Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-марты N 156

Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.

3. "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы N 577 КПҮ токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү

ТАРТИБИ

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасына кирүү, анын аймагында болуу жана Кыргыз Республикасынан чыгууга уруксат чет мамлекеттик жарактуу паспорт же жарандык берген өлкөнүн же туруктуу жашап жаткан өлкөнүн компетенттүү органдары берген жана алардын ким экендигин ырастоочу аны алмаштыруучу документтер боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген жана мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда башкача тартип каралбаса жана Кыргыз Республикасынын визасы болгон учурда берилет.

2. Бул Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы мекемелери жана Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери (мындан ары - ТИМ органдары) же Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлүп, белгиленген тартипте күчүнө кирген макулдашууларга ылайык буга ыйгарым укук берилген чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - ИИМ органдары) тарабынан визаларды тариздөө жана берүү тартибин аныктайт.

3. Кыргыз Республикасына кирүү үчүн бардык категориядагы визалардын алгачкы берүү Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде, эл аралык чек ара пункттарындагы ТИМдин тиешелүү органдарында, ал эми Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү жок өлкөлөрдө - Россия Федерациясынын же Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын ушул өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашууларынын негизинде жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын туруусу жана чыгуу-кирүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын визасынын жарактуу мөөнөтү:

ТИМ органдары тарабынан - дипломатиялык, кызматтык, инвестициялык, ишкердик ("В2" тиби) жана эмгектенүү ("W1" тиби) максаттары, туристтик жана транзиттик жүрүш максатында киргендерге узартылат;

ИИМ органдары тарабынан - ишкердик ("В1" тиби), эмгектенүү ("W2" тиби), диний, окуу, жеке максаттар, туризм максатында киргендерге узартылат.

5. Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында турууга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга визаны тариздөө жана берүү, визанын мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасында катталган уюмдардын атынан кабыл алуу линиясы боюнча келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - бул уюмдардын жазуу түрүндөгү кайрылуусу жана бул Тартипке каралган керектүү документтер;

- эмгектенүү жана жеке ишкердик максатында келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү жумушка уруксат;

- жеке максатында келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандарынын арызынын негизинде берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уруксаты.

Чет өлкөлүк жарандар же кабыл алуучу уюмдар тарабынан ушул Тартиптин талаптарын бузуучу документтерди берүү визаны өз убагынан кечиктирип берүү, визанын мөөнөтүн узартуу жана визалык колдоо көрсөтүү же визаларды берүүдөн, мөөнөтүн узартуудан жана визалык колдоо көрсөтүүдөн баш тартууга негиз болушу мүмкүн.

6. Чет өлкөлүк жарандарга виза берүү же узартууда Кыргыз Республикасында болуу тартиби, анын ичинде каттоонун тартиби түшүндүрүлөт, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасында болуу жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликтер тууралуу алдын ала эскертилет.

7. Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

8. ТИМ органдары визаларды тариздөө жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык консулдук жыйымдарды алат.

ИИМ органдары визаларды тариздөө жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик пошлиналарды алат.

Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелери Кыргыз Республикасынын ушул өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашууларынын негизинде, виза берүү жана тариздөө үчүн консулдук жыйымдарды ушул мекемелерде колдонуудагы тарифтерге ылайык алышат.

9. Визалар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

а) дипломатиялык визалар - "D" тиби. Дипломатиялык визалар дипломатиялык паспорту бар жана Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келип же анын аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандарга берилет.

Чет өлкөлүк жарандардын бул категориясына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик мекемелеринин жана уюмдарынын чакыруусу боюнча келген мамлекет жана өкмөт башчылары, мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, чет мамлекеттердин көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлери;

- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин дипломаттары жана консулдук кызмат адамдары, чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдары, ошондой эле алардын дипломатиялык артыкчылыктарга жана иммунитетке ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрү;

- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерлер;

б) кызматтык визалар - "О" тиби. Кызматтык визалар кызматтык паспорту бар жана Кыргыз Республикасына кызматтык иштер менен келген же анын аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандарга берилет.

Чет өлкөлүк жарандардын бул категориясына төмөнкүлөр кирет:

- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналдын мүчөлөрү, чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;

- дипломатиялык почтаны ташуучу чет өлкөлүк курьерлер, эгерде алардын дипломатиялык паспорту жок болсо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик мекемелеринин жана уюмдарынын чакыруусу боюнча келген чет өлкөлүк жарандар;

в) инвестициялык визалар - "INV" тиби. Инвестициялык визалар Кыргыз Республикасында инвестициялык ишмердик жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын экономикасына өндүрүштүк максатта колдонууга багытталган 500 миң АКШ доллары суммасына эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндөгү салымдарды ырастоочу зарыл документтерди берген түздөн-түз инвесторлорго берилет;

г) ишкердик визалар - "В" тиби. Ишкердик визалар Кыргыз Республикасына ишкердик максатта келген чет өлкөлүк жарандарга берилет:

"В1" тиби - жыйындарга, симпозиумдарга, конференцияларга, аукциондорго, көргөзмөлөргө, контракт түзүү жана эл аралык жүк ташуу үчүн ишкердик сүйлөшүүлөргө катышуу;

"В2" тиби - коомдук, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине, эл аралык уюмдардын же мамлекеттер аралык келишимдер жана макулдашуулар линиясы боюнча кызматташуунун алкагында келген адамдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга берилет;

д) окуу визалары - "S" тиби. Окуу визалары Кыргыз Республикасына окууга келген чет өлкөлүк жарандарга берилет;

е) эмгек визалары - "W" тиби. Эмгек визалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча берилет:

"W1" тиби - эмгектик. Визанын бул тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын уруксатынын негизинде иштөө же жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү мамлекеттердин тизмесине кирген визанын жеңилдетилген режими колдонулуучу чет өлкөлүк жарандарына берилет;

"W2" тиби - эмгектик. Визанын бул тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын уруксатынын негизинде иштөө же жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү мамлекеттердин тизмесине кирбеген визанын жеңилдетилген режими колдонулуучу чет өлкөлүк жарандарына берилет;

ж) диний визалар - "R" тиби. Визанын бул тиби Диний багыттар аркылуу келген чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен берилет;

з) жеке визалар - "Р" тиби. Жеке визалар Кыргыз Республикасына жеке мүнөздөгү ар түрдүү максаттар менен келген чет өлкөлүк жарандарга берилет:

"Р1" тиби - эмгек же башка жеке ишкерлик жүргүзүүгө укук берилбестен туугандарга жана жолдошторго келүү максатында;

"Р2" тиби - эмгек же башка жеке ишкерлик жүргүзүүгө укук берилбестен санаториялык-курорттук жана дарылануунун башка түрдөгү максатында;

"Р3" тиби - туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында качкындар статусун алууга өтүнүч менен кайрылган жарандарга;

и) туристтик визалар - "TS" тиби. Туристтик визалар Кыргыз Республикасына туристтик максатта келген чет өлкөлүк жарандарга берилет;

к) транзиттик визалар - "TR" тиби. Транзиттик визалар Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилет.

10. Категориясы өзгөртүлүүгө тийиш болбогон диний, туристтик, жеке жана транзиттик визаларды кошпогондо кабыл алуучу уюмдар же чет өлкөлүк жарандар ырастоочу документтердин негизинде визалардын категориясын алмаштыруу үчүн ТИМ жана ИИМ органдарына кайрылууга укуктуу.

11. Сапарлардын санына жараша визалар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) бир жолку. Бир жолку визалар бир жолку сапарга гана берилет. Кыргыз Республикасынан чыгууда бир жолку кирүү-чыгуу визасы пайдаланылган деп эсептелет;

б) эки жолку. Эки жолку виза эки жолу кайталануучу сапар үчүн берилет;

в) көп жолку. Көп жолку виза көп жолу кайталануучу сапар үчүн берилет.

12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн мүнөзүнө жараша визалар төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) кирүү-чыгуу. Кирүү-чыгуу визалары Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандардын визаларынын категориясына жараша берилет;

б) чыгуу. Чыгуу визалары Кыргыз Республикасынан кетип жаткан чет өлкөлүк жарандарга берилет;

в) транзиттик. Транзиттик визалар Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөгө өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандарга берилет.

13. Визаны пайдалануучулардын санына жараша визалар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

а) жекече. Визалар чет өлкөлүк жарандын паспортуна визалык стикерди чаптоо менен жекече берилет;

б) топтор үчүн. Топтор үчүн виза Кыргыз Республикасына туристтик сапар менен келген туристтик топторго берилет. Топтор үчүн визаны колдонуунун милдеттүү шарты кирүүдө жана чыгууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан бирге өтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча чет өлкөлүк жарандардын топтун курамында биргелешип жүрүүсү болуп эсептелет.

14. Дипломатиялык жана кызматтык визалар аккредитациялоо мөөнөтүнө же кабыл алып жаткан уюмдун өтүнүч катында көрсөтүлгөн мөөнөткө, бирок 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет.

15. Инвестициялык визалар 500 миң АКШ доллары жана андан жогору көлөмүндө салым кошулган учурда 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

16. Ишкердик визалар визанын түрүнө жараша берилет:

"В1" тиби - 3 айга чейинки мөөнөткө. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык убактылуу жашоого кийин мүмкүнчүлүк берүү менен визалардын ушул тиби боюнча андан ары узартуу укугусуз виза 6 ай мөөнөткө чейин узартылышы мүмкүн.

"В2" тиби - келген максатына жараша 1 жылга чейинки мөөнөткө, жыл сайын узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

17. Окуу визалары 1 окуу жылынан кем эмес жалпы мөөнөткө жылына узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылдан же белгилүү бир окуу жайда окуу курсунан ашпаган мөөнөткө берилет.

18. Эмгектик визалар (W1 жана W2 тиби) жумушка берилген уруксаттын - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандын эмгектик жана жеке ишкердик жүргүзүүгө укук ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтин мөөнөтүнө жараша берилет.

19. Диний визалар Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча 6 айлык мөөнөткө чейин, бирок 3 жолудан көп эмес узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет.

20. Жеке визалар ("Р1" жана "Р2" тиби) келүү максатына жараша 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө узартуу менен берилет. Жеке визалар ("Р3" тиби) 6 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө, убактылуу туруу уруксатын алганга же качкын статусун алганга же Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки мөөнөткө берилет.

21. Туристтик визалар 1 айдан көп эмес мөөнөткө берилет. Өзгөчө учурларда туристтик визанын колдонулуу мөөнөтү 2 айга чейин узартылышы мүмкүн. Топтор үчүн берилген визалар узартылбайт.

22. Транзиттик виза 5 суткадан ашык эмес мөөнөткө берилет.

23. Кыргыз Республикасына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга виза берүү жана визалык көмөк көрсөтүүдөн баш тартуулар төмөнкүлөргө байланыштуу болушу мүмкүн:

- мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти сактоону камсыздоо кызыкчылыгында;

- зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн;

- мурунку келген учурунда чет өлкөлүк жаран укуктук жобо жана чет өлкөлүк жарандардын жашап туруу тартиби жөнүндө мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын бажы, салык же башка мыйзамдарын бузган фактылар белгиленсе;

- кирүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө чет өлкөлүк жаран өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип же керектүү документтерди толук бербесе;

- чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынан мурда куулуп чыкса;

- чет өлкөлүк жаранга карата террористтик же экстремисттик иштер үчүн соттун күнөөлөөчү чечими чыгарылса;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка бир негиздер болгон учурда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети (мындан ары - МУКК) оперативдүү маалыматтардын негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган жактардын тизмесин түзөт жана ал тизме менен ТИМ жана ИИМ органдарын камсыздайт. МУКК тизмени ай сайын жаңыртып турат жана бул жөнүндө ТИМге жана ИИМге кабарлап турат.

24. Кыргыз Республикасынан чыгууга чет өлкөлүк жаранга төмөнкү учурларда виза берүүдөн тартылышы мүмкүн:

- аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз бар болсо жана ал иш боюнча өндүрүш аягына чыкканга чейин;

- ал кылмыш үчүн соттолгон болсо, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса жаза тартуу мөөнөтү аягына чыкканга же андан бошогонго чейин;

- анын кетүүсү мамлекеттик коопсуздукту камсыздоонун кызыкчылыктарына же коомдук тартипти сактоого каршы келсе, бул кырдаал токтогонго чейин;

- ал сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерден баш тартса, милдеттерин аткарганга чейин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер болсо.

25. ТИМ жана ИИМ органдары виза берүүдөн баш тартуунун себебин арыз берүүчүгө түшүндүрүүгө милдеттүү эмес.

26. Виза алуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү керек:

а) дипломатиялык виза алуу үчүн:

- жарактуу дипломатиялык паспорт;

- кабыл алуучу уюмдун: дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу:

- ТИМде берилген дипломатиялык карточканын көчүрмөсү (дипломатиялык өкүлчүлүккө, консулдук мекемеге, чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жумушка келген учурларда);

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

б) кызматтык виза алуу үчүн:

- жарактуу кызматтык паспорт;

- кабыл алуучу уюмдун: дипломатиялык өкүлчүлүктүн, консулдук мекеменин же чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнүн же Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу:

- ТИМде берилген кызматтык карточканын көчүрмөсү (дипломатиялык өкүлчүлүккө, консулдук мекемеге, чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жумушка келген учурларда);

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

в) инвестициялык виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- инвестордун статусун аныктоочу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- зарыл суммадагы акча каражаттын бөлүнгөндүгү тууралуу банктын тастыктоосу же башка документтер (бажы декларациясынын көчүрмөлөрү, бухгалтердик баланстар, салык инспекциясынын маалымкаттары);

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета.

Чет өлкөлүк инвесторлордун Кыргыз Республикасына биринчи жолу кирүүсү ишкердик же жумушчу визалардын категориялары боюнча жалпы негиздерде ишке ашырылышы мүмкүн;

г) ишкерлик виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле уюштуруучу жана башка документтери тиркелген Кыргыз Республикасында катталган башка юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

д) окуу визасын алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасында катталган окуу жайдын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- чет өлкөлүк жарандын окуу жайы менен түзүлгөн жекече келишимдин же өкмөттөр аралык же ведомстволор аралык келишимдин көчүрмөсү;

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

е) жумушчу виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- жумуш берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган башка юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат - чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү юридикалык жана жеке жактардын чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга укук берүүчү белгиленген үлгүдөгү документ;

- жумушка уруксат - чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жумуш иштөөгө же жеке ишкерлик жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү укукту ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документ.

Коммерциялык уюмдарга жумушка орношууда төмөнкүдөй документтерди кошумча көрсөтүү талап кылынат:

- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү - уюштуруу келишимин жана уюмдун уставын;

- бул уюмду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- уюмдун салык боюнча карызы жоктугу тууралуу салык органынын маалымкатынын түп нускасын;

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

ж) диний виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет органы менен алдын ала макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алуучу уюмдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу;

- сүрөтү менен эки нускадагы визалык анкета;

з) жеке виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- чет өлкөлүк жарандын жеке арызы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын чакыруу-арызынын негизинде ИИМ тарабынан берилген уруксат;

- эки нускадагы визалык анкета;

- чакырылып жаткан тараптын иштеген ордунан айлык акысы жөнүндө маалымкат же анын материалдык абалы тууралуу каалагандай башка документ.

Кыргыз Республикасынын аймагына туугандарын же досторун көрүүгө келген мезгилде чакыруучу тараптын чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасында болуу боюнча бардык чыгымдардын, анын ичинде ооруп калган мезгилде аны дарылоого жана өлкөдөн куулуп калган мезгилде ("Р1" тиби) ордун толтуруу милдеттенмеси менен арыз берүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын аймагына дарылануу максатында келүүдө ден соолугу тууралуу маалымкат жана Кыргыз Республикасынын медициналык мекемелеринин дарылоонун зарылдыгы тууралуу ("Р2" тиби) кайрылуусун берүү керек.

Кыргыз Республикасынын аймагына туруктуу же убактылуу жашоо үчүн келүүдө нике күбөлүгү же арыз берүүчүнүн убактылуу же туруктуу жашоого, жарандык алууга өтүнүчүн чагылдырган документ керек ("Р3" тиби).

Кыргыз Республикасынын аймагына качкын статусун алуу максатында келүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык виза берүүчү органдын чечими менен тийиштүү документтерди ("Р3" тиби) берүү керек;

и) туристтик виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- Кыргыз Республикасында жайгашкан туристтик уюмдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же чет өлкөлүк жарандардын жеке кайрылуулары;

- эки нускадагы визалык анкета;

к) транзиттик виза алуу үчүн:

- жарактуу чет өлкөлүк паспорт же аны алмаштыруучу документ;

- үчүнчү өлкөдөгү жетүүчү жерине чейинки жол жүрүүнү аныктоочу документ же бара жаткан өлкөнүн визасы же үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксат (чакыруу);

- эки нускадагы визалык анкета.

28. Виза алууга документтерди кабыл алуу чет өлкөлүк жарандын жеке же кабыл алуучу уюмдардын расмий дайындаган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кайрылуусу менен жүргүзүлөт.

29. Документтерди кабыл алууда жооптуу кызмат адамы Кыргыз Республикасына келүүнүн зарылчылыгын жана анык себебинин текшерүү максатында ар бир арыз берүүчү же анын ыйгарым укукту адамы менен маектешүү өткөрүүсү жана алар тапшырган документтерди изилдеши керек, алардын негизинде виза берүү же бербөө же визаны узартуу тууралуу чечим кабыл алынат.

30. Ар кандай шектүү кырдаалдар келип чыккан учурда кызмат адамы виза алуучунун укугун тастыктоочу кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.

Арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:

- билими тууралуу документ;

- үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;

- иштеген жумушунан жана жашаган жеринен маалымкат;

- арыз берүүчүнүн ким экендигин жана Кыргыз Республикасында турганында чыгымдарды жабууга кепилдик берүүчү материалдык абалын ырастоочу документтер (бажы жана/же салык декларациялары, студенттердин сабакка катышуусу жана жетишүүсү тууралуу табель, ден соолугу тууралуу маалымкат, төлөм каражаттарын алууга документтер, чакырган тараптын материалдык камсыздоо милдети менен чакыруу, бронь жана жашап-туруу, тамактануу жана башкалар боюнча төлөм жүргүзүлгөндүгүн тастыктоочу документтер).

31. Виза берүүдө жана анын колдонуу мөөнөтүн узартууда төмөнкүлөр текшерилет:

а) паспорттун же аны алмаштыруучу документтин колдонуу мөөнөтү (паспорттун колдонуу мөөнөтү берилген визанын мөөнөтү аяктагандан кийин 3 айдан кем эмес мезгилге чейин болушу керек);

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында визаларды берүүнүн башка тартиби белгиленбеген учурда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттерине, анын ичинде Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салынган же каалабаган жарандардын тизмесиндеги чет өлкөлүк жарандардын ким экендиги;

в) көрсөтүлгөн документтердин туура толтурулгандыгы;

г) көрсөтүлгөн документтердин жана өтүнүч каттагы маалыматтардын тууралыгы (документтерде камтылган маалыматтарды сүйлөшүүдө же башка булактардан алынган документтерге жана маалыматтарга шайкеш келүүсү текшерилет).

Көрсөтүлгөн документтердин жана маалыматтардын тууралыгын текшерүүдө ар кандай шектүү кырдаалдар келип чыккан учурда виза берүүгө же анын мөөнөтүн узартууга тыюу салынышы же колдонуудагы визанын мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген мамлекеттердин чет өлкөлүк жарандарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга юридикалык жана жеке жактарга уруксат берүүчү белгиленген үлгүдөгү документи бар жактарды кошпогондо, визаларды колдонуу мөөнөтүн узартууда чет өлкөлүк жарандар МУКК менен макулдашуу керек. Жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандарга ТИМ жана ИИМ органдары берген визалар тууралуу маалыматтар МУККга маалымат үчүн жиберилет.

ТИМ жана ИИМ органдарынын башка өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жарандарына берилген визаларды узартуу боюнча макулдашуу жөнүндө суроо-талаптары МУККда 7 жумушчу күндүк мөөнөттө каралат.

Өзгөчө учурларда диний, жеке, туристтик визалар менен келген жарандарды кошпогондо визаны узартууда макулдашуу жөнүндө суроо-талапты кароо мөөнөтү сакталбаганда тийиштүү орган кийин МУККга милдеттүү билдирүү жиберүү менен белгиленген мөөнөттө виза берүүгө укуктуу.

33. ТИМ органдарында визаларга кол коюу укугуна ТИМдин Консулдук кызматынын жетекчиси жана консулдук ыйгарым укуктуу кызмат адамы ээ.

34. ТИМ органдарында визаларга кол коюу укугуна ИИМдин паспорттук-визалык контролдоо башкармалыгынын начальниги жана облустук (шаардык) паспорттук-визалык бөлүмдөрүнүн начальниктери ээ.

35. Ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колдорунун үлгүлөрү жана ТИМдин жана ИИМдин бардык тийиштүү органдарынын мөөрлөрүнүн үлгүлөрү милдеттүү түрдө МУККга жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына (мындан ары - Чек ара кызматы), ошондой эле тиешелүү түрдө ТИМге жана ИИМге жөнөтүлөт.

36. Берилген визалар боюнча маалымат алмашуу өз ара аракеттенүүчү органдардын ортосунда (ТИМ, ИИМ, Чек ара кызматы, МУКК) электрондук түрде Интернет-байланышынын жабык каналы аркылуу айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.

 

II. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык

өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде визаларды

тариздөөнүн жана берүүнүн өзгөчөлүктөрү

 

37. Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалардын бардык категорияларын алгачкы тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде (мындан ары - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери) жүргүзүлөт, ал эми Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү жок өлкөлөрдө Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын бул өлкөлөр менен эки тараптуу макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт.

38. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде визаны тариздөө жана берүү ТИМдин консулдук кызматынын визалык көмөк көрсөтүүсүнүн негизинде жүргүзүлөт, төмөнкү юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларынан сырткары:

а) ТИМдин консулдук кызматында күбөлөндүрүлгөн жеке иштер боюнча Кыргыз Республикасына ИИМдин уруксаты менен кирүү - чет өлкөлүк жарандардын;

б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарынын;

в) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин (визалар ТИМ тарабынан берилген аккредитациялык карточканын негизинде Кыргыз Республикасына келгенде мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 3 айга чейинки мөөнөткө берилет).

Визаны биринчи жолу тариздөө жана берүүдө анын категориясы Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандын келүү максатына ылайык, виза берүү үчүн негиз болгон толтурулган жана кол коюлган визалык анкета жана документтерге ылайык аныкталат.

39. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери ушул Мыйзамдын 2-пунктунда аталгандардан тышкары, чет өлкөлүк жарандар кайрылган учурда ТИМдин консулдук кызматынан МУКК менен макулдашуу процесси үчүн суроо-талап жөнөтүлөт жана ТИМдин консулдук кызматы визалык колдоо көрсөткөн учурда чакырган тараптын тийиштүү өтүнүчүнүн негизинде чыгуучу визалар берилет.

40. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемелери ТИМдин консулдук кызматына берилген визалар тууралуу отчетту төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен ай сайын берип турат:

- аты-жөнү;

- туулган күнү;

- жарандыгы жана туруктуу жашаган өлкөсү;

- паспорттун номери, ал берилген күн жана жарактуу мөөнөтү;

- кабыл алуучу тарап жана ТИМдин консулдук кызматынын визалык колдоосу;

- келген максаты;

- визанын каттоо номери, категориясы жана жарактуу мөөнөтү.

 

III. ТИМдин консулдук кызматынын визаларды берүү өзгөчөлүгү

 

41. Консулдук кызмат кабыл алуучу уюмдардын Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери өз компетенциясынын чектеринде берген визалардын мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчүн, ошондой эле кабыл алуучу уюмдардын Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген белгиленген тартипте паритеттик негизде күчүнө кирген эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасына визасыз келген чет мамлекеттердин жарандарына алгачкы виза берүү тууралуу өтүнүчүн да карайт.

42. ТИМдин консулдук кызматы кабыл алуучу уюмдардын өтүнүчүн төмөнкү мезгил ичинде карайт:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - 5 жумушчу күндүн ичинде;

- жогоруда аталган тизмеге кирбеген чет өлкөлүк жарандар үчүн - 10 жумушчу күндүн ичинде.

43. Кабыл алуучу уюмдар ТИМдин консулдук кызматына уюмдун жетекчисинин же анын орун басарларынын биринин фирма бланкына колу коюлган, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтер кошо тиркелген жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн берет.

44. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда чет өлкөлүк жарандардын паспортторунда ИИМ органдарына каттоо тууралуу белгиси болууга тийиш.

45. Каттоо жок же мурдагы визанын мөөнөтү өтүп кеткен мезгилде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын тартип бузуулары үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыктары тууралуу ИИМ органдарынын протоколунун көчүрмөсүн көрсөтүүлөрү керек.

46. Кыргыз Республикасында туруунун тартиби чет өлкөлүк жарандар тарабынан көп жолу (эки же андан ашык) бузулган болсо, ТИМ визаны узартуудан баш тартууга укуктуу.

47. Кабыл алуучу уюмдар ТИМдин консулдук кызматына 30 күнгө чейинки мөөнөттө ушул Тартиптин 38-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары визалык колдоо көрсөтүү боюнча өтүнүчү менен кайрылышат.

48. Кабыл алуучу уюмдар ТИМдин консулдук кызматына ушул Тартиптин 26-пунктуна ылайык зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү арызы менен кайрылышат.

49. Визалык колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан төмөнкү мезгилдер аралыгында каралат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - 5 жумушчу күндүн ичинде;

- калган чет мамлекеттердин жарандары үчүн МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматына документтер келип түшкөн учурдан тартып - 10 жумушчу күндүн ичинде.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүүсү жөнүндөгү маселени тез аранын ичинде чечүү зарылчылыгы келип чыккан өзгөчө учурларда ТИМдин консулдук кызматы кийин МУККга милдеттүү түрдө билдирүү менен белгиленген мөөнөттөрдө визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөөгө укуктуу.

50. Чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасына кирүү үчүн алгачкы электрондук визаны тариздөө жана берүү ТИМнин консулдук кызматында борборлоштурулуп Интернет-байланыштын жабык каналы аркылуу жүргүзүлөт.

Электрондук визанын жарактуу мөөнөтү узартуу укугусуз 60 күн.

51. Чет өлкөлүк жаран электрондук Интернет-байланыштын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтына "Электрондук виза" бөлүмүнө кирет, виза анкетасын толтурат жана электрондук виза алуу үчүн арызын жөнөтөт.

52. Электрондук виза алуу үчүн чет өлкөлүк жарандын арызын кароонун жыйынтыгы боюнча ТИМдин консулдук кызматы электрондук визанын номерин жана датасын көрсөтүү менен электрондук визаны берүү жөнүндө ырастоону электрондук виза берүү жөнүндө маалыматты же визаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди Чек ара кызматынын борбордук серверине бир учурда жиберүү менен жөнөтөт.

Электрондук визага ээ болгон чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын чек арасынын эл аралык өткөрүү пунктуна келген учурда чек аралык контролдон өтүүдө ТИМдин консулдук кызматынын электрондук визаны алгандыгы тууралуу ырастоону көрсөтөт. ТИМдин консулдук кызматынын ырастоосун текшергенден кийин Чек ара кызматынын кызматкери чет өлкөнүн жарандын паспортуна чек арадан өткөндүгү жөнүндө визанын номери менен бирге белги коет.

53. Электрондук виза берүү жөнүндө өтүнүч ТИМдин консулдук кызматы тарабынан каралат:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - 3 жумушчу күндүн ичинде;

- жогоруда аталган тизмеге кирбеген чет өлкөлүк жарандар үчүн МУКК менен макулдашуу боюнча 7 жумушчу күндүн ичинде.

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасына кирүүсү жөнүндөгү маселени тез аранын ичинде чечүү зарылчылыгы келип чыккан өзгөчө учурларда ТИМдин консулдук кызматы кийин МУККга милдеттүү түрдө билдирүү менен белгиленген мөөнөттөрдө визалык колдоо көрсөтүүнү тариздөөгө укуктуу.

 

IV. Чек аралардын эл аралык өтүү пункттардагы ТИМдин

консулдук пункттарында визаларды берүүнүн өзгөчөлүгү

 

54. Бардык категориядагы визаларды алгачкы тариздөө жана берүү чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын эл аралык өткөрүү пункттарына келген учурда чек аралардын эл аралык өтүү пункттардагы ТИМдин консулдук пункттарында да жүргүзүлүшү мүмкүн.

55. Консулдук пункттарда виза алуу үчүн кабыл алуучу уюмдар ТИМдин консулдук кызматына кайрылышат, буга төмөнкү чет өлкөлүк жарандар кирбейт:

- чет мамлекеттердин расмий делегацияларынын мүчөлөрү (виза кабыл алуучу тараптын кайрылуусунун негизинде сапардын мөөнөтүнө берилет);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандарына.

Визаларды алгачкы тариздөөдө жана берүүдө анын категориясы жана тиби виза берүү үчүн негиз болгон ал толтурган жана кол койгон визалык анкета жана документтерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандын келишинин божомолдуу максатына жараша аныкталат.

56. Арыздар уюмдун жетекчисинин же анын орун басарларынын биринин колу коюлган атайын фирма бланкында түзүлүп мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

- аты-жөнү;

- туулган күнү;

- жарандыгы;

- паспорттун номери, ал берилген күн жана жарактуу мөөнөтү;

- иштеген чөйрөсү жана иштеген жери;

- кабыл алуучу уюм;

- сапардын максаты;

- эл аралык өткөрүү пунктуна келген күнү жана убактысы.

57. Арызга ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү документтер тиркелиши керек.

58. Консулдук пунктта визаны тариздөөгө арыздар кабыл алуучу уюмдар тарабынан ТИМдин консулдук кызматына төмөнкүлөр үчүн берилет:

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесине кирген чет мамлекеттердин жарандары үчүн - алардын келишине чейин 5 жумушчу күндүк мөөнөттө;

б) жогоруда аталган тизмеге кирбеген чет өлкөлүк жарандар үчүн алардын келишине чейин 10 жумушчу күндүк мөөнөттө, чет өлкөлүк жарандарга визаларды тариздөө жана берүү МУКК менен макулдашуу боюнча ТИМдин консулдук кызматынын визалык колдоосу боюнча жүргүзүлөт.

59. Консулдук пункттар визалык анкеталарды берүү аркылуу берилген визалар тууралуу ТИМдин консулдук кызматына күн сайын маалымдайт жана төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен статистикалык отчетту ай сайын берип турат:

- аты-жөнү;

- туулган күнү;

- жарандыгы;

- паспорттун номери, ал берилген күн жана жарактуу мөөнөтү;

- кабыл алуучу уюм жана ТИМдин консулдук кызматынын визалык колдоо номери;

- сапардын максаты;

- визанын каттоо номери, категориясы жана жарактуу мөөнөтү.

 

V. ИИМде виза берүүнүн өзгөчөлүгү

 

60. ИИМдин паспорттук-визалык контролдоо башкармалыгы жана анын облустук (шаардык) паспорттук-визалык бөлүмдөрү (мындан ары - ИИМдин ПВКБ) кабыл алуучу уюмдардын же жеке жактардын чет өлкөлүк жарандарга визанын мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтөрүн өздөрүнүн компетенциясынын чегинде карайт.

61. ИИМдин ПВКБ кабыл алуучу уюмдардын же жеке жактардын өтүнүчтөрүн 10 жумушчу күндүн ичинде карайт.

62. "Жумушчу", "ишкердик", "окуу" же "диний" категориядагы визалардын мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч менен кайрылууда кабыл алуучу уюмдар ИИМдин ПВКБга уюмдун жетекчисинин же анын орун басарларынын биринин колу коюлган атайын фирма бланкында мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жана ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө арыз беришет.

"Жеке" категориядагы визалардын мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч менен ИИМ органдарына кайрылууларда кабыл алуучу тарап же чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары болуусунун жүйөлүү себептери (медициналык документтер менен тастыкталган ооруп калуулар, өзүнүн же жакын туугандарынын сыркоолоп калганы; нике күбөлүгү; туруктуу жашоого уруксат же жарандыкка кабыл алуу ж.б. тууралуу арыз берүүчүнүн өтүнүчүн кароо жөнүндө документ) жөнүндө керектүү документтерди берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле Кыргыз Республикасында туруу үчүн арыз берүүчүнүн өзүнүн жана жакын туугандарынын материалдык абалынын же чет өлкөлүк жарандын материалдык жактан (турак-жай жана тамак-аш ж.б.) туугандары же тааныштары тараптан камсыздоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттер көрсөтүлүшү керек.

63. Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жашоого уруксат алуу үчүн кайрыла алышат.

64. Убактылуу жана туруктуу жашоого укугу бар чет өлкөлүк жарандын чек арадан убактылуу чыгуусуна зарыл болгон учурда аларга чыгуу жана кирүү визасы берилиши мүмкүн.

65. ИИМдин ПВКБ Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга берилген визаларды өзүнүн компетенциясынын чегинде борбордоштурулган эсепке алууну ишке ашырат.