Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-декабры № 815

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;

- 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукцияларды милдеттүү түрдө  сертификациялоо жүргүзүү эрежелери жана тартиби жөнүндө жободо:

- 4.4.4-пунктунун экинчи абзацындагы "жөндөмдүүлүккө гана аккредиттелген" деген сөздөр алып салынсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 267 "Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияга шайкештиги жөнүндө берилген шайкештик сертификаттарынын жана катталган декларациялардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тууралуу жободо:

бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "шайкештикти тастыктоо боюнча орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "каттоочу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияларга берилген шайкештик сертификаттары жөнүндө маалыматтар сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан түзүлөт, шайкештиктин милдеттүү тастыктоосунан өткөн продукцияларга катталган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндө көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган жана/же сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар (мындан ары - каттоочу органдар) тарабынан түзүлөт.";

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү формасы боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан катталгандан кийин 3 күндүн ичинде ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартынын № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген формалар боюнча таризделген берилген шайкештик сертификаттары жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялар тууралуу маалыматтар каттоочу органдар тарабынан ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен ТЖУОго электрондук жана/же кагаз жүзүндө берилет.".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын, шайкештик белгисинин сүрөтү тартылган голографиялык маркаларды берет;".

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып шайкештик сертификаттарынын бланктарын, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктарын жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркаларды берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору 2016-жылдын 1-январынан тартып продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдарды зарыл болгон санда шайкештик сертификаттарынын бланктары, шайкештик сертификаттарынын көчүрмөлөрүнүн бланктары жана шайкештик белгисинин сүрөтү түшүрүлгөн голографиялык маркалар менен акы төлөнүүчү негизде камсыз кылсын жана берилген бланктардын жана голографиялык маркалардын эсебин жүргүзсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Т.Сариев