Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 10-ноябры № 631

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык

кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен

окутууну координациялоо жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 29-декабры № 893 токтомдорунун редакциясына ылайык)

 

Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына төмөнкүлөр сунушталсын:

- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрүү;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматчыларын стажировкага, кайта даярдоого жана квалификациясын жогорулатуу үчүн чет өлкөгө жиберүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 10-ноябрындагы
№ 631 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчыларын (мындан ары - кызматчылар) донорлордун(*) каражаттарынын эсебинен окутууга жиберүү боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоонун жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартибин жөнгө салат.

2. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоонун максаты болуп, окутуунун ачыктыгын камсыз кылуу, окутуунун кайталанышын жоюу, донорлордун каражаттарынын эсебинен кызматчыларды окутууну оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу эсептелет.

3. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу чет өлкөлөрдө да, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында да жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

- үч айга чейинки кыска мөөнөттүү окутуу программаларын;

- үч айдан бир жылга чейинки орто мөөнөттүү окутуу программаларын;

- бир жыл жана андан ашык узак мөөнөттүү окутуу программаларын.

5. Бул Жобо иштеп жаткан долбоорлордун алкагында окууга жиберилген кызматчыларды окутууга колдонулбайт, ал долбоорлор боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - маморгандар жана ЖӨБО) түзүлгөн макулдашууларга/келишимдерге ылайык аткаруучу агенттиктер катары чыгышат.

2. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби

6. Донорлордун каражаттарынын эсебинен жалпы багыт боюнча окутуу маселелерин координациялоо тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган окутуу маселелерин координациялоону маморгандардын жана ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн, донордук жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн макулдашып катышуусу менен Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо боюнча кеңешти (мындан ары - Кеңеш) түзүү жолу менен ишке ашырат.

Кеңештин жеке курамы Кеңештин төрагасы болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.

8. Кеңеш донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну пландоо, натыйжалуулугун талдоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу координациялоону жүзөгө ашырат. Кеңештин жыйындары зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

9. Донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу маселелери боюнча Кеңеш чыгарган чечимдер жана киргизген сунуштар төмөнкү органдар тарабынан эске алынат:

- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутууга мамлекеттик тапшырыктын долбоорун түзүүдө - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;

- окутууга ведомстволук планды түзүүдө жана донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга талапкерлерди тандоодо - маморгандар жана ЖӨБО тарабынан.

10. Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчыларды окутууга түздөн-түз тиешеси бар маселелер боюнча эл аралык келишимдер эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен донорлордун ортосунда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен донорлордун ортосунда түзүлөт.

11. Жалпы багыт боюнча окутуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык болжолдуу темалар боюнча ишке ашырылат.

Темалардын болжолдуу тизмеси маморгандардын жана ЖӨБОнун кызматчыларды окутуудагы жыл сайын аныкталган муктаждыктарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан толукталышы мүмкүн.

12. Донорлордун каражаттарынын эсебинен ведомстволук багытта окутууга кызматчыларды тандоо жана жөнөтүү маморгандар жана ЖӨБО тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.

3. Донорлордун каражаттарынын эсебинен кызматчыларды окутуу боюнча ишти уюштуруу

13. Маморгандар жана ЖӨБО донорлордон кызматчыларды жалпы багыт боюнча окутууга маалыматты жана/же чакырууларды алгандан кийин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберишет жана донорлорго маалымдашат.

Маалыматтар жана/же чакыруулар ведомстволук сайтта көрсөтүлгөн даректеги электрондук почта боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилиши мүмкүн.

14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдыдагы окутуу курстары жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин маморгандарга жана ЖӨБОго талапкерлер жөнүндө суроо-талаптарды жиберет.

15. Маморгандардын жана ЖӨБОнун кадрдык бөлүнүштөрү муктаждыктардын негизинде жана окутуунун ведомстволук планына ылайык талапкерлерди тандашат.

16. Окутуудагы муктаждыктарды аныктоодо жана талапкерлерди тандоодо тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана өнүгүүнүн улуттук программаларын ишке ашыруу боюнча чараларды эске алуу зарыл.

17. Тандалып алынган талапкерлердин тизмеси суроо-талапты алгандан кийин беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен маморгандар жана ЖӨБО тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин акыркы тизмесин түзүп, карап чыгуу үчүн донорлорго жиберет.

19. Маморгандын/ЖӨБОнун кадрдык бөлүнүшү донорлордун каражаттарынын эсебинен окуган жана окутуудан өткөндүгүн ырастаган тийиштүү документ алган кызматчылардын маалымат базасын түзөт.

20. Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маморгандын/ЖӨБОнун кадрдык бөлүнүшү донорлордун каражаттарынын эсебинен өткөрүлгөн окутуу курстарына талдоо жүргүзөт жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берет.

21. Окутуу курстарын органдын окутуудагы муктаждыктары, маморгандын жана ЖӨБОнун тармактык максаттары жана милдеттери, ошондой эле өнүгүүнүн улуттук программаларын ишке ашыруу боюнча чаралары менен салыштыруунун негизинде талдоо жүргүзүлөт.

22. Маморгандар жана ЖӨБО кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу жөнүндө отчетту жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлгөн талдоонун натыйжаларын жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыктары боюнча жылына эки жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин электрондук жана кагаз форматында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырышат.

23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маморгандардан жана ЖӨБОдон алынган окутуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтын негизинде кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга жалпыланган талдоо жүргүзүп, жалпы сунуштарды иштеп чыгат.

24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрүлгөн окутуу курстары боюнча жалпыланган маалыматты, талдоону, кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды Кеңештин талкуусуна жана кароосуна киргизет.

25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган донорлордун каражаттарынын эсебинен окутулган кызматчылардын маалымат базасын жүргүзөт.

26. Кызматчыны донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу кайра даярдоодон өтүү же квалификациясын жогорулатуу катары каралат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууга жиберүүнүн тартиби жана негизги шарттары

27. Кызматчыларды окутууга тандоодо төмөнкүдөй базалык шарттарды сактоо керек:

- эгерде окутуу мөөнөтү үч айдан ашса, анда мамлекеттик жарандык кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы кеминде бир жылдык иш стажынын болушу зарыл;

- эгерде окутуу мөөнөтү бир жылдан ашса, анда мамлекеттик жарандык кызматтагы жана/же муниципалдык кызматтагы кеминде эки жылдык иш стажынын болушу зарыл;

- талапкердин кызматтык жана функционалдык милдеттери окутуу программаларынын тематикаларына, маморгандын жана ЖӨБОнун максаттарына жана милдеттерине, ошондой эле окутуудагы муктаждыктарына шайкеш келүүсү зарыл.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Кызматчы окутууга маморгандын/ЖӨБОнун жетекчисинин буйругунун негизинде жиберилет.

29. Кызматчы донорлордун каражаттарынын эсебинен окууга жиберилгенде, жиберген маморган/ЖӨБО тарабынын окуу мезгилинде төмөнкүлөр сакталат:

- иштеген орду (кызмат орду);

- эгерде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, окутуу мөөнөтү 3 айдан ашпаса иштеген орду боюнча орточо айлык эмгек акысы.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Кызматчынын окуган мезгили мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат стажына киргизилет.

31. Кызматчы үч айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилсе, анда кызматчы менен маморгандын/ЖӨБОнун ортосунда тараптардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган келишим түзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

32. Окуу аяктагандан кийин кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- үч айдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача белгиленбесе;

- бир жылдан ашык окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат та кеминде эки жыл, анын ичинде аны окууга жиберген маморганда/ЖӨБОдо кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;

- эки же андан көп окутуу мөөнөтүндө - мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат та кеминде үч жыл, анын ичинде аны окууга жиберген маморганда/ЖӨБОдо кеминде бир жыл иштеп берүүгө, эгерде келишимде башкача каралбаса;

- отчетту, окутуу программасын жана тийиштүү окуудан өткөндүгүн ырастаган документтин (дипломдун, сертификаттын, күбөлүктүн ж.б.) көчүрмөсүн маморгандын жана ЖӨБОнун жетекчилигине эки жуманын ичинде тапшыруу;

- маморгандын/ЖӨБОнун башка кызматкерлерине алган тажрыйбасын жана билимин жайылтуу, берүү максатында окутуу семинарын же маалыматтык бетачарларды өткөрүү.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Кызматчы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат та иштеп берүү боюнча келишимдин шарттарын бузса, анда кызматчы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 26 токтомунун редакциясына ылайык)

(*) Донорлор" деген атоо - өнүгүү боюнча өнөктөрдү, тактап айтканда, донор-өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу боюнча программаларды ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын уюмдарын билдирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобого
1-тиркеме

Жалпы багыт боюнча окутуунун темаларынын
БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕСИ

1. Мамлекеттик түзүлүш жана саясий система.

2. Мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

3. Мамлекеттик башкаруу.

4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат.

5. Ченемдик укуктук актылардын системасы.

6. Администрациялык укуктун негиздери.

7. Улуттук мамлекеттик программалар жана алардын ишке ашырылышы.

8. Мамлекеттик социалдык-экономикалык саясат.

9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук негиздери.

10. Муниципалдык кызматтын укуктук негиздери.

11. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү.

12. Муниципалдык менчикти башкаруу.

13. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу.

14. Инвестициялык жагымдуулук.

15. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр.

16. Стратегиялык пландоо.

17. Кесиптик этика жана коррупцияга каршы туруу.

18. Персоналды башкаруу (Адам ресурстарын башкаруу) жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу.

19. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу.

20. Натыйжалуу башкаруунун көндүмдөрү жана менеджменттин негиздери.

21. Долбоорлорду башкаруу.

22. Аналитикалык документтерди даярдоо.

23. Финансылык менеджмент.

24. Мамлекеттик сатып алуулар.

25. Убакытты башкаруу жана менеджмент стресси.

26. Оозеки жана жазуу жүзүндөгү натыйжалуу коммуникациялардын көндүмдөрү.

27. Коррупцияга каршы күрөшүү саясаты.

28. Коомчулук менен байланыш.

29. Документтик камсыздоо.

30. Маалыматтык технологиялар.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө жобого
2-тиркеме

Форма

Мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчыларды донорлордун каражаттарынын эсебинен окутуу боюнча
ОТЧЕТ

Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы

_______________________________________________________________________

Кызматчынын аты-жөнү

Кызматчынын кызмат орду

Донордун аталышы

Окутуунун тематикасы

Өткөрүү жайы

Өткөрүү мөөнөтү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Рекомендациялар жана сунуштар:

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________

________________________________________________________________________