КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 269
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускамада:
- расмий тилдеги текстинин преамбуласындагы "нормативно-правовыми актами" деген сөздөр "нормативными правовыми актами" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "60-беренесине" деген цифралар жана сөз "38-пунктуна" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- расмий тилдеги текстинин 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "могут выдаваться" деген сөздөр "выдаются" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун экинчи абзацы "дареги" деген сөздөн кийин "жана себеби" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "кийинкиге калтырылып коюлат" жана "токтотулушу мүмкүн" деген сөздөр "кийинкиге калтырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункттун үчүнчү абзацындагы "киргизе алат" жана "оңдой алат" деген сөздөр "киргизет" жана "оңдойт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пункттун үчүнчү абзацындагы "улантылышы" жана "жазылышы мүмкүн" деген сөздөр "улантылат" жана "жазылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пункттун алтынчы абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 31-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Эгерде берилген документтин аныктыгы шек туудурса, консул бул документти алып калат жана аны экспертизанын тиешелүү түрүн жүргүзүү үчүн жиберет.";
- 40-пункттун экинчи абзацындагы "эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 64-пункттун бешинчи абзацындагы "сабатсыз жана", "башка" деген сөздөр алып салынсын;
- 72-пункттун биринчи абзацындагы жана 77-пункттагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 112-пункттун экинчи абзацындагы "берилиши мүмкүн" деген сөздөр "берилет" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 139-пункттагы "киргизилиши мүмкүн" деген сөздөр "киргизилет" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 141-пункттагы "тариздей алат" деген сөздөр "тариздейт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 187-пункт "көрсөтүлбөгөн," деген сөздөн кийин "нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |