Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-июлу № 396

791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелерин бөлүштүрүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)

10 МГц үзгүлтүксүз радио жыштык тилкесин колдонууну камсыз кылуу, ошондой эле коммерциялык пайдалуу 790-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкесин натыйжалуу кайра бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги:

- 806-811/847-852 МГц, 811-816/852-857 МГц, 816-821/857-862 МГц радио жыштык тилкелерин ижарага берүүгө келишим түзгөн электр байланыш операторлорунун ортосунда радио жыштыктын ар бир тилкеси үчүн наркы 298803000 сом болгон төмөндөгү жыштык тилкелерин бөлүштүрсүн:

791-796/832-837 МГц;

796-801/837-842 МГц;

801-806/842-847 МГц.

- 10 МГц үзгүлтүксүз тилкени аныктоону эске алуу менен 790-821/832-862 МГц диапазондогу радио жыштык тилкелерин ушул пунктта көрсөтүлгөн операторлордун ар бирине кайра бөлүштүрсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге, электр байланыш операторлору ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акыны төлөгөндөн кийин 791-796/832-837М Гц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847М Гц радио жыштык тилкелерин ижарага берүү келишимин түзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которуу үчүн эсеп реквизиттерин берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "2 жыл" деген цифра жана сөз "4 жыл" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободогу:

16-пункту:

- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- 791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц радио жыштык тилкелеринин бирин ижарага берүү боюнча тиешелүү келишим.";

- онунчу абзацы "816-821/857-862 МГц" цифраларынан жана тамгаларынан кийин ",791-796/832-837 МГц, 796-801/837-842 МГц, 801-806/842-847 МГц" деген цифралар жана тамгалар менен толукталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков