Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c50159f2-47db-4d76-9d4f-15f8e17af019\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

2017-жылдын 7-июну № 8-р

Жаран Замирбек Тургунбаевич Жоошевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:

төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,

судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,

сот отурумунун катчысы - Н.А. Кененсариеванын,

кайрылуучу тарап - Замирбек Тургунбаевич Жоошев, З.Т.Жоошевдин ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Акбарович Токтакуновдун,

жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Орозобек уулу Максат, Макен Сейдивалиевич Турдугуловдун,

башка жактар - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Алтынбек Урубаевич Нурмаматовдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Кубанычбек Сабырович Сабыровдун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Нурлан Касымкулович Утемисовдун, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридикалык илимдердин доктору Кынатбек Мойнокович Сманалиевдин катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Жаран З.Т.Жоошевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ТАПТЫ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө З.Т.Жоошевдин өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучунун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ар ким эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу, ал адамдын эң эле маанилүү байгерликтеринин бири болуп, адамдын жеке, саясий, кесиптик-экономикалык, рухий-маданий турмуш жаатында жүзөгө ашырылуучу конкреттүү укуктар менен эркиндиктердин комплексин өзүнө камтыйт. Жеке кол тийбестикке болгон укук, ошондой эле физикалык дагы, адеп-рухий кол тийбестикти дагы өзүнө камтыйт. Бул укуктар мыйзамга баш ийүү менен жашаган адам кимдир бирөөлөр, анын ичинде мамлекет жана анын укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир мажбурлоого же чектелүүгө дуушар болбошу керек дегенди билдирет.

Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө шилтеме жасап, адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укугу мамлекеттин, коомдун жана айрым адамдардын кызыкчылыгын коргоо максатында Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган негиздер боюнча чектелиши мүмкүн деп көрсөтөт. Арыздануучу жарандардын укуктарынын мыйзам менен мындай чектелишине мүмкүнчүлүк берип жатып, адамдын укуктары менен эркиндиктерин чектөөчү негиздердин тизмеси толук болуп, ал эми негиздер так жана бир өңчөй жазылуусу керек деп белгилейт.

Арыздануучунун пикири боюнча, кылмыш жасоого шектүү адамды кармоонун негиздерин регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кармоо формасындагы процесстик мажбурлоо чарасын чексиз негиздер боюнча колдонууга мүмкүндүк берет. Арыздануучу, көрсөтүлгөн Кодекстин 94-беренесинин 1-бөлүгүндө шектүү адамды кармоо үчүн негиз болуп саналган жагдайлардын толук тизмеси белгиленген, ал эми ушул эле берененин 2-бөлүгү "шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар" деген сөздөрдү камтыйт, буга ар кандай жагдайлар туура келет деп белгилейт. Ошентип, башка көргөндөр менен бирге кылмыш жасалган жерде болгон мурда соттолгон адам анын соттуулугунун негизинде гана кылмыш жасалган жерден кармалышы мүмкүн, анткени бул факт "мындай адамдарды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар" катары бааланышы мүмкүн.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2017-жылдын 24-февралындагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды.

Жоопкер тараптын өкүлү Орозобек уулу Максат кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, өзүнүн көз карашын негиздеп, кийинкидей жүйөлөрдү келтирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу деп бекитишкен. Жазык сот өндүрүшүндө жеке кол тийбестик деген эч ким Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде (11-берененин 1-бөлүгүндө) каралгандан башка негиздерде жана тартипте кармалбашы керек, эркинен ажыратылбашы керек дегенди билдирет.

Кармоо кылмыш жасоого шектүү жана ал үчүн эркинен ажыратуу түрүндө жаза белгилениши мүмкүн болгон шектүү адамга карата гана колдонулат. Конкреттүү адамга карата жазык иши козголгон учурда же адам Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинде белгиленген тартипте кармалган учурдан тарта адам шектүү деген процесстик статуска ээ болот. Ошону менен адамды башка маалыматтар боюнча кармоонун өзгөчөлүгү талашылып жаткан ченемде көрсөтүлгөн жагдайлардын биринин болуусу милдет болуп саналат.

Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар деп адамдын кылмышка тиешесин кыйыр түрдө көрсөткөн нагыз маалыматтар (далилдер) түшүнүлөт. Тажрыйбада "адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтардын болуусу" деп, эгер, адамды кылмыш жасады деп шектенүүгө жол берсе, ал эми маалыматтар тиешелүү булактардан, анын ичинде тийиштүү документтештирүү же фиксациялоонун техникалык каражаттарын колдонуу менен ыкчам-издөө чаралардын жүрүшүндө алынган болсо, мыйзамда тике көрсөтүлгөн жагдайлардан тышкары ар кандай конкреттүү жагдайларды түшүнүү керек.

Качуу аракети деп алдын ала тергөө жана тергөө органдарынан качуунун реалдуу мүмкүндүгүн түшүнүү керек, мисалы, адамдын суракка чакырылган кызматтык же башка башпаанадан качууга жасаган аракети, жашаган жеринен көчүп кетүүгө, иштеген жеринен бошонуп кетүүгө, аскердик жана каттоо эсебинен чыгууга, жол жүрүү документтерин ж.б. алууга жасаган аракеттери. Тийиштүү документтери болбогон, ал эми берилген маалыматты текшерүүгө, тактоого мүмкүнчүлүк болбогон же берилген документтерде тазалаган, оңдолгон, жасаган, бузулган жерлери табылган учурда шектүү адамдын ким экендиги аныкталган эмес деп саналат.

Андан тышкары, кармоону жүзөгө ашырган адамдардын үстүнөн мыйзамдарда ведомстволук процесстик контрол, прокурордук көзөмөл жана соттук контрол орнотулган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү М.С.Турдугулов Орозобек уулу Максаттын көз карашын жана жүйөлөрүн колдоду.

Баяндалгандын негизинде, жоопкер тараптын өкүлдөрү Кодекстин талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептешүүдө жана кайрылуучу тараптын талаптарын канааттандыруудан баш тартууну суранышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү А.У.Нурмаматов Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүгүндө кылмышты жасоого шектүү адамды кармоонун негиздеринин тизмеси көрсөтүлгөн деп эсептейт. Ушул эле берененин 2-бөлүгүндөгү негиздерди кеңейтүү бул түшүнүктүн кеңири түшүндүрмөсүнө алып келет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү К.С.Сабыров арыздануучунун өтүнүчүн кийинкидей негиздер боюнча канааттандыруусуз калтырылууга тийиш деп эсептейт.

Кармоо шектенүүнү текшерүүгө - адамдын кылмыш жасоого тиешелүү же тиешелүү эместигин аныктоо үчүн, ошондой эле камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуунун негиздерин аныктоо үчүн арналган.

Кылмыш жасоого шектүү адамды кармоонун себеби мындай, анткени ал төмөнкүдөй аракеттери менен иш боюнча өндүрүшкө тоскоол кылышы мүмкүн: качып кетиши мүмкүн, кылмыш иштерин улантышы мүмкүн же адилеттикти орнотууга тоскоол кылышы мүмкүн (күбөнү, процесстин башка катышуучуларын коркутушу мүмкүн, далилдерди жок кылышы мүмкүн).

Кармоонун негиздери - бул адамдын кылмыш жасоосуна шектенүүгө жол берген жазык-процесстик мыйзамда каралган белгилүү нагыз маалыматтар. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүгүндө шектүү адамды кармоо үчүн так негиздер каралган. Кармоо үчүн кошумча негиздер катары Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгү туруктуу жашаган жеринин болбогондугун, ким экендиги аныкталбагандыгын, качууга аракеттерди, ошондой эле адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтардын болуусун карайт.

"Башка маалыматтар" катары кылмыш жасоого адамдын тиешелүүлүгү тууралуу тергөө версиясын жылдырууга жол берген ар кандай маалыматты түшүнүү керек. Бул маалыматтар кылмыштын анык издерине (кылмышкердин сыпаттамасы менен шектүү адамдын түспөлдөштүгү, моюнуна алып келүүсү, көрбөгөн адамдардын көрсөтмөлөрү ж.б.у.с.) караганда күнөөлүүлүктүн анча салмактуу эмес далилдери болуп саналганы менен кылмыш жасоодо адамды шектүү дегенге жетиштүү негиздерди берет. Ошентип, жаңы технологиялардын жетишкендиктери кылмыштарды ачууда орчундуу орунга ээ болот, аларды Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүгүндө да, 2-бөлүгүндө да каралган негиздерге киргизүүгө болбойт. Адамды кармоо үчүн негиз болуп саналуучу бардык учурларды мыйзамда эске алуу мүмкүн эмес, ошон үчүн мыйзамдарда "башка маалыматтардын" толук тизмеси жок болгондуктан, бул маселенин чечилиши кармоону жүзөгө ашырган органдын же кызмат адамынын карамагында калууда. Бул жерде "башка маалыматтар" боюнча адамды кармоо аны кылмышты жасоодо объективдүү түрдө шек саноого жол берген ар кандай жагдайлардын жыйындысы болгондо жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү Н.К.Утемисов талашылып жаткан ченем, эгер адам качууга аракет жасаган учурда (шартта), туруктуу жашаган жери болбой же шектүү адамдын ким экендиги аныкталбаган учурда гана "адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар" боюнча аны кармоого мүмкүндүк берет деп чечмеледи. "Башка маалыматтар" - бул адамдын кылмышка кыйыр түрдө тиешелүүлүгүн көрсөткөн нагыз маалыматтар (далилдер). Аларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: тергөө жана башка процесстик аракеттердин жыйынтыктары; мыйзамда белгиленген тартипте алынган ыкчам-издөө иш-чаралардын жыйынтыктары; документтер, анын ичинде ревизиянын (инвентаризациянын) жыйынтыктары, адистин же эксперттин корутундулары; айыпталуучу же шектүүнүн көрсөтмөлөрү, ориентировкалардан же ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү башка булактардан алынган маалыматтар; сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы берилген жана жеткирилген адамга карата тергөө материалдары ж.б.у.с.

Кармоо үчүн негиздерге караганда "башка маалыматтар" анча аныкталбагандыктан мыйзам бул маалыматтарды кармоо менен белгилүү шарттардын (жашынуу аракетин, туруктуу жашаган жеринин болбогондугун, шектүүнүн ким экендигин аныктаган документтердин болбогондугун) бирге болуусуна байлайт. Бул шарттардын болуусу кармоонун зарылдыгын арттырат, анткени кечиктирилгис мүнөз берет жана адамдын кылмышка тиешелүүлүгү тууралуу божомолдун негиздүүлүгүн көтөрөт.

Мыйзам "адамдын кылмыш жасагандыгын күбөлөндүргөн нагыз маалыматтарды" алардын көп түрдүүлүгүнө байланыштуу көрсөтпөйт да, жана мындай маалыматтар алынышы мүмкүн болгон булактарды гана аныктайт. Адамдын кылмыш жасагандыгын күбөлөндүрүлүшү мүмкүн болгон маалыматтарга көрсөтмө Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө гана камтылат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Башка жак катары отурумга чакырылган К.М.Сманалиев кайрылуучу тараптын талабын негиздүү деп эсептейт жана ага кийинкидей түшүндүрмө берди.

Колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамга ылайык кармоо жазык-процесстик мажбурлоо чарасы болуп саналат, анын максаты жазык сот өндүрүшү жаатында укуктук тартипти коргоо, мыйзамдуулуктун бузулуусун алдын алуу жана аларды четтетүү, ар бир жазык иш боюнча акыйкаттыкты табуу, кылмыштардан жабыр тарткан жарандардын, мекемелердин жана уюмдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын кайтаруу, кылмышка каршы күрөштө көмөк көрсөтүү. Булар мыйзамда каралган шарттар менен негиздер болгондо гана мүмкүн. "Негиз" деген сөздүн этимологиясы кайсы бир аракетти жасоо үчүн базис дегенди билдирет, ал эми бул учурда болсо, аракет кылмыш жасоодо шектүү адамды кармоого багытталган, демек кармоо Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде көрсөтүлгөн негиздер болгондо гана мүмкүн. Аталган Кодекстин 94-беренесинин бөлүктөрүнүн анализи кылмышты жасоодо шектенүү боюнча кармоо үчүн негиздердин тизмеси 1 жана 2-бөлүктөрдө толук камтылганын көрсөтүп турат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жазык- процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгү "адам кылмышты жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо адам кармалышы мүмкүн" деген так эмес негизди камтыйт, натыйжада ал жазык куугунтуктоо органдары үчүн бул ченемди кеңири түшүндүрмө берүүгө өбөлгө түзөт да, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин төмөнкүдөй мазмундагы 94-беренесинин 2-бөлүгү саналат:

"94-берене. Кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоонун негиздери

(2) Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, ошондой эле анын туруктуу жашаган жери болбогондо, анын инсандыгы аныкталбаганда жана ал тарабынан качууга аракет жасалганда, ал кармалышы мүмкүн.".

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1999-жылдагы № 10, 442-б. Жарчысында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу, бул жерден адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн; ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилиши мүмкүн; киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек (24-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы).

Адамдын негизги укугу катары эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктун маңызы - башка адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын сактап турган шарттарда анын эркине каршы ага өз билемдик менен таасир этүүнү болтурбоодо турат. Адамга таасир этүүнүн чеги мындай таасир этүүнүн негиздерин, тартибин жана анын колдонулушун контролдоону мыйзамдарда бекитүү жолу менен мамлекет тарабынан аныкталат, ошондой эле кепилденет.

Эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктун конституциялык-укуктук маанисинен адам мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте гана кармалышы мүмкүн деген келип чыгат.

Өзүнүн укуктук табияты боюнча кармоо - камакка, кайтарууга алуу сыяктуу эркиндиктен ажыратуунун формаларынын бири. Кармоонун милдеттүү шарты болуп адамды кылмыш жасады деп шектенүү болуп саналат, ал кылмыш үчүн эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулушу мүмкүн. Кармоо жазадан айырмаланып, алдын алуучулук чара, адамдын күнөөсү аныктала электе жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү болбогондо колдонулат.

Эркиндиктен ажыратуу, өз кезегинде, үй-бүлөгө жана жеке турмушка, жүрүү эркиндиги сыяктуу көптөгөн укуктарды пайдаланууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн жана инсанды өзгөчө алсыз абалга коёт.

Ошону менен бирге, эркиндиктен ар кандай ажыратуу мыйзамдын ченемдерине ылайык болуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин маанисине жана духуна, тактап айтканда мамлекет тарабынан болгон өз билемдик аракеттерден адамды коргоого туура келиши керек. Жаранды бийликтин кыянаттык менен пайдалануусунан коргоо зарылдыгы көрсөтүлгөн конституциялык ченемдердин адамдарды эркиндигинен мыйзамдуу ажыратылышы мүмкүн болгон жагдайлардын чектелишин талап кылуусу менен шартталат, андай жагдайлар түзүлгөндө адамдар мыйзамдуу түрдө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн, жана бул жагдайлар жеке эркиндиктин эң эле орчундуу кепилдигинде алып салуу фактыларын эске алганда тар түшүндүрмөгө ээ болушу керек.

Белгилей кете турган нерсе, Конституция жарандарды өз билемдик менен эркинен ажыратуудан (кармоодон) коргоону күчөтүү максатында укуктук тартип органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерди болтурбоого багытталган соттук контролдоону алдын ала караган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктардын кепилдиктеринин жогорулатылган деңгээлин караштырып, бул укукту белгилүү максаттарда, мыйзамда белгиленген тартипте гана, зарыл болгон деңгээлде гана чектөө мүмкүнчүлүгүнө жол берет (20-берененин 2-бөлүгү, 24-берененин 1-бөлүгү).

Мыйзамда каралган чаралар, бир жагынан, конституциялык маанилүү баалуулуктарды коргоону алсыздандырууга, экинчи жагынан, мамлекеттик мажбурлоонун артыкбаш колдонулушуна алып келбей, социалдык чындыкка туура келүүсү керек. Бул Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболору менен шайкеш келет, ага ылайык ар бир адам өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашырууда башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тиешелүү таануусун жана урматын камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адептин, коомдук тартиптин жана жалпы байгерликтин адилеттүү талаптарын канааттандыруу максатында тек мыйзамда каралган чектөөлөргө гана дуушар болушу мүмкүн (29-берененин 2-пункту).

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын, жарандын укуктарына жана эркиндиктерине чектөө коюуга мыйзам чыгаруучунун укугун аныктап жатып, ошол эле учурда ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укугу менен мамлекеттин жалпыга маанилүү конституциялык баалуулуктардын корголушун камсыз кылуу милдети ортосунда кызыкчылыктардын өлчөмдөш тең салмагын камсыздай турган укуктук механизмди иштеп чыгууну ага милдеттендирет (20-берене).

3. Жогоруда аталган конституциялык ченемдерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде инсандын кол тийбестиги, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кайтарылышы принциптери менен шартталган адамды кармоо жөнүндө укуктук жоболор каралган (11, 12-беренелер).

Жазык-процесстик мыйзамдын ченемдеринин мааниси боюнча кармоо процесстик мажбурлоо чарасы болуп эсептелет жана жоопкерчилик чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал шектүү болгон адам тарабынан укук бузуунун жасалышын болтурбоо үчүн колдонулат жана шектүү болгон адамды мыйзамда белгиленген мөөнөткө эркинен чектөө түрүндө колдонулат. Бул жерден кармоонун негизги максаты шектүү болгон адамдын алдын ала тергөөдөн, тергөөдөн жана соттон жашынып кетүү, иш боюнча чындыкты аныктоону оорлотуу, соттун өкүмүнүн аткарылышын камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу болуп саналат. Аны колдонуу жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктар жаатына кыска мөөнөттүү кол салуу болот (24-берене).

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасоого шектүү болгон адам төмөнкүдөй учурларда кармалышы мүмкүн: эгерде адам кылмыш жасалган мезгилде же ал жасалгандан кийин түздөн-түз колго түшсө; көрүп тургандар, анын ичинде жабырлануучулар ошол адамды кылмыш жасаган адам катары ачык көрсөтүп турушса; шектүү адамдан же анын кийиминен, анын жанынан же анын жашаган жеринен кылмыштын ачык белгилери табылса.

Ошол эле учурда, адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо да, ошондой эле туруктуу жашаган жери болбогондо, ким экендиги аныкталбаган учурда жана ал качууга аракет жасаганда кармалышы мүмкүн (94-берененин 2-бөлүгү). Бул маалыматтар кылмыш жасады деп шектүү адамды тике көрсөтпөйт жана кылмыштын даана издерине караганда адамдын күнөөлүү экендиги тууралуу далилдери анчалык салмактуу эмес.

Адамды кармоо үчүн негиз болгон бардык учурлардагы маалыматтар мыйзамда белгиленген кепилдиктерди сактоо процесстик каражаттар менен текшерилүү керек жана жазык ишке далил катары тиркелиши керек. Адамды кармоонун мыйзамдуулугун соттук текшерүүдө кармоо үчүн негиз болгон маалыматтын анык же туура эместиги тергөө органдарынын аракеттерин өз билемдик же мыйзамсыз деп таанылган юридикалык кесепеттерге алып келиши керек, ал эми шектүү адам токтоосуз бошотулууга тийиш.

4. Талашылып жаткан ченемдин мазмунунан адам төмөнкүдөй негиздер боюнча кармалышы мүмкүн деген маселе келип чыгууда: адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо, туруктуу жашаган жери болбогондо, ким экендиги аныкталбаган учурда жана ал качууга аракет жасаганда. Талашылып жаткан ченемди баяндоонун мыйзам чыгаруу техникасын колдонууну эске алуу менен келтирилген негиздер адамды кылмыш жасады деп шектенүү боюнча кармоодо ал ченемдер өз алдынча иштейт.

"Адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо" деген адамды кармоонун мындай негиздемеси Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка негиздер менен байланышсыз так жана бир маанилүү эмес ченемди билдирет, мындай жагдай кеңири караштырууга мүмкүнчүлүк берип, Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген жарандардын конституциялык укуктарынын бузулушуна олуттуу коркунуч туудурат.

Талашылып жаткан ченемди кеңейтип түшүндүрүүнүн негизинде кармоо сыяктуу процесстик мажбурлоо чарасын адамга карата колдонуу өлчөмсүз жана эркиндик менен жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укукту акыйкатсыз чектөө болуп саналат. Жарандын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укугунан ажыратуу же чектөө башкача түшүндүрүүнү жокко чыгарган белгилүү мыйзамдуу негизде жана критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылышы керек жана конституциялык, жазык-процесстик мыйзамдардын концептуалдык негиздерине ылайык келиши керек.

Укуктук айкындык принцибине ылайык укуктук ченемдердин формалдуу айкындык, тактык, ачыктык, кош маанилүүлүккө жол бербеген жана колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумундагы шайкештиги зарылдык менен шартталат, анткени укуктук ченемди бир өңчөй түшүнүү жана түшүндүрүү шартында гана укуктук айкындык камсыз болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербеген мыйзам жоболору кайчылашкан укук колдонуучулук тажрыйбаны жаратат, аны ар кыл түшүндүрүү жана өз билемдик менен колдонуу мүмкүндүгүн түзөт, ошентип адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, "адамды кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо" деген негиздемени кылмыш жасоого шектүү болгон адамды кармоо үчүн өз алдынча иштеген негиз катары колдонуу Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген ар бир адамдын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укугун бузушу мүмкүн.

Бирок, бул негизди Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн башка негиздер менен өз ара байланышта колдонулушу "башка маалыматтар" деген сөздөр жыйындысында ушул эле берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден кем болбогон адилет соттун максаттарына жетишүү үчүн маани берет. Демек, "кылмыш жасады деп андан шектенүүгө негиз берген башка маалыматтар болгондо" деген негизди Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер менен чогуу жана алар болгондо колдонуу укуктар менен эркиндиктердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттарга өлчөмдөш чектөө болуп саналат.

5. Талашылып жаткан ченем менен бекитилген адамдын туруктуу жашаган жери болбогондо, ким экендиги аныкталбаганда, анын качууга аракет жасаганда деген кармоонун негиздери эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон укуктардын кепилдиктери жөнүндө конституциялык орнотмолоруна ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү менен тутумдаш байланышта текшерилген.

Башка жарандардын укуктары менен эркиндиктерине зыян келтирген адамдардын кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган кармоо институтунун максаттарын эске алып, "туруктуу жашаган жери болбогондо", "анын ким экендиги аныкталбаганда", "ал тарабынан качууга аракет жасалганда" деген адамды кармоонун мындай негиздери мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоого чакырылган тергөө органдары жана соттор кылмыш жасоодо шектүү адам тергөөдөн качып, иш боюнча далилдерди жок кылып, тиешелүү жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деген жүйөлүү коркунучтарды туудурат. Мындай учурлардын болгону кармоону зарыл кылат, анткени ага кечиктирилгис мүнөз берип, адамдын кылмышка тиешелүүлүгү тууралуу божомолдун негиздүүлүгүн арттырат.

Ошону менен бирге, кармоо жаза мүнөзүнө же инсанга зөөкүр мамилеге айланбай, тек сот адилеттигинин максаттарына жетишүү үчүн гана зарыл, керектүү чара болуп кала бериши керек. Ошон үчүн жогоруда аталган негиздердин формалдуу болуусу кылмыш жасоодо шектүү адамды милдеттүү түрдө кармоого жана эркинен ажыратууга алып келбеши керек. Анын алдында тигил же бул адамдын кылмыш жасоодо объективдүү түрдө шектенүүгө негиз берген анык "башка маалыматтар", ошондой эле ал инсандын өзгөчө кандай экендигине байланыштуу анын эркинен ажыратуудан башка таасир этүүнүн формасы жок экени да болушу керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

ЧЕЧТИ:

1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн конституциялык-укуктук түшүнүктө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин 2-бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүү киргизсин.

3. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

5. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы