Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-марты № 92

Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жана пайдалануу жаатындагы ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын "Суу жөнүндө", "Жер казынасы жөнүндө", "Ичүүчү суу жөнүндө" жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев