КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 293
"Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри жана Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4 62-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 62-статьяда:
- "Мөңгүлөрдүн" деген сөздүн алдында "Ушул статьянын экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген, ири салык төлөөчү жана бюджетти түзүүчү ишканалар болуп саналган чарба субъекттеринин иштөөсү менен байланышкан өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөңгүлөргө таасир этүүчү ишке, мындай иштен келтирилген зыянды мүмкүн болушунча максималдуу азайтуу жана мөңгүлөрдүн абалына дайыма контролдоо жүргүзүү шартында уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Мындай ишке уруксат берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттик корутундусунун негизинде кабыл алынат.".
2. 67-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Агым" деген сөздүн алдында "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|