Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2002-жылдын 2-марты № 31

Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 291, 2011-жылдын 23-июнундагы № 54, 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142, 2018-жылдын 22-майындагы № 52, 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

I Глава. Жалпы жоболор

II Глава. Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү Менчиктештирүү мамлекеттик программасы

III Глава. Менчиктештирүүнүн катышуучулары (субъекттери жана объекттери)

IV Глава. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдары

V Глава. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык өнөктөштүктөргө (коомдорго) өзгөртүп түзүү

VI Глава. Чарбалык шериктештиктерге (коомдорго) өзгөртүп түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү

VII Глава. Баштапкы бааны аныктоо, менчиктештирүүдөн түшкөн киреше жана аны бөлүштүрүү

VIII Глава. Корутунду жоболор

 

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аркылуу Кыргыз Республикасында менчикке мамилелерди өзгөртүүнүн уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт.

 

I Глава

Жалпы жоболор

 

1-статья. Мүлктү менчиктештирүү түшүнүгү

 

Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү (менчиктештирүү объекттерин) жеке жана юридикалык жактардын менчигине ордун толтуруп ажыратып берүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү дегендикти түшүндүрөт.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз

Республикасынын мыйзамдары

 

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдык актылардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсүн чектөө

 

Ушул Мыйзамдын колдонуусу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

менчик ээлеринин, алардын мураскорлорунун жана укугун мурастоочулардын мамлекетке алынган, конфискацияланган, болбосо көрсөтүлгөн адамдардын эркине каршы башка ыкма менен мамлекеттин же муниципалдык менчикке алынып коюлган мүлккө мүлктүк укуктарын калыбына келтирүүгө;

жерди менчиктештирүүгө;

жаратылыш ресурстарын менчиктештирүүгө;

мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондун менчиктештирүүгө;

мамлекеттик резервди менчиктештирүүгө;

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мамлекеттик менчикти менчиктештирүүгө;

тарыхый-маданий мурастардын объекттерин жана жаратылыш объекттерин менчиктештирүүгө;

Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу учурларына;

мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикке.

Ушул статьяда аталган мамлекеттик мүлктү, анын ичинде менчиктештирүү объекттери менен бирдиктүү комплексти түзүүчү жер участокторун ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2022-жылдын 5-августундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

II Глава

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы

 

(Главанын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы

 

1. Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Менчиктештирүү программасы мамлекеттик менчик объекттеринин тизмегин камтыйт:

менчиктештирилүүгө жаткан чарбалык коомдордун уставдык капиталдарындагы акцияларды жана үлүштөрдү;

менчиктештирилүүгө жаткан мүлктүк комплекстерди жана кыймылсыз мүлктү.

3. Менчиктештирүү программасы белгилүү бир календардык мөөнөткө кабыл алынат жана аны кезектеги мөөнөткө бекиткен учурга чейин колдонулат. Менчиктештирүү программасынын колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-1-статья. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты аныктайт.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелериндеги мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-статья. Менчиктештирүү процессинде мамлекеттик мүлктү классификациялоо

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

6-статья. Менчиктештирүүгө мамлекеттик мүлктү аныктоо

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

III Глава

Менчиктештирүүнүн катышуучулары

(субъекттери жана объекттери)

 

7-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамда, Менчиктештирүү программасында, башка мыйзамдарда каралган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну;

тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте Менчиктештирүү программасынын долбоорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүнү;

Менчиктештирүү программасынын аткарылышынын мониторингин.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

Менчиктештирүү программасын ишке ашырууну;

мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылууну;

республиканын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону;

менчиктештирилүүчү объекттерди сатууну;

мамлекеттик мүлктү эсепке алууну уюштурууну жана анын реестрин жүргүзүүнү;

чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы менчиктештирүүгө жаткан мамлекетке таандык акцияларды (үлүштөрдү) эсепке алууну, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде аныкталган сатып алуучуларды эсепке алууну жана милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону;

мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө статистикалык жана бухгалтериялык отчеттуулукту жүргүзүүнү;

тиешелүү белгиленген ченемдерге ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын алууну жана которууну;

Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлк объекттерине ээ болуу жана пайдалануу жана тиешелүүлүгүнө жараша башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын укугун белгилөөгө башка мамлекеттер менен келишимди даярдоону;

юридикалык жактарды түзүүчү катары чыгуу жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;

уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык шериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүргүзүү жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;

мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун жүзөгө ашырган чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы акциялары (үлүштөрү) боюнча дивиденддерди жана башка кирешелерди которууну камсыз кылуу боюнча чараларды;

мамлекеттик менчикте турган мүлккө карата ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу катары чыгуу жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;

мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча комиссия түзүүнү.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акционердик коомдордун жалпы чогулуштарында мамлекеттик менчикте калган акциялардын санына ылайык добуш укугуна ээ болот.

өлүк КР 2018-жылдын 22-майындагы № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2018-жылдын 22-майындагы № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзамда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка субъекттерге берүүгө укуксуз.

 (КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180, 2018-жылдын 22-майындагы № 52 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

8-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары менен өз ара мамилеси

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-статья. Менчиктин мамлекеттер аралык маселелерин чечүү

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жерлерде менчик укуктарын коргоого байланышкан маселелерди мамлекеттер аралык келишимдерге (макулдашууларга) ылайык чечет.

Кыргыз Республикасынын башка республикалардын (мамлекеттердин) аймагындагы менчигин мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан ошол республикалардын (мамлекеттердин) мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагындагы мүлктүк комплекстерге карата башка республикалардын (мамлекеттердин) менчик укуктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө акылуу.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2011-жылдын 23-июнундагы № 54, 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-статья. Менчиктештирүү объекттери

 

Менчиктештирүү объекттерине төмөнкүлөр кириши мүмкүн:

чарбалык коомдордун акциялары (уставдык капиталдагы үлүштөрү);

мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнү (жоюуну) жүргүзүүнүн натыйжасында түзүлгөн мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишкананын иштөөгө жөндөмдүү өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүнүштөрүн түзүүчүлөр;

ага карата тармактык мыйзамдар менен менчиктештирүүгө тыюу салуу белгиленбеген, башка мамлекеттик мүлк.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-статья. Мамлекеттик мүлктү сатуучулар

 

Мамлекеттик мүлктү сатууну мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-статья. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар

 

Мамлекеттик мекемелер менен ишканалар белгиленген тартипте аракетке жарамсыз деп таанылган жеке жактар менчиктештирилүүчү мамлекеттик мүлктүн сатып алуучулары боло алышпайт.

Эгерде кийин мамлекеттик мүлктү сатуу учурунда сатып алуучунун аны сатып алууга мыйзамдуу укугу жок экендиги белгиленсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө бүтүмү жараксыз деп табылат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

IV Глава

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдары

 

13-статья. Менчиктештирүү объекттеринин алгачкы бааларын аныктоонун тартиби

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

14-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдары

 

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү төмөнкүдөй:

аукциондо сатуу;

конкурста сатуу;

кийин сатып алуу укугу менен башкарууга берүү;

кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү;

салым катары чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына киргизүү усулдары менен жүзөгө ашырылат;

фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу;

тикелей сатуу.

Саналып өткөн усулдардын кайсынысы менен болсун объектти 3төн кем эмес жолу сатууга мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, тикелей сатуу усулу колдонулушу мүмкүн.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-статья. Менчиктештирүүнүн усулдарын колдонуу

 

Менчиктештирүүнүн усулун тандоо менчиктештирүү объектисине жараша мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилерин менчиктештирүү усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

16-статья. Аукцион

 

Аукционго коюлган менчиктештирүү объектин сатуунун жүрүшүндө эң жогорку бааны сунуш кылган жана төлөгөн жакка менчик укугу өтүүчү сатык өткөрүү жолу менен, анын ичинде электрондук форматта сатуу усулу аукцион болуп саналат. Мында менчиктештирилүүчү объектке карата эч кандай кошумча шарттарды аткаруу талап кылынбайт.

Аукцион ачык өткөрүлөт, башкача айтканда, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчиктештирүү объекттерин сатып алуучуларга коюлуучу талаптарды аткаруучу бардык жеке жана юридикалык жактар чектөөсүз катышууга укуктуу.

Аукцион өткөрүү тартиби, потенциалдуу сатып алуучулардын катышуу шарттары, аукциондун жеңүүчүсүн аныктоо тартиби, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алгандыгы үчүн эсептешүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-статья. Конкурс

 

Менчиктештирүү объектин сатып алуучу конкурстун шарттары менен аныкталган белгилүү бир милдеттенмелерди өзүнө алуу менен мамлекеттик мүлктү сатуу усулу конкурс болуп саналат.

Мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн.

Коммерциялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу менчиктештирилүүчү объектке карата өзүнө алынуучу милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Белгиленген милдеттенмелерди өзүнө алуу менен эң кымбат бааны сунуш кылган жана төлөгөн жак коммерциялык конкурстун жеңүүчүсү жана менчиктештирилүүчү объекттин сатып алуучусу болуп калат.

Инвестициялык конкурсту пайдаланууда сатып алуучу менчиктештирүү объектине карата өзүнө алуучу милдеттенмелердин тизмеси белгиленет. Инвестициялык конкурстун катышуучулары;

бизнес-планды;

бизнес-планды ишке ашыруу үчүн өзүнө алуучу зарыл инвестициялык милдеттенмелердин көлөмүн жана мүнөзүн;

менчиктештирүү объекти үчүн сунуш кылынуучу бааны камтыган сунуштарды беришет.

Сунушу эң жакшы деп табылган жак инвестициялык конкурстун жеңүүчүсү болуп калат.

Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарттары менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун төмөнкүдөй милдеттенмелерин камтышы мүмкүн:

менчиктештирүү объектинде жумуш орундарынын деңгээли боюнча милдеттенмелерин;

эмгек акы боюнча милдеттенмелерин;

социалдык чөйрөнүн объекттерин тескөө боюнча милдеттенмелерин;

инвестициялардын көлөмү боюнча милдеттенмелерин;

карыздарды тындыруу боюнча милдеттенмелерин;

уставдык капиталды көбөйтүү боюнча милдеттенмелерин;

айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенмелерин.

Ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө саналгандардан башка милдеттенмелерди сатып алуучуга жүктөөгө тыюу салынат. Бардык милдеттенмелердин саны жана ошондой эле аларды аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.

Конкурсту өткөрүү тартиби, потенциалдуу сатып алуучулардын ага катышуу шарттары, конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо тартиби, мамлекеттик мүлктү сатып алгандыгы үчүн эсептешүү тартиби, ошондой эле милдеттенмелерди аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобо менен жөнгө салынат.

 

18-статья. Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү

 

Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган башкаруучу менен келишим түзүү аркылуу менчиктештирүү объектин башкарууга берүү менчиктештирүү усулу болуп саналат. Келишим башкаруучу өзүнө алуучу милдеттенмелерди жана менчиктештирүү объектин сатып алуунун шарттарын аныктайт.

Кийин сатып алуу менен башкарууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

19-статья. Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү

 

Кийин сатып алуу укугу менен ижарага берүү жөнүндөгү келишимге ылайык ижарага берилген мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, эгерде аталган келишим менен сатып алуу өлчөмү, мөөнөтү жана аны төлөө тартиби, ошондой эле башка шарттар белгиленсе, ал ижарачынын арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Менчиктештирүүнүн усулу катарында кийин сатып алуу менен ижарага алуу ижарада турган объекттерге карата колдонулат. Кийин сатып алуу менен ижарага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу

 

Мамлекеттик мүлктү чарбалык коомдордун уставдык капиталдарына салым катары кошуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

20-1-статья. Түз сатуу

 

Түз сатуу мамлекеттик мүлктү белгилүү бир инвесторго менчиктештирүүнүн усулу болуп эсептелет. Мамлекеттик мүлктү түз сатуу усулун колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

20-2-статья. Фондулук биржада акцияларды жайгаштыруу жана сатуу

 

1. Мамлекетке таандык болгон акцияларды фондулук биржаларда жайгаштыруу жана сатуу баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекетке таандык болгон акцияларды чет мамлекеттердин фондулук биржаларында жайгаштыруу жана сатуу биржа тарабынан белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекетке таандык болгон акцияларды фондулук биржаларда жайгаштыруу ыкмасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Мамлекетке таандык болгон акцияларды фондулук биржаларда жайгаштыруу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аркылуу жасалат.

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу менен келишим мамлекетке таандык болгон акцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген минималдуу баадан төмөн эмес сатуу боюнча милдетти камтууга тийиш.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

21-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маалымат

 

Өткөрүлө турган торуктар жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн мүлктү сатуу жүзөгө ашырылган күнгө чейин 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - 90 календардык күн калгандан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

Менчиктештирүү объектерин сатууда маалыматтык билдирүү формасында милдеттүү түрдө жарыялануучу маалыматтардын тизмесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган белгилейт.

Мамлекеттик монополияга каршы органдын жана анын аймактык органдарынын сунуштарына ылайык маалыматтык билдирүүгө рынокто үстөмдүк кылуучу абалдагы менчиктештирүү объектинин продукциясынын (ишинин, кызматынын) үлүшү жөнүндөгү маалымат кошулат.

Сатып алуучулар менчиктештирүү объекти жөнүндө башка маалыматтар менен белгиленген нерсе маалыматтык кабарда таанышууга укуктуу.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат аталган бүтүмдөр аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жарыяланууга тийиш. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматты жарыялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Менчиктештирүү боюнча бүтүмдөрдүн натыйжалары жөнүндө төмөнкү маалыматтар жарыяланууга жатат:

менчиктештирүү объектинин аталышы;

менчиктештирүү датасы;

менчиктештирүүнүн усулу;

менчиктештирүү объектинин сатык баасы.

Ачык акционердик коомдун акцияларын сатуудагы маалыматтык билдирүүгө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участкасынын аянты;

мындай коомдун кыймылсыз мүлкүнүн мүнөздөмөсү;

мындай коомдун акцияларын алып сатууга коюлган көрсөтмөлөр;

мындай коомдун баланстык отчету;

мындай коомдун продукциясынын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги аттары;

мындай коомдун кызматкерлеринин саны;

Кыргыз Республикасынын резиденттери эместеринин, ошондой эле уюштуруучулар (катышуучулар) жана аффилирленген адамдар катары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна карата чектөөлөр;

сатып алуучулардын башка маалыматтар менен таанышуу тартиби;

менчиктештирүү объектине карата түйшүк салуулар жана юридикалык талап коюулар тууралуу маалыматтар.

(КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

V Глава
Мамлекеттик ишканаларды чарбалык өнөктөштүктөргө (коомдорго) өзгөртүп түзүү

 

22-статья. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүүнүн формалары

 

Мамлекеттин менчигинде 100 пайыз акциялары таандык болгон мамлекеттик ишканалардын уюштуруу-укуктук формасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү - мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүүнүн негизги формасы катары акционерлештирүү болуп саналат. Мамлекеттик ишканалардын мүлкүн баалоо наркы акционердик коомдун уставдык капиталын түзүү үчүн жетишсиз болгон учурда мамлекеттик ишкана чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамында каралган өлчөмдө жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

23-статья. Кайра уюштуруу жөнүндө чечим

Мамлекеттик ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

Рынокто үстөмдүк же монополиялык абалды ээлеген мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

24-статья. Мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган кабыл алынган чечимдин негизинде мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө даярдоо боюнча комиссия (мындан ары менчиктештирүү боюнча комиссия) түзөт жана өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен өзгөртүп түзүү мөөнөтүн белгилейт.

Менчиктештирүү боюнча комиссиянын курамына мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын, кызыкчылыктары бар министрликтердин жана ведомстволордун, кайра өзгөртүлүп түзүлүүчү ишкананын өкүлдөрү кирет. Менчиктештирүү боюнча комиссия аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартууга укуктуу, алар өздөрү аткарган иштердин аныктай жана негиздүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

25-статья. Акциялаштырууга даярдык

 

Менчиктештирүү боюнча комиссия:

мамлекеттик ишкананын мүлкүн инвентаризациялоонун жана финансылык отчетунун документтерине талдоо жүргүзөт;

ишкананын финансылык-экономикалык абалына жана ишине талдоо жүргүзөт;

мамлекеттик ишкананы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акционердик коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктайт.

Эгерде мамлекеттик ишкана менчиктештирүү боюнча комиссиянын пикири боюнча аны акциялаштырганга чейин кандайдыр бир өзгөртүп түзүүгө муктаж болсо, менчиктештирүү боюнча комиссия мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу) боюнча өзүнүн рекомендацияларын иштеп чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна киргизет, ал рекомендациялар мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин колдонулат.

Менчиктештирүү боюнча комиссия жүргүзүлгөн иштин негизинде отчет түзөт жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

26-статья. Уставдык капиталды түзүү

 

Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон чарбалык коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн аныктоо максатында мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик ишкананын мүлкүн баалоону жүргүзөт.

Уставдык капиталды аныктоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менчиктештирүүнүн өзгөчө режими белгиленген мүлктүн наркы, ошондой эле социалдык-турмуш-тиричилик жана социалдык-маданий багыттагы объекттердин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин менчигинде сактоо жөнүндө чечим кабыл алынган башка объекттердин наркы чыгарылат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

27-статья. Өзгөртүп түзүүнү аяктоо

 

Чарбалык коомду мамлекеттик каттоо үчүн уюштуруу документтери менен бирге берилген өткөрүү актысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бекитүүгө жатат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

28-статья. Мүлктү тескөөгө убактылуу чектөөлөр

 

Акционердик коомго (жоопкерчилиги чектелген коомго) өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттик ишкана, мүлк менен негизги фонддордун баланстык наркынын азайышына алып келүүчү бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

29-статья. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүүдө укугун улантуу принциптери

 

Мамлекеттик ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында пайда болгон чарбалык коом, анын бардык укуктарын жана милдеттенмелерин, анын ичинде эмгектик мамилелерин улантуучу болуп саналат.

 

VI Глава

Чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү

 

(Глава КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

30-статья. Уставдык капиталдагы мамлекетке таандык акциялар пакеттерин (үлүштөрдү) сатуу

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

31-статья. "Алтын акция" укугу

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

 

VII Глава

Менчиктештирүү объектисинин наркын аныктоо, менчиктештирүүдөн

түшкөн кирешелер жана аларды бөлүштүрүү

 

(Главанын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-статья. Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо тартиби

 

Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Баалоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө ага акы төлөө тартиби

 

Сатып алуучулардын сатып алынган мамлекеттик мүлккө акы төлөөсү сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.

Объекттерди конкурста менчиктештирүүдө объекттин наркын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууга жол берилет, мында объектти менчиктештирүү үчүн баа боюнча конкурстун катышуучуларынын сунуштары сатып алуу төлөмдөрүн төгүүнүн шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн камтууга тийиш.

Менчиктештирилүүчү объект мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен сатылганда, баштапкы төгүмдүн өлчөмү сатуу баасынын 50 пайызынан кем болбоого, ал эми мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мезгили бир жылдан ашпоого тийиш.

Төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге калтыруу берилген акча каражатынын суммасына, ал берилген учурдагы коммерциялык банктардын кредиттери боюнча орточо салмактуу пайыздык ставкаларга негизденүү менен каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

34-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө төлөм каражаттары

 

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) мыйзамдуу төлөм каражаты деп эсептелет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча менчиктештирүүнүн конкреттүү объекти үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери төлөм каражаты болуп табылышы мүмкүн.

Мамлекеттик мүлк үчүн башка өлкөлөрдүн акча бирдиктери менен төлөөдө банктын чыгымдары жана курстук айырма сатып алуучунун эсебинен төлөнөт.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

 

Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ченемдиктерге ылайык жана тартипте бөлүштүрүлөт.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акчалай каражат мыйзамга ылайык чегерилүүгө жатат жана милдеттүү төлөм болуп саналат.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн алынган акчалай каражат өз убагында чегерилбеген учурда, салык алуу боюнча ишти координациялоо жана жөнгө салуу компетенциясы кирген аткаруу бийлик органы, анын аймактык органдары аталган акча каражаттарын тийиштүү түрдө мамлекеттик мүлктү сатуучунун эсептеринен талашсыз тартипте чыгарып салууга укуктуу болушат.

 

VIII Глава

Корутунду жоболор

 

36-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жол-жоболоштуруу

 

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жана сатып алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.

Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишими милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү:

мүлктү сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;

келишимдин предметинин аныктамасын;

менчиктештирүү объекти жөнүндө маалыматтарды;

мамлекеттик мүлктү сатуу баасын;

сатып алынган мүлк үчүн төлөө формасын жана мөөнөтүн;

ага ылайык көрсөтүлгөн мүлктү сатып алуучу сатып алган инвестициялык жана (же) социалдык шарттарын;

ошондой шарттардын аткарылгандыгын сатып алуучу тарабынан ырастоонун тартибин;

сатып алуучу сатуу-сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбаганда келишимди бузуунун тартибин;

өз ара макулдашуу боюнча мындай келишимдин тараптары белгилеген башка шарттарын камтууга тийиш.

Менчиктештирүү объектине карата сатып алуучунун бардык милдеттенмелеринин саны жана аткаруу мөөнөтү болууга тийиш.

Мамлекеттик мүлккө менчик укугу мамлекеттик мүлккө сатып алуу-сатуу келишими белгилеген тартипте мамлекеттен аны сатып алуучуларга өтөт.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

37-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмүн жокко чыгаруу

 

Эгерде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын бузуу менен ишке ашырылса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган, мүлктүн сатып алуучулары, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн бузуу, жоопкерчилик чараларын көрүү, көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жокко чыгаруу, жараксыз бүтүмдү жокко чыгаруунун кесепеттерин жоюу, Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушун четтетүү жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу сот тартибинде доо коюуга (иш козгоого) укуктуу.

Мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде анын саны көрсөтүлбөсө, келишим түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрүн жараксыз деп табуу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө каралат.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү ушул Мыйзамда белгиленген ыкмалардан башка ыкмалар менен ишке ашырууга жол берилбейт, ал эми андай мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү бүтүмдөрү ал түзүлгөндөн тартып жараксыз деп табылат жана укуктук кесепеттерди пайда кылбайт.

 

38-статья. Менчиктештирүүдөн баш тартуу

 

Объектини менчиктештирүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болот:

эгерде:

жак ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык сатып алуучу боло албаса;

объектини менчиктештирүүгө чектөө коюлган же тыюу салынган болсо.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

39-статья. Менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жоопкерчилик

 

Ушул Мыйзамды, башка мыйзамдарды жана аларга ылайык кабыл алынган менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.

Менчиктештирүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген чыгымдар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча:

Кыргыз Республикасынын атынан сотторго чыгууга;

жазык иш козгоо жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына материалдарды жиберүүгө укуктуу.

(КР 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

40-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

 

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 93-ст.);

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 94-ст.);

"Мамлекеттик мүлк фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Свободные Горы" газетасы, 1992-ж., № 5);

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 99-ст.).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев