Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 15-сентябры № 530

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 28-майы № 331, 2016-жылдын 26-январы № 30, 2016-жылдын 26-февралындагы № 90, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 15-июлундагы № 399, 2016-жылдын 17-августундагы № 448, 2016-жылдын 29-августундагы № 461, 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537, 2017-жылдын 25-январындагы № 44, 2017-жылдын 15-мартындагы № 164, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206, 2017-жылдын 12-майындагы № 268, 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 573, 1-ноябрындагы № 722 , 2018-жылдын 29-январындагы № 61, 2018-жылдын 23-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-июнундагы № 267, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186, 2019-жылдын 20-июнундагы № 308, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661, 2020-жылдын 8-январындагы № 1, 2020-жылдын 23-мартындагы № 176 токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына 1-тиркемеге ылайык өткөрүп берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын алкагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобону милдеттүү түрдө сактоону камсыздашсын.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2014-жылдын
15-сентябрындагы № 530 токтомуна
1-тиркеме

 

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын
ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-августундагы № 448, 2016-жылдын 29-августундагы № 461, 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537, 2017-жылдын 25-январындагы № 44, 2017-жылдын 15-мартындагы № 164, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 206, 2017-жылдын 12-майындагы № 268, 1-ноябрындагы № 722
2018-жылдын 29-январындагы № 61,
2018-жылдын 23-мартындагы № 150, 2018-жылдын 4-июнундагы № 267, 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635, 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186, 2019-жылдын 20-июнундагы № 308, 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661, 2020-жылдын 8-январындагы № 1, 2020-жылдын 23-мартындагы № 176 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары төмөнкү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарга (башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдардын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеген жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбаган бөлүгүндө) өткөрүлүп берилсин:

1. Кызматкерлери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык форма кийимдерин (аскер, атайын (ведомстволук) кийүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына - форма кийимдеринин сүрөттөлүшүн, айырмалоо белгилеринин үлгүлөрүн жана форма кийимдеринин фурнитураларын, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бекитүү чөйрөсүндө.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана административдик ведомстволоруна төмөнкүлөр боюнча:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2-1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жеке жана юридикалык жактарга тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, алардын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү.

(КР Өкмөтүнүн2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, төмөнкү чөйрөдө:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- коомдук тартипти сактоо чөйрөсүндө, Ички иштер органдарынын куралдануусунда турган атайын каражаттардын тизмесин жана Аларды колдонуу эрежесин бекитүү бөлүгүндө;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин бекитүү.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин бекитүү, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу практикасы менен максимум бирдейликти камсыз кылуу үчүн аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду жана колдонмолорду, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жол тармагы чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди бекитүү;

- автомобиль жана темир жол тармактары чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду, методикаларды, тартиптерди, концепцияларды бекитүү;

- суу транспорту чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, методикаларды бекитүү.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин;

- бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттары, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү адистиктери, мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарындагы сабактар боюнча (жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттеринен, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынан башка) мамлекеттик билим берүү стандарттарын.

(КР Өкмөтүнүн2019-жылдын 20-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын стажировкадан өтүү тартибин;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустарынын иш кагаздарды жүргүзүүсү боюнча эрежелерди;

- жеке нотариустук иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону;

- ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобону бекитүү;

- нотариустар жок калктуу конуштарда консулдук мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын (айыл өкмөттүн) кызмат адамдарынын нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин;

- нотариустук иш-аракеттерди, нотариустук күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүлүүчү документтердеги ырастоочу жазууларды каттоо реестрлеринин формаларын;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык иш маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону;

- Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө жобо;

- Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиянын колдонулушун токтото туруунун тартибин;

- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) каттоо арызынын формаларын.

- ченемдик укуктук актыларды тариздөө жана Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына берүү тартибин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы) жүргүзүү тартиби жөнүндө нускаманы;

- пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин;

- пробация органдарына волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө тартибин.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясын;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү талаптарын;

- мамлекеттик сектордо финансылык башкаруу, ички контролдоо жана ички аудит боюнча стандарттарды жана методологиялык документтерди;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө методикалык документтерди бекитүү, анын ичинде:

(абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-майындагы № 268 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучу-берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобону;

Караңыз:

КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-Б "Даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) дайындар базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

алкактык макулдашууну колдонуу жөнүндө жобону;

конкурстук арыздарга баа берүү боюнча методикалык нускаманы;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-майындагы № 268 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө жобону;

бааны азайтып сатып алуу ыкмасы менен конкурс өткөрүүнүн тартибин;

ички жабдуучу-берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускаманы;

- ички аудит боюнча колдонмону;

- кепилдик программасын түзүү жана ички аудиттин сапатын жогорулатуу боюнча колдонмону;

- үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программаларын жана материалдарын;

- мамлекеттик сектордун ички аудиторлорун сертификациялоону;

- мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын тобокелдиктерин баалоо жана башкаруу боюнча колдонмону;

- салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттуулуктун формаларын.

8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортунун формасын жана аны толтуруу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү;

- атайын протездик-ортопедиялык буюмдардын тизмесин, аларды жасоого жана оңдоого кетүүчү материалдардын жана убакыттын нормасын;

- министрликтин компетенциясына кирген социалдык тейлөө кызматтары боюнча методикалык сунуштарды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү;

- министрликтин аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле банктардын филиалдары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын байланыш филиалдары тарабынан жумушка орноштурууга пассивдүү жана активдүү көмөк көрсөтүү чараларын төлөө тартибин;

- Жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамаларын;

- Жетекчилердин, адистердин жана кызматкерлердин кызмат орундарынын бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын;

- бюджеттик чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын ишинин убактысынын жана өлчөмүнүн ченемдерин;

- эмгек келишиминин үлгү формаларын;

- уюмдун эмгек тартиби боюнча типтүү жоболорду;

- ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды табуу жана орноштуруу, баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жана аларды социалдык коштоо боюнча методикалык сунуштамаларды, нускамаларды, көрсөтмөлөрдү;

- мамлекеттик социалдык заказды жүзөгө ашыруу үчүн бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо методикасын;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте Майыптуулукту баалоодо дене-боюнун иштешин, турмуш-тиричилигинин чектелишин жана ден соолугун эл аралык классификациялоо жана церебралдык шал оорусу менен ооруган балдарды реабилитациялоо программаларын колдонуу боюнча планды.

9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Өкмөттүн чечими менен тийиштүү жылга бекитилген юбилейлик иш-чаралардын тизмесине ылайык көрүнүктүү инсандардын юбилейлерин майрамдоо боюнча уюштуруучу комитеттердин курамдарын;

- музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо эрежелерин;

- музей иштери жаатында нускамаларды, жоболорду;

- китепкана иштери жаатында нускамаларды, жоболорду, стандарттарды;

- Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерине тарыхый-маданий экспертиза өткөрүүнүн тартибин.

10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- мамлекеттик курулмаларды, имараттарды, анын ичинде административдик курулмаларды жана имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы;

- экономикалык болжолдоо боюнча методологиялык документтерди;

- республиканы, региондорду жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу параметрлерин эсептөө үчүн зарыл болгон формаларды жана көрсөткүчтөрдүн тизмелерин;

- стратегиялык пландоону жана ар кандай деңгээлдеги стратегиялык документтерди иштеп чыгууга карата бирдей ыкманы ишке киргизүү боюнча методологияны;

- берилген жана кабыл алынган шайкештик сертификатынын реестринин формаларын;

- мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндө методикалык документтерди;

- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын жана тышкы экономикалык ишке катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө нускаманы";

- "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын алкагында иштердин типтүү регламентин;

- Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияга шайкештиги жана берилген шайкештик тастыктамалары жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин.

11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- медициналык жана фармацевт кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга медициналык же фармацевттик ишке уруксат берүү жагындагы жобону;

- Кыргыз Республикасындагы түрдүү категориядагы жарандар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин формасын;

- саламаттык сактоо уюмдары Бирдиктүү төлөөчү тутумунда көрсөтүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу жөнүндө жобону;

- мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринде мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү тартибин жана шарттарын;

- профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн, тартибин, каттоону жана ага карата талаптарды, ошондой эле медициналык документтердин жана профилактикалык эмдөөлөрдүн сертификатынын формаларын;

- базистик бааларды эсептөө методикасынын негизинде дары-дармек менен жеңилдетип камсыз кылуу программаларынын чөйрөсүндө жүзөгө ашырылуучу дары-дармек каражаттарына базистик бааларды.

12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштуруу жөнүндө жобону;

- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн жана башка алар менен бирдей, Кыргыз Республикасында аккредиттелген өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин компетенциясындагы мамлекеттик (консулдук) тейлөөлөрдүн административдик регламенттерин;

- жарандык абалдын актыларын каттоо, мекенине кайтуу жөнүндө күбөлүктөр, нотариустук иш-аракет маселелери, визалык стикерлер боюнча жана Кыргыз Республикасынын башка дипломатиялык кызмат органдары пайдалануучу башка тыкыр отчеттук бланктарды алуунун, сактоонун, эсептен чыгаруунун тартибин;

- аткарылуучу консулдук иш-аракеттер боюнча документтерди кабыл алуу жана берүү тартибин, эрежелерин;

- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө келген мамлекетинде медициналык тейлөөнүн (анын ичинде медициналык камсыздандыруу) тартибин;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөөнүн тартибин;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкеринин өзү менен бирге чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 жылдын ичинде бир жолу ар жылкы эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөп берүү же болбосо келген өлкөдөн Кыргыз Республикасына жана кайра кайтуу үчүн авиа билетинин наркына теңдеш акчалай компенсациясын төлөп берүү тартибин;

- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерине жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, анын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, жубайы, ага-иниси, эже-сиңдиси, уулдары, кыздары) же жубайынын жакын туугандарынын бирөөсү (ата-энеси, ага-иниси, эже-сиңдиси, уулдары, кыздары) каза болгонуна байланышкан барып-келүү транспорттук чыгымдарын төлөп берүүнүн тартибин;

- чет өлкөдө узак иш сапарда жүргөн кызматкерге келген мамлекетте аны менен бирге жашаган жубайы болгон учурда, ар айлык акчалай күтүүнүн 30 пайыз өлчөмүндөгү кошумча акчалай акы төлөнбөгөн өзгөчө учурлардын тизмегин.

13. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Жайыт комитетин түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;

- Жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө типтүү жобону;

- айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө долбоорлук-сметалык документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

- айдоо аянттарынын мониторинги жөнүндө жобону;

- топуракты изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;

- геоботаникалык изилдөөнүн материалдарын корректировкалоонун методикасын;

- облустук жер экспедициялары жөнүндө жобону;

- көлмөлөрдүн абалын жана балыкты жана сууда жашоочу башка организмдерди көбөйтүүнүн шарттарын жакшыртуу боюнча балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык-иш чараларды жүргүзүүнүн тартибин;

- суу объекттеринин балык чарба мелиорациясын жүргүзүүнүн тартибин;

- балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо эрежелерин, балык коргоо боюнча штаттан тышкаркы жана коомдук негиздеги кызматкерлерди уюштуруунун жана иштетүүнүн тартибин;

- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо участокторун бекитүүнүн тартибин;

- балыктардын баалуу эмес жана начар түрлөрүн мелиорациялык кармоонун, балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо участокторун тазалоонун тартибин;

- табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык байырлоо ченемдерин белгилөөнүн тартибин жана балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иштерди жүргүзүүнүн тартибин;

- көлмөдөн алынган же көлдө, садокто жана көлмөдө өстүрүлгөн балыкты жана балык продуктуларын эсепке алуунун тартибин;

- балык өстүрүү-биологиялык ченемдерин жана балык чарбаларда товардык балыктарды жана балык өндүрүүчү материалдарды өстүрүүнүн эрежелерин;

- балык өнөр жайын, ихтиологиялык мониторингин жана балык запастарын кайра өндүрүүнү уюштуруунун тартибин;

- илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерди жана билеттерди берүүнүн жана пайдалануунун тартибин;

- илимий-изилдөө максатында балык уулоого, контролдук уулоо үчүн, балык өстүрүү-мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө, климатташтырууга, балык көбөйтүүгө жана аларды кайра өндүрүүгө документтерин жана билеттерин;

- балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин;

- балыкчылык, балык өстүрүү, балык уулоо максаттары үчүн көлмөлөрдү юридикалык жана жеке жактарга конкурстук негизде берүүнүн тартибин;

- балык уулоо, балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо участокторунда егердик кызматты уюштуруунун жана иштетүүнүн тартибин;

- балык чарба көлмөлөрүндө жана балык уулоо участокторунда ихтиологиялык иштерди жана балыкты контролдук уулоонун тартибин;

- балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык чарбалык потенциалы жөнүндө балык өстүрүү-биологиялык негиздемени түзүүнүн тартибин;

Караңыз:

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2019-жылдын 4-мартындагы № 4-дп "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегацияланган балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" буйругу

- Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициттердин жана агрохимикаттардын каталогун;

- карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө жоболорду;

- карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрүн;

- жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалдарды маркалоо тартибин жана аны түшүрүү ыкмаларын;

- зыяндуу организмдерди аныктоо жана идентификациялоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- карантинге алынган объекттерде жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерди табууга карантиндик фитосанитардык зонаны жана карантиндик фитосанитардык режимди белгилөөгө багытталган карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- карантинге алынган продукцияларды жана объекттерди текшерип кароо боюнча нускамаларды.

13-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- топторго киргизилүүчү аймактардын, жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизилүүчү уюмдардын тизмесин;

- авариялык-куткаруучу иштердин кошумча түрлөрүнүн тизмесин жана авариялык-куткаруучу кызматтарды, авариялык-куткаруучу кошуундарды аттестациялоонун тартибин.

14. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар же кырдаалдар болгондо аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин;

- чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча алынуучу (келүүчү) курал-жаракты жана аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктөрдү бөлүштүрүүнүн тартибин;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыз кылуунун, анын ичинде аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде дарылоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу тартибин;

- тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин медициналык техника, мүлк жана медикаменттер менен жабдуунун тартибин;

Караңыз:

КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарын, бөлүктөрүн жана мекемелерин тынчтык убакта медициналык техника жана мүлк менен жабдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштерди уюштуруунун тартибин;

- куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дарыларды иштеп чыгуу, өндүрүү, эксплуатациялоо, оңдоо, сактоо, утилге чыгаруу жана куралдарды категорияларга бөлүштүрүү боюнча эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды;

- куралдардын, аскердик техниканын, башка продукциянын жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү тизмесин;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курал-жарактарынын, аскердик техникаларынын, ок-дарыларынын жана материалдык-техникалык каражаттарынын белгиленген запастарын түзүүнүн, топтоонун жана чыгымдоонун ченемдерин.

Караңыз:

КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-сентябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык убакта (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоонун (жабдуунун) ченемдери жөнүндө" буйругу

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин компетенциясына кирген маселелер боюнча оперативдик-издөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин.

16. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

энергетика чөйрөсүндө:

- имараттар үчүн жылуулук жана электр энергиясына керектөөлөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- жаратылыш газын пайдалануунун, жылуулук энергиясын, электр энергиясын пайдалануунун, жаратылыш газын, жылуулук энергиясын жана жылуулук бергичтерди эсептөөнүн эрежелерин;

- керектөөчүлөргө жылуулук, электр энергиясын жана жаратылыш газын берүүгө типтүү келишимдерди;

- мунайзат-газ, көмүр жана жылуулук-энергетикалык тармактардын ченемдик-техникалык документтерин;

- жумуштарды жана операцияларды аткаруунун, аларды жасоону регламенттөөнүн тартибин белгилөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- ченемдерди (технологиялык параметрлердин маанисинин ченемдерин, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, материалдардын (запастарын, калдыктарын) сарпталышынын, заттардын компоненттеринин жол берилүүчү ченемдерин, өнөр жайлык санитариянын жана башка өлчөнүүчү чоңдуктардын параметрлерин);

- энергетикалык түзүлүштөрдү (системаларды, курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча нускамаларды;

- электр станцияларда жана тармактарда эксплуатациялык-оңдоо жана эксперименттик-жөнгө салуу иштерин аткарууга сметалык наркын аныктоо жана келишим бааларын түзүү үчүн прейскуранттарды, маалымдамаларды;

- электр тармактарынын электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр энергетикалык тутумдарды башкарууда анын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр түзүлүштөрүн жана электр тармактарын долбоорлоодо ишенимдүүлүгүн, биологиялык жана электрдик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр энергиясын берүүдө анын сарпталышынын ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;

- электр энергетика уюмдарынын керектөөсүнүн структурасына жараша жана электр энергиясына таандык кылуунун номенклатурасын жана электр энергетика объекттери боюнча баланстарды түзүү талаптарын;

- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутумуна карата нускамаларды;

- электр тармактарынын электр жабдууларынын техникалык абалын контролдоо жана диагностикалоо боюнча нускамаларды;

- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн ишканалар жабдуулардын жана материалдардын авариялык запастарын керектөөсүнүн ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;

- электр жабдууларын оңдоону пландоонун жана оңдоонун тартибин;

- электр жабдууларын оңдоо иштерин аткарууда персоналдын санын, эмгектин жумшалышын, материалдардын жана запастык бөлүктөрдүн чыгымдалышын;

- электр тармактарынын көлөм түзүүчү бирдиктерин эсептөөнүн методикасын;

- электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо эмгекти коргоо боюнча нускамаларды;

- жылуулук менен жабдуучу системаларына технологиялык кошулуу эрежелерин;

- электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин эсептөөнүн методикасын;

- республикалык бюджеттен каржыланган уюмдардын электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттерин түзүү методикасын;

жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө:

- кен казуу тармагындагы геологиялык отчетторду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, колдонмолорду жана коопсуздук боюнча эрежелерди;

- кооптуу өндүрүш объекттеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамаларды, колдонмолорду жоболорду жана эрежелерди.

- конкурска чыгарылууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин;

- Кыргыз Республикасынын казып алынуучу пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону;

- пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин;

- Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусуна геологиялык отчетторду, географиясына байланыштыруу менен сынамык маалыматтар базасын берүү формасын;

- Мамлекеттик геологиялык маалымат фондусунун жайларында геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөө тартибин;

- жер астындагы сууларды каттоо жана мамлекеттик эсепке коюу тартибин;

- жер казыналарын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында техникалык долбоорлорго экспертиза жүргүзүү жана корутундуну тариздөө тартибин;

- көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөөнүн тартибин.

17. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасындагы радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктардын ыйгарылышын Электрдик байланыштын эл аралык союзуна маалымдоо жана каттоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

- тармактар аралык кошулуу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эксплуатациялоого киргизилүүчү электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык системаларды, маалыматты иштеп чыгуу борборлорун жана башка элементтерди киргизүүнү.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- курулуш ченемдерин жана эрежелерин, эрежелердин жыйындыларын, нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, техникалык чечимдердин каталогдорун, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы ушундай документтердин тизмелерин жана көрсөткүчтөрүн;

- атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;

- курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндө жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, сметаларды нормалоодогу коррекциялоочу индекстерди.

Караңыз:

КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-нпа "Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" буйругу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги эксперименттик объекттерди долбоорлоодо жана курууда чечимдерди кабыл алуу боюнча.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- коомдук негизде иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын иши үчүн бир жолку компенсация жөнүндө жобону.

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу боюнча нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду;

- энергияны керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү боюнча эрежелерди жана жоболорду;

- электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын өздүк наркын аныктоо, тарифтерин эсептөө жана колдонуу боюнча методологиялык документтерди жана жоболорду.

- электр менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин;

энергетикалык компаниялардын финансы-экономикалык ишинин көрсөткүчтөрү боюнча отчеттуулуктун формаларын толтуруу боюнча нускаманы;

- төмөнкү тизмеге ишканаларды (уюмдарды) киргизүүнүн тартибин:

электр энергиясын ири керектөөчүлөр;

электр энергиясын керектөөчүлөр-алып сатуучулар;

электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучулар;

- электр, жылуулук энергиясынын жана жаратылыш газынын жоготууларынын ченемдерин.

- жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартибин.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;

- спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;

- окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери, спорт жабдуулары жана шаймандары менен камсыздалышынын минимум социалдык стандарттарын;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 186 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамын түзүү тартибин;

- мектептен тышкаркы жана окуудан тышкаркы дене тарбия-спорттук уюмдардын ишин координациялоонун тартибин;

- спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүнүн тизмесин;

- спорттун интеллектуалдык жана башка коопсуз түрлөрүн окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстардан өтүү тартибин;

- спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерацияларды таануунун тартибин;

- спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча ардактуу спорттук наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды ыйгаруунун тартибин жана шарттарын;

- паралимпиадалык спорттун уюмдарында судьялардын атайын даярдыктан же кайра даярдыктан өтүү тартибин;

- спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окутуу-машыктыруунун типтүү программаларын;

- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер тартибин.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- токой, аңчылык чарба жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, колдонмолорду, методикаларды.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- түзөтүү мекемелеринин аймагында жана анын жанындагы, режимдик талаптар белгиленген аймактарда болгон адамдарга, алардын буюмдарына, транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү тартибин;

- жазаларды аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду.

24. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

25. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү жөнүндө жобону;

- аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону;

Караңыз:

КР Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2018-жылдын 17-декабрындагы № 323-п "Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" буйругу

- аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобону;

- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө отчёт берүүнүн тартибин;

- аудитордук уюмдарды рейтингдик баалоо жөнүндө жобону.

27. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо органдары тарабынан документтерди текшерүү боюнча нускаманы;

- атайын каражаттар менен камсыздоо ченемдерин, аларды эсепке алуунун, сактоонун, алып жүрүүнүн, берүүнүн, эсептен чыгаруунун жана жокко чыгаруунун, аскер кызматчыларын атайын каражаттарды колдонууга жана аларды колдонууда зарыл болгон коопсуздук чараларына байланыштуу аракеттерге даярдоону уюштуруунун тартибин;

- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну уюштуруу боюнча колдонмону. 1-бөлүк (жашыруун);

- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облустар жана чек ара отряддары боюнча аймактык башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын уюштуруу боюнча колдонмону. 2-бөлүк (жашыруун);

- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча колдонмону. 3-бөлүк (жашыруун);

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мамлекеттик кайтаруу боюнча чек ара кезметтери кызматын уюштуруу жана өтөө боюнча колдонмону.

28. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго, төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- мамлекеттик үлүш катышкан мамлекеттик ишканалар жана чарбакер коомдор үчүн бюджеттерди түзүү жана аткаруу, коомдордун финансылык-чарбалык ишин талдоо жана коомдордун кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин күчөтүү боюнча методикалык документтерди;

- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну жана инвентаризациялоону уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтерди;

- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен типтүү келишимди;

- мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруу органдарында мамлекеттин атынан чыгуу менен типтүү келишимди;

- "Мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин эсепке алуу жана каттоо" электрондук порталы аркылуу иштердин эрежеси жана мамлекеттик мүлктү ижаралоо келишимдерин түзүү укугуна электрондук соода жүргүзүүнүн эрежелерин;

- электрондук соода аянты менен иштөөнүн эрежелерин жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук торуктарды жүргүзүүнүн эрежелерин.

30. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, төмөнкүлөр боюнча:

1) контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесин бекитүү;

2) контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн белгилөө.

31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- жаныбарларды коргоо, жаныбарларды идентификациялоо, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугу жаатында нускамаларды, эрежелерди, жоболорду жана талаптарды.

32. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, пенсияны индексациялоо тартибин бекитүү боюнча.