Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

2019-жылдын 24-апрели

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын,

кайрылуучу тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бейшенбек кызы Камила, Мирбек Исамаматович Арзиевдин;

башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Айсулуу Жаныбаевна Букамбаеванын, Жыргал Нуржановна Мурзалиеванын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кайрылуусу бул ишти кароого себеп болду.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Г.У. Калиеванын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 74-беренесинин 9-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө сунуштамасы келип түшкөн.

Сунуштамадан келип чыккандай, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка ыйгарым укуктары ичинде – Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзөт деген ыйгарым укугун карайт.

Ушуга байланыштуу, арыздануучу бул ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна карама-каршы келет деп болжойт, ага ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибине негизделет.

Кайрылуу субъекти мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарына бөлүштүрүлүшү мамлекеттик бийликти уюштуруунун жана укуктук мамлекеттин иштешинин маанилүү принциптеринин бири болуп саналат. Бийликти бөлүштүрүү принциби мыйзам жаратуу ишмердиги – мыйзам чыгаруу органы, аткаруу-тескөө ишмердиги – аткаруу бийлик органдары, сот бийлиги – соттор тарабынан жүзөгө ашырылат дегенди билдирет. Мында мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактары өз алдынча жана салыштырмалуу көз карандысыз. Бийликтин бөлүштүрүлүшү мыйзам чыгаруу, мамлекетик башкаруу, сот адилеттиги деген фунциялардын табигый ажыратылышына негизделет.

Кайрылуу субъекти өз жүйөлөрүнѳ негиздеме катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечиминде баяндалган укуктук көз карашын келтирүүдө, анда бийликти бѳлүштүрүү принцибине ылайык бийликтин ар бир бутагы мамлекеттик бийликтин жалпы тутумунда өз ордун ээлейт жана ага гана тийиштүү милдеттер менен функцияларды аткарат деп көрсөтүлгөн. Мындай бөлүштүрүүнүн маңызы бийликтин ар бир бутагына салыштырмалуу өз алдынчалуулук жана көз карандысыздыкты, ошондой эле бир бутактын экинчисине карата үстөмдүк кылуусун жокко чыгаруучу зарыл болгон тең салмактуулукту камсыз кылууга жол берген ыйгарым укуктар көлөмүн берүүдө турат.

Бирок, кайрылуу субъектинин пикири боюнча талашылып жаткан ченем мыйзам чыгаруу бийлигинин сот бийлигине карата үстөмдүгүн бекитүүдө, бул бийликти бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келүүдө жана сот бийлигинин көз карандасыздыгынын деңгээлин тѳмѳндѳтүүдѳ.

Кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө шилтеме жасоодо, ага ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2007-жылдын 21-октябрындагы редакциясына ылайык болуучу. Ошентип, мурда колдонууда болгон Конституцияга ылайык Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын ар жылдык докладдарын угуу боюнча ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына кирген болуучу, бул Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Конституциясында каралган эмес.

Мындан, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө маалыматты угуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясын аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде аныкталган парламенттин ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып кеткени көрүнүүдө. Ошентип, Конституциянын аталган беренеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын негизги тизмесин камтыйт, ага көрсөтүлгөн компетенция кирбейт, андан да ушул эле берененин 9-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституцияда гана каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат деп караштырылган. Конституция бул мааниде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын аныктыгы, тактыгы жөнүндө так орнотмо берет. Демек, кыйшаюсуз Конституцияга ылайык кабыл алына турган талашылып жаткан ченемдин Мыйзамда болуусу Конституциянын үстөмдүк принцибин бузууда.

Ошентип, кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын тизмеси мыйзамдар же башка ченемдик укуктук актылар менен кеңейтилиши мүмкүн эмес деп болжойт.

Андан тышкары, кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүк жана түздөн-түз колдонулуу принциби чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келүүдө деп эсептейт.

Сот бийлиги судьялар жүзүндѳгү сотторго гана таандык. Судьялардын көз карандысыздыгы, кол тийгистиги, алардын Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийүүсү, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишмердикке кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө конституциялык жоболор судьянын укуктук статусун аныктайт жана сот бийлигин мамлекеттик бийликтин көз карандысыз жана бейтарап бутагы катары бекитет. Соттун, судьялардын жана бүтүндөй сот бийлигинин көз карандысыздык принциби соттук коргонууга болгон конституциялык укуктун жүзөгө ашырылуусу менен түздөн-түз байланышта болот.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 19-февралындагы аныктамасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунуштамасы өндүрүшкө кабыл алынган.

Сот отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранган.

Жоопкер тараптын өкүлү Бейшенбек кызы Камила кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын алкагында контролдоочу функцияларды жүзөгө ашырган жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

Жоопкер тараптын өкүлү, Парламент өкүлчүлүктүү орган болуп саналат жана эл эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы катары өзүнүн өкүлдѳрүн - депутаттарды парламентке шайлайт жана аларга элдин атынан жүзөгө ашырылуучу ыйгарым укуктарды өткөрүп берет деп белгилейт.

Мамлекеттик бийликтин органы катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибине ылайык мамлекеттин мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда өзгөчө орун берилген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу Кыргызстан элинин эгемендүү эркин чагылдырган, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуучу укуктук механизмдерди жаратат.

Мамлекеттик-башкаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон адамдын өзүнүн саясий ишмердигинин жыйынтыктары үчүн жооп берүү милдетин түшүндүргѳн эл алдында бийликтин жоопкерчиликтүүлүгү конституциялык принцибин сактоо дал ушунда туюндурулган. Адегенде, бул эл алдында бийликтин легитимдүүлүгү жана кадыр-баркы үчүн, ички жана тышкы саясаттын багыттарын туура тандоо үчүн, кабыл алынган чечимдердин жүзөгө ашырылуусу жана натыйжалуулугу үчүн жоопкерчилик.

Бейшенбек кызы Камила «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пункту менен каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укугу сот адилеттигин жүзѳгѳ ашырууга кийлигишпөө принцибин жана конкреттүү соттук иш боюнча отчетту талап кылууга тыюу салууну сактоо менен жүзөгө ашырылат деп айтууда. Жогорку Кеңеш сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишмердикке кандайдыр бир кийлигишүүсүз Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердиги жөнүндө гана маалыматты угат. Ошону менен мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин органдары мамлекеттин функцияларын өз компетенциясынын чегинде өз алдынча жана бири бирине көз карандысыз жүзөгө ашырышат.

Жоопкер тараптын өкүлү сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат деп, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-1 жана 20-1 беренелерине шилтеме жасап, ага ылайык соттордун соттук актылар жөнүндө маалыматты жайылтууну камсыз кылуу милдети каралганын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин табиятын, ишмердигинин ѳзгѳчѳлүгүн жана укуктук абалын эске алганда, телекөрсөтүү жана радио аркылуу трансляцияланган сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматын угуу Кыргызстандын калкын маалыматтандыруунун ыкмаларынын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын тизмеси толук болуп саналбайт, бул алар тарабынан Конституцияда жана мыйзамдарда, маселен, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну билдирет.

Жогоруда баяндалгандын негизинде Бейшенбек кызы Камила Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сунуштамасын канааттандыруудан баш тартууну суранууда.

Жоопкер тараптын экинчи өкүлү М.И. Арзиев Бейшенбек кызы Камиланын жүйөлөрүн колдогон.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Ж.Н. Мурзалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сунуштамасы боюнча кийинкидей пикирин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн; мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун; мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет.

Ж.Н. Мурзалиева ойлогондой, бийликти бөлүштүрүү принциби бийликтин ар бир бутагы өз алдынча иштейт жана башкасынын ыйгарым укуктарына киришпейт дегенди билдирет. Анын өз ирети менен жүзѳгѳ ашырылышында тигил же бул бийлик тарабынан бири биринин ыйгарым укуктарын тартып алуунун ар кандай мүмкүндүгү жокко чыгат. Бийликти бөлүштүрүү принциби токтото туруу жана тең салмактуулук тутуму менен жүзөгө ашырылат. Бул принциптин жардамы менен мамлекеттик органдар бирин алмаштырбай өз компетенциясынын алкагында иштейт; мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигин жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын өз ара мамилесинде өз ара контроль, тең салмактуулук, бирдейлик орнотулат. Демокартиялык коом үчүн бийликти бөлүштүрүү принциби өзгөчө маанилүү жана барктуу. Ал мамлекеттик бийликтин концентрациясын, анын авторитардык жана тоталитардык бийликке айлануусун болтурбай турган мамлекеттик бийликтин салабаттуулугунда, тегиздигинде чагылдырылат. Демократиялык коомдогу бул принцип бийликтин үч бутагы бирдей, күчү боюнча тең, бири бирине карата тең салмактуулук катары иштейт жана бири бирине карата үстөмдүк кылууга жол бербейт дегенди болжойт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесине ылайык судьялар көз карандысыз жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийет. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийилигишүүлѳргө тыюу салынат.

Ж.Н. Мурзалиева сот адилеттигине кийлигишпөө принцибин жана конкреттүү соттук иш боюнча отчетту талап кылууга тыюу салууну сактоодо сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын маалыматын угуу бийликти бөлүштүрүү конституциялык принцибине карама-каршы келиши мүмкүн эмес деп болжойт.

Ошол эле учурда ал Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын 2007-жылдын 23-октябрындагы редакциясында Жогорку сотун төрагасынын ар жылдык докладын угуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарына таандык деп белгилеген. Бирок, мыйзам чыгаруучунун мындай ыйгарым укугу 2010-жылдын 27-июнунда бүткүл элдик референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясында жок.

Ушуга байланыштуу, Ж.Н. Мурзалиева Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп көрсөтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат, Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарын карайт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу сыяктуу ыйгарым укугу жок. Андан тышкары, ушул эле беренененин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституцияда гана каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Ошентип, Ж.Н. Мурзалиева талашылып жаткан ченемде каралган ыйгарым укук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган компетенциясынын алкагынан чыгып кетүүдө, демек, талашылып жаткан ченем ушул бөлүгүндѳ Конститцияга карама-каршы келет деген тыянакка келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп белгилейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде каралган. Мында, Конституциянын көрсөтүлгөн беренесинин 9-бөлүгүндө Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат деп белгиленген.

А.М. Курманбаева Конституцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган деп болжойт, жана ошого жараша Конституцияда Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу ыйгарым укугу белгиленген эмес деп белгилѳѳдѳ.

Баяндалганга ылайык, А.М Курманбаева «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пункту Кыргыз Республикаснын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 74-беренесинин 9-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пункту саналат:

«3-берене. Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктары

1. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

35) Кыргыз Республикасынын сот тутумунун иши жөнүндө Жогорку соттун төрагасынын ар жылдык маалыматын угуу, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишпөө жана дайындуу сот иши боюнча отчетту талап кылууга тыюу салуу принцибин сактоо менен жүргүзүлөт;».

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2011-жылдын 25-ноябрында № 233 сан менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2011-жылдын 2-декабрындагы № 102 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы саясий түзүлүштү, коомдун жана мамлекеттик бийлик органдарынын ѳз ара мамилесинин мүнѳзүн, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, бийлик органдарынын уюштурулушунун тартибин жана принциптерин аныктоо менен, Кыргыз Республикасы демократиялык, укуктук мамлекет болуп эсептелет деп бекитет (1-берене). Бул Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жана анын бардык органдарынын легитимизациялынышынын бирден-бир булагы болуп, тике жана ѳкүлчүлүктүү демократия аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын системасын түзгѳн Кыргызстандын эли саналат дегенди билдирет (Конституциянын 2-беренесинин 1 жана 2-бѳлүктѳрү).

Ушуну менен эле бир убакытта, Кыргыз Республикасында укуктун үстѳмдүгү жар салынат, мамлекеттин жана анын органдарынын бардык ишмердиги, коомдогу жүрүм-турумдун ченемдери, чыр-чатактарды чечүүнүн принциптери жана коомдук мамилелердин башка түрлѳрү Конституцияга жана мыйзамдарга бай ийет.

Мамлекеттүүлүктүн демократиялык жана укуктук негиздерин бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик бийликти бѳлүштүрүү принцибин кынтыксыз сактоону талап кылат (3-берене).

Демократиянын жана укуктун мааниси, укуктун жаратман миссиясы жана анын адамдын ѳзү менен ажырагыс байланышы чыныгы акылга сыяр укуктук заманбап коомдук бийликке жетүүгѳ жол бере турган, аны мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттук бийлик бутактарына бѳлүштүрүүнүн негизинде жүзѳгѳ ашыруунун тартибин бекиткен шарттарды түзүүнү болжойт.

Аталган принципти жүзѳгѳ ашыруу коомду мамлекеттик бийликтин ѳз билемдигинен гана коргобостон, анын ишмердигин уюштуруу боюнча натыйжалуу системаны түзүүгѳ жол берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ѳзүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги Чечиминде бул принцип бийликтин бир бийлик бутагында топтолуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган, бардык бийлик бутактарына ыйгарым укуктарды ѳз алдынча жана кѳз карандысыз жүзѳгѳ ашырууну жана ошол эле убакытта алардын ѳз ара аракетешүүсү менен алардын ѳз ара тең салмакташуусун камсыз кыла турган укуктук кепилдиктердин, кармоолор жана каршы салмактар системасын орнотууну болжойт, ошондуктан бийликти бѳлүштүрүү мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкаруу жана сот адилеттиги сыяктуу функциялардын табигый бѳлүнүшүнѳ негизделет деп белгилеген. Карамагына бекитилген предметтеринин жана ыйгарым укуктарынын алкагынан чыкпай так кармануу жалпысынан мамлекеттин жакшы уюшкан иштѳѳсүнүн кепили болуп эсептелет.

Демек, мамлекеттик бийлик органдары, алардын укуктук табиятын эске алганда, ѳз компетенцияларынын алкагында ѳз алдынча, алар ѳз ара аракеттенишет, бири бирин чегинен ашырбай кармап, тең салмактап турушат. Мамлекеттик бийликтин бардык бутактары ѳз ишмердигин жүргүзүүдѳ тийиштүү чектен чыгышпайт, чектен чыгууга кармоолор жол бербейт, ал эми каршы салмак болуп ыйгарым укуктар эсептелет, аларды жүзѳгѳ ашыруу мүмкүн боло турган кыянаттык менен пайдаланууларды жокко чыгарат.

Ошентип, бийликти бѳлүштүрүү принциби биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ѳзү менен, мамлекеттик бийлик бутактарын түзгѳн органдардын милдеттери жана ыйгарым укуктарынын тактыгы жана аныктыгы аркылуу камсыз кылынат.

3. Конституциянын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент ѳкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстѳмдүгүнүн принцибине да негизденет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ѳкүлчүлүктүү жогорку орган катары шайлоо аркылуу эл тарабынан түзүлѳт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык мыйзам чыгаруу бийлигин жана ѳз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзѳгѳ ашырат.

Аталган конституциялык жоболор бийликти болүштүрүү принциби менен ѳз ара байланышта соттук бийлик бутагын түзүүдѳ негизги ролду ойнойт жана бул бир жагынан алардын ѳз ара аракеттешүүсүн камсыз кылган, экинчи жагынан соттук бийлик бутагынын кѳз карандысыздыгы принцибин бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгара турган укуктук механизмдерди жараткан мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ѳз ара мамиленин формасын алдын ала аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституциянын алкагында жана мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу соттук институттарды уюштуруу ыйгарым укугуна ээ (Конституциянын 74-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 2-пункту, 93-беренесинин 3 жана 4-бѳлүктѳрү), мында соттук органдын курамын жана түзүмүн бекитүү, ар кандай соттук мекемелердин ыйгарым укуктарын жана иерархиясын аныктоо менен ар бир соттук органдын уюштуруучулук моделин тандоону жүргүзѳт. Андан тышкары, судьянын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо тартибин, аларга болгон талаптарды, кынтыксыз эмес жүрүм-туруму үчүн судьяларды жоопко тартуу тартибин жана жоопкерчилик чарасын орнотуу да мыйзам чыгаруу органынын карамагына кирет. Мыйзам чыгаруучунун бул түзүүчүлүк, институционалдаштыруучу ишмердиги ѳзгѳчѳ мааниге ээ, ал бийликти бѳлүштүрүү идеясын гана эмес, парламентаризмдин (парламенттик демократиянын) концепциясын да толук кандуу чагылдырат.

Бирок парламенттик демократия, жогорку мыйзам чыгаруу органы башка мамлекеттик бийлик органдарынын ишин тикелей уюштура турган же каалаган убакытта алардын ишине кийлигише ала турган система болуп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген парламенттик демократиянын модели рационалдуу жана ашыра эмес, ал парламент тарабынан жүзѳгѳ ашырылуучу контролго гана негизделген эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун башкача чечмелениши жооптуу башкаруу, бийлик бутактарынын бѳлүнүшү жана ѳз алдынчалуулугу, укуктук жана демократиялык мамлекет конституциялык принциптерин тѳгүндѳлүшүнѳ сѳзсүз алып келет.

Парламенттик контрол мамлекеттик контролдун бир түрү болуп эсептелет, ал парламентаризмдин ѳз алдынча институту. Анын жардамы менен мамлекеттик бийлик органдарынын эң натыйжалуу ишмедиги, жалпы мамлекеттик механизмдин ишинин уюшкандыгы жетилет, бийликти кыянаттык менен пайдалануу жана адам менен жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу алдын ала жокко чыгарылат, конституциялык орнотмолор жана мыйзамдардын ченемдеринин талаптары жүзѳгѳ ашырылат.

Мында, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ѳз ыйгарым укуктарынын чегинде гана контролдук кылуу милдеттерин жүзѳгѳ ашыраарын (70-берененин 1-бѳлүгү) белгилей кетүү керек. Контролдук кылуу милдеттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мамлекетте жана коомдо болуп жаткан процесстер тууралуу, ошондой эле мамлекеттин жана коомдун ар кандай жашоо чѳйрѳлѳрүндѳгү кырдаалдар жана аларда пайда болгон кѳйгѳйлѳр жѳнүндѳ объективдүү маалыматты алуу укугу берилген. Мыйзам чыгаруу органы үчүн мындай маалыматтын болуусу элдин жана жалпысынан мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу, ошондой эле ѳзүнүн конституциялык милдетин тийиштүү аткаруу үчүн зарыл шарт болуп эсептелет.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттик органдардан маалыматты угуу аркылуу парламенттик контролду жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашырууда бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулукту буза турган жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башка бутактарга караганда басымдуулук кылган абалын жаратуу менен алардын ишмердигине кийлигишүүгѳ жол бере турган укуктук жѳнгѳ салууну орното албайт. Башкасы мамлекеттик органдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратуу жана бийликти бѳлүштүрүү конституциялык принциптеринин бузулушун түшүндүрмѳк.

Ошентип парламент башка бийлик бутактарына карата Негизги мыйзамда каралгандан көп бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын толук тизмесин камтыйт, ал Негизги мыйзамдын 74-беренесине ылайык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен кеңейтилиши мүмкүн эмес.

4. Сот бийлиги мамлекеттик бийликтин өз алдынча бутагы болуп саналат жана эки негизги функциялардын бар болушу менен мүнөздөлөт: бул сот адилеттигин жана соттук контролду ишке ашыруу.

Көрсөтүлгөн функцияларды натыйжалуу аткаруу үчүн сот бийлиги көз каранды болуусу керек. Сот бийлигинин көз карандысыздыгынын даражасы анын укуктук жана социалдык табиятынын натыйжасында мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен салыштырмалуу жогору болуусу керек, анткени демократиялык укуктук мамлекетте жогорку бийлик болуп мыйзамдын бийлиги саналат. Демек, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоочу сот бийлиги объективдүү жана калыс болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн кимдин гана болбосун таасиринен эркин болуусу керек.

Күчтүү, өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлиги жалпы мамлекеттик механизмдин, бийликтин бардык бутактарынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт болуп саналат. Сот бийлигинин башкы милдети алар кимден гана чыкпасын мыйзамсыз каражаттар менен ар кандай аракеттерди жүргүзүүнү алып салуу социалдык баалуулук катары укукту коргоо жана сактоо, соттук контролдоонун функцияларын ишке ашыруу болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, сот бийлигинин өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы анын башка бийлик бутактарынын аракетсиздигин алдын алуу жана кыянат кылуусун токтотуу жөндөмдүүлүгү катары каралат.

Сот бийлигинин көз карандысыздыгы анын Конституцияга түздөн-түз баш ийүүсүнө негизделет жана укук үстөмдүгүнө негизделген кайсы болбосун укуктук мамлекеттин маанилүү элементи жана негиз салуучу принциби болуп саналат. Башкача айтканда, сот бийлигинин көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын катуу сактоо аркылуу камсыздалышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандан тышкары сот бийлигине таасир этүүнүн кандай гана болбосун башка ыкмаларын жана тариздерин кеңейтүү анын көз карандысыздыгына кол салуу катары каралышы керек.

Бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ага жүктөлгөн миссиясын аткаруу үчүн зарыл. Укуктук мамлекетте бул сот адилеттигинин системасы натыйжалуу жана адилеттик менен иштей тургандыгынын кепилдиги болуп саналат. Негизги мыйзам менен сот бийлигине берилүүчү көз карандысыздык ‒ бул артыкчылыктык укук же жеңилдик эмес, сот адилеттигин натыйжалуу, калыс жана адилеттик менен ишке ашыруунун кепилдиги.

Сот бийлигинин көз карандысыздык принциби адам укуктары жагындагы негизги эл аралык документерде бекитилген. Алсак, Кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузуучуларга карата мамиле кылуу боюнча БУУнун жетинчи Конгресси менен кабыл алынган (1985-жылдын 13-декабрындагы 40/146 резолюциясы) «Сот бийлигинин көз карандысыздыгынын Негизги принциптеринде» сот бийлигинин көз карандысыздыгы мамлекет тарабынан кепилдениши жана өлкөнүн конституциясында болбосо мыйзамдарында бекитилиши керек деп баяндалган. Мамлекеттик жана калган мекемелер сот бийлигинин көз карандысыздыгын сыйлоо жана сактоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бир нече жолу сот бийлигинин көз карандысыздыгы судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу ишине кандайдыр болбосун кийлигишүүгө каршы кепилдик болуп саналат жана судьяларга адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча жүктөлгөн милдетти аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгы менен акталган деп белгилеген. Судьялардын көз карандысыздык принцибинин мааниси судьяга Конституция жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен чечимдерди эркин кабыл алуу жана кандайдыр бир чектөөсүз, башкалардын таасирисиз, кысымсыз, коркутуусуз, кимдир бирөө тарабынан жана кандай гана себептер менен болбосун түз же кыйыр кийлигишүүсүз иштөөгө анык мүмкүнчүлүк берген шарттарды камсыз кылууга умтулууда турат (2013-жылдын 27-декабрындагы жана 2017-жылдын 15-февралындагы чечимдери).

Демек, мыйзам чыгаруучу орган сот бийлигинин мамлекеттик бийликтин башка органдары менен болгон өз ара мамилесин укуктук эрежелерге келтирүүдө анын конституциялык-укуктук макамын жана конституциялык баалуулуктардын ажырагыс бөлүгү катары анын көз карандысыздык кепилдигин эске алуусу керек.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан сот системасынын иши тууралуу маалыматты ачык көрсөтүлгөн баалоосуна жол берилбегендик бул бийликтин мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту гана сактабастан, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан мындай маалыматты түздөн-түз берүүсүнүн зарылдыгы жок экендиги аркылуу көрсөтөт.

Ошентип, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоочу сот бийлиги сот бийлиги объективдүү жана калыс болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн кимдин гана болбосун таасиринен эркин болуусу керек. Анын конституциялык модели адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сот адилеттиги менен камсыздоо идеясы менен таңууланган, сот көз карандысыздыгынын жана сот бийлигинин толуктугун чектөөгө жол бербейт жана жалпы таанылган эл аралык укук үстөмдүк принциби менен берилген.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сот системасынын иши жөнүндө ар жылдык маалыматын угуу ыйгарым укугун орнотуучу талашылып жаткан ченемдин жөнгө салуучу күчү Конституция менен орнотулган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинен чыгат жана бийликти бөлүштүрүү принциби жана бийликтин сот бутагынын көз карандысыздык принциби катарында ушундай конституциялык баалуулуктардын бузулушуна алып келет. Бул ыйгарым укукту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлчүлүктүү функцияларынан келип чыгуусун көрсөтүү аракети анын конституциялуулугун негиздей албайт.

Муну менен бирге, мамлекеттик органдардын жоопкерчилик жана ачыктык принцибине негизделип, сот системасы жабык болбошу керек жана анын иши тууралуу маалымат коомчулук үчүн да, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үчүн да жеткиликтүү болууга тийиш (Конституциянын 3-беренеси). Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан сот системасынын иши тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирүүнүн ыкмалары жана тариздери өз алдынча аныкталышы керек. Маалымат бийликтин сот бутагынын өзүнүн демилгеси боюнча гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилиши мүмкүн.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Ч Е Ч Т И:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесинин 2-пунктуна, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө, 74-беренесинин 9-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ