Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 10-ноябры № 762

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларындагы коллизияларды четтетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жободо:

- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "угуучулар" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөдө ", магистранттар" деген сөз менен толукталсын;

- 5.1, 5.3, 5.6-5.10, 5.12-5,14, 6.2, 6.3, 10,4 жана 11.1-пункттары ар кандай жөндөмөдөгү "курсанттар" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөдө ", студенттер" деген сөз менен толукталсын;

- 1.2-пунктунда:

төртүнчү абзацында:

- "орто" деген сөздөн кийин "жалпы" деген сөз менен толукталсын;

- "атайын" деген сөз "кесиптик" деген сөз менен алмаштырылсын;

пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардаш жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарын жана жарандардын ичинен адамдарды баштапкы даярдоо жана ички иштер органдарынын катардагы, кенже жана орто жетектөөчү курамынын адамдарын кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу;

- "Юриспруденция" багыты боюнча магистранттарды даярдоо.";

- 1.5-пунктунун биринчи абзацындагы "министрликтин коллегиясынын чечими боюнча Ички иштер министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3.1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- бюджеттик (курсанттарды) жана контракттык (студенттерди) негизде күндүзгү окуу формасы боюнча ички иштер органдары жана юриспруденциянын башка тармактары үчүн жогорку юридикалык билимдүү кадрларды, магистранттарды (контракт), ошондой эле дистанттык технологияларды пайдалануу менен сырттан окуу формасы боюнча (бюджет, контракт) студенттерди даярдайт;";

- 5.11-пункту "биринчи атайын наам" деген сөздөрдөн мурун "милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты" деген сөздөр менен толукталсын;

- 5.13, 5.14-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 12-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Академиянын кызматкерлерин, угуучуларын, магистранттарын, адъюнктарын, докторанттарын жана курсанттарын материалдык камсыз кылуу".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев