Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\5245e5a1-5deb-4f77-a6f5-1bcb5914c144\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 25-марты № 150

"Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүү милдеттенмелерин аткаруу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды мамлекеттик колдоо, социалдык коргоо жана иш менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларына болгон мамлекеттик муктаждыктарды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:

- эки айлык мөөнөттө квоталарды аныктоо жана мамлекеттик заказдарды жайгаштыруу үчүн салык төлөөчү катары катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишти жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун жаңыланган тизмегин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;

- жогоруда аталган уюмдар кайра уюштурулган, жоюлган же түзүлгөн учурда жаңыланган маалыматтарды берип турсун.

4. Мамлекеттик заказчылар биринчи кезекте мамлекеттик заказдардын тизмегине киргизилген товарлардын ассортиментин майыптар коомдорунан сатып алышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын майыптар коомдору менен макулдашуу боюнча товарларга бааларды белгилөөнү камсыз кылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын майыптар коомдору менен макулдашуу боюнча товарлардын ассортиментин, көлөмдөрүн, жеткирүү мөөнөттөрүн, ошондой эле товар өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алууга мамлекеттик заказчылар үчүн квоталарды (мамлекеттик брондоону) белгилесин жана мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жайгаштырсын.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 174 "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 27-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларына болгон мамлекеттик муктаждыкты ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын
ТИЗМЕГИ

 (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги.

7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.

9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

10. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги.

11. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.

12. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги.

13. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети.

14. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети.

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги.

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик.

20. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы).

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.

27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы.

28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат.

29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.

30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.

31. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.

32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы.

33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.

34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду.

35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.

36. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.

37. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү-медициналык камсыздандыруу фонду.

38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

40. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти (макулдашуу боюнча).

41. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы (макулдашуу боюнча).

42. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча).

43. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (макулдашуу боюнча).

44. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча).

45. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча).

46. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча).

47. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы (макулдашуу боюнча).

48. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы (макулдашуу боюнча).

49. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары.

50. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча).

51. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча).

52. Облустук жана райондук баш ийүүдөгү шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча).

53. Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (макулдашуу боюнча).

54. Жалал-Абад шаарынын "Жалал-Абад сууканалы" башкармалыгы (макулдашуу боюнча).

55. Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана мамлекет акцияларынын 51%нан кем эмесине ээлик кылган акционердик коомдор (макулдашуу боюнча).