Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 15-июнундагы
№ 319 токтому менен
бекитилген

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу
ПРОГРАММАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо

Акыркы беш жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү 2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк финансылык каатчылык кесепеттерин четтетүү шартында, 2010-жылдагы социалдык-экономикалык олуттуу өзгөрүүлөрдүн таасири алдында өттү.

Мындай кырдаалда өлкөнүн келечектеги өнүгүшү, анын ичинде туруктуу өнүгүүгө ишенимдүү багыт алуу үчүн адам ресурсун, жаратылыш, финансылык жана башка резервдер менен ресурстарды мобилизациялоого жана сарамжалдуу пайдаланууга муктаждыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында" (мындан ары - Стратегия) жалпы мамлекеттик деңгээлде аныкталган. Стратегияда каралган туруктуу өнүктүрүүнүн модели бардык мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун Кыргызстанды келечекте өнүктүрүү маселеси боюнча күч-аракетин бириктирүү аркылуу стратегиялык багыттарды жана артыкчылыктарды аныктайт.

Стратегиянын багыттарынын бири болуп финансылык ресурстарды натыйжалуу мабилизациялоого жана калк менен ишкерлердин узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү кредиттерге муктаждыгын канааттандырууга жөндөмдүү финансы-банк секторун өнүктүрүү, финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары - ФКУ) туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү эсептелет.

Финансылык ортомчулуктун деңгээли кеңейип бараткан шартта төлөм-эсептешүү операциялары жана төлөмдөр, коммерциялык банктардын депозиттери, банк жана микрофинансылык секторунун ар кандай кредиттик продукттары сыяктуу финансылык кызматтын пайдалануучуларынын саны улам артып жаткандыгы байкалууда. Бирок, кызматты керектөөчүлөрдын маалымдуулук деңгээли кредиттик жана башка финансылык продукттардын татаалдыгына дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) жарандардын кайрылуулары менен жүргүзгөн ишин талдоо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга карата кеңири жана макулдашылган негизде мамиле жасоо зарылчылыгын аныктады.

2016-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы (мындан ары - Программа) Стратегияны ишке ашырууга багытталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, Улуттук банктын, финансылык рыноктун катышуучуларынын, бизнес ассоциациялардын жана аны андан ары ишке ашырууга кызыкдар башка түзүмдөрдүн экономикалык саясатынын негизги артыкчылыктарын эске алат.

Программада мамлекет менен жарандардын кабыл алган финансылык чечимдеринин кесепеттери үчүн жоопкерчилигин чектөөчү жалпы эл аралык саясаттын жана практиканын негизги принциптери жана жетишкендиктери эске алынган. Программа Кыргыз Республикасынын финансы рыногун талаптагыдай жөнгө салуу чараларын, ошондой эле жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу чараларын алмаштырбай, тескерисинче аларды толуктайт.

Финансылык сабаттуулук - бул мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, финансылык билимин практикада колдонуу үчүн зарыл маалыматтарды алууга, түшүнүүгө жана баа берүүгө адамдын жөндөмдүүлүгү. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоонун кошумча чарасы болуп саналат. Финансылык сабаттуулуктун деңгээли финансылык билим берүүнүн жыйынтыгында жогорулайт, бул процесстин алкагында жарандар финансылык продукттар жана кызматтар боюнча түшүнүгүн арттырып, бул багытта финансылык аракеттердин көндүмдөрүнө ээ болот.

Финансылык сабаттуулук адамдын финансылык жактан жакшы жашоосуна өбөлгө түзүп, анын финансылык иш чөйрөсүнө тартылуу (инклюзивдик) деңгээлине таасир этет, ылайыктуу жана алгылыктуу финансылык кызматтарды сунуштаган адилеттүү жана натыйжалуу иштеген финансы мекемелерин, керектөөчүлөрдү коргоо системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, ал эми булар өз кезегинде финансылык кызматты керектөөчүлөргө финансылык көз боёмочулуктан коргоону камсыз кылат.

Зайымчылар өз укуктарын жана жоопкерчиликтерин толук түшүнбөстүгү үстү-үстүнө кредит алуу көйгөйүнө, демек банк жана микрофинансы секторунун экономиканын реалдуу секторун андан ары каржылоо жөндөмүн төмөндөтүшүнө алып келиши мүмкүн.

2015-жылы коммерциялык банктардын кредиттик портфелинин көлөмү 93,9 млрд. сомду (жыл башынан өсүшү - 19,3%), ал эми микрофинансы секторунун кредиттик портфелинин көлөмү ушул эле мезгил ичинде 23,3 млрд. сомду (жыл башынан төмөндөө - 34%) түзгөн.

Коммерциялык банктардын депозиттик базасы 2015-жылдын акырына карата 2015-жылдын башына салыштырганда 24,64%га көбөйгөн, бул банк системасына карата ишенимдин өсүшү тууралуу айтып турат. Ошол эле учурда кредиттердин жана депозиттердин долларлашуу деңгээли, ошондой эле коммерциялык банктардын да, микрофинансылык уюмдардын да зайымчыларынын кредиттик каражаттарды кайтарып бере албай калуу коркунучу сакталып калууда, ал башка факторлор менен катар эле, "башка дагы" кредиттерди алуусу - мурда алган каражаттар боюнча кредиттик карыздары болгон учурда жаңы карыз алууга кайрылганынан келип чыгат.

Калктын аманаттары жана салымдары төмөн деңгээлде, бул бир жагынан - калктын банк системасына анчалык ишене бербешинин, экинчи жагынан - үй чарбаларында аманат жана бюджетти пландаштыруу салтынын жоктугунун натыйжасы болуп саналат. Калкыбыз Кыргызстанда жети жылдан ашуун иштеп келе жаткан депозиттерди коргоо системасы жөнүндө билбейт.

Республикада ички инвестицияларды пайдалануу деңгээли төмөн бойдон калууда. Ушунун негизги себеби болуп калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү саналат. Калктын финансылык билими бар өкүлдөрү да Кыргызстандын рыногуна инвестициялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу атайы билимге муктаж болуп турат.

Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунда акыркы 7-8 жыл ичинде фондулук рыноктун кесипкөй катышуучулары финансылык сабаттуулукту жогорулатууга күч-аракет жумшап, өлкөбүздүн жарандарынын арасында аманат жана инвестициялоо маданиятын жайылтуу боюнча иш алып барууда. 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан корпоративдик облигациялардын 15 эмиссиясы катталып, алардын ичинен 8 эмиссия өздөштүрүлүп жаткандар, калгандарын эмитенттер тарабынан ийгиликтүү жабылган. Корпоративдик облигацияларды чыгаруу ата-мекендик компанияларга 800 млн. сом суммасында ички инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берген. Натыйжада, аманаттарды фондулук рыноктун инструменттерине жайгаштыруу аркылуу инвесторлор өз финансылык мүмкүнчүлүгүн алда канча жакшыртууга жетишкен. Инвесторлор 240 млн. сом суммасында киреше алган болсо, жеке адамдар 190 млн. сом, ал эми юридикалык жактар 50 млн. сом кирешеге ээ болгон.

Калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээли экономикалык өнүгүүгө таасир этип жатышы көптөгөн изилдөөлөр менен далилденип, өздүк ресурстарды сарамжалдуу пайдалануудан, ишкердикти өнүктүрүүдөн, керектөөнү пландаштыруудан, финансы системасынын туруктуулугунан көрүнүүдө. Калктын финансы маселесин туура, сабаттуу чечиши финансы рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшөт, анткени финансылык продуктуларга суроо-талаптарды арттырып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү коргоого, чакан жана орто ишканалардын өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, рыноктун ачык-айкындуулугун, анын атаандашууга жөндөмүн жана натыйжалуулугун арттырат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жетишкендиктер жана проблемалар

Финансылык билим берген атайы институттардын жана Калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу программасы жоктугуна карабай, Кыргыз Республикасында бул багытта алгачкы иш-чаралар ийгиликтүү жүргүзүлүүдө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан финансылык билим берүү маселеси менен алектенген жумушчу топ түзүлгөн;

- Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугунун деңгээлине изилдөөлөр жүргүзүлгөн: (1) 2013-жылы Дүйнөлүк банктын (IFC), (2) 2015-жылы Улуттук банктын заказы боюнча;

- Улуттук банк финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтын иштеп чыкты, "Акча алиппеси" чыгарылды, калктын финансылык сабаттуулугу боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө;

- финансылык мекемелер калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу процессине активдүү катышууда: "Финка" банкы 2015-жылы "Финансылык сабаттуулуктун негиздери" китебин басып чыгарды, өз кардарларына жана студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды туруктуу негизде өткөрүүдө;

- эл аралык донорлор тарабынан колдоого алынган бир катар демилгелер ишке ашырылууда.

Бирок калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууда көптөгөн көйгөйлөр орун алууда, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат:

- финансылык продукттарды жана кызматтарды пайдаланууда туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн маалымат алууга мүмкүндүгүнүн жоктугу;

- финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ошол кызматты көрсөтүүчүлөрдүн (коммерциялык банктардын жана микрофинансы уюмдарынын) жоопкерчилиги боюнча талаптагыдай укуктук негиздин жоктугу;

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ар кандай уюмдар жүргүзүп жаткан ишти координациялоочу уюмдун жоктугу;

- колдонуудагы программалардын бытыранды болушу жана туруктуу каржылоонун жоктугу.

3. Программанын максаты

Программанын башкы максаты - жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жана финансылык аракет кылуу маданиятын жогорулатуу.

Программаны жүзөгө ашыруу финансылык жактан сабаттуу жаш муунду тарбиялоого, жеке акча каражаттарды жана финансылык инструменттерди натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт (банк системасынын депозиттик базасы көбөйөт, кредиттик портфелдин сапаты жогорулайт, жарандардын фондулук рынок инструменттерине инвестициялоо мүмкүнчүлүгү артып, камсыздандыруу инструменттерин пайдалануу кеңейет).

Программа финансылык билим берүү деңгээлин жогорулатууну, финансылык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну, финансылык билимдеринин, көндүмдөрүнүн зарыл топтомуна ээ болуу жана аларды пайдалануу мүмкүндүгүн берүүнү, финансылык кызматтарды пайдалануу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, финансылык билим берүүнүн мыкты практикаларын аныктоону жана жайылтууну карайт.

4. Артыкчылыктар

Максатка жетишүү төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу аркылуу камсыз кылынат:

1. Мектеп окуучуларынын жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу.

2. Чоң кишилердин финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу.

3. Бардык категориядагы жарандардын финансылык маалыматка жана финансылык кызматтарга бирдей жана толук жетүүсүн камсыз кылуу.

1-артыкчылыктуу багыт мектеп окуучуларын жана 18ден 28ге чейинки жаштарды камтыйт жана финансылык сабаттуулуктун элементтерин мамлекеттик билим берүү программаларына камтуу, финансылык сабаттуулукка окуткан мугалимдерди даярдоо, финансылык сабаттуулукка класстан тышкары окутууну жана жаштардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин билим берүү мекемелеринен тышкары жогорулатуу маселелерин карайт.

Жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча 2-артыкчылыктуу багыт Кыргыз Республикасынын улуу курактагы калкын камтыйт, анын ичинде айыл тургундары, калктын аярлуу топтору, пенсия курагына жакындаган жана пенсия курагындагы адамдар, мигранттар бар.

Бул багыт жашоонун ар кандай этаптарында чоң кишилерди окутуу, ошондой эле калкка финансылык сабаттуулук боюнча консультациялык колдоо көрсөтүү механизмдерин түзүү милдеттерин камтыйт.

Жарандардын финансылык маалыматка жана финансылык кызматтарга бирдей жана толук жетүүсүн камсыздоо боюнча 3-артыкчылыктуу багыттын милдеттери болуп жарандардын жеке финансылык жоопкерчилигине, коркунучтарды билүүсүнө негизделген карыз алууга карата жаңы мамилесин калыптандыруу, жеке аманат жана финансылык коргоо чөйрөсүндө улуу курактагы жарандарды ынандыруу, финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана төмөнкүлөр саналат:

- калкты көз карандысыз, объективдүү жана сапаттуу финансылык маалымат менен камсыз кылуу;

- финансы мекемелерине Кыргыз Республикасынын калкынын ишенимин колдоо жана жогорулатуу;

- жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу жана социалдык маркетинг.

Ушул Программада камтылган милдеттер этап-этабы менен жүзөгө ашырылат. Ар бир этап так максаттуу көрсөткүчтөргө ээ.

Биринчи этап (2016-2017-жылдар) даярдык көрүү мүнөзүндө өтөт жана жарандардын ар кандай топтору үчүн базалык билимин жана көндүмдөрүн (компетенцияларын) аныктоону, ресурстарды иштеп чыгууну, программаны ишке ашырууга тартылган ар кандай уюмдардын потенциалын жогорулатууну, ошондой эле финансылык иш-чараларды жана демилгелерди тесттен өткөрүүнү, ишке ашырууну жана жайылтууну камтыйт.

Экинчи этап (2018-2019-жылдар) өнүгүүгө багытталат жана аракеттердин бардыгы ар кандай максаттуу топтор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча жалпы улуттук иш-чараларды өткөрүүгө топтолот.

Үчүнчү этап (2020-жыл) тереңдетилген мүнөздө болуп, финансылык сабаттуулук жаатында көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң аракеттерди талап кылган калктын топторуна көңүл бурулат.

Ушул Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планында милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жана күтүлүүчү натыйжалар каралган. Иш-чаралар планы биринчи этап үчүн түзүлгөн. Экинчи жана үчүнчү этаптар үчүн пландар биринчи этапты аткаруунун натыйжасы боюнча даярдалат.

Мамлекет тарабынан Программанын аткарылышын координациялоону Улуттук банк жүргүзөт. Программанын катышуучулары жана аткаруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Финкөзөмөл, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана башка органдар саналат.

Бизнес чөйрөсүнөн программанын өнөктөштөрү болуп финансылык уюмдардын ассоциациясы, "Кыргызстан банктар союзу" юридикалык жактар бирикмеси, Кыргыз фондулук биржасы, Кепилдиктер фонддорунун ассоциациясы, Кредиттик союздар ассоциациясы, ишкерлер ассоциациясы ж.б. саналат.

Программанын иш-чаралары төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан - мамлекеттик органдардын бюджеттери, ошондой эле бекитилген бюджеттердин алкагында улуттук жана мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттардан;

- Улуттук банктын каражаттарынан;

- бекитилген бюджеттердин алкагында жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан, анын ичинде өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн алынган каражаттардан;

- финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларынын каражаттарынан;

- донорлордун жана эл аралык уюмдардын гранттарынан;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардан.

Программанын иш-чараларын каржылоо механизмдери түздөн-түз мамлекеттик каржылоо жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан каржылоо менен катар, мамлекеттик социалдык заказ, мамлекеттик сатып алуулар жана башка мамлекеттик эмес булактардан түз каржылоону камтыйт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Күтүлүүчү натыйжалар

Күтүлүүчү натыйжалар төмөнкүдөй болуп өткөн өзгөрүүлөр менен өлчөнөт:

- финансылык сабаттуулуктун ыкмаларын жана көндүмдөрүн калыптандырууну камсыз кылуучу финансылык сабаттуулук боюнча чоң масштабдуу билим берүү жана маалымат системасынын болушу, калктын жашоо циклинин аралыгында финансылык кызматтар жөнүндө объективдүү жана туура маалыматка жетүүсү;

- коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары көрсөтүүчү финансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча укуктук негиздин болушу;

- Программада чагылдырылган калктын тиешелүү максаттуу топторунда финансылык аракеттерди жүргүзүү маданиятын калыптандыруу;

- финансы рыногунун экономикалык көрсөткүчтөрү - финансылык ортомчулук деңгээлинин жогорулоосу, анын ичинде депозиттик базанын көлөмүн көбөйтүү;

- финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн мамлекеттик башкаруу органдарына кайрылууларын жана даттанууларын кыскартуу.

Күтүлүүчү натыйжалардын индикаторлору 3-тиркемеде келтирилди.

6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ушул Программаны ишке ашырууда жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:

- жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн мамлекеттик органдардын түшүнүүсү;

- өлкө калкынын төрттөн үч бөлүгү өздөрүнүн финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга умтулуусу;

- Улуттук банк, ФКУ, ассоциациялар жана коммерциялык эмес уюмдар калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүсү;

- бир катар эл аралык донорлордун Программанын алкагында иш-чараларды колдоого кызыгуусун билдирүүсү.

Программаны жүзөгө ашыруу процесси ар кандай тобокелдиктер жана коркунучтар (саясый, экономикалык, социалдык, башкаруучулук, уюштуруучулук ж.б.) менен коштолушу мүмкүн, алар тиешелүү алдын алуу чараларын иштеп чыгууну талап кылат. Бул чаралар ушул Программаны ишке ашырууга түздөн-түз катышуучулар тарабынан көрүлүүгө тийиш.

Программаны жүзөгө ашырууда тобокелдиктерди жана коркунучтарды өз убагында аныктоого жана зарыл чараларды көрүүгө мониторинг жана баалоо системасы жардам берет.

Программанын мониторингинин объектилери болуп калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттардын, милдеттердин жана жыйынтыктардын индикаторлору саналат.

Мониторинг жана баалоо системасы өнөктөштүк жана катышуу, үзгүлтүксүз отчет берүү, коомчулук алдында ачыктык, чаралардын жана аракеттердин комплекстүүлүгү жана ишке ашырылуучулугу принциптеринин негизинде түзүлөт.

 

 

 

2016-2020-жылдарга
Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын
1-тиркемеси

АТКАРУУНУН ИНДИКАТОРЛОРУ
(орто жалпы билим берүү, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жалпы санын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сунуштарынын негизинде даярдалган)

 

Көрсөткүчтөр

Аткаруунун индикаторлору

Максаттуу көрсөткүч

2016-жыл

2017-жыл

2018-жыл

2019-жыл

2020-жыл

1

Финансылык сабаттуулук боюнча иштелип чыккан окуу программаларынын саны:

- мектептердин кенже класстары үчүн;

- орто жалпы билим берүү жана орто кесиптик уюмдардын орто жана чоң класстары үчүн;

- жогорку окуу жайлары үчүн

1/1/1

2/2/2

3/3/3

4/4/4

10/10/10

2

Финансылык сабаттуулук боюнча программа киргизилген орто жалпы билим берүү уюмдарынын саны:

-

-

2218

-

-

3

Окуу-маалыматтык жана билим берүү басылмаларынын серияларынын саны:

- орто жалпы билим берүү/кесиптик уюмдар жана жогорку окуу мекемелери үчүн окуу куралдары;

- орто жалпы билим берүү/кесиптик уюмдар жана жогорку окуу жайлар үчүн маалыматтык-агартуу буклеттери;

- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү (кредиттер, депозиттер, төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана башкалар) боюнча чоңдор үчүн билим берүү "баракчалары";

- фондулук рынокто баалуу кагаздар боюнча чоңдор үчүн билим берүү буклеттери

1/1/1/1

1/1/1/1

2/2/2/2

3/3/3/3

4/4/4/4

4

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө:

- басылмалар: керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана банктык продуктулардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда алардын укуктары жана жоопкерчиликтери боюнча жайгаштырылган макалалардын саны;

- теле жана радиопрограммалар, карыз алуучулардын негизги көйгөйлөрү боюнча интервью;

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын проблемалары жана алардын укуктарын коргоо боюнча видеопродукцияны даярдоо жана республикалык жана региондук ТВ-каналдарга чыгаруу;

- төмөнкүлөр үчүн банктык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрү боюнча билим берүү видеороликтерин даярдоо:

финансылык сабаттуулук боюнча окуу курсунун жүрүшүндө көрсөтүү;

республикалык жана региондук ТВ-каналдарда туруктуу негизде көрсөтүү;

- басма жана электрондук басылмаларда макалаларды даярдоо, теле жана радио берүүлөрдү даярдоо, ошондой эле "Баалуу кагаздарга салуунун артыкчылыктары" жана "Фондулук рынокто баалуу кагаздарга инвесторлордун укуктарын жана таламдарын коргоо" темасына билим берүү видеороликтерин даярдоо

10/5/5/5/5

20/10/10/10

25/15/15/15

30/20/20/20

40/25/25/25

5

Интернет-ресурстарды толтуруу боюнча иштөө:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайты:

- банктык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктары жана жоопкерчиликтери;

- финансылык кызматты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо (мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары);

- кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү боюнча финансылык статистикасы:

(i) банк секторунун;

(ii) микрофинансылык сектордун;

(iii) алмашуу операцияларынын;

- билдирүүчүлөрдүн жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын көп берилүүчү суроолоруна жооптор.

2. Финансылык сабаттуулук боюнча сайт:

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укуктарын коргоо;

- финансылык сабаттуулук боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, бизнес-коомчулуктар, мамлекеттик башкаруу органдары, кызыкдар уюмдар жана башкалар);

- финансылык сабаттуулук боюнча окуу программалары жана куралдары;

- ар түрдүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган финансылык сабаттуулук боюнча басма, видео жана аудиоматериалдар;

- финансылык продуктулардан пайдалануучулардын көп берилүүчү суроолоруна жооптор;

- онлайн жана офлайн режиминде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын суроолору/жооптору.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз фондулук биржанын расмий сайттары:

- инвесторлордун баалуу кагаздарга укуктары жана жоопкерчилиги;

- баалуу кагаздарга салуунун артыкчылыктары;

- фондулук рынокто баалуу кагаздар инвесторлорунун укуктарын жана таламдарын коргоо;

- көп берилүүчү суроолорго жооптор

Бекитилген графикке ылайык туруктуу негизде

Бекитилген графикке ылайык туруктуу негизде

Бекитилген графикке ылайык туруктуу негизде

Бекитилген графикке ылайык туруктуу негизде

Бекитилген графикке ылайык туруктуу негизде

 

 

 

2016-2020-жылдарга
Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасына
2-тиркеме

Глоссарий

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)

Компетенциялар - финансылык пландын белгилүү милдетин аткарууга жана тиешелүү түрдө алган билимин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн колдонууга адамдын жөндөмүн жогорулатууга көмөктөшкөн өлчөнүүчү билимдеринин, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн айкалышуусу.

Финансылык сабаттуулук - мүмкүн болгон финансылык кесепеттерди билип, чечим кабыл алуу үчүн адамдын керектүү финансылык маалыматты алуу, түшүнүү жана баа берүү жөндөмү.

Финансылык аракеттер - жашоо-турмуштун ар кандай этаптарында жарандын кабыл алган финансылык чечимдеринин топтому. Финансылык аракеттер финансылык сабаттуулугунун деңгээлине жана финансылык билимге жетүүгө жараша өзгөрүлөт.

Финансылык билим берүү - финансылык маселелер боюнча адамдар билим, билгичтик жана көндүмдөрдү алган процесс.

Финансылык иштин оңунда болушу - бул өзүнүн финансылык абалына канааттануу деңгээли.

Финансылык жоопкерчилик - финансылык чечимдердин өз жагдайына, үй-бүлөсүнө жана кеңири коомчулукка тийгизген кесепеттерине баа берүү, ошондой эле социалдык жана этикалык маселелерди кароо жөндөмү.

Кыскартуулар:

УБ

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Финкөзөмөл

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

МСК

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

ЖӨБО

-

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

Соцфонд

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

ДКА

-

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги;

ЖКУ

-

жарандык коомдун уюмдары;

БА

-

бизнес-ассоциациялар;

КББ

-

"Кыргызстандын банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси;

МФУА

-

"Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси;

КФБ

-

"Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому;

КМБ

-

"Кредиттик маалыматты пайдалануучулар ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмеси

ФКУ

-

финансы-кредиттик уюмдар

БСМ

-

билим берүү системасынын мекемелери

Финмин

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

Жаштар жана спорт агенттиги

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.