Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-июлу № 523

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын расмий сайтына (эгер болсо) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторунун берилери жөнүндө кулактандыруу жарыяланат, мында коомдук угуу боло турган дата жана жер көрсөтүлөт.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 "Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

2-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;

төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. Техникалык изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү каттоо органынын түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси айына бир жолу тандап контролдук ченөө жүргүзөт жана бул жөнүндө жергиликтүү каттоо органынын жетекчилигине билдирет.";

4-бап төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-пункт менен толукталсын:

"46-1. Цоколдук (жарым жер төлө) курулушка техникалык паспорт көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин жалпы жыйналышынын чечими менен берилет.'';

- 2-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 20-декабрындагы № 612 "Талас облусунун, Панфилов жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жер ресурстарын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу боюнча иштери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасында жер үлүшүн пайдалануу укугуна күбөлүктөрдү берүүнүн абалы жөнүндө" токтомунун 7-пункту.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев