Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 20-ноябры № 659

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну жана коргоону андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:

61-пунктунун 8) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин “капитанга” чейинки штаттык категорияны кошуу менен  кызмат орундарына - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”;

90-пунктунун 3) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелериндеги, аскердик бөлүктөрүндөгү жана мекемелериндеги кенже офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”;

111-пунктунун 3) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“- облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын бирикмелеринин, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин прапорщиктерин - облустар боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармалыктарынын начальниктеринин буйруктары менен;”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жободо:

7-пункттун экинчи абзацы “бир биринчи” деген сөздөрдөн мурун “Башкы штабдын начальниги болуп саналган” деген сөздөр менен толукталсын;

10-пункттун тогузунчу абзацындагы “региондук (чек ара) башкармалыктарды” деген сөздөр “Чек ара кызматынын облустар боюнча башкармалыктарын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

11-пункттун экинчи абзацындагы “региондук чек ара” деген сөздөр “облустар боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциясында берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын

башкаруу схемасы

 

Төраганын биринчи орун басары- Башкы штабдын начальниги 

,Төраганын орун басары,Төрага 

 

 

 


Борбордук аппаратБашкы штабКүжүрмөн, ооруктук жана техникалык камсыздоо бөлүктөрү 

 

 

 

Жайлар, мекемелер
АЙМАКТЫК ОРГАНДАР,Чек ара кызматынын облустар боюнча
башкармалыктары
 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Эскертүү. Аскердик бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактардын укуктарына ээ.