Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-декабры № 758

Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн  акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 53-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн  акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн аныктоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн  (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн аныктоодо ушул токтомдун 1-пункту менен  бекитилген Тартипти жетекчиликке алышсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

 

Тиркеме

 

Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмүн аныктоонун тартиби

 

1. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) курамына көп батирлүү үйдө жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайларды жана үй жанындагы жер участогун техникалык жана санитардык-гигиеналык күтүүгө жумшалуучу чыгымдардын суммасы, ошондой эле Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна жиберилүүчү сумма кирет.

2. Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндө турак жайларды жалдоо келишими боюнча турак жайды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (батир акысын төлөөнүн) өлчөмү ээленген жалпы турак жайдын бир квадрат метри үчүн акы төлөөнү  ээленген турак жайдын жалпы аянтына (өзүнчө бөлмөлөрдө – ушул бөлмөлөрдүн аянтына) көбөйтүүгө жараша аныкталат.

3.  Турак жайдын ээленген жалпы аянтынын бир квадрат метри үчүн акы төлөөнүн өлчөмү (Н) (мындан ары – Акы төлөө) өзү ээлеп турган турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метри үчүн акы төлөөнүн базалык коюмунун (Нб) (мындан ары – базалык акы төлөө) турак жайдын сапатын, абатталышын, жайлуулугун жана жайгашкан жерин эске алган коэффициентке көбөйтүндүсү катары эсептелет.

Н = Нб х Кб х Кк х Км,

мында:

             Кб – турак жайдын абатталуу коэффициенти;

             Кк – турак жайдын жайлуулук коэффициенти;

             Км – турак жайдын жайгашкан ордунун коэффициенти.

             Кб – турак жайдын абатталышын: лифтин, ысык жана муздак суу менен камсыз кылуунун, суу киргизүүнүн, борбордук жылытуунун жана газ менен камсыз кылууну чагылдыруучу коэффициент.

Ысык жана муздак суу менен камсыз кылуу же суу киргизүү же борбордук жылытуу жана газ менен камсыз кылуу болбогон турак жайлардагы Кбнын өлчөмү инженердик курулуштун ар бир жок болгон түрү үчүн 0,1 көрсөткүчүнө, бирок 0,5тен көп эмес азайтылат.

 

1-таблица

Турак жайлардын түрлөрү

Кб

1

Абаттоонун бардык түрү бар турак жай

1

2

Инженердик курулуштун бир түрү жок турак жай

0,9

 

Кк – турак жайдын жайлуулук коэффициенти турак жайдын жалпы аянтынын турак жайдын турак аянтына болгон катышы менен аныкталат.

 

2-таблица

Турак жайдын жалпы аянтынын турак жай аянтына болгон катышы

Кк

1

1,5тен аз

1

2

1,5тен 2,1ге чейин

1,1

3

2,1ден баштап жана жогору

1,2

 

Км - турак жайдын жайгашкан ордунун коэффициенти калктуу конуштун борбордук бөлүгүнө турак жайдын жакындыгын чагылдырат.

 

3-таблица

Турак жайлардын жайгашкан орду

Км

1

Шаардын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан турак жайлар

1,0

2

Шаардын алыскы бөлүгүндө жайгашкан турак жайлар

0,9

3

Айыл жергесинде жайгашкан турак жайлар

0,8

 

4. Базалык акы төлөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Нб = С х Р / (Т х 12)

Мында:

              Нб – базалык акы төлөө;

              С  – турак жайдын базар наркына жалдоочулар үчүн акы төлөөнүн шайкештик  коэффициенти;

              Р  – тиешелүү калктуу конушта турак жайдын бир квадрат метри үчүн орточо базар баасы;

              12 – жылдагы айлардын саны;

              Т – имараттын (үйдүн) ченемдик кызмат өтөө мөөнөтү.

 

4-таблица

Көп батирлүү жана жеке менчик үйлөрдүн тобу

Пайдубалдын, дубалдардын жана жабуулардын материалдары

Т

(жыл)

 

1-топ

Имарат  таштан, демейдеги; пайдубалы -таштан; дубалдары - таштан (кыштан), ири блоктуу жана ири панелдүү; жабуулары -темир бетон же аралаш (жыгач жана темир бетон), ошондой эле  металл устундарга коюлган  таш чүмбөттөр

125

 

2-топ

Имарат  таштан, жеңилдетилген; пайдубалы -таштан жана бетондон; дубалдары - кыштан, шлакоблоктон, ракушечниктен жеңилдетилип коюлган; жабуулары - жыгачтан, темир бетондон же металл устундарга коюлган таштан

100

 

3-топ

Имарат  жыгачтан, чабылган жана кырлуу устундан, аралаш конструкцияда; пайдубалы - тасма таштан, дубалдары - чабылган, кырлуу устундан жана аралаш (кыш жана жыгач), жабуулары - жыгачтан

50

 

5. Тиешелүү калктуу конушта бир квадрат метр үчүн турак жайдын орточо базар баасы кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтары (баа индекси) боюнча аныкталат.

6. Турак жайдын базар наркын жалдоочулар үчүн акы төлөөнүн шайкештик коэффициенти (С) турак жайдын ээсинин турак жай фондун курууга жана кайра конструкциялоого сарптоолорун жалдоочулардын төлөө үлүшү түрүндө болот, мында турак жайлар мамлекеттик турак жай фондунун турак жайларын жалдоо келишими боюнча берилет.

Мамлекеттик турак жай фондунун кызматтык турак жайлары, ошондой эле жалдоо келишими боюнча берилүүчү адистештирилген турак жай фондунун турак жайлары үчүн акы төлөөнүн өлчөмүнүн шайкештик коэффициентинин чоңдугу турак жайдын базар наркын жалдоочулар үчүн 0,1ди түзөт.

Коммерциялык максаттарда жалдоо келишими боюнча берилүүчү мамлекеттик турак жай фондунун турак жайлары үчүн акы төлөөнүн шайкештик коэффициентинин чоңдугу турак жайдын базар наркын жалдоочулар үчүн 1ди түзөт.

7. Мамлекеттик турак жай фондунун турак жайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн (П) өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:

П = Н х S,

мында:

             Н – ээлеген турак жайдын жалпы аянтынын бир квадрат метри үчүн акы төлөө;

             S – ээлеген турак жайдын жалпы аянты.