Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ

Ч Е Ч И М И

Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобонун 22-пунктунун тогузунчу абзацынын, 186-пунктунун 61-пунктчасынын, 187-пунктунун бешинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

2019-жылдын 6-марты №5-р

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,

кайрылуучу тарап – Куланбек уулу Айбектин ишеним кат боюнча өкүлү Марат Бакаевич Султаналиевдин;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Эрнест Замирович Молдошевдин, Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун, Света Садыковна Болджурованын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлдөрү Максатбек Кульчороевич Есеналиев, Асель Бекназаровна Абдураимованын, Быкын уулу Рысбектин; башка жак – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Айсулуу Жаныбековна Букамбаеванын, Жыргал Нуржановна Мурзалиеванын катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (андан ары - Мыйзам) 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобонун (андан ары - Жобо) 22-пунктунун тогузунчу абзацынын, 186-пунктунун 61-пунктчасынын жана 187-пунктунун бешинчи абзацынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын (андан ары – Тартип уставы) 91-пунктунун үчүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Куланбек уулу Айбектин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын, Жобонун 22-пунктунун тогузунчу абзацынын, 186-пунктунун 61-пунктчасынын, 187-пунктунун бешинчи абзацынын, Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 26-сентябрында Куланбек уулу Айбектин Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө; Жобонун 22-пунктунун тогузунчу абзацын, 186-пунктунун 61-пунктчасын жана 187-пунктунун бешинчи абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө; Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Келтирилген материалдардан келип чыккандай, Куланбек уулу Айбек өткөрүлгөн кызматтык тергөөнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн 2017-жылдын 11-январында корутундунун негизинде Жобонун 186-пунктунун 61-пунктчасы боюнча 2017-жылдын 27-январында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (андан ары - УКМК) буйругу менен жогоруда көрсөтүлгөн органдан бошотулган. Көрсөтүлгөн ченем ушул эле Жобонун 187-пунктунун бешинчи абзацына ылайык колдонулган, ага ылайык мөөнөтүнөн эрте бошотуу Жобонун 186-пунктунун 4-10-пунктчалары менен каралган негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

Кайрылуу субъектинин пикири боюнча улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери аскер кызматчылары болгондуктан, Куралдуу Күчтөрдүн жалпы аскердик уставдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана аскер кызматын өтөө жөнүндө жоболордун негизинде аскер кызматын өтөшөт. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамга ылайык аскердик кызмат өтөө өзүнө аскердик кызматтан бошотууну да камтыйт. Бирок, башка негиздердин ичинен аскердик кызматтан бошотуунун башка негиздерин да караган көрсөтүлгөн Мыйзамдын 31-беренесинин талашылып жаткан ченеми дискрециялык ченем болуп саналат, бул контекстте ал айкындуулуктун, анык болуунун критерийлерине жооп бербейт жана тийиштүү мамлекеттик органга аскер кызматчыларын бошотуу боюнча кеңири кароо укугун берүүдө. Кайрылуу субъектинин пикири боюнча, Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Арыздануучу болжогондой, контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчылары өзүлѳрүнүн эмгекке жана эмгек эркиндигине болгон укуктарын жүзөгө ашырууда жана эч ким алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген укуктарын негизсиз кемсинтүүгө укуктуу эмес. Мамлекет аскер кызматчыларына тийиштүү талаптарды жана ал талаптарды аткарбоо үчүн жоопкерчиликти орнотуу менен аскер кызматчыларын өз билемдикке салып жана негизсиз бошотуудан коргоо үчүн калыстык, мыйзамдуулук, теңдик жана өлчөмдөштүк принцибин сактоосу керек. Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми мындай негиз боюнча бошотулган аскер кызматчысын аскер кызматы менен шартталып берилген бир катар маанилүү социалдык кепилдиктерден да ажыратат жана башка негиздер боюнча бошотулган башка адамдарга карата аны тең эмес абалга коюуда.

Куланбек уулу Айбектин пикири боюнча, ишеничтен кеткендигине байланыштуу аскердик кызматтан запаска бошотуунун жана аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуунун негизин караган Жобонун 186-пунктунун 61-пунктчасы жана 187-пунктунун бешинчи абзацы Мыйзамдын талашылып жаткан ченемине негизделген. Ал тарабынан талашылып жаткан Жобонун ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. Бул конституциялык жобо аскер кызматын чакырык боюнча да, контракт боюнча да өтөгөн бардык аскер кызматчыларына жайылтылат, анткени алар Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген мамлекетти коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдей функцияларды аткарышат, демек бирдей укуктук статуска ээ болушат. Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын 31-беренесинде каралбаган аскер кызматчыларын бошотуу үчүн кошумча негиздерди караган Жобонун талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Арыздануучунун пикири боюнча, Жобонун талашылып жаткан ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө да карама-каршы келет, анда мамлекет, анын органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп белгиленген.

Арыздануучу, Жобонун 186-пунктунун 61-пунктчасында каралган ишеничтен кеткендигине байланыштуу аскер кызматчысын бошотуунун негизи жарандын аскер кызматын өтөө укугун чектөө болуп саналат деп эсептейт, ошондой эле бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет, ага ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы актыларды кабыл алууга тыюу салынган. Андан тышкары, өңчөй чектөөчү ченемдер аскер кызматчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуунун негиздери катары Жобонун 186-пунктунун 4-10-пунктчаларына шилтеме кылган Жобонун 187-пунктунун бешинчи абзацында, ошондой эле Жобонун 22-пунктунда камтылган, ага ылайык мурда Жобонун 186-пунктунун 5-91-пунктчаларында жана Тартип Уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча аскер кызматынан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскер кызматка кабыл алынбайт.

Кайрылуу субъекти, өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеген аскер кызматчысы, тартиптик жаза берилген учурдан тартып 10 сутканын ичинде даттанууга укуктуу деп караштырган Тартип Уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацын да конституциялуу эмес деп таанууну суранууда. Арыздануучунун пикири боюнча, бул ченем бошотулган аскер кызматчыларынын укуктарын, алардын конституциялык укуктарын коргоо үчүн жетиштүү убакыт бербей бошотууга даттануунун мөөнөттөрүндө чектөөдө.

Өтүнүчтөн келип чыккандай, арыздануучу кызмат өтөөдөн бошотулгандан кийин, 2017-жылдын 30-январында сотко кайрылуу үчүн кызмат өтөөдөн бошотуу жөнүндө буйруктун жана башка документтердин көчүрмөлѳрүн алуу туурасындагы арыз менен УКМКга кайрылган. Бирок 2017-жылдын 6-февралында ага документтерди берүүдөн баш тартылган. Андан тышкары, арыздануучу кызмат өтөөдөн бошотулгандыгы тууралуу УКМКнын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн жана буйрук менен таанышуу үчүн келүү талабын 2017-жылдын 7-февралында гана алган. Ушуга байланыштуу, анда Уставда каралган он суткалык мөөнөттө анын бошотулушу жөнүндө УКМК төрагасынын буйругуна даттанууга мүмкүнчүлүк болбой калды. Ага ылайык, Куланбек уулу Айбектин доо арызы соттор тарабынан Тартип уставынын талашылып жаткан ченеминде каралган буйрукка даттануунун он суткалык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу кароосуз калтырылган.

Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацында белгиленген тартиптик жаза чарасына даттануу мөөнөтү, жумуш берүүчү жумушчунун эмгек укуктарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 414-беренесинде каралган жумуш берүүчүнүн аракеттерине даттануу мөөнөтүнөн кыйла аз. Ушуга байланыштуу, арыздануучу бошотуу түрүндѳгү тартиптик жаза чарасын алган аскер кызматчылары бошотуу жөнүндө буйрукка соттук тартипте даттануу мөөнөтү боюнча Кыргыз Республикасынын башка жарандары сыяктуу эле укуктарга ээ болушу керек деп эсептейт. Арыздануучунун пикири боюнча, талашылып жаткан ченем аскер кызматчылары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылбайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.

Жогоруда баяндалганга негизденип, кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 5-ноябрындагы аныктамасы менен Куланбек уулу Айбектин кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган.

Соттук отурумда кайрылуучу тараптын өкүлү өзүнүн ишеним кѳрсѳтүүчүсүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.

Жоопкер тараптын өкүлү Э.З. Молдошев кайрылуу субъектинин жүйөлөрүн жараксыз, ал эми талаптарын канааттандырууга жатпайт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Ата-Мекенди коргоо – жарандардын ыйык парзы жана милдети. Бул ченем «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында чагылдырылган, анда чакырык жана контракт боюнча аскер кызматын өтөө тартиби, кызмат орундарга дайындоодо аскер кызматчыларына карата талаптар каралган. «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлүү принциптери каралган, алардын ичинде аскер жетекчилигин борбордоштуруу жана укуктук негизде бир башчылык принциби белгиленген. «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча аскер кызматчылары аскер кызматы менен шартталган чектөөлөр менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары жана эркиндиктеринен пайдаланышат. Мында жалпы жарандык укуктарды чектөө, ошондой эле аскер кызматчыларына аскер кызматы менен шартталган кошумча укуктарды берүү жана аларга кошумча милдеттерди салуу мыйзам, жалпы аскердик уставдар жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен аныкталат. 1998-жылдын 7-августундагы Мыйзам менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставында, аскер кызматынын өзгөчө мүнѳзүнѳ ылайык анын мамлекеттик кызматтын башка түрлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын башка ишмердиктеринин алдында артыкчылыгы аныкталат; аскер кызматчылары аскер кызматынын шарттары менен аныкталган чектөөлөр жана колдонуудагы мыйзамдарды эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат; Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аскер кызматчыларынын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин мазмуну менен көлөмү алардын аскер кызматынын милдеттерин аткарууда турганына же турбаганына көз каранды болот деп белгиленген. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аскер мыйзамдарынын булактары жөнүндө маселени жөнгө салууда өңчөйлүктү көрсөтүүдө жана улуттук коопсуздук органдарынын укуктук негизин бекитет, аны Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзѳт. Бул Мыйзамга ылайык аскер кызматчылары болуп саналган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн жалпы аскердик уставдарынын, Кыргыз Республикасынын аскер кызматын өтөө жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларынын жана жоболорунун негизинде аскер кызматын өтөшөт.

Жогоруда келтирилген аскер мыйзамдары көрсөткөндөй, арыздануучу тарабынан талашылып жаткан Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацынын аскер кызматчыларынын аскер кызматын өтөө тартибинин жоболоруна ылайык башка негиздер боюнча бошотулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт, анткени көрсөтүлгөн Мыйзам каралып жаткан бөлүгүндө башка ченемдик укуктук актыларга шилтеме ченемин камтыйт. Андан да, эмгекке болгон укук Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген эч кандай чектелүүгө жатпаган кепилдиктердин жана укуктардын тизмесине кирбейт (20-берененин 4, 5-бөлүктөрү).

Жоопкер тараптын ѳкүлүнүн пикири боюнча, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин аскердик кызматтан башка негиздер боюнча бошотулушу жогоруда белгиленген бир башчылык принциби жана алардын ишмердигинин өзгөчөлүгү менен мажбурланып орундатылган. Ошондуктан аскер кызматчылары бир катар конституциялык укуктардан чектелишкен, мисалы, саясий партияларда, кесиптик бирикмелерде мүчөлүккѳ тыюу салуу; зарыл болгон учурда аскер кызматчысы командирдин (начальниктин) буйругу боюнча ар убакта аскер кызматынын милдеттерин аткарууга киришүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аскер кызматчыларына жүктөлгөн милдеттердин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларга мамлекеттик кызматтын башка түрлөрү үчүн каралбаган социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берилет.

Ошондой эле жоопкер тараптын өкүлү, кайрылуучу тараптын соттук коргонууга болгон укуктун бузулушу тууралуу билдирүүсү да жараксыз деп белгилеген, анткени Тартип уставынын 5-главасында аскер кызматчысынын кайрылуу укугу, анын ичинде сотко кайрылуу укугу регламенттелип, андан тышкары аскер кызматчыларына даттануу тапшырууда тоскоолдук кылууга жана ал үчүн жазалоого, кызматы боюнча куугунтуктоого же болбосо кемсинтүүгө тыюу салынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келген жоопкер тараптын башка өкүлдөрү Ч.М. Бердимуратов жана С.С. Болджурова Э.З. Молдошевдин жүйөлөрүн колдошкон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген жоопкер тараптын өкүлү М.К. Есеналиев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана Жобонун кабыл алынышы үчүн укуктук негиз болуп «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамдын 28-беренеси саналат, анда чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөө тартиби, кызмат ордуна дайындалууда аскер кызматчыларына болгон талаптар, ошондой эле аларды которуу аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жободо аныкталат деп белгиленген. «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренесине ылайык аскер кызматчылары болуп саналган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн жалпы аскердик Уставдарынын, Кыргыз Республикасынын аскер кызматын өтөө жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларынын жана жоболорунун негизинде өтөшөт. Демек, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзам башка негиздер да кирген аскер кызматчыларын бошотуунун негиздерин карайт, ал аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндө жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.

М.К. Есеналиев Жобонун талашылып жаткан ченемдери боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясында Конституция жана мыйзамдар менен каралган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилет деп эсептейт. Ошентип, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинде аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынан жана эркиндиктеринен аскер кызматынын шарттары менен шартталган чектөөлөр менен пайдаланышат.

Тартип уставынын талашылып жаткан ченеми боюнча ал даттанууну берүү үчүн 10 суткалык мөөнөт салынган тартиптик жаза чарасына даттануу үчүн жетиштүү убакыт жана ошон үчүн жарандардын конституциялык укуктарын бузбайт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген жоопкер тараптын экинчи өкүлү А.Б. Абдураимова коюлган талаптарды кийинкидей себептер боюнча негизсиз деп эсептейт.

Аскердик кызмат – бул мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү, аны аскер кызматчылары тарабынан өтөө «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобо, «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызмат Уставы жана башка ушул сыяктуу ѳзүнчѳ ченемдик укуктук актылар менен регламенттелген.

Башка негиздер боюнча кызматтан бошотууну караган Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми ушул мыйзамга ылайык башка ченемдик укуктук актыларды иретке келтирүү жана иштеп чыгуу максатында киргизилген болчу. Бул ченем өзү билип тапкан себептер менен жетекчиликтин карамагы боюнча аскер кызматчыларын бошотууну карабайт, ал жөн гана башка жогоруда аталган негиздерди толуктайт. Тажрыйбада бул негиз аскер кызматчысын бошотуу үчүн өзүнчө негиз катары колдонулбайт.

Аскер кызматчысын ишеничтен кеткендигине байланыштуу запаска бошотуу жөнүндө Жобонун ченемдеринин конституциялуу эместиги жөнүндө арыздануучунун өтүнүчүн экинчи пункту боюнча, А.Б. Абдураимова, мындай негиздер Кыргыз Ресупбликасынын Конституциясына ылайык, ошондой эле аскер кызматы жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен киргизилген деп эсептейт.

Тартиптик жаза чарага даттануу үчүн мөөнөттү белгилеген Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацынын конституциялуу эместиги жөнүндө өтүнүчтүн үчүнчү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү аны да Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келген жоопкер тараптын үчүнчү өкүлү Быкын уулу Рысбек эмгек эркиндигине болгон укук менен аскер кызматынан бошотуу үчүн негиздер сыяктуу укуктук мамилелерди жөнгө салуунун ортосунда кандайдыр бир укуктук жана мааниси боюнча өз ара байланыштын жоктугуна байланыштуу арыздануучунун жүйөлөрүн негизсиз деп эсептейт.

Мыйзамдар тийиштүү чөйрөдөгү өзгөчө маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салаары, ал эми алардын негизинде жана алардын аткарылышы үчүн, мамлекеттик башкаруу, анын ичинде аскер кызматын өтөөгө байланыштуу маселелерди деталдаштырууга чакырылган мыйзам алдындагы актылар кабыл алынаары жалпыга белгилүү. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык тийиштүү мыйзам кабыл алынгандан кийин, анын жоболорун жүзөгө ашыруу максатында жана мыйзамда ага атайын көрсөтмөлөр болбогондон кийин мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыны чыгара алат. Мындай учурларда тийиштүү мыйзамдын талаптарын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларда конкреттештирүүнүн ар кандай формалары колдонулат.

Жобонун талашылып жаткан ченемдери ишенимден чыккандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерине карата укуктук чараларды киргизүүнү караштырган, Президенттин 2016-жылдын 18-июлундагы №161 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо боюнча чаралар Комплексин жүзөгө ашыруу үчүн кошумча катары киргизилген. Улуттук коопсуздук органдары үчүн бул өзгөчө көйгөйлүү, анткени алардын кызматкерлери ишмердиктин спецификасына байланыштуу мамлекеттик сырларга жетишүү үчүн чет өлкөлүк атайын кызматтардын, террорчул жана экстремистчил уюмдардын, уюшкан кылмыштуулуктун жана эл аралык баңгизат бизнестин, коррупциячыл жана башка жат элементтердин кызыгуусунун туруктуу объекттери болуп саналышат.

Ошону менен бирге, Быкын уулу Рысбек талашылып жаткан ченемдер императивдүү эмес, анткени кеп мындай негиздер боюнча улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу мүмкүндүгү жөнүндө гана болуп жатат жана ар бир конкреттүү учурда кызматтык тергөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча, жетиштүү негиздер болсо, кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн деп белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» (17, 18-беренелери), «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» (7, 24-беренелери), «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» (7-берене) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында жана башка мыйзамдарда аскер кызматчылар үчүн чектөөлөр мурда эле каралган. Алар улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларынын жоопкерчилигин жана тартибин көтөрүүгө, коррупциялык жана башка укуктук бузуулардын алдын алууга багытталган, мыйзамдарда каралган ушул чектөөлөрдү жана тыюу салууларды бузганы үчүн кызматкерлердин кызматтан бошотулуу мүмкүндүгү үчүн бири бирин конкреттештирет жана толуктап турат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Ж.Н. Мурзалиева аскер кызматчыларын башка негиздер боюнча бошотуу жөнүндө Мыйзамдын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эмгек эркиндигине болгон укук жөнүндө 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт жана эмгекке болгон укукту чектебейт деп баяндады.

Жобонун талашылып жаткан ченемдеринин конституциялуу эместиги жөнүндө Куланбек уулу Айбектин талаптарынын экинчи пункту боюнча ал, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгү аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун негиздерин жана аны альтерантивдик (аскер кызматынан тышкары) кызматка алмаштырууну жалпысынан жарандарга карата, анын ичинде аскер кызматчысынын статусуна ээ болбогондорго карата да регламенттейт деп белгилеген. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун жана аны альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка алмаштыруунун негиздери «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамдын 34, 35-беренелеринде каралган.

Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аскер кызматын өтөөнүн тартибин, анын ичинде аскер кызматынан бошотуунун негиздерин аныктоого укуктуу. Бул чектөөлөр башка мыйзам актыларында да, «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (22, 47-беренелер), «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (7, 24-беренелер), «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (24, 31-беренелер), «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (28-берене), «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (44-берене), «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (14, 15-беренелер) каралган.

Арыздануучунун талаптарынын үчүнчү пункту боюнча Ж.Н. Мурзалиева Тартип уставынын талашылып жаткан ченеми кодулоочу болуп саналбайт, арыздануучунун соттук коргонуу укугун жана мыйзам менен сот алдында бирдейликти чектебейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:

- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы:

«31-берене. Аскер кызматынан бошонуу

1. Аскер кызматчыларынын бошонуусу Аскер кызматын өтөө жөнүндө жоболорго ылайык төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:

башка негиздер боюнча.»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобонун төмөнкүдөй мазмундагы 22-пунктунун тогузунчу абзацы, 186-пунктунун 61-пунктчасы жана 187-пунктунун бешинчи абзацы:

«22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт:

Мурда ушул Жобонун 186-пунктунун 5-91-пунктчаларында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынбайт.

186. 61) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн:

- акчалай жана товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген аскер кызматчысы күнөөлүү аракеттерди жасаганы;

- мыйзам менен белгиленген же оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, ишкердик иштин бардык түрлөрү же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштер менен алектенгени;

- динге карата тигил же бул мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы;

- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзгөнү, мүчө болгону, аларга катышканы, ар кандай түрдө көмөк көрсөткөнү, саясий максаттарды көздөгөн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына көмөк көрсөткөнү;

- профсоюздарга мүчө болгону, иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганы же аларга катышканы, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук жараткан башка иш-аракеттерге катышканы;

- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан же болбосо аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун башчысынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик иш менен байланышкан иштерден тышкары, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда айкалыштыруу менен иштегени;

- «кызматтык пайдалануу үчүн» жетүү чектелген грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке адамдарга бергени;

- аскер кызматчысына ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууда белгилүү болгон мыйзам менен корголгон сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгарганы;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырганы же Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө атайын жалган маалыматты бергени;

- мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бербегени же мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда атайын туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергени;

- аскер кызматына кабыл алууда аскер кызматчысынын жалган документтерди же атайын жалган маалыматтарды бергени;

- алар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаганы;

- алардын жеке кызыкчылыктарына, жакын туугандарынын кызыкчылыктарына, ошондой эле алардын багуусунда турган же чогуу жашаган же болбосо жалпы чарбасы бар адамдардын же жыныстык мамилелерде же болбосо төмөнкү мүлктүк милдеттенмелерге негизделген мамилелерде болгон адамдардын кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланганы:

а) коммерциялык эмес же диний уюмдардын, саясий партиялардын же болбосо саясий максаттарды көздөгөн уюмдардын ишине, иш таштоолорду жана башка мыйзамсыз массалык иш-чараларды уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга;

б) террористтик, экстремисттик жана мыйзамсыз диний ишке;

187. Мындан тышкары мөөнөтүнөн эрте бошотуу ушул Жобонун 186-пунктунун 4-10-пунктчалары менен каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.»;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктунун үчүнчү абзацы:

«91. Өзүн күнөөлүү эмес деп эсептеген аскер кызматчысы, тартиптик жаза берилген учурдан тартып 10 сутканын ичинде даттанууга укуктуу.».

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 11 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобо мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин («Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары» аттуу тиркемесинде) 2011-жылдын 31-майындагы № 9-10 (390-391) сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына болгон укукту, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугун кепилдейт (42-берененин 3-бөлүгү).

Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык ченемдин укуктук мазмунунан мамлекет ар кимде өзү эркин тандап алган же өз эрки менен макулдук берген эмгеги менен жашоосуна акча табууга мүмкүндүк болгондой шарттарды түзүүгө милдеттүү экендиги келип чыгат. Эркин эмгектенүүгө болгон укук болуп, жарандарга алардын финансылык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырган шарттары бар эмгек ишмердигин өз эрки менен тандап алуу мүмкүндүгүн берүү саналат. Эмгек эркиндигине болгон укук инсандын турмушунун негизги чөйрөлөрүнө тийиштүү, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруунун формасы, ошондой эле адамдын эмгек жаатындагы бардык башка конституциялык укуктарынын кепилдигинин универсалдуу каражаты болуп саналат. Мындай укуктук көз караштар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан анын 2015-жылдын 15-апрелиндеги, 2018-жылдын 9-сентябрындагы чечимдеринде калыптанган.

Эмгектенүү укугу элдин абийири менен урматын камсыз кылуу максаты үчүн өзөктүү мааниге ээ жана анын жүзөгө ашырылуусу инсандын болушунча толук жана шайкеш өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүсү керек.

Бул конституциялык жоболор эл аралык-укуктук актыларга да шайкеш келет, маселен, ар бир адамдын эмгекке, жумушту эркин тандоого, эмгектин калыс жана жагымдуу шарттарына жана жумушсуздуктан коргоого болгон укугун жарыялаган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 23-беренеси; Пактка катышкан мамлекеттер өзүнө ар бир адамдын ал өзү эркин тандаган же өз эрки менен макул болгон эмгек менен ѳз жашоосуна акча табуу мүмкүндүгүн алуу укугун камтыган эмгек укугун таанышат жана бул укуктун камсыз болушу үчүн тиешелүү чараларды көрүшөт деген экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын 6-беренеси.

Эл аралык-укуктук актылардын бул жоболору Пакттын катышуучусу болгон мамлекеттер, мажбурланган эмгекти сүрөгөн же ага улуксат берген аракеттерден карманууга милдеттенет; бардык эмгекке жараган адамдарга эмгектенүү укугун кепилдеп бере турган стратегияларды жана чараларды кабыл алышат; эмгектенүү укугу өзүнө жумушка орношуу укугун да, негизсиз кызматынан кетирүүгѳ дуушар болбоо укугун да камтый турганын түшүнүшѳт деп болжойт. Эмгектенүү укугу тамактанууга, кийим-кечеге, турак жайга болгон укуктар сыяктуу адамдын жашоо жана турмуш тиричилигинин негиздерине тийиштүү айрым укуктардан пайдалануу үчүн өзөктүү мааниге ээ жана Пактта бекитилген укуктардан пайдаланган адамдардын абийир менен урматын камсыз кылуу максаты үчүн өзөктүү мааниге ээ.

Эмгектенүү укугу жумушту эркин тандоо укугу; жумушсуздуктан социалдык жактан коргоого болгон укук; мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгек талаштарын чечүү укугу жана башкалар сыяктуу өз ара байланышкан өзүнүн элементтерине ээ, булардын ар биринин жалпысынан эмгек укугунун ченемдик мазмунуна тике таасири бар.

Эмгектенүү укугунун мындай элементтеринин бири болуп негизсиз кызматтан бошотулууга дуушар болбоо укугу саналат, бул, мамлекеттин, жумушчулардын негизсиз бошотулушун болтурбоо кепилдиктерин мыйзамдарда алдын ала кароо, кызматтан негизсиз бошотулган учурда коргоонун, анын ичинде соттук коргоонун натыйжалуу механизмдерин камсыз кылуу милдетин болжойт. Кызматтан негизсиз бошотулуудан сот тартибинде коргоо ыкмасы катары компенсация алуу мүмкүндүгү гана эмес, кызматында калыбына келтирүү мүмкүндүгү да караштырылышы керек.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам чыгаруучуга эмгек жана жумуштуулук жаатында жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ар башка категориядагы адамдардын (ишмердиктин түрү жана шарты боюнча) укуктук статусуна айырмачылыктарды орнотууга, анын ичинде, эгер бул айырмачылыктар орундуу жана негиздүү болсо, конституциялык маанилүү максаттарга шайкеш келсе, алар менен эмгектик укук мамилелерин токтотууга тийиштүү өзгөчө эрежелерди киргизүүгѳ тыюу салбайт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июлундагы чечими).

3. Аскер кызматы бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдарда аткарган мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык аскер кызматын аскер кызматчылары чакырык боюнча жана контракт боюнча жүзөгө ашырышат.

Контракт боюнча аскердик кызмат жарандардын эмгектенүү укугунун жүзөгө ашырылуусунун ыкмаларынын бири болуп саналат жана жаран менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик орган ортосунда контракт түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Мындай мамлекеттик органдарга, башка аскердик түзүмдөргө жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам улуттук коопсуздук маселелерин чечкен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн да киргизет.

«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу күчтөрүнүн негизги бөлүгү катарында өздөрүнө берилген укуктардын чегинде инсандардын, коомдун, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылышат, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштерин жүзөгө ашырышат.

Мамлекет улуттук коопсуздук органдарындагы аскердик кызмат, адегенде, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча конституциялык маанилүү функциялардын аткарылышы менен шартталган коомдук кызыкчылыктардын жүзөгө ашырылуусуна багытталганын эске алуу менен, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери болгон же бул органдагы кызматка талапкер болгон жарандардын категориясы үчүн алардын жеке жана кесиптик сапаттарына өзгөчө талаптарды орундуу коюуда, анткени мындан улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышынын натыйжалуулугу тикелей көз каранды.

Ушуга байланыштуу, кызматтан бошотуу маселелерин да кошкондо, ар кимдин эмгектенүүгө болгон конституциялык укугуна негизделген контракт боюнча аскер кызматын өтөөнүн укуктук жөнгө салынуусунун ченемдик мазмуну коомдук органдардын алдына коюлган милдеттердин мүнөзүн эске алуу менен өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана алып салууларга ээ болушу мүмкүн.

Мыйзамдын 31-беренесинин талашылып жаткан ченеми аскер кызматынан бошотуу үчүн бөлөк негиздерден тышкары башка негиздерди да карайт. Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн мааниси боюнча чакырык боюнча да, контракт боюнча да кызматка таандык болгон аскер кызматынан бошотуу үчүн негиздердин жалпылаштырылган тизмеси бар.

Башка негиздер боюнча деген шилтеме жобо, жөнгө салуу чөйрөсүн эске алуу менен, өзүнүн укуктук табияты боюнча башка мыйзамдарда каралган ченемдик жоболорду колдонулуу зарылдыгын болжойт. Бул ченемдик жобону анын колдонулуу чектеринин так эместигин эске алуу менен башкача түшүнүү аскер кызматчыларын бошотуу үчүн мыйзамдарда каралбаган негиздерди орнотууда ченем чыгаруучу органдын кеңири карамагына алып келиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2017-жылдын 7-июнундагы Чечиминде мурда көрсөткөндөй, мыйзам жоболору укуктук ченемдердин формалдуу аныктык, тактык, айкындуулук, кош маанилүү эместик жана алардын колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумунда шайкештик талаптарына жооп берүүсү керек, себеби алардын укуктук аныктыгы укуктук ченемди бирдей түшүнүү жана түшүндүрмө берүү шартында гана камсыз болушу мүмкүн. Укуктук аныктык принцибинин талаптарын сактабоо бири бирине карама-каршы келген укук колдонуучулук тажрыйбаны жаратат да, алардын бир маанилүү эмес түшүндүрүлүшүнѳ жана өз билемдик менен колдонулушуна мүмкүнчүлүк түзүп, ошону менен адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Эмгектенүүгө болгон конституциялык укуктун ар кандай чектелүүсү, атүгүл ал аскер кызматын өтөөнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша конституциялык-маанилүү максаттар менен акталуу болсо да, аны башкача түшүндүрүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мыйзамдарда аныкталган негиздер менен критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылуусу керек.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына шилтеме жасабастан аскер кызматынан бошотуу үчүн башка негиздерди караган мындай укуктук жөнгө салуу жарандардын негизсиз кызматтан бошотулушунан коргонуу укугунун бузулушуна жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген эмгектенүүгө болгон укуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

4. Заманбап коомдук мамилелердин көп түрдүүлүгүнөн, татаалдыгынан жана жогорку динамикасынан улам укуктук жөнгө салуу мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу органы кабыл алган мыйзамдар менен гана жүзөгө ашырылуусу мүмкүн эмес. Коомдук мамилелерди жөнгө салуунун натыйжалуулугу мамлекеттин укуктук тутумунда ар кандай жеке учурлардын өзгөчөлүгүнө карата мыйзамдардын негизги жана принципиалдуу орнотмолору канчалык конкреттештирилгенине жараша болот. Ошон үчүн мамлекеттин турмушунда жардамчы жана деталдаштыруучу ролду аткарган мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылардын тутумун курап чыгаруу мерчемдүү мааниге ээ боло баштайт. Алар мыйзамдарга салыштырмалуу даражасы төмөн жана азыраак юридикалык күчкѳ ээ, мыйзамдардын юридикалык күчүнө негизделген жана аларга карама-каршы келе албайт. Ушуга байланыштуу Конституцияда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга милдеттүү токтомдор менен буйруктарды чыгарат деп белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана аскер кызматчыларынын ишмердигин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын жоболорун жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам алдындагы ченемдик укуктук акт катары кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартибин аныктайт.

Арыздануучу тарабынан талашылып жаткан Жобонун 186-пунктунун 61-пунктчасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572 Токтому менен толукталган жана улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылар үчүн, бул мамлекеттик органдын ишмердигинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кызматтан бошотуунун негиздерин карайт. Талашылып жаткан ченемде аталган аскер кызматчыларын кызматтан бошотуу үчүн негиздер алардын ишеничтен кетүүсүнө алып келген аскер кызматчыларынын аракеттерин (аракетсиздиктерин) камтыйт.

Ишеничтен кетүү деп аскер кызматчыларынын чынчылдыгы жана ак-ниеттүүлүгү тууралуу негиздүү күмөн саноонун негизинде тийиштүү мамлекеттик органдын кадыр-баркына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон алардын аракеттеринин (аракетсиздиктеринин) кесепеттери түшүнүлөт. Ишеничтен кетүү кылык-жоруктардан, аткарылып жаткан функциялар менен милдеттерге болгон мамиледен келип чыгат жана ар кандай укуктук кесепеттерге алып келген конкреттүү жосундар түрүндө көрүнөт. Ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу тартибин аныктаган колдонуудагы укуктук жөнгө салуудан улам мындай жосундар менен чектөөлөрдү квалификациялаган курам объекттик же субъекттик курам боюнча жөнгө салууну жүзөгө ашырууга чакырылган ар кандай мыйзамдарда камтылышы мүмкүн. Ошентип, улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларынын ишмердиги «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынан тышкары «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Жобонун 186-пунктунун 61-пунктчасы ишеничтен кеткендигине байланыштуу аскер кызматчыларын бошотууну караштыруу менен, дагы бир катар деталдашкан негиздерди киргизген, алар төмөнкү мыйзамдарда камтылат: 1) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 36-беренесинде, 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун б) пунктчасында, «Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө» Мыйзамдын 3, 5-беренелеринде акчалай жана товардык баалуулуктарды тикелей тейлеген аскер кызматчысы тарабынан күнөөгө кириптер кылуучу аракеттерди жасоого тыюу салуу каралган; 2) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин төртүнчү абзацында, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 18-беренесинин жетинчи абзацында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун б) пунктчасында мыйзамда белгиленген же ыкчам зарылдык келип чыккан учурлардан тышкары ишкерликтин ар кандай түрү же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган; 3) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи абзацында, «Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып кайсы бир динди пропагандалоого же ага карата башка мамилесин билдирүүгө тыюу салуу каралган; 4) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин сегизинчи абзацында, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 6-беренесинде, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун е) пунктчасында ыкчам зарылдыктан келип чыккан учурлардан тышкары саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзүүгө, аларга мүчө болууга, алардын ишине катышууга, аларга жана саясий максаттарды көздөгөн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына ар кандай формада көмөк көрсөтүүгө тыюу салуу каралган; 5) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 18-беренесинин жетинчи абзацында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун ж) пунктчасында мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук туудурган кесиптик биримдиктерде мүчѳ болууга, иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды, ошондой эле башка аракеттерди уюштурууга же аларга катышууга тыюу салуу каралаган; 6) «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 18-беренесинин жетинчи абзацында оперативдүү зарылдыктан келип чыккан, же болбосо жеке тартипте аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун башчысы) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишмердик менен байланышкан жумуштарды кошпогондо ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда кош кызматта иштөөгө тыюу салуу каралган; 7) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренесинин 2-бөлүгү менен өз ара байланышта «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун г) пунктчасында органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ар кандай юридикалык жана жеке жактарга «кызматтык пайдалануу үчүн» уруксат алууга чектөө грифи бар документтерди берүүгө тыюу салуу каралган; 8) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин онунчу абзацында, «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Мыйзамдын 5-беренесинин экинчи абзацында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун г) пунктчасында аскер кызматчысына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгарууга тыюу салуу каралган; 9) «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Мыйзамдын 24-беренесинин тогузунчу абзацында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун е) жана ж) пунктчаларында башка мамлекеттин жарандыгы бар экенин жаап-жашырууга же Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экени жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды берүүгө тыюу салуу каралган; 10) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун д) пунктчасында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндө кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенге же болбосо билип туруп кирешелер жѳнүндѳ декларацияда мамлекеттик кызматкердин, ошондой эле анын жакын туугандарынын мүлкү жана милдеттенмелери тууралуу так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенге тыюу салуу каралган; 11) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда кызматчыга мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүгө тыюу салуу каралган; 12) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүндө, 14-беренесинде коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын жана чектөөлөрдүн аскер кызматчылары тарабынан сакталбоосуна тыюу салуу каралган; 13) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамдын 9-беренесинин 5, 9-бөлүктөрүндө, 14-беренесинде аскер кызматчылары тарабынан өзүлөрүнүн жеке, жакын туугандарынын, ошондой эле алардын багуусундагы же чогуу жашаган, же орток чарбасы бар адамдардын же сырдаш мамилелери бар же болбосо мамилелери мүлктүк милдеттенмелерге негизделген: а) коммерциялык эмес же диний уюмдардын, саясий партиялардын же саясий максаттарды көздөгөн уюмдардын ишмердигине, иш таштоолорду жана бөлөк мыйзамсыз массалык иш-чараларды уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышканда; б) террорчул, экстремистчил жана мыйзамсыз диний ишмердик менен алектенген адамдардын кызыкчылыктарына тийиштүү маселелерди чечүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланууга тыюу салуу каралган.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу, талашылып жаткан ченемде каралган ишеничтен кеткендигине байланыштуу аскер кызматчыларын бошотуу үчүн негиздер коомдук мамилелердин белгилүү чөйрөсүнө таасирин тийгизген мыйзамдардан келип чыгат да, жыйындысында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин укуктук статусун жана аскер кызматын өтөөнүн тартибин жөнгө салат. Ошондой эле бул жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун преамбуласынан жана 1-пунктунан келип чыгууда, анда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болгон аскер кызматчылары аскер кызматты «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, бөлөк ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын ишмердигин регламенттеген атайын мыйзамдарга ылайык өтөшөт деп белгиленген.

Улуттук коопсуздук органдарынын беделине жана кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон аскер кызматчыларынын аракеттерин (аракетсиздигин) болтурбоого жана жоюуга багытталган мындай укуктук жөнгө салуу аларга жүктөлгөн милдеттердин спецификасы менен шартталган. Жаран улуттук коопсуздук органдарына кызмат өтөөгө кирүүдө эмгектенүүгө өзүнүн жөндөмдөрүн эркин пайдалануу укугун жүзөгө ашырат жана белгилүү чектөөлөрдү жана өзгөчө, коомдук-укуктук ыйгарымдарды жүзөгө ашырууга байланыштуу милдеттенмелерди болжогон кесиптик ишмердикти өз ыктыяры менен тандайт.

Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Жобонун талашылып жаткан пункту аскер кызматчыларынын ишеничтен кеткендиги боюнча аларды бошотуу үчүн мыйзамдарда каралбаган негиздерди камтыбайт, жана адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алынуусуна тыюу салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын бузуу катары каралышы мүмкүн эмес. Бул Жобону кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинен келип чыгат, анда чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөө тартиби, кызмат ордуна дайындалууда аскер кызматчыларына болгон талаптар, ошондой эле аларды которуу Аскер кызматын өтөө жөнүндө жободо белгиленет деп каралган.

Демек, арыздануучунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишеничтен кетти деген негиз боюнча аскер кызматынан бошотуу түрүндөгү жарандардын укуктарын чектөөнү караган ушул Жобону кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосун бузду деген жүйөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы каралып жаткан укуктук маселенин алкагында келген жогоруда көрсөтүлгөн тыянактардан улам ырасталган жок.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесине ылайык Ата-Мекенди коргоо – жарандардын ыйык парзы жана милдети. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. Бул конституциялык ченемдин укуктук мазмуну жарандардын мыйзам менен гана белгилене турган аскердик кызматты өтөө, мындай милдеттен бошонуу же мындай милдеттин түрүн аткарууну кызматтын башка түрүнө алмаштыруу мүмкүндүгүн чагылдырган аскердик милдетти аткаруудагы конституциялык милдетин карайт. Аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун мыйзамдуу негиздеринен улам же мыйзамга ылайык аскер кызматты альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштырууга жол берилген мыйзамда так аныкталган жарандардын категориясынан тышкары аскер кызматынын милдеттүүлүгү жалпы мүнөзгө ээ болот.

Ушуга байланыштуу, контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жарандардын ишеничтен кеткендигине байланыштуу аларды бошотуу үчүн негиздерди караган Жобонун талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт, себеби бул конституциялык ченем өзүнүн конституциялык милдетин – өзүнүн ыйык парзын аткаруусун жүзөгө ашыруу алкагында чакырык боюнча аскер кызматын өтөгөн жарандар үчүн жоболорду белгилейт.

Аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн негиздер катары Жобонун 186-пунктунун 4-10-пункттарына шилтемени камтыган жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 187-пунктунун бешинчи абзацы, ошондой эле Жобонун 186-пунктунун 5-91-пунктчалары жана Тартип уставынын 106-пункту менен каралган негиздер боюнча аскер кызматынан мурда бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскер кызматына алынышы мүмкүн болбогон ушул эле Жобонун 22-пункту өзүнүн мүнөзү боюнча шилтеме ченемдер болуп саналат да, башка пункттардын жоболору менен өз ара тутумдаш байланышта колдонулат жана өз алдынча аскер кызматчыларынын укуктарын бузган ченем катары каралбайт. Аскер кызматынан бошотуу үчүн негиздер аны өтөөнүн өзгөчөлүктөрүнө байлангандыктан, аларга атайын талаптар, анын ичинде мыйзамда белгиленген аскер тартибин кыйшаюусуз сактоо талаптары, алардын укуктары менен эркиндиктерин айрым чектөөлөрдүн зарылдыгы аскер кызматчыларынын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү, эмгектенүү эркиндигин бузуу катары каралышы мүмкүн эмес, ошондой эле кодулоочу мүнөзгө ээ эмес.

5. Тартип уставы аскердик тартиптин маңызын, аны сактоо боюнча аскер кызматчыларынын милдеттерин, сыйлоонун жана тартиптик жаза-чаралардын түрлөрүн, аларды колдонуу боюнча командирлердин (начальниктердин) укуктарын, ошондой эле сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү жана кароо тартибин аныктаган ченемдик укуктук акт болуп саналат. Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана Мыйзам менен аскер кызматы белгиленген мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жайылтылат.

Тартип уставынын жоболоруна ылайык аскер кызматчыларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу тартибинде аскер кызматчыларынын тартибине көтөрүңкү талаптарды койгон аскер кызматынын мүнөзү менен шартталган өзүнүн спецификасы болот.

Аскердик тартип - бардык аскер кызматчылары тарабынан мыйзамдарда, аскердик уставдарда жана командирлердин (начальниктердин) буйруктарында белгиленген иреттүүлүктүн жана эрежелердин бекем жана так сакталышы болуп саналат жана ар бир аскер кызматчысы тарабынан өз Мекенин коргоодо аскердик милдетин жана жеке жоопкерчилигин түшүнө билгендигине, анын өз элине жана ата-журтуна чексиз берилгендигине негизделет (Тартип уставынын 1-беренеси). Аскердик тартип аскердик кызматтын мүнөзүнөн келип чыккан кынтыксыз аскердик баш ийүүнү, субординацияны жана аскердик-кызматтык укуктук мамилелердин сөзсүз принциби болуп саналган баш көтөрбөстүктү болжойт.

Арыздануучу тарабынан талашылып жаткан Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацы аскер кызматчынын ага салынган жаза чарасын, анын ичинде ал аскер тартибин бузган учурда бошотуу түрүндөгү жаза чарасына даттануу мөөнөтүн карайт. Арыздануучунун пикири боюнча талашылып жаткан ченем менен белгиленген он суткалык мөөнөт салынган жаза чарасын даттануу үчүн жетишсиз жана аскер кызматчысын эмгек кодекси менен узагыраак даттануу мөөнөтү болгон башка жумушчуларга карата теңсиз абалга коюп, аскер кызматчынын соттук коргонууга болгон укугун чектөөдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерде мурда көрсөтүлгөндөй ар кимге анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо кепилдикке алынган, адам укуктарынын негизги жана ажыратылгыс укуктарынын бири болуп, бир эле мезгилде адамдын жана жарандын башка укуктары менен эркиндиктерин кепилдейт. Андай укуктардын бири кодулоодон коргонуу укугу жана мыйзам менен сот алдында бардыгынын укугу бирдей болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү, 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү). Конституция адамдын жана жарандын укуктарынын теңдигин кепилдеп, ошондой эле, жарандардын укуктарын кодулоонун ар кандай формаларына тыюу салып, мыйзам чыгаруучуга эмгек жана жумуштуулук чөйрөсүндө жөнгө салууну жүзөгө ашырууда ар кандай категорияларга таандык адамдардын укуктук статусуна айырмачылыктарды киргизүүгө, анын ичинде, эгер андай айырмачылыктар орундуу жана негиздүү болсо, конституциялык-маанилүү максаттарга ылайык келсе, алар менен эмгектик укук мамилелерин токтотулушуна тиешелүү өзгөчө эрежелерди киргизүүгө тыюу салбайт дегенди билдирет (2014-жылдын 4-июлундагы, 2016-жылдын 11-майындагы чечимдери).

Ушуга байланыштуу, аскер кызматчыларынын эмгектенүү жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуунун орнотулушу, анын ичинде эмгек мыйзамдарынын жалпы эрежелеринен айырмалуу аскер кызматынын өзгөчөлүктөрүнөн улам салынган тартиптик жаза чараларды даттануу тартиби орундуу жана мыйзам менен сот алдында бардыгы бирдей деген принципке карама-каршы келбейт.

Талашылып жаткан ченем менен Тартип уставынын даттануу берүү үчүн белгиленген он суткалык мөөнөт аскер кызматчыларынын соттук коргонуу укугунун жүзөгө ашырылуусу үчүн тике тоскоолдуктарды камтыбайт, ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кепилдиктердин бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес.

Ошону менен бирге, Тартип уставында жаза чараны салуу жөнүндө чечимди аскер кызматчылары тарабынан даттануунун белгиленген процедуралардын, тартиптик жаза чараны салуу жөнүндө тийиштүү актылардын көчүрмөлөрүн берүү мөөнөттөрүнүн жоктугу аскер кызматчыларынын соттук коргонууга конституциялык укуктарынын жүзөгө ашырылуусуна нагыз тоскоолдук туудурат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Ч Е Ч Т И:

 

1. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө берилген конституциялык-укуктук мааниде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацын башкача түшүнүлүүсү жана колдонулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө Жобонун 22-пунктунун тогузунчу абзацы, 186-пунктунун 61-пунктчасы жана 187-пунктунун бешинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацы салынган тартиптик жаза чарасына даттануу мөөнөтүнүн бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 3-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 91-пунктунун үчүнчү абзацы аскер кызматчылары тарабынан жаза чарасын салуу жөнүндө чечимге сотко даттануу процедурасын камтыбаган даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына карама-каршы келет деп таанылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнө ылайык мыйзамдарга өзгөртүүлѳрдү демилгелесин.

6. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

7. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

8. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ