Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 4-апрели № 173

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин баалоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- ИИОнун ишин комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарым жылда бир жолу отчет берсин";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жободо:

- расмий тилдеги тексттин преамбуласындагы "регламентируют" деген сөз "регламентирует" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 10-пунктта;

1-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- кылмыштар жана окуялар жөнүндө жарандардын билдирүүлөрүн жана арыздарын өз убагында чечүүнү, милдеттүү чара көрүүнү камсыздоонун көрсөткүчтөрү;";

2-пунктчанын экинчи абзацындагы "жалпы жана жеке" деген сөздөр алып салынсын;

2-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- эл алдында берилген отчеттордун саны жөнүндө маалыматтар.";

3-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жалпы кылмыштуулуктун түзүмүндөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштардын үлүшүнүн көрсөткүчтөрү;";

3-пунктчанын төртүнчү абзацы "кыймылынын" деген сөздөн кийин "жана укуктук тартиптин" деген сөздөр менен толукталсын;

4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Кылмыштарды табуу, бетин ачуу жана иликтөө:

- кылмыштарды табууну жана бетин ачууну мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;

- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүнү мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;

- уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;

- диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнү, терроризмдин алдын алууну мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;

- кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнү мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;

- тергөөнүн сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр.";

төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:

"12-1. Кыргыз Республикасынын ИИО ишин ички ведомстволук баалоонун компоненттеринин натыйжалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.".

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Т.Сариев