Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН

Ч Е Ч И М И

2020-жылдын 18-июну №03-р

Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар М.Р. Бобукеева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы С.А. Джолгокпаеванын,

кайрылуучу тарап – Жанатбек Нурдинович Гульжигитовдун;

жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Бейшембек кызы Камиланын, Света Садыковна Болджурованын катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Бул ишти кароого Ж.Н. Гульжигитовдун өтүнүчү себеп болду.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.

Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Т А П Т Ы:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 14-июнунда Ж.Н. Гульжигитовдун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3, 5-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 36-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучу өзүнүн өтүнүчүндө талашылып жаткан ченем асырап алуучунун жаш курагын чектеп, ал 60 жаштан ашпашы керек деп көрсөтөт. Арыздануучунун пикири боюнча баланы асырап алууда көрсөтүлгөн жаш курактын белгилениши кодулаган мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келет, ага ылайык эч ким кайсы бир негиздер боюнча, ошондой эле жаш курагы боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Кайрылуу субъектиси баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз же сот тарабынан дайынсыз жок, аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн деп белгилейт. Анын пикири боюнча көрсөтүлгөн жоболор жаш курагы 60 жаштан ашкан, бирок туугандары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү болуп саналган адамдардын пайдасына чечилип, келип чыгуу белгиси боюнча кошумча кодулоону жаратат.

Арыздануучу талашылып жаткан ченем ар биринин мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдейликти кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузат деп эсептейт.

Ж.Н. Гульжигитов болжогондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби иштейт. Бирок көрсөтүлгөн принцип талашылып жаткан ченемде жүзөгө ашырылган эмес. Мында жаш курагы 60 жаштан өткөн адамдар тарабынан, баланы асырап алууга ниети бар адамдын жашоо шарттарын изилдебестен, асырап алуу үчүн тоскоолдуктарды билбестен, асырап алуучуга карата баланын мамилесин аныктабастан асырап алууга тыюу салуу, арыздануучунун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузат, ага ылайык ар бир бала анын дене-боюнун, акылэсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

Андан тышкары, талашылып жаткан ченемдин колдонулушу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусуна жол берилбестикти кепилдеген 20-беренесинин 1-бөлүгү менен карама-каршы келет.

Муну менен катар, Ж.Н. Гульжигитов Балдар жөнүндө кодексинин сот тарабынан баланы асырап алуу жөнүндө материалдарды жарандык сот өндүрүш тартибинде кароо маселелерин регламенттөөчү 45-беренесинин 2-бөлүгүнүн колдонулушу аркылуу жаш курагы 60 жаштан өткөн адамдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргоонууга болгон укугу бузулат деп белгилейт.

Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуу субъекттиси талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы токтому менен Ж.Н. Гульжигитовдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.

Ж.Н. Гульжигитов сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранууда.

Жоопкер тараптын өкүлү К. Бейшенбек кызы К. арыздануучунун жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат. Конституциянын келтирилген жобосу Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык анын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине жооп берет. Ошентип, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар тарабынан балдарды асырап алуу БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына, 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Минск конвенциясына, 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Кишинев конвенциясына, 1993-жылдын 29-майындагы Балдарды коргоо жана эл аралык асырап алуу жаатында кызматташуу жөнүндө Гаага конвенциясына, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү мыйзам чыгаруучу тарабынан асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш деп белгилеген ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык келет жана жаш курак белгиси боюнча кодулоо мүнөзгө ээ болуусу мүмкүн эмес, анткени талашылып жаткан ченемдин колдонулушу балдардын үй-бүлөдө тарбиялануусунун, алардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн кам көрүлүшүнүн артыкчылыгын болжойт деп эсептейт. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 1-беренесинин 3-пунктуна жана 59-беренесинин 2-пунктуна ылайык үй-бүлөлүк мыйзамдардын негизги башаттарына ар бир баланын мүмкүн болушунча үй-бүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугун бекитүү жана баланын үй-бүлөлүк тарбиялануусунун артыкчылык принциби кирет.

К. Бейшембек кызы талашылып жаткан ченемге салынган чектөө асырап алынуучу балдардын кызыкчылыктары менен шартталган жана адам өмүрүнүн орто узактыгынан: эркектердин 69 жаш, аялдардын 79 жаш, ошондой эле 63 жаш эркектер үчүн жана 58 жаш аялдар үчүн орнотулган пенсиялык жаш курактан келип чыгат деп белгилейт. Асырап алуучулар өзүнүн жаш курагына себептүү өздөрү колдоого жана жардамга муктаж жана ата-эненин милдетин толугу менен аткаруу абалында эмес, демек, баланын кызыкчылыктары жетиштүү даражада ашырылышы мүмкүн эмес.

Ошентип, жоопкер тараптын өкүлү мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилип жаткан асырап алуучулардын жаш курагына байланышкан укуктар менен эркиндиктерди  чектөөлөр башка адамдардын, анын ичинде балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максаттарына өлчөмдөш деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү баланын жаш курагы 60 жаштан ашкан туугандары, ошондой эле анын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп жүргөн адамдар анын асырап алуучулары боло алат деген жүйөлөрүнө кийинкини белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 66-беренесинин 1-пунктуна ылайык камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу аракетке жөндөмсүз же толук эмес аракетке жөндөмдүү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле жашы жете электердин үстүнө аларды тарбиялоо максатында орнотулат. Андан тышкары, Балдар жөнүндө кодекстин 73-беренесинин 3-бөлүгүндө жашы жеткен камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң аталары, ата-энелери, жубайлары, жашы жеткен балдары, жашы жеткен неберелери, ага-инилери жана эже-сиңдилери, ошондой эле жашы жете элек камкорчулукка алынгандын чоң апа жана чоң аталары, жашы жеткен ага-инилери жана эже-сиңдилери алардын жарандыгына карабастан, бардык башка адамдардын алдында анын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуу артыкчылыктуу укукка ээ деп белгиленген.

К. Бейшембек кызы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы асырап алууга ниеттенген адамдын жашоо шарттарын изилдеп чыгууга, баланы асырап алуу үчүн тоскоолдуктардын жоктугун, асырап алуу баланын кызыкчылыктарына ылайык келүүсүн текшерүүгө, баланын асырап алуучуга карата мамилесин аныктоого, асырап алуучуга зарыл болгон документтерди топтоого көмөк көрсөтүүгө, материалдарды өзүнүн корутундусу менен соттун кароосуна өткөрүп берүүгө милдеттүү деп белгилейт.

Мыйзам чыгаруучунун өкүлү арыздануучунун Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-беренесинин 2-бөлүгү жаш курагы 60 жаштан ашкан асырап алуучулардын соттук коргоонууга болгон укугун бузуп жатат деген жүйөлөрү туурасында, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 157-беренесинин 2-пунктуна ылайык жарандык жана экономикалык иштер, анын ичинде алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө, асырап алуу жөнүндө, көзөмөлчүнү (камкорчуну) дайындоо жөнүндө жана балдарды интернаттык мекемелерине жиберүү жөнүндө иштер кабыл алынгандан баштап бир айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет, мында  иштер белгиленген Кодекстин 262-беренесинин 1-пунктуна ылайык соттор тарабынан өзгөчө өндүрүш тартибинде каралат деп белгилейт.

Ошентип, К. Бейшембек кызынын пикири боюнча Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келет.

С.С. Болджурова К. Бейшембек кызынын жүйөлөрүн колдоду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты дагы талашылып жаткан ченем конституциялуу деген көз карашты карманат жана окшош жүйөлөрдү келтирди. Жазуу жүзүндө билдирилген пикирге ылайык талашылып жаткан ченемдин колдонулушу менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 7-беренесинин 1-бөлүгүндө ата-эненин камкордугусуз калган балдарды үй-бүлөлүк жайгаштыруу артыкчылыктуу принциби менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты аталган Кодекстин 48-беренесинин 3-бөлүгү менен бир эле баланы асырап алууну ниеттенген бир нече адам болгондо, аталган Кодекстин 48-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнүн талаптарын жана асырап алынуучу баланын кызыкчылыктарын милдеттүү сактаган шартта, баланын туугандарына артыкчылыктуу укук берилет деп белгилейт.

БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясына (1989-жылы) ылайык асырап алуу балдар асырап алуучунун үй-бүлөсүнө андай зарылдык пайда болгонда гана, жана ушул бала үчүн кыйла туура келген үй-бүлөгө гана берилип, баланын эң мыкты кызыкчылыктарынын артыкчылыктуулугун болжойт. Талашылып жаткан ченемге салынган чектөө, баарыдан мурда, толук баалуу, сак саламаттуу үй-бүлөдө тарбияланууга, жашоонун татыктуу деңгээлин алууга, сапаттуу каралууга, билим алууга укугу бар болгон баланын кызыкчылыктары менен жүйөлөштүрүлгөн, ал жашы улгайган ата-энелүү үй-бүлөдө күмөндүүлүккө коюлушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын көз карашында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун классификациясы боюнча 60-75 жашындагы адамдар улгайып калган адамдар болуп саналаары көрсөтүлөт. Албетте, организмдин физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө карай, социалдык-экономикалык факторлорго карай алардын жашыраак адамдарга салыштырмалуу мүмкүнчүлүктөрү аз келет. Ошентип, асырап алуучулар үчүн жаш курактык чекшарттын орнотулушу жаш курак боюнча кодулоо сапатында бааланышы мүмкүн эмес, аны балдардын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылууну жетүүгө багытталган атайын чара деп билиш керек, бул эл аралык укукта балдарга тийиштүү маселелерди кароодо негиз салуучу принцип болуп саналат.

Мамлекет ошентип баланын ата-эне менен жагымдуу жана бекем мамилелердин калыптанышына көмөк болот, бардык маселелерде баланын кызыкчылыктарын биринчи орунга коет, анын ичинде баланын жашы жеткенге чейин  жетимчилик коркунучун азайтууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жоопкер-тараптын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын көз карашына  окшош пикирди билдирди жана асырап алуучунун жаш курагы ден соолуктун абалын, социалдык статусту, ошондой эле психологиялык жана физиологиялык жөндөмдөрдү эске алуу менен баланы тарбиялоого байланышкан функцияларды аткара алгандай болуш керек деп эсептейт. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен эмгек милдеттенмелерин күн сайын аткарууга адамдын физиологиялык жөндөмсүздүгүн аныктоо менен эркектер үчүн - 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш деп пенсиялык жаш курак бекитилген. Демек, пенсиялык жаш курактагы асырап алуучуга баланы тарбиялоо кыйыныраак болот, анткени баланын толук баалуу өнүгүүсү үчүн ага көп убакыт, күч-аракет, ошондой эле каржылык мүмкүнчүлүктөр зарыл.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кайрылуучу тарап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынуусуна тыюу салган 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорунун бузулушун көрсөтөт деп белгилейт. Бирок, келтирилген конституциялык жобо жана талашылып жаткан ченем ортосунда түздөн-түз маанилик байланыш жок, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же чектөөчү ченемдер катары каралышы мүмкүн эмес.

Баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Б. Абдыраев жоопкер тараптын жана башка жактардын жүйөлөрүнө окшош көз карашты карманат. Мында ал талашылып жаткан ченем Конституция белгилеген максаттарда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинде башка жактардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектөө мүмкүндүгүнө жол берген Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен асырап алууга жаш курактык чекшарт түрүндөгү чектөөнү камтыганын белгилеген. Балдар жөнүндө кодекстин 49-беренесинин 1-бөлүгү балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган жана көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясы белгилеген максаттарга өлчөмдөш болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосуна ылайык мыйзам менен орнотулган жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылууга багытталган атайын чаралар кодулоо деп саналбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү бала толук баалуу, сак саламаттуу үй-бүлөдө тарбияланууга, жашоонун татыктуу деңгээлин алууга, сапаттуу каралууга, билим алууга укуктуу, ал жашы улгайган ата-энелүү үй-бүлөдө күмөндүүлүккө коюлушу мүмкүн деп белгилеген. Анткени асырап алуучунун жаш курагы, анын ден соолугунун абалын, социалдык статусун, ошондой эле психологиялык жана физиологиялык жөндөмдөрүн эске алуу менен баланы тарбиялоого байланышкан функцияларды аткара алгыдай абалда болуусу керек. Пенсиялык курактагы асырап алуучу үчүн жашы жете элек баланы тарбиялоо кыйла кыйыныраак болот, анткени баланын толук баалуу өнүгүүсү үчүн көп убакыт жана күч-аракет зарыл.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү арыздануучунун талаптарын канааттандыруудан баш тартууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева дагы талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

Балдар жөнүндө конвенциянын 4-беренесине ылайык балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо: балдардын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында анын укуктары менен эркиндиктери биринчи кезекте экендигин, баланын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу, ага зыян келтиргендиги үчүн мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилигин таануу; мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун артыкчылык принциптерине негизделет. Баланы асырап алуу маселелери боюнча өзгөчө талаптар менен чектөөлөрдүн орнотулушу баланын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн жетишерлик мыйзам  чыгаруу кепилдиктерин кабыл алуу зарылдыгы менен шартталган, объективдүү акталган жана башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун жалпыга маанилүү конституциялык максат менен өлчөмдөш. Демек, кодулоого тыюу салуу жана укуктардын теңдик принцибинин бузулуусу катары каралуу мүмкүн эмес.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын көз караштарын эске алып, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

1.«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин кийинкидей мазмундагы 49-беренесинин 1-бөлүгү саналат:

«49-берене. Асырап алуучунун жаш курагы жана асырап алуучу менен асырап алынуучу баланын ортосундагы жаш курак айырмасы

1. Асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн».

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинде 2012-жылдын 16-августунда № 71-72 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясын турмушка жүзөгө ашыруунун объективдүү зарылдыгы, баарынан мурда, коомдун конституциялык түрүнүн реалдуулуктан ажырап калгандыгы, өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун мыйзамдуулук жана туруктуулук режимин камсыз кылуунун конституциялык-укуктук механизмдеринин жөндөмсүздүгүнө алып келүү мүмкүндүгү менен шартталган. Ушуну менен катар, конституциялык баалуулуктар канчалык толук баалуу жүзөгө ашырылып турулушу, коомдук мамилелердин негизги субъекттери ‒ инсан, коом жана мамлекет ортосундагы өз ара мамилелердин ошончолук шайкеш жана рационалдуу болгондугуна көз каранды.

Конституциялык баалуулуктар – бул Баш Мыйзамда көрсөтүлгөн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугунун негизинде, алардын оптималдуу өнүгүүсүн жана жанаша жашоосун камсыз кылуучу артыкчылыктуу социалдык орнотмолордун жыйындысы.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жогорку баалуулук деп таануу менен, алардын тизмесин тике буйруу менен чектебейт, тескересинче, «Ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик деп эсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу же басмырлоо катары чечмеленбеши керек» деп жар салат (17-берене). Конституциялык мыйзам чыгаруучунун мындай мамилеси кокусунан эмес, ал сөзсүз боло турчу адамдын муктаждыктары менен кызыкчылыктарынын табигый кеңейүүсүнө алып барчу азыркы замандагы адамзат коомунун өнүгүүсүнүн күчөгөн динамикасы менен шартталган.

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ушунчалык көп түрдүүлүгүндө инсандардын күнүмдүк турмушунда алардын кайчылашпай коюусу мүмкүн эмес, демек, алардын ортосундагы карама-каршылыктар жана конфликттерден толук оолак болуу да мүмкүн эмес. Ошон үчүн, мамлекеттик бийликтин бардык үч бутагынын, биринчи кезекте конституциялык контролдоо органынын башкы милдети болуп бир конституциялуулук баалуулукту башканын пайдасына карай аны танбастан жана кемсинтпестен ушул өңдүү кырдаалдардан натыйжалуу чыгуусунун өзүндө жатат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ортосунда иерархияны орнотпойт, алардын ар бири өзүн эң жогорку баалуулук деп көрсөтөт, алар өзүнүн жыйындысында гана инсандын конституциялык аброюнун бүтүндүгүн камсыз кылууга жөндөмдүүлүгүн өзгөчө белгилей кетүү керек.

Ушуга байланыштуу, ченем жаратуучу жана укук колдонуучу органдар тарабынан ар биринин кызыкчылыктарынын теңдемин кармап туруусу, коомдук мамилелердин мүмкүн болушунча шайкештикке жетишкенге мүмкүндүк берген алардын ортосундагы мамилелештикти орнотуу менен жүзөгө ашырылуусу керек.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык өлкөдөгү коомдук жана укуктук турмуш эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, ж.б., ошондой эле мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптерге негизделет (16-берененин 2, 3-бөлүктөрү).

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кодулабоонун конституциялык-укуктук маанисин ачуу менен, өзүнүн чечимдеринде адамдын социалдык же башка сапаттарына байланыштуу, ага тиешелүү укуктарын, эркиндиктерин же милдеттерин кемсинтүүгө жол бербөө үчүн шарттардын түзүлүшүн болжогон конституциялык принцип жөнүндө бир нече жолу көрсөткөн (2013-жылдын 16-ноябрындагы Чечими). Бул принцип адамдын, жарандын коомдук жана жеке турмушунун ар кыл чөйрөсүндө укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлигин бузулушуна алып келүүчү жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга негизделген айырмачылыктарды, алып салууларды же артык көрүүлөрдү ченемдик укуктук актыларда орнотуунун мүмкүн эместиги жөнүндө да көрсөтөт.

Аталган конституциялык принциптин сакталышы адамдын жашоо тиричилигинин бардык чөйрөлөрүндө укуктук мамилелерди жөнгө салууда аныктоочу жана милдеттүү мүнөзгө ээ болгон мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдейлик принцибинин жүзөгө ашырылуусу менен тыгыз байланышкан.

Кодулоонун бардык тариздеринен коргонууну кепилдеген бирдейлик принцибин сактоо бул башкалардан тышкары бир эле категорияга тиешелүү адамдардын укуктарына карай объективдүү же акылга сыяр актоого болбогон айырмачылыктарды киргизүүгө тыюу салынат дегенди билдирет.

Көрсөтүлгөн принципти мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү зарылдыгы эл аралык келишимдердин ченемдеринин талаптарынан дагы келип чыгат. Ошентип, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын (7-берене), Атуулдук жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык пактынын (14-берене, 20-берененин 2-бөлүгү) жоболору бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана мыйзам тарабынан бирдей корголууга укуктуу деп бекитет.

4. Балдар – калктын өзгөчө аяр жана кем корголгон категориясы, алардын укуктарын камсыз кылуу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат.

Ушуга байланыштуу баланын укуктары чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алуу жана мамлекеттик саясатты аныктоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген баланын эң мыкты кызыкчылыктарын толук баалуу жүзөгө ашыруу принцибинин зарылдыгын болжойт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу, баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилигин өздөрүнүн жөндөмдөрү менен каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ата-эненин ар бири же баланы тарбиялап жатышкан   адамдар тартат (36-берененин 2, 3-бөлүгү).

Көрсөтүлгөн конституциялык орнотмо БУУнун 1989-жылдын 20-ноябрындагы Башкы Ассамблеясында жактырылган Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 3-беренеси, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 24-беренеси менен өз ара байланышат, аларга ылайык социалдык камсыз кылуу маселелери менен алектенген мамлекеттик же менчик мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдар тарабынан болобу балдарга карата жасалган бардык аракеттерде баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бурулат. Ар бир бала расасына, өңүнө, жынысына, тилине, туткан динине, улутуна же социалдык тегине, мүлктүк абалына же туулгандыгына карай эч кандай кодуланбастан үй-бүлө, коом жана мамлекет тарабынан жашы жетпеген абалына карата талап кылынган коргоо чараларына укуктуу.

Баланын укуктары жөнүндө конвенция баланын инсан катары толук жана шайкештүү өнүгүүсү үчүн ал үй-бүлөнүн курчоосунда, бактылуулук, жакшы көрүү жана өз ара түшүнүүчүлүк чөйрөдө өсүшү керек экендигин таануу менен, ага кол койгон мамлекеттерди балдардын дене-бой, акыл-эс, руханий, адептик жана социалдык өнүгүүсү үчүн талап кылынган жашоо деңгээлине болгон укугун кошкондо, бакубаттуулугу үчүн зарыл болгон коргоону жана кам көрүүнү камсыз кылууга, алардын укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үчүн тийиштүү бардык мыйзам чыгаруу, административдик жана башка чараларды кабыл алууга милдеттендирет (кириш сөз, 3-берененин 2-пункту, 4-берене жана 27-берененин 1-пункту).

Андан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган Баланын укуктарынын декларациясына (1959-жылдын 20-ноябрындагы 1386 (XIV) Резолюциясы) жана Балдардын бакубаттуулугуна жана коргоосуна тийиштүү, өзгөчө улуттук жана эл аралык деңгээлдерде балдарды тарбиялоого өткөрүп берүү жана аларды асырап алуудагы социалдык жана укуктук принциптер жөнүндө Декларацияга ылайык (1986-жылдын 3-декабры 41/85 Резолюциясы), баланын тийиштүү укуктук коргоосун кошкондо, анын дене-бой жана акыл-эстин жетиле электигине карай атайын корголууга жана туруктуу кам көрүлүүгө муктаж, ал эми баланын кызыкчылыктарын абдан мыкты камсыз кылуу жана анын жакшы көрүүгө болгон муктаждыгы чыныгы эмес ата-энелер тарабынан балага кам көрүү үчүн  өткөрүп берүүгө байланышкан бардык маселелерди кароодо негизги ой болуп саналуусу эске алынуусу керек.

5. Кыргыз Республикасында инсандын өнүгүүсүндө, анын руханий муктаждыктарын канааттандырууда өзгөчө ролду үй-бүлө ойнойт, ал барктуулугу боюнча конституциялык баалуулук болуп саналат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунун алдында турат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 1-бөлүгү).

Ушул конституциялык орнотмо мамлекет үй-бүлөлүк мамилелерди урматтоонун жана коргоонун керектүү шарттарын түзүүгө милдеттүү, ал жерде аларды жөнгө салуунун өзгөчө принциптеринин бири болуп балдардын үй-бүлөдө тарбиялануусунун артыкчылыгы, алардын бакубаттуулугу жана өнүгүүсү жөнүндө кам көрүү, ошондой эле аларга алардын дене-бой, руханий, адептик жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылуусу керек экендигин белгилейт.

Ушул конституциялык кепилдикти жүзөгө ашыруунун деңгээлинен инсандын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, анын коомдук пайдалуу процесстерге тартылуусунун даражасы, ошондой эле коомдо социалдык адилеттүүлүктүн камсыз болушу, элдин экономикалык бакубаттуулугу жана руханий өнүгүүсү көбүрөөк көз каранды. Бул контекстте мамлекет жана коом үчүн айрыкча коргоонун жана камкордуктун предмети катары үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык деген түшүнүктөр өзгөчө мааниге ээ болууда.

Ушул түшүнүктөр ортосундагы өз ара байланыш никеге туруу маселелерин жана андан келип чыккан укуктук кесепеттерди гана эмес, балдар менен ата-энелердин, ал эми балдар ата-энелик камкордуктан ажыраган учурда, алардын ордун баскан адамдардын ортосундагы  өзгөчө укуктук байланышты бекитүүнү болжойт.

Балдардын туулганда пайда болуучу укуктары жана анын түздөн-түз жүзөгө ашырылуусу ата-энелерге же алардын ордун баскан адамдарга милдет түрүндө жүктөлөт, ал баарынан мурда баланын үй-бүлөдө же үй-бүлөнүн курчоосуна болушунча жакын шарттарда болуу зарылдыгы менен шартталган (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 3-бөлүгү).

Үй-бүлө институтунун конституциялык баалуулугу, ошондой эле инсандын өнүгүүсүндө жана анын руханий муктаждыктарын канааттандырууда үй-бүлөнүн өзүнүн ролу баланы үй-бүлөдө тарбиялануусун артыкчылыктуу кылып көрсөтөт, ошон үчүн ата-эненин камкордугусуз калган балдардын укуктарын камсыз кылуунун каражаттарынын бири болуп аларды  үй-бүлөгө тарбияланууга (бала кылып асырап алууга, кыз кылып асырап алууга), асыроочу үй-бүлөнүн камкордугуна, көзөмөлдүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жетим балдар же ата-эненин камкордугусуз калган балдар үчүн мекемелерге өткөрүп берүү мүмкүндүгү кызмат кылат.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде каралган ата-эненин камкордугусуз калган балдарды жайгаштыруунун аты аталган формалары (43-беренесинин 1-бөлүгү), бир жагынан, балдарга тийиштүү, анын ичинде толук баалуу өнүгүүсү үчүн эмоционалдык-психологиялык шарттарды камсыз кылуу максатына ээ болсо, ал эми башка жагы – жарандарга, анын ичинде медициналык көрсөткүчтөр боюнча биологиялык энелик же аталык касиети алынып калынган адамдарга ата-энелик камкордукту ишке ашыруу табигый муктаждыкты жүзөгө ашырууга жол берет. Баланы үй-бүлөгө тарбияланууга өткөрүп берүү мүмкүндүгү эл аралык укуктун ченемдери, гуманизмдин жалпы укуктук принциби, үй-бүлөнүн, энеликтин, аталыктын жана балалыктын конституциялык кепилдиктери менен шайкеш келет.

Баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу жөнүндө маселени мыйзамдар менен жөнгө салуу жөнүндө конституциялык уруксатынан  мыйзам чыгаруучу тарабынан балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын негизги кепилдиктерин орнотуучу жана мамлекет тарабынан балдардын дене-бой, акыл-эс, адептик, руханий жана социалдык өнүгүүсү жана турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси кабыл алынган. Көрсөтүлгөн Кодекстин 8-главасына ылайык балдарды асырап алуу ал баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган, ата-энесинин камкордугунан ажырап калган баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чарасы болуп саналат.

Мыйзам чыгаруучу Кодекстин 5-беренесинде баланын эң мыкты таламдары: бул баланын укуктары менен кызыкчылыктарынын мыйзамдарда бекитилүүсү менен биринчи кезекте болуусун таануу; расасы, өңү, жынысы, туткан дини, саясий жана башка ынанымдары, улуттук жана этникалык же социалдык чыгыш теги, мүлктүк абалы, ден-соолугунун абалы же кайсы бир себептер боюнча кодулоону болтурбоо; биринчи кезектеги корголууга жана кам көрүлүүгө; коомдун тең укуктуу мүчөсү катары баланын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо жана камсыз кылуу; баланын өзүнө тийиштүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда пикирин милдеттүү түрдө эске алып, анын билдирүү укугун камсыз кылуу; баланы зордук-зомбулуктун бардык формаларынан корголушун камсыз кылуу; баланын толук баалуу тарбияланышын камсыз кылуу, анын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, анын коомдогу толук кандуу турмушка даярдоо максатында үй-бүлөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү; баланын укуктарына жана өзгөчө муктаждыктарына ата-энелердин, алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун кабардар болуусун жана сезимталдыгын арттыруу; баланы коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү борбордон ажыратуу, баланын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер ортосунда өнөктөштүктү камсыз кылуу; баланын укуктары, эркиндиктери менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу жана ага зыян келтиргени үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын жоопкерчилиги; баланы коргоо чараларын көрсөтүүдө анын этникалык, диний жана маданий чыгыш тегин эске алуу менен камкордукту, тарбияны жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу; мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркиндиктеринин корголушу; ата-энелердин жана алардын ордун баскан адамдардын баланын тийиштүү өнүгүүсүн камсыз кылуу милдети деп аныктаган.

Мындай укуктук жөнгө салууну Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январында ратификациялаган 1989-жылдын 12-ноябрындагы Баланын укуктары жөнүндө конвенция менен макулдашылат, анын катышуучусу болгон мамлекеттер асырап алуу тутумун тааныйт жана/же анын иштөөсүнө уруксат берет, баланын эң мыкты кызыкчылыктарын биринчи кезектеги тартипте камсыз кылууга милдеттүү. Баланы асырап алуу колдонулуучу мыйзамга жана процедураларга ылайык компетенттүү бийлик тарабынан гана жана ишке таандык бардык анык маалыматтын негизинде чечилиши керек.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекстин 48-беренесине ылайык асырап алуучу болуп эки жыныстагы жашы жеткен адамдар боло алат, ал эми бир эле баланы асырап алууну каалаган бир нече адам болгондо, мыйзамдардын талаптарын жана асырап алынуучу баланын кызыкчылыктарынын милдеттүү сактаган шартта, асырап алууга баланын туугандарына артыкчылыктуу укук берилет.

Мыйзам чыгаруучу асырап алуучу болууга акысы болгон же болбогон адамдардын чөйрөсүн аныктап, баланы асырап алууда асырап алуучунун жаш курагы 60 жаштан ашпоого тийиш деп анын жаш курактык чекшартын да караган. Жаш курагы 60 жаштан өткөн адамдар, ошондой эле баланын камкорчусу жана көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар баланын туугандары болуп саналганда гана асырап алуучулар болушу мүмкүн (49-берененин 1-бөлүгү).

Ошентип, каралып жаткан иштин алкагында баланын укуктарынын, анын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу принцибинин бирдейлик принциптери жана кодулоого алууну тыюу менен өз ара мамилелештиги өзгөчө мааниге ээ боло баштайт, анткени жеке жана коомдук кызыкчылыктар ортосунда гана эмес, алардын ар биринин ичинде дагы пайда болуучу жаңжалдарды чечүүдө Конституциянын көз карашынан жол бериле турган мамилелердин маңызын ачууну талап кылат.

Бир жагынан, тең укуктуулук принциби жана кодулоого алууну тыюу салуу азыркы учурдагы демократиялардын баштапкы баалуулуктары болуп саналат, ал эми баланын укуктарынын олуттуулугу жана эң мыкты таламдарынын принциби өлкөнүн эл аралык милдеттенмелеринен келип чыгат жана коомдун социалдашуусунун даражасын чагылдырат. Демек, мамлекет бул конституциялык баалуулуктардын бирин дагы тоготпоого укуктуу эмес, алардын биринин дагы жокко чыгарылуусуна же кемсинтүүсүнө алып келбеген ортосундагы мамилелештикти түзүүгө милдеттүү.

Ушул сыяктуу укуктук кырдаалдарды чечүүдө негиз салуучу болуп аны чечүү үчүн кабыл алынып жаткан укуктук жөнгө салуу багытталган конкреттүү маселени туура аныктоо болуп саналат жана ушуга байланыштуу, жалпыга таанылган укуктун кайсынысы биринчи даражадагы мааниге ээ боло баштайт. Мындай учурда башка укуктар менен эркиндиктердин жүзөгө ашырылуусунун толуктугу биринчи кезектеги маселеге жетишүүгө тоскоол болбогон өлчөмдө гана мүмкүн болот. Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясы алардын өлчөмдөштүгүнүн жана мамлекеттик максатка ылайыктуулукту көздөгөн белгилер болбогондугунун шарттары сөзсүз сакталганда, анын ичинде чектөө чараларынын колдонулушуна жол берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын пикири боюнча баланы асырап алууда жаш курактык чекшарттын коюлушу каралып жаткан учурда баланын укуктарын жана эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максаты менен шартталган.

Асырап алуунун негизги максаты бала камсыз кылынгандыкка, жакшы көрүлүү жана туруктуу камкор каралуу муктаждыгынын канаттандырылышына укуктуу, ал эми асырап алуучунун укуктары ушул башкы маселеге баш ийүүсү керек.

Үй-бүлө укугу жана балдарды асырап алуу чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун мындай өзгөчөлүгү баланын биринчи кезектеги укуктары менен кызыкчылыктарынын принциптерин, ата-энелердин жана алардын ордун баскандардын баланын тиешелүү өнүгүүсүн камсыздоо милдеттерин жүзөгө ашыруусун, ошондой эле мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркиндиктеринин кайтарылуусун жана корголуусун камсыз кылат. Ошондуктан, асырап алуучулардын укуктарынын жүзөгө ашырылуусу үй-бүлөлүк мамилелердин өзгөчө аярлуу субъектиси катары баланын укуктары менен кызыкчылыктарын сөзсүз сактоо көз карашы менен гана ишке ашырылышы мүмкүн.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында эркектердин өмүрүнүн узактыгы 69 жашты, аялдардыкы – 79 жашты түзөт. Анын үстүнө, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен эркектер үчүн – 63 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш пенсиялык жаш курак орнотулган, ошону менен анын жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнө тиешелүү адамдын эмгекке жарамдуулугунун жаш курактык босогосу белгиленген.

Баяндалганды эске алуу менен, жаш курагы 60 жашка жеткен адамдар тарабынан баланы асырап алууга жол берилген учурда, алар өзүнүн жаш курагына жана аны менен шартталган дене-бой жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө карай ата-энелик милдеттерди толук баалуу жүзөгө ашыруу  кыйынга туруп, а кээде мүмкүн да эмес болушу мүмкүн. Андан тышкары, баланын өз алдынча жашоо-тиричилигин жүргүзө турган жаш куракка жеткенге чейин кайталаган жетимчилик болуп калуу чоң коркунучу баланы коргоо, ага кам көрүү жана тарбиялоонун үзгүлтүксүздүгүнүн жана туруктуулугунун сапаттарынын бузулушуна алып келип, анын социалдык көнүшүүсүн ырбатып, мамлекет тарабынан баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууда олуттуу татаалдыктарга алып келиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам чыгаруучу укуктук жөнгө салууну тандап алууда коомдун негизги, ал эми анын ичинде аталык, энелик жана балалык институттары катары үй-бүлөнү артыкчылыктуу коргоо конституциялык кепилдигинин мазмунун ошондой эле баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуунун принцибинин маңызын туура аныктаган деп эсептейт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5-бөлүгү, 36-беренесинин 1-бөлүгү). Демек, конституциялык баалуулуктарды теңдөө максатында чектөө катары киргизилген мындай укуктук каражатты колдонуу мыйзам чыгаруучу тарабынан өзүнүн дискрециясы алкагында жүзөгө ашырылган.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы баланы асырап алууга ниеттенген адамдар үчүн жаш курактык чекшартты орнотууда мыйзам чыгаруучу тарабынан ушул укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары эске алынган жана акылга сыяр жана өлчөмдөштүк критерийлерине жооп берген мыйзамдуу укуктук каражат пайдаланылган деген тыянакка келет. Талашылып жаткан ченемде камтылган бирдейлик жана кодулоого алууну тыюу салуу принцибин чектөө башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ‒ конституциялык маанилүү максат менен шартталган, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес.

6. Талашылып жаткан ченем баланын ата-энеси каза болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жоголгон деп таанылган, сот тарабынан аракетке жөндөмсүз эмес таанылган, сот тарабынан олуттуу эмес деп таанылган себептер боюнча ата-энелик укуктарынан ажыратылган, бала менен 6 айдан ашык бирге жашабаган, аны тарбиялоодон жана багуудан баш тарткан учурларда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен, баланын туугандары болуп саналган, жаш курагы 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланын камкорчусу же көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн деп караштырат.

Үй-бүлөлүк укуктук мамилелерде аныктоочу юридикалык факттардын бири мыйзамда белгиленген тартипте укук субъекттерин бириктирген биринен биринин (же жалпы ата-тегинен) чыгыш тегине ылайык туугандык болуп саналат. Дал ошон үчүн үй-бүлөлүк-укуктук мамилелер үчүн алардын инсан менен катуу байлангандык мүнөздүү, бул ушул мамилелерден келип чыккан укуктардын жана милдеттердин ажырагыстыгына жана башка адамдарга өткөрүлүп берилбестигине алып барат.

Талашылып жаткан укуктук жөнгө салууда мыйзам чыгаруучу тарабынан асырап алуучуларга карата жалпы талаптар сакталганда, баланы анын тууганы асырап алуунун мындай артыкчылыктуу укугунун берилиши башка адамдардын укугун чектебейт, анткени жалпы эрежеден мындай алып салуу кайра эле баланын укуктары менен кызыкчылыктарынын биринчи кезекте камсыздоосуна багытталган. Туугандык байланыштар же камкорчулар жана көзөмөлчүлөр менен калыпка келген мамилелер баланын социалдык тез көнүгүүсүн жана коргоонун жогорулатылган деңгээлин камсыз кылууга жөндөмдүү кыйла жагымдуу чөйрөнү түзө алат.

Ошентип, мыйзам чыгаруучу тарабынан талашылып жаткан ченемге салынган асырап алуудагы өзгөчө талаптар ар кимдин кодуланууга тыюу салууга, мыйзам алдында бардыгы бирдейлик укугунун бузулушу катары каралышы мүмкүн эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт.

7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 45-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин асырап алуучунун жана асырап алынган баланын укуктары жана милдеттери пайда болорун белгилей кетүү керек. Демек, асырап алуу фактысы сот тарабынан тийиштүү чечим чыгарылгандан кийин пайда болот жана ушуга байланыштуу бардык кийинки талаш-тартыштар мыйзамда белгиленген тартипте кызыктар жактардын кайрылуулары боюнча сот тарабынан чечилет. Ал эми талашылып жаткан мыйзам чыгаруудагы чектөөнүн киргизилиши менен макул эмес ар бир адам конституциялык контролдоонун сот органына кайрылуу аркылуу өзүнүн соттук коргонууга болгон укугун жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. Ушул конституциялык укуктун жүзөгө ашырылуусунун ырастамасы болуп ушул иштин кароо предмети саналат.

Демек, арыздануучунун талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ар кимдин анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо укугун регламенттеген 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү жөнүндө жүйөлөрү негизсиз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы

 

Ч Е Ч Т И:

 

1. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 49-беренесинин 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3, 5-бөлүктөрүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 36-беренесинин 2-бөлүгүнө, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ