Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

2-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 27-апрелиндеги
№ 258 токтому менен
бекитилген

Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын
ТИПТҮҮ ТИЗМЕГИ
(оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар)

1. Геологиялык чалгындоо жана топографиялык-геодезиялык жумуштар

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Авто оңдоо жумуштары.

2. Мунайды жана газды геологиялык чалгындоо скважиналарын бургулоо,

3. Геологиялык изилдөө жана геологиялык чалгындоо талаа иштеринин бардык түрлөрү.

4. Кен катары эсептелбеген курулуш материалдарын казып алуу жана кайра иштетүү.

5. Темир уста пресстик иштер.

6. Лабораториялык иштер:

- уулуу иммерсиялык суюктуктарды жана жарыктын ультра күлгүн булактарын колдонуу менен микроскопиялык талдоо;

- сынамдык талдоо;

- химиялык талдоо.

7. Нитро сырларды, лактарды жана уулуу эритүүчүлөрдү колдонуу менен жабык жайлардагы сырдоо иштери.

8. Эксплуатациялык, тажрыйбалык жана курулуп жаткан тоо-кен ишканаларынын ачык тоо-кен иштери.

9. Жүктөп-түшүрүү жумуштары

10. Жер астындагы тоо-кен иштери.

11. Геологиялык сынамды иштеп чыгуучу майдалоо цехтериндеги иш.

12. Катуу жана суюк кен байлыктарды жана жер астындагы сууларды чалгындоочу бургулоо.

13. Геологиялык чалгындоо жана электрдик техникалык жабдууларды оңдоо.

14. Иштеп жаткан өндүрүштөрдө орнотулган жабдууларды оңдоо.

15. Ширетүү иштери.

16. Топографиялык-геодезиялык жумуштар.

17. Геологиялык чалгындоо иштеринде жүктөрдү ташуу.

18. Металлдарды муздак иштетүү.

19. Металлдарды каптоо жана эмалдоо цехи.

2. Кен-металлургия өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Бургулоо жардыруу иштери, жарылуучу материалдарды, жардыруу каражаттарын берүү, жеткирүү жана ташуу.

2. Акиташты майдалоо жана таңгактоо.

3. Аккумулятордук батареяларды дүрмөттөө жана тазалоо.

4. Тоо-кен иштелмелерин бекемдөө.

5. Металл иштетүү.

6. Кенди, текти жана концентраттарды автомобилдер менен ташып жеткирүү.

7. Жер алдындагы өрттөрдүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча жер үстүндөгү иштер, көмүр пласттарын дегазациялоо, чалгындоочу техникалык скважиналарды бургулоо.

8. Түстүү металлургиянын өндүрүмдөрүн өткөрүп алуу.

9. Радиоактивдүү сейрек кездешүүчү чийки заттардан химиялык ыкма менен сейрек кездешүүчү элементтерди өндүрүү.

10. Титанды жана сейрек металлдарды өндүрүү.

11. Прецизиондук оюу процессинде тетиктерди жана түйүндөрдү жуу.

12. Кендердин, шахталардын администрациялык-тиричилик имараттарындагы иштер:

- өндүрүштүк мончолордо, чайынмаларда;

- атайын кийимдерди жуу, кургатуу, тордоп жамоо;

- жайларды жууп-тазалоо.

13. Ысык эритүү мештеринде иштеген крандын машинисттеринин жумушу.

14. Шахтанын үстүңкү беттерине орнотулган компрессордук жана желдетүү жайларындагы иштер.

15. Титанды жана сейрек металлдарды өндүрүүдө эксперименттик-изилдөө лабораториясындагы иштер.

16. Электр мештериндеги жана тундургучтардагы, чаңды, газды тосуучу орнотмолорду, суу эритмесинин электр лизниктериндеги тейлөө жумуштары.

17. Жарым өткөргүчтүү материалдарды калыбына келтирүү жана химиялык иштетүү жумуштары.

18. Монокристаллдарды жана тасмаларды өндүрүү боюнча жумуштар.

19. Жер астындагы шарттарда сымап жана комплекстүү кендерди казып алуу жумуштары.

20. Кенди жер астындагы ыкма менен казып алуу учурунда шамчырактарды (лампаларды) дүрмөттөө, тазалоо, жуу жана күйгүзүү жумуштары.

21. Сейрек металлдарды алууну контролдоо жумуштары.

22. Булганыч сууларды тазалоо, өнөр жай суюктуктарын чогулткучтарды оңдоо жана эксплуатациялоо жумуштары.

23. Кендерди жана тектерди жер астындагы шарттарда жүктөө, ташуу жана жеткирүү жумуштары.

24. Сейрек металлдарды жана сурьма алуу жумуштары.

25. Жарым өткөргүчтүү материалдардын шихталарын даярдоо жумуштары.

26. Рентген анализдерин жүргүзүү жумуштары.

27. Кычкылтекти өндүрүү жумуштары.

28. Сейрек кездешүүчү элементтерди мештерде термикалык ыкма менен ажыратуу жана калыбына келтирүү жумуштары.

29. Эпитаксилдик күчөтүү процессинде жабдууну оңдоо жана тейлөө боюнча жумуштар.

30. Монокремнийди эритаксилдик күчөтүү жумуштары.

31. Ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү, казылмаларды эксплуатациялоо жана куруу, ошондой эле жер үстүндөгү тоо-кен шахтасында жана геологиялык чалгындоо учурундагы жумуштар.

32. Металлургиялык өндүрүш үчүн кара жана түстүү металлдар кендерин жана башка кен байлыктарды иштетүү.

33. Шахталарды, кендерди, кен чыккан жерлерди, казылмаларды куруу учурундагы жумуштар.

34. Сымап иштетүү жумуштары.

35. Материалдарды, жабдууларды, тирөөч жыгачтарды жеткирүү, адамдарды, жүктөрдү, кенди өйдө чыгаруу жана түшүрүү менен байланышкан жумуштар.

36. Кендерге, концентраттарга жана даяр өндүрүмдөргө химиялык анализ жүргүзүү, байытуучу өндүрүмдөрдү контролдоо менен байланышкан жумуштар.

37. Тоо-кен өндүрүмдөрүн желдетүү, өрткө каршы жана чаңга каршы иш-чаралар менен байланышкан жумуштар.

38. Тоо-кен шахта жабдууларын жана тоо-кен капиталдык өндүрүмдөрүн оңдоо жана тейлөө.

39. Соргуч орнотмолорунун жабдууларын оңдоо жана тейлөө.

40. Металлды аралаштыруу жана куюштуруу.

41. Байытуу фабрикаларында, жер астындагы шарттарда өндүрүш аянттарында жана кенди ачык казып алуу учурунда электр ширетүү, электр газ ширетүү жумуштары.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

42. Тоодогу куткаруу жумуштары.

3. Көмүр өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Көмүр шахталарындагы жана разрездериндеги бургулоо, жардыруу иштери, жарылуучу материалдарды, жардыруу каражаттарын берүү, жеткирүү жана ташуу.

2. Шахталарды жана разрездерди куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана капиталдык оңдоо учурунда көмүр казып алуу боюнча тоо-кен (жер астындагы, ачык) жумуштары.

3. Аккумулятордук батареяларды дүрмөттөө жана тазалоо.

4. Жер астындагы тоо-кен өндүрүмдөрүн тиреп бекитүү.

5. Тоо-кен шахта жана казылма жабдууларын жөндөө жана оңдоо, авто оңдоо жумуштары.

6. Разрездердеги жана шахталардагы транспорттук аңтаруу жумуштары, жүктөө-түшүрүү жумуштары.

7. Ачылган тектерди (массаларды) автомобилдерде жеткирүү.

8. Жер алдындагы өрттөрдүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча жер үстүндөгү иштер, көмүр пласттарын дегазациялоо, чалгындоочу техникалык скважиналарды бургулоо.

9. Кендердин, шахталардын администрациялык-тиричилик имараттарындагы иштер:

- өндүрүштүк мончолордо, чайынмаларда;

- атайын кийимдерди жуу, кургатуу, тордоп жамоо.

- жайларды тазалоо.

10. Шахтанын үстүңкү беттерине орнотулган компрессордук жана желдетүү жайларындагы иштер.

11. Борбордук-байытуу фабрикаларында (ББФ) жана көмүрдү кайра иштетүү жана шихталоо боюнча механикалык ылгоо жайларындагы жумуштар.

12. Көмүрдү жер астындагы ыкма менен казып алуу учурунда шамчырактарды (лампаларды) дүрмөттөө, тазалоо, жуу жана күйгүзүү жумуштары.

13. Казылып алынган көмүрдүн сапатын контролдоо иштери.

14. Көмүрдү жана тектерди жер астындагы жана ачык шарттарда жүктөө, ташуу жана жеткирүү жумуштары.

15. Тоо-кен өндүрүмдөрүн желдетүү, өрткө каршы жана чаңга каршы иш-чаралар менен байланышкан жумуштар.

16. Тоо-кен капиталдык өндүрүмдөрүн жана соргуч орнотмолорун оңдоо жана тейлөө.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

17. Тоодогу куткаруу жумуштары.

4. Мунай өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Битум, асфальт мастикасын кайнатуу.

2. Орнотмолордун технологиялык регламентине ылайык жеңил суутектеринин кеңири фракциясын тандап алуу менен мунайды суусуздандыруу, тузсуздандыруу жана турукташтыруу технологиялык процессин жүргүзүү. Деэмульгатордун жана шакардын эритмесин даярдоо, таза сууну дозалоо. Туруксуз бензинди шакарлоо. Күкүрттүү мунайдан жана газдардан алынган өнүмдөрдү термикалык жана катализдик крекингдөөдө күкүрттүү мунайды жана газдарды (0,5 жана андан ашык) тузсуздандыруу, суусуздандыруу, кайра иштетүү жана кайнатып ажыратуу.

3. Мунайды, газды жана газ конденсатын өндүрүүнүн бардык ыкмаларында технологиялык процессти жүргүзүү, жабдууларды тейлөө, куроо жана ажыратуу. Скважиналардын, газды комплекстүү даярдоо орнотмолорунун, топтук ченөө орнотмолорунун, кургата сыгуучу соргуч жана компрессордук чордондордун жана мунайды, газды, газ конденсатын өндүрүү жана газды жер астында сактоо технологиялары менен байланышкан башка объекттердин ишинин белгиленген шарттамын колдоого алуу иштерин жүргүзүү. Жөнөкөй мунай өндүрүү жабдууларынын жана арматуралардын айрым түйүндөрүн жана механизмдерин чачуу, оңдоо жана жыйноо. Механикалык жана автоматтык кыргычтар менен скважинадагы соргуч-компрессордук түтүктөрдү парафинден жана чайырлардан тазалоо.

4. Желимдөө казандарынын өткөргүчтөрүн жана кабелдерин желимдөө: резина техникалык буюмдар өндүрүшүндө ысытылган ыкма менен буюмдарды желимдөө.

5. Түрдүү типтеги жана сыйымдуулуктагы аккумуляторлорду жана аккумулятордук батареяларды оңдоо, формага келтирүү боюнча өзгөчө татаал иштерди, ошондой эле аккумулятордук батареяларды капиталдык оңдоо менен байланышкан иштерди аткаруу.

6. Жабдууларды, куралдарды жана аспаптарды колдонуу менен татаал медициналык жумуштарды аткаруу.

7. Акиташты, акиташ-кум массаларын чылоо.

8. Карбюратордук жана дизелдик кыймылдаткычтардын аппаратураларын чачуу жана куроо.

9. Асфальтбетон аралашмаларын өндүрүүдө майдаланган таштарды жана битумду дозалоо.

10. Кайнатуучу казандарды жүктөө.

11. Мунайды, мазутту, кычкылдыкты, шакарды жана башка зыяндуу химиялык заттарды кол менен куюу жана аралаштыруу, ошондой эле сыйымдуу челектерди жана тараларды жогоруда аталган заттардан кол менен тазалоо.

12. Акиташ күйгүзүү.

13. Бөлүштүрүүчү мунай базасынын жабдууларын тейлөө. Мунай өнүмдөрүн, реагенттерди, суюлтулган газды жана башка өнүмдөрдү кабыл алуу, берүү жана сактоо үчүн идиштерди, тирөөчтөрдү, причалдарды жана кубур түтүктөрдү даярдоо. Резервуарларды, кубур түтүктөрдү, куюп аралаштыруучу шаймандарды жана башка жабдууларды оңдоого берүүгө даярдоо. Шакарларды, кычкылдыктарды жана башка реагенттерди цистерналардан куюп алуу. Технологиялык орнотмолорду оңдоо жана тейлөө, күкүрттүү мунайдын, жыпар жыттуу көмүрсуутектердин, этилденген беизиндин, суюлтулган газдардын, газ конденсатынын жана реагенттеринин насостук жана резервуардык парктарын тейлөө.

14. Суюк жана газ абалындагы отун же электр жылыткычында иштеген 12,6дан жогору 42 ГДж/г чейин суммардык жылуулук өндүрүмдүүлүгүндөгү суу жылытуучу жана буу казандарын же 21ден жогору 84 ГДж/г (5тен жогору 20 ГДж/г чейин) чейин жылуулук өндүрүмдүүлүгүндөгү буу казандарын тейлөө.

15. Катуу жана суюк отун менен иштеген суу жылытуучу жана буу казандарын, технологиялык мештерди тейлөө.

16. Магистралдык кубур түтүктөрүндө же которуштуруу базаларында мунайды, мунай өндүрүмдөрүн жана илээшкек башка суюктуктарды сордуруп куюштуруу жана даярдоо боюнча соргуч станцияларды тейлөө. Мунайды жана газды кайра иштетүү ишканаларынын соргуч технологиялык орнотмолорун тейлөө. Соргуч чордондорунда жана магистралдык кубур түтүктөрүнүн, которуштуруу базаларынын технологиялык орнотмолорунда жана мунайды кайра иштетүү ишканаларында жалпы кубаттуулугу 500 кВт чейинки электр кыймылдаткычтары менен биргеликте соргучтарды тейлөө. Күкүрттүү мунайдын соргуч жана резервуардык парктарын тейлөө.

17. Тузсуз сууну, өтө минералдашкан булганыч сууларды сордуруу боюнча кусттук насос чордондордун, блоктук кусттук насос чордондордун жана электрдик борборго умтулуучу жүктөлүүчү орнотмолордун, суу бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн, сууну топтоо жана даярдоо боюнча орнотмолордун технологиялык жабдууларын тейлөө. Ар бир скважинадан пластка сууну сордуруунун берилген шарттамын колдоого алуу. Коррозиялык активдүүлүктү төмөндөтүү же мунайды жуу же мунайды кысуу касиеттерин жогорулатуу максатында технологиялык суюктуктарды (сууну) реагенттер менен тазалоо.

18. Малуу жана бүркүү ыкмасында кол менен приборлорду жана тетиктерди сырдоо, бензол, толуол, татаал спирттерди жана башка зыяндуу заттарды камтыган нитро сырлар, нитро лактар жана лактар менен сырдоо.

19. Жүктөө-түшүрүү иштери.

20. Белгиленген метод боюнча эритмелердин, реактивдердин, концентраттардын, жер үстүндөгү жана бургуланган суулардын, мунайдын жана мунай өндүрүмдөрүнүн, даяр өнүмдөрдүн, калдыктардын, жер семирткичтердин, кычкылдыктардын, туздардын пульттарынын курамына татаал талдоо жүргүзүү. Химиялык курамга ар түрдүү талдоолорду жүргүзүү. Кычкылдыктардын нитроздуулугун жана кубаттуулугун аныктоо.

21. Бургулоо жабдууларын, бургулоо аспаптарын жана жүк жүктөө механизмдерин ультра үн менен текшерүү.

22. Рентгенограммаларды көрүү жана чечмелөө.

23. Бургулоо жабдуусунун айрым түйүндөрүн жана механизмдерин чачуу, оңдоо жана жыйноо.

24. Карбюратордук жана дизелдик кыймылдаткычтардын күйүүчү аппаратураларынын жөнөкөй түйүндөрүн чачуу, оңдоо жана жыйноо.

25. Татаал жана өзгөчө татаал түйүндөрдү жана механизмдерди чачуу, оңдоо, жыйноо жана сыноо. Станокторду, терметкичтерди оңдоо, татаал жабдууларды, агрегаттарды жана машиналарды куроо, чачуу, сыноо. жөнгө салуу. Мунай жана газ казып алуу участокторунда технологиялык орнотмолорду оңдоо жана тейлөө боюнча слесардык жумуштар; күкүрттүү мунай насосторун жана резервуардык паркын тейлөө.

26. Этиль бензини менен иштеген дизелдик кыймылдаткычтардын күйүүчү аппаратурасын оңдоо.

27. Кычкылдуу жана шакарлуу аккумуляторлорду оңдоо, кайрадан иргөө жана дүрмөттөө.

28. Орточо татаалдыктагы тетиктерди, түйүндөрдү, болотту, чоюнду, түстүү металлдарды догоо сымал, плазмалык жана газ менен ширетүү. Кычкылтектик кол менен кесүү жана бензин менен иштөөчү кескич жана керосин менен иштөөчү кескич аппараттар менен түстүү металлдардын калдыктарын бөлүү аркылуу белгиленген өлчөмдөрдө кесүү.

29. Татаал тетиктерди чиймелер жана үлгүлөр боюнча кол менен куюу. Ар кандай тегиздиктеги тетиктерди ийүү жана ширетүү. Түрдүү маркадагы болот тетиктерин ширетүү. Белгиленген өлчөмдөрдү жана боштуктарды сактоо менен тетиктерди биротоло жасалгалоо. Металл такталарынан жасалган татаал жана оор салмактуу буюмдарды ийүү, түзөтүү, чекелерин бүгүү жана калыңдатуу. Ысык жана муздак абалында, моюнчасы жок металл барактарынан штампталган тетиктерди түзөтүү. Ысык металлды дөшүлөрдө, пресстерде, куюу машиналарында кол менен согуу жана штамптоо, бекиткич буюмдарды ысык штамптоо.

30. Асфальттан жасалган ысык буюмдарды чечип алуу жана тизүү.

5. Машина куруу жана металл иштетүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Сымап буулуу орнотмолордо оптикалык тетиктерди (буюмдарды) алюминийлештирүү.

2. Коргошун жана сурьма камтыган байламталарды колдонуу менен электрдик керамикалык буюмдарды армирлөө.

3. Абразивдик өндүрүш: материалдарды майдалоо, талкалоо жана кургатуу; жылмаланган данды жана жылмаланган күлботону себүү; абразивдик буюмдарды бакелдештирүү; прокаттык вальцтардан вулканиттик байланыштыргычта массаны вальцтоо; вулканиттик байламталар менен буюмдарды желимдөө; жылмаланган данды; абразивдик материалдардын бардык түрлөрүнүн күлмайдаларын жана микрокүлмайдаларын абдан кызытуу; жылмаланган данды химиялык байытуу; электрокорунддун жана бордун карбидинин тилимдерин ылгоо; электрокорундду; монокорундду жана бордун карбидин эритүү; бакелиттик, вулканиттик жана магнезий байламталары менен абразивдик буюмдарды түзүү; абразивдик буюмдарды жана отко чыдамдуу каңдоочту мезгил-мезгили менен күйүүчү мештерге салуу жана бышырылган абразивдик буюмдарды жана отко чыдамдуу каңдоочту мезгил-мезгили менен күйүүчү мештерден чыгаруу; кичине вагондорду кургатуучу мештерге салуу жана аларды мештерден чыгаруу; шихталарды мешке салуу.

4. Ысык металлды вальцтоо.

5. Ысытылган вальцтарда керамика тасмаларын вальцтоо.

6. Тактанын калыңдыгы 10 мм жогору жана салмагы 250 кг жана андан жогору сорттуу металлды ийип-түздөө машиналарында такта жана зым металлдардан жасалган тетиктерди муздак абалда вальцтоо, түзөө жана ийүү.

7. Зыяндуу химиялык заттарды камтыган ар түрдүү чайырларды, мастикаларды, лактарды, селенди кайнатуу; зыяндуу химиялык заттарды камтыган пасталарды, мастикаларды, эмульсияларды, желимдерди, бүркүүчү суюктуктарды жана майлагычтарды, зыяндуу химиялык заттарды камтыган материалдарды колдонуп куюу иштери үчүн өткөргүчтөргө сиңдирүү жана кабелдик муфталарды чаптоо үчүн изоляциялык курамды же массаны даярдоо.

8. Вакуумдук регенерация жана селенди жана күкүрттү тазалоо процесстерин жүргүзүү.

9. Вагранкаларда эритүү (бул бөлүмдүн 2-параграфында жазылгандардан тышкары).

10. Муздак металлды прокаттоо, таптоо жана жылмалоо процесстерин жүргүзүү.

11. Куюштуруу машинасында чоюнду куюштуруу процесстерин жүргүзүү.

12. Нитро сырлар, нитро лактар жана коргошун сырлары менен колго сырдалган буюмдарды жуу жана кургатуу процессине жүргүзүү; түрдүү жууй турган заттардын жана эритмелердин жардамы менен тетиктердин жана агрегаттардын лак-сырларын жуу.

13. Одуракай зым чоюучу стандарда зым чоюу.

14. Атайын мештерде фтор тузун калыбына келтирүү; металлдардын жана эритмелердин кычкылдарын калыбына келтирүү, өтө ысыкта эрүүчү металлдарды өндүрүүдө суутектин регенерациясын орнотуу менен мештерде аралашмаларды алуу.

15. Желимдөө казандарында өткөргүчтөрдү жана кабелдерди желимдөө: техникалык резина буюмдар өндүрүшүндө ысытуу ыкмасында буюмдарды желимдөө.

16. Жыгач патрондордун жардамы менен жука буюмдарды чыгаруу.

17. Металл такталардан жана түтүктөрдөн буюмдарды жасоодо чайкоо жана каңдоо иштерин аткаруу.

18. Гальвандык каптоо, фосфаттоо, ачык ванналарда буюмдарды (тетиктерди) электрдик жылмалоо; металл буюмдарын гумирлөө.

19. Казан жасоочу цехтерде түтүктөрдү кол менен ийүү; салмагы 50 кг жогору деңгээлде даярдоочу стандарда түтүктөрдү ийүү.

20. Ар кандай калыңдыктагы жана формадагы болот такталарды, алюминий эритиндилерин муздак абалда пресстерде, станоктордо жана ийүү вальцтарында ийүү.

21. Кеменин түтүк өткөргүчтөрүн даярдоо жана куроо учурунда түтүктөрдү ысытуу аркылуу станоктордо жана колго ийүү.

22. Эритүү кычкылдыгын колдонуп оюп түшүрүү жана градирлөө.

23. Прокаттык стандарда шарларды жана бургуларды ысык прокаттоо; түстүү металлдарды жана эритмелерди ысык абалда прокаттоо.

24. Сууну химиялык тазалоо процессинде химикаттарды кол менен салуу.

25. Изоляторлорду, электр вакуумдук жана жарым өткөргүч приборлорду ширетүү; станоктордо металл арматуралуу айнек жана керамика буюмдарын ширетүү.

26. Вагранкаларга жана мештерге шихталарды салуу.

27. Казан жасоочу цехтерде буюмдарды вальцтоо.

28. Пружиналарды ысык абалында түрүү.

29. Коргошун жана калай эритмелерден буюмдарды эритип чаптап жамоо жана куюп жасоо.

30. Болот тасмасын коргошундуу баббит менен бабиттик эритип чаптап жамоо агрегатында жана басым астында эритип чаптап жамоо.

31. Куюу цехтериндеги жерди даярдоо иштери.

32. Зыяндуу химиялык заттарды колдонуу менен химиялык жарым фабрикаттарды даярдоо жана эритиндилерди даярдап чыгаруу.

33. Гальвандык ыкмада цифралык жана тамгалуу трафареттерди, мөөрдүк схемаларды жана шкалаларды даярдап чыгаруу.

34. Формага салуу машинасында формаларды даярдап чыгаруу: моделдерде жана кептерде; топурак калыптарда жана кыртыш куймаларда кол менен формага келтирүү; кол менен же машиналарда кабыктуу жарым формаларды  жана өзөктөрдү формага келтирүү; эритилип жаткан моделдердин формасын колго даярдоо; радио керамика буюмдарын куюу же формага салуу; селен элементтерин формага келтирүү (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

35. Казандарды даярдоо жана чогултуп чыгаруу.

36. Коргошун-цинк штамптарын даярдап чыгаруу.

37. Тиглдерди жасоо жана графит аралашмасын даярдоо.

38. Өзөктөрдү өзөктүү машиналарда жана кол менен даярдап чыгаруу.

39. Зымды дельта-асбест жана айнек изоляциясы менен изоляциялоо, ошондой эле изоляцияга кремний органикалык лактарын сиңдирүү жана лактоо; ошондой эле кабелдин жипчесин дельта-асбест жана айнек изоляция менен изоляциялоо, ошондой эле кремний органикалык лактары сиңирилген изоляция менен байлоо, жана жипчелерди кремний органикалык лак менен лактоо; ысык казандардын түтүк өткөргүчтөрүн жана үстүңкү беттерин дельта-асбест жана айнек изоляция менен изоляциялоо; мипорду жана пенопластты колдонгон изоляциялоо иштери; термо иштетүү учурунда тетиктерди отко чыдамдуу масса менен майлоо жана изоляциялоо.

40. Жайларда авиациялык кыймылдаткычтарды сыноо: жайларда дизелдик жана турбиналык винт кыймылдаткычтарын сыноо.

41. Коргошун капталган кабелдерди сыноо: селендүү элементтерди жана түзөткүчтөрдү сыноо.

42. Аппараттарды жана буюмдарды түздөн-түз төмөнкү жана жогорку температурада иштеген камераларда (-40 градус жана төмөн, +40 градус жана жогору) жана барокамераларда сыноо.

43. Танктарды, бронетранспортерлорду, өзү жүрүүчү артиллериялык орнотмолорду, амфибияларды, 3 тонналык жана андан жогору тартуу классындагы каз тамандуу оор тракторлорду сыноо.

44. Өтө ысыкта эрүүчү металлдардын штабиктерин каңдоо.

45. Жабдууну жана металл буюмдарды ысык ыкма менен консервациялоо.

46. Жумшак бактардын жабышкагы.

47. Бөрктөө жана чегүү иштери (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

48. Куюу цехтеринде ташыма термо буулардын температурасын контролдоо.

49. Асфальт лагын колдонуп лактоо орнотмосунда каңылтырларды жана түтүктөрдү лактоо.

50. Автоклавдарда басымдын астында куюу.

51. Металлдарды жана эритиндилерди куюу; машинада куюу; басым астында куюу; коргошун эритмеси буюмдарын куюу.

52. Пластмассадан тетиктерди куюу (автоматташтырылган процесстерден башка); радио керамика, керамика жана металл тасмаларын жана буюмдарын куюу (автоматташтырылган процесстерден башка).

53. Ысык ыкмада каңдоо; түрмөктөгү каңылтырга тынымсыз электролиттик каңдоо процессин жүргүзүү.

54. Колго плавик кычкылдыгы менен оюу методунда быдыр салуу.

55. Буюмдарды жана тетиктерди металлдаштыруу, чаңдатып себүү аркылуу селен менен жабылган жарыкты сезгич элементтерге шоопсплав түшүрүү.

56. Бензинге, дихлорэтанга, ацетонго, эфирге жана шакарлуу эритмелерге салып тетиктерди (түйүндөрдү), сыйымдуу челектерди, буюмдарды, идиштерди, тараларды жана материалдарды кол менен жуу.

57. Коргошун күлботону пайдаланып рентген түтүкчөлөрүн куроо.

58. Темир-бетон кемелерин куроо.

59. Кемелерди куроо жана металл кемелеринин корпустарын жыйноо.

60. Электр вакуумдук приборлордун тетиктерине жана түйүндөрүнө коргошун жана плавик кычкылдыгын жаап түшүрүү.

61. Чаңдатуу ыкмасы менен селен жалатылган алюминий пластиналарына катод тактарын түшүрүү.

62. Жуп дөңгөлөктөрдүн борборунан бандаждарды ысык абалда алып салуу жана салуу.

63. Кара, түстүү металлдардын жана алардын эритмелеринен сомдоолорду жана куймаларды мештерде ысытуу.

64. Бакелит желимин колдонуп жылмалоочу тазалагычта абразивдик материалдарды түшүрүү жана жабыштыруу.

65. Атайын өндүрүштөгү жабдууларды термохимиялык операциялар менен жөндөө.

66. Куюн сымал чаңдатуу ыкмасында металл тетиктерине пластмасса жалатуу.

67. Мунайды, мазутту, кычкылдыкты, шакарды жана башка зыяндуу химиялык заттарды кол менен куюу жана аралаштыруу, ошондой эле идиштерди жана тараларды жогоруда аталган заттардан кол менен тазалоо.

68. Ацетилен орнотмолорун, газ генераторлорун тейлөө жана оңдоо.

69. Тоннелдердеги мунай өндүрүмдөрү түтүктөрүн, газ түтүктөрүн, буу түтүктөрүн тейлөө жана оңдоо.

70. Куюу, прокаттоо, темир-пресс жана термикалык цехтердеги иштин ысык участокторунда конвейерлерди жана транспортерлорду тейлөө.

71. Көмүр майдалагычтарды, шар тегирмендерин, көмүр бункерлерин, чайкагычтарды, транспортерлорду, элеваторлорду жана өндүрүш казандарынын шнектерин тейлөө.

72. Аммиак жана хлор менен иштеген муздаткыч орнотмолорун тейлөө; жайларда иштеген учурда ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарды тейлөө.

73. Катуу жана суюк отун менен иштеген суу ысытуучу жана буу казандарын, технологиялык мештерди тейлөө.

74. Ферменттүү, керамикалык жана айнек эмалдуу массаларды, сомдоолорду жана буюмдарды мешке салып күйгүзүү, төшөө.

75. Рессор өндүрүшүндө ысык металлды иштетүү.

76. Плазма буюмдарын бир эле мезгилде жылытуу (плазма-механикалык иштетүү) аркылуу металл иштетүү станокторунда металлды кесип иштетүү.

77. Курамында бензол, толуол, татаал спирттер жана башка уулуу заттар бар нитро сырларды, нитро лактарды колдонуп кол менен малуу ыкмасында жана пульверизатор менен приборлорду жана тетиктерди сырдоо жана лактоо; тунук сырлар менен приборлорду жана тетиктерди сырдоо.

78. Фасондук куйманы тааруу жана куюу цехтеринде кургак ыкмада абразивдик шаймандарды колдонуп жылмалоо.

79. Зымдарды жана кабелдерди пластикаттар жана резина менен пресстөө; кабелдерди коргошун же алюминий кабыктар менен ороо.

80. Эритилген магний эритмесине жана формаларга, аларга металл жалатылгандан кийин күкүрт күлбото себүү.

81. Коргошун жалатуучу аппараттарда такталарга коргошун жалатуу (бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары), канал найларына коргошун жалатуу.

82. Прециздик болотту жана эритмелерди (катанкаларды, тасмаларды, зымдарды) мештерге салып суутуу (автоматташтырылган процесстеги жумуштардан тышкары), металлды мезгилдүү жана үзгүлтүксүз иштөөчү ысык жалындуу жана электр мештеринде термикалык иштетүү (автоматташтырылган процесстеги жумуштардан тышкары).

83. Ысык ыкмада цинк жалатуу.

84. Куюу цехтериндеги, газ генератордук станциялардагы жана өндүрүш казандарындагы от калагычтарын жана бункерлерди шлактан жана күлдөн тазалоо.

85. Гидромонитордун жана брандспойттун жардамы аркылуу гидравликалык камералардагы, кум гидравликалык орнотмолордогу куймаларды, сокмолорду тазалоо.

86. Галттоочу жана тазалоочу барабандардагы куймаларды, чачыратуучу машиналардын, кумдуу тазалоочу дардын жардамы менен, металлдан тазалоо жана чачыратуучу камераларды тазалоо.

87. Өндүрүш казандарын тазалоо: резервуарлардын, цистерналардын, идиштердин ышын, шлактарын, өндүрүмдөрдүн жана чайырлардын калдыктарын тазалоо.

88. Доктордогу кемелердин үлүл кабыктарын, сырларын, датын тазалоо.

89. Вентиляциялык системалардын чаң тосуучу циклондорун, чыпкаларын жана камераларын тазалоо; мор түтүктөрүн, морлорду жана мештердин түтүн чыкчу тешигиндеги моюн жактарын тазалоо; өндүрүш мештеринин, эритүүчү, калилдик, термикалык мештердин жана орнотмолордун от жаккычтарын, газ жүргүчтөрүн жана морлорун, өндүрүштүк желдеткичтердин сырдоочу камераларын, каналдарын тазалоо.

90. Винипласттан жасалган тетиктерди каңдоо жана ширетүү. Коргошун менен тетиктерди жана буюмдарды каңдоо.

91. Эритиндилерди сузуп алуу үчүн болоттон жасалган чөмүчтү даярдоо.

92. Болотту куюу үчүн аралашма курамдарын даярдоо.

93. Буюмдарды кийиз, бөз жана башка тазалоочулар, ошондой эле кумдуу болотнайлар менен жылмалоо.

94. Куюу цехтеринде, өндүрүштүк казан жана газ генератор станцияларында отунду кол менен тагуу.

95. Газ генераторлорунан энергетикалык газ алуу.

96. Цементтөө үчүн аралашманы даярдоо.

97. Радио тетиктери өндүрүшүндө кол менен ток өткөрүүчү агын массаны, этил целлюлоздук лакты, эпоксиддүү чайыр, куюлуучу массанын, эритменин жана аралашманын композицияларын даярдоо.

98. Атылуучу куралды сыноолор.

99. Кол менен жана ачык ванналарда бакелит лагын сиңдирүү жана майлоо.

100. Электрдик техникалык жана радио техникалык өндүрүштөрдө тетиктерге (буюмдарга) парафин сиңдирүү.

101. Радио техникалык, электрондук жана электро техникалык өндүрүштөрдө кабелдерге, өткөргүчтөргө, конденсаторлорго, кагаздарга, кездемелерге жана материалдарга лакты, чайырды жана башка уулу химиялык заттарды камтыган заттарды сиңдирүү.

102. Металлды ысык абалда колго жана машиналарда түздөө.

103. Салмагы 30 кг жана андан жогору такталай жана сорттуу металлды муздак абалда түздөө.

104. Абразивдик тазалагычтарды жана газ ширетүүчү аппараттарды колдонуп автомобилдерди, вагондорду жана башка буюмдарды оңдоп түздөө.

105. Пластикалык материалдардан жасалган буюмдарды ысык ыкмада престөө; түстүү металлургия өндүрүшүндө престөө жана өтө ысытып бириктирүү; керамикалык, пьезокерамикалык, ферриттик жана айнек эмалдуу тетиктерди престөө жана конденсаторлордун секцияларын ысык ыкмада престөө.

106. Кабель өндүрүшүндө чубурма материалдарды элөө жана агрегатка жүктөө.

107. Участоктордо гальван элементтерин жана батареяларды өндүрүү: электр өткөргүч катмарын даярдоо жана түшүрүү, жарым пасталуу катмар менен пластинаны штамптоо, элементтерди жана батареяларды, дүрмөттөрдү жана каңдоочторду жыйноо, битум чайырын эритип чаптоо жана изоляциялоо; феррит буюмдарын өндүрүү жумуштары.

108. Электр керамикалык буюмдар өндүрүшү: массаны вакуумдаштыруу жана сомчолорду сордуруп алуу; изоляторлордун формасынан кагып түшүрүү; малуу жана пульверизациялоо ыкмасында буюмдарды глазурлоо; гипс формаларында керамикалык материалдардан жасалган буюмдарды куюу; буюмдарды престөө; материалдарды дозалоо жана пластикалык материалдарды аралаштыргычтарда аралаштыруу; буюмдарды мешке салып күйгүзүү; буюмдарды резина формаларда гидростатикалык кысуу ыкмасында даярдоо; буюмдарды механикалык жана гидравликалык престерде престөө.

109. Участоктордо (цехтерде) шакарлуу аккумуляторлорду, батареяларды жана башка ток агымдарды өндүрүү; активдүү массаларды, электроддорду, жыйнагычтарды, түзүүчүлөрдү даярдоо.

110. Металл электроддорду өндүрүү; калий, натрий же айкалыштырылган чоң кесектерди басым астында кайнатуу; майлануучу массалар үчүн компоненттерди майдалоо; электроддорду сыртынан каптоо; өзөктүү электроддорду кургатуу жана кызытуу; электроддорду сыртынан каптоо үчүн майлануучу массаларды даярдоо; майлануучу массалардын жана бүдүрлүү флюстардын компоненттерин кургатуу; электр эритүүчү мештерде электрдик ширетүү үчүн флюстарды кайнатуу; кургак шихтаны жана майлануучу массаларды даярдоо жана электроддорду сыртынан каптоо; электроддорду мештерде кургатуу;

111. Алмаздарды, өтө катуу материалдарды жана алардан жасалган аспаптар өндүрүшү, бриллиант өндүрүшү; алмаздарды, өтө катуу материалдарды, шихтанын компоненттерин, литографиялык таштарды майдалоо, классификациялоо (бөлүштүрүү), өлчөп ороо; контейнерлерди реакциялык аралашмалар менен толтуруу; аспаптарды жыйноо, престөө жана өтө ысытып бириктирүү (сиңдирүү); алмаздарды жана катуу материалдарды түрдүү каптоолор менен бекитүү жана чөгөрүү; алмаздарды тааруу, сыйруу, кырлоо (жылмалоо).

112. Эмалданган буюмдарды даярдоо жумуштары; материалдарды майдалоо; эмалдын шихтасын, эритиндисин даярдоо; фритти өтө ысытып бириктирүү; буюмдарды эмалдоо, эмалданган буюмдарды күйгүзүү, күйгүзүүчү мештерди тейлөө; буюмдарды мешке салуу жана күйгүзүлгөн буюмдарды мештен чыгаруу.

113. Жогорку жыштыктагы жана ультра жогорку жыштыктагы ток түзүлүштөрүндөгү орнотмолордо иштөө.

114. Эриткич катарында бензолду, толуолду, этилацетатты жана башка зыяндуу эриткичтерди колдонуп эпоксиддүү жана фенолдуу чайырларды камтыган желимдерди жана герметиктерди пайдаланып иштөө.

115. Коргошун аккумуляторлорун чыгаруучу цехтердеги жумуштар (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

116. Массалык-агымдык жана ири сериялуу өндүрүштөрдөгү мажбурлоочу ритмдеги башкы конвейерлердеги жумуштар.

117. Кораблдерди жана кемелерди өткөрүп берүү командасынын иштери.

118. Мипорду жана пенопластты колго кесүү жана алардын таңгактарын жабыштыруу.

119. Куюу цехтеринде шихталарды бөлүштүрүү жана даярдоо.

120. Металл сыныктарын копрларда, балкаларда жана башка орнотмолордо бөлүштүрүү.

121. Абразивдик тазалагычтар менен кургак ыкмада металл, абразивдик, шамоттук-династык, асбест-цемент, радио керамикалык, ферриттик, пьезокерамикалык, миканиттик, пластмасса буюмдарын, ошондой эле селен дисктерин, электр көмүрүн жана электр щеткасын кесүү, иштетүү, жылмалоо.

122. Металлды кайчы жана престер менен ысык абалында кесүү.

123. Иштетилген майларды регенерациялоо.

124. Миллиметрдик жана дециметрдик толкундар диапазонундагы генераторлорду жөнгө салуу, иштетүү, сыноо жана тейлөө; Айлануучу жана сканерлөөчү антенналардын нурлануусун кошпогондо, нурлануунун бардык учурлары үчүн бир квадрат сантиметрге 200 микроваттан башталган нурлануунун ургаалдуулугунда ошол эле толкундардын диапазондорундагы нурлануучу түзүлүштөр менен иштеген өлчөөчү генераторлордогу жумуштар.

125. Өнөр жай канализациясын оңдоо жана тейлөө; Эритүүчү мештерди тейлөө.

126. Иштин ысык участокторунда жабдууларды оңдоо, жөндөө жана тейлөө: куюу, термикалык, темир-пресс, ошондой эле кесип кыскартуучу, прокаттык, майдалап-жанчуучу цехтерде жана коргошун аккумуляторлорун өндүрүүчү цехтерде, гальван элементтери жана батареялары өндүрүшүндө, электр көмүрү өндүрүшүндө; ысык абалда ширетүү жана буу казандарын жөндөө.

127. Буу сымаптык газ кесүүчү жабдууну оңдоо.

128. Сымап толтурулган насосторду жана приборлорду оңдоо.

129. Кычкылдык жана шакарлуу аккумуляторлорду оңдоо, кайра иштетүү жана дүрмөттөө.

130. Гальван цехтериндеги ванналарды: изоляциялык жана селен өндүрүштөрүндөгү идиштерди оңдоо жана тазалоо.

131. Кеменин калак бараларын престөө, кеме конструкцияларын престөө, турбиналардын бараларын престөө (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

132. Ысык металлды дөшүлөрдө, пресстерде, куюу машиналарында кол менен согуу жана штамптоо (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары); бекиткич буюмдарды ысык штамптоо.

133. Куюу цехтериндеги формаларды жыйноо.

134. Пневматикалык аспап менен бургулоо.

135. Фтор кошумчаларын даярдоо.

136. Аралашмаларды жана электролиттерди даярдоо, алардын концентрациясын гальван цехтеринде оңдоп-түзөтүү.

137. Жумуштун ысык участокторунда жүктөрдү убактылуу таңуу жана байлоо: куюучу, темир-пресс, термикалык цехтерде, ошондой эле гальвандык, оюучу, кесип кыскартуучу, казан-ширетүүчү, майдалап жанчуучу, абразивдик цехтерде жана металл конструкциялоо цехтеринин ширетүү жана газ кесүү участокторунда.

138. Куюу цехтеринде өзөктөрдү, формаларды, жер кыртышын жана кумду кургатуу, бензин, толуол, коргошун жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган материалдар менен сырдалган жана сиңдирилген буюмдарды, тетиктерди кургатуу.

139. Кабель өндүрүшүндө станоктордо жана кол менен зымдардан жана кабелдердин коргошун кабыктарын сыйрып алуу.

140. Такелаждык иштер.

141. Электрдик техникалык тасмалардын магнит өткөргүчтөрдү термикалык иштетүү.

142. Ванналардагы, мештердеги, ЖЖА орнотмолорундагы термикалык иштетүүлөр, чыңоолор жана башка термикалык иштетүүлөр (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

143. Цехтерде (участоктордо) тетиктерди (буюмдарды) ташуу жана тизүү: куюу, прокаттык, кесип кыскартуучу, темир-кысма, оюучу, термикалык, гальвандык, сырдоочу, ошондой эле кычкылдык аккумуляторлор өндүрүшүнүн, конденсаторлор, электр көмүр өндүрүшү, гальван элементтеринин жана батареяларынын өндүрүшү цехтеринде.

144. Куюу цехтериндеги куюу өндүрүшүнүн таштандыларын тазалоо (ушул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

145. Металлды сорттоо жана кабыл алуу учурунда прокатты төшөө; ысык металлды жыйноо; тетиктерди жана буюмдарды жашиктерге салуу жана цементтелүүчү масса менен таптоо.

146. Ысык участоктордо көпүрө крандарын башкаруу: куюу, темир-пресс, термикалык цехтерде, ошондой эле гальвандык, оюучу, кесип кыскартуучу, казан-ширетүүчү, майдалап-жанчуучу, абразивдик цехтерде жана металл конструкциялоо цехтеринин ширетүү жана газ кесүү участокторунда.

147. Башкаруу постторунда туруп ысык прокаттоо стандарын башкаруу.

148. Пульт менен электр эритүүчү мештерин башкаруу.

149. Темир-пресс өндүрүшүндө металлды ысык иштетүү учурунда балкаларды, пресстерди жана манипуляторлорду башкаруу.

150. Прокат станынын реверсивдүү буу машиналарын башкаруу,

151. От жагуучу өндүрүштүк мештерди, казандарды, эритүүчү мештерди жана куюштуруучу сузгуларды ысык абалда ичин каптоо жана оңдоо.

152. Кеме жана өнөр жай казандарын ысык абалда тазалоо.

153. Кол менен пульверизациялоо же электр форездөө ыкмасында тетиктерди карартуу, ошондой эле газ менен карартуу; орнотмолордогу же посттордогу электр вакуумдук приборлордун катоддорун карбиддештируү.

154. Коргошун жана коргошун-цинк эритиндилерин камтыган тетиктерди (буюмдарды) штамптоо жана иштетүү; штамптоону абразивдик тазалагычтар менен кургак ыкмада жетилтүү.

155. Буюмдарды абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада жылмалоо.

156. Электрдик көмүр өндүрүшү: материалдарды жана көмүр массаларын майдалагычтарда жана тегирмендерде майдалоо; металл керамикалык, металл графиттик, электр көмүрлүү жана электр графиттелген буюмдарды жана жарым фабрикаттарды бышыруучу мештерге салуу жана бышырылган буюмдарды жана жарым фабрикаттарды жүктөө; микрофон күлботолорун даярдоо, электр щетканын тулкусундагы өткөргүчтөрдү бүтөө, ширетме, биликтүү жана цементтөөчү массаны даярдоо; металл керамикалык, металл графиттик, электр көмүрлүү жана электр графиттелген буюмдарды жана жарым фабрикаттарды бышыруу жана өтө ысытып бириктирүү; металл керамикалык, металл графиттик, көмүр, электр щеткалуу буюмдарды жана жарым фабрикаттарды кысмаларда кысуу; материалдарды мештерде жана өзгөрмө ток орнотмолорунда өтө кызытуу; көмүр тектүү материалдарды жана көмүр массаларын тарттыруу; биликти көмүрдүн кабыгына престеп жабыштыруу; металл керамикалык, металл графиттик, электр щеткалуу, электр графиттелген буюмдарды тазалоо; металл графиттик, электр графиттик жана электр көмүр буюмдарын жана жарым фабрикаттарды жылмалоо.

157. Зымды эмалдоо.

158. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

159. Ысык прокаттоочу станда вальцтоо.

160. Пекти кайнатуу.

161. Металлды эритүүнүн үзгүлтүксүз процессинде вагранкаларда эритүү.

162. Куймаларды кагып түшүрүү; ысык куймалардын асмасындагы, чечмектериндеги жана конвейерлердин топурак калыптарына жүктөрдү салуу жумуштары.

163. Вертикалдык сиңдирүүчү машиналардын жогору жагын тейлеген электр изоляциялык өндүрүштө сиңдирүү жана лактоо процессинин жүрүшү.

164. Барактарды жана профилдик материалдарды ысык абалда ийүү.

165. Ысык абалда алдын ала каңдоо аркылуу гомогендик коргошундоо.

166. Куйманы суюк чоюн менен ширөө.

167. Металлды формага, болот калыпка жана кокилге куюу; борбордон четтеме куюу машиналарында тетиктерди куюу.

168. Коргошундуу, барийлүү жана цианиддүү ванналарда кызытуу жана термикалык иштетүү; массалык-агымдык өндүрүштө куймаларды күйгүзүү.

169. Куюу жана темир-пресс цехтеринде кургак ыкмада кум кагаз тазалагычтар менен тетиктерди (буюмдарды) тазартуу жана жетилтүү.

170. Приборлорду сымап менен толтуруу, приборлордон сымапты чыгаруу, сымапты тазалоо жана дозалоо; ачык сымапты жана анын бирикмелерин колдонуп иштөө.

171. Коргошундуу айнек массасынан айнекти үйлөө ыкмасында тетиктерди жана буюмдарды даярдоо.

172. Массалык-агымдык жана ири сериялуу өндүрүштөрдөгү формага салуу машинасында формаларды даярдоо.

173. Жабык бокстордо реактивдүү жана турбиналык буралгы кыймылдаткычтарын сыноо; реактивдүү авиациялык кыймылдаткычтардын күйүүчү май аппаратураларын жабык бокстордо сыноо жана жөнгө салуу; этил бензини менен иштегенде поршендүү кыймылдаткычтарды жана агрегаттарды сыноо (СБ); аэродинамикалык буралгыларды сыноо.

174. Пресстерде, балкаларда, горизонталдык-согуу, ийүү машиналарында ысык металлдарды иштеткен массалык өндүрүш цехтериндеги темир-штамптоо жумуштары; массалык өндүрүш цехтеринде металлды ысытуу жана ысык металлды пресске жана балкага берүү; тизелүү толгомдордо кесекти түздөө жана ысык кесектердин чамынды кабырчыктарын кесүү.

175. Прокаттоочу өндүрүштө (мештерде, кудуктарда) металлды ысытуу.

176. Болот эритүү өндүрүшүндө казылган аңдарды тейлөө.

177. Куюу цехтеринде күйгөн жерлерди жыйноо боюнча конвейерлерди тейлөө.

178. Пневматикалык аспаптарды жана кескичти колдонуп кол менен куймаларды жана кесектерди кесип кыскартуу; пневматикалык аспаптарды колдонуп кеменин калак буралгысын кесүү, кеменин конструкциясын жана турбиналардын бараларын кесүү; пневматикалык кесүү ыкмасында металлдын бетиндеги кемчиликтерин алып салуу.

179. Кеменин жабык камераларында жана бөлүктөрүндө пульверизатор менен куймаларды, тетиктерди (буюмдарды) сырдоо.

180. Сымап буулуу насостор менен электр вакуумдук приборлорду сордуруп чыгуу.

181. Алмаздарды, өтө катуу материалдарды жана алардан аспаптарды жасоо: шихталарды даярдоо, алмаз концентратын химиялык ыкмада тазалоо, аспаптардан алмаздарды кайрып алуу (алуу).

182. Түстүү металлдарды жана алардын эритиндилерин эритүү; ферро эритиндилерин эритүү; карбидди жана корундду эритүү.

183. Болотту жана эритиндилерди вакуумдук мештерде кайра эритүү; конвертер жана мартен мештеринде болотту эритүү; мештерден тоголок жана губка сымал темирлерди алуунун технологиялык процесстерин жүргүзүү; электр күлкесек орнотмолорунда (мештерде) болот жана эритиндилерди кайра эритүү; болотту жана эритиндилерди электр мештеринде эритүү.

184. Кессондордо иштөө.

185. Марганец кени жана марганец шакары колдонулган тегирмен-аралашма, кысма, галеттик элементтерди жыйноо участокторунда (цехтерде) гальвандык элементтерди жана батареяларды өндүрүү жумуштары.

186. Коргошундуу аккумуляторлорду өндүрүү жумуштары: коргошун күлмайдасын, эритиндисин жана куймасын даярдоо; майлоо, формага салуу, пластиналарды кургатуу жана аккумуляторлорду жыйноо.

187. Коргошун, сурьма, фтор тузун, калай, жез, күмүш камтыган металл күлмайдасын колго же ачык процессте тартуу, элөө жана аралаштыруу.

188. Бронетранспортерлорду жана башка каз таман машиналарды полигондордо жана автодромдордо атайын сыноо (ушул бөлүмдүн 1-параграфында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары).

189. Берүүчү бөлүгү 3 тонна жана андан жогору салмактагы барскандарда жана басымы 1500 тонна жана андан жогору кысмаларда эркин согуу жана ысык штамптоо.

190. Стволду түздөн-түз пайдалануу менен конденсаторлорду жыйноо.

191. Ачык ванналарда оюу.

192. Докто оңдоо учурунда металл кемелерин түйүндүк, секциялык жана стапелдик жыйноо; кемелерди докто оңдоо учурунда казандардын тетиктерин пресстерде жана ысытуу жолу менен колго ийүү; кемелерди докто оңдоо учурунда механизмдерди, агрегаттарды, электр жабдууларын жана түтүк өткөргүчтөрүн куроо.

193. Кеме конструкцияларын бөрктөө, кесүү, кеменин жабык идиштерин жана отсектерин чегүү.

194. Ушул бөлүмдүн бул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

6. Курулуш. Курулуш материалдары өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Механикалаштырылган аспап менен шпурларды бургулоо.

2. Аглолентти оңдоо учурундагы желимдөө.

3. Ийгич стандарда жана кайчыларда кол жумуштарын аткаруу. Карказдарды жыйноо жана байлоо.

4. Мештерден кышты, черепицаларды жана керамикалык блокторду сыртка чыгарган кол жумуштарын аткаруу.

5. Гальван жумуштары.

6. Акиташты өчүрүү.

7. Конструкцияларда жана жайларда арматураларды (торлорду, карказдарды ж.б.) кол менен даярдоо жана орнотуу.

8. Үстүңкү бетти айнек буласы, күлкесек кебези, асбест, асфальт жана битум негизиндеги ысык мастика, перхлорвинилдү жана бакелит материалдары менен изоляциялоо.

9. Кычкылдыкка туруктуу винипласттык жана гуммирлеө жумуштары, ошондой эле чийки фоалитти жана асбовинилди колдонгон жумуштар.

10. Пневматикалык аспаптарды колдонуп бөрктөө (жабык идиштердеги жумуштарды кошпогондо).

11. Куроочу тапанчаны колдонуп конструкцияларды жана тетиктерди бекитүү.

12. Темир-пресс жана термикалык жумуштар.

13. Бензол, толуол, татаал спирттерди жана башка химиялык заттарды камтыган нитро сырларды жана лактарды колдонуп жабык жайларда асфальт, кузбасс жана меш лактарын колдонгон сырдоо жумуштары, ошондой эле бул сырлар үчүн курамдарды даярдоо.

14. Эпоксиддүү, фенолформальдегиддик, перхлоровинилдик жана башка зыяндуу химиялык заттарды, ошондой эле ушул жабуулардын курамдарын камтыган химиялык курамдарды колдонуп металл түзүлмөлөргө антикоррозиялык жабууларды түшүрүү.

15. Шыбак эритмесинин үстүңкү бетине кол менен түшүрүү, үстүңкү бетин кол менен сүргүлөө.

16. Винилацетат, меламиномочевиноформальдегид чайырларын, аммоний полифосфатын, асбест (ВМП-2) жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган курамдарды колдонуп, металл түзүлмөлөргө оттон коргоочу жабууларды тапанчалардын жана илгичтердин жардамы менен түшүрүү.

17. Ксилолиттик массаны, поливинилхлорид, поливинилацетат, фенолформальдегид, эпоксид жана башка чайырларын. Ошондой эле асфальт жана битум негизиндеги мастикаларды колдонгон беттөө жумуштары.

18. Сөңгөктөрдү жана кийиздерди антисептиктер жана оттон коргоочу материалдар менен иштетүү, ошондой эле аларды даярдоо.

19. Гранитти күлмайда кылып майдалоо жана иштетүү.

20. Табигый таштарды кол менен жана механикалык аспаптарды колдонуп иштетүү, үстүңкү беттерди кол менен беттөө.

21. Таш курулуш материалдарын кургак ыкмада иштетүү, жылмалоо жана сайкалдоо.

22. Ацетилендүү, аммиактуу жана хлордуу компрессордук орнотмолорду (компрессорлорду) тейлөө.

23. Шпалдык-бириктирип бекитүүчү, шагыл тазалоочу жана шагыл тыгыздоочу машиналарды тейлөө.

24. Кум чачма аппараттардын жардамы менен үстүңкү бетти тазалоо (жайларда же сыйымдуу челектерде аткарылуучу иштерди кошпогондо).

25. Коргошунду коргошун менен каңдоо.

26. Коргошун сырларын кол менен даярдоо.

27. Асфальт, битум жана синтетикалык чайырларды камтыган аралашмаларды, мастикаларды, эритмелерди, эмульсияларды даярдоо.

28. Таш конструкциялардагы тешиктерди (кобулдарды, оюктарды) колго жана механикалаштырылган аспап менен оюу, татаал жана цемент эритмелерине таш конструкцияларын кол менен тартуу.

29. Бетон жана темир бетон конструкцияларында тешиктерди (кобулдарды, оюктарды) оюу, темир бетон түркүктөрдүн баштарын кесүү, механикалаштырылган аспаптарды колдонуп, бетон жана темир бетон конструкцияларын уратуу, кол менен же пневматикалык аспаптарды колдонуп бетондун беттерин кертип түшүрүү.

30. Дубал жана желим материалдар өндүрүшү.

31. Гидромеханикалаштырылган ыкмада жер төлөө курулмаларынын картасындагы жумуштар (курулуш машиналарынын машинисттерин кошпогондо).

32. Гидро изоляциялык материалдардан жасалган жумшак чатырларды өндүрүү жумуштары.

33. Айнек жана айнек буюмдарын өндүрүү боюнча жумуштар.

34. Каналдаштырылган системаларды жана траншеяларды оңдоо жана тазалоо жумуштары.

35. Бункерлерди тазалоо жумуштары.

36. Цемент өндүрүшүндөгү жумуштар.

37. Электр жана пневматикалык шпалдык-бириктирип бекитүүчүлөрдү колдонуп жолдун үстүңкү курулуштарын куруу жана оңдоо жумуштары.

38. Отко чыдамдуу кыштарды жана башка отко чыдамдуу материалдарды өндүрүү менен байланышкан жумуштар.

39. Жылуулук изоляциясы материалдарын өндүрүү менен байланышкан жумуштар.

40. Мештерди жана казандардын от калагычтарын оңдоо менен байланышкан жумуштар.

41. 5тен 10 метрге чейинки тереңдикте ичүүгө жарактуу, суу алуучу курулмалардын жана түшүрүлмө кудуктардын өткөөлдөрүнө кол менен кыртышты, 20 метрлик узундуктагы штоленди иштетүү, ошондой эле кудукту коюу учурунда жана түшүрүлмө кудуктун тишинин астындагы кыртышты иштетүү.

42. Кыртышты жана тоо тектерин гидромонитор менен иштетүү.

43. Сом темирлерди жана керкилерди колдонуп кол менен III топтогу кыртышты, ошондой эле пневматикалык аспаптарды колдонуп кыртыштардын бардык түрлөрүн иштетүү (41-пунктта көрсөтүлгөн жумуштардан тышкары).

44. Суулуу чопону кол менен иштетүү.

45. Бетонду, кыртышты, кырдуу шагыл-шагылдуу негиздерди кол менен төшөө жана тыгыздоо жумуштары.

46. Коргошун жалатылган кабелдерди данакерлөө жана кабель муфталарына калай менен чаптоо.

47. Үстүңкү беттерди торкреттөө (туюк идиштерди торкреттөөдөн тышкары).

48. Монолит түзүлмөлөрүндө жана курулмаларында бетонду кол менен төшөө, бетонду кол вибратору менен ныктоо.

49. Ысык асфальт бетон массасын төшөө жана үстүңкү беттерди ысык битум менен каптоо, ошондой эле ысык асфальтбетон массасын жана битум мастикасын даярдоо.

50. Синтетикалык чайырлардын жана химиялык эриткичтердин негизинде жасалган ысык мастикага жана битумга, резина желимдерине жана мастикаларга паркет, плита жана линолеум полдорун төшөө.

51. Кыртыштарды жана кырлуу шагылдуу-шагылдуу негиздерди колго жана пневматикалык аспап менен ныктоо.

52. Поливинилхлориддүү жана поливинилацетаттуу материалдардан жасалган куйма полдордун түзүлүшү.

53. Темир бетон буюмдарын жана түзүлмөлөрдү формага салуу.

54. Отко чыдамдуу жана кычкылдыкка чыдамдуу материалдарды колдонуп, өнөр жай мештерин, пайларын, казандарын жана агрегаттардын ичин каптоо жана коюу.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

55. Жабык идиштерде (казандарда, резервуарларда, бактарда, отсектерде ж.б.) иштеген учурлардагы бөрктөө.

56. Антипирен (ОКФК-ММ) камтыган курамдарды колдонуп металл түзүлмөлөргө оттон коргоочу жабууларды тапанчалардын жана кайырмактардын жардамы менен түшүрүү.

57. Жайларда жана сыйымдуу челектерде жасалуучу үстүңкү беттерди кум чачма аппараттардын жардамы менен тазалоо.

58. Бетон жана темир бетон түзүлмөлөрдө тешиктерди (кобулдарды, оюктарды ж.б.) оюу, кол менен бетон жана темир бетон түзүлмөлөрдү уратуу.

59. Кессондордо аткарылуучу жумуштар.

60. 10 метрден ашуун тереңдикте ичүүгө жарактуу суу алуучу курулмалардын жана түшүрүлмө кудуктардын жана шурфтардын өткөөлдөрүнө кол менен кыртышты, ошондой эле куймалардан жана кудуктардан 20 метрден ашуун аралыкта жайгашкан штолендин участокторун иштетүү.

61. Казыктарды жана барскандарды (балкаларды) колдонуп барууга кыйын жерлердеги IV жана кыйла жогорку топтогу кыртыштарды жана бардык топтун тоң кыртыштарын кол менен иштетүү.

62. Ачык сымапты колдонуп сымаптык түздөгүчтөрдү оңдоо жана куроо.

63. Жабык идиштердин үстүңкү беттерин торкреттөө.

7. Электрондук энергетика өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Жыгачты чирибегидей иштетүү.

2. Электр берүү линияларын жана электр көмөкчү чордондорунун жабдууларын оңдоо учурундагы бийиктердеги жумуштар.

3. Ысык абалдагы казандын тушун.

4. Жылуулук электр чордондорунда вагон оодаргычтарды тейлөө.

5. Электр берүүнүн аба линияларын жана көмөкчү чордондордун чыңалуудагы ток жүрүүчү бөлүктөрүндөгү электрдик жабдууларын тейлөө жана оңдоо.

6. Чыңалууну алып салбастан ток жүрбөгөн бөлүктөрдөгү электр берүүнүн аба линияларын тейлөө .

7. Жабык жайларда орнотулган дизелдик жана локомобилдик электр чордондорунун жабдууларын тейлөө жана оңдоо.

8. Гидроэлектрочордондордун жер астындагы жабдууларын жана көтөрмөнүн дубалына орнотулган жабдууларды тейлөө жана оңдоо.

9. Жер астындагы жылуулук электр станцияларын тейлөө жана оңдоо.

10. Казан, күйүүчү май берүүчү, күл жүктөөчү цехтерде (участоктордо): сланец жагуучу жылуулук электр чордондорунун жабдууларын тейлөө жана оңдоо.

11. Сымап түзөткүчтөрүн тейлөө жана оңдоо.

12. Жылуулук тарамдарынын, жылуулукту берүүлөрдүн жер астындагы жылуулук түтүктөрүн жана курулмаларын тейлөө,

13. Цехтердеги - казан, турбиналык, казан турбиналык, отун тартуу (чаңды даярдоо), жылуулук берүүчү участоктордо өлчөгүч каражаттарды, контролдоо жана башкаруу системасынын элементтерин (автоматтык түзүлүштөрдү жана жөндөөчүлөрдү, технологиялык коргоо, тосмолоо, ишараттоо ж.б.у.с. түзүлүштөрдү) тейлөө.

14. Цехтердеги - казан, турбиналык, казан турбиналык участоктордо жылуулук тарамдык бойлердик орнотмолорду тейлөө.

15. Цехтердеги - казан, турбиналык, казан турбиналык, отун тартуу (чаңды даярдоочу), жылуулук берүүчү; мунай чарба участокторунда электр энергетикалык жабдууларды жана жылуулук электр чордондорунун автомат жабдууларын тейлөө.

16. 400 кВ жана андан жогору чыңалуудагы өзгөртүүчү электр көмөкчү чордондорунун жабдууларын тейлөө, сыноо жана жөндөө.

17. Жылуулук электр чордондорундагы жана жылуулук тарамдарындагы казандарды жана жылуулук өткөргүчтөрүн жылуулук изоляциясы менен каптоо.

18. Кабелдик киргизмелерди, кабелдик коргошун муфталарды жана кабыктарды данакерлөө, аба жана май өчүргүчтөрдү, май трансформаторлорун оңдоо.

19. Жылуулук схемаларындагы өчүрүү, цехтердеги казан, турбиналык жана казандык турбиналык участоктордо иштеп жаткан жабдууларды кыдырып контролдоо.

20. Химиялык реагенттерди колго даярдоо жана жүктөө; казандарды, жылуулук тарамдарын жана бууланткычты азыктандыргычтарды толтуруу үчүн сууну химиялык тазалоо жана тузсуздандыруу процессин жүргүзүү: чыпкаларды кычкылдыктар, туздар жана шакарлар менен регенерациялоо; хлор акиташынын эритмесин даярдоо жана дозалоо жана чачыратуучу бассейндердин жана градирендердин суусун хлорлоо.

21. Жылуулук электр чордондорунда мунайды жана мунай өнүмдөрүн кабыл алуу жана сордуруу.

22. 220 кВ жана андан жогору чыңалуудагы электр чордондордун, электр тарамдарынын жана ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн электр жабдууларынын параметрлерин сыноодон өткөрүү жана өлчөө.

23. Сымап толтурулган приборлорду оңдоо.

24. Жылуулук тарамдарынын жылуулук өткөргүчтөрүн жана курулмаларын оңдоо.

25. Электр энергетикалык жабдууларды оңдоо: цехтердеги казан, турбиналык, казан турбиналык, отун тартуу (чаңды даярдоочу), жылуулук берүүчү; мунай чарбасы участокторунда; тоннелдерде жана жылуулук берүү камераларында релелик коргоонун жана автоматиканын иштеп жаткан жабдууларындагы, аппаратураларындагы автоматикалык түзүлүштөрдү жана өлчөгүч каражаттарды.

26. Цехтердеги казан, турбиналык, казан турбиналык, отун тартуу (чаң даярдоочу), жылуулук берүү участокторунда жабдуулардын сырткы беттерин, полдорду жана тейлөө аянттарын тазалоо.

27. Казандардын шлактардын, суу күл алып салгыч клапандардан тунмаларын тазалоо.

28. Казан, турбиналык, казан турбиналык цехтерде (участоктордо); отун жылуулук электр чордондорунун жабык кампаларында көпүрө крандарын башкаруу.

29. Казандарды ысык жана муздак абалында тазалоо.

8. Полиграфия өндүрүшү

8.1. Формалык процесстер

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Басма формаларын желимдөө.

2. Биметаллдык формаларды жана терең басма формаларды кычкылдандыруу жана даярдоо боюнча гальван жумуштары.

3. Басма формаларды көчүрмөлөө.

4. Офсеттик жана терең басма үчүн формаларды даярдоо боюнча куроо иштери.

5. Терүүчү сапкуючу машинада, ошондой эле брайлевдик терүүдө кол менен терүү.

6. Терүү-перфорация кылуу жана фото терүү машиналарында терүү жумуштары.

7. Клишени жасалгалоо.

8. Коргошундуу типография эритиндисинен жасалган шрифттин жана терүү материалдарынын куймасы.

9. Стереотиптерди жасалгалоо жана матрицаларды чечип алуу.

10. Коргошун эритиндилеринен стеретиптерди куюу.

11. Металлографиялык изтүшүрүүлөрдү басуу.

12. Бийик, жалпак жана терең басуулар үчүн негативдерди жана диапозитивдерди ретуштоо.

13. Бийик, жалпак жана терең басуулар үчүн негативдерди (позитивдерди) даярдоо боюнча фото жумуштар.

14. Литоофсеттик формаларды жылмалоо.

8.2. Басма процесстери

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

15. Машиналардагы жана агрегаттарды басма процесстерине коло түсүн берүү.

16. Басма машиналардагы коймо жана анилдик, брайлердик, бийик, терең, трафареттик басмаларды машиналардан жана агрегаттардан жана басма-оюу автоматтардан өткөрүп алуу.

17. Бийик, терең, жалпак трафареттик басуулар.

8.3. Брошюралоо-мукабалоо жана жасалгалоо процесстери

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

18. Дептерлерди машиналарда даярдоо.

19. Машиналарда лактоо-гуммирлөө жумуштары.

20. Машиналардагы сызуу жумуштары.

21. Басма машиналардагы коймо жана лактоо-гуммирлөө, сызуу машиналарында иштөө учурундагы өткөрүп алуу.

22. Дивинилстролдуу же хромпиктүү желимди колдонуп болотнайга географиялык карталарды чаптоо жана кургатуу.

23. Наар түшүрүү жумуштары.

24. Басма цехтеринде барак кескич жана картон кескич машиналарда иштеген учурда бир тиштүү машиналарда кесүү.

25. Басма цехтеринде иштеген учурда машиналарда жана агрегаттарда фальцтоо жана өткөрүп алуу.

26. Басма барактарын түздөн-түз бийик басма цехтеринде фальцтоо.

9. Шрифт өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Коргошундуу эритиндиден жасалган шрифттик өндүрүмдү комплектөө жана жасалгалоо.

2. Коргошундуу эритиндиден жасалган жарым фабрикаттарды жана даяр өндүрүмдөрдү контролдоо иштери.

3. Коргошундуу эритиндиден жасалган шрифттик өндүрүмдү даярдоо боюнча машиналардан жана агрегаттардан кабыл алуу.

4. Коргошундуу эритиндиден жасалган шрифттик өндүрүмдү жыйноо-таңгактоо.

5. Коргошундуу эритиндиден жасалган шрифттик өндүрүмдү текшилөө.

10. Жыгач иштетүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Бензин, ацетон жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган эриткичтерди колдонуп эмеректерди, кайтарылма таралар жана карандаштар үчүн чыпка болотнайларды, торлорду, фурнитураларды жуу.

2. Фенол, формалин, мочевина, ксиленол жана башка химиялык уулуу заттарды камтыган синтетикалык желимдерди жана тасмаларды колдонуп гидравликалык пресстерде, автоклавдарда, ваймдарда эмерек тетиктерин беттөө.

3. Лактоочу орнотмолорду тейлөө жана лак куюу, зыяндуу химиялык заттарды камтыган лактарды жана сырларды таратуу.

4. Технологиялык чамындылоо үчүн дөңгөчтөрдү, отундарды, чайырланган дүмүрлөрдү, тилинген жыгачтардын жана фанерлердин калдыктарын кайра иштетүүдө кесүүчү машиналарды тейлөө.

5. Жыгач сүрүндүлөр жана ламинат такталар өндүрүшүндө 200 градустан жогору температурада ысытылган кургатуучу агрегаттардын жана термикалык май казандарынын технологиялык от жаккычтарын тейлөө.

6. Бензол, метанол жана башка татаал спирттерди, коргошундуу жана анилиндүү сырларды, зыяндуу химиялык заттарды камтыган нитро лактарды, тегиздөөчү сырларды колдонуп жыгачтан жасалган тетиктерди жана буюмдарды лактап жана сырдап жасалгалоо.

7. Стирол, бутилацетат, коллоксилин, метакрил кычкылдыгы, алкид чайырын жана башка ошондой зыяндуу химиялык заттарды камтыган полиэфир лактары жана эмалдары менен мебелдин тетиктерин жасалгалоо, жабык типтеги кабиналарда чачуу ыкмасында нитро лактоо.

8. Тактай материалдарга, жыгачтан жасалган буюмдарга антисептикалык жана башка зыяндуу химиялык заттарды сиңирүү.

9. Устундарды, кыска жоон дөңгөчтөрдү, кырдуу устундарды жана башка жыгач материалдарын тааруу, кесүү, жыгач тилүү агымында тактай материалдарын тизүү.

10. Фанер түтүктөрүн жыйноо, чаптоо, түрүүчү стандарда түтүктөрдүн жана муфталардын тогоолорун түрүү, фенол, формалин, формальдегид, мочевина, метил спирти жана башка химиялык уулуу заттарды камтыган синтетикалык желимдерди колдонуп, баракка капталдуу чаптагыч стандарда прифунгдалган шпондун бөлүктөрүн чаптоо.

11. Түрдүү типтеги кургаткычтарда шырыма материалдарды кургатуу.

12. Газ менен жылытуучу менен кургаткычтарда шпондорду жана фанерлерди кургатуу.

13. Зыяндуу химиялык заттарды камтыган синтетикалык желимдерди, лактарды колдонуп, фанерлөө, ламинаттоо, лактоо, жылмалоо, сайкалдоо боюнча автоматтык жана жарым автоматтык линияларды башкаруу.

11. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

11.1. Эт өнөр жайы

1. Ветеринардык лабораторияларда комплекстүү иштерди жүргүзүү.

2. Уулу химикаттар менен иштеген учурда дезинфекция процессинин жүрүшү.

3. Гематогенди иштеп чыгаруу.

4. Терилерди туздоо жана жуу.

5. Эт жана эт азыктарын туздоо.

6. Ичегиден кылдарды даярдоо.

7. Гидролиздик жана буулоо орнотмолорун тейлөө.

8. Пневматикалык жана вакуум-гидравликалык орнотмолорду тейлөө.

9. Термостаттык бөлүмдөрдү тейлөө.

10. Керектелүүчү таштандыларды жыйноо боюнча жүктөө-түшүрүү жумуштары.

11. Мал союучу цехтердеги жумуштардын бардык түрлөрүн жасоо.

12. Тамак-аш майларын чыгаруу.

13. Ичеги карындарды артуу процесси.

14. Канды иштетүү процесси.

15. Гормондук, ферменттик жана өт препараттарын өндүрүү процесси.

16. Тоют даярдоо процесси.

17. Колбаса азыктарын өндүрүү процесси.

18. Техникалык фабрикаттарды өндүрүү процесси.

19. Эт азыктарын тааруу.

20. Сөөк буюмдарын даярдоонун колго жасоо, жана механикалык ыкмасы.

21. Терилерди сорттоо жана иштетүү.

22. Өндүрүш жайларын тазалоо.

23. Тажрыйба жаныбарларын багуу.

11.2. Өсүмдүк майынын өндүрүшү

24. Күнжараны жана шротту майдалоо.

25. Пресстөө, сыгуу жана формага салуу процесси.

26. Кургатуу процесси.

11.3. Шекер өндүрүшү

27. Сөөк көмүрүн өндүрүү процессин жүргүзүү.

28. Сатурация процессин жүргүзүү.

29. Гидротранспортерду тейлөө.

30. Мезгилдүү иш-аракеттердин диффузорлорун тейлөө.

31. Иониттик жана регенарациялык орнотмолорду тейлөө.

32. Пасстсбургдарды жана ысыткычтарды тейлөө.

33. Утфелди буулантуу жана кайнатуу процесси.

34. Шекерди агартуу жана кристаллдаштыруу процесси.

35. Сепарациялоо процесси.

36. Чакмак канттарды кургатуу жана жогору көтөрүү процесси.

11.4. Мөмө-жашылча консервалары жана ширелер өндүрүшү

37. Стерилдөө, пастерлөө, бланштоо процесси.

38. Сульфетирлөө процесси.

39. Мөмөлөрдү шакар менен тазалоо жана кургатуу процесси.

11.5. Тамак-аш концентраттарынын өндүрүшү

40. Тамак-аш концентраттарын өндүрүүдө машиналарды тейлөө.

41. Балдарга арналган ундан нан бышыруу процесси,

11.6. Вино, пиво, алкоголсуз суусундуктары, спирт жана ликер-арак иштелмелеринин өндүрүшү

42. Буулантуу жана ачытуу процесстерин жүргүзүү.

43. Ачыткыны өстүрүү, кайнатуу жана дегоржирлөө процессин жүргүзүү.

44. Суусундуктар үчүн концентраттарды дозалоо жана таңгактоо процессин жүргүзүү.

45. Вино сактоого ыңгайлаштырылган штолдордогу жана жер төлөөлөрдөгү иштерди жүргүзүү.

46. Винону жана вино материалдарын иштетүү.

47. Коньяк спирттерин жана коньяктарды иштетүү.

48. Вино жасоодогу калдыктарды иштетүү

49. Суслону жана ширени иштетүү.

50. Шампан өндүрүшүндө аппаратты тейлөө.

51. Гидротранспортерлорду тейлөө.

52. Спирт тарткан жана ректификациялаган жабдууларды тейлөө.

53. Угут кургаткычты тейлөө.

54. Муздаткыч орнотмолорун тейлөө.

55. Шампан куюлган бөтөлкөлөрдү муздатуу жана тоңдуруу операциялары.

56. Суперфосфат маңызын даярдоо.

57. Ачыткынын таза өсүмдүгүн өстүрүү.

58. Спиртти денатурациялоо процесси.

59. Чыпкаларды купаждоо жана дүрмөттөө процесси.

60. Пресстөө жана сыгуу процесси.

61. Вино-таштуу кычкылдыкты өндүрүү процесси,

62. Угут өндүрүү процесси.

63. Данды сорттоо жана ташуу.

11.7. Ачыткы өндүрүшү

64. Ачыткы өстүрүүчү аппараттарды, бөгөт коюучу, агуучу чандарды жана кургатуучу жабдууларды тейлөө.

65. Чыпка болотнайларды жана торлорду тейлөө.

66. Ачыткы өстүрүү процесси.

67. Азыктандыруу чөйрөсүн жана тузду даярдоо процесси

68. Престөө жана сыгуу процесси.

69. Биомассаны сепарациялоо.

11.8. Кондитердик өндүрүш

70. Дражирлөөчү казандардагы процесс.

71. Бисквит мешин тейлөө.

72. Сүрүп майдалоо машиналарын тейлөө жана сульфиттелген чийки зат менен иштөө.

73. Белок массаларын даярдоо (кууруу, кургатуу, туз эритмесинде ядродон ажыратуу).

74. Кууруу мешине кондитердик азыктарды салуу жана алуу процесси.

75. Какао массасын пресстөө процесси.

76. Какао күлмайдасын жана бастырылган кофени кол менен таңгактоо процесси.

77. Шоколад массасын аралаштыруу процесси.

78. Камырды кол менен салуу жана алуу.

79. Конфетти кол менен куюу, крахмалды элөө, чөнөктөрдү штамптоо.

11.9. Наабайкана жана макарон өндүрүшү

80. Ун элеген жабдууну, камыр жуурган жабдууну жана нан бышырган мештерди тазалоо, оңдоо жана жөндөө процессин жүргүзүү.

81. Ундан жасалган азыктар сакталуучу жайларда жүргүзүлгөн иштер.

82. Азыктарды бышыруу, сиропту жана помаданы кайнатуу.

83. Уулуу заттарды колдонуу менен дезинфекциялоо.

84. Камырды бөлүүчү, майлоочу ж.б. технологиялык циклдеги орто-аралык машиналарды тейлөө.

85. Туз эриткичти тейлеген учурда чийки затты дозалоо процесси.

86. Камырды колго жууруу жана бөлүштүрүү процесси.

87. Нан бышыруучу мештерде сушканы кургатуу процесси.

88. Вальц станогунда макарон калдыктарын тартуу.

89. Узун түтүк макарондорду кургатуу.

90. Ун кампаларын тазалоо.

91. Ысык нанды нан бышыруу өндүрүшүнүн өзүндө иреттеп тизүү.

11.10. Крахмал-патока өндүрүшү

92. Декстрин өндүрүү процессин жүргүзүү.

93. Күкүрттүү мештердин мунаралуу орнотмолорун тейлөө.

94. Чийки жүгөрү крахмалын өндүрүү процесси (күкүрт газын колдонуп).

95. Кургак тоюттарды жана жүгөрү майын алуу процесси.

96. Кургак крахмал өндүрүү процесси.

97. Патока жана глюкоза алуу процесси.

11.11. Тамеки, махорка, сигара, тамеки жана махорка буюмдарын өндүрүү жана тамекини ферменттөө

98. Ферменттөөчү камераларды жүктөө жана түшүрүү процессин жүргүзүү.

99. Чийки зат кампасындагы иштерди жүргүзүү.

100. Технологиялык циклдеги машиналарды жана пневматикалык орнотмолорду тейлөө.

101. Тамекини ферменттөөгө даярдоочу машинаны тейлөө.

102. Чыпка жасоочу машиналарды тейлөө.

103. Электр жабдууларын тейлөө.

104. Таңгактарды пресстөө жана формага келтирүү.

105. Фарматураларды жана калдыктарды элөө.

106. Сигареттерди, папиросторду, сигараларды, гильзаларды даярдоо процесси.

107. Вискозалык калпакчаларды өндүрүү процесси.

108. Жыттоочу махорканы өндүрүү процесси.

109. Ацетат буласынан сигарета фильтрлерин өндүрүү процесси.

110. Тамеки жалбырактарын аралаштыруу процесси.

111. Тамекинин вагондук партияларын түзүү тартиби.

112. Махорканы жана тамекини нымдоо процесси.

113. Тамекини сорттоо.

114. Ферменттөөчү бөлүмдөрдү жыйноо.

115. Таңгактарды таңуу жана жыюу.

116. Ферменттөө процессин химиялык-бактериологиялык талдоо.

11.12. Ун-акшак жана аралаш тоют өндүрүшү

117. Түрдүү системадагы кабык аарчуучу машиналарда иштердин комплексин жүргүзүү.

118. Жеткире демдөө, буулуу кургаткычтарда, кайнатуу аппараттарында жана башка түрдүү конструкциядагы орнотмолордо дан, акшак жана башка азыктарды жана жарым фабрикаттарды гидротермикалык иштетүү процессин жүргүзүү.

119. Аралаш тоют өндүрүшүндөгү түрдүү системадагы дозалоо түзүлүштөрүндө аралаш тоюттардын, белоктук-витаминдик кошумчалардын жана премикстердин ингредиенттерин дозалоо жана аралаштыруу процессин жүргүзүү.

120. Данды кургак ыкмада тазалоо процессин жүргүзүү.

121. Ун тартуу заводундагы тартуу ыкмасына ылайык белгиленген шарттамда механикалык транспортто тартуу процессин жүргүзүү.

122. Тартылган нерсени берүүнү камсыз кылуу аркылуу элей турган машиналарда акшакты жана дунстарды байытуу процессин жүргүзүү.

123. Ундун жана аралаш тоюттардын түрдүү сортторуна кошуу үчүн байытылган аралашмаларды даярдоо процессин жүргүзүү.

124. Азык-түлүк жана тоют өсүмдүктөрүн вальц машиналарында тартуу процессин жүргүзүү.

125. Кол менен жүктөө учурунда унду кургатуу процессин жүргүзүү.

126. Карбамид концентратын өндүрүү линиясында технологиялык процессти жүргүзүү.

127. Мурда пайдаланылган жумшак тараларды кагуу жана тазалоо.

128. Аралаш тоют өндүрүүдө кургак чийки затты майдалоо.

129. Аралаш тоюттар заводунда колго жана транспортерлордун жардамы менен чийки заттарды жүктөө жана түшүрүү.

130. Аралаш тоюттар өндүрүшүндө даяр өндүрүмдү пресс-калыптардан алып салуу.

131. Тегирмен таштарын чегүү жана иштетүү.

132. Аспирациялык түтүктөрдү жана орнотмолорду тазалоо боюнча иштерди аткаруу менен; желдетүүчү жана аспирациялык орнотмолорду тейлөө.

133. Дан тазалоочу жана дан сорттоочу машиналарды тейлөө.

134. Сузгулуу таразаны тейлөө.

135. Акшак заводдорунда данды жана орто-аралыктагы өндүрүмдөрдү сорттоо учурунда пресстерди тейлөө.

136. Антибиотактерди, ферменттерди жана микроэлементтерди камтыган брикеттерди жана бүдүрлүү аралаш тоюттарды өндүрүү учурунда пресстерди тейлөө.

137. Катуу жана суюк отун менен иштөөдө дан кургаткычтардын от жаккычтарынын түрдүү типтерин тейлөө.

138. Данды жана анын кайра иштетилген өнүмдөрүм металл кошундуларынан тазалоо.

139. Дан тазалоочу бөлүмдөрдө иштегенде данды тазалоо, кошундулардан ажыратуу, ошондой эле жууй турган машиналарда данды нымдоо.

140. Дан жана тара-таңгактоочу жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү жана жайларда, вагондордо жана трюмдарда жүктөө жана түшүрүү учурунда жүктөөчү-түшүрүүчү механизмдерди башкаруу.

141. Аралаш тоют өндүрүүдө силосторду тейлеген учурда кургак чийки заттарды кабыл алуу.

142. Салыштырып-таңгактоо бөлүмдөрүндөгү жумуштардын бардык түрлөрүн жүргүзүү.

143. Ундун калдыктарын мешок тараларына салып элөө.

144. Механикалык транспорт тегирмендерде иштегенде майдаланган дан жана башка жарым фабрикат өнүмдөрүн калбырлар менен элөө.

145. Уулуу химикаттар менен иштөөдө жүгөрүнүн үрөндөрүн химиялык зат менен тазалоо.

146. Өндүрүш цехтеринде технологиялык жабдууларды оңдоо.

147. Мурда пайдаланылган жумшак тараларды сорттоо жана контролдоо.

148. Данды, аралыктан башкаруу аркылуу жөнгө салып кургатуудан тышкары, кургатуу.

149. Элеватордо жана механикалаштырылган дан окладдарында жүктөрдү ташуу.

150.Технологиялык цехтерде түрдүү жүктөрдү ташуу.

151. Элеваторлордун, механикалаштырылган мунаралардын, ун азыктар, акшак, аралаш тоют комбинаттарынын, жумшак тараларды оңдогон тара оңдоочу устаканалардын, урук тазалоочу чордондордун жайларын тазалоо.

152. Дан тазалоочу чордондордо данды нымдоо.

153. Данды окладдарда, элеваторлордо, ишканаларда жана башка объектилерде фумигациялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо.

154. Тегирмен вальцтарын абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада жылмалоо.

12. Пахта иштетүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Кездемеге, буюмга сүрөт басуу жана түр түшүрүү.

2. Формальдегид жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган препараттар менен аппреттөө процессин жүргүзүү.

3. Кол менен жүктөө жана түшүрүү аркылуу аба коё берүүчү бөлүктү буулоо жана эмульсиялоо процессин жүргүзүү.

4. Буулантуучу орнотмодо каустификация процессин жүргүзүү.

5. Ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда пахтаны, ийрилген жиптерди, кездемелерди боё процесси.

6. Жегич натрийдин жана башка зыяндуу химиялык заттардын аралашмасын колдонуу менен кебез кездемелерди жана ийрилген жиптерди мерсеризациялоо процессин жүргүзүү.

7. Ийрилген жиптерди, кездемелерди куйкалоо процессин жүргүзүү.

8. Гипохлорит натрийди, жегич натрийди, күкүрттүү кычкылдыгын колдонуп пахтаны, ийрилген жипти, кездемени, одеялды агартуу жана кайнатуу процессин жүргүзүү.

9. Ийрилген жиптерди, кездемелерди жана буюмдарды жуу процесси.

10. Ийрилген жиптерге коюу көк боёктун суспензиясын, азотолдун суспензиясын жана башка химиялык уулу заттарды сиңдирүү процессин жүргүзүү.

11. 100 градус Цельсиядан жогору температурада формальдегид жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган препараттарды колдонуп, кездемелерди турукташтыруу процессин жүргүзүү.

12. Пахтаны, ийрилген жипти, кездемелерди кургатуучу камерада кургатуу процессин жүргүзүү.

13. Кездемелерди жай иштетүүчү аппараттарда термо иштетүү процессин жүргүзүү.

14. Кебез өндүрүшүндө аралашманы торго кол менен салуу, ошондой эле пахта өндүрүшүндө аппарат менен ийрүүдө пахтаны бириндетүү процессин жүргүзүү.

15. Кебез өндүрүүдө чыпкаларды иштеп чыгаруу учурунда марлини тытуу жана кайта тытуу процессин жүргүзүү.

16. Жиптин өзөгүн баттоо жана эмульсиялоо процессин жүргүзүү.

17. Тыбытты жана калдыктарды колго тытуу.

18. Кебез өндүрүүдө даярдала элек пахтаны түшүрүү жана аны сорттоо.

19. Химиялык эриткичтерди даярдоо жана боёк жасоо.

20. Аралаштыргыч торго буланы кол менен жүктөө.

21. Ийне-платина буюмдарын коргошун эритиндиси менен чаптоо.

22. Кычкылдыктарды, лактарды, фотоэмульсияларды, эпоксид желимин, жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп кездемеге сүрөт түшүрүү үчүн калыптарды даярдоо.

23. Идиштерди, ванналарды, жашиктерди, щеткаларды жана калыптарды боёк кайнаткычтарга салып жуу.

24. Кездемелерди, болотнайларды чыгырыкты кол менен көтөрүп таптоо.

25. Басым прессинин шинасына оюлган валдарды саптоо.

26. Өндүрүштүк жайларды шыпыруу.

27. Гипохлорит натрийин, жегич натрды колдонуп иштеген учурда агартуучу жабдууларды тейлөө.

28. Чийки заттарды, ийрилген жиптерди, кездемелерди сыгуу.

29. Пахта жана кебез өндүрүшүндө кичине валдуу тытуучу машиналардын барабандарын тарап-тазалоо.

30. Өнөр жай канализациясын тазалоо.

31. Тарактарды коргошун эритиндиси менен каңдоо.

32. Ийиктерди текшерүү жана эритип чаптап жамоо.

33. Машиналардын жумушчу тетиктеринин матоочу аспаптарын текшерүү.

34. Ийрилген жиптерди, жиптерди сайкалдоо.

35. Кебезди жана калдыктарды престөө.

36. Матрицалардын сүрөттөрүн рельефтүү молетке престөө.

37. Формальдегид жана жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган препараттарды колдонуп, аппреттерди даярдоо жана кайнатуу.

38. Хлорамин, формалин жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган батты жана эмульсиялоочу препараттарды даярдоо.

39. Кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп, эмульсияларды даярдоо.

40. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

41. Жегич натрий, хлор жана башка химиялык зыяндуу заттар менен иштетилген пахтаны жуу, сыгуу, бошотуу жана кургатуу.

42. Калдыктарды түрлөрү боюнча ажыратуу.

43. Эпоксиддүү жана бутилфенолформалдегиддүү чайырларды, бензол жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган желимдерди колдонуп, техникалык жабдыктарды (сыгуучу кичине валдарды) оңдоо жана даярдоо; кичине валдарды желимдөө.

44. Жасалгалоочу өндүрүш цехтеринде (участокторунда) технологиялык жабдууларды жана электр жабдууларын ондоо жана жөнгө келтирүү.

45. Буланы лабаздарга салып аралаштыруу.

46. Ийнелүү гарнитура, кырка турган, түк чыгаруучу жана диск бычактары менен капталган жумушчу органдарды, түк чыгаруучу чыгырыктарды, тытуучу машиналардын бөрктөрүн абразивдик тазалагычтарда жана сүртмөлөрдө кургак ыкма менен курчутуу.

47. Азот кычкылын, туз кычкылдыгын жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп, валдарды оюу.

48. Нымдуу ийрилген жиптерди, кездемелерди казандарга кол менен иреттеп салуу жана тандап алуу.

49. Жашиктерди, таңгактарды кол менен кыюулап таңгактоо.

50. Кебез өндүрүшүндө пахта тытуу.

51. Желдеткич орнотмолорун тазалоо.

52. Тытуу аппараттарынын темир щеткалуу гарнитураларын тазалоо жана курчутуу.

53. Жабдууну тазалоо.

54. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

55. Кебез кездемелерге дихлорэтанды сиңдирүү.

56. Чаңдуу чимирикте калдыктарды иштетүү.

57. Кара анилинди колдонуп боёк даярдоо.

58. Кара анилин менен боёлгон кебез кездемелерди кургатуу.

59. Жасалгалоо өндүрүшүндө токуу станогунун эриш оролуучу валын, эриш түзүүчү кичине валдарын, кездемелердин (болотнайлардын) таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

60. Чаңдуу камераларды жана жер төлөөлөрдү тазалоо.

61. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

13. Кендир-жут өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Кыска буланы тазалоо, бошотуу жана аралаштыруу процессин жүргүзүү.

2. Шпагатты, ийрилген жипти түйдөктөө же түрүүчү чыгырыкка түрүү процессин жүргүзүү (3 кг жогору сомдолгон салмакта).

3. Күкүрттү, жез нафтенатын жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган трансформатор майын колдонуп ийрилген жиптерди сиңдирүү процессин жүргүзүү.

4. Аркан машинасынын шпулярниктерине арканды эшүү, чыйратуу жана кураштыруу, ийрилген жип түргүчтөрдү алмаштыруу процессин жүргүзүү.

5. Узун жана кыска буланы тытуу процессин жүргүзүү.

6. Жип өзөгүн баттоо жана эмульсиялоо процессин жүргүзүү.

7. Топону, тарындыны, пырды жана башка калдыктарды кол менен шилеп чыгаруу.

8. Жиптерди экинчи чыйратуу машиналарында жасатуу; аркандарды жана башка буюмдарды аркан ийрүү машиналарында даярдоо.

9. Жумшартуучу, чайкоочу, тытуучу, кендир тытуучу, калдык тазалоочу жана аралаштыруучу машиналарды, чайыр аппараттарын тейлөө.

10. Өнөр жай канализациясын тазалоо.

11. Тарактарды коргошун эритиндиси менен камдоо.

12. Машиналардын жумушчу тетиктеринин матоочу аспаптарын текшерүү.

13. Таңгактарды кол менен кыюулап таңгактоо учурунда булаларды пресстөө.

14. Кол менен жүктөө учурунда калдыктарды пресстөө.

15. Талкалоо жана тытуу үчүн буланын бардык түрүн даярдоо, эмульсияланган буланы лабазга салуу (кол менен).

16. Күкүрт, жез нафтенатын, озокерит, нитрол жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган трансформатор майын колдонуп, коррозияга каршы жана чиритпей турган курамды даярдоо жана кайнатуу.

17. Кальцийлештирилген соданы, парафинди, жегич натрийди жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп, эмульсияны даярдоо жана кайнатуу.

18. Шакарларды, күкүрттүү жана туздуу кычкылдыктарды, жегич натрийлерди жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган батты жана эмульсиялоочу препараттарды даярдоо.

19. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

20. Буланы өтө чаңдуу шарттарда талкалоо, тытуу, славосолду, веретен майын кальцийлештирилген соданы колдонуп буланы эмульсиялоо.

21. Калдыктарды түрлөрү боюнча ажыратуу жана калдыктарды иштетүү.

22. Кальцийлештирилген соданы, парафинди, жегич натрийди, хлораминди жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган препараттарды колдонуп буланы аралаштыруу жана эмульсиялоо.

23. Ийнелүү гарнитура, кырка турган бычактар менен капталган жумушчу органдарды, тытуучу машиналардын бөрктөрүн абразивдик тазалагычтарда жана сүртмөлөрдө кургак ыкма менен курчутуу.

24. Өндүрүш жайларын тазалоо.

25. Желдетүүчү орнотмолорду жана жабдууларды тазалоо.

26. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

27. Чаңдуу чимирикте калдыктарды иштетүү.

28. Жасалгалоо өндүрүшүндө токуу станогунун эриш оролуучу валын, эриш түзүүчү кичине валдарын, кездемелердин (болотнайлардын) таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

29. Чаңдуу камераларды жана жер төлөөлөрдү тазалоо.

14. Жүн өнөр жайы жана жүндү алгачкы иштетүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Жүн кездемелерин басуу.

2. Бошотуп-бириндетүүчү машиналарда жуулбаган жүндү жана калдыктарын бошотуу жана бириндетүү процессин жүргүзүү.

3. Нооту өндүрүшүндө түк чыгаруу процессин жүргүзүү.

4. Ийрилген жипти, кездемелерди, жоолуктарды кол менен салуу жана алып чыгуу аркылуу буулоо процессин жүргүзүү.

5. Жүндү, кездемелерди, өөндөрдү карбондоштуруу процессин жүргүзүү.

6. Жүндү, кездемени, өөндү карбондоштуруу процессин жүргүзүү.

7. Кездемени жана буюмдарды кызытуу процессин жүргүзүү.

8. Ийрилген жиптерди, кездемелерди, болотнайларды, буюмдарды жуу процессин жүргүзүү.

9. Ийрилген жиптерди релаксациялоо жана кайра түрүү процессин жүргүзүү.

10. Жүн жуулган суудагы майды сепарациялоо жана флотациялоо процессин жүргүзүү.

11. Кездемени, болотнайды, буюмдарды кургатуу процессин жүргүзүү.

12. Кездемени термо иштетүү (бышыктоо) процессин жүргүзүү.

13. Кездемелерди, болотнайларды термо турукташтыруу процессин жүргүзүү.

14. Жиптин өзөгүн баттоо жана эмульсиялоо процессин жүргүзүү.

15. Көмөкчү жумушчулар тарабынан аткарылуучу агынды өнөр жай суусунан жүндү тандап алуу, чала иштетилгендерди тандап алуу, өнөр жай канализациясын тазалоо.

16. Тарындыларды, пырларды жана калдыктарды кол менен чогултуп чыгаруу.

17. Нымдуу декатирде жүн кездемелерин декатирлөө.

18. Зыяндуу химиялык заттарды камтыган хлорду, уксус кычкылдыгын, күкүрт кычкылдыгын жана башка препараттарды колдонуп жүн кездемелерин кайнатуу.

19. Химиялык эриткичтерди даярдоо жана боёкторду жасоо.

20. Даярдалган кездемелерди жана буюмдарды гидро пресске жүктөө жана кездемелер менен буюмдарды престөө.

21. Ийне-платина буюмдарын коргошун эритиндиси менен чаптоо.

22. Жүн кездемелерди самындоо.

23. Техникалык нооту жана килем өндүрүшүндө ийне саюучу агрегаттарды ишке даярдоо.

24. Идиштерди, ванналарды, жашиктерди, щеткаларлы, калыптарды боёк кайнаткычтарга салып жуу.

25. Жүндү жуу.

26. Тейлөө:

- тытуучу, калдык тазалоочу, карбондоочу, аралаштыруучу машиналарды;

- ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда иштеген учурда боёчу жабдууларды;

- килем өндүрүшүндө аппретурдук-басма-чаптоочу линияларды.

27. Чийки затты, ийрилген жипти, болотнайды, кездемелерди жана буюмдарды сыгуу.

28. Тарактарды коргошун эритиндиси менен каңдоо.

29. Веретенди текшерүү жана куюу.

30. Машиналардын жумушчу органдарынын матоочу аспаптарын текшерүү.

31. Колго жүктөлгөн калдыктарды пресстөө.

32. Уксус кычкылдыгынын формальдегидин жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп, апретти даярдоо жана кайнатуу.

33. Кычкылдыктарды, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды камтыган препараттарды колдонуп эмульсияны даярдоо жана кайнатуу.

34. Килем өндүрүшүндөгү "Хакоба" эриш машинасында эришти даярдоо.

35. Кычкылдыктарды, полихлорвинилдик спиртти жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп батты жана эмульсиялоочу препараттарды даярдоо.

36. Кампага химиялык зыяндуу заттарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

37. Шыпырындыларды, жуулбаган жүндөрдү, калдыктарды ылгап алуу жана калдыктарды кол менен чогултуу чыгаруу, жуулбаган жүндү сорттоо.

38. Калдыктарды иштетүү.

39. Нооту кездемелеринин бырыштарын ным кезинде жазуу, ийрилген жипти ным кезинде колго созуу.

40. Буланы таңгак түрүндө жеткирип колго кесүү.

41. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган келишимдерди, эпоксид чайырын колдонуп технологиялык жабдыктарды (сыгуучу кичине валдарды) оңдоо жана даярдоо.

42. Буланы лабазга салып жана колго аралаштыруу.

43. Бул бөлүмдүн 2-параграфында көрсөтүлбөгөндөрдөн башка жүктөрдү механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

44. "Савио" фирмасынын машиналарында ийрилген жиптерди жана жиптерди түрүп-тазалоо.

45. Өндүрүш жайларын тазалоо.

46. Тытуу аппараттарынын темир щеткалуу гарнитураларын тазалоо жана курчутуу.

47. Жабдууларды жана желдеткич орнотмолорду тазалоо.

48. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

49. Килем өндүрүшүндө жана техникалык нооту өндүрүшүндө килем түрмөктөрүн, килем буюмдарын жана негиздик кездемелердин түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

50. Жасалгалоо өндүрүшүндө токуу станогунун эриш оролуучу валын (тасма токуу өндүрүшүнөн тышкары), эриш түзүүчү кичине валдарын, кездемелердин (болотнайлардын) таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

51. Чаңдуу камераларды жана жер төлөөлөрдү тазалоо.

52. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

15. Жибек өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Формальдегитди жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп аппреттөө процессин жүргүзүү.

2. Иштетилбеген жибекти нымдоо процессин жүргүзүү.

3. Чыйратылган жибекти кол менен жүктөө-түшүрүү аркылуу буулоо процессин жүргүзүү.

4. Күкүрт кычкылдыгын жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп ачык аппараттарда, машиналарда жана барактарда кездемелерди боё процессин жүргүзүү.

5. Шакарды колдонуп ийрилген жиптерди жана кездемелерди мерсеризациялоо процессин жүргүзүү.

6. Аммиакты, гидросульфатты колдонуп кызытуучу машиналарда кездемелерди кызытуу процессин жүргүзүү.

7. Гипохлорит натрийин жана химиялык зыяндуу заттарды камтыган башка препараттарды колдонуп ийрилген жиптерди, кездемелерди агартуу процессин жүргүзүү.

8. Уксус кычкылдыгын колдонуп кайнатуу процессин жүргүзүү.

9. Талькты колдонуп чайырдуу таралгы жана резина жилка менен формалин, оксидифенил препараты сиңдирилген жиптерди кайтадан түрүү процессин жүргүзүү.

10. Гидросульфитти, уксус кычкылдыгын, бутилацетатты, этилацетатты колдонуп кездемелерге, буюмдарга сүрөт жана түр түшүрүү.

11. Уксус кычкылдыгын колдонуп чийки заттарды, болотнайларды, ийрилген жиптерге, буюмдарды жуу процессин жүргүзүү.

12. Кездемелерди турукташтыруу жана термо иштетүү процессин жүргүзүү.

13. Жай иштетүүчү машиналарда жана агрегаттарда түр түшүрүлгөн кездемелерди термо иштетүү (бышыктоо) процессин жүргүзүү.

14. Аммиакты колдонуп баттоо машиналарында жиптин өзөгүн баттоо жана эмулсиялоо процессин жүргүзүү.

15. Табигый буланын тарандыларын кол менен чыгаруу.

16. Химиялык эритмелерди даярдоо жана боёк жасоо.

17. Кычкылдыктарды, лактарды, фотоэмулсияларды, эпоксид желимин жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп кездемелерге түр түшүрүү үчүн калыптарды даярдоо.

18. Идиштерди, ванналарды, жашиктерди, щеткаларды, калыптарды боёк кайнаткычтарга салып жуу.

19. Көтөргүч чыгырыкты көтөрүп кездемелерди, болотнайларды таптоо.

20. Басым прессинин тишине оюлган валдарды саптоо.

21. Кургатуучу машиналарды тейлөө.

22. Тейлөө:

- тытуучу, калдык тазалоочу, аралаштыруучу машиналарды;

- табигый жибектен жасалган чыт кездемелерин иштеткен учурда токуу станокторунда;

- гиплохлорит натрийин жана химиялык зыяндуу заттарды камтыган башка препараттарды колдонуп иштөөдө агартуучу жабдууларды;

- ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда иштеген учурда боёчу жабдууну;

- мерсеризациялоочу, жай иштетүүчү, буулоочу жана программалоочу машиналарды жана аппараттарды.

23. Сордуруучу машиналарда жана борбордон четтетип бөлгүчтөрдө кездемелерди сыгуу.

24. Веретенди текшерүү жана куюу.

25. Жибек тарандыларын, калдыктарын колго жүктөө учурунда кысмага салып кысуу.

26. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган препараттарды колдонуп аппретти даярдоо жана кайнатуу.

27. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган препараттар менен батты даярдоо.

28. Кампада химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

29. Шыпырындыларды, чийки заттардын калдыктарын ылгап алуу жана чаңдуу камералардан калдыктарды кол менен шилеп чыгаруу.

30. Эпоксиддүү жана бутилфенолформалдегиддүү чайырларды, бензол жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган жабышкактарды колдонуп, техникалык жабдыктарды (сыгуучу кичине валдарды) оңдоо жана даярдоо; кичине валдарды желимдөө.

31. Жасалгалоочу өндүрүш цехтеринде (участокторунда) технологиялык жабдууларды жана электр жабдууларын оңдоо жана жөндөө.

32. Кычкылдыктарды, лактарды, фотоэмульсияны, эпоксид жабышкагын жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп кездемелерге сүрөт түшүрүү үчүн валдарды оюу.

33. Бул бөлүмдүн 2-параграфында жазылгандардан башка жүктөрдү механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

34. Өндүрүш жайларын тазалоо.

35. Нымдуу ийрилген жиптерди, кездемелерди казандарга кол менен иреттеп салуу жана тандап алуу.

36. Жабдууларды жана желдеткич орнотмолорду тазалоо.

37. Ушул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

38. Жасалгалоо өндүрүшүндө токуу станогунун эриш оролуучу валын (тасма токуу өндүрүшүнөн тышкары), эриш түзүүчү кичине валдарын, кездемелердин (болотнайлардын) таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

39. Чаңдуу камераларды жана жер төлөлөрдү тазалоо.

16. Жибек түрүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Иштетилбеген жибек жипти нымдоо процессин жүргүзүү.

2. Аммиакты жана күкүрт суу тегин колдонуп колго жүктөп-түшүрүү аркылуу пиллаларды буулоо процессин жүргүзүү.

3. Пиллалардын калибрин ченөө жана алардын сыртындагы кебездин үзүндүлөрүн алып салуу.

4. Боз кендирди жуу процессин жүргүзүү.

5. Пиллаларды түрүү процессин жүргүзүү.

6. Түрүлгөн пиллалардын калдыктарын кургатуу процессин жүргүзүү.

7. Пилланын калдыктарын кайнатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

8. Боз кендирди сыгуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

9. Кол менен иштеген учурда пиллаларды жүктөө.

10. Кол менен иштеген учурда топонду жүктөө.

11. Бензин менен тазаланган иштетилбеген жибек жиптин түрмөгүн топ-топ кылып бириктирүү.

12. Кол менен иштеген учурда топонду шыкап толтуруу.

13. Пиллаларды борбордоштурулган түрдө буулоо жана калдыктарды кайра иштетүү үчүн пилла түрүүчү станокторду, конвейердик машиналарды тейлөө.

14. Өнөр жай канализациясын тазалоо.

15. Кол менен жүктөгөн учурда калдыктарды престөө.

16. Иштетилбеген жибек жипти механикалык пилла түрүүчү станокторго байлоо.

17. Пилла калдыктарын иштетүү.

18. Пиллаларды аралаштыруу жана сорттоо.

19. Жүктөрдү механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

20. Жабдууларды жана желдеткич орнотмолорду тазалоо.

21. Пиллалардын кабыктарын, ийрилген жиптерин кызытуу ыкмасында тазалоо.

22. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

17. Трикотаж өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Шакар, формальдегид, хлор, уксус кычкылдыгы жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган препараттар менен аппреттөө процессин жүргүзүү.

2. Трикотаж жана текстиль-галантерея буюмдарын басуу процессин жүргүзүү.

3. Кол менен жүктөө жана түшүрүү аркылуу буулоо процессин жүргүзүү.

4. Ачык аппараттарда, машиналарда жана баркаларда боё процессин жүргүзүү.

5. Ийрилген жиптерди жана болотнайларды мерсеризациялоо процессин жүргүзүү.

6. Гиплохлорит натрийин, аммоний сульфатын, натрий бикорбанатын, натрий силикатын колдонуп буюмдарды, ийрилген жиптерди, болотнайларды агартуу процессин жүргүзүү.

7. Трикотаж болотнайына жана кагазга сүрөт жана түр түшүрүү.

8. Ийрилген жиптерди, болотнайларды, буюмдарды жуу жана кайнатуу процессин жүргүзүү.

9. Түккө сиңдирүү процессин жүргүзүү.

10. Ийрилген жипти релаксациялоо жана кайра түрүү процессин жүргүзүү.

11. Талкты жана айнектүү буланын жиптерин колдонуп эластомердүү жиптердин эришин салуу процессин жүргүзүү.

12. Турукташтыруу жана кургатуу процессин жүргүзүү.

13. Жай иштетүүчү аппараттарда болотнайды термо иштетүү процессин жүргүзүү.

14. Кагаздагы сүрөттү трикотаж болотнайына жана буюмдарга термо которуу процессин жүргүзүү.

15. Жиптерди баттоо жана эмульсиялоо процессин жүргүзүү.

16. Калдыктарды жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кол менен чыгаруу, иштетүү жана ылгап алуу.

17. Боёкторду химиялык эриткичтерди жана коюу заттарды даярдоо.

18. Ийне-платина буюмдарын коргошун эритиндиси менен чаптоо.

19. Кычкылдыктарды, лактарды, фотоэмульсияларды, эпоксид желимин жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп кездемелерге сүрөт түшүрүү үчүн калыптарды даярдоо жана валдарды оюу.

20. Идиштерди, сыйымдуу челектерди, ванналарды, жашиктерди, щеткаларды жана калыптарды боёк кайнаткычтарда жуу.

21. Көтөргүч чыгырыкты көтөрүп кездемелерди, болотнайларды таптоо.

22. Өндүрүштүк жайларды шыпыруу.

23. Гиплохлорит натрийин, аммиакты, пергидролду, натрий силикатын, күкүрт кычкылдыгын, аммоний сульфатын жана башка химиялык зыяндуу заттарды камтыган препараттарды колдонуп тытуучу машиналарды; агартуучу жабдууларды; ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда; мерсеризациялоочу, жай иштетүүчү, буулоочу машиналарда жана аппараттарда иштеген учурда боёочу жабдууларды тейлөө.

24. Чийки затты, ийрилген жиптерди, болотнайларды сыгуу.

25. Өнөр жай каналдаштырууларын тазалоо.

26. Кол менен жүктөөдө калдыктарды, кайра пайдаланылуучу чийки затты пресстөө.

27. Боёк даярдоо. Шакарларды, стиролду, формальдегидди, кычкылдыктарды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп эмульсияларды жана аппреттердин түрлөрүн даярдоо жана кайнатуу.

28. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

29. Толуол, эпоксид чайырын камтыган желимдерди колдонуп технологиялык жабдыктарды оңдоо жана даярдоо; кичине валдарды желимдөө.

30. Жасалгалоочу өндүрүш цехтеринде (участокторунда) технологиялык жабдууларды жана электр жабдууларын оңдоо жана жөндөө.

31. Нымдуу товарды кол менен казанга салуу.

32. Жашиктерди, таңгактарды кол менен кыюулап таңгактоо.

33. Болотнайдын трикотаждык буюмдарын калыптандыруу жана жылуу-нымдуу иштетүү.

34. Желдеткич орнотмолорду жана жабдууларды тазалоо.

35. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

36. Чаңдуу камераларды жана жер төлөлөрдү тазалоо.

37. Жасалгалоо өндүрүшүндө болотнайлардын таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада тазалоо.

18. Галантерея өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Аммиакты, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп препараттарды баттоо жана эмульсиялоочу препараттарды кайнатуу.

2. Формальдегид, хлор жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп аппреттөө процессин жүргүзүү.

3. Кол менен жүктөп-түшүрүп буулоо процессин жүргүзүү; дибутилфталатты колдонуп буюмдарды буулоо жана кысмага салып кысуу.

4. Талькты колдонуп жиптерди тордоо процессин жүргүзүү.

5. Калдыктарды кол менен чыгаруу, ылгап алуу жана иштетүү.

6. Гардина-түйүү машинасынын шпулярниктериндеги иштетилген түргүчтөрдү алмаштыруу.

7. Көтөргүч чыгырыкты көтөрүп кездемелерди (болотнайларды) таптоо.

8. Өндүрүштүк жайларды шыпыруу.

9. Кол менен жүктөгөн учурда калдыктарды престөө.

10. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

11. Толуол, эпоксид чайырын камтыган желимдерди колдонуп технологиялык жабдыктарды оңдоо жана даярдоо; кичине валдарды желимдөө.

12. Жасалгалоочу өндүрүш цехтеринде (участокторунда) технологиялык жабдууларды жана электр жабдууларын оңдоо жана жөндөө.

13. Жүктөрдү механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

14. Жабдууларды жана желдеткич орнотмолорду тазалоо.

15. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

 § 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

16. Чаңдуу камераларды жана жер төлөлөрдү тазалоо.

19. Токулбаган материалдар өнөр жайы

 § 1. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган препараттарды пайдаланып токулбаган болотнайларды аппреттөө процессин жүргүзүү.

2. Токулбаган болотнайларды түктөө процессин жүргүзүү.

3. Токулбаган материалдарды түймө-сайма жана ийне жабдууларында иштетүү процессин жүргүзүү.

4. Буланы колго жүктөп-түшүрүү учурундагы буулоо процесси.

5. Ачык аппараттарда, машиналарда жана баркаларда токулбаган болотнайды боё процессин жүргүзүү.

6. Химиялык зыяндуу заттарды (поливинилдүү спирт, поливинилацетаттуу жана поливинилхлориддүү эмульсия, латекс СКН-40, анилин, формальдегид, акрилонитрил жана башка) камтыган препараттарды колдонуп жабышкактуу агрегаттардагы процесстерди жүргүзүү.

7. Химиялык зыяндуу заттарды колдонуп токулбаган болотнайды агартуу процессин жүргүзүү.

8. Бошотуп-бириндетүүчү машиналарда жуулбаган жүндү жана калдыктары бошотуу жана бириндетүү процессин жүргүзүү.

9. Токулбаган болотнайларды кургатуу процессин жүргүзүү.

10. Токулбаган болотнайларды термо бириктирүү процессин жүргүзүү.

11. Термо чөктүрүү камерасында буланын негизин чөктүрүү процессин жүргүзүү.

12. Кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кайра иштетүү учурунда тытуучу машиналарда технологиялык процессти жүргүзүү.

13. Тарандыны, топонду жана башка калдыктарды кол менен шилеп чыгаруу.

14. Химиялык эриткичтерди даярдоо жана боёк жасоо.

15. Ийне-платина буюмдарын коргошун эритиндиси менен чаптоо.

16. Кычкылдыктарды, лактарды, фотоэмульсияларды, эпоксид жабышкагын жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп кездемелерге сүрөт түшүрүү үчүн калыптарды даярдоо жана валдарды оюу.

17. Өндүрүштүк жайларды шыпыруу.

18. Тейлөө:

- ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда иштеген учурда боёочу жабдууну;

- гиплохлорит натрийин жана химиялык зыяндуу заттарды камтыган башка препараттарды колдонуп иштегенде агартуучу жабдууларды;

- тытуучу, калдык тазалоочу, аралаштыруучу машиналарды.

19. Машиналардын жумушчу органдарынын матоочу аспаптарын текшерүү.

20. Колго жүктөлгөн калдыктарды престөө.

21. Кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды колдонуп, эмульсия даярдоо.

22. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

23. Чийки заттарды, калдыктарды иштетүү.

24. Жасалгалоочу өндүрүш цехтеринде (участокторунда) технологиялык жабдууларды жана электр жабдууларын оңдоо жана жөндөө.

25. Буланы колго аралаштыруу.

26. Темир щеткалуу гарнитураларды, кыркын бычактарын, бөрктөрдү абразивдик тазалагычтардын жана болотнайдын жардамы менен кургак ыкма менен курчутуу.

27. Бул бөлүмдүн 2-параграфында жазылгандардан башка жүктөрдү механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

28. Жабдууларды жана желдеткич орнотмолорду тазалоо.

29. Тытуу аппараттарынын темир щеткалуу гарнитураларын тазалап-курчутуу.

30. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

31. Жасалгалоо өндүрүшүндө эриш түзүүчү кичине валдарын, кездемелердин (болотнайлардын) таңгактарын, түрмөктөрүн механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

32. Чаңдуу камераларды жана жер төлөлөрдү тазалоо.

20. Кийиз басуу өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Ичиктин өөнүн кайнатуу.

2. Формальдегидди, кычкылдыкты, шакарды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп аппреттөө процессин жүргүзүү.

3. Чокой жана кийизден тышкары кийиз буюмдарын басуу.

4. Кийизден жасалган буюмдарды түктөө процессин жүргүзүү.

5. Кол менен жүктөө жана түшүрүү аркылуу буулоо процессин жүргүзүү.

6. Жүндү жана кыйыкты карбондоштуруу процессин жүргүзүү.

7. Кийиз буюмдарын кычкылдоо процессин жүргүзүү.

8. Кийизден жасалган баш кийимдерди жуу процессин жүргүзүү.

9. Бошотуп-бириндетүү машиналарында жуулбаган жүндү жана калдыктарды бошотуу жана бириндетүү процессин жүргүзүү.

10. Кийизден жасалган буюмдары кургатуу процессин жүргүзүү.

11. Топонду, тарандыны жана калдыктарды кол менен шилеп чыгаруу.

12. Фетр баш кийимдерин жана кийиздерди декатирлөө.

13. Таптоо машиналарда кийизден жасалган буюмдарды жана ысык плиталуу машиналарда кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кайра иштеткен учурда курулуш кийиздерин даярдоо.

14. Чокойлордун негизин даярдоо, ным кезинде баш кийимдердин негизин чечип алуу.

15. Жүндү жана терилерди жуу.

16. Өндүрүштүк жайларды шыпыруу.

17. Фетр баш кийимдерин конуска отургузуу.

18. Тейлөө:

- ачык аппараттарда, машиналарда, баркаларда иштеген учурда боёчу жабдууну;

- тытуучу, калдык тазалоочу, карбондоочу, аралаштыруучу машиналарды.

19. Өнөр жай каналдаштыруусун тазалоо.

20. Кийизден жасалган буюмдарды ным кезинде кысмага салып кысуу.

21. Формальдегидди, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп аппретти даярдоо жана колдонуу.

22. Кампага химиялык материалдарды (боёкторду, кычкылдыктарды, шакарларды жана башка зыяндуу химиялык заттарды) кабыл алуу жана ташуу.

23. Жуулбаган жүндү, терилерди, калдыктарды ылгап алуу, калдыктарды кол менен шилеп чыгаруу, терилерди ылгоо.

24. Кийиз айлантмаларын түздөө.

25. Буланы кол менен аралаштыруу.

26. Жуулбаган жүндү смескте 50%дан жогору деңгээлде кармап буланы аралаштыруу.

27. Кийизден жасалган буюмдардын түгүн жарым автоматтардан чечип алуу.

28. Жашиктерди, түрмөктөрдү жана таңгактарды кол менен кыюулап таңгактоо.

29. Баш кийимдерди кол менен формага салуу.

30. Вентиляциялык орнотмолорду жана жабдууларды тазалоо.

31. Тытуу аппараттарынын темир щеткалуу гарнитураларын тазалоо жана курчутуу.

32. Терилерди жана басылган бут кийимдерди кол менен тазалоо.

33. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

34. Кийиздерди жана чокойлорду басуу процессин жүргүзүү.

35. Басылган бут кийимди калыпка саюу.

36. Кийиздерди жуу.

37. Басылган бут кийимди калыптан кол менен чечип алуу.

38. Кийизден жасалган бут кийимдердин түктөрүн тазалоочу станоктордон алып салуу.

39. Таңгактарды механикалаштырылбаган ыкмада ташуу.

40. Чаңдуу камераларды жана жер төлөлөрдү тазалоо.

41. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

21. Тигүү өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Тигилген буюмдарды салмагы 6 кг ашкан үтүк менен жылуулай нымдуу үтүктөө.

2. Аянты 50 кв.м ашкан чатырларды, ангарларды, барактарды жана брезенттерди даярдоо.

3. Жасалма териден, айнектүү кебезден, айнектүү буладан жана асбест кездемесинен тигилүүчү буюмдарды даярдоо.

4. Резиналанган жана тальк менен упаланган тигилүүчү буюмдарды, ошондой эле өзүнчө кездемелерден атайын кийимдерди даярдоо.

5. Кепкаларды, фуражкаларды, кулакчындуу тумактарды, пальто-костюм ассортиментиндеги тигилүүчү буюмдарды жылуулай-нымдуу эң акыркы иштетүү.

6. Кездемелерге химиялык эриткичтерди сиңирип, буюмдарды плиссирлөө жана гофрирлөө.

7. Ватинди бычууга даярдоо, бычуу жана иштетүү.

8. ЖЖА орнотмолорунда тигүү буюмдарын ширетүү.

9. Машиналарды жана механизмдерди колдонбостон түрдүү өндүрүштүк жүктөрдү колго ташуу.

10. Даяр буюмдарды колго тизүү-таңгактоо.

11. Фетр шляпаларын формага салуу.

12. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

22. Бут кийим өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана буюмдарды кургатуучу камераларда кургатуу процессин жүргүзүү.

2. Ранто тигүүчү жана доппелдик машиналарда бут кийимдердин бөлүктөрүн жана таш тамандарды пайдаланып бут кийимди жыйноо операцияларын аткаруу.

3. Материалдарды механикалаштырылбаган ыкмада ташуу иштерин аткаруу.

4. Катуу булгаары товарлардан жана аларды алмаштыргычтардан бөлүктөрдү кесүү.

5. Абразивдик тазалагыч менен иштөөгө жазы бычактарды, кыргыларды жана башка аспаптарды кургак ыкмада курчутуу.

6. Чоюу машиналарында термо эритинди менен бут кийим чоюу.

7. Юфт өтүктөрүн, кыска өтүктөрдү жана жумушчу бут кийимдерин-тигүү цехтеринде даярдоо.

8. Органикалык эриткичтерде жана башка химиялык зыяндуу заттар менен даярдалган боёкторду (аппретти) жана лактарды түшүрүү.

9. Бут кийимдерди абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада иштетүү.

10.Тамандардын жана такалардын кырларын ысык ыкмада сайкалдоо.

11. Бензин жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп бут кийимдердин бөлүктөрүн жуу.

12. Концентрацияланган күкүрт кычкылдыгын, хлордуу темирди жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп таш тамандарды иштетүү.

13. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган каучукту, латексти жана башка желимдерди жана эриткичтерди колдонгон жумуштар.

14. Желимдүү тасманы термостатта ысытуу.

15. Булгаарыны, жасалма булгаарыны, тасма материалдарды пресске салып катардагы жана моделдик бут кийимдерди бычуу, булгаарыны моделдик бут кийимдердин бөлүктөрү үчүн колго бычуу.

16. Жасалма терилерден жасалган бут кийимдердин бөлүктөрүн бычуу, иштетүү жана жыйноо.

17. Бут кийимдерди куюу ыкмасында, ысык желимдөө ыкмасында бекитүү.

18. ЖЖА орнотмолорунда ширетүү.

19. Өтүктөрдү жана жумушчу бут кийимдерди чоюу калыптарынан кол менен алуу.

20. Катуу булгаарыларды сорттоо.

21. Органикалык эриткичтерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды (бутилацетат, этилацетат, дибутилфталат, бензин, ацетон ж.б.у.с.) колдонуп аппретураларды, эмулсияларды жана лактарды даярдоо.

22. Бөлүктөргө ысык ыкмада кол менен наар түшүрүү.

23. Оордукту көтөрүү жана аралаштыруу менен байланышкан даяр өндүрүмдү иреттеп тизүү жана таңгактоо.

24. "Анклепф" машинасында узунун жана энин формага салуу; сомдоолордун жана булгаары бут кийимдин бөлүктөрүн нитро сыр же акрилдүү эмульсия (бутилацетат, толуол ж.б.у.с). жабылган бетин ысык ыкмада формага салуу.

25. Бут кийимди фрезирлөө.

26. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

23. Булгаары жана иштетилбеген тери өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Булгаарыларды түрдүү аппретураларда (эмульсиялар, тегиздегичтерди, жалтыратуулар, бекиткичтер, түссүз лактар ж.б.у.с.) нитро сырларды, органикалык эриткичтерди (бутилацетат, этилацетат, дибутилфталат ж.б.у.с.), полимерлерди (полиакрилат, полиуретан ж.б.у.с.) жана башка химиялык заттарды колдонуп аппреттөө.

2. Каптыргаларды жана техникалык булгаарыны бышыктоо процессин жүргүзүү.

3. Жумушчу эриткичтерди рекуперациялоо процессин жүргүзүү.

4. Булгаарыны, жүндү, кылды жана чачты кургатуу процессин жүргүзүү.

5. Тери желимин кайнатуунун (даярдоонун) технологиялык процессин жүргүзүү.

6. Органикалык эриткичтерди (бутилацетат, этилацетат, изобутилацетат ж.б.у.с.) жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп булгаарынын атайын лактарын кайнатуунун (даярдоонун) технологиялык процессин жүргүзүү.

7. Өндүрүштүк калдыктардын чийки майын бөлүп салуунун жана кайнатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

8. Майда-барат чийки заттарды иштетүүнүн, пикелдөөнүн, хромдоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

9. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө жыдытылган ири чийки заттарды, иштетүүнүн, пикелдөөнүн хромдоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

10. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө көлөмдүү булгаарыларды майлоонун, толтуруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

11. Чакан булгаарыларды майлоонун, толтуруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

12. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө ири чийки заттарды күл менен ашатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

13. Чийки заттарды жана тери челин күл менен ашатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

14. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө көлөмдүү булгаарыларды боёонун, нейтралдаштыруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

15. Чакан булгаарыларды боёонун, найтралдаштыруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

16. Иштетилбеген терилердин жана аң терилерин, жарым фабрикаттардын жана өндүрүштүк калдыктардын майын алып салуу технологиялык процессин жүргүзүү.

17. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө жыдытылган чоң терилердин күлүн тазалоо, жумшартуу технологиялык процессин жүргүзүү.

18. Жыдытылган чакан терилердин күлүн тазалоо, жумшартуу технологиялык процессин жүргүзүү.

19. Майда терилерди жибитүү, суулоо жана жуу технологиялык процессин жүргүзүү.

20. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө иштетиле элек көлөмдүү булгаарыны жибитүү, суулоо жана жуу технологиялык процессин жүргүзүү.

21. Өсүмдүк жана синтетикалык ашатуу заттарын кайнатуу аркылуу ашатуу экстракттарын даярдоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

22. Тери челин, жүндү, жоон кылдарды жуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

23. Булгаарыны ийлөө жана топ-топ кылып бөлүүнүн технологиялык процессин жүргүзүү.

24. Майда терилерди-аң терилерди жана алардын жарым фабрикаттарынын сүрүп тазалоо жумуштарын аткаруу.

25. Чийки заттар, жибитүү-күл менен ашатуу, ийлөө-боёо майлоо жана жасалгалоо цехтеринен жана участокторунан иштетилбеген майда чылгый терилерди, жыдытылган терилерди, жарым фабрикаттарды, химиялык материалдарды жана өндүрүштүк калдыктарды кол менен, же кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

26. Иштетилбеген майда чылгый тери-аң терилерин жана жыдытылган терилерди салуу.

27. Иштетилбеген терилерди, жүндү, түктү, ошондой эле жибитүү-күл менен ашатуу жана ийлөө-боёо цехтериндеги жумушкерлердин атайын кийимдерин дезинфекциялоо.

28. Иштетилбеген терилерди жана катуу булгаарыны өлчөө.

29. Майда чийки заттарды комплектөө.

30. Жибитүү-күл менен ашатуу, ийлөө-боёо жана майлоо цехтеринде жарым фабрикаттарды жана таарындыларды комплекттөө.

31. Майда терилерди-аң терилерин жана тери челин консервациялоо.

32. Органикалык эриткичтерди (бутилацетат, этилацетат, дибутилфталат, циклогексанон), полиуретан тасмаларын жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп даярдалган атайын лактар менен булгаарыны лактоо.

33. Терини көтөрүп майда терилерге жана жыдытылган териге белги салып маркировкалоо.

34. Майда чылгый терилердин жана жыдытылган терилердин челин тазалоо.

35. Кычкылдыктарды, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп тараларды жуу.

36. Түктү бириктирүүчү аралашма менен иштетилбеген чакан чылгый терилерди иштетүү (майлоо).

37. Майда чылгый терилерди иштетүү (жүндү жана жоон кылдарды бириктирүү).

38. Катуу булгаарыларды жана жарым фабрикаттарды ным кезинде кесүү.

39. Майда чийки заттарды жана жыдытылган терилерди - кесүү.

40. Бактериологиялык анализдөө үчүн (Аскол боюнча) текшериле элек терилерди сыноого тандап алуу.

41. Чакан булгаары жарым фабрикатын пресстерге жана сыгуучу машинага, жүндү борбордон четтетип бөлгүчтөргө салып сыгуу.

42. Булгаарыга нитро жапкычтар менен пресстөө аркылуу сайма (кесинди) түшүрүү.

43.Терилерди, жарым фабрикаттарды, даяр булгаарыларды, жүндү жана жоон кылдарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү.

44. Өткөрмө таптагычтарда катуу булгаарыларды прокаттоо.

45. Майда булгаарыны керип илүү.

46. Жыдытылган терилерди, жарым фабрикаттарды жана булгаарыларды эки катмарларга бөлүү.

47. Терисин жана кой терисин алкакка керүү.

48. Терилерди керүү, ийлөө.

49. Чийки заттар, жибитүү-күлгө ашатуу, ийлөө-боёо, майлоо жасалгалоо цехтеринин жана участокторунун өзүндө жабдууларды оңдоо, жөндөө жана тейлөө.

50. Катуу булгаарыны жана майда терилерди-аң терилерди сорттоо.

51. Ийлөө-боёо жана майлоо цехтеринде жана участокторунда чылгый тери жарым фабрикаттарын сорттоо. Жүндү, кылды жана чачты сорттоо.

52. Органикалык эриткичтерди колдонуп аппретураларды, эмулсияларды жана лактарды жасоо (даярдоо).

53. Колер жасоо. Тегиздөөчүлөрдү, аппретураларды, жалтыраткычтарды, органикалык эриткичтердин жана кошулмалардын аралашмаларын, нитро эмалдын, казеиндүү, акрилдүү жана башка жабуучу сырлардын эритмелерин даярдоо.

54. Химиялык эриткичтерди даярдоо.

55. Булгаарыны жумшартуу.

56. Майда чийки затты жана даяр булгаарыны, жоон кылдарды, кылдарды түктөргө, жашиктерге, таңгактарга салуу жана таңгактоо.

57. Чийки зат, жибитүү-күлгө ашатуу, ийлөө-боёо жана майлоо жана жасалгалоо цехтеринде жана участокторунда көтөрүүчү крандарды, тельферлерди, жүктөгүчтөрдү жана башка жүктөп-түшүрүүчү механизмдерди башкаруу.

58. Аппараттарды, тундургучтарды жана канализацияларды тазалоо.

59. Жыдытылган майда терини тазалоо.

60. Булгаарыларды абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада жылмалоо.

61. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

62. Хромдуу экстракттарды даярдоонун техникалык процессин жүргүзүү.

63. Колго жүктөп-түшүрүү учурунда жыдытылган чоң терилерди ийлөөнүн, пикелдөөнүн, хромдоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

64. Колго жүктөп-түшүрүү учурунда чоң терилерди майлоонун, толтуруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

65. Колго жүктөп-түшүрүү учурунда ири чийки заттарды күл менен ашатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

66. Механикалаштырылган жүктөп-түшүрүүдө чоң терилерди боёонун, нейтралдаштыруунун технологиялык процессин жүргүзүү.

67. Жыдытылган чоң терилердин күлүн тазалоо, жумшартуу технологиялык процессин жүргүзүү.

68. Көлөмдүү чийки заттарды жибитүү, суулоо жана жуу технологиялык процессин жүргүзүү.

69. Иштетилбеген чоң тери-аң терилерин жана алардын жарым фабрикаттарын сүрүү жумуштарын аткаруу.

70. Жибитүү-күл менен ашатуу, ийлөө-боёо жана майлоо цехтеринен жана участокторунан, иштетилбеген чылгый терилерди өндүрүү цехтеринен ири чийки заттарды, жыдытылган терилерди, жарым фабрикаттарды кол менен, же кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

71. Чоң тери-аң терилерин жана жыдытылган терилерди салуу.

72. Чоң терилерди комплекттөө.

73. Чоң чийки заттарды консервациялоо.

74. Терилерди көтөрүп чоң терилерге жана жыдытылган терилерге белги салып маркировкалоо.

75. Чоң чийки затты жана жыдытылган терилердин челин тазалоо.

76. Түктөрдү бириктирүүчү аралашма менен ири чийки затты иштетүү (майлоо).

77. Ири чийки затты иштетүү (жүндү жана жоон кылдарды бириктирүү).

78. Ири чийки затты жана жыдытылган терилерди кийгизүү-кесүү.

79. Көлөмдүү чийки заттын булгаары жарым фабрикатын пресстерге жана сыгуучу машиналарга салып кысуу.

80. Катуу булгаарыларды өткөргүчү жок машиналарда прокаттоо.

81. Чоң терилерди керип илүү.

82. Жарым фабрикаттарды, жыдытылган терилерди, чийки заттарды бычуу (крупондоо).

83. Ири чийки тери затты сорттоо.

84. Чоң чийки тери затты жана даяр булгаарыны, жоон кылдарды, кылдарды түктөргө, жашиктерге, таңгактарга салуу жана таңгактоо.

85. Жыдытылган чоң теринин өң жагын тазалоо.

86. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

24. Аң тери өнөр жайы

24.1. Аң тери өнөр жайынын боёо өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Ичик жана аң тери өөндөрүн жана башка өндүрүштүк калдыктарды кайнатуу.

2. Аң терилерин жана жүндү кургатуу процессин жүргүзүү.

3. Тери желимин кайнатуунун (даярдоонун) технологиялык процессин жүргүзүү.

4. Өндүрүштүк калдыктардын чийки майын алып салуу жана кайнатуунун технологиялык процессин жүргүзүү.

5. Аң терилерин бензин жана башка органикалык эриткичтер (перхлорэтилен, трихлорэтилен ж.б.у.с.) менен майсыз тазалоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

6. Технологиялык процесстерди жүргүзүү: ачытуу, никелдөө, ийлөө, нейтралдаштыруу жана аң терини жуу.

7. Аң терини ийлөө жана сорттоонун технологиялык процессин жүргүзүү.

8. Иштетилбеген аң терилерди жана жарым фабрикаттарды кырып тазалоо жумуштарын аткаруу.

9. Чийки заттар, ийлөө-боёо, майлоо жана формалиндөө цехтеринен жана участокторунан иштетилбеген аң терилердин жарым фабрикаттарын, химикаттарды, материалдарды жана өндүрүштүк калдыктарды кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып же кол менен ташуу жумуштарын аткаруу.

10. Аң терилердин жана бычма өөндөрдүн түгүн таптоо.

11. Ичиктик жана кой терисинин чоңдугун жана калыңдыгын өлчөө.

12. Кой терилерин комплектөө.

13. Иштетилбеген аң терилерди консервациялоо.

14. Аң терилерин машиналарга, аппараттарга салып же кол менен боёо.

15. Аң терилердин челин тазалоо.

16. Кычкылдыктарды, шакарларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды тарага салып жуу.

17. Органикалык эриткичтерди колдонуп аң терилердин беттерин аппретура (эмульсия, тегиздөөчү, жалтырак, бекитүүчү, түссүз лак) менен боёо (аппреттөө) жана лактоо.

18. Аң терилерди терисине же түгүнө пикелдөөчү, ийлөөчү, люстрлоочу, формалиндөөчү, майлоочу жана башка химиялык эриткичтерди жабуу жолу менен иштетүү.

19. Аң терилерин сууга салып жибитүү-суулоо.

20. Аң терилерин ашыкча суусун сыгып салуу.

21. Аң терилеринин түктүү бетине рельефтүү сүрөттү кааруу, катуу түктөрүн алып салуу, кой терисин пресске салып каракүл көрпөсүнө окшотуу, бөлүү-бошотуу, түктөрдү тегиздөө-кесүү.

22. Аң терилерин барабандарга салып тегеретип-ийлөө.

23.Чийки заттарды кийгизүү-кесүү, аң терилерди сөгүү (кесүү).

24. Алкактарды кол менен кургаткычтарга салып аң терилерди жана бычмаларды алкактарда түздөө (керүү).

25. Жүндөрдү жана калдыктарды түктөргө жана таңгактарга престөө.

26. Аң терилерин түздөн-түз өндүрүштө кабыл алуу жана өткөрүп берүү.

27. Чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды жуу.

28. Тери челин жана түктөрдү жуу.

29. Аң терилерин керүү (бырыштарын жазуу).

30. Найрит желимин жана органикалык эриткичтерди колдонгон жумуштар.

31. Аң терилерин булгары катмарларына ажыратуу-экиге бөлүү.

32. Аң терилерин таңгактарга жана түктөргө кол менен бөлүштүрүү.

33. Аң терилерин түктөрүн тароо.

34. Терилерди жана кой терилерин керүү.

35. Чийки заттар, ийлөө-боёо жана формалиндөө цехтеринин жана участокторунун өзүндө жабдууларды оңдоо, жөндөө жана тейлөө.

36. Жүндү сорттоо.

37. Терилерди-аң терилерин сорттоо.

38. Химиялык эриткичтерди жасоо.

39. Органикалык эриткич боёкторун жана эмульсияларын колдонуп аң тери жарым фабрикаттарын жумшартуу.

40. Чийки заттарды таңгактарга, түктөргө, жашиктерге салуу жана таңгактоо.

41. Чийки заттар, ийлөө-боёо жана формалиндөө цехтеринде жана участокторунда көтөрүүчү крандарды, тельферлерди, жүктөгүчтөрдү жана башка жүктөп-түшүрүүчү механизмдерди башкаруу.

42. Аң терилерин түктүү жана айрым булгарлуу участокторун тазалоо жана майынан ажыратуу.

43. Аң терилерин ийлөө машиналары же кол менен тазалоо.

44. Аппараттарды, тундургучтарды жана канализацияларды тазалоо.

45. Аң теринин булгаарысын абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада жылмалоо.

46. Аң терилерин эпиляциялоо.

47. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

24.2. Аң терисин иштетүү-тигүү өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

48. Баш кийимдерди (тумактарды) жылуу-нымдуу иштетүү (формага келтирүү).

49. Аң терилерин жана буюмдардын бычмаларынын түгүн люстрлагандан, формалин, кумурска, монохлоруксустуу, күкүрттүү жана уксус кычкылдыгынын негизиндеги кычкылдык-спирттик эриткичтер жана башка химиялык зыяндуу заттар менен иштеткенден кийин таптоо.

50. Аң тери буюмдарын салмагы 6 кг үтүк менен үтүктөө.

51. Органикалык эриткичтерди колдонуп аң тери бычмаларынын же пластиналардын бөлүктөрүн кайталоо.

52. Анилин жана урзол менен боёлгон жасалма терилерден жана аң терилерден жасалган буюмдарды даярдоо.

53. Анилинди жана урзолду колдонуп аң терилердин, пластиналардын, бычмалардын түктөрүн боё (салуу).

54. Түктөрүн жоюу менен (кыруу) бычманын жана өөндүн бөлүктөрүн иштетүү.

55. Органикалык эриткичтерди (ацетонду, скипидарды ж.б.у.с.) колдонуп аң тери буюмдарынын тери жагын аппретура менен (эмульсия, тегиздөөчү, жалтырак, бекитүүчү, түссүз лак, нитро сыр ж.б.у.с.) боёо (аппреттөө).

56. Чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана өндүрүштүк калдыктарды колго жана арабаларга, вагонеткаларга жана башка транспорттук каражаттарга салып ташуу.

57. Алкактарды кургаткычтарга кол менен салып аң терилерди, буюмдардын пластиналарын жана бычмаларын алкактарда түздөө (керүү).

58. Анилин жана урзол менен боёлгон жасалма аң терилерин жана буюмдардын бөлүктөрүн жумшартуу.

59. Даяр өндүрүмдү иреттеп тизүү жана таңгактоо.

60. Анилин жана урзол менен боёлгон аң терилерин жана буюмдарды тазалоо.

61. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

§ 2. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

62. Хромдуу экстракттарды даярдоонун техникалык процессин жүргүзүү.

63. Кара анилин менен боёлгон аң терилерин кургатуу процессин жүргүзүү.

64. Кара анилин менен боёлгон аң терилеринин түгүн боёо.

65. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

25. Ийлөө-экстракт өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Конденсациялоонун(*), нейтралдаштыруунун(*) технологиялык процессин жүргүзүү.

2. Суюк өндүрүмдү алуу үчүн буу аппараттарында буулоо технологиялык процессин жүргүзүү(*).

3. Катуу өндүрүмдү алуу үчүн буу аппараттарында буулоо технологиялык процессин жүргүзүү(*)

4. Нафталинди жана фенолдорду эритүүнүн технологиялык процессин жүргүзүү.

5. Эмендин экстрактынын суусун сыгып салуу технологиялык процессин жүргүзүү.

6. Сульфитациялоо(*), сульфирлөө(*) технологиялык процессин жүргүзүү.

7. Танниддерди экстрагдоонун технологиялык процессин жүргүзүү; диффуззорлорду жүктөө жана түшүрүү(*).

8. Ийлөө-экстракт өндүрүшүндө чийки заттарды, химикаттарды, даяр өндүрүмдөрдү жана башка материалдарды кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына же вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

9. Ийлөө-экстракт чийки затын тартуу (майдалоо).

10. Химиялык чийки заттарды аппаратка жүктөө (түшүрүү).

11. Кесүүчү машинанын тиштерин абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада курчутуу.

12. Өсүмдүктөн алынган ийлөө заттары өндүрүшүндө чийки затты кабыл алуу жана өткөрүп берүү.

13. Суюк экстрактты куюштуруу.

14. Чийки заттарды сорттоо.

15. Ийлөөчүлөрдү тизүү жана таңгактоо.

16. Ийлөө-экстракт чийки заттарын алгачкы иштетүү цехтеринде жана өсүмдүк жана синтетикалык ийлөө экстракттары өндүрүшүндө көтөрүүчү крандарды, тельферлерди, жүктөгүчтөрдү жана башка жүктөп-түшүрүүчү механизмдерди башкаруу.

17. Буулоо аппараттарын, шире топтогучтарды, бассейндерди тазалоо.

18. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

____________________________

(*) Аралыктан башкаруу жабдууларын тейлеген аппаратчыларга эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштар үчүн кошумча төлөм белгиленбейт.

26. Ат жабдыктарынын өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Ат жабдыктарын камералуу кургаткычтарда кургатуу процессин жүргүзүү.

2. Ат жабдыктарын сүрүп-жылмалоо иштерин аткаруу.

3. Жарым фабрикаттарды, материалдарды жана даяр өндүрүмдөрдү кол менен, же кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

4. Катуу булгаары жана аларды алмаштыруучу буюмдардын бөлүктөрүн даярдоо.

5. Ат жабдыктардын түйүндөрүн байлоо, ат жабдыктарды-кайыш сызмаларды, верчанкаларды, каамытты, каамыт жаздыкчасын, булгаары жана жасалма булгаары менен каптоо, чегилүүчү араба ээринин жана ээрдин арткы актасынын жаздыкчасын, ээрдин астыңкы актасын кол менен иштетүү.

6. Ат жабдыктарын даярдоо; араба ээринин каамыт жаздыкчасын жана кийиз жаздыкчасын.

7. Аянты 50 кв.м ашкан чатырларды, ангарларды, барактарды жана бунт брезенттерин даярдоо.

8. Ээрдин астыңкы актасынын жана жүк арта салмалардын жаздыкчаларын кийгизүү.

9. Чатыр жана плащ кездемелерин, парусинаны, тент материалдарын белгиленген узундугу боюнча кол менен жаюу жана бычуу.

10. Органикалык эриткичтер жана башка химиялык зыяндуу заттарды камтыган (бутилацетат, ацетон ж.б.у.с.) боёктор жана лактар менен буюмдарды (бөлүктөрдү) жасалгалоо (боёо, аппреттөө, лактоо).

11. Кайыш боолорду кол менен бекитүү.

12. Булгаарыны ийлөө.

13. Кийизди колго бычуу.

14. Булгаарыны жана жасалма булгаарыны ат жабдыктарынын белен бөлүктөрүнө салып бычуу.

15. Органикалык эриткичтерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды (бензол, хлорлуу суутеги ж.б.у.с.) камтыган желимди колдонуп бөлүктөрдү жана буюмдарды кураштыруу.

16. Органикалык эриткичтерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды (циклогексанон, диметилфталат, ацетон ж.б.у.с.) колдонуп аппретураларды, эмульсияларды, лактарды даярдоо.

17. Оордукту көтөрүү жана которуу менен байланышкан даяр өндүрүмдү иреттеп тизүү жана таңгактоо.

18. Каамытты, каамыт жаздыкчасын, ээрлерди жана башка буюмдарды ысытуу аркылуу матрицалар же кол менен формага салуу.

19. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

27. Булгаары галантерея өнөр жайы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Жарым фабрикаттарды жана буюмдарды камералуу кургаткычтарда кургатуу процессин жүргүзүү.

2. Жарым фабрикаттарды, материалдарды жана даяр өндүрүмдөрдү кол менен, же кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

3. Катуу булгаары товарларынан жана алардын жасалмаларынан бөлүктөрдү кесип алуу.

4. Абразивдик тазалагычта иштеген учурда жазы бычактарды жана башка аспаптарды кургак ыкмада курчутуу.

5. Медболду шыкап толтуруу.

6. Кийизди, жасалма терини, ватинди жаюу жана бычуу.

7. Бөлүктөрдү жана буюмдарды абразивдик тазалагычта кургак ыкмада иштетүү.

8. Органикалык эриткичтерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды камтыган (бутилацетат, безол, дибутилфталат, ацетон ж.б.у.с.) боёктор жана лактар менен буюмдарды жасалгалоо.

9. Мээлей булгаарысын керүү.

10. Булгаарыны, жасалма булгаарыны, тасма материалдарын бычуу.

11. Химиялык зыяндуу заттарды камтыган жабышкактар жана эриткичтер менен бөлүктөрдү жана буюмдарды кураштыруу (майлоо, чаптоо, жабыштыруу, арасына (ичине) салып жабыштыруу).

12. Жогорку жыштыктагы ток орнотмолору менен ширетүү.

13. Бөлүктөрдүн четтерин ысык ыкмада жабыштыруу.

14. Органикалык эриткичтерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды (хлоропрен, стирол, циклогексанон, диметилфталат, ацетон ж.б.у.с.) колдонуп аппретураларды, эмульсияларды жана лактарды даярдоо.

15. Ысык престөө менен сүрөт түшүрүү.

16. Оордукту көтөрүү жана которуу менен байланышкан даяр өндүрүмдөрдү (чакан галантериялардан жана мээлейлерден тышкары) иреттеп тизүү жана таңгактоо.

17. Бөлүктөрдү жана буюмдарды ысык ыкмада пресстеп формага салуу.

18. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

28. Кыл-щетка буюмдарынын өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Кылды жана түктөрдү тароо жана эки жакка бөлүү процессин жүргүзүү.

2. Чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана буюмдарды кургатуучу камераларда кургатуу процессин жүргүзүү.

3. Кылды жана түктөрдү кайнатуу технологиялык процессин жүргүзүү.

4. Кылды жана түктөрдү кол менен дезинфекциялоо.

5. Кыл-щетка буюмдарын даярдоо (ысык абалда чайырды колдонуп иштеген учурда кол менен үрпөйгөн түктөрдү жана түктөрдү чыйратуу, чокторду жана түптөрдү кол менен байлоо, чокторду, чачыларды отургузуу).

6. Кылдарды жана түктөрдү колго боёо.

7. Пластикалык массадан басым астында буюмдарды куюу.

8. Кылдарды жана түктөрдү жуу.

9. Кыл-түктүү жана кыл-чачылуу материалдарды жана буюмдарды колго жасалгалоо, нитро сырларды жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп бышыруу, жасалгалоо, боёо.

10. Кылдарды жана түктөрдү кол менен аралаштыруу.

11. Калдыктарды сорттоо.

12. Түктү колго кесүү.

13. Кылдан жасалган буюмдарды, жарым фабрикаттарды жана материалдарды сорттоо, тандап алуу түктөрдү кол менен жулуу жана созуу.

14. Органикалык эриткичтерди (фенол жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуп аппретураларды, эмулсияларды жана лактарды даярдоо.

15. Кылдарды жана түктөрдү термикалык иштетүү.

16. Кылдарды жана түктөрдү кол менен таңгактоо.

17. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

29. Булгаарыдан жасалган техникалык буюмдардын өндүрүшү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана буюмдарды кургатуучу камераларда кургатуу процессин жүргүзүү.

2. Булгаарыдан жасалган техникалык буюмдарды сүрүп-жылмалоо иштерин аткаруу.

3. Органикалык эриткичтерди, каучук, латекс желимдерин жана башка химиялык зыяндуу заттарды колдонуу менен жумуштарды аткаруу.

4. Жарым фабрикаттарды, материалдарды жана даяр өндүрүмдөрдү кол менен, же кол арабаларына, бир буттуу кол арабаларына, вагонеткаларга салып ташуу жумуштарын аткаруу.

5. Бөлүктөрдү кесүү, катуу булгаарыдан жана жасалма булгаарыдан жасалган материалдарды бычуу.

6. Чыйратылган мээлейди жана муфталарды бодурлоо.

7. Булгаарыдан жасалган бөлүктөрдү, жарым фабрикаттарды жана буюмдарды май аралашмасы менен иштетүү.

8. Булгаары тилимдерин алкактарга керүү.

9. Катуу булгаарыларды сорттоо.

10. Оордукту көтөрүү жана которуу менен байланышкан даяр өндүрүмдү иреттеп тизүү жана таңгактоо.

11. Булгаарыдан жасалган техникалык буюмдарды формага келтирүү.

12. Буюмдарды абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада жылмалоо.

13. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

30. Жарандык авиация

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Аэродромдук төшөлмө үчүн өтө кооптуу химреагенттерди майдалоо, жүктөө жана майдалап себүү, алар салынган идиштерди тазалоо жана жуу.

2. Аба кемелерине күйүүчү жана майлоочу материалдарды куюу.

3. Аба кемелеринин системаларын жана чечилме жабдууларын газ жана өрт өчүрүүчү суюктуктар менен дүрмөттөө; кычкылдуу жана шакарлуу аккумуляторлорду дүрмөттөө жана оңдоо.

4. Жайларда авиациялык кыймылдаткычтарды сыноо.

5. Химиялык реагенттерди жана эриткичтерди колдонуп аба кемелерин жуу.

6. Авиа кыймылдаткычтарын пайдаланып машиналар жана орнотмолор менен аэродромдук төшөлмөнү муздардан, кардан, суудан, башка предметтерден тазалоо.

7. Учкучтар жана учкучтар-сыноо курамынын аба кемесинин бортундагы жумушу.

8. Авиациялык майларды регенерациялоо.

9. Авиациялык-химиялык жумуштардан кийин химиялык каражаттарды колдонуп агрегаттарды, жабдууларды, айыл чарба аппаратураларын жана аба кемелеринин авиа кыймылдаткычтарын, ошондой эле этил бензини менен иштеген авиа кыймылдаткычтарын оңдоо.

10. Газ турбиналуу кыймылдаткыч менен иштеген аба кемелерин техникалык тейлөө.

11. Аба кыймылын башкаруу (авиа диспетчерлер).

31. Транспорт

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Авариялык-калыбына келтирүү жумуштары: 3 метрден ылдый тереңдиктеги суу түтүктөрүнүн курулмаларын тейлөөлөр; канализация курулмаларын тейлөөлөр боюнча; хлоратордук жана озонатордук орнотмолорду оңдоолор.

2. Битумду, гидромассаны, асфальт мастикасын кайнатуу.

3. Нитро сыр, нитро лак жана коргошундуу сыр менен сырдалган буюмдарды жуу жана кургатуу процессин жүргүзүү; түрдүү жуугучтардын жана эриткичтердин жардамы менен лак-сыр менен сырдалган тетиктерди жана агрегаттарды жуу.

4. Резинатехникалык буюмдар өндүрүшүндө буюмдарды ысык ыкмада желимдөө.

5. Күйүүчү жана майлоочу материалдарды куюу. Автомобиль транспортун майлоо.

6. Автотранспорт ишканаларындагы аралыктан башкаруу колонкаларында автотранспортко этилденген бензинди куюу.

7. Поршендүү кыймылдаткычтарды жана алардын агрегаттарын этилденген бензин менен иштеген учурда сорттоо.

8. Булганган кийимдердин өндүрүштүк партиясын комплекттөө жана аны ылгоо.

9. Куроочу тапанчаны колдонуп түзүлмөлөрдү жана тетиктерди бекитүү.

10. Пластмассадан буюмдарды куюу (автоматташтырылган процесстерден тышкары).

11. Механикалаштырылган аспапты колдонуп табигый ташты кол менен иштетүү, үстүңкү беттерди табигый таш менен колго каптоо.

12. Катуу жана суюк отун жагылган суу кайнатуучу жана буу казандарын, технологиялык мештерди тейлөө жана тазалоо, күлүн жана күлкесектерин чыгаруу жумуштары.

13. Канализация чордондорунда компрессордук орнотмолорду тейлөө.

14. 3 метрден ылдый тереңдиктеги канализация курулмаларынан, ошондой эле суу түтүктөрүнүн курулмаларынан агып чыгуучу суюктуктарды сордуруп куюштуруучу насостук орнотмолорду тейлөө.

15. Казан, чаң даярдоочу жана жылуулук берүүчү жабдууларды тейлөө.

16. Жер алдындагы жылуулук түтүктөрүн жана жылуулук тарамдарынын курулмаларын тейлөө.

17. Ичүүчү жана агын сууларды тазалоо жана жугушсуздандыруу үчүн зарыл болгон кубаттуулуктагы жумушчу эритмени даярдаган орнотмолорду тейлөө.

18. 3 метрден ылдый тереңдиктеги канализация чордондорундагы, суу түтүктөрүнүн курулмаларындагы электр жабдууларын тейлөө.

19. 3 метрден ылдый тереңдиктеги суу түтүктөрүнүн курулмаларын жана каналдаштырылган чордондорду оңдогон учурда бензол, толуол, татаал спирт жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган нитро лактар, нитро сырлар жана лактар менен сырдоо.

20. Приборлорду жана тетиктерди сырдоо жана малуу жана пульверизаторлоо ыкмасында бензол, толуол, татаал спирт жана башка зыяндуу химиялык заттарды камтыган нитро сырларды, нитро лактарды жана лактарды колдонуп лактоо; приборлорду жана тетиктерди жарык чыгаруучу сыр менен сырдоо.

21. Кыймылдуу курамды, буюмдарды, тетиктерди жана түйүндөрдү кирден, даттан, ширендиден, эски сырдан ж.б.у.с. кол менен, механикалаштырылган жана химиялык ыкмада, ошондой эле керосинди, бензинди, ацетонду, каустикалык соданы жана башка эриткичтерди колдонуп тазалоо, жуу жана сүрүү.

22. Коргошун менен тетиктерди жана буюмдарды данакерлөө.

23. Буюмдарды кийиз, бөз жана башка тазалагычтарда, ошондой эле кум кагаз болотнайларда сайкалдоо.

24. Абразивдик тазалагычты жана газ ширетүүчү жабдууларын колдонуп автомобилдердин чанактарын жана башка тетиктерин, вагондорду түздөө.

25. Асфальт, битум жана синтетикалык чайырларды камтыган аралашмаларды, мастикаларды, эриткичтерди, эмульсияларды даярдоо.

26. Жуучу эритмелерди даярдоо.

27. Жетүүгө кыйын жерлердеги бетон жана темир бетон түзүлмөлөрдөгү тешиктерди (кобулдарды, оюктарды) колго оюу.

28. Участоктордо (цехтерде) шакарлуу аккумуляторлорду, батареяларды жана башка токторду өндүрүү; активдүү массаларды, электроддорду, жыйнагычтарды, түзүүчүлөрдү даярдоо.

29. Жогорку жыштыктагы, ультра жыштыктагы ток орнотмолорунда иштөө.

30. Коргошун аккумуляторлорун өндүргөн цехтердеги жумуштар.

31. Бийиктикте иштөө.

32. Компрессордук орнотмолорду тейлөө жумуштары.

33. Эриткичтер катарында бензолду, толуолду, этилацетатты жана башка зыяндуу эриткичтерди колдонуп эпоксиддүү жана фенолдуу чайырларды камтыган желимдерди жана герметиктерди колдонгон жумуштар.

34. Тоо-кен ишканаларындагы, металлургия, көмүр, сланец, химиялык өнөр жай жана өнөр жай курулуш материалдарындагы технологиялык процесстерде пайдаланылуучу автомобилдерди оңдоо.

35. Кир-кокту, чирип бара жаткан таштандыларды жана тарптарды ташууда пайдаланылган автомобилдерди оңдоо.

36. Кир жуучу жайлардагы электр жабдууларын жана технологиялык жабдууларды оңдоо жана тейлөө.

37. Гальван цехтериндеги ванналарды оңдоо жана тазалоо.

38. 3 метрден ылдый тереңдиктеги суу түтүктүү курулмалардын жана канализация курулмаларынын таш түзүлмөлөрүн оңдоо.

39. Буу жана суу жылытуучу казандарды ысык абалда оңдоо.

40. Этилденген бензин жана газ менен иштеген күйүүчү аппаратураны оңдоо.

41. Кычкылдуу жана шакарлуу аккумуляторлорду оңдоо, иргөө жана дүрмөттөө.

42. Ысык металлды балкаларда, пресстерде, куюу машиналарында кол менен согуу жана штамптоо.

43. Пневматикалык аспап менен бургулоо.

44. Битумду идишке куюштуруу.

45. Эритмени жана электролиттерди жасоо, алардын концентрациясын гальван цехтеринде корректировкалоо.

46. Кир кийимдерди жуу.

47. Синтетикалык жуучу каражаттарды жана химиялык препараттарды колдонуп кир жуучу машиналарда (автоматташтырылган программалык башкаруудагыдан тышкары) кир жуу.

48. Жуулган кирди кургатуучу жайларда жана камераларда кургатуу.

49. Такелаждык жумуштар.

50. Ванналардагы, мештердеги, жогорку жыштыктагы ток орнотмолорундагы термикалык иштетүүлөр, чыңоо жана башка термикалык иштетүүлөр.

51. Ачык ванналардагы оюу.

52. Ысык асфальтбетон массасын төшөө жана үстүнкү беттерди ысык битум менен каптоо, ошондой эле ысык асфальтбетон массасын жана битум мастикасын даярдоо.

53. Автогудранаторду башкаруу.

54. Асфальтбетон төшөөчүнү башкаруу.

55. Экскаваторду (автогрейдерди) башкаруу.

56. Тетиктерди, буюмдарды абразивдик айлантмаларда жана болотнай менен кургак ыкмада жылмалоо.

57. 30 Мгц дан 3000 Мгц га чейинки жыштыкты кошо алганда 1 см ден 10 м ге чейинки толкун диапазонун кошо алганда иштеген теле жана радио берүү түзүлүштөрүн эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөө.

32. Байланыш

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Шпурларды механикалаштырылган аспап менен бургулоо.

2. Байланыштын жана радиофикациянын аба чубалгыларын эксплуатациялык-техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча бийиктиктеги жумуштар.

3. Кычкылдыктуу жана шакарлуу аккумуляторлорду дүрмөттөө жана оңдоо.

4. Радиомачталарды (радио мунараларды) жана антенналык-фридерлик түзүлүштөрдү куроо, оңдоо жана эксплуатациялык-техникалык тейлөө.

5. Суу түтүктүү-канализация тарамдарын жана алардын курулмаларын кыдырып текшерүү жана техникалык кароо.

6. Байланыштын жер төлөлүк объектилериндеги туруктуу жумуштар.

7. Жыгачтарга антисептикаларды сиңдирүү жана антисептикалар кол менен сиңдирилген мамыларды, траверстерди жана коймолорду орнотуу жумуштары.

8. Сом темирлерди жана керкилерди колдонуп кол менен III топтогу кыртышты, ошондой эле пневматикалык аспаптарды колдонуп кыртыштардын бардык түрлөрүн иштетүү.

9. Жер кыртышынын суулуу чопо бөлүгүн кол менен иштетүү.

10. Атайын кийимдерди кол менен жуу.

11. Шаар аралык, жергиликтүү телефондук байланыштын жана шаардык телефон тарамынын маалымдама кызматынын телефонисттеринин жумуштары.

12. 30 Мгц дан 3000 Мгц га чейинки жыштыкты кошо алганда 1 см ден 10 м ге чейинки толкун диапазонун кошо алганда иштеген теле- жана радио берүү түзүлүштөрүн эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөө.

13. Арматуралуу торлорду жана сүлдөрдү электрдик ширетүү.

33. Айыл чарбасы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Карантиндик зыянкечтерге, оорулууларга каршы кийин дегазациялоо аркылуу карантиндик материалдарды жугушсуздандыруу.

2. Энтомологиялык, фитогельминтологиялык экспертизаларды, дарыланган үрөндү экспертизалоону жүргүзүү учурунда химиялык реактивдерди жана феромондорду колдонуучу карантиндик лабораториялардагы жумуштар.

3. Айыл чарба жаныбарларынын уруктарын суюк азотто тоңдуруу жана сактоо.

4. Ветеринардык диагностикалык лабораториялардагы жумуштар (патологоанатомиялык, радиологиялык, биохимиялык, токсикологиялык, бактериологиялык, вирусологиялык, паразитологиялык, серологиялык, Аскол боюнча анализдер бөлүмү ж.б.у.с.).

5. Инфекциянын очогунда жаныбарлардын өтө жугуштуу ылаңдарына каршы күрөшүү (кутурма, вирустуу энцефалит, бруцеллез, туляремия, гемморагиялык безгек, мелиоидоз, кургак учук, паратиф, сап, ботулизм, столбняк, шарп, чечек, күйдүргү, сальмонеллез, лептоспироз), ошондой эле ооруну пайда кылуучу аденовирустар жана энтеровирустар менен иштеген өзгөчө жумуштары.

6. Ичүүчү сууну хлорлоо жана дезинфекциялоо үчүн жумушчу эритмени даярдоо, аларды кол менен хлоратордук орнотмолорго салуу жумуштары.

7. Реагенттерди колдонуп ичүүчү суунун суу түтүктөрүн жана резервуарларды жуу жумуштары.

8. Жаныбарлардын өтө кооптуу ооруларынын дарттын аныктоо үчүн тарптарды жана жаныбарларды союу жумуштары.

9. Лабораториялык шарттарда химиялык реактивдер менен иштөө.

10. Реагенттерди (акиташты, хлорлуу акиташты, натрийдин гипохлоридин ж.б.) ташуу жумуштары.

11. Үрөндү, өсүмдүктөрдү, айыл чарба жерлерин, жайларды иштетүү учурундагы топтоо, даярдоо, жүктөө, түшүрүү жана пестициддерди колдонуучу жумуштар.

12. Өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүү, өстүрүү жана колдонуу.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

13. Концентрациялык кычкылдыктар (күкүрттүү, туздуу, азоттуу, фосфордуу, көмүр кычкылдуу, уксустуу, ат кулак, трихлоруксустуу жана карболдуу) жана органикалык эриткичтер (ацетон, аммиак, гексан, изогексан, ксилол, хлороформ, күкүрттүү эфир, бензол, дихлорэтан, циклогексан) менен иштөө.

14. Себеби белгисиз өлүк материалы менен иштөө.

34. Токой чарбасы

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Оору жуккан объектилерди, жабдууларды, инвентарларды жана жайларды дегазациялоо.

2. Самолетторго жана жердеги аппаратураларга уулуу химикаттарды, гербициддерди жана арборициддерди куюу.

3. Уулу химикаттарды, гербициддерди жана арборициддерди чачуу (бүркүү).

4. Уулуу химикаттар, гербициддер жана арборициддер сакталган кампаларды кайтаруу.

5. Уулуу химикаттарды, гербициддерди жана арборициддерди жүктөө, түшүрүү, кабыл алуу жана сатуу.

6. Уулуу химикаттардын, гербициддердин жана арборициддердин эритмелерин (таткандыргычтарын) даярдоо.

7. Чачыраткычтарды жана чаңдаштыргычтарды оңдоо.

8. Уулуу химикаттарды, гербициддерди жана арборициддерди чачкан (бүрккөн) учурда сигнал берүү.

9. Оору жуккан объектилерди жана жайларды фумигациялоо.

10. Бул бөлүмдүн ушул параграфында каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

35. Билим берүү жана маданият

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Окуу-тарбия мекемелеринде, аларды иштин өзгөчө санитардык-эпидемиологиялык шарттамына которуу учурундагы жумуштардын бардык түрлөрү.

2. Сырдоо жумуштары.

3. Жабык сүзүүчү бассейндердеги сабактарды камсыз кылуу жана өткөрүү.

4. Көмүр жана мазут жагылган казан орнотмолорун тейлөө.

5. Кол менен жүктөп-түшүрүү жумуштары.

6. Операторлордун станокторундагы жумуш.

7. Радиоэлектрондук аппаратура (контролер) менен иштөө.

8. Фотографтардын прецизиондук фотолитографиядагы жумуштары.

9. Билим берүү органдары тарабынан ишке ашырылуучу, балдар ооруканаларында (клиникаларында) жана чоңдордун ооруканаларынын балдар жаткырылуучу бөлүмдөрүндө узак убакыт дарыланып жаткан балдарды жеке жана топтук окутуу менен байланышкан жумуштар.

10. Тиешелүү медициналык корутундусу (жуктурулуучу сөөк кургак учугу, шал, церебралдык спастикалык паралич, Литтлдин оорусу, психопаттар ж.б.) болгон учурда гана өнөкөт оорулуу балдарды үйдө жеке окутуу менен байланышкан жумуштар.

11. Тарбия берүүнүн өзгөчө шарттарына же узак убакыттык дарылоого муктаж дене бою же акыл-эсинин өнүгүшүндө кемчилиги бар балдар жана өспүрүмдөр, ошол эле учурда кургак учуктун бир аз жана айыгуучу формалары менен ооруган, психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн балдардын мектепке чейинки мекемелериндеги, мектептердеги, жатак-мектептердеги жумуштар; жашы жете электер жана тарбиялоо-эмгек колонияларындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайларында, тарбиялоо-эмгек мекемелеринин алдындагы мектептерде жана кесиптик-техникалык окуу жайларда, жетим балдар, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн балдар үйлөрүндө, балдардын жатак-үйлөрүндө, жатак-мектептерде.

12. Типографиялык жана линотиптик машиналардагы жумуштар.

13. Жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды пайдаланып кийимдерди колго жуу жумуштары.

14. Дезинфекциялоочу эритмелерди даярдоо менен, сууну хлорлоо жумуштары.

15. Химреакторлорду пайдалануу, ошондой эле аларды сактоо (топтоо) жумуштары.

16. Ысык плиталардагы, электр, кууруучу май мештериндеги жумуштар.

17. Жарым өткөргүчтүү материалдарды прецизиондук иштетүү боюнча жылмалоочу-сайкалдоочу жумуштар.

18. Гальвандаштыруу менен байланышкан жумуштар.

19. От жагуу, ичкештирүү, мештердин күлүн жана күлкесектерин тазалоо жумуштары.

20. Контролдоо-өлчөө приборлору жана автоматтардын слесарлары үчүн оңдоо жумуштары.

21. Сапат программалык башкаруу станоктору менен иштөөлөр жана слесардык жумуштары.

22. Таштанды чогулткучтарды тазалоо, таштандыларды жана кир-кокторду ташуу.

23. Жаныбарларды багуу (тазалоо, жуу жана кыгын чыгаруу).

36. Архив иши

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Көгөрүп кеткен козу карын, актиномецент жана патогендүү микроб менен булганган кагаз түрүндөгү документтер, кинопленка жана фотопленка менен иштөө.

2. Архив сактагыч жайларда архивдик кутулардын жана текчелердин чаңдарын кол менен тазалоо.

3. Кагаз түрүндөгү документтердин жана делолордун жана басма сөз басылмаларынын болушуна жана абалына текчелер боюнча туташ текшерүү жүргүзүү. Начар контрасттуу жана өчүп бараткан тексттүү документтер боюнча маалыматтарды аныктоо.

4. Мамлекеттик сактоого кабыл алууда, сактоо процессинде, убактылуу пайдаланууга берүүдө, көчүргөндөн же реставрациялык-профилактикалык иштеткенден кийин кинопленканын жана фотопленканын техникалык, физика-химиялык абалын жана фотографиялык сапатын контролдоо боюнча иштер.

5. Өңүнө чыгаруучу машиналарда иштетилген фиксаждан күмүштү регенерациялоо.

6. Өңүнө чыгаруучу машиналарда иштетилген фиксаждан күмүштү экинчи жолу жыйноону контролдоо боюнча иштер.

7. Микрофильмдөөчү орнотмолордогу жана аппараттардагы иштер.

8. Үн жазуучу жана кайра чыгаруучу аппаратурада, жогорку жыштыктагы жана ультра жыштыктагы ток орнотмолорунда иштөө.

9. Фонддорду которуштуруу процессинде кагаз түрүндөгү делолорду жана документтерди, кинодокументтерди жана фотодокументтерди, архивдик картон жана жыгач кутуларды, киноокутуларды кол менен же кол араба менен ташууга байланышкан иштерди аткаруу.

10. Барак кагаздарды кол менен комплектөө.

11. Кагазды жана картонду узата-кесүүчү станоктордо жана топтоп кесүүчү машиналарда кесүү.

12. Кесилген кагаздын барактарын, бардык түрдөгү картонду, кутулардын заготовкаларын жана картон ящиктерди машинадан, агрегаттан түшүрүү.

37. Кинематография, теле көрсөтүү жана радио берүү

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Нитро сырларды, жаркырак сырларды жана башка аналогиялык сырларды колдонгон бутафордук-декорациялык жумуштар.

2. Манекендерде же буу аба камераларында жана пресстерде буюмдарды жылуу-нымдуу иштетүү процессин жүргүзүү.

3. Кабелдик учтарды жана каңдоочторду ысык желимдөөдө кабелдик буюмдарды желимдөө.

4. Ич кийимдерди жана актерлордун костюмдарын таптоо жана үтүктөө.

5. Жарыкка сезгич тасмаларды дүрмөттөө.

6. Жасалма териден буюмдарды даярдоо.

7. Пиротехникалык буюмдарды даярдоо жана пиротехникалык жумуштарды аткаруу.

8. Театрлаштырылган оюн-зоок ишканалар үчүн оюн макеттерин даярдоо жана имараттарда нитро сырларды, жаркырак сырларды жана башка аналогиялык сырларды колдонуп иштеген учурдагы тартып алуу.

9. Негативди, позитивди жана фильм көчүрмөлөрүн куроо, фильм көчүрмөлөрүн комплекттөө.

10. Целлулоидди жылмалоого байланышкан куюлган жана пресске салынган буюмдарды иштетүү.

11. Теле берүүлөрдөгү жана кино тартуудагы жарык берүү жумуштары.

12. Түстүү тасмаларды иштетүү жана түзүүчү цехтерде тасмаларды аларды түстүү иштетүү үчүн даярдоо.

13. Өңүнө чыгаруучу жана фиксациялоочу эритмелер менен химиялык эритмелерди даярдоо.

14. Аммиактуу компрессордук орнотмолордогу жумуштар.

15. Химикаттар кампасында, орто аралыктагы тасмалар кысмаларында, оюн костюмдарын сактоо кампасындагы жумуштар.

16. Стационардык кино орнотмолордогу жумуштар.

17. Ысык желимдөөнү колдонуп гриммди, пластикалык гриммди даярдоо жумуштары.

18. Коргошундуу салмак баскычты жана кронду колдонуп мультипликациялык боёкторду даярдоо жумуштары.

19. Негативдик тасмадагы материалдарды, түстүү тасма жана түстүү өңүнө чыгаргычтар менен иштегенде эритмелерди контролдоо жумуштары.

20. Кино тасмаларды көчүрмөлөө жумуштары.

21. Телевизиондук жана кино телевизиондук жабдууларды тейлөө, аппараттык-студиялык комплекстеги, радиоборборлордогу (теле борборлордогу) көчмө телевизиондук чордондордогу видеомагниттик жаздырууларды жүргүзүү, ошондой эле экранды визуалдык байкоо боюнча жумуштар.

22. Телевизиондук жабдууларды тейлөө жумуштары.

23. Тасмаларды иштеткен темир устундардан куралган павильондордогу жана цехтердеги электр жабдууларын тейлөө жумуштары.

24. Электрдик көчүрмөлөө жумуштары.

25. Кино фото тасмаларды, фото кагаздарды жана техникалык кагаздарды кесүү.

26. Субтитрлердин клишесин бир мезгилде жылмалоо менен цинк клишесинде кесүү.

27. Өңүнө чыгаруучу машиналарды, түстүү жана ак-кара тасмаларды иштетүү цехтеринде технологиялык жабдууларды жана коммуникацияларды тейлеген оңдоо жумуштары.

28. Түстүү негативди жана позитивди иштетүү учурундагы ретуштоо.

29. Павильондордо жарык бергичтер үчүн - бийиктикте иштегенде, бийиктикте декорацияларды орноткондо илме жыгачтарды куроо.

30. Мультипликациялык сынамдарды, диапозитивдик фильмдерди тартуу.

31. Фильм көчүрмөлөрүн тизүү, таңгактоо.

32. Кино тасманы иштетүүдө жарык жана түс берүү.

33. Теле берүүнүн жарыгын орнотуу.

34. Кинофильмдерди прокаттоочу уюмдардагы фильм текшерүү.

35. Түстүү материалды, ак-кара негативди жана позитивдүү иштетүү учурундагы фотолабораториялык жумуштар.

36. Күкүрттүү натрийди колдонуп күмүштү регенерациялоо боюнча электролизердик жумуштар.

38. Газеталар, журналдар жана китепканалар

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Китептерди реставрациялоо жумуштары.

2. Басылмалар архивиндеги жумуштар.

3. Китеп фондуларын сактоо бөлүмүндөгү жумуштар.

4. Түстүү материалды, ак-кара негативди жана позитивдүү иштетүү учурундагы фотолабораториялык жумуштар.

39. Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Бокстук операциялык жайлардагы жана кан куюу чордондорундагы канды жана жасалма канды даярдоо, кайра иштетүү боксторундагы жумуштар.

2. Дезинфекциялык чордондордогу, бөлүмдөрдөгү жана бөлүмчөлөрдөгү жумуштар.

3. Психикасы бузулган оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген бригадалардагы, медициналык тез жардам станциясындагы иштер (дарыгерлер, орто жана кенже медициналык персонал, бир эле мезгилде санитардын да милдетин аткарган айдоочулар).

4. Соттук медициналык жана патологоанатомиялык бөлүмчөлөрдөгү иштин ушул багыты менен түздөн-түз байланыштуу жумушкерлердин жумуштары.

5. Физиотерапиялык бөлүмчөлөрдөгү (кабинеттердеги); бальнео жана ылай менен дарылоо жумуштары.

6. СТН генераторунда физкабинеттеги, химиялык жана препараттык лабораториялардагы жана кабинеттердеги жумуштар.

7. Күйүк жана арка-бел оорулуулар үчүн бөлүмдөрдөгү (палаталардагы) жумуштар.

8. Таяныч-кыймылдатуучу аппарат функциялары бузулган жана психикасы бузулбастан дене-бой өнүгүүсүндөгү башка кемчиликтери бар балдар; борбордук нерв системасы органикалык илдетке учураган, анын ичинде психикасы бузулбастан балдардын церебралдык параличине чалдыккандар; угуусу жана сүйлөөсү бузулгандар, көрүүсү бузулгандар менен иштөө.

9. Кургак учукка каршы уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги кызматкерлердин жана инфекциялык, наркологиялык уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги медициналык кызматкерлердин иши.

10. Эпидемиологдор, паразитологдор, энтомологдор, зоологдор тарабынан аткарылуучу жумуштар, санэпидкызмат уюмдарындагы дезинфекциялоочу жумуштар.

11. Эпидемиологиялык очоктордогу жумушчу нөөмөттүн теңинен көп убакытын алган жумуштар.

12. Медициналык кызматкерлердин: анестезиология, реанимация, катуу кармаган уулануулар, ириңдүү хирургиялык багыттагы, токсикология, мөөнөтүнө жетпей төрөлгөн балдар, торакалдык хирургия, гемодиализ бөлүмдөрүндөгү (палаталардагы) иштер.

13. Медициналык кызматкерлердин ультраүн диагностика жана эндоскопия бөлүмдөрүндөгү (кабинеттериндеги) иши.

14. Саламаттык сактоо уюмдарындагы дезинфекторлордун иши.

15. Баро бөлүмдөрүндөгү жана барокабинеттериндеги медициналык кызматкерлердин иши.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

16. Бактериологиялык, вирусологиялык, микробиологиялык лабораториялардагы жумуштар жана инфекциялык ооруларды козгогучтар менен иштөө.

17. Карантиндик, өтө кооптуу лабораториялардагы жумуштар.

18. Чумага каршы уюмдарда иштөө.

19. Психикасы бузулган, борбордук нерв системасы илдетке чалдыккан балдар менен иштөө.

20. Тери-венерология уюмдарында, кабинеттерде жана палаталарда иштөө.

21. Психиатриялык жана психоневрологиялык уюмдарда, ошондой эле бөлүмдөрдө жана кабинеттерде иштөө.

22. Моргдордо иштөө.

23. Рентгенологиялык, радиологиялык, химиотерапиялык жана рентгенорадиологиялык борборлордогу, бөлүмдөрдөгү, кабинеттердеги, лабораториялардагы жана таштарды аралыктан рентген сокку толкуну менен майдалоо бөлүмдөрүндөгү иш.

24. Интенсивдүү терапия палаталары бар неврология бөлүмдөрүндөгү иш.

40. Соода, коомдук тамак-аш

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Такелаждык иштерди аткаруу.

2. Кол менен иштеген учурда автоклавдардагы, буулоо камераларындагы, ширетүү казандарындагы жүктөп-түшүрүү.

3. Кычкылдыктуу жана шакарлуу аккумуляторлорду дүрмөттөө жана оңдоо.

4. Аммиак жана фреон менен иштеген компрессордук жана муздаткыч орнотмолорун тейлөө.

5. 330 л жогору сыйымдуулуктагы тоголотуучу деждору бар камыр жууруучу машиналардагы, аларды кол менен которуштуруу учурундагы жумуштар.

41. Коммуналдык-тиричилик жактан тейлөө

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. 3 метрден ылдый тереңдиктеги суу түтүктөрү курулмаларын тейлөө боюнча; каналдаштырылган курулмаларды тейлөө боюнча авариялык-калыбына келтирүү жумуштары: хлоратордук жана озонатордук орнотмолорду оңдоо.

2. Манекендерде же буу аба камераларында жана пресстерде буюмдарды жылуу-нымдуу иштетүү процессин жүргүзүү.

3. Кампадан хлор акиташын жана коагулянтты кол менен берүү.

4. Казандарды жана жылуулук түтүктөрүн термоизоляциялык каптоо боюнча каңылтырлоо жумуштарын аткаруу.

5. Өндүрүштүк мештерди жана казандарды ысык абалда оңдогон учурда отко чыдамдуу жумуштарды аткаруу.

6. Ысык казандардын сырттарын дельта-асбест жана айнек изоляциясы жана битумдуу материалдар менен изоляциялоо боюнча иштерди аткаруу.

7. Катуу жана суюк отун жагылган суу кайнатуучу жана буу казандарын тейлөө, күлүн жана шлак чыгаруу жумуштарын аткаруу.

8. Канализациялык чордондордогу компрессордук орнотмолорду тейлөө.

9. 3 метрден ылдый тереңдиктеги канализация курулмаларын, ошондой эле суу түтүктөрү курулмаларынын агып чыгуучу суюктуктарын сордуруп куюштуруу боюнча насостук орнотмолорду тейлөө.

10. Аэротенктердин, биочыпкалардын, ылайлуу аянттардын, метатенктердин, тундургучтардын, кум тоскучтардын жана май тоскучтардын, торлордун, эмшерлердин, сугаруу жана чыпкалоо талааларынын жабдууларын, сууга баткан бөлүктү кургаткан, сууга баткан бөлүктү суусуздандырган орнотмолордун, кургатуучу мештердин, хлоратордук орнотмолордун айлануучу барабандарын тейлөө.

11. От казан, чаң даярдоо жана жылуулук берүүчү цехтердеги жабдууларды тейлөө.

12. Жер төлөлөрдөгү жылуулук түтүктөрүн жана жылуулук тарамдарынын курулмаларын тейлөө.

13. Ичүүчү жана булганыч сууларды тазалоо жана жугушсуздандыруу үчүн зарыл болгон кубаттуулуктагы жумушчу эритмени даярдаган орнотмолорду тейлөө.

14. 3 метрден ылдый тереңдиктеги канализация чордондорундагы, суу түтүктөрүнүн курулмаларындагы электр жабдууларын тейлөө.

15. Суу түтүгү жана канализация тарамдарын жана алардын курулмаларын кыдырып текшерүү жана техникалык кароо.

16. Буу казандар үчүн отунду кол менен жеткирүү жана жагууга даярдоо.

17. Бак-дарактарды уулуу химикаттар менен иштетүүгө арналган механизмдер менен иштөө.

18. Буу жана суу ысытуучу казандарды тазалоо боюнча иштер.

19. Чирип бара жаткан таштандыны, кир-кокту жана жаныбарлардын тарпын (үйүндүлөрдөгү, ассенизация талааларындагы жана башка кайтадан пайдаланылуучу таштандыларды иштеткен ишканалардагы) кабыл алуу, жүктөө, ташуу, түшүрүү, утилдештирүү жана жугушсуздандыруу боюнча жумуштар.

20. Үй ичиндеги канализацияны, суу түтүктөрүн жана коомдук дааратканаларды оңдоо, көзөмөлдөө жана тейлөө жумуштары.

21. 3 метрден ылдый тереңдиктеги суу түтүктөрү курулмаларынын жана канализация курулмаларынын таш түзүлмөлөрүн оңдоо.

22. Бак-дарактарды уулуу химикаттар менен иштетүүгө арналган механизмдерди оңдоо.

23. Казан жана чаң даярдоочу цехтердеги жабдууларды, жабдууларды, жылуулук бергичтерди, электрдик машиналарды, релелик коргоо аппаратураларын жана буу казан цехтеринде, чаң даярдоочу, жылуулук берүүчү цехтеринде иштеген учурда автоматиканы оңдоо.

24. Буу жана суу ысытуучу казандарды ысык абалда оңдоо.

25. Жер төлөлөрдөгү жылуулук түтүктөрүн жана жылуулук тарамдарынын курулмаларын оңдоо.

26. Коомдук дааратканаларды тазалоо.

27. Канализация курулмаларындагы чөкмөлөрдү тазалоо.

28. Тизмектин ушул бөлүмүндө каралган иштердин аткарылышын контролдоо.

29. Мүрзө казуу, сөөк жана сөөктүн калдыктарын коюу, эксгумация боюнча иштер.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

30. Радиоактивдүү заттарды жыйноо, кайра иштетүү, жүктөө, түшүрүү, ташуу, сактоо жана көмүү боюнча жумуштар.

31. Радиоактивдүү заттар менен булганган индивидуалдык коргоо каражаттарын жана жабдууларын дезактивациялоо, дегазациялоо, чаңын тазалоо жана оңдоо жумуштары.

42. Бардык тармактар үчүн жалпы эмгек шарттары зыяндуу жана оор жумуштар

§ 1. Эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрү

1. Канализация курулмаларын тейлөө боюнча авариялык-калыбына келтирүү жумуштары.

2. Вибрациялык жана пневматикалык аспаптар колдонулуучу жумуштардын бардык түрлөрү.

3. Газ ширетүү жана газ менен кесүү жумуштары.

4. Акиташ өчүрүү.

5. Автранспортуна аралыктан башкаруучусу жок колонкаларда этилденген бензинди куюу.

6. Күйүүчү жана майлоочу материалдарды куюу.

7. Коргошундуу аккумуляторлорду дүрмөттөө жана оңдоо.

8. Аспаптарды, бычактарды, арааларды жана башкаларды абразивдик тазалагычтарда кургак ыкмада курчутуу.

9. Бензол, толуол, татаал спирттерди жана башка химиялык зыяндуу заттарды камтыган нитро сырларды, лактарды колдонуп жабык жайларды сырдоо иштери, ошондой эле бул сырлар үчүн курамды даярдоо.

10. Бензин, дихлорэтан, ацетон, эфир жана шакардуу эритмелер менен тетиктерди (түйүндөрдү), сыйымдуулуктарды, буюмдарды, идиштерди, тараларды жана материалдарды кол менен жуу.

11. Мунайды, мазутту, кычкылдыкты, шакарды жана башка зыяндуу химиялык заттарды кол менен куюу жана аралаштыруу, ошондой эле сыйымдуу челектерди жана тараларды жогоруда аталган заттардан кол менен тазалоо.

12. Шыбак эритмесин кол менен түшүрүү, үстүңкү бетин кол менен сүргүлөө.

13. Күйүүчү-майлоочу, жарылчу материалдар, уулуу химикаттар, кычкылдыктарды жана шакарларды, хлор жана хлор акиташы сакталган адистештирилген кампаларды тейлөө.

14. Суу түтүгү-канализация тарамдарын жана алардын курулмаларын кыдырып текшерүү жана техникалык кароо.

15. Химиялык зыяндуу заттарды колдонуп эриткичтерди даярдоо.

16. Май термостаттарын пайдаланып термостатталган жайлардагы жумуштар.

17. Компьютер менен иштөө.

18. Бактериологиялык чөйрөдө I-IV класстагы уулуу химиялык заттарды колдонгон жумуштар.

19. Бийиктиктеги жумуштар.

20. Жогорку вольттогу электр кыймылдаткычтарын тейлөө жумуштары.

21. Кол менен сала турган катуу отун жагылуучу технологиялык жана өндүрүштүк мештерди тейлөө жумуштары.

22. Казандарды, танктарды, цистерналарды, чандарды, мунай куюу кемелерин жана башка сыйымдуу челектерди майлардан, глакстардан, мунай өндүрүмдөрүнөн жана химиялык өндүрүмдөрдөн, түтүктөрдү, мештерди жана газ жүргүчтөрдү тазалоо; вентиляциялык жана чаң тосуучу системаларды тазалоо жана оңдоо жумуштары.

23. От алуучу, кычкылданып күйүүчү, токсикалык жана радиоактивдүү материалдар коё берилүүчү, түзүлүүчү, кайра иштетилүүчү, пайдаланылуучу, сакталуучу, ташылуучу жумуштар.

24. Химреактивдерди пайдалануу, ошондой эле аларды сактоо (топтоо) жумуштары.

25. Басым астында иштөөчү идиштер менен иштөө.

26. Ысык плиталардагы, кондитердик мештердеги жана электрдик кууруу шкафтарындагы жумуштар.

27. Сом темирди жана гүпүлдактарды колдонуп III топтогу кыртышты, ошондой эле пневматикалык аспаптарды колдонуп кыртыштын бардык топторун иштетүү.

28. Өнөр жай канализациясын оңдоо жана тейлөө.

29. Иштин ысык участокторунда жабдууларды оңдоо, жөндөө жана тейлөө.

30. Синтетикалык жуучу каражаттарды, химиялык препараттарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуп ич кийимдерди жана атайын кийимдерди колго жуу.

31. Токардык жумуштар.

32. Таштанды түтүктөрүн тазалоо, таштандыны жана кир-кокту ташуу.

33. Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоо: металлургиялык жана химиялык цехтерде; жумуштун ысык участокторунда; пластмасса буюмдары өндүрүшүндө, полиграфия өндүрүшүндө; жүндү алгачкы иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кайра иштетүүчү жайда; I, II, III класстык кооптуулуктагы химиялык заттар ачык түрдө колдонулган участоктордо.

34. Оордукту көтөрүү жана которуу менен байланышкан даяр өндүрүмдү иреттеп тизүү жана таңгактоо.

35. Буюмдарды абразивдик тазалагычтарды кургак ыкмада жылмалоо.

36. Автоматтык жана жарым автоматтык машиналарда колго электрдик ширетүү.

§ 2. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу жумуштардын түрлөрү

37. Суучулдардын суу астындагы, аны ичинде жогорку атмосфералык басым шарттарындагы жумуштары.

38. Кемелердин резервуарларынын, бактарынын, цистерналарынын жана отсектеринин ичиндеги газ кесүү жана газ ширетүү жумуштары.

39. Жекече коргоочу каражаттарды пайдаланып ачык түрдө радиоактивдүү заттар жана башка иондук нурлануу булактары менен иштөө.

40. Таза металлдардын бууларын бөлүү аркылуу приборлорду текшерүү жана аттестациялоо менен байланышкан жумуштар.

41. Радиоактивдүү заттар жана иондук нурлануунун, жогорку жыштыктагы, өтө жогорку жыштыктагы токтун булактары менен жана рентгендик орнотмолордо, аларды пайдаланууга берүү жана сыноо учурундагы жумуштар.

42. Буюмдарды коргошундуу, ошондой эле 1-2-класстагы кооптуу жана канцерагендүү зыяндуу заттарды каңдоочтор менен каңдоо жана чайкоо.

43. Ачык сымаптуу өлчөө каражаттарын текшерүү, пайдаланууга берүү, сыноо, жөнгө салуу.

44. Кемелердин резервуарларынын, бактарынын, цистерналарынын жана отсектеринин ичинде автоматтык жана жарым автоматтык машиналардагы кол менен электрдик ширетүү.

45. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын экстремалдуу шарттарындагы авариялык-калыбына келтирүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү.