Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250, 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 330 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - ТИМ), Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери, алар болбогон учурда башка өлкөлөрдүн бул багыттагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын (мындан ары - виза) тариздөө жана берүү тартибин аныктайт.

2. Визаларды тариздөө, берүү, категориялары, колдонуу мөөнөтү боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача тартип белгиленбесе, Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө чет өлкөлүк жаранга, жарандыгы жок адамга визасы бар учурда чет өлкөлөргө чыгууга арналган жана өз өлкөсүнүн компетенттүү органдары же туруктуу жашаган өлкөсү, же Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюм тарабынан берилген жарактуу жүрүү документи боюнча уруксат берилет.

4. Бул Нускаманын максаттары үчүн пайдаланылуучу жана колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункт - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу эл аралык өткөрүү пункттарында визаларды тариздөө жана берүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу Консулдук кызматтын түзүмдүк бөлүмү;

визалык пункт - чет мамлекеттин тийиштүү аймагынын чегинде визаларды тариздөө жана берүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;

визалык анкета - кагаз же электрондук түрдө толтурулган визаны тариздөө үчүн арызга анкета;

визалык чаптама - ушул Нускаманын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык таризделген, визанын берилгенин ырастаган арыз ээсинин жүрүү документине чапталган визалык бланк;

кирүү/чыгуу визасы - арыз ээсине Кыргыз Республикасына кирүү жана кийин анын аймагынан чыгып кетүү үчүн берилүүчү виза;

чыгуу/кирүү визасы - арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кайра кирүү үчүн бериле турган виза;

визалык колдоо - Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашуудан өткөн, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жана мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункттарына жиберилген, арыз ээсине визаны тариздөөгө документтерди берүү үчүн негиз болуп эсептелген чакыруучу тараптын расмий таризделген чакыруу барагы ("Е-виза" порталы резервдүү иштеген учурда колдонулат);

арыз ээси - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам;

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, визалык пункту;

маалыматтык система (мындан ары - МС) - Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын (ТМЭБС) компоненти болуп эсептелүүчү жана каралган, берилген, узартылган, жабылган жана жокко чыгарылган визалар жөнүндө, ошондой эле визаларды берүүдөн баш тартуу тууралуу маалыматтарды каттоо, жүргүзүү, сактоо, иштеп чыгуу жана топтоо үчүн модулду камтыган интеграциялуу ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система;

ТИМ органдары - ТИМдин Консулдук кызмат департаменти (мындан ары - Консулдук кызмат), Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү жана мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнүн эл аралык пунктундагы визалык пункту, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери;

"Е-виза" порталы - кардарларга Кыргыз Республикасы, чет өлкөлөрдүн жарандарына байланышкан сервистик кызматтар, атайын маалымат базаларында дайындарды сактоо менен интернет аркылуу электрондук визаларды берүү шарттары жөнүндө информация берген коомдук портал;

жүрүү документи - паспорт же ким экендигин ырастоочу башка документ, реквизиттери аны берген мамлекеттин (Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген эл аралык уюмдун) компетенттүү органдары белгилеген үлгүлөрүнө туура келип, ыйгарым укуктуу органдары тарабынан талаптагыдай таризделген жана жасалган, колдонуу мөөнөтү аяктабаган, берилген адамга таандык жана жасалма эмес, Кыргыз Республикасында ушул катарында таанылган, дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген документ;

чакыруучу тарап - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси, эл аралык уюм жана анын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактар;

өз ара түшүнүү принциби - макулдашуунун негизинде эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды тариздөө учурунда эки жакка бирдей берилүүчү шарттар;

визаны колдонуу мөөнөтү - визаны колдонуунун башталган жана бүткөн датасы, ушул мезгил ичинде чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасына(н) келүүгө/кетүүгө укугу бар;

жүрүү мөөнөтү - колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында виза боюнча Кыргыз Республикасында жүрүүгө мүмкүн болгон күндөрдүн саны;

электрондук виза - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок жактарга ТИМ тарабынан электрондук тартипте берилүүчү, ошондой эле Интернет электрондук тармагы аркылуу алынган, атайын коду бар, статусу боюнча визага теңдештирилген Кыргыз Республикасы тааныган документтик ырастама, анын колдо болушу анык документи менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан кетүүгө жана транзиттик өтүүгө уруксат берет.

5. Визалар төмөнкү категорияларга жана түрлөргө бөлүнөт:

- дипломатиялык визалар "D" тиби;

- кызматтык визалар "О" тиби;

- инвестициялык визалар "I" тиби;

- эмгек визалары "W1" жана "W2" типтери;

- окуу визалары "S" тиби;

- ишкердик визалары "В" тиби;

- айдоочулук визалар "Т" тиби;

- жеке визалар "Р1 ", "Р2" жана "Р3" типтери;

- туристтик визалар "TS" тиби;

- диний визалар "R" тиби;

- үй-бүлөлүк визалар "F" тиби;

- транзиттик визалар "TR" тиби;

- чыгуу визалары "L" тиби.

6. Канча жолу сапар болушуна жараша визалар төмөнкүдөй бөлүнөт:

- бир жолку (Бир жолку/Single), Кыргыз Республикасына бир жолу келип-кетүү үчүн берилүүчү визалар;

- эки жолку (Эки жолку/Double), Кыргыз Республикасына эки жолу келип кетүү үчүн берилет;

- көп жолку (Көп жолку/Multiple), Кыргыз Республикасына бир нече жолу келип кетүү үчүн берилүүчү визалар.

7. Колдонуучулардын санына жараша визалар төмөнкүдөй бөлүнөт:

1) жеке, арыз ээсине жеке тартипте берилет;

2) топтук, 5 кишиден кем эмес, бирок 15тен көп эмес туристтик топтун курамындагы арыз ээсине берилет. Топтук визаны колдонуунун милдеттүү шарты болуп кирүүдө жана чыгууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бир убакта кесип өтүү, ошондой эле ушул Нускамада каралган учурлардан сырткары, Кыргыз Республикасынын аймагында топтун курамы менен чогуу жүрүү эсептелет.

Туристтик топтун мүчөлөрү топтук виза боюнча толук эмес курамда келген же кеткен учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүнү ишке ашырат.

Туристтик топтук визаларды жана туристтик топтук электрондук визаларды тариздөөнү Консулдук кызмат ушул Нускаманын 3 жана 4-тиркемелерине ылайык ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)

8. Визаларды тариздөө жана визалык колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталган тартипте каражаттар алынат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Визаны тариздөө, берүү жана узартуу мөөнөтү ушул Нускамада каралган, талаптагыдай таризделген бардык документтерди алган датадан 7 иш күндөн ашпайт жана электрондук визалар үчүн - 5 иш күндөн.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

10. "Е-виза" порталынын резервдик иши учурунда берилген визалык колдоонун колдонуу мөөнөтү таризделген күндөн тартып 90 күндү түзөт жана аны кайталап колдонуу укугу каралбайт.

Виза алуунун жери өзгөргөндүгүнө байланыштуу визалык колдоо башка жерге кайрадан жиберилген учурда аталган мөөнөтү жаңыртылбайт.

11. Ишкердик ("В" тиби), жеке ("Р1 тиби), окуу ("S" тиби) жана туристтик ("TS" тиби) категориядагы визалар биринчи жолу берүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнүн айтылган мөөнөтүнө карабай колдонуу мөөнөтү 90 күнгө чейин таризделет.

12. Кыргыз Республикасынын аймагында бардык категориядагы жана типтеги визаларды, инвестициялык визаны ("I" тиби) алууну кошпогондо, өзгөртүүгө болбойт.

13. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык виза ("D" тиби), кызматтык виза ("О" тиби), эмгектик виза ("W1" жана "W2" типтери), окуу визасы ("S" тиби), жеке визасы ("Р2" тиби), үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) ушул Нускамада каралган шарттарга жана мөөнөттөргө жараша узартылат.

14. Кыргыз Республикасында жүрүү мөөнөтүн жана эрежесин бузган жакка Кыргыз Республикасынын аймагындагы Консулдук кызмат жана ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан чыгаруу визасы таризделет.

Мындай арыз ээлерине карата мыйзам бузгандардын маалымат базасы түзүлөт, анда мыйзам бузгандар жөнүндө жана чыгуу визасын тариздөө үчүн негиз болгон себептер, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана жүрүү укугунан ажыратылган мөөнөтү, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция жаатындагы мыйзамдарына ылайык виза алуу үчүн кайра арыз берүүсү тууралуу маалымат камтылат.

Маалымат Кыргыз Республикасында тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) аркылуу тышкы миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары мыйзам бузгандар жөнүндө маалымат базасына киргизилет.

Ошондой эле маалымат базасына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөгө жана берүүгө уруксат берилбеген арыз ээлери жөнүндө маалымат киргизилет.

15. ТИМ органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери визага кол коюу укугуна ээ.

ТИМдин бардык тийиштүү органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин кол коюлган үлгүлөрү жана басылган мөөрлөрү Кыргыз Республикасынын миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны коргоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.

2. Визалардын категориялары, түрлөрү жана колдонуу мөөнөттөрү

16. Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.

Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- чет өлкөлөрдүн башчыларына жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - көп жолку 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык;

- чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктар менен колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана 18 жашка чейинки балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин көп жолку виза берилет;

- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки жолку же көп жолку виза берилет, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык.

Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимге ылайык дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк жарандын дипломатиялык статусу таанылса, анда ага дипломатиялык виза таризделет.

Визаны узартуу аккредитациянын мөөнөтүнө же 1 жылга чейин, же болбосо өз ара түшүнүү принциптеринде маалыматтарды Маалымат системасына (андан ары - МС) киргизүү менен жүргүзүлөт.

17. Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет.

Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки же көп жолку виза берилет;

- чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналдын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана 18 жашка чейинки балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкача каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык бир жылга чейинки мөөнөткө көп жолку виза берилет;

- дипломаттык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде башкасы каралбаса, же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин бир жолку, эки жолку же көп жолку виза берилет.

Эгерде кызматтык/расмий паспорту болбогон чет өлкөлүк жаранга, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан анын расмий статусу таанылса, ага кызматтык виза таризделет.

Визаны узартуу аккредитация мөөнөтүнө же 1 жылга, же өз ара түшүнүү принцибинде МСке маалыматтарын киргизүү менен жүргүзүлөт.

18. Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндөгү Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына жана багуудагы ата-энесине) мөөнөтү 3 жылга чейинки көп жолку виза берилет.

Инвестициялык виза ("I" тиби) инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан арыз ээсинин инвестор статусуна ылайык келиши тууралуу корутундусу болгондо 3 жылдык мөөнөткө чейин кайтадан берилүүгө тийиш.

19. Эмгек визасы ("W1" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине берилет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 90 күндүк мөөнөт ичинде жүрүүгө берилет.

Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан жыл сайын узартуу укугу менен эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө көп жолку эмгек визасы ("W1" тиби) берилет.

20. Эмгек визасы ("W2" тиби) 90 күнгө чейинки мөөнөткө эмгектенүүгө уруксат албай, "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине берилет.

Эмгек визасы ("W2" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында миграция жана аккредитациялоо (журналисттер жана корреспонденттер үчүн) чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын негизинде ТИМдин өкүлчүлүгү жана Консулдук кызмат тарабынан 1 жылдык мөөнөткө чейин узартылат.

21. Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында окуган учурда 1 жылдык мөөнөткө, же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган Кыргыз Республикасынын алгачкы аталган окуу жайында окуу курсунан өтүү мөөнөтүнө узартылууга тийиш.

22. Ишкердик виза ("В" тиби) Кыргыз Республикасына ишкердик максатта, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар уюштурган сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген арыз ээсине 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

23. Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык ташуу иштерин жүргүзүү үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга берилет.

Айдоочулук виза, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин берилет.

24. Жеке виза ("Р1" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик аракет кылууга, ошондой эле киреше табууга байланышкан башка иштерди жүргүзүүгө укук берилбей, Кыргыз Республикасына жеке мүнөздөгү ар кандай максат менен келе турган арыз ээсине, бир туугандарына жана досторуна жолугуу, медициналык кызматтарды алуу максатында 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

Чакырган тарап же арыз ээси Кыргыз Республикасында жүрүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды, ошондой эле дарыланууга жана Кыргыз Республикасынан чыгарууга кеткен чыгымдарды жабуу милдетин өзүнө алат.

25. Жеке виза ("Р2" тиби) Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге туруу, үй-бүлөсү менен кошулуу максатында, убактылуу же туруктуу жашап турууга, качкын статусун алуу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине 90 күндүк мөөнөткө чейин берилет.

Кыргыз Республикасынын аймагында жеке виза ("Р2" тиби) 6 айга чейинки мөөнөткө узартуу укугу менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашап турууга уруксатты кийин тариздөө мүмкүнчүлүгү менен 6 айга чейинки мөөнөткө узартылууга тийиш.

Зарылчылык болсо, качкын деп таанылган жакка, ырастаган документтери болгон учурда, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча чыгуу-кирүү жеке визасы ("Р2" тиби) 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.

26. Жеке виза ("Р3" тиби) Кыргыз Республикасына келип кетүүсү же кайтып келүүсү үчүн этностук кыргыздарга 1 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Жеке виза ("Р3" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында узартылбайт жана кийин "кайрылман" статусун алуу үчүн берилет.

"Кайрылман" статусу бар адамга улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү жеке визасы ("Р3" тиби) 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.

27. Туристтик виза ("TS" тиби) Кыргыз Республикасына туризм максатында келүүчү арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

28. Диний виза ("R" тиби) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо, диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерлерге 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

29. Үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек визасынын ("W1" жана "W1" типтери), окуу визасынын ("S" тиби) ээси болгон, ошондой эле жашап турууга уруксаттын негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана жашы жете элек балдарына, багуудагы ата-энесине), 1 жылга чейинки мөөнөткө жыл сайын узартууга мүмкүндүгү менен жана эмгектенүү укугусуз берилет.

30. Транзиттик виза ("TR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө сапар тарткан арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейин берилет.

31. Чыгуу визасы ("L" тиби) арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн колдонуу мөөнөтү 10 күнгө чейин төмөнкү учурларда берилет:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык визалык же визасыз режимде аныкталган жүрүү эрежесин жана мөөнөтүн бузган учурда;

- жумушка болгон уруксатын тариздөөдөн баш тартууда же жокко чыгарууда;

- убактылуу же туруктуу жашоого уруксатын тариздөөдөн, узартуудан баш тартканда жана аны жокко чыгарууда;

- визаны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартканда;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелериндеги окуусун токтоткондо же окуудан кетирилгенде жана окуусун аяктаганда;

- инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган ырастаган инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү ишин токтоткондо;

- улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан өз эрки менен чыгып кетүүнү каалаган учурда, "кайрылман" статусу бар же качкын деп таанылган баш калка издеген адам кайрылганда;

- туристтик топтун мүчөсү Кыргыз Республикасынын аймагынан амбулаториялык дарылоодон өткөндүгүнө, териштирүү жана соттук иш-чараларга катышкандыгына байланыштуу туристтик топ менен чыгып кете албаганда. Туристтик топтун калган мүчөлөрү Кыргыз Республикасынан чыгып баратканда мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары, укук коргоо жана сот органдары берген ырастоочу документтерди көрсөтүшөт.

Саламаттык сактоо уюмдары же улуттук коопсуздук/ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары берген ырастоочу документи болгон учурда, чыгуу визасын кайрадан тариздөөгө төмөнкү учурларда жол берилет:

- арыз ээси оорусуна, же жаракат алгандыгына байланыштуу өз алдынча кыймылдаганга мүмкүнчүлүгү болбогондо;

- арыз ээсинин териштирүү жана сот иш-чараларына катышуу зарылчылыгы болгондо.

Чыгуу визасын тариздөө менен бирге арыз ээсинин колдонуудагы визасы болсо, ал жокко чыгарылат.

3. "Е-виза" порталы аркылуу визаларды тариздөө

32. Арыз ээси МС расмий интернет сайтында жайгашкан "Е-виза" порталы аркылуу Консулдук кызматка электрондук визаны тариздөөгө арыз берет.

Келүү максатына жараша визаны тариздөө үчүн арызды чакырган тарап дагы бериши мүмкүн.

33. Жеңилдетилген визалык режим каралбаган чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарына карата визаны тариздөө үчүн арызды Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак (Кыргыз Республикасына туристтик же жеке ишкердик ишин жүргүзүү максатында келүү ниети бар арыз ээлеринен тышкары) же Кыргыз Республикасынын жараны ("P1", "Р2" жана "Р3" типтеги) жеке визасын тариздөөгө карата) тарабынан берилет.

34. "Е-виза" порталы төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт:

- электрондук виза алуунун шарттары;

- "Е-виза" порталы аркылуу санариптик форматта бериле турган тийиштүү документтер;

- төлөнө турган каражаттар;

- каражаттарды төлөөнүн ыкмалары (электрондук банктык төлөө системасы);

- Кыргыз Республикасынын визалык режими жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби;

- электрондук визаларды алуу үчүн арыздарды кароонун мөөнөтү;

- кабыл алуудан баш тарткан электрондук виза алуу үчүн арыздарды кайрадан карап чыгуу тартиби;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;

- электрондук виза боюнча Кыргыз Республикасына кирүү шарттары;

- визаларды берүү жана тариздөө боюнча кошумча маалыматтар.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

35. Арыз ээси "Е-виза" порталында визалык анкетаны ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурат, ошондой эле ушул Нускаманын 39-пунктунда каралган документтерди, белгиленген үлгүдөгү түстүү фото сүрөттү тиркейт.

36. Визаны алуу үчүн арыз консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндөн кийин МС тарабынан ырасталат.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

37. Электрондук визаны берүүдөн баш тарткан учурда арыз ээсине акча каражаттары кайтарылып берилбейт.

38. Арыз ээсине визаны тариздөөдөн баш тарткан учурлар "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган. Визаны тариздөөдөн баш тартуу тууралуу чечим арыз ээсине түшүндүрүлбөйт.

39. Визанын категориясына жана типтерине жараша визаны тариздөө жана аны колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:

1) дипломатиялык виза ("D" тиби) үчүн:

- дипломатиялык паспорттун көчүрмөсү;

- аккредитациялык картанын көчүрмөсү (визаны узартуу учурунда);

- чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

2) кызматтык виза ("О" тиби) үчүн:

- кызматтык паспорттун көчүрмөсү;

- аккредитациялык картанын көчүрмөсү (визаны узартуу учурунда);

- чет мамлекеттин тышкы саясат ведомствосунун, дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин же Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

3) инвестициялык виза ("I" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- инвестициялык саясат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары кол койгон аталган мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- арыз ээсинин инвестор статусуна ылайык келишине инвестициялык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын корутундусу (визаны кайтадан берген учурда);

4) эмгек визасы ("W1" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- жумуш берүүчүнүн уюштуруу документтеринин, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкердик ишин жүргүзүү ниети бар арыз ээсинин жеке кайрылуусу;

- жумушка болгон уруксат - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасында эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүүгө укугун далилдей турган белгиленген үлгүдөгү документ (визаны узарткан учурда);

5) эмгек визасы ("W2" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндөгү чакыруусу;

- миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты же журналисттерди жана корреспонденттерди аккредитациялоо жөнүндө документтин негизинде (визаны узарткан учурда);

6) окуу визасы ("S" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- арыз ээси менен Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмунун ортосундагы жеке келишимдин көчүрмөсү (визаны узарткан учурда);

7) ишкердик визасы ("В" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү чакыруусу (жүрүү мөөнөтүн көрсөтүү менен) ишкердик сапарынын мүнөзүн ырастаган документтердин көчүрмөсү менен;

8) айдоочулук виза ("Т" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- эгерде башкалар мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимде каралбаса, транспорттук компаниянын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу арыз ээсинин кызматын жана жүк ташыган автотранспорт каражатынын маалыматын көрсөтүү менен;

- айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү жана түп нускасы;

- автотранспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- эл аралык жүк ташууга укук берген лицензиянын ырасталган көчүрмөсү;

9) жеке визасы ("Р1" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- ички паспорттун көчүрмөсү (ID-card) тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастаган ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилген документтин көчүрмөсү;

- иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалымкат же чакырган тараптын же арыз ээсинин материалдык мүмкүнчүлүгүн далилдеген башка документ;

- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу же ырастамасы, дарылануунун мөөнөттөрүн, наркын, коштоп жүрүүчүлөрдүн зарылдыгын көрсөтүү менен (медициналык кызматтарды алуу максатында);

- дарылоону алдын ала төлөгөндүгүн же аны кийин төлөп берүү мүмкүндүгүн ырастоочу документтер (медициналык кызматтарды алуу максатында);

10) жеке визасы ("Р2" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- ички паспорттун көчүрмөсү (ID-card) тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастаган ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилген документтин көчүрмөсү;

- никени каттоо тууралуу күбөлүк же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жараны менен туугандык мамиледе экендигин ырастоочу башка документтер;

- иштеген жеринен айлык маянасы тууралуу маалымкат же чакырган тараптын же арыз ээсинин материалдык мүмкүнчүлүгүн далилдеген башка документ;

- жашап турууга уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүчүн кароо тууралуу документ (визаны узарткан учурда);

- миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын өтүнүчү же качкын деп таанылган адамдын жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы бериле турган болсо);

11) жеке визасы ("Р3" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- ички паспорттун көчүрмөсү (ID-card) тиркелген Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткандыгын ырастаган ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилген документтин көчүрмөсү;

- этностук кыргыздардын этностук таандыгы жөнүндө ырастоочу документтер (мамлекеттик же расмий тилге которулган жана нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жарандык абалы тууралуу актыдан көчүрмө, архивдик документтер, чет өлкөнүн улуттук паспорттору);

- жашап турууга уруксат алуу же жарандыкка кабыл алуу жөнүндө арыз ээсинин өтүнүчүн кароо тууралуу документ (визаны узарткан учурда);

- "кайрылман" статусу бар жактардын жеке кайрылуусу (чыгуу-кирүү визасы бериле турган болсо);

12) туристтик виза ("TS" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- кабыл алуучу туристтик уюмдардын же арыз ээсинин өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

13) диний визасы ("R" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүрүү максатын жана мөөнөтүн көрсөтүү менен дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген чакыруу;

14) үй-бүлөлүк виза ("F" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- чет элдик жарандын арызы;

- кабыл алуучу уюмдардын өтүнүчү;

- арыз ээси менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы туугандыгын күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсү;

15) транзиттик виза ("TR" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документи;

- үчүнчү өлкөгө баруучу акыркы пунктка чейин жол жүрүү билетинин көчүрмөсү же баруучу өлкөнүн визасынын көчүрмөсү, же барган жеринен виза алууда үчүнчү мамлекеттик расмий бийлиги ырастаган уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;

16) чыгуу визасы ("L" тиби) үчүн:

- жол жүрүү документинин көчүрмөсү;

- улуттук коопсуздук органынын, ички иштердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын каттары.

40. Визалык анкета, санариптик сүрөттөр жана арызга кошумча документтер МСте сакталат.

41. Консулдук кызмат тапшырылган документтердин ушул Нускаманын талаптарына шайкеш келүүсүн текшерет. Каталар же шайкеш келбегендик, визалык анкетанын туура эмес толтурулгандыгы аныкталса, арыз ээсинин анкетада көрсөтүлгөн электрондук дарегине каталарды же шайкеш келбегендерди оңдоонун зарылдыгы жөнүндө электрондук билдирүү жөнөтүлөт.

42. Электрондук визаны тариздөөгө арыз улуттук коопсуздук органы менен 4 жумуш күнүнүн ичинде, МС аркылуу макулдашылат.

Жеңилдетилген визалык режим жайылтылган чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле 14 жашка чыга электер үчүн электрондук визаны тариздөөгө арыздар макулдашууга жатпайт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча улуттук коопсуздук органы арыз ээсинин электрондук виза алуусу үчүн тоскоол боло турган негиздердин жоктугу же электрондук виза берүүнүн максатка ылайык эместиги тууралуу Консулдук кызматка электрондук билдирүү жөнөтөт.

Улуттук коопсуздук органы көрсөтүлгөн мөөнөттө жообун бербесе, арыз оң жагына макулдашылды деп эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)

43. МСке берүү жөнүндө чечим кабыл алынса, электрондук виза ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.

44. Консулдук кызмат улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жана электрондук визаны тариздөөгө арызды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине баш тартуу жөнүндө маалымдайт же арыз ээсинин визалык анкетада көрсөтүлгөн электрондук почтасынын дарегине электрондук визаны жөнөтөт.

Электрондук виза берилгендиги тууралуу маалымат мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн автоматтык түрдө белгилүү болот.

45. Арыз ээси Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдар расмий өткөрүп жаткан эл аралык, экономикалык, илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышкан учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүүдө, же Кыргыз Республикасында жашаган (каза болгон) жакын тууганы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алгандары, багып алуучулары, уялаш жана уялаш эмес ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң атасы, чоң энеси, неберелери) катуу ооруп же каза болсо жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына тез арада келүүсү жөнүндө маселени чечүү керек болсо, Консулдук кызматтын/чет өлкөдөгү мекеменин жетекчиси мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү өтүнүчүнүн, тапшырылган ырастоочу документтердин жана арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тоскоолдук кылуучу негиздердин жоктугунун негизинде кийин улуттук коопсуздук органына милдеттүү түрдө билдирүү менен визалык колдоону тариздөөгө укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)

46. Арыз ээси электрондук визаны алуу менен зарылдыкка жараша аны А-4 түрүндөгү таза кагазга чыгарат.

47. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктуна келгенде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам - электрондук визанын ээси мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине электрондук виза таризделген жарактуу жол жүрүү документин көрсөтөт. Электрондук виза таризделбеген башка жол жүрүү документин көрсөтүү анын ээсине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү укугун бербейт.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери электрондук визанын бар экендигин ТМЭБС системасында текшерет.

48. Эгер арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү шарттарына туура келсе, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери ТМЭБС системасына киргенин каттайт жана киргендиги жөнүндө жол жүрүү документиндеги мөөрү менен электрондук визанын бар экендигин ырастайт.

49. Кыргыз Республикасы мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын атынан арыз ээсинде электрондук визанын болгонуна карабастан, арыз ээсинин Кыргыз Республикасына кирүүсүнөн баш тартуу укугун төмөнкүдөй учурларда өзүндө калтырат:

- арыз ээсинин мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө укук берген жол жүрүү документи жок болсо;

- арыз ээсинин жол жүрүү документин окууга мүмкүн болбосо же механикалык кемчиликтери болсо;

- арыз ээси мамлекеттик чек аранын режимин же өткөрүү пункттарындагы режимди бузса;

- арыз ээси мамлекеттик чек араны кесип өтөөрдө өзү тууралуу жалган маалыматтарды билдирсе.

50. Виза улуттук коопсуздук органы менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча МС аркылуу ушул Нускамага ылайык визаны узартуу мүмкүнчүлүгүн караган визанын категориясына жана түрүнө жараша узартылат.

Жеңилдетилген виза режими жайылтылган чет өлкө жарандарынын, ошондой жашы 14кө жете элек балдардын визаларын макулдашуу талап кылынбайт.

Электрондук визанын колдонулуу мөөнөтүн узартууга арыз МС аркылуу 4 жумуш күнүнүн ичинде улуттук коопсуздук органдары менен макулдашылат.

51. МСте визаны узартуу жөнүндө өтүнүчтү колдонуудагы визанын бүтүшүнө 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ушул Нускаманын 39-пунктундагы 1-6, 10 жана 14-пунктчаларында аталган документтерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каттоо кызматынын органдарында жашаган жери боюнча катталгандыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документти, ошондой эле ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык визалык анкетаны тиркөө менен берет. Арыз ээсинин күнөөсү боюнча визанын колдонулуу мөөнөтү өтүп кетсе, ал мыйзамга ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат.

52. Визаны узартуу жөнүндө өтүнүчтү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары баштапкы визаны алууга мурда чакырууну тариздеген тарап гана бере алат.

53. Категориясы, боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында узартылууга тийиш болгон колдонуудагы виза Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан токтотулушу жана ушул Нускамага ылайык анын иш жүзүндө таризделген датасы менен ушул эле категориядагы виза берилиши мүмкүн.

54. Улуттук коопсуздук органы тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмеси (мындан ары - Тизме) МСте жаңыланат, ошондой эле электрондук форматта Консулдук кызматка берилет.

Тизме төмөнкүдөй маалыматтарды камтуусу керек:

- чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын аты-жөнү (латын транскрипциясы менен);

- туулган датасы;

- жол жүрүү документинин реквизиттери (бар болсо);

- жарандыгы.

55. Визанын суралган колдонулуу мөөнөтүн, анын кайталанышын кыскартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:

- Кыргыз Республикасында конференциянын/жыйналыштын/спорттук мелдештердин/сүйлөшүүлөрдүн/көргөзмөлөрдүн иш жүзүндөгү өтүү мөөнөттөрү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында окуунун, медициналык же санаториялык-курорттук дарылануудан этүүнүн узактыгы;

- эгерде арыз ээси же чакырган тарап Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү зарылдыгы жөнүндө жетиштүү негиздей албаса;

- эгерде арыз ээси Кыргыз Республикасында жүрүүгө пландалган убакытта жашоого, ошондой эле жашаган өлкөсүнө кайтып кетүүгө жетиштүү каражаты жок болсо.

56. Эгерде Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде жол жүрүү документи андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калса жана анын ээси жаңы жол жүрүү документин көрсөтсө. Консулдук кызмат МС аркылуу арыз ээсинин визасы бар экендигин ырастайт.

4. "Е-виза" порталынын резервдик иши учурунда виза алууга жана узартууга арыз берүүнүн тартиби

57. "Е-виза" порталы бузулган учурда, чакыруучу тарап ушул Нускаманын 39-пунктунун тийиштүү пунктчаларында аталган зарыл болгон документтерди тиркөө менен визалык колдоону тариздөөгө Консулдук кызматка жазуу жүзүндөгү арызды берет.

Жеке максаттары менен Кыргыз Республикасына келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар үчүн визалык колдоону тариздөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандары ушул Нускаманын 39-пунктунун 9-10-пунктчаларында аталган документтерди тиркөө менен Консулдук кызматка жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгүнө кайрылышат.

Кийин жеке ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн же туристтик максатта Кыргыз Республикасына келүүнү көздөгөн чет өлкөлүк жарандар ушул Нускаманын 39-пунктунун 4 жана 12-пунктчаларына ылайык аталган документтер менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышат.

Чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүү жөнүндө өтүнүч Консулдук кызмат тарабынан документтерди тапшырган күндөн тартып 7 жумуш күнүнүн ичинде каралат.

Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөөгө арыздарды улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу 4 жумуш күнүнүн ичинде ишке ашырылат. 14 жашка чыга элек жактарга визалык колдоону же визаларды берүүнү тариздөө үчүн арыздарды макулдашуу талап кылынбайт.

58. Визанын категориясына жараша визалык колдоону тариздөө үчүн Консулдук кызматка жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгүнө төмөнкүдөй документтер тапшырылат:

жеке максаттар үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы;

- ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;

- ушул Нускаманын 39-пунктунун 9-11-пунктчаларында аталган башка документтер.

Башка максаттар үчүн:

- чакыруучу тараптын өтүнүчү;

- ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкета;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер;

- ушул Нускаманын 39-пунктунун тиешелүү пунктчаларында аталган башка документтер.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

59. Визалык колдоо Консулдук кызмат/Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан таризделет жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине, ошондой эле эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна жөнөтүлөт.

60. Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулуучу чет өлкөлүк жарандарга виза берүүнү алардын жеке кайрылууларын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча чет өлкөлөрдөгү мекемелер же эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пункту ишке ашырат.

61. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

1) ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык формада 2 түп нускада электрондук түрдө толтурулган визалык анкетаны;

2) ак фондогу 35x45 мм өлчөмүндөгү 2 түстүү сүрөт;

3) консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттарды төлөгөндүгүн ырастоочу документ (төлөнүүгө тийиш болсо);

4) суралуучу визанын категориясына жараша ушул Нускаманын тийиштүү главаларында аталган башка документтер.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

62. Арыз ээси мамлекеттик чек ара аркылуу эл аралык өткөрүү пунктундагы ТИМдин визалык пунктуна төмөнкүдөй документтерди тапшырат:

- ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык толтурулган визалык анкетаны;

- жол жүрүү документинин көчүрмөсүн;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын төлөмүн.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

63. Документтерди кабыл алууда консулдук кызмат адамы алардын толуктугун жана тариздөөнүн тууралыгын текшерет жана аларда баяндалган маалыматтардын тактыгына күмөн саноо пайда болсо, визалык анкетасында, жол жүрүү документинде камтылган маалыматтардын (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кесип өтүүсү жөнүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгилеринин) негизинде Кыргыз Республикасында болуусунун узактыгын тактайт. Каталар жана шайкеш келбеген жерлери болсо, арыз ээси аларды оңдоо зарылдыгы жөнүндө кабардар болот.

64. Визалык анкета арыз ээси тарабынан ушул Нускаманын 5 жана 6-тиркемелерине ылайык мамлекеттик же англис тилдеринде (аты-жөнү, жол жүрүү документинин маалыматтары латын тамгалары менен толтурулат) электрондук түрдө толтурулат.

Визалык анкетанын бардык пункттары милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.

18 жашка чыга элек арыз ээси ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрдүн колу коюлган визалык анкетаны тапшырат.

65. Арыз ээси "Е-виза" порталы аркылуу арызды берген сыяктуу эле жол жүрүү документинин түп нускасын берет, ал төмөнкүдөй критерийлерге жооп бериши керек:

- колдонулуу мөөнөтү - визанын колдонулуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 180ден ашык күн.

Арыз ээси Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар расмий түрдө өткөрүүчү эл аралык, экономикалык, илимий, маданий, спорттук иш-чараларга катышкан учурда же Кыргыз Республикасында жашаган (каза болгон) жакын тууганы (ата-энеси, жубайы, балдары, багып алгандары, багып алуучулары, уялаш жана уялаш эмес ага-инилери жана эже-сиңдилери, чоң ата, чоң эне, неберелери) катуу ооруса, каза болсо, колдонулуу мөөнөтү визанын колдонулуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 180 күндөн эрте бүтүүчү жол жүрүү документине визаны тариздөөгө жол берилет. Бул учурда визанын колдонулуу мөөнөтү жол жүрүү документинин колдонулуу мөөнөтүнөн ашпашы керек;

- визалык чаптамаларды чаптоо үчүн арналган экиден кем эмес таза барактын болуусу;

- тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн белгилер, жазуулар, кырып өчүрүүлөр жана оңдоолор болбошу керек. Жол жүрүү документинде айрылган, чапталган жана бузулган барактар болбошу керек.

66. Арыз ээси 200 dpi (бир дюймга эки жүз чекит) кем болбогон уруксат берүүдө сүрөтү жана жол жүрүү документинин маалыматы камтылган жол жүрүү документинин беттеринин көчүрмөлөрүн жана визаларды берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтерди тапшырат. Аталган документтердин талабы төмөнкүлөрдү ырастоо максатында ишке ашырылат:

- визалык анкетада, визалык анкетанын тиркемесинде баяндалган маалыматтарды;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган виза берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин жоктугун;

- арыз ээсинин Кыргыз Республикасында жүрүүсү жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү үчүн чыгымдарды жабууда зарыл болгон каражаттарды (төлөм каражаттарын алууга негиз болгон документтер; Кыргыз Республикасында жашаган жеринин жана тамак-ашынын дайын экендигин (бронь) жана төлөмдөрүн ырастаган документтер; же арыз ээсинин Кыргыз Республикасында болуусу жана анын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсү боюнча бардык чыгымдарды төлөгөндүгү жөнүндө арыз ээсин кабыл алган жеке же юридикалык жактын кепилдик каты).

67. Визаны, визалык колдоону алууга жана визаны узартууга өтүнүчтөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жумуш күнүндө жана убакытта, бекитилген кабыл алуу графигине ылайык кабыл алынат.

68. Визаны узартуу жөнүндө өтүнүч Консулдук кызматка же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгүнө визанын колдонулуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө 10 күн калганда берилет.

69. Визаларды узартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы Консулдук кызматка же ТИМдин өкүлчүлүгүнө төмөнкүдөй документтер берилет:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын же кабыл алуучу уюмдардын өтүнүчү;

- арыз ээсинин жол жүрүүчү документинин көчүрмөсү;

- ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык 2 нускада толтурулган визалык анкета;

- консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоо;

- ушул Нускаманын 39-пунктунда аталган документтер.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)

70. Ушул Нускамага ылайык категориялары узартылууга тийиш болгон визалардын колдонулуу мөөнөтүн узартууну улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу зарыл. Жеңилдетилген визалык режим жайылтылган чет мамлекеттердин жарандарынын, ошондой эле 14 жашка чыга элек жактардан визаларына макулдашуу талап кылынбайт.

Визанын колдонулуу мөөнөтүн узартууга берилген арыз 4 жумуш күнүнүн ичинде улуттук коопсуздук органы менен макулдашылат.

71. Визаларды узартуу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сырткары, баштапкы визаны алууга мурда чакырууну тариздеген чакыруучу тарап гана кайрыла алат.

72. Визанын колдонулуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз каралып жаткан мезгилде жол жүрүүчү документинин түп нускасы арыз ээсинин өзүндө болот.

73. Эгерде виза андан ары колдонууга мүмкүн болбогудай механикалык жактан бузулса, анда виза аны берүү фактысынын негиздерин жана ырастоону текшергенден кийин кайра берилет. ТИМдин органы кайрылуунун негизинде визаны калыбына келтирет.

74. Эгерде Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде арыз ээсинин жол жүрүүчү документи мындан ары колдонууга жараксыз болуп же жоголуп кетсе, Консулдук кызмат же Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин өкүлчүлүгү тарабынан анын жеке кайрылуусунун же чакырган тараптын арызынын негизинде анын колдонуудагы визасы жаңы жол жүрүүчү документине которулат.

5. Берилген визалар жөнүндө маалымат алмашуу, отчет берүү

75. Келип түшкөн арыздарды/документтерди эсепке алуу жана каттоо каралган, берилген, жокко чыгарылган, узартылган визалар жана визалык колдоолор жөнүндө, ошондой эле визаларды жана визалык колдоолорду берүүдөн же узартуудан баш тартуулар жөнүндө маалыматтарды каттоо, киргизүү, сактоо, иштеп чыгуу жана түзүү максатында МС пайдалануу аркылуу ишке ашырылат.

Таризделген визалык колдоо жана визалар жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ТИМдин органдарынын архивдеринде сактоо үчүн ТИМдин органдары аркылуу кагазга чыгарылууга (ай сайын) тийиш.

76. МС бузулуп калган учурда ТИМдин органдары таризделген визалык колдоолордун жана визалардын эсебин электрондук форматта алышат. Бул маалымат кийин МСке киргизилүүгө тийиш, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ТИМдин органдарынын архивдеринде сактоо үчүн ар айлык негизде кагазга чыгарылат.

77. Визалар жөнүндө маалымат алмашуу өз ара аракеттеги органдардын ортосунда МС аркылуу ишке ашырылат.

78. Консулдук кызмат өзүнүн компетенциясынын чегинде МСти пайдалануу менен Кыргыз Республикасына келген арыз ээлеринин таризделген визалык колдоолорун жана визаларын борборлоштуруп эсепке алат.

79. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Консулдук кызмат тарабынан бекитилген формага ылайык берилген визалар жөнүндө отчетту Консулдук кызматка жөнөтөт.

80. Визанын категориясына жана түрүнө жараша визалык анкетаны, визалык чаптаманы толтуруунун эрежесин, түшкөн арыздарды иргөө боюнча иштердин тартибин ТИМ бекитет.

81. МСти, ошондой эле башка жашыруун маалыматты пайдалануу чектелиши зарыл. Бул маалыматтар базасын санкциясыз пайдаланууну болтурбоо үчүн улуттук коопсуздук органдар тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт.

82. Визалык чаптамаларды сактоо жана жок кылуу ТИМдин органдарында сакталган иштердин номенклатурасына ылайык жүзөгө ашырылат.

83. Визалык чаптаманын бланкы катуу тартипте отчет берүү документи болуп саналат. Визалык чаптама бланктарынын пайдаланылышын жана чыгымдалышын Консулдук кызмат контролдойт.

6. Визаларды берүү жөнүндө арыздарды кароо процессин техникалык башкаруу

84. ТИМдин органдары тарабынан визаны алууга арыздарды кароо процесси МС менен башкарылат жана контролдонот.

85. Эгерде маалыматтык системадагы маалымат виза алууга арыздарды кароо жана тийиштүү отчетторду түзүү процессинде зарыл болсо, мамлекеттик органдар МСке биригүүгө ыйгарым укуктуу/укуктуу.

86. Арыз ээси виза алуу жөнүндө арызды тапшырганда ага МСте катталгандыгы боюнча жеке идентификациялык номер берилет. Виза алуу жөнүндө кийинки арыздары менен виза берүү жөнүндө баштапкы арызды берүүдө пайдаланылган жеке идентификациялык номер берилет.

87. Визаны кароо, тариздөө жана берүү процессине катышкан мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынган жеке маалыматтарды коргоо үчүн бардык зарыл болгон техникалык жана уюштуруу чараларын көрүшөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
1-тиркемеси

Визалык чаптаманын негизги маалыматтары

 

ГЕРБ

 

ВИЗА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 

 

VISA KYRGYZ REPUBLIC

ВИЗАНЫН КАТЕГОРИЯСЫ/CATEGORY OF VISA

ВИЗАНЫН ТҮРҮ/TYPE OF VISA

БАШТАП/FROM   ЧЕЙИН/TO

АТЫ-ЖӨНҮ/SURNAME AND NAME

ПАСПОРТТУН №/PASSPORT #

КОШУМЧА МААЛЫМАТ/ADDITIONAL INFORMATION

 

 

КИРҮҮЛӨРДҮН САНЫ/NUMBER OF ENTRIES

КОЛДОНУЛУУ МӨӨНӨТҮ/VALID

КИРИШ/ENTRY  ЧЫГЫШ/EXIT

КИРИШ/ENTRY

БЕРИЛГЕН ДАТАСЫ/DATE OF ISSUE

ЧАКЫРУУЧУ ТАРАП/INVITING PARTY

 

КЫЗМАТКЕРДИН КОЛУ, АТЫ-ЖӨНҮ/SIGNATURE AND NAME OF OFFICER IN CHARGE

IA 000000

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
2-тиркемеси

Топтук визалар үчүн визалык чаптаманын негизги маалыматтары

 

ГЕРБ

 

ТОПТОР ҮЧҮН ВИЗА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ

 

 

GROUP VISA

KYRGYZ REPUBLIC

КИРҮҮЧҮЛӨРДҮН САНЫ/NUMBER OF PERSONS

САПАРДЫН CAHЫ/ENTRY(S)

 

 

БАШТАП/FROM

ЧЕЙИН/TO

 

 

ЧАКЫРУУЧУ TAPАП/INVITING PARTY

БЕРИЛГЕН ДАТАСЫ/ISSUE DATE

КОШУМЧА МААЛЫМАТ/ADDITIONAL INFORMATION

 

 

 

КЫЗМАТКЕРДИН КОЛУ, АТЫ-ЖӨНҮ/
SIGNATURE AND NAME OF OFFICER IN CHARGE

 

GA 000000

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
3-тиркемеси

ТУРИСТТИК ТОПТУН ТИЗМЕСИ/LIST OF TOURIST GROUP

Толук аты-жөнү/Full name

Жынысы/
Gender

Туулган датасы/
Date of birth

Жарандыгы/
Nationality

Паспорттун №/
Passport №

1

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

3

 

 

 

 

 

4

 

 

 

 

 

5

 

 

 

 

 

6

 

 

 

 

 

7

 

 

 

 

 

8

 

 

 

 

 

9

 

 

 

 

 

10

 

 

 

 

 

11

 

 

 

 

 

12

 

 

 

 

 

13

 

 

 

 

 

14

 

 

 

 

 

15

 

 

 

 

 

Визалык чаптаманын орду

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
4-тиркемеси

ТУРИСТТИК ТОПТУН ТИЗМЕСИ/LIST OF TOURIST GROUP
(электрондук виза үчүн)

Электрондук визанын №

Толук аты-жөнү/Full name

Жынысы/
Gender

Туулган датасы/
Date of birth

Жарандыгы/
Nationality

Паспорттун №/
Passport №

1

 

 

 

 

 

2

 

 

 

 

 

3

 

 

 

 

 

4

 

 

 

 

 

5

 

 

 

 

 

6

 

 

 

 

 

7

 

 

 

 

 

8

 

 

 

 

 

9

 

 

 

 

 

10

 

 

 

 

 

11

 

 

 

 

 

12

 

 

 

 

 

13

 

 

 

 

 

14

 

 

 

 

 

15

 

 

 

 

 

Визалык чаптаманын орду

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

Чек ара кызматынын мөөрү/штампы

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
5-тиркемеси

 

 

 

 

 

 

Сүрөт/Photo

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC
ВИЗАЛЫК AHKETA/VISA APPLICATION FORM

1

Толук аты-жөнү/Full name

 

2

Жарандыгы/Citizenship

 

3

Жынысы/Gender

 

4

Түулган датасы жана жери/Date and place of birth

 

5

Жеке идентификациялык номери, эгерде бар болсо/Personal identification number, if available

 

6

Туруктуу жашаган жери, дареги, тел./Place of permanent stay, address, ph.

 

7

Иштеген жери жана дареги, ээлеген кызматы/ Place of work and address, occupation

 

8

Билими/Education

 

9

Баруу максаты/Purpose of visit

 

10

Документтин №, колдонулуу мөөнөтү/Number and validity of travel document

 

11

Кыргыз Республикасында жашай турган дареги/Places of stay in the Kyrgyz Republic

 

12

Бара турган жерлер/ Places of visit

 

13

Кирүү датасы/Planning date of entry

 

14

Чыгуу датасы/ Planning date of departure

 

15

Кыргызстанга кирген/чыккан даталар (акыркы 3 жолу)/Dates of your trips to Kyrgyzstan (last 3 trips)

 

16

Чакырган тарап/Inviting party

 

17

Электрондук почтанын дареги, тел./email and ph.

 

18

Суралуучу визанын категориясы жана түрү/applied category and type of visa

 

Анкетада көрсөтүлгөн маалыматтын туура экендигин ырастайм.

Эгерде анкетада көрсөтүлгөн маалымат туура эмес болсо, мен толук юридикалык жоопкерчиликти тартам.

Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнгө жетиштүү акча каражатынын бар экендигин далилдейм.

 

Датасы/Date 20__-ж./у _____

 

Колу/signature __________________

 

Кызматтык белгилер үчүн визалык чаптаманын орду

(визалык чаптаманын жумушчу бөлүгү)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
6-тиркемеси

 

 

 

 

 

 

Сүрөт/Photo

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC
ВИЗАЛЫК АНКЕТА/VISA APPLICATION FORM
(жеке виза үчүн/for private visa)

Саламаттык сактоо мекемесинин байланыш маалыматтары/
Contact details of the medical organization

1

Расмий аталышы/Official name

 

2

Юридикалык дареги/Address

 

3

Лицензиясынын №/License no.

 

Чакыруучу жеке жактын жеке жана байланыш маалыматтары/
Personal
and contacts details of the inviting person

4

Толук аты-жөнү/Full name

 

5

Жарандыгы/Citizenship

 

6

Туулган датасы жана жери/Date and place of birth

 

7

Ички паспорт/lD card

 

8

Жеке идентификациялык номери/Personal identification number

 

9

Туруктуу жашаган жери, дареги, тел./Place of permanent stay, address, ph.

 

10

Иштеген жери жана дареги, ээлеген кызматы/Рlасе of work and address, occupation

 

11

Чакыруу максаты/Purpose of inviting

 

Чакырылуучу жактын жеке жана байланыш маалыматтары/
Personal
and contacts details of the invited person

12

Толук аты-жөнү/Full name

 

13

Жарандыгы/Citizenship

 

14

Жынысы/Gender

 

15

Туулган датасы жана жери/Date and place of birth

 

16

Документтин №, колдонулуу мөөнөтү/Number and validity of travel document

 

17

Иштеген жери жана дареги, ээлеген кызматы/Рlасе of work and address, occupation

 

18

Электрондук почтанын дареги, тел./email and ph.

 

19

Суралуучу визанын категориясы жана түрү/applied category and type of visa

 

20

Бара турган жерлер/Places of visit

 

21

Кирүү датасы/Date of entry

 

22

Чыгуу датасы/Date of departure

 

Анкетада көрсөтүлгөн маалыматтын туура экендигин ырастайм.

Эгерде анкетада көрсөтүлгөн маалымат туура эмес болсо, мен толук юридикалык жоопкерчиликти тартам.

 

Датасы/Date 20__-ж./у _____

 

Колу/signature __________________

 

Кызматтык белгилер үчүн визалык чаптаманын орду

(визалык чаптаманын жумушчу бөлүгү)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманын
7-тиркемеси

 

 

Герб

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ

MINISTRY OF FOREIGN AFFAIRS OF THE KYRGYZ REPUBLIC

Электрондук виза - "Э-виза"

 

Толук аты-жөнү/Full name:

 

ХХХХХХХХХХХ

Туулган датасы/Date оf birth:

 

XX/XX/XXXX

Жарандыгы/Citizenship:

 

ХХХХХХХХХХХ

Жол жүрүүчү документтин (паспорттун) номери/Number of Travel document (passport):

 

ХХХХХХХХХХХ

Жол жүрүүчү документтин (паспорттун) берилген датасы/Date of issue of the travelling document (passport):

 

XX/XX/XXXX

Жол жүрүүчү документтин (паспорттун) бүткөн датасы/Date of expiry of the travelling document (passport):

 

XX/XX/XXXX

Визанын категориясы/Category of visa:

 

X-XX

Визанын түрү/Туре of visa:

 

X-XX

Визанын колдонулуу мөөнөтү/Validity of visa:

 

XX/XX/XXXX-XX/XX/XXXX

Кирүүлөрдүн саны/Number of entries:

 

X

Жүрүү мөөнөтү/Period of stay:

 

XX

Чакыруучу/Invitation:

 

XXXXX

Визанын берилген датасы/Date of visa:

 

XX/XX/XXXX

 

Берилген виза тууралуу маалыматты веб-сайттан текшерсе болот.

Бул электрондук виза жогоруда аталган жол жүрүүчү документин көрсөткөндө жарактуу.

 

 

 

Сүрөт/Photo

 

 

 

 

 

 

Визанын номери: ХХХХХХХХХХХ