Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2016-жылдын 5-январы № 1

Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөө жол-жоболорунун ачыктыгын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Айыл чарба жерлеринин категориясынан жерлерди которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан алынган каражаттар:

- жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;

- иштетилүүчү жерлерди мелиорациялоого;

- кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатууга;

- жаңы жерлерди өздөштүрүү жана иштетилген жерлерди мелиорациялоо боюнча долбоордук-иликтөө иштерин аткарууга, алардын күрдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланыла тургандыгы белгиленсин.

3. Алынбай калган пайда төмөнкү эсептерден компенсациялана тургандыгы аныкталсын: бир гектар сугат айдоо жери - 1760 сом, кайрак айдоо жери - 610 сом, жайыттар - 90 сом. Ошол эле учурда алынбай калган пайданын суммасы - 49 (жер участогу пайдаланууга берилген учурда) жана 99 (жер участогу менчикке берилген учурда) коэффициентин колдонуу менен эсептелет.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир айдын негизинде айыл чарба жерлерин башка категориядагы жерлерге которууда иш жүзүндө келип түшкөн каражаттардын мониторингин ишке ашырсын:

республикалык бюджетке - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан;

жергиликтүү бюджеттерге - алынбай калган пайданын ордун толтуруудан.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-майындагы № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоо киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби тууралуу" токтомунун 5-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 370 токтому;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын
ЧЕНЕМДЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:

 

Нвп = В х S х С, мында:

 

Нвп - айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммасы;

S - которулуучу жер участогунун аянты, га менен;

С - 49 (жер участогун пайдаланууга берүүдө) жана 99га (жер участогун менчикке берүүдө) тең коэффициент;

В - жердин тийиштүү түрүн өздөштүрүү үчүн сумма 1 га жерге төмөнкү тартипте эсептелет:

В = 40 х Зн, мында:

40 - жоготуулардын орточо арифметикалык чоңдугу;

Зн - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер салыгынын базалык ставкасы.

2. Аңыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которгондо (трансформациялаганда) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөөдө кайрак жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которгондо - сугат айдоо жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.