Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-декабры № 689

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келишин тартипке салуу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмеси (мындан ары - Тизме) 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) 2-тиркемеге ылайык.

2. Тизмеге киргизилбеген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген Тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.

3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин каттоо мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ушул токтом менен белгиленген каттоо мөөнөттөрү колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктундагы ", 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин каттоодон бошотуу менен" деген сөздөр алып салынсын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 200 "Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагында каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 13-январынан баштап күчүнө кирүүчү Тартиптин 3-главасынан тышкары, 2016-жылдын 19-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

С.Жээнбеков

1-тиркеме

Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин
ТИЗМЕГИ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

Чет мамлекеттин аталышы

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого туруу үчүн зарыл болгон мөөнөттөр

1

Австралия

60 календардык күн

2

Австрия Республикасы

60 календардык күн

3

Азербайжан Республикасы

10 календардык күн(*)

4

Албания Республикасы

60 календардык күн

5

Андорра Княздыгы

60 календардык күн

6

Аргентина Республикасы

60 календардык күн

7

Армения Республикасы

30 календардык күн(*)

8

Багам Аралдарынын Шериктештиги

90 календардык күн(*)

9

Барбадос

28 календардык күн(*)

10

Бахрейн Королдугу

60 календардык күн

11

Беларусь Республикасы

30 календардык күн(*)

12

Бельгия Королдугу

60 календардык күн

13

Болгария Республикасы

60 календардык күн

14

Босния жана Герцеговина

60 календардык күн

15

Бразилия Федерация Республикасы

60 календардык күн

16

Бруней-Даруссалам Мамлекети

60 календардык күн

17

Ватикан

60 календардык күн

18

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

60 календардык күн

19

Венгрия

60 календардык күн

20

Венесуэла Боливариан Республикасы

90 календардык күн(*)

21

Вьетнам Социалисттик Республикасы

60 календардык күн

22

Германия Федерация Республикасы

60 календардык күн

23

Греция Республикасы

90 календардык күн(*)

24

Грузия

90 календардык күн(*)

25

Дания Королдугу

60 календардык күн

26

Доминика

21 календардык күн(*)

27

Израиль Мамлекети

60 календардык күн

28

Индонезия Республикасы

60 календардык күн

29

Иран Ислам Республикасы

8 календардык күн(*)

30

Ирландия Республикасы

60 капендардык күн

31

Исландия

60 календардык күн

32

Испания Королдугу

60 календардык күн

33

Италия Республикасы

60 календардык күн

34

Казакстан Республикасы

30 календардык күн(*)

35

Канада

60 календардык күн

36

Катар Мамлекети

60 календардык күн

37

Кипр Республикасы (күн батыш)

60 календардык күн

38

Корея Республикасы

60 календардык күн

39

Коста-Рика Республикасы

30 календардык күн(*)

40

Куба Республикасы

30 календардык күн(*)

41

Кувейт Мамлекети

60 календардык күн

42

Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы

30 календардык күн(*)

43

Латвия Республикасы

60 календардык күн

44

Литва Республикасы

60 календардык күн

45

Лихтенштейн Княздыгы

60 календардык күн

46

Люксембург Улуу Герцогдугу

60 календардык күн

47

Македония Республикасы

60 календардык күн

48

Малайзия

30 календардык күн(*)

49

Мальдива Республикасы

30 календардык күн(*)

50

Мальта Республикасы

60 календардык күн(*)

51

Мексика Кошмо Штаттары

60 календардык күн

52

Монако Княздыгы

60 календардык күн

53

Монголия

30 календардык күн(*)

54

Нидерланд Королдугу

60 календардык күн

55

Никарагуа Республикасы

90 календардык күн(*)

56

Жаңы Зеландия

60 календардык күн

57

Норвегия Королдугу

60 календардык күн

58

Бириккен Араб Эмираттары

60 календардык күн

59

Оман Султанаты

60 календардык күн

60

Перу Республикасы

90 календардык күн(*)

61

Польша Республикасы

60 календардык күн

62

Португалия Республикасы

60 календардык күн

63

Россия Федерациясы

30 календардык күн(*)

64

Румыния

60 календардык күн

65

Эль-Сальвадор Республикасы

90 календардык күн(*)

66

Сан-Марино Республикасы

60 календардык күн

67

Сауд Аравия Королдугу

60 календардык күн

68

Сербия Республикасы

60 календардык күн

69

Сингапур Республикасы

60 календардык күн

70

Словакия Республикасы

60 календардык күн

71

Словения Республикасы

60 календардык күн

72

Америка Кошмо Штаттары

60 календардык күн

73

Таиланд Королдугу

60 календардык күн

74

Тажикстан Республикасы

60 календардык күн(*)

75

Түркмөнстан

10 календардык күн(*)

76

Түркия Республикасы

90 календардык күн(*)

77

Украина

90 календардык күн(*)

78

Филиппин Республикасы

60 календардык күн

79

Финляндия Республикасы

60 календардык күн

80

Француз Республикасы

60 календардык күн

81

Хорватия Республикасы

60 календардык күн

82

Черногория

60 календардык күн

83

Чехия Республикасы

60 календардык күн

84

Чили Республикасы

60 календардык күн(*)

85

Швейцария Конфедерациясы

60 календардык күн

86

Швеция Королдугу

60 календардык күн

87

Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы

30 календардык күн(*)

88

Эквадор Республикасы

30 календардык күн(*)

89

Эстония Республикасы

60 календардык күн

90

Түштүк-Африка Республикасы

60 календардык күн

91

Япония

60 календардык күн

92

Индия Республикасы

30 календардык күн

Эскертүү.

(*) Чет мамлекеттердин жарандарына карата Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул чет мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына карата ал чет мамлекеттин аймагында туруктуу же убактылуу турган мезгилинде колдонулуучу каттоо жол-жоболорун аткаруу мөөнөттөрүн эске алуу менен эки жак үчүн бирдей принцип колдонулат.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 19-декабрындагы
№ 689 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды келген жери боюнча каттоо жол-жобосу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо аларды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.

3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт; Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды каттоо тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлөт.

4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, алардын турган жерине карабай, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык аймактык бөлүмдөрүндө автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу, ошондой эле калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жүргүзүлөт.

4-1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууга документтерди кабыл алышат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Кыргыз Республикасы тарабынан өзгөчө статусу таанылган атайын эл аралык коргоого алынган чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо ушул Тартиптин 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.

6. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген акыркы күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоону узартуу каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейинки акыркы күндөн кечиктирбей ишке ашырылат.

Каттоо узартылган учурда жаңы каттоо талону берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

8. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон бошотуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн чет мамлекеттердин тизмесине (мындан ары - Тизме) ылайык турган жери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда каттоодон тиешелүү мөөнөттөргө бошотулушу мүмкүн.

Эгерде Тизмеде каралган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун мөөнөтүн Тизмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашырышса, анда алар ушул Тартипке ылайык турган жери боюнча катталышы керек.

9. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү визанын колдонуу мөөнөтүнө барабар убакытка жүргүзүлөт, мында узартылган визанын колдонуу мөөнөтүнө барабар убакытка каттоону узартуу укугу берилет. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын каттоосунун колдонуу мөөнөтүн узартуу визанын колдонуу мөөнөтү узартылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Ушуну менен бирге чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга виза узартылган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде кайрылууга же жогоруда аталган каттоо жол-жобосунан көрсөтүлгөн органдын сайтынан өтүүгө милдеттүү.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Вьетнам Социалисттик Республикасынын, Куба Республикасынын жана Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын жарандарын каттоо арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок алты айдан ашык эмес мезгилге, келген максатына жараша каттоону андан ары узартуу укугу менен жүргүзүлөт.

11. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү жана алардын ата-энелерин, көзөмөлчүлөрүн жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир учурда жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Убактылуу же туруктуу жашай туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар жалпы негиздерде каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.

121. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун колдонуу мөөнөтүн узартуу же каттоону узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган мөөнөттөр тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеши керек.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында көрсөтүлгөн дарек боюнча жүргүзүлөт. Кабыл алуучу тараптын өтүнүч катында аталган адамдардын турган жеринин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлүүгө тийиш.

Эгерде кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды кабыл алуучу тарап менчик ээси эмес болуп эсептелген турак жайдын дареги боюнча каттоо үчүн кайрылган учурда, турак жайдын менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат керек.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби

14. Кыргыз Республикасына турист катары жана өзүнүн иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ушул Тартиптин 9-10-пункттарына ылайык мөөнөткө жүргүзүлөт:

1) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу жеке жактар үчүн:

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пункту менен белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- жеке адамдын атынан өтүнүч кат менен өкүл кайрылган учурда кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашай туруу укугу;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция;

2) кабыл алуучу тарап катары чыгуучу юридикалык жактар үчүн:

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы визасы;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 570, 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

15. Кыргыз Республикасынын окуу жайларына өткөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо, визасыз режим каралган мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандары үчүн окуу визасы берилген мөөнөткө - бир окуу жылына карата төмөнкүлөр берилген учурда жүргүзүлөт:

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;

- жатаканада жашаган дареги көрсөтүлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн окуу жайынын өтүнүч каты. Эгер студенттер окуу жайдын жатаканасынан тышкары жашаса, студенттерди каттоо чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоонун жалпы негиздеринде жүргүзүлөт;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Эмгектенүү жана жеке ишкердик менен алектенүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо эмгек визасы берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт. Визасыз режим каралган чет мамлекеттердин жарандарын каттоо эмгек келишими түзүлгөн же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксаттын мөөнөтүнө карата же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары жеке ишкердик менен алектенген учурда бир жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Каттоодо төмөнкүдөй документтер берилет:

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- визасыз режим каралган мамлекеттин (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынан тышкары) жарандары үчүн миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген жумуш иштөөгө уруксат;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн эмгек келишими же анын жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүк;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашай туруу укугу;

- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Кайрылман статусуна ээ болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкү документтер берилген учурда кайрылмандын күбөлүгү берилген мөөнөткө карата жүргүзүлөт:

- кайрылман катары таанылган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы жана кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Кабыл алуучу тарап катары Кыргыз Республикасынын жарандары, туруктуу жашай турууга укугу жана/же менчик турак жайы бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар чыгышы мүмкүн. Эгерде кабыл алуучу тарап турак жайдын менчик ээси болуп эсептелбесе, ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу кошумча берилет;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кайрылмандын күбөлүгү;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, кабыл алуучу тарап болуп саналган чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын туруктуу жашап туруу укугу;

- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Качкындын статусун алган же качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч кат менен кайрылган чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды каттоо башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү же качкындын күбөлүгү берилген мөөнөтүнө карата миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген качкындын күбөлүгү же башкалкага муктаж болгон адамдын күбөлүгү берилген учурда жүргүзүлөт.

19. Кыргыз Республикасына диний уюмдар менен кызматташуу боюнча ишкердик максатында жана башка максаттар менен келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо төмөнкүдөй документтер берилген учурда ишке ашырылат:

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери тарабынан таризделген арызы;

- кабыл алуучу тараптын өтүнүч каты. Юридикалык жактар кабыл алуучу тарап боло алышат;

- өкүл кайрылган учурда юридикалык жактын атынан өтүнүч кат менен кайрылуу укугуна берилген ишеним кат;

- чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын паспорту же, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ким экендигин ырастоочу башка документ жана колдонуудагы тиешелүү визасы;

- турак жайдын менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу, анын катышуу мүмкүндүгү болбогон учурда ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте менчик ээсинин макулдугу берилет;

- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү жөнүндө квитанция.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн берилүүчү документтер автоматташтырылган маалыматтык системага киргизүү үчүн сканерленет, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын арызынын, ошондой эле кабыл алуучу тараптын өтүнүч катынын формасы калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

21. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоодо ушул Тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча каттоо талону берилет.

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилген каттоо талону, эгер ушул Тартипте башкача каралбаса, кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Каттоо талону эки бөлүктөн турат: каттоо талонунун биринчи бөлүгү автоматташтырылган маалыматтык системасында сакталат, каттоо талонунун экинчи бөлүгү чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга же кабыл алуучу тарапка берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Каттоо талону берилген документтердин негизинде автоматташтырылган маалымат системасынан тиешелүү жазууларды киргизүү аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкери тарабынан толтурулат. Каттоо талонун толтуруу тартиби катты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

24. Каттоо талону жоголгон учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам каттоо талонунун дубликатын алуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө арыз менен кайрыла алат. Мында калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кайрылган күнү каттоо жүргүзүлгөн жана каттоо талону берилген жерине карабастан каттоо талонунун дубликатын берет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

25. Келген жери 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө өзгөргөн учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кайсы болбосун аймактык бөлүмүнө жаңы келген жери боюнча каттоо жөнүндө арызы менен кайрылууга милдеттүү. Мындай учурда баштапкы катталган мөөнөтүнө жаңы каттоо талону берилет, мында чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык документтерди берет.

26. Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Грузиянын, Азербайжан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Вьетнам Социалисттик Республикасынын, Куба Республикасынын, Корея Элдик-Демократиялык Республикасынын жарандарын каттоонун колдонуу мөөнөтү эгерде алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу мөөнөтү 30 календардык күндөн ашса, токтотулган деп эсептелет.

27. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөткөн жеке жана юридикалык жактар (мейманканалар, конок үйлөр, санаторийлер, пансионаттар), ошондой эле аларды өзүнүн үйүндө жайгаштырган жактар, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды окуткан жана аларды жатаканага жайгаштырган окуу жайлары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар менен эмгек келишимин түзгөн жана аларга ведомстволук турак жай берген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ушул Тартипке ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттоого тургузууга милдеттүү.

28. Эгерде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз жүрүүгө уруксат берүүчү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдөн кийин кайрылса, каттоо мөөнөтү өтүп кеткен учурда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери белгиленген тартипте каттоону жүргүзөт жана бир жумуш күнүнүн ичинде жогоруда аталган адамдарга карата администрациялык жоопкерчилик жөнүндө протокол түзүү үчүн ички иштер органдарына билдирүү жиберет.

3. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сайтында каттоо тартиби

29. Чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөрүү же каттоону узартуу үчүн калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтө алышат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

30. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында каттоо же каттоону узартуу жол-жобосунан өтүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам, ошондой эле кабыл алуучу тарап:

1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун маалыматын киргизүү же электрондук кол тамгасы аркылуу авторлоштуруу жол-жобосунан өтөт;

2) маалымдама боюнча чет өлкөлүк жарандын жарандыгын тандайт же жарандыгы жок адам жөнүндө белги коёт жана төмөнкүдөй реквизиттерди киргизет:

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунун же өздүк күбөлүгүнүн номерин, датасын жана сериясын;

- туулган күнүн, айын жана жылын;

- электрондук почтасынын дарегин;

- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылган, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилген каттоо тартиби жөнүндө колдонмого ылайык кошумча маалыматтарды;

3) ушул Тартиптин 14-19-пункттарына ылайык документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркөө менен электрондук арызды толтурат;

4) жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдук берет жана электрондук арызын ырастайт.

Электрондук арыз ырасталгандан кийин электрондук портал чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөө кодун чыгарат.

Мамлекеттик алымды төлөө тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттер аткарылгандан кийин электрондук почтанын аталган дарегине каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына каттоо талону же себебин көрсөтүү менен каттоодон баш тартуу жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын, ошондой эле кабыл алуучу тараптын андан аркы иш-аракеттери жөнүндө билдирүү келет. Каттоо күнү болуп каттоо талонун алган күн эсептелет.

Мында талонду берген бөлүмдүн кызматкери каттоо талонуна кол койбойт.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

32. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

33. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттоо тартиби

34. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган өзгөчө статусу бар атайын эл аралык коргоого алынган, ушул статусту ырастоочу дипломатиялык, кызматтык, расмий жана башка категориялардагы чет өлкөлүк паспорту бар төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандар каттоого алынат:

1) Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары, дипломатиялык персоналдын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин административдик-техникалык персоналы жана тейлөөчү персоналы, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин коноктору, эгерде алар жогоруда көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса;

2) чет мамлекеттердин ведомстволорунун Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапар менен келген жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасына кызматтык иш сапары боюнча келген эл аралык уюмдардын кызматкерлери, ал уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасында штаб-квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, алар ушул уюмдардын уставдык документтерине ылайык же Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү.

35. Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы паспорттун түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасына кызматтык иш боюнча келген чет өлкөлүк жарандарды чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын өтүнүчтөрүнүн негизинде каттоого алат.

36. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аккредитациялык карточка берет же паспорттун өзүнө каттоо жөнүндө жазуу жазат.

37. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген аккредитациялык карточканын (картанын) болушу анын ээсин карточканын (картанын) жарактуулук мөөнөтүндө Кыргыз Республикасында катталуудан бошотот.

38. Тизмеге киргизилбеген чет өлкөлүк жаранды каттоо үчүн эгерде анын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 5 жумуш күндөн ашык болсо чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлү тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын консулдук кызматына иш күндөрүндө жана иштечү убактысында төмөнкүдөй документтерин бериши зарыл:

1) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин же эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүү максатын жана каттоодон бошотуучу ыктымалдуу мөөнөтү көрсөтүлгөн өтүнүч катын (дипломатиялык нотасын, кайрылуусун);

2) колдонуудагы дипломатиялык, кызматтык паспортунун, БУУнун паспортунун түп нускасын (жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин алты айдан ашык) же чет мамлекеттин жарактуу башка иш сапар документин.

39. Тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чет өлкөлүк жарандардын паспортторуна тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматынын атайын штампын жана гербдүү мөөрүн басып, каттоонун жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен каттоого тургандыгы жөнүндө жазат.

40. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Консулдук кызматы чет өлкөлүк жарандарды каттоочу атайын журналды, ошондой эле ушул Тартиптин 34-пунктунда көрсөтүлгөн жарандардын каттоого турганы жөнүндө электрондук маалымат базасын жүргүзөт.

41. Каттоонун колдонуу мөөнөтү чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өтүнүч катына (дипломатиялык нотасына, кайрылуусуна) ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында болуунун иш жүзүндөгү жана негиздүү мөөнөтүнө, визанын мөөнөтүнө же Кыргыз Республикасынын визасыз режимди колдонуу мезгилине жараша белгиленет.

42. Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматында чет өлкөлүк жарандарды каттоо консулдук төлөмдөрдү жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн акы албастан ишке ашырылат.

43. Каттоону тариздөө жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо мөөнөтү ушул Тартиптин 38-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып бир жумуш күндү түзөт.

44. Дипломаттык, кызматтык, расмий жана башка улуттук иш сапардык документтердин ээси болгон, өзгөчө статуска ээ чет өлкөлүк жарандар алар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу болгон учурда Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого милдеттүү туруу жол-жобосунан бошотулушат.

Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартибине
тиркеме

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомунун редакциясына ылайык)

Форма

КАТТОО ТАЛОНУ / РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН / REGISTRATION CARD

№ ____________

(калат)

чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде / иностранного гражданина и лица без гражданства

по месту пребывания / foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay Фамилиясы, аты, атасынын аты /

Фамилия, имя, отчество / Surname Name Middle name ________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Жарандыгы / Гражданство / Citizenship

Туулган күнү / Дата рождения / Date of birth _________________________________________________________________

Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери /

Вид, серия, номер / Type Series Number):

_____________________________________________________________________________________________________

Келген жеринен төмөнкү даректе катталды / Зарегистрирован по месту пребывания по адресу / Registered at the

place of stay

Кирип келген датасы / Дата въезда / Date of entry ____________________________________________________________

Катталган күнү / Дата регистрации / Date of registration _______________________________________________________

Чейин / По / To ________________________________________________________________________________________

Талонду берген органдын аталышы / Наименование органа, выдавшего талон / The name of authority issuing the

card: _________________________________________________________________________________________________

Кабыл алган тарап / Принимающая сторона / The host:

_____________________________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Инсандын документ / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери /

Вид Серия Номер / Type Series Number):

_____________________________________________________________________________________________________

КАТТОО ТАЛОНУ / РЕГИСТРАЦИОННЫЙ ТАЛОН / REGISTRATION CARD

№ _____________

(чыгарылат жана берилет)

чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамды келген жеринде / иностранного гражданина и лица без гражданства

по месту пребывания / foreign citizen and persons without citizenship at the place of stay Фамилиясы, аты, атасынын

аты / Фамилия, имя, отчество / Surname Name Middle name ___________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Жарандыгы / Гражданство / Citizenship

_____________________________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Туулган күнү / Дата рождения / Date of birth _________________________________________________________________

Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери /

Вид, серия, номер / Type Series Number):

_____________________________________________________________________________________________________

Келген жеринен төмөнкү даректе катталды / Зарегистрирован по месту пребывания по адресу / Registered at the

place of stay

_____________________________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Кирип келген датасы / Дата въезда / Date of entry ____________________________________________________________

Катталган күнү / Дата регистрации / Date of registration ________________________________________________________

Чейин / По / То _________________________________________________________________________________________

Талонду берген органдын аталышы / Наименование органа, выдавшего талон / The name of authority issuing the

card:

_____________________________________________________________________________________________________

Кабыл алган тарап / Принимающая сторона / The host:

_____________________________________________________________________________________________________

_____________________________________________________________________________________________________

Инсандын документи / Документ, удостоверяющий личность / The identity document / Түрү, сериясы, номери /

Вид, серия, номер / Type Series Number):

_____________________________________________________________________________________________________

Талонду берген адамдын колу / Подпись сотрудника, выдавшего талон / Signature of the officer: ____________________

штрих-коду