Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 29-декабры № 670

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 525, 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынан Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:

- Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

- Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар, 3-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 525, 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул аккредитациялануучу билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар (мындан ары - Минималдуу талаптар) Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына милдеттүү минималдуу талаптарды аныкташат.

2. Ушул Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:

академиялык бедел - бүтүрүүчүлөрдү окутуунун натыйжалары, профессордук-окутуучулук курамдын илимий жетишкендиктери жана билим берүү уюмунун академиялык ресурстары менен аныкталуучу билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаттык деңгээлин коомдук аң-сезимде жана кесиптик коомдоштукта кабыл алуу;

билим берүүнүн сапатынын менеджментинин документтештирилген тутуму - билим берүү уюмундагы билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга тиешелүү бардык пландарды, процесстерди, иш-аракеттерди жана натыйжаларды документтештирүүгө жол берүүчү тутум;

кызыкдар тараптар - билим берүүнүн жогору сапатына кызыкдар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, окугандар (студенттер), алардын ата-энелери, билим берүү уюму, жумуш берүүчүлөр, социалдык өнөктөр;

билим берүү уюмунун миссиясы - билим берүү уюмунун статусун, иш принциптерин, билдирүүлөрүн жана мүдөөлөрүн аныктоочу негизги милдети, өзүнүн потенциалына объективдүү баа берүүдөн келип чыгуучу негизги стратегиялык максаттардын жыйындысы;

билим берүүнүн максаттары - билим берүүчү уюм өзүнүн бүтүрүүчүлөрүндө тийиштүү адистик (кесип) боюнча компетенциясынын болушуна жетүү үчүн умтулган максат;

билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты - билим берүү уюмунун окумуштуулар же педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилген документтердин жана ишке ашыруу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга алып баруучу пландалган мезгилдүү жол-жоболордун (иш-аракеттердин) жыйындысы;

окутуунун натыйжалары - билим берүү процессинин аягында окуучу (студент) кайсы билимге, ыкмага жана жөндөмгө ээ болушунун так баяндалышы. - жумушчу окуу планындагы кайсы бир сабак (дисциплина, предмет, практиканы ж.б.у.с.) ийгиликтүү өздөштүрүлгөнүн текшерүүнүн кайсы бир формасы (экзамен, зачет, курстук иш ж.б.у.с.) менен тастыктоо.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына минималдуу талаптар

3. Билим берүү уюмунда окумуштуулар же педагогикалык кеңеши бекиткен жана билим берүү уюмунун сайтында жарыяланган, өзүнө миссияны, стратегиялык жана учурдагы пландарды, билим берүү максаттарын, окутуунун натыйжаларын, сапат менеджменти тутумун камтыган билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты болушу керек.

4. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына чен-өлчөмдөр:

1) билим берүү уюмунун так аныкталган жана кабыл алынган миссиясы, анын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келген стратегиялык жана учурдагы пландарынын болуусу. Билим берүү уюмунун миссиясынын негизинде иштелип чыккан жана кабыл алынган билим берүү максаттарынын жана окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын болуусу;

2) жыл сайын стратегиялык жана учурдагы пландардын, билим берүү максаттарынын, окутуунун натыйжаларынын аткарылышын иликтөө, аткаруунун натыйжаларын талдоо жана тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү;

3) билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга, контролдоого жана кайра кароого билим берүү уюмунун жетекчилиги, кызматчылары, окуучулары (студенттери) жана кызыкдар тараптардын катышуусу;

4) билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген тутумунун жардамы менен киргизүү;

5) билим берүү уюмунда билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген тутумунун жардамы менен билим берүү сапатын камсыздоо саясатын киргизүүгө жооп берүүчү жооптуу адамдардын (кызматтардын) болуусу;

6) билим берүү уюмунун сайтында жарыяланган жана бардык кызыкдар тараптарга жеткиликтүү билим берүү уюмунун миссиясынын, стратегиялык жана учурдагы пландарынын, билим берүү максаттарынын, окутуунун натыйжаларынын, билим берүүнүн сапат менеджментинин тутумунун болуусу.

5. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары ушул Минималдуу талаптардын 4-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары өзүнүн академиялык беделин жогорулатуу жана академиялык эркиндикти камсыздоо үчүн чараларды көрүшөт.

3. Билим берүү программаларын иштеп чыгуу, бекитүү, байкоо жүргүзүү жана мезгили менен баалоого минималдуу талаптар

6. Билим берүү уюму билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн жол-жоболорго ээ болушу керек. Иштелип чыккан билим берүү программаларынын мазмуну билим берүү уюмунун, миссиясына, билим берүү максаттарына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окуучулардын (студенттердин) жана башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык болушу зарыл. Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжасында алынуучу квалификация так аныкталуусу жана кызыкдар тараптарга түшүндүрүлүүсү зарыл.

7. Билим берүү уюму өз максатына жетүүсүн жана окуучулар (студенттер) менен башка кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө жооп берүүсүн кепилдөө жана аныктоо үчүн жумуш берүүчүлөрдү жана башка кызыкдар тараптарды тартып, мезгили менен (бир жылда бир) мониторинг жана баалоо жүргүзүүсү зарыл.

8. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы билим берүү программаларын иштеп чыгууга, бекитүүгө, мониторингдөөгө жана мезгили менен баалоо жүргүзүүгө чен-өлчөмдөр:

1) билим берүү уюмунун миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү программасынын билим берүү максаттарынын болуусу;

2) кесиптик, өндүрүштүк уюмдардын жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда иштелип чыккан, эмгек базарын чагылтуучу жана билим берүү программасынын максаттарына ылайык келген, универсал жана кесиптик терминдер менен баяндалган окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын болуусу;

3) билим берүү программасы боюнча так аныкталган жана мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу жүгүнүн болуусу;

4) билим берүү программасын өркүндөтүү максатында окуучулар (студенттер) менен жумуш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгын мезгил-мезгили менен (бир жылда бир) баалоо;

5) билим берүү программасы менен каралган практикалардын (тааныштыруучу, окутуучу, өндүрүштүк, педагогикалык, дипломдун алдындагы) бардык түрлөрүнөн өтүү үчүн окуу программасында орундарды берүү;

6) актуалдуулугун камсыздоо үчүн илимдин соңку жетишкендиктерин жана технологияларын эске алуу менен конкреттүү дисциплинанын мазмунуна жыл сайын билим берүү уюму менен мониторинг жүргүзүү жана баалоо;

7) мониторинг жүргүзүү:

- окутуучулардын (студенттердин) окуу жүгүнө, жетишүүсүнө жана бүтүүсүнө;

- баалоо жол-жоболорунун майнаптуулугуна;

- окутуучулардын (студенттердин) жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программасы боюнча окутуудан күтүүлөрүнө, керектөөлөрүнө жана канааттангандыгына;

- билим берүү чөйрөсү менен колдоо кызматтарына жана алардын билим берүү программасынын максаттарына шайкештигине;

- берилүүчү билимдин майнаптуулугун жогорулатуу жана адекваттуулугун аныктоо максатында бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун;

8) мониторинг жүргүзүүнү жана мезгили менен баалоону өткөрүү үчүн процесстерди жана жооптуу адамдарды (кызматтарды) аныктоо;

9) мониторингдин жана мезгили менен баалоонун натыйжаларын бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен талдоо, талкуулоо жана аны билим берүү процессин уюштурууну жакшыртуу үчүн пайдалануу;

10) билим берүү программасын окуу-усулдук камсыздоо билим берүүнүн максаттарына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келүүсү.

9. Жогорку кесиптик билим берүү уюму ушул Минималдуу талаптардын 8-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын окуу процессинде колдонот.

4. Инсанга багытталган окутууга жана окугандардын (студенттердин) жетишүүсүн баалоого минималдуу талаптар

10. Билим берүү уюму өзүнүн билим берүү программаларына инсанга багытталган окутуу процесстерин киргизүүсү зарыл. Билим берүү программаларын ишке ашыруучу усулдар окугандарды (студенттерди) билим берүү процессин биргелешип ишке ашырууда активдүү аракетке кызыктыруусу зарыл.

11. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы инсанга багытталган окутууга жана окугандардын (студенттин) жетишүүсүн баалоого чен-өлчөмдөр:

1) педагогикалык усулдарды, билим берүүнүн формаларын жана технологияларын баалоо жана түзөтүү үчүн окугандар (студенттер) менен үзгүлтүксүз өз ара байланышты пайдалануу;

2) баалоочу адамдардын (экзаменаторлордун) окуучунун (студенттин) билимин текшерүүнүн усулдарына ээ болушу жана бул тармакта квалификациясын дайыма жогорулатуусу;

3) билим берүү уюму окугандар (студенттер) жетишүүгө тийиш болгон окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына карата адекваттуу жана окуучунун (студенттин) окутуунун пландалган натыйжасына жетишүү деңгээлин көрсөткөн баалоонун чен-өлчөмдөрү менен усулдарын өзүнүн сайтында жарыялоосу;

4) баалоо жол-жоболорунун жумшартуучу жагдайларды жана баалоонун натыйжасын апелляциялоонун расмий жол-жобосун камтыган объективдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыздоосу;

5) пайдаланылган баалоо жол-жобосу, болуучу текшерүүлөрдүн түрлөрү (экзамендер, зачеттор, дипломдук ишин коргоо ж.б.), окугандарга (студенттерге) карата талаптар, алардын билимин баалоонун колдонулуучу чен-өлчөмдөрү боюнча окуучуларга (студенттерге) толук маалымдоо;

6) окугандарды (студенттерди) иргөөнүн себептерин талдоо жана алардын жетишүүсүн жогорулатуу жана окуучулардын (студенттердин) бекемделүүсү боюнча чараларды көрүү;

7) окугандардын (студенттердин) даттанууларына чара көрүүнүн иштеп чыгарылган жана колдонууга киргизилген жол-жоболорунун болуусу.

12. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн ушул Минималдуу талаптардын 11-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары инсанга багытталган окутууга жана окуучунун (студенттин) жетишүүсүн баалоого төмөндөгү чен-өлчөмдөр белгиленет:

1) билим берүү уюму окутуунун сапатын жогорулатуу максатында инновациялык окуу-усулдук ресурстарды, педагогикалык усулдарды, формаларды жана технологияларды колдонуу;

2) билим берүү уюмунун окугандардын (студенттердин) ар кыл топторунун керектөөлөрүн аныктап жана аларды кошумча курстар, факультативдер, ийримдер аркылуу канааттандыруусу.

13. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн ушул Минималдуу талаптардын 11, 12-пункттары менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары инсанга багытталган окутууга жана окуучунун (студенттин) жетишүүсүн баалоого төмөндөгү чен-өлчөмдөр белгиленет:

1) билим берүү уюму студенттердин ар кыл топторунун керектөөлөрүн эске алууга, окутуунун жекече траекторияларын түзүү мүмкүндүктөрүн түзүүгө жол берүүчү билим берүү программаларын ишке ашыруусу;

2) билим берүү уюмунун билим берүү кызматтарды көрсөтүүнүн ийкемдүү варианттарын пайдалануусу (электрондук, дистанциялык окутуу технологияларын да пайдалануу);

3) окуу процессин уюштурууда динамикалуу билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү, студенттердин жекече жетишкендиктерин колдоо багытында окутуучулар менен студенттердин окуу жана илимий изилдөөлөр жаатындагы натыйжалуу өз ара иштешүүлөрүн камсыздоо;

4) билим берүү программаларында студенттин окуусуна тиешелүү практикалык тажрыйбага ээ болуу үчүн практикалардын, такшалтмалардын, интернатуранын зарыл түрлөрү жана жогорку окуу жайдан имаратынан тышкары окутуунун башка түрлөрүнүн камтылышы.

5. Окуучуларды (студенттерди) кабыл алуу, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана окуучулардын (студенттердин) бүтүрүүсүнө минималдуу талаптар

14. Билим берүү уюму мурдатан аныкталган, өзүнүн сайтында жарыяланган жана ырааттуу колдонулган окуучуларды (студенттерди) кабыл алууну, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана окуучулардын (студенттердин) бүтүрүп чыгышын жөнгө салуучу эрежелерге ээ болушу зарыл.

15. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окуучуларды (студенттерди) кабыл алууга, билим берүүнүн натыйжаларын таанууга жана окуучулардын (студенттердин) бүтүрүүсүнө карата чен-өлчөмдөр:

1) окуучуларды (студенттерди) иргөөнүн жана кабыл алуунун калыс жана туура усулдары менен жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле потенциалдуу окуучулардын (студенттердин) тапшыруусу үчүн негизсиз тоскоолдуктарды болтурбоо;

2) окуучуларды (студенттерди) кабыл алуу эрежелерин, процессин жана чен-өлчөмдөрүн ачык-айкын ырааттуу колдонуу;

3) окуучулар (студенттер) тандап алган билим берүү траекториясы, ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программалары жана карьералык мүмкүнчүлүктөр боюнча толук жана өз учурунда маалымат жана консультация алуусу;

4) окуучулардын (студенттердин) академиялык жетишкендиктери жөнүндө маалыматтын негизинде жыйноо, байкоо жүргүзүү жана андан аркы иш-аракеттер үчүн так жол-жоболор менен инструменттердин болушу;

5) билим берүү уюму окуучунун (студенттин) окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жетишүүсү жана анын академиялык мобилдүүлүгүнө шарт түзүү үчүн квалификацияларды жана мурдагы окуган мезгилдерин объективдүү таанууну камсыздоосу;

6) билим берүү уюму билим берүү программасы боюнча окууну бүткөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жеткен окуучулардын (студенттердин) алган квалификациясын, анын ичинде алган билиминин натыйжаларын, ошондой эле алынган билимдин мазмунун жана статусун тастыктаган документ менен, ошондой эле окууну бүтүргөндүгү жөнүндө күбөлүк менен камсыздоосу.

6. Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамга минималдуу талаптар

16. Билим берүү уюму окуучулар (студенттер) менен иштөө үчүн кесиптик тажрыйбасы бар компетенттүү персоналга ээ болушу зарыл. Окутуучулар окутуучу предметти толук жакшы билүүгө жана түшүнүүгө, окуу процессинде билимди натыйжалуу берүү үчүн, ошондой эле алардын окутуусунун сапаты боюнча кайра байланышты түзүү үчүн керектүү ыкмаларга жана тажрыйбага ээ болушу зарыл.

17. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамга карата чен-өлчөмдөр:

1) билим берүү уюмунун окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алуунун, кызматтан жогорулатуунун Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамына жараша ачык-айкын жана объективдүү чен-өлчөмдөрүн пайдаланышы;

2) окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайыктуугу;

3) билим берүү уюмунун окутуучуларды тандоо, мотивациялоо жана бекемдөө үчүн, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүсү;

4) окутуучулардын билим берүү программасына, мамлекеттик билим берүү стандарттарына, эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келүүчү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүүчү окуу куралдарынын, окуу китептеринин үстүнөн иштөөсү;

5) билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан, окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуучу реалдуу пландарынын болушу;

6) окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштөөчү, кесиптик жактан өнүгүүгө жана өзүнүн ишинин чөйрөсүндө дайыма маалымдуу болууга мүмкүн берген системасынын болушу;

7) окутуучуларды инновациялык билим берүү усулдарына жана технологияларына мезгилдүү окутууга шарт түзүүсү.

18. Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары ушул Минималдуу талаптардын 17-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары окутуу менен илимий изилдөөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо, окутуунун инновациялык усулдарын киргизүү, алдыңкы технологияларды колдонуу үчүн илимий ишке кызыктыруу тутумуна ээ болот.

7. Материалдык-техникалык базага жана маалымат ресурстарына минималдуу талаптар

19. Билим берүү уюму жетиштүү, жеткиликтүү жана билим берүү максаттарына ылайыктуу материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына ээ болушун кепилдөөсү зарыл.

20. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы материалдык-техникалык жана маалымат ресурстарына чен-өлчөмдөр:

1) окуучулардын (студенттердин) ар кыл топторун, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды керектүү материалдык ресурстар менен (китепкана фонддору, компьютердик класстар, окуу жабдуулары, башка ресурстар) менен камсыздоо;

2) билим берүү уюму тарабынан окуу аянттарынын жакшы абалын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;

3) окуу жайдын бөлмөлөрү санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келиши;

4) жатаканада (бар болсо) окуу, жашоо жана эс алуу үчүн шарттарды камсыздоо;

5) окуу залдарда жана китепканаларда иштөө үчүн тиешелүү шарттарды түзүү;

6) тамактануу үчүн (ашкана же буфет бар болсо) тиешелүү шарттарды, ошондой эле билим берүү уюмунун медпункттарында медициналык тейлөө үчүн тиешелүү шарттарды камсыздоо;

7) окуучуларды (студенттерди) окуу процессин толук ишке ашыруу үчүн зарыл жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-усулдук материалдар, анын ичинде электрондук ресурстар менен камсыздоо;

8) окуучуларды (студенттерди) окууга шыктандыруу жана натыйжаларга жетишүүсүнө түрткү берүү максатында тиешелүү адам ресурстары (кураторлор, класс жетекчилер, жатаканадагы тарбиячылар, психологдор ж.б.) менен камсыздоо.

21. Жогорку кесиптик билим берүү уюму ушул Минималдуу талаптардын 20-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары студенттердин илимий иши үчүн тиешелүү шарттарды камсыздайт.

8. Маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүүгө минималдуу талаптар

22. Билим берүү уюму ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары жана берилүүчү квалификациялар боюнча туура жана объективдүү, жетиштүү жана сапаттуу маалыматты дайыма өз убагында жарыялап турууга тийиш.

Билим берүү уюмунун социалдык ролу ишке ашырылып жаткан программа жана аны аткаруунун күтүлгөн натыйжалары, берилүүчү квалификациялар, окутуунун деңгээли, окутуунун жана баалоонун жол-жоболору жана окуучулардын (студенттердин) окуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоону камтууга тийиш. Билим берүү уюму өз сайтына өзүнүн иши жөнүндө объективдүү маалыматтарды, анын ичинде ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын тизмесин такай жарыялап турууга тийиш, бул маалыматтар так, туура, объективдүү жана жеткиликтүү болушу керек.

23. Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында маалыматты башкарууга жана аны коомчулукка жеткирүүгө карата чен-өлчөмдөр:

1) өзүнүн билим берүү максатын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй билим берүү уюму төмөнкүдөй маалыматты чогултат, системага салат, жалпылайт жана сактайт:

- окуучулардын (студенттердин) контингенти жөнүндө маалыматтарды;

- окуучулардын (студенттердин) катышуусу жана жетишүүсү, жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды;

- окуучулардын (студенттердин), алардын ата-энелеринин, бүтүрүүчүлөрдүн жана жумуш берүүчүлөрдүн билим берүү программаларын ишке ашырууга жана анын натыйжаларына канааттангандыгы;

- материалдык жана маалыматтык ресурстарынын жеткиликтүүлүгү;

- бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу;

- студенттердин илимий изилдөөчү иштеринин натыйжалары (жогорку окуу жайлар үчүн);

- билим берүү уюмунун ишинин майнаптуулугунун негизги көрсөткүчтөрү;

2) билим берүү уюмунун окуучуларынын (студенттеринин) жана кызматкерлеринин ушул Минималдуу талаптардын 23-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматты чогултууга жана талдоого, кийинки иш-аракеттерди пландаштырууга катышуусу;

3) билим берүү уюмунун өзүнүн иши жөнүндө маалыматты коомчулукка туруктуу негизде берүүсү, анын ичинде:

- миссиясы;

- билим берүү максаттары;

- окутуунун күтүлүүчү натыйжалары;

- берилүүчү квалификациялар;

- окуунун жана окутуунун формалары жана каражаттары;

- баалоонун жол-жоболору;

- өтүү үчүн балл жана окуучуларга (студенттерге) берилүүчү мүмкүнчүлүктөр;

- бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат;

- студенттердин илимий изилдөөчү иштеринин жыйынтыктары (жогорку окуу жайлар үчүн);

4) билим берүү уюму коомчулукка маалымат берүү үчүн өзүнүн сайтын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануусу.

24. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында ушул Минималдуу талаптардын 23-пункту менен каралган чен-өлчөмдөрдөн тышкары билим берүү уюмун башкаруу башкаруунун автоматташтырылган (программалык) тутумунун жардамы менен жүзөгө ашырылат. Андай тутум жок болсо орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюму аны иштеп чыгууну же сатып алууну жана эксплуатациялоого киргизүүнү пландаштырат.

9. Институттук аккредитациялоодо билим берүү уюмунун финансылык каражаттарын пландоого жана башкарууга карата минималдуу талаптар

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)

25. Билим берүү уюмунун миссиясына жана максатына жетишүү максатында билим берүү уюму финансылык каражаттарды башкарууну уюштурат. Билим берүү уюмундагы билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында финансылык чакырыктарга жана күтүлбөгөн жагдайларга өз убагында чара көрүү механизмдери бар.

26. Башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында финансылык каражаттарды пландоо жана башкаруу критерийлери:

1) билим берүү уюмунун сапатын камсыздоо жана жетишкен деңгээлин кармап туруу үчүн билим берүү уюмунун финансылык каражаттары жетиштүү. Билим берүүнүн сапатын төмөндөтүүнүн эсебинен финансылык туруктуулукка жетишүүгө болбойт;

2) окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам ачык белгиленген максаттарга, милдеттерге ылайык ишке ашырылат. Окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга окуучулар (студенттер), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курам менен билим берүү уюмунун ортосундагы өз ара мамиле менен байланышкан бардык финансылык маселелер боюнча өз учурунда жана толук маалымат берилет;

3) билим берүү уюму жылдык жана стратегиялык финансылык пландоодо окуучуларга (студенттерге), окутуучу жана окутуучу-көмөкчү курамга финансылык жардам көрсөтүүнү эске алат;

4) билим берүү уюму финансылык каражаттарды пландоонун, башкаруунун натыйжалуулугун кепилдөөчү технологияларды колдонот. Билим берүү уюмунун бюджетин бөлүштүрүү болгон материалдык ресурстарды, учурдагы жана пландалуучу керектөөлөрдү баалоонун жана талдоонун негизинде жүргүзүлөт;

5) билим берүү уюму, анын уюштуруу түзүмүндө функциялык милдеттери так аныкталган квалификациялуу финансылык кызматкерлердин штатына ээ;

6) билим берүү уюму финансыны башкаруудагы ачыктыкты жана айкындуулукту, сарамжалдуу финансылык башкарууну, бюджетти негиздүү түзүүнү, тобокелдиктерди баалоонун жана контролдоонун ички механизмдерин кепилдейт;

7) билим берүү уюмунун финансылык каражаттарынын олуттуу бөлүгү билим берүү, изилдөө ишин колдоого жана билим берүү уюмунун инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Билим берүү уюму өнүгүү үчүн зарыл болгон өз бюджетин пландуу түрдө көбөйтөт;

8) билим берүү уюму өзүнүн финансылык абалын сырттан жана ичтен баалоо механизмине ээ. Билим берүү уюму үзгүлтүксүз негизде финансылык аудиттен өтөт;

9) билим берүү уюмунун финансылык ресурстары билим берүү уюмун туруктуу өнүктүрүүгө түрткү берет (эмгек акы, коммуналдык, коммуникациялык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө, окутуучулардын жана персоналдын квалификацияларын жогорулатууга чыгымдар, билим берүү уюмун өнүктүрүүгө чыгымдар).

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)