Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

Ч Е Ч И М И

 

Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү тууралуу иш боюнча

 

2019-жылдын 4-сентябры №10-р

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья К. Дуйшеев, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы К.А. Аблакимовдун,

кайрылуучу тарап – Ишенбай Дюшенбиевич Кадырбековдун;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Шабданбек Мырзакулович Алишевдин, Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун;

башка жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Латип Пазылович Жумабаевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишеним кат боюнча өкүлү Асель Бекназаровна Абдураимованын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын ишеним кат боюнча өкүлү Шаршеналы уулу Адилеттин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

И.Д. Кадырбековдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.И. Саалаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 5-февралында И.Д. Кадырбековдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Өтүнүчтөн келип чыккандай, Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктүү демократия мамлекеттеги саясий алаканын алдыңкы формасы болуп эсептелет. Анын маңызы жарандар бийлик органдарына алардын кызыкчылыктарын көздөөгө милдеттүү болгон өзүнүн өкүлдөрүн тандоо жолу менен чечимдерди кабыл алууда тике катышуусунда жана өздөрүнүн шайлануусунда турат. Шайлоо жана шайлануу укуктун жүзөгө ашырылуусу жарандардын мамлекетти башкаруунун маанилүү формаларынын бири. Демек, ар бир жаран шайлоочу катары кимди шайлап жатканына жана кимге өзүнүн бийлигинин жүзөгө ашырылуусун берип жатканына кайдыгер эмес.

Арыздануучу Кыргыз Республикасынын Конституциясында шайлоонун субъектилери аныкталган деп белгилейт, алар: Жогорку Кеңештин депутаттары, Президент, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттары (2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы). Бирок, кайрылуунун субъекти болжогондой мыйзам чыгаруучу конституциялык ченемдин чегинен чыгып кеткен, ага ылайык конституциялык Мыйзамдын чөйрөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аныктоо тартиби гана киргизилген (Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы) жана Жогорку Кеңешке шайлануу субъекти саясий партия болуу керек дегенди түшүндүргөн Мыйзам кийинкидей редакциядагы ченемди кабыл алган: «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчү кулакта аныкталгандай кезекте көрсөтүлөт» (конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 4-бөлүгү).

И.Д. Кадырбеков, эгерде шайлоо тутуму – бул шайлоочунун добушун мандатка айлантуу болсо, ал эми шайлоо бюллетени шайлоочунун жазуу жүзүндөгү эркин билдирген ырастамасы болгон болсо, демек, жарандар шайлоо бюллетенинде көрсөтүлгөн саясий партияга добуш берүү менен, маңызы боюнча, парламентке саясий партияны шайлап келген турбайбы дейт. Натыйжада, парламентте мыйзам чыгаруучулук ишмердикти саясий партиялар жүзөгө ашыруусу керек эле, ал эми иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия мандаттарды шайлоочулар тааныбаган эле бейтааныш адамдарга мыйзамсыз берген.

Кайрылуучу тараптын пикири боюнча, саясий партияларга добушун берүүгө мажбур болгон адамдар тизмеде ким бар экенин билген эмес. Талапкерлердин тизмеси саясий партия тарабынан түзүлбөстөн, партиянын жетекчилиги тарабынан түзүлөт, талапкерлердин ирети болсо субъективдүү факторлорго көз каранды болуп келген. Натыйжада, депутаттык мандат ээлери эл шайлаган адамдар эмес, саясий партиянын лидерлери тарабынан тандалган адамдар болуп калган. Бул жагдай жарандардын да, ага партия лидеринин эрки болбосо, парламентке шайлануу мүмкүндүгүн берген башка конституциялык укугун да чектеп койгон.

Ошондой эле кайрылуунун субъекти акылга сыйбаган кырдаалдын түзүлгөндүгүн да белгилейт. Бир жагынан, шайланган партиялар кишилерсиз кайып болуп иштей албайт, экинчи жагынан – парламентке эч ким билбеген бейтааныш адамдар келип түшүүдө, кызыгы, аларга жарандар добушун берген эмес эле. Аны менен, Кыргыз Республикасында жарандардын депутаттарды шайлоо боюнча укуктары бузулууда, бул Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерине карама-каршы келүүдө.

И.Д. Кадырбековдун пикири боюнча конституциялык Мыйзамдын талашылып жаткан ченемин кабыл алган мыйзам чыгаруучу шайлоонун пропорциялуу тутуму партияга добуш берүүнү болжойт жана депутаттык мандаттар саясий партиянын талапкерлер тизмесинде турган адамдарга, шайлоочулар аларды билсе да, билбесе да, аларга добуш беришсе да, беришбесе да, өткөрүлүп берилет.

Ошону менен бирге, И.Д. Кадырбеков пропорционалдуу шайлоо тутуму шайлоо тутумунун бир түрү катары талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштардын пропорциясына жараша талапкерлердин тизмелери ортосунда депутаттык мандаттар бөлүштүрүлүүчү шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тартибин гана аныктайт деп белгилейт. Демек, шайлоо бюллетенинин текстинде саясий партияларынын аталыштары эмес, саясий партияларынын талапкерлеринин тизмеси көрсөтүлүшү керек.

Арыздануучунун пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык өзү тандаган пропорционалдуу тутумдун вариациясына негизделген шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тартибин гана белгилөөгө тийиш эле.

Андан тышкары, кайрылуу субъекти Кыргыз Республикасынын Конституциясында Жогорку Кеңеш жарандар тарабынан шайланган 120 депутаттан, ошондой эле шайлоо күнүнө карата жашы 21ге жеткен жана шайлоого укуктуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат деген маселе даана орнотулганын белгилейт. Ошентип, И.Д. Кадырбековдун пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Конституциясы шайлоочуларга талапкерлердин тизмеси үчүн гана эмес, депутаттыкка талапкер болгон тизмедеги иретине да таасир этүү үчүн добуш берүү укугун берген. Ошентип, талапкерлердин тизмеси ачык болуу керек, анткени талапкерлердин ачык тизмесинин колдонулушу парламенттеги өзүнүн өкүлдөрүнүн персоналдык курамына партиялардын таасирин гана азайтпастан, шайлоочулардын депутаттарды шайлоо укугун кайра калыбына келтирмек.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 18-мартындагы аныктамасы менен И.Д. Кадырбековдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.

Жоопкер тараптын өкүлү Ш.М. Алишев арыздануучунун жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.

Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык мамлекет, эли эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин жеке булагы, өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1 жана 2-беренеси). Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын депутаттарын шайлоо жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгү).

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Адам укуктарынын жалпы декларациясы (21-беренесинин 1, 3-беренелери), Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (25-беренесинин а, b пункттары), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде катышуучу болгон 2002-жылдын 7-октябрындагы мамлекеттердин демократиялык укуктарынын, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктердин стандарттары жөнүндө Конвенциясы (1-берененин 3, 4-пункттары жана 2-беренесинин а пункту) сыяктуу эл аралык актыларында бекитилген эл аралык шайлоо стандарттары мыйзам чыгаруучунун шайлоо тутумунун кайсы бир түрүн орнотууга милдеттендирбейт. Шайлоо тутумунун түрүн тандоо жана мыйзамда тийиштүү шайлоо процедураларынын бекитилиши мамлекеттин конкреттүү коомдук-саясий шарттарына жана саясий тутумунун өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө көз каранды. Ошентип, кайсы бир шайлоо тутуму өзүнөн өзү эле жарандардын шайлоо укуктарын кемсинтүүнүн көрсөткүчү катары кызмат кыла албайт.

«Саясий партиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде саясий партиялар калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин ишке ашыруу максатында түзүлөт жана мамлекеттик башкаруу иштерине: Жогорку Кеңешке, мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүү, өкүлчүлүктүү органдарда фракцияларды түзүү түрүндө катышууну негизги максат катары коюшат. Мында партиянын негизги белгилери болуп элдик анын ичинде белгилүү жашка жеткен жарандардын колдоосунун болушу, мүчөлүктүн ыктыярдуулугу жана саясий программада чагылдырылган жалпы идеологиянын, максаттын жана стратегиянын болуусу саналаары, бул өз кезегинде жашы 18ге жеткен жарандар шайлоого, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жашы курагына жеткенде мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуулугу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келээри эске алынууга тийиш.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасындагы пропорционалдуу шайлоо тутумундагы жабык тизмелер шайлоолорду укуктук жөнгө салуу механизминде борбордук орунга ээ болоорун аныктаган. Анткени шайлоочулук укуктук мамилелердин негизги белгилери элдик бийликтин трансформациялануусунда эркин жана демократиялык шайлоолор аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык бийликке жарандардын практикалык катышуусун камсыз кылган өзгөчө социалдык-саясий мазмун менен алдын ала аныкталат.

Ошондой эле Ш.М. Алишев мындай пропорционалдуу шайлоо тутумунун тиби Европа парламентине, ошондой эле Россия Федерациясы, Израиль жана Европа биримдиги сыяктуу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө шайлоолордо колдонулат.

Ушуга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде чүчү улак менен аныкталган кезектеги саясий партиянын аталышынын көрсөтүлүшү конституциялуу эмес деп саналбайт.

Ошентип, чүчү кулак менен аныкталган кезекте саясий партиянын аталышы гана шайлоо бюллетенинде көрсөтүлүшү жөнүндө талашылып жаткан ченемдин көрсөтмөсүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүндө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда бекитилген жалпылык принциптерин, шайлоо укугунун теңдигин, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктарын бузбаган активдүү шайлоо укугу шайлоочу тарабынан жүзөгө ашырылуусу үчүн зарыл болгон талап катары каралууга тийиш.

Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Ч.М. Бердимуратов Ш.М. Алишевдин жүйөлөрүн колдогон.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Л.П. Жумабаев партиялык тизмелер пропорционалдуу өкүлчүлүктүн тутуму партиялар же кыймылдар талапкерлерин көрсөтүү принцибине негизделген, шайлоочуларга көрсөтүлгөн талапкерлер ичинен дагы, партиялар ичинен дагы тандап алуу эркиндигинин белгилүү даражасы берилиши мүмкүн. Маңызында, мыйзам чыгаруучу шайлоолордун пропорционалдуу тутумунун төрт түрүнүн бирин киргизүүгө укуктуу, алар: ачык, жабык, эркин тизмелер жана панашаж.

Партиялык тизмелер боюнча добуш берүүнүн пропорционалдуу тутуму ар бир партия тарабынан электоратка талапкерлердин тизмесин берилишин болжойт. Шайлоочулар партияга добуш берет, партиялар болсо шайлоо аймагындагы пропорционалдуу үлүшүнө жараша мыйзам чыгаруу органдындагы орундарга ээ болушат. Талапкерлер ичинен жеңүүчүлөр тизмедеги алган орундарына жараша аныкталат.

Л.П. Жумабаевдин пикири боюнча, кайсы бир шайлоо тутумунун түрүн тандоо, мыйзамда тийиштүү механизмдердин, каражаттардын жана методдордун бекитилиши, шайлоо процедураларынын иштелип чыгышы мыйзам чыгаруучу тарабынан өлкөнүн кайсы бир өнүгүү кадамындагы түзүлгөн тарыхый жана социалдык саясий шарттарды эске алуу менен дискрециялык негизде жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш 120 депутаттан турат, алар пропорционалдык тутум боюнча 5 жылга шайланат жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча саясий партия парламентте 65тен ашпаган депутаттык мандат алышы мүмкүн.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо тутумунун пропорционалдуу түрүн түздөн-түз бекитет да, саясий партиялардын Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга укугун орнотуп, андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо тартиби конституциялык Мыйзамда белгиленет деп аныктайт.

Л.П. Жумабаевдин пикири боюнча, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жалпылык, добуштардын теңдиги, тике жабык добуш берүү, саясий партиялардын мүмкүндүктөр теңдиги сыяктуу шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн бардык эл аралык демократиялык принциптер сакталган. Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолорунда жабык тизмелердин пропорционалдуу шайлоо тутуму (сенек тизме) колдонулат, мында шайлоочу тек талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берет. Тизмедеги талапкерлер партиянын съездинде бекитилген тартипте жайгаштырылат.

Андан тышкары, Л.П. Жумабаев көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат, ага өлкөнүн бардык региондорунан делегаттар келип катышат, бул партиянын лидери тарабынан талапкерлердин тизмесин өзү билип түзүү мүмкүндүгүн жокко чыгарат деп белгилеген.

Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык саясий партия көрсөткөн жана саясий партиянын колу жана мөөрү менен ырасталган талапкерлер тизмеси Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Андан кийин тизменин курамы жана жайгаштырылган тартиби талапкерлер тизмеден чыгып кетип эле кетпесе, калган учурда өзгөрүшү мүмкүн эмес.

Л.П. Жумабаев белгиленген конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгү Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси каттоодон өткөндөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталышын, ошондой эле саясий партиянын атынан талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн (иштеген ишин) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүү басма каражаттарында жарыялайт. Андан тышкары, көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат.

Ошентип, Л.П. Жумабаев талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү А.Б. Абдураимова өтүнүчтө баяндалган жүйөлөр туурасында мындай деп түшүндүрмө берет.

Конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партия көрсөткөн жана саясий партиянын колу жана мөөрү менен ырасталган талапкерлер тизмеси Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Андан кийин тизменин курамы жана жайгаштырылган тартиби талапкерлер тизмеден чыгып кетип эле кетпесе, калган учурда өзгөрүшү мүмкүн эмес. Мындай учурда мыйзамдын талаптарын эске алуу менен чыгып кеткен талапкердин ордуна саясий партиянын башка мүчөсү келет.

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталышын, ошондой эле саясий партиянын атынан талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн (иштеген ишин) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүү басма каражаттарында жарыялайт.

Демек, саясий партиялар көрсөткөн талапкерлер тизмеси жашыруун эмес, ачыктан ачык жарыяланууда ар бир шайлоочу аны менен тааныша алат.

Андан тышкары, конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат.

Шайлоолор дайындалганга чейин шайлоочулар саясий партиялар, алардын программасы жана ар бир саясий партия көрсөткөн талапкерлердин тизмеси менен таанышуу максатында үгүттөө иш-чаралары жүргүзүлөт.

А.Б. Абдураимова мыйзамдарды депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнүн так тартиби, шарттары аныкталган, ошондой эле депутаттык бош мандатын берүү тартиби көрсөтүлгөн.

Мыйзамдар мыйзамдын ченемдерин бузуу же андан четтегендик үчүн дайым жоопкерчиликти карайт, ушуга байланыштуу фактылар далилденгенде мыйзамда белгиленген чектен чыккан укукка каршы ар кандай аракеттер куугунтуктоого алынат.

Баяндалгандын негизинде, А.Б. Абдураимова талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Шаршеналы уулу А. кийинкини белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш пропорционалдуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн. Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында конституциялык Мыйзам менен депутаттарды шайлоо тартиби гана эмес, парламентке өтүү үчүн шайлоо чеги да аныкталат деп белгиленген. Башкача айтканда, Шаршеналы уулу А. пикири боюнча, саясий партия үчүн парламентте орундун көрсөтүлгөнү, шайлоо чегинин белгилениши парламентке саясий партиялар шайланат деп аныктайт.

Пропорционалдуу тутум боюнча шайлоолорду өткөрүүдө депутаттык мандаттар талапкерлердин тизмесине берилген добуштардын пропорциясына жараша талапкерлердин тизмеси ичинде бөлүштүрүлгөндүгүнө байланыштуу, эгер бул тизмелер пайыздык чектен ашкан болсо, Шаршеналы уулу А. конституциялык Мыйзамда аныкталган саясий партиялардын парламентке өтүшү жөнүндө ченем укуктуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдин конституциялуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-бөлүгү менен ырасталат, анда саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышат деп айтылган.

Ушуга байланыштуу, Шаршеналы уулу А. Конституциянын көрсөтүлгөн ченемдеринин жыйындысы парламенттин депутаттарын пропорционалдуу тутум, саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмеси боюнча тандоо тартибин болжогону толугу менен укук ченемдүү, жана конституциялык Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын пропорционалдуу шайлоонун принциптеринин белгиленген чектеринен чыкпайт.

Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн жана же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин берет.

Жогоруда баяндалгандан улам, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер тизмеси саясий партиянын жетекчиси эмес, саясий партиянын съезди тарабынан аныкталаары келип чыгууда.

Андан тышкары, конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

Ошондой эле Шаршеналы уулу А. 2018-2020-жылдарга карата шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү жана партиялык чечимдеринин айкындыгын камсыз кылуу караштырылганын белгилеген. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген мыйзамдарда Стратегиянын пункттары да чагылдырылган. Маселен, «Саясий партиялар жөнүндө» Мыйзам долбоорунда негизги жоболорунун бири талапкерлерди көрсөтүүгө байланыштуу кабыл алынуучу чечимдердин айкындуулугун камсыз кылуу болуп саналат, бул түзөтүүлөр шайлоочуларга көбүрөөк маалымат алууга жана анын негизинде аң-сезимдүү тандоо жасоого жол берет.

Азыркы учурда конституциялык Мыйзамга талапкер, саясий партия талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо күнүнөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен бирден кем эмес республикалык мезгилдүү басма каражаттарында шайлоо алдындагы программасын жарыялоону, ошондой эле аны өзүнүн расмий сайтында жайгаштырууну талап кылган ченем киргизилген. Талапкердин, саясий партиянын жарыяланган шайлоо алдындагы программасы менен басылманын көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү талапкерлердин катуу тизмесин сакталышын камсыз кылуу максатында, 2017-жылы тизмеден чыгам деген адам жазуу жүзүндөгү арызды жеке өзү берүү жолу менен, же жеке өзү берүүгө мүмкүн болбогон учурда бул багыттагы талаш-тартышты жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясына нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызды ыйгарым укуктуу адам аркылуу берүү жолу менен талапкерлердин тизмеден чыгуу процедурасы такталган деп белгилеген.

Мында Шаршеналы уулу А. талапкерлердин ачык тизмесинин колдонулушу, арыздануучунун шайлоочу менен талапкердин жакын байланышына жасаган акценти аң сезимдүү тандоонун максатына жетүү үчүн жалгыз бир каражат эмес деп эсептейт.

Мыйзам чыгаруучу пропорционалдуу шайлоо тутумунун ар кандай түрүн аныктай алат, мына ушул парламент тарабынан анын саясий чечими болуп саналат. Жогорку Кеңеш тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган учурда талапкерлердин тизмеси ачык дагы болушу мүмкүн, бирок колдонуудагы тартип Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келген жери жок.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо пропорционалдык тутум боюнча жүзөгө ашырылат, бул жерде шайлоо процессинин өзөктүү субъекти болуп саясий партия саналат.

Саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүгө көмөктөшөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоодо катышат. Ал өзүнүн пикирин билдирүү үчүн жамааттык уюшулган платформа болушат. Партиялар мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органдарын калыптандыруу процессинде өзгөчө орунга ээ, жарандардын пассивдүү шайлоо укугун жүзөгө ашырууну аралыктан жүргүзүшөт, ошондой эле мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органында шайлоочулардын негизги тобунун кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүн камсыз кылышат.

Партия өзү коомдун бир бөлүгү болуп саналгандыктан белгилүү социалдык топтун кызыкчылыктарын чагылдырат, ал ага бийликте анын кызыкчылыктарын өкүлчүлүк кылуу боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берет.

Ошентип, А.М. Курманбаева пропорционалдуу шайлоо тутуму шайлоочулардын партиялык тизмелер боюнча добуш берүүнү болжойт. Ар бир партия шайлоолордон кийин алган добушунун пропорционалдуу пайызына жараша мандаттын санына ээ болот.

Пропорционалдуу шайлоо укугу туунду принципти – шайлоо процессиндеги саясий партиялардын талапкерлеринин теңдик принцибин пайда кылат. Бул принципти жүзөгө ашыруу мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу, ошондой эле бул мүмкүндүктөрдү жүзөгө ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин түзүүдө бардык жарандар жана саясий партия үчүн бирдей укуктук шарттарды мыйзамдарда орнотуу менен камсыз кылынат.

Ушуга байланыштуу, А.М. Курманбаева кайрылуучу тараптын мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу туурасында жүйөсүз, анткени, мурда белгиленип кеткендей, жарандар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлануу үчүн өзүнүн талапкерлерин көрсөтүүгө укугу болгон саясий партияларды түзүүгө укуктуу деп эсептейт.

Андан тышкары, А.М. Курманбаева мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикаснын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында бекитилген шайлоо укуктарынын принциптери бузулган эмес деп белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 30-беренесинин 4-бөлүгү саналат:

«30-берене. Шайлоо бюллетени

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчү кулакта аныкталгандай кезекте көрсөтүлөт».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 2011-жылдын 2-июлунда № 68 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2011-жылдын 5-июлундагы № 54 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат (2-берененин 1-бөлүгү). Аны менен Баш Мыйзам Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн негизи катары бийлик элге таандык деп элдик бийликтин принцибин жарыялоодо жана эл өзү өзүнүн эгемен эркине жана нагыз кызыкчылыктарына ылайык ушул бийликти эркин жүзөгө ашыра алат.

Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгү).

Тикелей демократия мамлекеттин иштерин башкаруу маселелеринде түздөн-түз элдин эркин билдирүү формасында жүзөгө ашырылат, ал эми өкүлчүлүктүү демократия элдин эркин билдирген шайланма ыйгарым укуктуу өкүлдөр аркылуу элге өз бийлигин жүзөгө ашырууга жол берет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык элдик бийликтин жогорку деңгээлдеги көрүнүшү болуп эркин шайлоо саналат, эл шайлоо аркылуу жеке анын кызыкчылыгын чагылдырган жана мамлекеттин ишин натыйжалуу, бүтүндөй коом үчүн ачык жана жоопкерчиликтүү башкарууну ишке ашырган элдик бийликти түзүүгө катышат.

Ошентип, шайлоолор демократиялык мамлекеттин ажырагыс элементи катары элдик эгемендиктин негизги формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын курууда, укук булагы катары өзгөчө ролу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулук укуктук мамилелерге киришүү менен өзүнүн саясий эркин жана ага байланыштуу субъективдүү укуктарды жана кызыкчылыктарды гана жүзөгө ашырбастан, элдик бийликтин конституциялык принцибин дагы турмушка жүзөгө ашырууда.

Кыргыз Республикасынын жаранынын шайлоо жана шайлануу конституциялык укугун жүзөгө ашыруунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген принциптерге ылайык жашыруун добуш берүү менен жалпыга бирдей жана түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде чыныгы эркин шайлоого катышуу мүмкүндүгү орун алган (2-берененин 4-бөлүгү, 52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту).

Келтирилген конституциялык жоболор эл аралык укуктун ченемдери менен үндөшүп турат. Маселен, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 25-беренесине ылайык b пунктунда ар бир жаран жабык добуш берүүдө жалпыга бирдей жана тең шайлоо укугунун негизинде өткөрүлүп жаткан жана шайлоочулардын эркин билдирүүнү камсыз кылган нагыз мезгилдүү шайлоолордо кандайдыр бир кемсинтүүсүз жана негизделбеген чектөөлөрсүз добуш берүү мүмкүндүгү дагы, шайлануу укугу дагы болуу керек; Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 21-беренесине ылайык элдин эрки өкмөт бийлигинин негизи болуу керек деген жобону карайт, ал эрк жабык добуш берүү жолу менен жалпыга бирдей жана тең шайлоо укугунда добуш берүү эркиндигин камсыз кылган мезгилдүү жана жалган эмес шайлоолордо өзүн көрсөтүп турушу керек; Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучусу болгон мамлекеттерде демократиялык шайлоолордун, шайлоо укуктарынын жана эркиндиктеринин стандарттары жөнүндө Конвенциянын 1-беренесине ылайык жабык добуш берүүдө жалпыга бирдей жана түздөн-түз шайлоо укугунун негизинде элдик өкүлчүлүктүн органдарын түзүүдө жарандардын катышуусу бекитилген.

Жарандардын шайлоо укугу конституциялык-укуктук маанилүүлүгүнүн жогорку даражасына ээ болуу менен мамлекеттин иштерин башкарууда түздөн-түз катышуусунда ар бир конкреттүү шайлоочунун жеке кызыкчылыгын дагы, шайлоолордун объективдүү жыйынтыктарына жетишүүдө, анын негизинде элдик бийлик органдарын калыптандырууда жана легитимизациялоодо коомдук кызыкчылыкты дагы камтыйт.

Элдик бийлик принциби жана шайлоо укуктарынын конституциялык-укуктук табияты ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу мамлекетти Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырылуусун жана Кыргызстан элинин эгемен эркинин шайлоолорунун жыйынтыктарынын негизинде акылга сыяр чагылуусуна алдын ала милдеттендирет.

3. Мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилденген мамлекетти тикелей, же өзүнүнүн өкүлдөрү аркылуу башкарууда катышуу укугун, өкүлчүлүктүү органдарга шайлоо жана ага шайлануу кошкондогу укугун жүзөгө ашыруунун ыкмаларын жана шарттарын аныктоо менен негизделбеген чектөөлөргө жана алар өзүнүн реалдуу мазмунун жоготпос үчүн ушул укуктардын маңызынын бурмалануусуна жол берүүгө укуктуу эмес. Мамлекет өлкөнүн кайсы бир өнүгүү этабындагы тарыхый шарттар менен аныкталып жаткан тийиштүү механизмдерди, каражаттарды жана усулдарды тандоодо дискрецияга ээ болот.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоонун конституциялык мыйзам менен аныкталган тартибинде пропорционалдык тутум боюнча шайланышат. Аны менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы пропорционалдык тутум боюнча мезгилдүү өткөрүлүп жаткан шайлоолорду Жогорку Кеңешти түзүүнүн жалгыз мыйзамду ыкмасын таануу менен шайлоолорду уюштуруу, өткөрүү методун аныктоо жана жыйынтыктарын чыгаруу маселелерин мыйзам чыгаруучуга калтырууда.

Ошону менен бирге, бул жагдай мыйзам чыгаруучуга шайлоо тутумун куруу жана анын процедураларын аныктоо маселелеринде чексиз эркиндик берүү деп түшүндүрүлбөйт. Мыйзам чыгаруучу, конституциялык түзүлүштүн бири катары эркин жана калыс шайлоолор экендигинен келип чыксак, аларды атаандаштык жана айкындык шарттарында акылга сыйган мезгилдүүлүк өткөрүп туруу зарылдыгын болжойт, бул жаатта жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоочулардын эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын бурмалануусуна жол бербестен демократиялык шайлоолордун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн элдик бийлик органдарынын легитимдүү тиешелүү деңгээлде кепилдеген укуктук жөнгө салууну орнотууга, демократиялык, укуктук мамлекетте шайлоолордун табиятын жана касиетин эске алууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эл аралык пактыларында орнотулган шайлоо укуктарынын принциптерин карманууга, калыс жана адекваттуу процедураларды орнотууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көрсөтмөлөрүн өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жүзөгө ашырылуусунун тартибин аныктаган, Кыргыз Республикасынын Конституциясы орноткон шайлоо тутумунун үлгүсү алкагында Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоолорун даярдоого жана өткөрүүгө жана шайлоолордун жыйынтыктарын чыгарууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салган «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кабыл алган.

Жогоруда көрсөтүлгөңн конституциялык Мыйзамдын 60-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейинки мөөнөттө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Мында партия талапкерлердин тизмесин түзүүдө бир жыныстагы дамдардын, жаштардын, ар кандай улуттагы адамдардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын пропорционалдуу өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү. Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт («Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 3-бөлүгү).

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана бекитүү тартибин жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

«Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнөн келип чыккандай Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордо шайлоо бюллетенинде чүчү кулак аныктаган кезекте саясий партиялардын аталыштары көрсөтүлөт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлердин тизмесин түзүү тартибинен, добуш берүүнүн мазмунунан (партияга добуш берүү үчүн), аймактын өлчөмүнөн, алынган добуштарды мандатка которуу эрежелеринен келип чыксак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жабык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдуу тутуму орнотулганы келип чыгууда.

Пропорционалдуу тутум болуп партиялар топтогон добуштардын пропорциясына жараша мандаттары бөлүштүрүлгөн партиялык өкүлчүлүк аркылуу мамлекеттик бийликтин шайлоо органдарын түзүү ыкмасы саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бул шайлоо тутумунун конституциялык укуктук маңызы туурасында өзүнүн көз карашын бир нече жолу билдирген, атап айтканда, 2014-жылдын 22-сентябрындагы Чечиминде шайлоо процессинин негизги субъектилери болуп айрым талапкерлер эмес, добуш үчүн күрөшкө түшкөн талапкерлер тизмесин камтыган саясий партиялар саналат деп көрсөтүлгөн. Пропорционалдуу шайлоо тутумунун алкагында саясий партиялардын талапкерлерди (талапкерлер тизмесин) көрсөтүү укугу бул тутумдун укуктук табиятында турат.

Пропорциялык шайлоо системасы боюнча өткөрүлгөн шайлоолордо шайлоочулар саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш беришет. Уткан тизмедеги мандаттар алардын тизмеде жайгашуусундагы кезеги боюнча талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Ошентип, ар бир жаран Конституцияда кепилденген шайланууга болгон укугун талапкер катары партиялык тизме аркылуу ишке ашырып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттык статуска ээ боло алат (2014-жылдын 24-сентябрындагы, 2014-жылдын 4-сентябрындагы Чечимдер).

4. Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилгендей демократиянын мазмундуу мүнөзү болуп идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук саналат, ал эми саясий партиялар өзү болсо укуктук мамлекеттин алкагында жана Конституция менен белгиленген формаларда иштей турган зарыл институт болот (4-берененин 1, 2, 3-бѳлүктѳрү).

Саясий партиялардын ишмердиги элдик (саясий) бийликти уюштурууга жана иштөөгө түздөн-түз байланыштуу болот, алардын бардыгы бийлик мамилелерине аралашкан, ошол эле учурда жарандык коомдун алкагында ыктыярдуу бирикмелер болгондуктан жарандарга коомдун саясий турмушуна катышуусун, жарандык коом менен мамлекеттин саясий алакасын, саясий тутумдун бүтүндүгүн жана омоктуулугун камсыз кылган өкүлчүлүктүү демократиянын зарыл институту катары чыгат.

Пропорционалдуу шайлоо тутумунун өзгөчөлүгү - талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана бекитүү аркылуу жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырган расмий субъект катары саясий партиялардын легитимизациясын камсыз кылганында турат.

 

Саясий партиялардын талапкерлер тизмесин көрсөтүү жана бекитүү процедурасы татаал укуктук мамилелердин тутумун калыптандырат, ага партиялар өзү, депутаттар, ошондой эле шайлоонун өзү өткөрүлгөнгѳ чейин эле шайлоочулар да катышат, аны менен алар бүткүл шайлоо процессинин ажырагыс бөлүгү болуп калышат.

Натыйжада, жабык тизмелер боюнча пропорционалдуу тутум электоратка реалдуу таасирине жараша өлкөнүн саясий күчтөрүнүн бүтүндөй түркүмүн парламентте чагылдырууга жана аздыктын парламентте өзүнүн өкүлдөрүнүн болушуна, шайлоо процессинин бардык субъектилеринин жамааттык жана жеке кызыкчылыктарынын акылга сыйган балансына жетишүүгө, көп партиялуулукту, идеологиялык жана саясий плюрализмди өнүктүрүүгө, саясий партиялар ортосунда мүмкүндүктөрдүн бирдейлигин жана чыныгы атаандаштыкты камсыз кылууга жол берет.

Ошол эле учурда, кайрылуучу тараптын партиялык жетекчилердин колунда бийликтин ашкере болушу менен жана жеке курам менен талапкерлердин тизмедеги кезегине таасир этүү мүмкүндүгү менен, партиялык депутаттардын шайлоочулар менен жана конкреттүү региондор менен байланышын жоготуу менен, парламентке белгисиз же жагымсыз адамдардын келиши менен мүнөздөлгөн мыйзам чыгаруучу тарабынан тандап алынган пропорционалдуу шайлоо тутумунун түркүмүнүн белгилүү кемчиликтери бар деген жүйөлөрү менен макул болбой коюуга болбойт.

Бул туурасында жабык тизмелер боюнча шайлоолордун пропорционалдуу тутумун кабыл алган бардык өлкөлөр үчүн ушул көрсөтүлгөн терс көрүнүштөр таандык экенин белгилеп кетүүгө тийиш.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамда жабык тизмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун белгиленген пропорционалдык тутуму эл аралык стандарттарга карама-каршы келбейт жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана ага шайланууга конституциялык укуктарынын чектелишине же бузулушуна алып келиши мүмкүн эмес.

Саясий партиялардын атынан кирген талапкерлердин жеке маалыматтарынын шайлоо бюллетенине кирбегендигин маалыматты шайлоочулардан жашыруу же аны жабык деп кароо болбойт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт. Андан тышкары, Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат (конституциялык Мыйзамдын 29-беренесинин 3-бөлүгү). Бул маалымат бардык шайлоочулар үчүн ачык.

Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын мезигилинде депутаттыкка болгон бардык талапкерлер жөнүндө толук маалымат, ошондой эле ар бир партиянын шайлоо алдындагы программасы ар бир шайлоочуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген бардык каражаттар менен жеткирилет, аны менен шайлоо процессинин ачыктыгы камсыз кылынат. Демек, арыздануучунун саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер туурасында шайлоочулар маалыматка ээ болбой калышууда деп айткан сөздөрү жараксыз.

Кабыл алынган шайлоо тутумунун өзгөчөлүгү шайлоочу өзүнүн чындап каалаганын билдирүү үчүн бүткүл шайлоо процессинин жигердүү катышуучусу болуу зарыл, бирок мындай укуктук жөнгө салуу жарандардын, талапкерлердин өзү жана алар тууралуу маалыматтын жабык формасы шайлоочу укугуну чектөө катары каралышы мүмкүн эмес деп таанылууга тийиш.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин үчүнчү абзацы) деген конституциялык жобо депутаттыкка болгон талапкерлер жөнүндө жеке маалыматтар милдеттүү тартипте көрсөтүлүшү керек деп билдирбейт. Колдонуудагы шайлоо тутумунун үлгүсүндө депутаттыкка барган талапкерлердин жеке маалыматтарын шайлоо бюллетенинде көрсөтүлбөгөндүгү шайлоо учурунда шайлоочунун эрки жана катталган талапкерлердин тизмеси ортосунда кечип өткүс кырдаалды түзбөйт, анткени тизмеде талапкердин көрсөтүлгөнүнө же көрсөтүлбѳгөнүнѳ карабастан шайлоочу саясий партия көрсөткөн бүтүндөй тизме үчүн добуш берет, бул жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешти шайлоо жана ага шайлануу конституциялык укугунун жүзөгө ашырылуусуна жолтоо болбойт.

Жалпы шайкештикке жетишүү максатында пропорционалдуу шайлоо тутумунун кайсы бир түркүмүн тандоо жана аны мамлекеттин конкреттүү социалдык-саясий шарттары жана негиздери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген саясий тутумдун өнүгүү өзгөчөлүгүнө жараша тийиштүү шайлоо процедураларынын мыйзамдарда бекитилиши мыйзам чыгаруучунун дискрециялык ыйгарым укуктарына таандык. Мыйзам чыгаруучу мындай шайлоо процедураларынын кайсы бир түрлөрүн колдонууда шайлоолордун конституциялык-укуктук табиятына шайкеш келген шайлоонун жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын реалдуу эркин билдирүүнү камсыз кылган тийиштүү кепилдиктерди кароону милдеттенет.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Ч Е Ч Т И:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 4-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи жана үчүнчү абзацына карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ