат.

Эл аралык тенденцияларды жана өзүнүн Конституциясынын орнотмолорун улап, Кыргыз Республикасы жарандыкты алуунун жана токтотуунун негиздерин, шарттарын жана тартибин белгилеген "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамды кабыл алган, анда "жарандык" деген алардын өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн адамдын Кыргыз Республикасы менен туруктуу укуктук байланышы деп аныкталган (3-берене).

Жарандык конституциялык-укуктук маанисинде базалык элемент болуп саналат, анын негизинде адамдын мамлекетке саясий-укуктук таандыгы аныкталат, анын өзгөчө укуктук статусун таануу, өлкөнүн Конституциясы жана мыйзамдары менен аныкталган укуктар, эркиндиктер жана милдеттердин тобун ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жана андан тышкары мамлекеттик коргоону камсыз кылуу үчүн юридикалык негиздер пайда болот.

Ошол эле учурда, мамлекет өзүнүн юрисдикциясына ылайык адамдан кайсы мамлекеттин жараны болсо, белгиленген жүрүм-турум эрежелерин жана ал мамлекетке карата лоялдуулук принцибин сактоону талап кылууга, жана ал өз милдеттерин бузган учурда аны жоопкерчиликке тартууга укуктуу. Болбосо, ар бир жаранга өз укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле аларды мүмкүн болуучу кол салуулардан коргоо боюнча мамлекеттик функциялар мамлекет менен жарандын мамилелеринин негизинде жаткан маанисин жоготуп коет.

3. Мамлекеттердин азыркы кездеги өнүгүү динамикасы дүйнөнүн уламдан-улам ачык болушун жана жарандык маселелери боюнча коомдук мамилелердин глобализацияланышын күбөлөндүрөт. Кош жарандуулук жана көп жарандуулук институттарынын пайда болуусу жарандык жеке мамлекеттин ички көрүнүшү катары каралышы мүмкүн эмес экендигин билдирет, себеби ал бир мамлекеттин укуктук жөнгө салуусунун алкагынан чыгып кетүүдө жана мамлекеттер аралык укуктук регламенттөөнү талап кылууда.

Бул жааттагы демократиялык жанданууга негизги өбөлгө болуп дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 1948-жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын ченемдеринин жүзөгө ашырылуусу саналат, жекече, "субъекттин укугун кайсы жерде болбосун таануу" деген ар кимдин укугун бекемдөөчү 6-беренесинин жүзөгө ашырылуусу, натыйжада бул адамдардын эркин жүрүүсүнө жана убактылуу тура турган жери менен жашай турган жерин тандоо эркиндигининин кеңири таралышына алып келди.

Аны менен бирге, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 15-беренеси ар кимдин жарандыкка болгон укугун бекитет жана жарандыктан өзүм билемдик менен ажыратууга жол бербейт.

БУУнун Башкы Ассамблеясы өзүнүн 50/152 резолюциясында жарандыктан өзүм билемдик менен ажыратууга тыюу салуунун пайдубалдык мүнөзүн тааныды. Адам укуктары боюнча БУУнун Кеңешинин Адам укуктарынын жалпы декларациясынын беренелерине жасаган түшүндүрмөлөрүнө ылайык жарандыктан өзүм билемдикке салып ажыратуу мыйзамдын негизинде гана болушу мүмкүн. Бул мыйзамда жарандыктан ажыратуу менен байланышкан негиздер жана процедуралар так белгилениши керек дегенди билдирет. Ошону менен бирге жарандыктан ажыратуу негиздүү, акылга сыяр жана өлчөмдөштүк принцибине шайкеш келиши керек.

Баяндалгандан улам, эл аралык укуктун ченемдери мамлекеттин демилгеси менен жарандыктан ажыратууга жол берери келип чыгууда.

Калыптанган эл аралык тажрыйба жарандыктан ажыратуунун конкреттүү негиздеринин жана процедураларынын иштелип чыгуусу жөнүндө күбөлөндүрөт. Маселен, Жарандык жөнүндө Европа конвенциясы арыз берүүчү шылуундук, жалган же ишке тиешелүү ар кандай маалыматты жашыруу жолу менен жарандыкка ээ болсо, чет мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө ыктыярдуу кызмат кылса, мамлекеттин өзгөчө маанилүү кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүчү аракет болсо мамлекет өзүнүн демилгеси менен аны жарандыктан ажыратууну карайт.

Ошону менен бирге, эл аралык укукта жарандыктан ажыратуу акыркы чара катары каралат, мамлекет аны улуттук мыйзамдарда так белгиленген жана улуттук соттор аркылуу колдонулуучу өзгөчө учурларда гана колго алышы мүмкүн.

Ошентип, эл аралык укук өзүнүн башкы артыкчылыктарынын катарына жарандыкты токтотуу маселелерин чечүүдө мамлекеттер тарабынан жарандыктан ажыратуунун негиздери, шарттары жана процедуралары, калыс соттук териштирүүгө укугун кошуп, улуттук мыйзамдарда бекитүү аркылуу адамды анын жарандыгынан өзүм билемдик менен ажыратууну жокко чыгаруучу стандарттардын сакталышын киргизет.

Өңчөй укуктук көз караш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан 2016-жылдын 11-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна болгон Корутундуда чагылдырылган, анда жарандыктан ажыратууну акыркы чара катары колдонуу мүмкүнчүлүгү жана өзүм билемдик аракеттерди жокко чыгара турган жарандыктан ажыратуунун негиздерин жана тартибин конституциялык мыйзамдын ченемдеринде бекитүү зарылдыгы жөнүндө белгиленген.

Кыргыз Республикасы, дүйнөлүк коомчулуктун бир бөлүгү катары жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин карманышы керек, ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан өзүм билемдик менен ажыратууну жокко чыгаруу максатында конституциялык мыйзамда жарандыктан ажыратуунун так негиздерин, так регламенттелген процедурасын, жарандыктан ажыратуу маселесин чечүүдө юридикалык мааниге ээ фактыларды аныктоонун соттук тартибин кошуп кароо зарыл.

4. Кыргыз Республикасы эгемендиктин бардык белгилерине ээ болуп, конституциялык мыйзамдын негизинде жарандыктан ажыратууну жана жарандыкты өзгөртүү укугун чектөөнү мүмкүн деп белгилеп, Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуунун укуктук негиздерин өзгөрттү.

2016-жылдын 11-декабрындагы референдум менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жарандык маселесин жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. Аны Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 2-бөлүгү мындай деп жарыялайт: "Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан же өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.".

Оболу, конституциялык жаңылык жарандык маселесинде адамдын абалын начарлатпай тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Мурда колдонуудагы "бир дагы жаран өзүнүн жарандыгынан же өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес" деген конституциялык орнотмо жаран лоялдуулук принцибин карманып жана мамлекеттин жараны болуп, өз мамлекетинин кызыкчылыгына турмуштук маанилүү кызыкчылыктарына зыян келтирбөө шартында гана адамдын ажыратылгыс укугу катары каралышы мүмкүн болуучу. Башкача түшүнүү өз ара милдеттенмелерге негизделген адам жана мамлекеттин ортосундагы мамилелер катары жарандыктын маңызына карама-каршы келмек.

Ошон үчүн киргизилген өзгөртүүлөр менен жарандыктан ажыратуу жана кодификацияланган же органикалык мыйзамга салыштырмалуу жогорку юридикалык күчкө ээ болгон конституциялык мыйзам аркылуу жарандыгын өзгөртүү укугу маселесин регламенттөөгө болгон талаптар гана көтөрүлдү, бул коомдо ушул маселенин салмагынын өсүшүнө ылайык.

Жарандык алуунун негиздерине карабастан, аны алуунун жана токтотуунун кесепеттери үчүн өзгөчө мааниге ээ болот, анткени конкреттүү адамдын укуктарынын тобунун, эркиндиктеринин, милдеттеринин, жоопкерчилигинин жана коргонуу каражаттарынын пайда болуусуна жана алардын токтотулушуна алып келет.

Жарандыктын токтотулушу адам жана мамлекеттин ортосундагы мамилелердин аякташынын формасы болуп, өзүнүн укуктук табияты боюнча жарандыкты токтотуу мүмкүнчүлүгүнүн эки жолун карайт: жарандыктан чыгуу жолу менен жана жарандыгын жоготуу (жарандыктан ажыратуу) аркылуу.

Жарандыктан чыгуу адамдын ыктыярдуу эркине негизделүү менен адамдын өзүнүн демилгеси менен жарандыкты токтотуунун процедурасын козгоо болуп саналат.

Жарандыктан ажыратуу - бул жарандын жүрүм-туруму мамлекеттин кызыкчылыктарына жана мыйзамдарына туура келбеген учурларда колдонулуучу санкциялык чара.

Жарандыкты токтотуунун себептери жана негиздеринин мындай айырмасы жарандыктан чыгуу жана ажыратуу механизмдерин ар кандай укуктук регламенттөө зарылдыгын алып келүүдө.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандык маселелерин ар кандай укуктук статусу бар мыйзамдар менен укуктук жөнгө салууну карайт. Маселен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесинин 3-бүлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталышы керек, ал эми жарандыктан ажыратуу жана жарандыгын өзгөртүү укугун чектөө ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык конституциялык мыйзамда жөнгө салынышы керек.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жарандык маселелерин ар кандай мыйзам актыларында укуктук жөнгө салынышы жарандык жөнүндө конституциялык жоболорду жүзөгө ашыруудагы жөнгө салуучу усулдардын натыйжасыз болушуна өбөлгөлөрдү жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Буларды эске алганда, жарандыктын бардык маселелери жогорку юридикалык статуска ээ болгон бир ченемдик укуктук акты - конституциялык мыйзамда жөнгө салынышы мүмкүн.

Баяндалганга байланыштуу, жарандыктын маселелерин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул чечимдин 3, 4-пункттарында баяндалган укуктук көз караштарын эске алуу тийиш.

5. "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талашылып жаткан 6-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесинин 1-пунктуна жарандыкты жоготуунун негиздерине эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча расмий милдеттерди аткаруу учурларын кошпогондо, адамдын чет мамлекеттин аскердик же чалгындоо кызматына кирүүсүнүн, чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусунун кесепетинде деген негиздердин катарына террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана көндүмдөрүн алууга багытталган даярдыктан Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта өтөөсүнүн кесепетинде деген өзгөртүү киргизилген.

"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзамда камтылган жарандыкты жоготуу жөнүндө ченемдер, бул маселени регламенттөөчү конституциялык мыйзамдын жоктугуна байланыштуу Негизги мыйзамды өзгөртүүнүн натыйжасында пайда болгон табигый укуктук ача пикир болуп эсептелет, анткени бул маселе мурда кабыл алынган эски процедура боюнча жөнгө салынышы мүмкүн эмес, ал эми жаңысы болсо иштелип чыга элек. Бирок, пайда болгон укуктук коллизия талашылып жаткан мыйзамдын ченемин конституциялуу эмес деп таануу үчүн негиз боло албайт. Бул учурда мыйзамдын мезгил алкагында колдонуу эрежелерине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2007-жылдын 21-майындагы "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Мыйзам 2016-жылдын 2-августундагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулууга тийиш.

Ошентип, "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинде жарандыкка жана жарандыгын өзгөртүү укуктарын жокко чыгарбайт жана кемсинтпейт, ар кимдин соттук коргонууга болгон укугун бузбайт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп каралышы мүмкүн эмес.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан ушул чечимде көрсөтүлгөн конституциялык-укуктук түшүндүрмөсүнө ылайык түшүнүктө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 26-беренесинин 1-бөлүгүнө, 50-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандык маселелерин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамды иштеп чыгууда жана кабыл алууда ушул чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз карашын эске алышсын.

3. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

5. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

 

Төрагалык кылуучу

М.Касымалиев

Судьялар:

Ч.Айдарбекова