Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 29-декабры № 750

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын  тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визасын  тариздөө жана берүү тартибинде:

- 32-пункттун экинчи абзацындагы “7” цифрасы “3” цифрасына алмаштырылсын;

- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“42. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды берүү жөнүндө өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан документтер берилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде каралат.”;

- 49-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“49. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан документтер берилген күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде каралат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарынан тышкаркы, чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөө МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматы тарабынан жүргүзүлөт.”;

- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“58. Консулдук пунктта чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга визаларды тариздөөгө өтүнмөлөр алардын келишине чейин 5 жумуш күн мурун кабыл алуучу уюмдар тарабынан ТИМдин консулдук кызматына берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарынан тышкаркы, чет өлкөлүк жарандарга визаларды тариздөө жана берүү МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматынын визалык колдоо көрсөтүүсү аркылуу жүргүзүлөт.”;

- 61-пункттагы “10” цифрасы “5” цифрасына  алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өз иштеринде  ушул токтомду жетекчиликке алышсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев