Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 9-декабры № 847

токтомуна ылайык

кγчγн жоготту

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 28-августу № 611

“Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык

бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө

 

1-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 119 799 639,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 147 153 412,8 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 27 353 773,7 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 27 353 773,7 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

 

2-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын. 

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

1) 2017-жылга кирешелер боюнча болжол – 131 504 243,2 миң сом суммасында, 2018-жылга – 142 212 603,0 миң сом суммасында ;

2) 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол – 152 563 463,7 миң сом, 2018-жылга – 155 898 385,3 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 21 059 220,5 миң сом суммасында, 2018-жылга – 13 685 782,3 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2018-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

 

3-берене

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен  түзүлсүн.

 

4-берене

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5, 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

 

5-берене

1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 4 510 984,4 миң сом суммасында бекитилсин жана аларды 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин алардын артыкчылыктарын эске алуу менен бүткөрүүгө жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык  сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү  бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500 000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы –500 000,0 миң сом суммасында, 2017-жылы – 1 000 000,0 миң сом, 2018-жылы 1 000 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

 

6-берене

1. Чыгашаларды  каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер  (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундардын түзүлгөндүгүнө жана алардын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын  жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

 

7-берене

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) эгер Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  бюджеттери менен республикалык бюджеттин  өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.

2. Зарылдыкка жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганга чейин  аткарылышы мүмкүн.

3. Министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар аларды каржылоо булактары табылган учурда маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана профилдик комитеттер менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

 

8-берене

2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча айландыруучу кассалык накталай акча 150 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.

 

9-берене

1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге  ылайык жактырылсын.

 

10-берене

1. 2016-жылга төмөнкүдөй чегерүүлөрдүн ченемдери белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөр: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгы жана сатуудан алынуучу салык - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) ыктыярдуу патент негизинде салык, милдеттүү патенттөө негизинде салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөр шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджетинин карамагына - 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти, алтын, мунай, газ стратегиялык  пайдалуу кендерин кошпогондо) алардын иштелип чыккан орду (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) административдик айыптардан өндүрүп алынган суммалар, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине төмөндөгү учурларды кошпогондо – 50 пайыз өлчөмүндө:

а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;

б) бажы органдары өндүрүп алуучу административдик айыптардын суммаларын;

2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча  пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.

3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү  жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

 

11-берене

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана насыялардын суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2016-жылы –86 656,2 миң сом, 2017-жылы –130 101,1 миң сом, 2018-жылы –119 895,9 миң сом суммасында камсыз кылынсын.

 

12-берене

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1 609 300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңдөөчү гранттар биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жөнөтүлсүн.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде, жер салыгы боюнча базалык коюмдарды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин  көбөйүүсү, ушул Мыйзам менен бекитилген  2016-2018-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбестиги белгиленсин.    

 

13-берене

Эң аз эмгек акынын  өлчөмү 2016-жылга - 1060,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1140,0 сом, 2018-жылга 1220,0 суммасында белгиленсин.

 

14-берене

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатсыз багыттар боюнча пайдаланылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтаруунун негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаган, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген шартта мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жоопкерчилик тартууга жатат.

2. Бюджеттик мекемелерге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, казына тутумунан четтөө менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулганда, атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

 

15-берене

Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн алкактарында жол берилет.

 

16-берене

Ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.

 

17- берене

Сот органдарынын чечимдерине ылайык жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

18-берене

Пилоттук министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2016-2018-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

19-берене

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти