Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

2015-жылдын 30-марты № 172

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускамада:

- 1-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык нотариус өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге таянат.";

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2-пункттун экинчи абзацындагы "аткарууга укуктуу" деген сөздөр "жасайт" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-пункттун биринчи абзацындагы "жерди" деген сөз "жайды" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6, 8 жана 168-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "жарандар" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "жеке" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "маалым каттар" деген сөздөр "маалыматтар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 7-пунктта:

бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "маалым каттар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "маалыматтар" деген сөз менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө башка бардык учурларда тыюу салынат.";

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нотариалдык иш-аракеттердин жасалганын ырастаган документтерди алып коюу зарыл болгондо соттун актысынын негизинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алып коюу жүргүзүлөт.";

- 8-пункттун биринчи абзацындагы "коргоодо көмөктөшүүгө" деген сөздөр "коргоону ишке ашырууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускамада нотариалдык иш-аракетти белгилүү нотариалдык округдун нотариусу жасашы керектиги каралган учурларды эске албаганда, нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында каалаган нотариус жасай алат.";

- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нотариалдык иш-аракеттер нотариустун кеңсесинде жасалат. Айрым учурларда жеке адамдардын же юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча нотариалдык иш-аракеттер нотариустун өзүнүн нотариалдык округунун аймагынын чегинде ошол жерге баруу аркылуу жасалышы мүмкүн.

Эгерде нотариалдык иш-аракеттер нотариустун кеңсесинен сырткары чыгуу менен жасалса, анда документтеги күбөлөндүрүү жазуусунда жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн реестрде дарегин көрсөтүү менен нотариалдык иш-аракеттердин жасалган орду жазылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдардын коюмдарынын 3-пунктуна ылайык нотариустун кеңсесинен тышкары жасалган нотариалдык иш-аракет үчүн мамлекеттик алым эки эселенген өлчөмдө алынат, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин жана башка айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн кошпогондо ушул нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн барууга байланышкан чыгымдар төлөнөт.";

- 14-пункттагы "кийинкиге калтырылышы мүмкүн" деген сөздөр "кийинкиге калтырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Кызыкдар жак күбөлөндүрүп берүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашкан башка кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо он күндөн ашпаган мөөнөткө калтырылат. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак анын арызы сотко келип түшкөндүгү тууралуу фактыны ырастоочу документти көрсөтпөсө, анда нотариалдык иш-аракет жасалышы керек.";

- 20-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

"Кол койгон жарандын, тифлосурдокотормочунун колун күбөлөндүрүү боюнча ушул иш-аракеттер нотариалдык иш-аракеттердин каттоосунун реестринде өз алдынча нотариалдык иш-аракеттер катары катталбайт.";

- 22-пунктта:

жетинчи абзацтагы "(лицензиясынан ажыратылган же лицензиясынын иштеши токтотулган)" деген сөздөр алып салынсын;

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) ишеним катын күбөлөндүргөн, аны жокко чыгаруу жөнүндө билдирген жеке нотариус жок учурда каалаган нотариус арызды кабыл алууга жана ишеним көрсөтүүчүнүн койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө укуктуу. Мында жокко чыгаруу жөнүндөгү арызды кабыл алган нотариус жеке нотариуска жана/же аймактык мамлекеттик нотариуска күбөлөндүрүүчү документтин жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.";

- 24-пункттун үчүнчү абзацындагы "19" деген цифралар "22" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 27-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "кийинки жумуш күнүнөн" деген сөздөр "үч жумуш күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 28-пункттун экинчи абзацындагы төртүнчү жана бешинчи сүйлөмдөр алып салынсын;

- 31-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Соттун, прокуратура жана тергөө органдарынын талабы боюнча документтердин түп нускаларынын көчүрмөлөрү же документтердин көчүрмөлөрүнүн көчүрмөлөрү нотариус тарабынан даярдалышы, "көчүрмө түп нускасына туура келет" же "көчүрмөнүн көчүрмөсү туура" деген белги коюу менен нотариустун колу жана мөөрү менен бекемделет.";

- 33-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"33. Кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары, суу жана аба кемелери боюнча бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус мүлккө ээлик кылууга тыюу салуулардын же камак салуулардын бар-жоктугун кыймылсыз мүлк/транспорт каражаттарына болгон укукту каттоочу органдардан текшерет. Жеке нотариус бүтүмдүн материалдарына аймактык мамлекеттик нотариустан алынган кыймылсыз/кыймылдуу мүлккө тыюу же камак салынбагандыгы жөнүндө архивариустун же нотариустун колу коюлган маалымкатты тиркейт.";

- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана оң жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"- суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашыкча болгон зайым келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 725-беренеси);

- көп батирлүү турак жайды курууда үлүштүк катыштын келишимдери (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренеси);";

- 36-пункттун биринчи абзацы "тараптардын чыныгы каалоосуна" деген сөздөрдөн кийин "жана мыйзамдын талаптарына" деген сөздөр менен толукталсын;

- 37-пунктта:

экинчи абзацтагы "24" деген цифралар "27" деген цифралар менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзацтагы "ээси болсо" деген сөздөр "ээси болгон учурларда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"39. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары анын атына берилген ишеним кат аркылуу ырасталат. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179 жана 204-беренелерине ылайык нотариустар юридикалык жактардын өкүлдөрүнөн нотариалдык форманы талап кылган бүтүмдөрдү түзүү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты талап кылат. Юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу орган) тарабынан бүтүм түзүлгөн учурда нотариус жетекчиге ушул бүтүмдү түзүүгө укук берүүчү документтерди, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документтерди талап кылат.

Эгерде юридикалык жак шайланма коллегиялуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана бүтүм түзүүгө ушул органдын уруксаты талап кылынса, юридикалык жактан коллегиялуу аткаруучу органдын шайланышы/дайындалышы жөнүндө, кызмат адамдарынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшү жөнүндө документ, ошондой эле органдын бүтүмдү түзүүгө макулдугун ырастаган тийиштүү чечим талап кылынууга тийиш.

Эгерде атайын администратор өкүл катары чыкса, нотариус анын ким экендигин ырастаган документтерден тышкары, ошондой эле банкроттук процесс козголгондугу жөнүндө соттун чечимин (насыя берүүчүлөрдүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимин), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын администраторду дайындоо жөнүндө чечимин, банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашырган администраторлордун ишин жүргүзүүгө лицензияларды, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү, банкрот болгон юридикалык жактын уюштуруу документтерин, бүтүмдү түзүүгө тиешелүү макулдукту да талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204-беренесине ылайык нотариалдык форманы талап кылуучу бүтүмдөрдү түзүүдө юридикалык жактар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тапшырууга милдеттүү.

Эгерде нотариустун көктөмөлөрүндө юридикалык жакты уюштуруу документтеринин, өкүлдүн башка нотариалдык иш-аракетти жасоодо нотариуска мурда берилген ыйгарым укуктарын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү болсо, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес. Документтер нотариуска кароо үчүн гана көрсөтүлөт (берилген документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды көрсөткөн адамдарга жүктөлөт).";

- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"43. Мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашуу өзүнчө документ түзүү жолу менен таризделет.

Мурда өзү күбөлөндүргөн, сактоо үчүн мамлекеттик нотариалдык кеңсенин архивине өткөрүп берилген келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимдин бузулганы тууралуу мамлекеттик нотариалдык кеңсеге билдирүүгө милдеттүү. Башка нотариус күбөлөндүргөн келишимдин бузулгандыгы жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн учурда нотариус бул жөнүндө ага билдирүүгө милдеттүү.

Тиешелүү органда катталгандан кийин түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт.

Тиешелүү каттоо органында каттоодон өткөндөн кийин түзүлгөн жана кыймылсыз мүлк объектине менчик укугунун өтүшүнө алып келген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус тиешелүү каттоо органынан маалымкатты жана бузулган келишимдин нускасын (нускаларын) талап кылууга тийиш.

Ошол эле мезгилде мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуулардын же камак салуулардын бар-жогу текшерилет.

Эгерде келишимди бузуу жөнүндө макулдашуунун объектиси болуп кыймылсыз мүлк объектине менчик укугунун өтүшүнө алып келген адамдардын биргелешкен жана/же үлүштөгү менчик ээлеринин объектиси катары кыймылсыз мүлк эсептелсе, нотариус бардык мүлк ээлеринин келишимди бузууга алардын макулдугу жөнүндө арыздарын талап кылат.

Келишимди бузууга макул экендиги жөнүндө арыздагы жубайдын коюлган колунун аныктыгы ушул Нускаманын 41-пунктунда баяндалган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди жараксыз деп табуу тууралуу соттун чечими алынган учурда нотариус бул жөнүндө реестрге жана нотариустун көктөмөлөрүндө сакталган келишимдин нускасына жазып көрсөтөт.

Мүлк ээсине нотариуста сакталып турган мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди тариздөөдө менчик ээси тарабынан берилген жана бүтүм материалдарында анын көчүрмөсүнө алмаштырылган укук белгилөөчү документ (же анын экинчи түп нускасы) кайтарылып берилет.

Түзүлгөн келишимдерди бузууда ушул келишимдерди күбөлөндүргөнү үчүн өндүрүлгөн мамлекеттик алым тараптарга кайтарылбайт.";

- 45-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"45. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179-беренесине ылайык каалаган тараптын талабы боюнча милдеттүү нотариалдык форманы талап кылбаган бүтүмдү күбөлөндүрүп берүүгө укуктуу.";

- 47-пункттун жыйырма биринчи абзацы "жубайлар" деген сөздөн кийин "чоң ата, чоң эне, эже-сиңдилер, бир туугандар" деген сөздөр менен толукталсын.";

- 48-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын мамлекеттик реестринен алынган көчүрмөдө кыймылсыз мүлккө карата эч кандай жүктөөлөрдүн (чектөөлөрдүн) жоктугу жөнүндө көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, нотариус бул маалыматтардын чындыгын, нотариустар ага берген бүтүмдөрдүн материалдарында бул жөнүндө мамлекеттик нотариус белгилеген, мамлекеттик нотариустардын маалыматтары боюнча текшерүүгө милдеттүү. Жеке нотариус бүтүмдөрдүн материалдарына аймактык мамлекеттик нотариалдык кеңсенин тыюу же камак салуунун жоктугу жөнүндө архивариустун же нотариустун колу коюлган маалымкатты тиркейт.";

- 49-пункттагы "38" деген цифралар "41" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 50-пунктта:

биринчи абзац "же мурда бирге ээ болушкан мүлк бөлүштүрүлгөн" деген сөздөрдөн кийин "же мүлктү ээликтен ажырата турган адам никеде турбаган" деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ошондой эле нотариус кыймылсыз мүлктү ээликтен ажырата турган жарандан же анын өкүлүнөн ээликтен ажыратыла турган мүлккө башка талапкерлердин жоктугу тууралуу арызын (үй-бүлө абалы же мүлккө болгон укугу жөнүндө арызы) талап кылат. Мында, берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт. Мындай учурларда нотариус болгону арыз ээсинин ким экендигин аныктайт, бул туурасында арызда белгилейт.";

- 51-пунктта:

биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"51. Приватташтырылган турак жайларды (кайтарымдуу жана кайтарымсыз берилген) тескөө боюнча ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:

- турак жайды приватташтырууга макулдугун берген үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде турак жайдын ээсинин жубайынын макулдугу (арызы), эгерде ал приватташтыруунун катышуучусу болсо. Эгерде бүтүм түзүлгөн убакта приватташтырылган мүлктүн үй-бүлө мүчөлөрү нотариуска өздөрү барышкан болсо, приватташтыруу мезгилинде бирге жашашкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн койгон колдорунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт. Нотариус арыз ээсинин ким экендигин гана аныктайт, бул туурасында арызда белгилейт;".

- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- 1999-жылдын 15-декабрынан кийин приватташтырган учурда приватташтырылып жаткан турак жайда жашаган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында - турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, приватташтыруу учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон башка органдардын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары эске алынган (паспорт стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тиешелүү маалымкат жана/же приватташтыруу мезгилинде күчүндө турган мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин талаптарын эске алуу менен приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалымкат;";

- 52-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, турак жай башкармалыгынын же башка органдардын (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тиешелүү маалымкаты, жана/же ушул Нускаманын 51-беренесинин талаптарына ылайык приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалымкат";

- 53-пункттун бешинчи абзацындагы "өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыздын нускасы жана анын жеткирилгенин ырастаган документтер" деген сөздөр "өткөрүп берүү жөнүндө күбөлөндүргөн арыздын нускасы же анын көчүрмөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 55-пункттагы "34" деген цифралар "37" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 62-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жалпы үлүштүк менчикке катышуучунун(лардын) арызы менен, нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө, анын ичинде жалпы мүлктөгү үлүшкө каза болгон катышуучунун(лардын) менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу. Мында нотариус жалпы мүлккө болгон бардык менчик ээлеринин укугун ырастаган документтерди талап кылат.";

- 63-пункттун экинчи абзацындагы "көчүрмө" деген сөз "жазуулар" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 66-пунктта:

биринчи абзацтагы "сатып алуу-сатуу" деген сөздөр "ажыратуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- чечимдин түп нускасы же ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же кызмат адамынын кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн түп нускасынын көчүрмөсү/чечимдин көчүрмөсү;";

- 68-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"68. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын жарандарга жалпы үлүштүк менчикке сатып алууда-сатууда (приватташтыруу келишими) төмөнкүлөр талап кылынат:

- кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө же кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарынын мамлекеттик реестринен маалыматтык көчүрмө;

- турак жайга укук белгилөөчү документ (турак жайдын баланстык таандыктыгы жөнүндө маалымкат);

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын приватташтыруунун формасын көрсөтүү менен батирди менчикке приватташтыруу жөнүндөгү чечими;

- турак жайды баалоо актысы;

- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өкүлгө ишеним кат;

- приватташтырууга катышууга макулдугун берген батирди жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

- үй-бүлөнүн бирге жашаган бардык жашы жеткен мүчөлөрүнүн турак жайды приватташтырууга катышууга макулдугу же турак жайды приватташтыруудан баш тарткандыгы жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арыздар.

Мында приватташтырылган турак-жай үй-бүлө мүчөлөрүнө жалпы үлүштүк менчик катары жашы жеткен мүчөлөрүнүн укуктарын эске алуу менен же бир эле жактын менчигине же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен бир нече жакка ушул Нускаманын 51-пунктунун эрежелерин сактоо менен таризделет.";

- 70-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"70. Тараптардын ортосунда түзүлгөн ээликтен ажыратуу келишими боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу менен толук эсептешүү жөнүндөгү насыя берүүчүнүн арызын тариздөөдө нотариустун карызкор өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө өзү күбөлөндүргөн анын арызына шилтеме берүү менен келишимге толук эсептешүү бүткөндүгү тууралуу белги коюуга укугу бар.";

- 71-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн күрөө мүлкүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эгерде ал күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартиптеги талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашуусу аркылуу каралса";

- 74-пункттагы "ажыратууга" деген сөз "ажыратууга" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 76-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 77-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"77. Ушул пункт имараттарды жана курулмаларды кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары ижарага алууну кошпогондо каалаган мүлктү жалдоо келишимдерин күбөлөндүрүүнүн эрежелерин жөнгө салат.

Мында нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:

- укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү;

- жубайлардын (эгерде турак жай/турак эмес жай никеде турган мезгилде сатып алынган болсо), менчиктештин (эгерде мүлк жалпы менчикте турган болсо) арызы;

- ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрү же алардын көчүрмө бөлүктөрү, эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, юридикалык жактын өкүлүнүн (жетекчисинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтерди.

Келишимдин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: бериле турган турак жайдын мүнөздөмөсү, жалдоо мөөнөтү, келишимдин суммасы (ижарага алуу келишимдери кайтарымдуу келишимдердин категориясына кирет), жалдоо шарттары, тараптардын каалоосу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери, аларды аткарбагандыктын кесепеттери, жалдоо келишимин токтотуунун негиздери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка шарттар көрсөтүлүшү мүмкүн.";

- 78-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"транспорт каражатына болгон оорлотуулардын жоктугу жөнүндө транспорт каражаттарын каттоочу органдын маалымкаты:";

алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- 79-пункттагы "документтер" деген сөз "документтерди" деген сөз менен, "талап кылынат" деген сөздөр "талап кылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-параграфтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-параграф.
Имараттарды, курулмаларды жана ишканаларды ижарага алуу келишимдерин күбөлөндүрүү";

- 80-пункттагы "жайгашкан жери боюнча" деген сөздөр алып салынсын.";

- 86-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Эгерде өткөрүп берилген милдеттенмелер кыймылсыз мүлк же транспорттук каражаттар түрүндө болсо, бул объектиге ээ болууга тыюу салуулардын (камак салуулардын) бар экендиги тууралуу маалыматтарды текшерүүнү нотариус жүргүзбөйт.";

- 87-пунктта:

сегизинчи абзацтагы "же" деген сөз "жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

тогузунчу абзацтагы "48" деген цифралар "51" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 88-пункттун отуз бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- эгерде мүлк күрөө берүүчүнүн өздүк менчигинде болсо (ага тартууга берилген, мураска калтырылган, никеге чейин сатып алынган, нике келишими тарабынан менчикти бөлүштүрүү режими каралган болсо), үй-бүлөсү жөнүндө же мүлккө өзүнүн укугу жөнүндө арызы;";

- 89-пункттагы "38" деген цифралар "41" деген цифралар менен алмаштырылсын.

- 90-пункттун алтынчы абзацы "жоюучунун (жоюу комиссиясынын)" деген сөздөргө чейин "бүтүмдөрдү түзүүдө" деген сөздөр менен толукталсын;

- 91-пункттун тогузунчу абзацы "Нотариус" деген сөздөн кийин "каттоого тийиштүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 92-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"92. Жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда мүлктү бөлүү келишимин каалаган нотариус күбөлөндүрө алат. Жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда мүлктү бөлүү келишимин күбөлөндүрүү үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:

- мүлккө укукту белгилөөчү документтер, эгерде келишимдин предмети автоунаа каражаты болсо, транспорттук каражатка менчик укугун ырастаган документтер жана башка транспорт каражаттарына ээлик кылуудан ажыратуу эрежелери боюнча зарыл болгон документтер;

- нике тууралуу күбөлүк (эгерде нике бузулган болсо, нике бузулгандыгы жөнүндө күбөлүк).

Эгерде жубайлардын кыймылдуу мүлккө менчик укугун ырастаган документтер берилбеген болсо, нотариус ушул жагдайды келишимде эскертет.";

- 94-пунктта:

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, турак жай башкармалыгынын же башка органдардын (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) маалымкаттары (эгерде макулдашуунун предмети приватташтырылган батир болсо)";

сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Үлүштөрү мыйзам тарабынан же менчиктештердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуусу менен аныкталган жалпы мүлккө менчик ээлеринин биринин арызы боюнча же башка документтер аркылуу нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу.";

- 95-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"95. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 970-беренесине ылайык нотариус тараптардын биринин талабы боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрөт. Жөнөкөй шериктештик келишими келишимдин максатына жетүү үчүн тараптардын биргелешкен ишинин тартибин жана шарттарын аныктоочу уюштуруучу келишим болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 972-беренесине ылайык, эгерде башкасы келишимде белгиленбесе жана мыйзамга каршы келбесе, шериктештердин жалпы мүлкү үлүштүк мүлк болуп таанылат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Жөнөкөй шериктештик келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 979-беренесинин негизинде токтогон учурда, тараптар жалпы мүлктү реалдуу бөлүүнүн келишимин түзүү жолу менен жалпы мүлктөгү үлүшүн накталай бөлүп алууга укуктуу. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттарына ылайык жалпы мүлктү реалдуу бөлүүнүн объектиси болуп бөлүп алуу Колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбеген, тараптар тарабынан чыгарылган мүлктөр сыяктуу эле, биргелешкен иштин натыйжасы да - биргелешип иш жүргүзүүнүн натыйжасында өндүрүлгөн продукциялар, алынган жемиштер жана кирешелер жана башка мүлктөр эсептелет.";

- 96-пункттагы "38" деген цифралар "41" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 17-параграф төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17-параграф.
Кыймылсыз мүлктү курууда үлүштүк катыш жөнүндөгү келишимди жана үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашууну күбөлөндүрүү

98. Кыймылсыз мүлктү курууда үлүштүк катыш жөнүндөгү келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус ушул келишим кошумча келишим катарында күчкө ээ экендигин эске алат, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 388 жана 406-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренесине таянат, келишимди ушул Нускаманын 104-пунктунда каралган эрежелерге ылайык тариздөө иштерин жүргүзөт.

Келишимдин бир нускасы каттоочу органга жиберилет.

Үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:

- каттоочу органдын маалымкаты (же кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алыстан пайдалануу каналдары боюнча электрондук көчүрмө);

- кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндөгү келишим;

- эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, уюштуруучу документтердин түп нускалары жана алардын көчүрмөлөрү, өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана юридикалык жактын өкүлчүлүккө болгон укугун ырастаган документтер;

- жубайлардын арызы, эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса /ээликтен ажыратыла турган болсо, же үй-бүлө абалы жөнүндө жана/же сатып алынган/ээликтен ажыратыла турган мүлккө жеке укугу жөнүндөгү арыз. Макулдашуунун бир нускасы каттоочу органга жиберилет. Үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашуу кыймылсыз мүлктүн турган жери боюнча күбөлөндүрүлөт.

Нотариустун иш кагаздарынын ичинде юридикалык жактын уюштуруучу документтеринин көчүрмөлөрү, мурда нотариуска башка нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө берилген өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер болгон учурда, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес; документтер нотариуска үстүртөдөн кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик аларды берген жакка жүктөлөт).";

- 100-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"100. Нике келишими адамдардын ортосунда никеси мамлекеттик катталганга чейин жана никеде турган каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Никени мамлекеттик каттоого чейин түзүлгөн нике келишими нике мамлекеттик катталган күндөн тартып күчүнө кирет.

Никеде турган жактардын нике келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус көчүрмөсү бүтүмдүн материалдарына тиркелүүчү никени каттоо күбөлүгүн талап кылат. Нике келишими жубайлардын буга чейин болгон жана келечекте боло турган мүлкүнө карата түзүлүшү мүмкүн. Жубайлар нике келишиминде өз ара каралашуу боюнча укуктарын жана милдеттерин, бири-биринин кирешесине катышуу шарттарын, алардын ар биринин үй-бүлө чыгымдарын көтөрүү тартибин, нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине өткөрүлүп бериле турган мүлктү аныктоого, ошондой эле нике келишимине жубайлардын мүлктүк мамилелерине байланышкан башка жоболорду киргизүүгө укуктуу. Нике келишими жубайлардын макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Нике келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус бул туурасында нике келишиминин өзүндө белгилейт.

Тараптардын каалоосу менен нике келишими кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо органдарында катталышы мүмкүн. Тараптарда укугун белгилөөчү документтер болгон учурда, нотариус аларга нике келишимин күбөлөндүргөндүгү тууралуу белгини кое алат.

Нике келишими укукту белгилөөчү документ боло албайт, нике келишимин түзүү мүлктү менчикке өткөрүүгө алып келбейт.";

- 101-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Милдеттенмелердин мүнөзүнүн бир жактуулугун эске алуу менен, арыз берүү аркылуу милдеттенмелерди берген жак тарабынан милдеттенмелер жокко чыгарылышы мүмкүн. Милдеттенмени жокко чыгаруу ушул Нускаманын 112-пунктундагы жоболордун эрежелери боюнча таризделет.";

- 104-пункттун төртүнчү абзацында:

"уюштуруучулук мүнөзгө ээ" деген сөздөрдөн кийин "жана тараптардын мүлктүк мамилелерин жөндөбөйт, төлөө функцияларына ээ эмес, менчикке өтүү укугуна алып келбейт." деген сөздөр менен толукталсын;

- бешинчи сүйлөмдөгү "алдын алуу" деген сөздөр "негизги" деген сөз менен алмаштырылсын;

"31" деген цифралар "34" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 105-пунктта:

экинчи абзацтагы "1133" деген цифралар "1131" деген цифралар менен алмаштырылсын;

алтынчы абзацтагы "17" деген цифралар "20" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 110-пункттун жыйырма төртүнчү абзацындагы "Нускаманын 107-пунктунда" деген сөздөр жана цифралар "Нускамада" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 111-пункттун экинчи абзацы "же мүлккө" деген сөздөрдөн кийин "жекече" деген сөз менен толукталсын;

- 112-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ишеним катты жокко чыгаруу ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-беренесинин талаптарын сактоо менен жокко чыгаруу тууралуу, анын ичинде жокко чыгаруу жөнүндө кызыкдар жактарга билдирүү милдеттери тууралуу арыз берүү аркылуу жүргүзүлөт. Ишеним катты жокко чыгарууга арыз берген жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) ишеним катын күбөлөндүргөн нотариус жок учурда арызды кабыл алууга жана ишеним көрсөтүүчүнүн койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө каалаган нотариустун укугу бар. Мында жокко чыгаруу тууралуу арызды кабыл алган нотариус жеке нотариуска жана/же аймактык мамлекеттик нотариуска ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүнү тиешелүү белгилерди киргизүү үчүн жөнөтүшү керек.";

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Транспорттук каражаттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ишеним катты жокко чыгарган учурда ишеним каттын жокко чыгарылгандыгы тууралуу кабарлама транспорттук каражаттарды каттоочу аймактык органдарга жиберилет.";

- 113-пунктта:

биринчи абзацтагы "1155" деген цифралар "1153" деген цифралар менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде иш жүзүндө мурасты кабыл алган мураскор мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин мурастын ачылган жери боюнча мамлекеттик нотариуска жеке өзү (же анын өкүлү) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүгүн алуу үчүн кайрылса, анда коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Мындай учурда мамлекеттик нотариус мураскордун (же анын өкүлүнүн) ким экендигин аныктайт жана коюлган колунун аныктыгын текшерет, ал жөнүндө арызда белгилейт жана ким экендигин күбөлөндүргөн документтин аталышын, номерин, берилген күнүн, документти берген мекеменин атын, мураскордун аты-жөнүн, туулган жылын (зарыл учурда айын да) көрсөтөт.";

- 114-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"114. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз берген жактардан мурастын ачылышы, башка мураскорлорго кабарлоо өтүнүчү жөнүндө билдирүү алган мамлекеттик нотариус бул жөнүндө жашаган жана иштеген жери өзүнө белгилүү болгон башка мураскорлорго кабарлоого милдеттүү; мамлекеттик нотариус ошондой эле арыз берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен басма сөздө жалпыга жарыялоо же бул тууралуу билдирүүнү жайгаштыруу жолу менен мураскорлорду чакыра алат.";

- 120-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мураскорлордун арызы боюнча мурастык мүлктү коргоо жана аны башкаруу үчүн мамлекеттик нотариустар мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде мүлктү каттоону жүргүзөт жана аны сактоо жана мурастык мүлктү башкаруу үчүн токтом менен дайындалган мурастык мүлктү башкаруучуга (мураскорлорго же үчүнчү жактарга) өткөрүп берет.";

- 122-пунктта:

"мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;

- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- 123-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1152 жана 851-беренелерине ылайык нотариус мураскорлордун арызы менен мурасты башкаруучуну дайындаганга укуктуу.";

- 128-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мураскордун мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө өтүнүчү мурасты кабыл алуу жөнүндө арызында же өзүнчө арызда жазылышы мүмкүн. Ушундай жана башка учурларда мураскордун арыздагы коюлган колунун аныктыгы ушул Нускаманын 157-пунктунда каралган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлүшү керек. Мында нотариус мурастоо боюнча иш ачат жана арызды гана кабыл алат.";

- 130-пунктта:

биринчи абзацтагы "1153" деген цифралар "1154" деген цифралар менен алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы "192" деген цифралар "194" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 132-пункттагы "155" деген цифралар "157" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 135-пункттун алтынчы абзацындагы "155" деген цифралар "157" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 138-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"138. Эгерде мурастык мүлктүн курамына кыймылсыз мүлк кирсе, мамлекеттик нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:

- кыймылсыз мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук белгилөөчү документ;

- мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз;

турак-жай-эксплуатациялоо башкармалыгынан (ТЭБ), үй башкармалыгынан (ҮБ) же приватташтыруу учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) башка уюмдардан маалымкат жана/же эгерде турак жай приватташтырылган болсо, приватташтыруунун катышуучулары жөнүндө маалымкат;

- кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө;

- турак жайды приватташтырууга макулдугун берген үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде турак-жайдын ээсинин жубайынын макулдугу (арызы), эгерде ал приватташтыруунун катышуучусу болсо жана приватташтырылган турак жай мураскорлук мүлк болуп саналган учурда. Эгерде приватташтырылган турак-жай мүлккө ээлик кылган үй-бүлө мүчөлөрү нотариустук иш-аракеттер жасалып жаткан учурда нотариуска өздөрү келсе, приватташтыруу учурунда бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн койгон колдорунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт; нотариус арыз берүүчүнүн ким экендигин гана аныктайт, ал жөнүндө арызда белгилейт;

- мамлекеттик нотариуста кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу же кыймылсыз мүлк жайгашкан жери боюнча камак салуу бар же жоктугу жөнүндө маалымат. Бул маалыматтарды текшерүү жөнүндө мураска укук жөнүндө күбөлүктү берген мамлекеттик нотариус каттоочу органдын көчүрмөсүнө белги коет.

Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салган учурда, нотариустун мураска укук жөнүндө күбөлүккө салынган тыюуну алып салбастан, мураска укук жөнүндө күбөлүккө оорлотуу бар экендигин көрсөтүү менен тариздөөгө жана насыя берүүчүлөргө мураска укук жөнүндө күбөлүктүн мураскорлорго берилгени жөнүндө кабарлоого укуктуу.

Мурастык мүлктү ээликтен ажыратууга камак салынган учурда, камак салууну алып салгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасы болгондо гана, нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү тариздөөгө укуктуу.";

- 141-пункттун экинчи абзацындагы "155" деген цифралар "157" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 145-пункттун экинчи сүйлөмү "нике" деген сөзгө чейин "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык кыймылсыз мүлк орун алган жерде" деген сөздөр менен толукталсын;

- 148-пункттагы "136" деген цифралар "138" деген цифралар менен, "137" деген цифралар "140" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 150-пункттагы "ээликтен ажыратууга тыюу салынат" деген сөздөргө чейин "насыя берүүчүлөрдүн арызы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- 153-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бухгалтердик, финансылык жана бажы документтеринин, юридикалык жактын (жактардын) ички документтеринин; нотариалдык күбөлөндүрүлбөгөн жана ырасталбаган, жеке адам(дар) жана юридикалык жак(тар) тарабынан өз алдынча түзүлгөн, алардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келишин текшерүү мүмкүндүгү болбогон; ошондой эле схемаларды, жадыбалдарды, башка графикалык сүрөттөөлөрдү камтыган; жазуулары кырылган, кошуп жазылган жана тууралыгы күмөн туудурган башка өзгөчөлүктөргө ээ документтердин; документтин текстинин өзүнөн көчүрмө алууга же күбөлөндүрүүгө мыйзам аркылуу жол берилбеген башка документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.";

- 157-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Соттук, укук коргоо, административдик органдардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча өткөрүп берүү үчүн жеке адам жана/же юридикалык жактар тарабынан өз алдынча түзүлгөн документтердеги коюлган колдун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөйт, жарандык-укуктук мамилелери өзгөрүлгөн жана/же токтотулган, мурда берилген күбө катары көрсөтмө мүнөздөгү жана далилдерди камсыздоочу катары таризделген арызы, кайрылуулары боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн (чет мамлекеттин соттук жана башка укук коргоо, административдик органдары үчүн арналган документтердеги коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү учурун кошпогондо) документтер күбөлөндүрүлбөйт. Мында нотариус ушул Нускаманын 7-пунктуна ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде аракет кылат.";

- 161 -пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"161. Жүргүзүлүп жаткан эки нотариалдык иш-аракеттердин бири документтин текстинин котормосун күбөлөндүрүү болсо, котормочунун колунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары реестр журналына каттоого жатпайт. Башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн жасалган документтеги котормочунун колу (легализациялоо) колдонуудагы мыйзамдарда жана эл аралык укуктук ченемдерде каралган учурларда ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.";

- XIV бап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"XIV бап. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу

170. Нотариалдык кеңсеге убактылуу сактоого келген жана белгилүү шарттар пайда келип чыкканда насыя берүүчүгө өткөрүлө турган акча суммалары жана баалуу кагаздар депозит болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-беренесине ылайык карызкор андан алынуучу акчаны же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине төмөнкүдөй шарттарда өткөрүп берүүгө укуктуу:

- насыя берүүчү же ал тарабынан милдеттенменин аткарылышын кабыл алууга ыйгарым укук берилген адам милдеттенме аткарылган жерде жок учурда;

- насыя берүүчүнүн аракетке жөндөмсүздүгү же анын өкүлү жок учурда;

- милдеттенме боюнча насыя берүүчүнүн ким экендиги ачык болбогондо, атап айтканда насыя берүүчү менен башка жактардын ортосунда ушул маселе боюнча талаш-тартыш болгондо;

- насыя берүүчү аткарылышты кабыл алуудан же башка мөөнөтүн өткөрүп жиберүүлөрдөн качкан болсо.

Нотариустун депозитине акчаны жана баалуу кагаздарды өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-беренесинде белгиленген негиздердин тизмеги толук жетишерлик деп эсептелет.

Колдонуудагы мыйзамдарда милдеттенмелер насыя берүүчүнүн пайдасына аткарылышы керек деген жалпы эрежеден сырткары болгон нотариустун депозитине карыздын суммасын киргизүү жөнүндө ченемдер да бар (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 299 жана 302-беренелери). Ошондуктан нотариустун депозитине акча суммаларын киргизүү мыйзамда түздөн-түз белгиленген учурларда гана болушу мүмкүн.

171. Нотариус депозиттик/алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталыкты да каалаган банкта ачууга укуктуу. Депозиттик эсептерде сакталган акча каражаттары жеке нотариалдык иш-аракеттерди жасаган нотариустун кирешеси болуп саналбайт.

Баалуу кагаздарга карата нотариус аларды да банктарга берүүгө милдеттүү. Депозитке баалуу кагаздарды кабыл алуу боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариус банкта сейфтик уячаны ижарага алат, номиналдык наркы көрсөтүлүп, мөөр коюлган баштыктарга салынган баалуу кагаздар ал уячага жайгаштырылат.

172. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу нотариус тарабынан милдеттенмелер аткарылган жер боюнча жүргүзүлөт. Милдеттенмени аткаруу жери болуп калктуу конуштун аймагы эсептелет.

Нотариалдык депозитке акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу үчүн керектүү документтер:

- паспорт (жеке жактар үчүн);

- юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн жана анын өкүлү болгон жактын ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.

- карызкордун депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы (арыз ээсинин кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн).

- милдеттенменин болушун ырастаган келишим, аны аткаруу үчүн акча каражаттары жана баалуу кагаздар берилет.

Айрым учурларда нотариус тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды киргизүү жөнүндө арызда карызкордун жана насыя берүүчүнүн аты, алардын жашаган жери (юридикалык жактар үчүн - жайгашкан жери), ошондой эле түздөн-түз карызкор тарабынан милдеттенмелеринин аткарылбай калгандыгынын себептери көрсөтүлөт. Мындан тышкары, карызкор депозитке акча каражаттарын кабыл алуу өтүнүчү менен жазылган арызда багытына ылайык негиздемени жана төгүм төлөнүп жаткан эсепти көрсөтө алат.

Нотариустун депозитине акча каражаттарын киргизүү үчүн арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү мыйзамга ылайык нотариуска жүктөлбөйт. Нотариус акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке кабыл алууда насыя берүүчүнүн укуктарынын пайда болуу негиздерин жана карызкордун милдеттерин текшербейт.

Эгерде насыя берүүчүнүн дареги карызкор тарабынан көрсөтүлбөсө жана нотариуска ал дарек белгисиз болсо, анда нотариус карызкорду акчанын (баалуу кагаздардын) төгүмү жөнүндө насыя берүүчүгө билдирүү анын милдети экендигин эскертет.

Нотариус карызкорду (арыз ээсин) нотариус тарабынан көрсөтүлгөн депозиттик эсепке акча каражаттарын киргизүү үчүн ылайыктуу банкка жөнөтөт. Банктын төгүм тууралуу квитанциясынын негизинде нотариус карызкорго депозитке акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды киргизүү жөнүндө күбөлүк берет.

Мындан кийин нотариус насыя берүүчүгө акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын түшүшү жөнүндө эскертет жана насыя берүүчүнүн талабы боюнча ага тиешелүү сумманы тапшырат.

173. Депозиттик эсепке түшкөн төлөмдөр нотариус тарабынан насыя берүүчүнүн арызы боюнча берилиши мүмкүн. Нотариус депоненттин ким экендигин жана аракетке жөндөмдүүлүгүн аныктайт, бул жөнүндө арызга ким экендиги аныкталган документтин аталышын көрсөтүү менен белги коюлат. Депозиттен акча жана баалуу кагаздар карызкордун арызында аталган документтерди көрсөтүү менен берилет.

Акча суммалары насыя берүүчүнүн арызы боюнча анын эсебине которуу жолу менен же арналуу чекти берүү аркылуу алынат. Депозиттик акча каражаттары нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу берилиши мүмкүн. Алынбаган депозиттик акча каражаттары насыя берүүчү каза болгон учурда мурастык массага киргизишет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскорлорго берилүүгө тийиш.

Эгерде нотариустун депозиттик эсебинде талап кылынбаган акча суммалары болсо, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдүн аякташы менен алар бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Акча суммаларын же баалуу кагаздарды нотариустун депозиттик эсебине киргизүү насыя берүүчүнүн акчаны же баалуу кагаздарды алар-албасына, же болбосо мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу бюджеттин кирешесине которуларына карабастан, милдеттенмени аткаруу күчүнө ээ болот. Милдеттенмени аткаруунун иш жүзүндөгү мөөнөтү болуп нотариустун депозиттик эсебине акча же баалуу кагаздарды киргизүү күнү саналат.

Депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн нотариалдык кеңседе депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу боюнча киреше жана чыгаша китеби жүргүзүлүшү керек.

Акчанын же баалуу кагаздардын келиши депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу китебинин киреше бөлүмүндө эске алынат.

Киреше жана чыгаша китебинин 1-графасында жыл башынан берки киреше боюнча жазуунун катар номери көрсөтүлөт.

2-графада нотариалдык иш-аракет аткарылган жарандын (же анын өкүлүнүн) аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы) жана депозитке акчаны же баалуу кагаздарды киргизүүнүн негиздери көрсөтүлөт.

3-графада депозиттик сумманын же баалуу кагаздардын түшкөн күнү көрсөтүлөт.

4-графада карызкор тарабынан киргизилген акчанын суммасы көрсөтүлөт.

5-графада депозитке депозиттик сумманы же баалуу кагаздарды киргизүүнү ырастаган, нотариус тарабынан берилген күбөлүктүн маалыматтары көрсөтүлөт.

6-графада нотариалдык иш-аракет аткарылган жарандын (же анын өкүлүнүн) аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы) жана депозитке акчаны же баалуу кагаздарды киргизүүнүн негиздери көрсөтүлөт.

7-графада депозиттик суммаларды берген күнү көрсөтүлөт.

8-графада чектин же төлөм тапшырмасынын номери көрсөтүлөт.

9-графада депоненттерге берилген суммалардын эсептен чыгарылышы жөнүндө берилген күндү коюу менен кошо белгиленет; бюджеттин кирешесине суммаларды берүүдө которуу күнү коюлат.

Депозиттик суммалар же баалуу кагаздар депонент тарабынан берилген накталай акчалардын же баалуу кагаздардын алынышы тууралуу кол коюлган арыз менен берилет. Чек берүүдө депоненттин чек китепчесиндеги квитанцияга кол коюлат, ал эми арызда чек менен депозиттик сумманы берүү жөнүндө, чектин номерин жана күнүн көрсөтүү менен белгиленет. Мындан сырткары арызда депозиттик сумманы же баалуу кагаздарды алууга укукту ырастаган документке (паспорт же аны алмаштырган документ, ишеним кат) шилтеме жасалат.

Насыя берүүчүнүн арызы боюнча нотариус анын депозиттик эсебине келген төлөмдөрдү берет. Ал ким экендигин жана депоненттин жарамдуулугун аныктап, бул жөнүндө арызда депоненттин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин аталышы белгиленет.

Акчалай сумма анын арызы боюнча же аты жазылган чекти берүү менен анын эсебине насыя берүүчү тарабынан алынат. Депозиттик акча суммасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча берилиши мүмкүн. Алынбаган депозиттик акча суммалары насыя берүүчү каза болгондо мураскерлик массасына кирет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскерге берилүүгө тийиш.

174. Депозиттен талап кылынбаган суммалар нотариалдык кеңсенин депозиттик эсебинде төмөнкүдөй мөөнөткө чейин сакталат:

а) жарандарга берилүүгө тийиш болгондор - үч жыл сакталат;

б) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге (бюджеттик мекемелерден тышкары) берилүүгө тийиш болгондор - бир жыл сакталат;

в) бюджеттик мекемелерге берилүүгө тийиш болгон суммалар - бул сумма киргизилген ошол жылдын 31-декабрына чейин сакталат, ал эми депозитке киргизилген чечилбеген сот иштери боюнча депозитке киргизилген суммалар сот чечими киргизилген ошол жылдын 31-декабрына чейин сакталат.

Жогорудагы пункттарда көрсөтүлгөн мөөнөттөр дарегине депозиттик сумма же баалуу кагаздар киргизилген адамдын же уюмдун депозитине киргизүү жөнүндө кабар берилген күндөн тартып эсептелет.

Акча каражаттарын же баалуу кагаздарды алардын депозитине киргизген адамга кайтаруу пайдасына акча каражаттары же баалуу кагаздар түшкөн адамдын макулдугу же соттун чечими менен гана жүргүзүлөт.

Талап кылынбаган депозиттик суммалар же баалуу кагаздар белгиленген мөөнөт бүткөндө алардын сакталышы жергиликтүү бюджеттин кирешесине которуу жолу менен берилет.

175. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык акчалай сумманы алып коюу же карыз адамдан мүлктү талап кылуу үчүн нотариустар карызды белгилеген документтерде аткаруучу жазууларды аткарат:

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөр боюнча (анын ичинде күрөө жөнүндө келишимде), анын предмети болуп кайтарып берүү шартында акча каражаттарын жана/же башка мүлктү берүү эсептелет;

- күрөөкана тарабынан берилген күрөө билети боюнча;

- чектерде.

Нотариалдык иш-аракеттерди жасоону токтотууга кызыкдар адамдардын укугун эске алуу менен нотариус мамлекеттик нотариустун маалыматтары боюнча аткаруучу жазууларды ишке ашырууну токтотуу үчүн негиздердин бар же жок экендигин текшерет.";

- 176-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"176. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесине ылайык аткаруу жазууларын ишке ашыруу төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:

1) аткаруучу жазууну ишке ашырган нотариустун аты-жөнү, кызматы (эгер жеке нотариус болсо - нотариалдык органдын аталышы);

2) өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги (аты-жөнү, жашаган жери, эгер юридикалык жак болсо - юридикалык дареги, банк реквизиттери);

3) карыз адамдын жана күрөө берүүчүнүн аталышы жана дареги (күрөө берүүчүнүн жана карыз адамдын аты-жөнү, туулган күнү, жашаган жери жана карыз адамдын иштеген жери (эгер юридикалык жак болсо - юридикалык дареги жана банк реквизиттери);

4) өндүрүү (алып коюу) жүргүзүлүүчү мөөнөттү белгилөө;

5) өндүрүлүүчү сумманын өлчөмү, анын ичинде туумдары, үстөк пайыздары, эгер ушундайлар болсо;

6) күрөө предметинин аталышы жана анын дареги, менчик ээсинин (күрөө берүүчүнүн) аты (аталышы) жана анын дареги;

7) күрөө келишиминин датасы (күнү, айы, жылы жана реестр чени);

8) өндүрүүчү тарабынан төлөнгөн жана карыз адам тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдардын суммасынын өлчөмү;

9) аткаруучулук жазууну ишке ашыруу күнү (жыл, ай, күн);

10) аткаруу жазуусунун реестрде катталган номери;

11) аткаруу жазуусун ишке ашырган нотариустун колу;

12) нотариустун мөөрү.";

- 179-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү "же карыз адамдын өздүк эсебинин көчүрмөсүндө" деген сөздөр алып салынсын.";

- 180-пунктта:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Нотариуста аткаруу жазууларын ишке ашырылган документтердин көчүрмөсү калат";

- экинчи абзацтагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алып салынсын;

- 181-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 185-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 186-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 194-пункттун экинчи абзацындагы "21" деген цифралар "212" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 210-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык апостилдин атайын штампын коюу жетиштүү болгон учурда нотариустар жогоруда аталган конвенцияга кошулган чет өлкөлөрдүн расмий документтерин кабыл алат.";

- 212-пункттагы "192-194" деген цифралар "200-202" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев