Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-октябры № 721

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо тиркемеге ылайык киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы №  303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна
толуктоо

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:

- IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 26-бап менен толукталсын:

«

26. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту

1

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарын сынап көрүү жана белги коюу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-бап, 1-пункт

2

Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы

 

Мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты, ошондой эле ички аудит жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы (мындан ары - мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).

Баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, айландыруу, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган).

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүнүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен бирге баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасында жана мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат

3

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар

Жеке жана юридикалык жактар

4

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

- «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө», 14-берене;

- «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө»,
17-берене;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жобо

5

Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын түпкү натыйжасы

Баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарына коюлган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эн тамга издери.

Баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарында баалуу металлдар камтылгандыгын көрсөтүүчү квитанция

6

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты

Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:

- белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген жайда;

- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;

- жандуу кезек күтүү принциби боюнча.

имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган.

Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет.

Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат

7

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү

Арыздарды толтуруу жана баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарын сынап көрүү жана белги коюу үчүн тапшырууга чектелген убакыт - 20 мүнөткө чейин;

- жумуштарды аткаруу мөөнөтү тапшырылган буюмдардын санына жараша - бир күндөн 5 жумушчу күнгө чейин;

- шашылыш кызмат көрсөтүү шашылыш тарифтер боюнча жүргүзүлөт - 30 мүнөткө чейин;

- жыйынтыгы боюнча буюмдарды жана квитанцияларды берүү - 15 мүнөткө чейин;

- жарандарга телефон боюнча жана жеке аңгемелешүүдө адистер тарабынан консультация берүү - 10 мүнөткө чейин

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү

8

Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарынан;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жеке кайрылууда;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен.

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт.

Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.   

9

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)

 

Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:

- ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү);

- баалуу металлдар, асыл таштар менен операциялар жүргүзүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик финансыларын башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттары;

- маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер;

- жеке кайрылуу жана телефон аркылуу;

- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы.

Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын такталарына, сайтына жайгаштырылат

Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү

10

Келүүчүлөр менен пикир алмашуу

 

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин бөлмөсүнүн эшиктерине маалымат тактача илинет.

Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот.

Келгендер менен баарлашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө.

Бардык кызматкерлер кызматтык нускаманы (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздык жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек.

Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет

11

Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары

Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн

12

Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси

 

Керектөөчүнүн паспорту же анын өкүлүнө берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жана анын паспорту;

- сынап көрүү үчүн тапшырылган баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарынын санын, түрүн жана салмагын көрсөтүү менен белгиленген форма боюнча арыз;

- баалуу металлдардан жасалган зергер жана башка тиричилик буюмдарын сынап көрүү жана белги коюу үчүн тапшыруу.

Кызмат көрсөтүүгө акы төлөө буюмдарды сынап көрүү жана белги коюу үчүн өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт

13

Акы төлөөчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы

Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт.

Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасына жана расмий сайтына жайгаштырылат

14

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:

- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;

- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;

- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;

- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;

- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;

- буюмдарды жарака кетирбестен, бузбастан жана сындырбастан сапаттуу эн тамга коюу;

- буюмдарга коюлган мамлекеттик эн тамгалоонун изинин рельефи даана жана так болушу керек;

- жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу

15

Электрондук форматта кызмат көрсөтүү

Жарым-жартылай, натыйжа үчүн келүүгө мүмкүн болгон датаны көрсөтүү менен буюмдарды кабыл алгандыгы жөнүндө билдирүү берүү жагында

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби

16

Мамлекеттик кызмат  көрсөтүүдөн баш тартуу

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн:

- 18 жашка чыга элек адамдарга;

- ишеним каты жок өкүлдөргө;

төмөнкү учурларда:

арыз туура эмес толтурулганда;

ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаганда

17

Даттануу тартиби

Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу.

Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин,  ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек.

Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну бир иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 календардык күндөн ашпашы керек.

Даттануу боюнча баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган кабыл алган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жогору турган органга - мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга укуктуу.

Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу

18

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек

».