КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 83
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомунун редакциясына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын бөлүштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 7-пунктунда:
"5349" цифралары "5327" цифралары менен алмаштырылсын;
"5082" цифралары " 5060" цифралары менен алмаштырылсын;
- 33-пунктунда:
"566" цифралары "588" цифралары менен алмаштырылсын;
"119" цифралары "134" цифралары менен алмаштырылсын;
"447" цифралары "454" цифралары менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтымыш үчүнчү-алтымыш алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- көз карандысыз суу пайдалануучу субъекттердин менчигинде жана башкаруусунда, ошондой эле муниципалдык менчикте турган суу чарба инфратүзүмүнүн объектилерин кармоонун ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына;
- суу ресурстарынын пайдаланышына;
- суу ресурстарынын булгануусунун, азайышынын же алардын айыл чарба жерлерине жана жаратылыш ландшафттарына терс таасирин тийгизүү деңгээлине;
- суу пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жана суу мыйзамдарынын башка бузулушуна.";
- 8-пункттун он экинчи абзацы "жеке жактардан" деген сөздөрдөн кийин "жер, суу," деген сөздөр менен толукталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Дж.К.Оторбаев |