Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-июну № 319

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

Калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жарандардын финансылык маселелерге карата көз карашын өзгөртүү, алардын жашоо шартын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы 1-тиркемеге ылайык;

- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;

- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы 3-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткарууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, аткаруу бийлигинин башка органдары жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жогоруда аталган иш-чаралар пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берүү сунушталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

С.Жээнбеков

 

 

 

2-тиркеме

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын биринчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

Милдеттер

Жүзөгө ашырылуучу иш-чаралар

Күтүлүүчү натыйжалар

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Каржылоо булактары

1-багыт. Мектеп жашындагы балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу

1.1-милдет.

Финансылык сабаттуулуктун элементтерин мамлекеттик билим берүү программаларына киргизүү

Финансылык сабаттуулуктун элементтерин иштеп чыгуу жана базистик окуу планына киргизилген окуу предметтеринин колдонуудагы билим берүү программаларына киргизүү.

10-11-класстардын окуучулары үчүн предметтик билим берүү стандарттарына финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маселелерди базистик окуу планынын окуу предметтеринин билим берүү программаларына камтуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү

Башталгыч класстардын жана негизги мектеп окуучулары (5-9-класстар) үчүн интеграцияланган предметтерге киргизиле турган финансылык сабаттуулук сабактарын эске алуу менен (жылына кеминде 4 сабак) билим берүү программаларынын долбоору иштелип чыккан.

10-11-класстын окуучулары үчүн билим берүү программасынын долбоорлору иштелип чыккан

2016-2017-жылдар

БИМ,

УБ,

Финкөзөмөл,

БСМ,

ЖКУ (макулдашуу боюнча),

БА (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин алкагында; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражат талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

1.2-милдет.

Финансылык сабаттуулукка класстан тышкаркы окутуу

Жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча, анын ичинде сынак жарыялоо аркылуу класстан тышкары сабак өткөрүү үчүн методикалык колдонмону (атайын курсту) иштеп чыгуу

Класстан тышкары жана мектептен тышкары иштерге колдонмо катары пайдалануу үчүн жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча усулдук колдонмо, анын ичинде аларды жазууга сынак өткөрүү аркылуу иштелип чыккан.

Усулдук колдонмолордун берилген кол жазмалары Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келүүсүнө экспертизадан өткөрүлгөн

2016-2017-жылдар

БИМ,УБ,

Финкөзөмөл,

БСМ,

ЖКУ (макулдашуу боюнча),

БА (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

1.3-милдет.

Жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин билим берүү мекемелеринен тышкары жогорулатуу

Жаштар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча программаларды базалык билимдин, ыкмалардын жана көндүмдөрдүн (компетенциялардын) негизинде иштеп чыгуу.

Жаштар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча туруктуу окуу курстарын билим берүү борборлору аркылуу ишке киргизүү

Жаштар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча программа иштелип чыккан.

Жаштар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча факультативдик курс иштелип чыккан жана аларды окуу мекемелеринен тышкары финансылык агартуу үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Финансылык сабаттуулук боюнча факультативдик курстардын материалдары министрликтердин, ведомстволордун, кызыкдар мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сайттарында жайгаштырылган

2016-2017-жылдар

БИМ, УБ,

Финкөзөмөл,

БСМ,

ЖКУ (макулдашуу боюнча),

БА (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2-багыт. Жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу

2.1-милдет.

Жарандарды жашоонун ар кандай этаптарында окутуу механизмдерин түзүү

Жаранга жашоонун ар кандай этаптарында керектүү финансылык билимдерди жана көндүмдөрдү (компетенцияларды) аныктоо.

Жашоо этабына жараша базалык билиминин жана көндүмдөрдүн (компетенциялардын) негизинде финансылык сабаттуулук боюнча окуу планын иштеп чыгуу.

Жеке финансы каражаттарын башкаруу жаатында натыйжалуу билим берүү ресурстарын иштеп чыгуу.

Жашоонун ар кандай этаптарында турган жарандардын ар кайсы топтору финансылык сабаттуулук программаларына жетүүнү камсыз кылган шарттарды түзүү

Жаранга жашоонун ар кандай этаптарында зарыл базалык финансылык билимди жана көндүмдөрдү (компетенцияларды) эске алуу менен программанын/курстун/билим берүү ресурстарынын долбоору иштелип чыккан.

Жарандык коом уюмдарынын колдоосу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайлардын, китепканалардын ж.б. базасында калк үчүн үзгүлтүксүз билим берүү иш-чараларын жана консультацияларды жүргүзгөн финансылык агартуу борборлорду түзүү маселелери иштелип чыккан

2016-2017-жылдар

УБ,

БИМ,

Финкөзөмөл,

ЖӨБО,

БСМ, БА (макулдашуу боюнча),

ЖКУ (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча), КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2.2-милдет.

Үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү

Финансылык пландын үлгүлөрүн (шаблондорун) иштеп чыгып, өз бюджетин пландаштырууга жана жүргүзүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жетүүсүн камсыз кылуу.

Өз финансылык максаттарын жана пландарын жыл сайын кайра карап чыккан үй-бүлөлөрдө финансылык пландаштыруунун артыкчылыктарын пайдалануу көндүмдөрүн ишке киргизүү

Үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууга жана жүргүзүүгө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн жетүүсүн камсыз кылуу максатында маалыматтык материалдар жана финансылык пландын үлгүлөрү (шаблондор) иштелип чыккан жана андан пайдалануу максатында ал веб-сайтта жайгаштырылган.

Аманат, финансылык пландаштыруу көндүмдөрүн билим берүү ресурстары аркылуу үй-бүлөлөргө жайылтуу боюнча чаралар көрүлгөн

2016-2017 годы

УБ, МСК,

ФКУ (макулдашуу боюнча),

БА (макулдашуу боюнча),

ЖКУ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2.3-милдет.

Жеке финансылык жоопкерчиликтин жана тобокелдиктерди билүүнүн негизинде жарандардын зайымдарга жаңы мамилесин калыптандыруу

"Зарыл суммада жана керек учурда гана кредит алуу" принциби боюнча жарандарды кызыктыруу механизмдерин түзүү.

Кредиттик туруктуулук деңгээлин аныктоо үчүн жарандардын төлөө потенциалын эсептеген инструментти иштеп чыгуу (кибер-калькулятор).

Рынокто колдонуудагы кредиттик продуктулардын наркын салыштыруу жана жарандар финансылык продуктуларды толук жана объективдүү маалыматтын негизинде тандоосу үчүн финансылык продуктулардын шарттары тууралуу топтолгон маалыматты камтыган веб-сайтты иштеп чыгуу.

Жарандардын көз карандысыз консультациялык кызматтарга жетүүсүн камсыз кылуу үчүн кредиттик карызды башкаруу маселелери боюнча консультациялык борборду түзүү.

Интернет-сайттарда кредиттик таржымалды калыптандыруу боюнча маалымат ресурстарын түзүү

Жарандарга финансылык каражаттарды сарамжалдуу жана жоопкерчиликтүү пайдалануусуна түрткү берген чаралар боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Жарандын кредиттик туруктуулук деңгээлин аныктоо инструменти веб-сайтта жайгаштыруу үчүн иштелип чыккан.

Рынокто колдонуудагы кредиттик продуктулардын наркын салыштыруу үчүн финансылык продуктуларды берүү шарттары жөнүндө маалыматты камтыган баракча билим берүү веб-сайтында түзүлгөн.

Жарандардын көз карандысыз консультациялык кызматтарына жетүүсүн камсыз кылуу үчүн кредиттик карызды башкаруу маселелери боюнча консультациялык борборду түзүү маселелери иштелип чыккан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жайгаштыруу үчүн кредиттик таржымалды калыптандыруу боюнча маалыматтык материалдар даярдалган

2016 -2017-жылдар

УБ,

МФУА (макулдашуу боюнча),

КББ (макулдашуу боюнча),

КМБ (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

ЖКУ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2.4-милдет.

Жеке аманат жана финансылык коргоо чөйрөсүндө маалымдоо, ынандыруу жана окутуу

Кыска мөөнөттүк, узак мөөнөттүк финансылык жана инвестициялык продуктулардын жардамы менен аманат жана финансылык активдерди коргоонун артыкчылыктары жөнүндө кампанияларды өткөрүү.

Жарандардын улуттук аманат системасына катышуусу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде аманат демилгелери үчүн улуттук облигацияларды чыгаруунун жардамы менен.

Акчалай которууларды алган жарандар үчүн алынган акчанын бир бөлүгүн банктык эсептерде, фондулук биржада баалуу кагаздарда сактоого түрткү берүү.

Болочоктогу пенсияны топтоого жана жеке финансылык коопсуздукка арналган жалпы улуттук маалымат кампаниясын уюштуруу.

Жарандар арасында камсыздандырууну колдонуу зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрмө иштерин жүргүзүү, камсыздандыруу продукттарын кеңири колдонуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде милдеттүү камсыздандырууга карата ченемдик талаптар

Аманат, финансылык активдерди коргоонун артыкчылыктары жөнүндө кампанияларды улуттук масштабда жыл сайын өткөрүү боюнча сунуштар даярдалган.

Жарандарды улуттук аманат системасына тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тууралуу сунуштар даярдалган.

Жарандардын аманат кылууга, анын ичинде акча которууларды банктык эсепте сактоого түрткү берген сунуштар даярдалган.

Жарандардын фондулук рынокто баалуу кагаздарга инвестициялоосуна түрткү берген сунуштар даярдалган.

Депозиттер боюнча жаңы банктык продуктуларды кошо алганда, пенсиялык эсепке түшүрүүгө жана жеке финансылык коопсуздукка арналган жалпы улуттук маалыматтык кампанияны өткөрүү уюштурулган.

Камсыздандыруу продуктуларын жана фондулук рыноктогу инструменттерди кеңири пайдалануу үчүн жарандарга түрткү берүү боюнча сунуштар иштелип чыккан

2016-2017-жылдар

УБ, Финкөзөмөл, ДКА (макулдашуу боюнча),

КББ (макулдашуу боюнча),

МФУА (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд,

ФКУ (макулдашуу боюнча), камсыздандыруу рыногунун катышуучулары (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2.5-милдет.

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана өркүндөтүү

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн (банктар жана микрофинансы уюмдары, төлөм операторлору ж.б.) укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана ченемдик базасына талдоо жүргүзүү.

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо.

Кыргыз Республикасында финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу мыйзамдык негиздерди калыптандырууга көмөктөшүү

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарга жана ченемдик базага инвентаризация жүргүзүлгөн.

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жакшыртуу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар даярдалган жана киргизилген.

Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген

2016-2017-жылдар

УБ,

Финкөзөмөл,

КББ (макулдашуу боюнча), МФУА (макулдашуу боюнча),

БА (макулдашуу боюнча), ФКУ (макулдашуу боюнча), финансылык уюмдардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

2.6-милдет.

Инвестициялар жөнүндө билимди жайылтуу

Инвестициялоо жана каражат топтоо жөнүндө сапаттуу билим берүүчү ресурстарды иштеп чыгуу жана аларга жетүүнү камсыз кылуу

Инвестициялар жана каражат топтоо жөнүндө билим берүү ресурстары иштелип чыгып, колдонууга киргизилген (инвестициялоо ж.б. инструменттер боюнча маалымат материалдары)

2016-2017-жылдар

Финкөзөмөл,

УБ,

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

3-багыт. Жарандардын бардык категориялары үчүн финансылык маалыматтарга жана финансылык кызматтарга бирдей жана толук жетүүсүн камсыз кылуу

3.1-милдет.

Калкты көз карандысыз жана сапаттуу финансылык маалыматтар менен камсыз кылуу

Финансылык сабаттуулук маселелери боюнча билим берүү ресурстарын камтыган жарандардын бардык топтору үчүн финансылык сабаттуулук боюнча башкы веб-порталды түзүү.

Объективдүү финансылык маалыматты берүү үчүн финансылык консультациялар системасын түзүү, анын ичинде көз карандысыз финансылык консультацияларды жүргүзүү үчүн саясат жана жол-жоболор, консультанттарды текшерүү жана аттестациялоо, ошондой окуу материалдарын түзүү.

Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча укуктук жана маалыматтык ресурстарды түзүү

Финансылык сабаттуулук боюнча иштелип чыккан материалдарды системалаштыруу жүргүзүлгөн.

Финансылык сабаттуулук боюнча бардык билим берүү ресурстарын жайгаштыруу үчүн башкы веб-портал түзүлгөн.

Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча укуктук жана маалыматтык ресурстар системасы түзүлгөн

2016-2017-жылдар

УБ,

Финкөзөмөл,

ДКА (макулдашуу боюнча),

МФУА (макулдашуу боюнча),

КББ (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

3.2-милдет.

Финансылык мекемелерге болгон ишенимди колдоого алуу

Финансылык мекемелерге карата ишенимдин жогорку деңгээлин колдоо.

Калкты ФКУдин, төлөм операторлорунун жана башка финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн иши жөнүндө маалымдоо иш-чараларын жүргүзүү.

Бүт өлкө боюнча жыл сайын финансылык жарманкелерди уюштуруу.

ФКУдин финансылык ортомчулугун кеңейтүүгө көмөктөшүү (кредиттөөнүн өсүшү, депозиттерди тартуу, жаңы финансылык инструменттерди жайылтуу)

Финансылык мекемелерге карата ишенимди жогорулатууга багытталган иш-чаралар боюнча сунуштардын топтому даярдалган.

ФКУдин, төлөм операторлорунун жана башка финансылык кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн иши жөнүндө калкка маалымат берүү максатында сунуштар даярдалып, иш-чарлар/жарманкелер өткөрүлгөн.

Жарандар үчүн финансылык кызматтар финансылык жактан жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн сунуштар даярдалган

2016-2017-жылдар

УБ,

Финкөзөмөл,

ДКА (макулдашуу боюнча),

МФУА (макулдашуу боюнча),

КББ (макулдашуу боюнча),

ФКУ (макулдашуу боюнча),

КФБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; мамлекеттик бюджеттен кошумча акча каражаттар талап кылынбайт; зарылчылык учурда - донорлордун каражаттары тартылат

 

 

3-тиркеме

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

Милдеттер

Жүзөгө ашырылуучу иш-чаралар

Күтүлүүчү жыйынтыктар

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Каржылоо булактары

1-багыт

Мектеп жашындагы балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу

1

1.1-милдет. Финансылык сабаттуулуктун элементтерин мамлекеттик билим берүү программаларына киргизүү

Окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттарына(*) ылайык финансылык сабаттуулуктун элементтерин предметтик стандарттарга, окуу пландарына жана базистик окуу планына киргизилген окуу предметтеринин билим берүү программаларын киргизүү (жылына кеминде финансылык сабаттуулук боюнча 4 сабак)

5-11-класстар үчүн предметтик стандарттарга, окуу пландарына жана билим берүү программаларына Окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттарына ылайык келген өзгөртүүлөрдүн долбоорлору иштелип чыкты (жылына кеминде финансылык сабаттуулук боюнча 4 сабак)

2018-жыл

БИМ, БСМ; макулдашуу боюнча: УБ, ЖКУ, БА, ФНУ

Бекитилген бюджеттин чегинде

2

Финансылык сабаттуулук элементтери камтылган предметтик стандарттардын, окуу пландарынын жана билим берүү программаларынын иштелип чыккан долбоорлору боюнча тандалып алынган бир же бир нече билим берүү мекемелеринде 5-11-класстардын окуучуларын пилоттук окутуу жүргүзүлдү

2018-2019-жылдар

3

Пилоттук долбоордун жыйынтыктары боюнча колдонуудагы предметтик стандарттарга, окуу пландарына жана базистик окуу планына киргизилген окуу предметтеринин билим берүү программаларына өзгөртүүлөр киргизилди

2019-жыл

4

1.2-милдет. Финансылык сабаттуулукка класстан тышкаркы окутуу

Жалпы билим берүү мектептеринин 5-11-класстарынын окуучуларына класстан тышкары сабак өткөрүү үчүн Окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттарына ылайык келген финансылык сабаттуулук боюнча атайын курсту киргизүү

БИМге караштуу Кыргыз билим берүү академиясында экспертизадан өткөрүлгөн финансылык сабаттуулук боюнча методикалык колдонмолорду (атайын курстар) пайдалануу менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына класстан тышкары жана мектептен тышкары билим берүү иш-чаралары өткөрүлдү

2018-2019-жылдар

БИМ, БСМ

Бекитилген бюджеттин чегинде

5

1.3-милдет. Жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин билим берүү мекемелеринен тышкары жогорулатуу

Чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттарына(**) негизделген финансылык сабаттуулук боюнча иштелип чыккан программалар (факультативдик курстар) боюнча жаштарды окутуу

Мамлекеттик органдар, ЖКУлар жана ишке тартылган башка мекемелер тарабынан жаштарды (18-28 жаштагы) иштелип чыккан финансылык сабаттуулук боюнча факультативдик курстар боюнча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Финансылык сабаттуулук боюнча факультативдик курстардын материалдары ишке тартылган мамлекеттик органдардын, ЖКУлардын жана кызыкдар мекемелердин сайттарында жайгаштырылды

2018-2019-жылдар

БИМ, Жаштар жана спорт агенттиги, Финкөзөмөл, БСМ; макулдашуу боюнча: УБ, ЖКУ, БА, ФНУ, КФБ

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

6

1.4-милдет. Финансылык сабаттуулукка окуткан мугалимдерди даярдоо

Финансылык сабаттуулукка окутуу боюнча педагогикалык кызматкерлерди даярдоо

Финансылык сабаттуулук боюнча окуу курстары (модулдар) иштелип чыкты жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдыктан өткөрүү программаларына киргизилди

2018-жыл

БИМ, УБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

7

Финансылык сабаттуулук боюнча иштелип чыккан курстун негизинде БИМге караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аларды кайра даярдоо иш-чаралары өткөрүлдү

2018-2019-жылдар

БИМ

8

Зарылчылыкка жараша педагогикалык кызматкерлерди БИМге караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан тышкары финансылык сабаттуулукка окутуу боюнча даярдоо иштери өткөрүлдү

2018-2019-жылдар

БИМ; макулдашуу боюнча: УБ, ЖКУ, БА, ФНУ

2-багыт

Жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу

9

2.1-милдет. Жарандарды финансылык сабаттуулукка окутуу

Чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттарына негизделген финансылык сабаттуулук боюнча иштелип чыккан билим берүү программалары боюнча чоңдорду окутуу

Чоңдор үчүн атайын билим берүү программалары жана окуу модулдары иштелип чыкты жана Координациялык кеңештин(***) кароосуна киргизилди

2018-2019-жылдар

БИМ, Финмин, Финкөзөмөл, БСМ; макулдашуу боюнча: УБ, ЖӨБО, БА, ЖКУ, ФНУ, КФБ

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

10

Мамлекеттик органдардын окуу борборлорунда, ЖКУ, БА ж.б. кызыкдар мекемелерде финансылык сабаттуулук боюнча атайын иштелип чыккан окуу программаларынын негизинде чоңдорду окутуу иш-чаралары өткөрүлдү

11

2.2-милдет. Калкка финансылык сабаттуулук маселелери боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана/же жогорку окуу жайлардын, китепканалардын ж.б. базасында калк үчүн финансылык сабаттуулук боюнча кеп-кеңештерди берген финансылык агартуу борборлору түзүлгөн

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана/же жогорку окуу жайлардын, китепканалардын ж.б. базасында финансылык агартуу борборлору түзүлдү

2018-2019-жылдар

БИМ, БСМ; макулдашуу боюнча: УБ, ЖӨБО, БА, ЖКУ, ФНУ

12

Өз кирешелеринин жана чыгашаларынын эсебин жүргүзүп, жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн бюджетинин финансылык планын түзгөн, финансылык алдамчылыкка кабылуу коркунучун азайткан ж.б. жарандардын саны өстү.

Аталган көрсөткүчтүн өсүшү социалдык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча аныкталды

3-багыт

Жарандардын бардык категорияларынын финансылык маалыматтарга жана финансылык кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жана толук жетүүсүн камсыздоо

13

3.1-милдет. Калкты көз карандысыз жана сапаттуу финансылык маалыматтар менен камсыз кылуу

Финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайттын (www.flnsabat.kg) ишин камсыздоо

Чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенцияларынын стандарттарына ылайык бөлүмдөрдү жана маалыматтык материалдарды камтыган финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайт модернизацияланды (анын структурасын жана дизайнын жаңыртуу, ошондой эле пайдалануучу интерфейсти жакшыртуу жолу менен)

2018-2019-жылдар

Ишке тартылган мамлекеттик органдар; макулдашуу боюнча: УБ, ЖКУ, МФУА, КББ, ФНУ

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

14

Финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайттын штаттык режимде иштөөсү, анын бөлүмдөрүнүн финансылык сабаттуулук чөйрөсүндөгү актуалдуу, толук, ачык-айкын жана так маалыматтар менен дайыма толукталышы камсыздалды

15

3.2-милдет. Финансылык мекемелерге болгон ишенимди колдоо

Финансылык жармаңкелерди жыл сайын уюштуруу

Калкты ФНУ жана башка финансылык институттардын иши менен тааныштыруу максатында ФНУ жана башка финансылык институттардын катышуусунда финансылык жармаңке (ачык эшиктер күнү) өткөрүлдү

2018-2019-жылдар

Финкөзөмөл; макулдашуу боюнча: УБ, КББ, МФУА, ФНУ, ЖКУ, БА

 

16

Финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү

Зарылчылыкка жараша финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

2018-2019-жылдар

УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл

 

17

3.3-милдет. Жарандардын жеке финансылык жоопкерчилигине жана коркунучтарды билүүсүнө негизделген зайымдарга жаңы мамилесин калыптандыруу

Жарандардын жеке финансылык жоопкерчилигине жана коркунучтарды билүүсүнө негизделген зайымдарга карата жаңы мамилесин калыптандырууга багытталган маалыматтык материалдарды жалпы маалымат каражаттары аркылуу жайылтуу

Басма сөз жана интернет басылмаларында макалалар жарыяланды, радио жана телеберүүлөр чыгарылды, калк арасында плакаттар жана буклеттер таратылды

2018-2019-жылдар

Макулдашуу боюнча: УБ, КББ, МФУА, КМБ, ФНУ, ЖКУ

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

18

Финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайтка жарандын кредиттик туруктуулук деңгээлин аныктоо үчүн кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн эсептеген калькуляторду, ошондой эле кредиттик продуктулардын наркын салыштыруу үчүн инструментти жайгаштыруу

Жарандын кредиттик туруктуулук деңгээлин аныктоо үчүн кредитти төлөө жөндөмүн эсептеген калькулятор, ошондой эле кредиттик продуктулардын наркын салыштыруу үчүн инструмент финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайтка жайгаштырылды

2018-жыл

УБ (макулдашуу боюнча)

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

19

3.4-милдет. Финансы жактан пландаштыруу, жеке аманат жана финансылык коргоо чөйрөсүндө калкты ынандыруу

Финансы жактан пландаштыруу зарылдыгы, аманаттардын жана активдерди финансылык коргоонун артыкчылыктары тууралуу жарандарга маалымдоо

Финансылык пландын (жеке, үй-бүлөлүк бюджеттин) үлгүлөрү финансылык сабаттуулук боюнча башкы интернет-сайтка жайгаштырылды, ошондой эле калк арасында таратылды

2018-жыл

УБ (макулдашуу боюнча), Финкөзөмөл

Бекитилген бюджеттин чегинде; зарылчылыкка жараша - донорлордун каражаттары тартылат

20

Жарандардын кирешелер жана чыгашалар эсебин жүргүзүүсүнө, жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти түзүүсүнө, алган акча которуулардын бөлүгүн аманат түрүндө сактоосуна, камсыздандыруу продуктуларын пайдалануусуна түрткү берүүгө багытталган жалпы улуттук маалыматтык кампаниялар уюштурулду

2018-2019-жылдар

Макулдашуу боюнча: УБ, ДКА, КББ, МФУА, КФБ, ФНУ, камсыздандыруу рыногунун катышуучулары; Соцфонд

Эскертүү:

(*) Окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 60 буйругу менен түзүлгөн 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын иш жүзүнө ашыруу боюнча координациялык кеңеш тарабынан бекитилген окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттары.

(**) Чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча компетенциялардын стандарттары - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 60 буйругу менен түзүлгөн 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын иш жүзүнө ашыруу боюнча координациялык кеңеш тарабынан бекитилген чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттары.

(***) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 60 буйругу менен түзүлгөн 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын иш жүзүнө ашыруу боюнча координациялык кеңеш.