Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 2-октябры № 572

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскер кызматты өтөөнү жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 73-пунктта:

«башка тең кызматка же» деген сөздөрдөн кийин «бир баскычка төмөн турган кызматка же» деген сөздөр менен толукталсын;

Төмөнкүдөй редакциялардагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Кадр органдары офицерлер командирдин (башчынын) карамагында турган мезгилде аларга бош тең кызматка же бир баскычга төмөн турган кызматка дайындоону эки жолудан кем эмес жолу сунуштоого милдеттүү. Ар бир баш тартуу же сунушталган кызматка макул болуу протокол түрүндө жазылат жана ал офицердин ички делосуна тиркелет.

Командирдин (башчынын) карамагында белгиленген мөөнөттөн ашык турган офицерлер сунушталган кызматтан кайрадан баш тарткандан кийин аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.»;

- 186-пункт төмөнкү мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:

«61) ишеним жоготкондугу боюнча (акча жана товардык баалуулуктарды тейлеген аскер кызматчысынын күнөлүү иш-аракеттерди жасашы;

- ишкердиктин ар кандай түрлөрү менен иштөө;

- динге болгон мамилесин үгүттөө боюнча өзүнүн кызматтын абалынан пайдалануу;

- саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына ар кандай формада көмөк көрсөтүү жана алардын мүчөсү болуу;

- профсоюздарда мүчө болуу, иш таштоолорду уюштуруу жана аларды өткөрүүдө катышуу;

- оперативдүү зарылчылык менен байланышкан учурлардан тышкары же аскер бөлүгүнүн (мекеменин, уюмдун башчысынын) командиринин (башчысынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жеке тартипте, илимий, педагогикалык, изденүү, эксперттик иш менен байланышкан иштен тышкары ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштыруу боюнча иштөө;

- “кызматтык пайдалануу үчүн” деген чектөө белгиси бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксаты жок чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга берүү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жышыруу;

- мүлк жана киреше жөнүндө декларацияда атайын так эмес же толук эмес маалыматтарды көрсөтүү,

- кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен;»;

- 187-пункттун 2-пунктчасы «уюштуруу-штаттык иш чаралар менен» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле ушул Жобонун 73-пункту менен белгиленген командирдин (башчынын) карамагында туруу мөөнөтү аякташы менен,» деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев